Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 15-декабры № 810

Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү маселелери жөнүндө

 

Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү процессин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасын ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-беренесине, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 261 "Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

С. Исаков

 

Тиркеме

Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү тартиби жөнүндө
ЖОБО

1. Негизги жоболор

1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасында жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү тартибин аныктайт.

2. Жер казынасын пайдаланууга жер участоктору төмөнкүлөр үчүн берилет:

- жер казынасын геологиялык жактан изилдөө (геологиялык издөө, геологиялык чалгындоо, региондук геологиялык съемка, геологиялык, геофизикалык жана башка иштердин түрлөрү);

- пайдалуу кендерди иштетүү жана жер казынасын пайдаланууда зарыл болгон инфраструктура объектилерин куруу.

3. Жер казынасын пайдаланууга жер участоктору жер казынасын пайдалануу укугуна берилген мөөнөтүнө убактылуу пайдаланууга берилет.

4. Жер казынасын пайдаланууга жер участоктору аймактык таандыктыгына жараша ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилет:

1) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын карамагындагы жер участоктору аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (жергиликтүү мамлекеттик администрация) тарабынан берилет;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы жер участоктору, анын ичинде жайыттар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан берилет;

3) мамлекеттик токой фондунун жер участоктору токой чарбасын башкаруу боюнча аймактык мамлекеттик органы тарабынан берилет.

5. Жеке менчиктеги же убактылуу пайдалануудагы жер участоктору анын менчик ээси же жер укугун пайдалануучу менен жер казынасын пайдалануучунун ортосунда түзүлгөн келишим боюнча берилет.

6. Берилүүчү жер участогунун чектери жана өлчөмү экологиялык, өнөр жайлык коопсуздук жана жер казынасын коргоо боюнча оң экспертиза алынган кен иштетүү үчүн техникалык долбоор же жер астындагы сууларды алуунун технологиялык схемасы менен аныкталат.

7. Жер казынасын пайдалануу үчүн жер участокторун пайдалануу укугун берүү жер участогунун аймактык таандыктыгына жараша ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул Жободо аныкталган тартипте жүргүзүлөт.

8. Чет өлкөлүк жактарга жер казынасын пайдалануу үчүн жер участоктору Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелген жер пайдалануучуларга берилүүчү тартипте берилет.

2. Жер казынасын геологиялык изилдөөлөр үчүн жер участокторун берүү

9. Жер казынасын геологиялык изилдөө иштери жер участогун ажыратып бербестен жана укук ырастоочу документтерди тариздебестен жүргүзүлөт.

10. Жер казынасын геологиялык изилдөө жер казынасын пайдалануучу тарабынан төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:

- жер участогун берүүгө ыйгарым укуктуу органдын жазуу жүзүндөгү макулдугунун;

- нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн жеке менчикте турган жер участогун пайдалануучунун жазуу жүзүндөгү макулдугунун.

11. Жер казынасын геологиялык изилдөө үчүн жер участогун берүүгө жазуу жүзүндө макулдук алуу үчүн жер казынасын пайдалануучу ыйгарым укуктуу органга төмөнкү документтерди бериши керек:

1) арыз;

2) жер казынасын пайдалануу укугу тууралуу документтин көчүрмөсү;

3) жер казынасынын объектисинин кен жана жер бөлүүнүн бурчтук чекиттеринин координаттары менен графикалык материалдар;

4) айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун жана алынбай калган пайданын көлөмүн эсептөө - жердин бүтүндүгү бузулган учурда;

5) өнөр жай, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо боюнча жүргүзүлгөн экспертизалардын оң корутундулары менен техникалык долбоордун көчүрмөсү.

12. Ыйгарым укуктуу орган арыз берилген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде тапшырылган документтерди карап чыгып, жер казынасын геологиялык изилдөө үчүн жер участогун берүүгө жазуу жүзүндөгү макулдугун жер казынасын пайдалануучуга жөнөтөт. Жер казынасын геологиялык изилдөө үчүн жер участогун берүүгө жер казынасын пайдалануучуга жазуу түрүндөгү макулдук берүүдөн баш тартууга болбойт.

13. Жер казынасын геологиялык изилдөө үчүн жер участогун берүүгө ыйгарым укуктуу органдын макулдугу кат түрүндө ыйгарым укуктуу органдын расмий бланкында берилет.

14. Айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготуулары жана алынбай калган пайданын орду жер казынасын пайдалануучу тарабынан жер казынасын геологиялык изилдөө үчүн жер участокторун берүүгө ыйгарым укуктуу органдын макулдугу алынгандан кийин 30 календардык күндүн ичинде толтурулат.

15. Жер казынасын геологиялык изилдөө үчүн жер участогун берүүгө жазуу жүзүндөгү макулдук жер участогун ижарага алуу боюнча бүтүм болуп саналбайт жана аны берүү үчүн акы төлөм жер казынасын пайдалануучудан алынбайт.

