Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 18-декабры № 819

Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө

 

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 436, 2018-жылдын 20-декабрындагы № 599 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүүнүн бирдиктүү тартибин киргизүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25 жана 27-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелери, 1-тиркемеге ылайык;

- Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелери, 2-тиркемеге ылайык.

1-1. 2016-жылдын 1-январына чейин окутуудан өткөн жана 2018-жылдын 1-октябрына чейин айдоочулук күбөлүктү алуу боюнча сынак тапшыруу үчүн келбеген адамдар окутулганы жөнүндө күбөлүктү көрсөтүү менен кайра окутуудан өтүүгө тийиш экендиги белгиленсин.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 436 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 103 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестринде:

- "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги" бөлүмүндө:

"Башкы мамлекеттик техникалык инспекция" бөлүмчөсү күчүн жоготту деп таанылсын.

3. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 599 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 420 "Автотранспорт каражаттарын башкарууга экзамендерди кабыл алуу, граждандарга айдоочунун күбөлүгүн жана айдоочуларды автотранспорт каражаттарын башкарууга уруксат берүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 16-июнундагы № 449 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-декабрындагы № 620 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы № 603 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Башкы мамлекеттик техникалык инспекция органдары тарабынан тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды (автотранспорттон башкасын), алардын чиркегичтерин, ошондой эле технологиялык түзүлүштөрдү мамлекеттик каттоонун, кайра каттоонун жана эсепке алуунун, техникалык кароо жүргүзүүнүн, квалификациялык экзамендерди алуунун жана тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы № 510 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 420 "Автотранспорт каражаттарын башкарууга экзамен кабыл алуу, граждандарга айдоочунун күбөлүгүн берүү жана айдоочуларды автотранспорт каражаттарын башкарууга уруксат тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 244 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 420 "Автотранспорт каражаттарын башкарууга экзамен кабыл алуу, граждандарга айдоочунун күбөлүгүн берүү жана айдоочуларды автотранспорт каражаттарын башкарууга уруксат тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

С. Исаков