16. Жер казынасын геологиялык изилдөө үчүн жер участогун берүүгө жазуу жүзүндө макулдук берилген жерлер айыл чарба жана башка муктаждыктар үчүн жер участокторунун менчик ээлери тарабынан пайдаланылышы мүмкүн.

17. Жер участогундагы жер казынасын геологиялык изилдөө укугу жер казынасын пайдалануу укугу бүтөөрү менен дароо токтойт.

18. Жер казынасын пайдалануу укугу токтотулган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу орган жер казынасын пайдалануу укугу токтотулгандыгы жөнүндө ыйгарым укуктуу органга билдирет.

3. Пайдалуу кен чыккан жерди иштетүү жана жер казынасын пайдаланууда инфраструктура объектилерин курууга жер участокторун берүү

19. Пайдалуу кен чыккан жерди иштетүү жана жер казынасын пайдаланууда инфраструктура объектилерин куруу үчүн жер казынасын пайдалануучуга берилүүчү жер участоктору, өзгөчө баалуу айыл чарба жерлеринен жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынан тышкары, жердин башка категориясына которулбастан (трансформацияланбастан) берилет.

20. Пайдалуу кен чыккан жерди иштетүү жана жер казынасын пайдаланууда инфраструктура объектилерин куруу үчүн зарыл болгон жер участогу өзгөчө баалуу айыл чарба жерлеринде жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында жайгашкан учурда жерлер Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдары менен аныкталган тартипте которулгандан (трансформациялангандан) кийин жер участогу жер казынасын пайдалануучуга берилет.

21. Пайдалуу кен чыккан жерди иштетүү жана жер казынасын пайдаланууда инфраструктура объектилерин куруу максатында жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугун ырастоочу документ жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугуна берилген күбөлүк болуп саналат.

22. Пайдалуу кен чыккан жерди иштетүү жана жер казынасын пайдаланууда инфраструктура объектилерин куруу үчүн жер участоктору ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилет.

23. Пайдалуу кен чыккан жерди иштетүү жана жер казынасын пайдаланууда инфраструктура объектилерин куруу үчүн жер участогун пайдалануу укугун алуу үчүн жер казынасын пайдалануучу ыйгарым укуктуу органга төмөнкү документтерди берет:

1) арыз;

2) жер казынасын пайдалануу укугу тууралуу документтин көчүрмөсү;

3) жер казынасынын объектисинин кен жана жер бөлүүнүн бурчтук чекиттеринин координаттары менен графикалык материалдар;

4) өнөр жай, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо боюнча жүргүзүлгөн экспертизалардын оң корутундулары менен техникалык долбоордун көчүрмөсү;

5) бериле турган жер участогунда тарыхый-маданий мурас объекттеринин болушуна же жоктугуна археологиялык изилдөө жөнүндө корутунду.

24. Ыйгарым укуктуу орган ушул Жобонун 23-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде пайдалуу кен чыккан жерди иштетүү жана жер казынасын пайдаланууда инфраструктура объектилерин куруу үчүн жер участогун пайдалануу укугун берүү жөнүндө чечим чыгарат.

25. Жер казынасын пайдалануу укугунун мөөнөтүн узартуу жер участогун пайдалануу укугун узартуу үчүн негиз болуп эсептелет.

26. Жер участогун пайдалануу укугун узартуу үчүн жер казынасын пайдалануучу ыйгарым укуктуу органга төмөнкү документтерди берет:

1) жер участогун пайдалануу укугун узартуу боюнча арыз;

2) жер казынасын пайдалануу укугун узартуу тууралуу документтин көчүрмөсү.

27. Ыйгарым укуктуу орган ушул Жобонун 26-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилген күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде пайдалуу кен чыккан жерди иштетүү жана жер казынасын пайдаланууда инфраструктура объектилерин куруу үчүн жер участогун пайдалануу укугун узартуу жөнүндө чечим чыгарат.

28. Жер участогун пайдалануу укугун жана пайдалануу укугун узартуу Кыргыз Республикасынын кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык катталат.

29. Жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу жер участогун пайдалануу укугун токтотуу үчүн негиз болуп саналат.

30. Жер казынасын пайдалануу укугу токтотулган учурда жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер казынасын пайдалануу укугун токтоткон күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга жер казынасын пайдалануу укугу токтогондугу тууралуу билдирүү жиберет.

31. Жер казынасын пайдалануу укугу токтотулгандыгы жөнүндө билдирүү алынган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган жер участогун пайдалануу укугу токтотулгандыгы жөнүндө жергиликтүү каттоо органына билдирүү жөнөтөт.

32. Эгер жер казынасын пайдалануу зонасында айыл чарбалык жерлер, мамлекеттик токой фондунун жерлери, мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлор бар болсо, жер казынасын пайдалануучулар айыл чарбанын, токой чарбанын жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун мыйзамдарда белгиленген тартипте толтурууга милдеттүү.

33. Айыл чарбанын, токой чарбанын жоготууларынын жана алынбай калган пайданын наркынын суммасы жер казынасын пайдалануучу тарабынан укук ырастоочу документтер берилгенге чейин төлөнөт.