Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 20-октябры № 683

ВИЧке байланыштуу психосоциалдык кеңеш берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 

"Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. ВИЧке байланыштуу психосоциалдык кеңеш берүүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

С. Исаков

 

Тиркеме

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2017-жылдын 20-октябрындагы
№ 683 токтому менен
бекитилген

ВИЧке байланыштуу психосоциалдык кеңеш берүүнүн тартиби жөнүндө
ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. ВИЧке байланыштуу психосоциалдык кеңеш берүүнүн тартиби жөнүндөгү ушул жобо (мындан ары - Жобо) ВИЧке медициналык текшерүүдөн (тестирлөө) өтүүчү адамдарга тестке чейинки жана тесттен кийинки кеңеш берүү тартибин аныктайт.

2. Психосоциалдык кеңеш берүү текшерилүүчү адам менен көмөк көрсөтүүчү жактын ортосундагы жашыруун диалог болуп саналып, ал психоэмоциялык стрессти жоюп, ВИЧ/СПИД боюнча чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет.

3. Психосоциалдык кеңеш ВИЧке медициналык текшерүүдөн (тестирлөө) өткөн бардык адамдарга берилет.

4. Психосоциалдык кеңеш берүүнүн негизги максаты болуп:

- бейтапка психологиялык жана маалыматтык колдоо көрсөтүү;

- ВИЧ-инфекциянын жайылышынын алдын алуу болуп эсептелет.

5. Адам медициналык текшерүүдөн өтүүдөн (тестирлөө) ВИЧтин кайсыл баскычында болбосун баш тартууга укуктуу, медициналык текшерүүдөн милдеттүү түрдө өтүүдөн тышкары.

2. ВИЧке байланыштуу тестке чейинки жана тесттен кийинки психосоциалдык кеңеш берүүнүн тартиби

6. ВИЧ боюнча медициналык текшерүүдөн өткөн (тестирлөө) адамдарга психосоциалдык кеңеш берүү саламаттык сактоо жана башка уюмдардын атайын даярдалган адистери тарабынан өткөрүлөт.

7. ВИЧке байланыштуу психосоциалдык кеңеш берүүчү адистер кеңеш алып жаткан адамдарга ВИЧ боюнча медициналык текшерүүгө (тестирлөөгө) тиешелүү болгон негизги жоболорду түшүндүрө алууга тийиш, ошондой эле төмөнкү маселелер жөнүндө маалымат бериши керек:

- ВИЧке медициналык текшерүү (тестирлөө) жүргүзүүнүн максаттары жөнүндө;

- ВИЧти жуктуруунун жолдору;

- ВИЧти жуктуруудан сактануунун ыкмалары;

- ВИЧти жуктуруп алган адамдардын медициналык жана психосоциалдык жардамдардын түрлөрүн алуу мүмкүндүгү жөнүндө.

8. ВИЧке байланыштуу психосоциалдык кеңеш берүүнүн жүрүшү тестке чейинки жана тесттен кийинки болуп бөлүнөт. ВИЧ боюнча ар кандай медициналык текшерүү (тестирлөө) тестке чейинки жана тесттен кийинки психосоциалдык кеңеш берүү менен коштолот.

9. Тестке чейинки психосоциалдык кеңеш ВИЧке изилдөө жүргүзүү үчүн кан алганга чейин берилет.

10. ВИЧ боюнча тестке чейинки кеңеш берүү төмөнкүлөрдү камтыйт:

- ВИЧ жөнүндө маалымат берүү;

- ВИЧке медициналык текшерүү (тестирлөө) процедурасы жөнүндө маалымат берүү;

- ВИЧ боюнча медициналык текшерүүнүн маанилери жана мүмкүн болгон кесепеттери (тест) жөнүндө маалымат берүү;

- ВИЧке текшерүүнүн оң же терс натыйжаларын алуунун ыктымалдуулугун жана ар бир жагдайда кайрылгандардын абалынын түрлөрүн талкуулоо;

- ВИЧке медициналык текшерүүдөн (тестирлөө) өтүүгө адамдын маалыматтуу макулдугун алуу.

11. Тесттен кийинки психосоциалдык кеңеш берүүнүн мазмуну ВИЧке тапшырылган медициналык текшерүүнүн (тестирлөөнүн) кийинки (оң, терс же белгисиз (айкын эмес)) натыйжаларына көз каранды.

12. ВИЧке текшерүүнүн оң натыйжалары алынган учурда тесттен кийинки психосоциалдык кеңеш берүү төмөнкүлөрдү камтыйт:

- бейтапка психоэмоционалдык колдоо көрсөтүү;

- бейтаптын саламаттыкты сактоо уюмдарынын адистеринен кеңеш алуусу жана кийин алардын көзөмөлүндө туруусу жөнүндө маалымат берүү;

- бейтапты медициналык жана социалдык колдоо жана башка ВИЧ менен ооруган адамдарга кошумча кызматтарды көрсөткөн уюмдарга жөнөтүү.

13. ВИЧке текшерүүнүн терс натыйжасы алынганда тесттен кийинки психосоциалдык кеңеш берүү төмөнкүлөрдү камтыйт:

- ВИЧке кайрадан медициналык текшерүүдөн (тестирлөө) өтүүнүн себеби катары, "терезе мезгил" жөнүндө маалымат берүү;

- ВИЧтин алдын алуу чараларын түшүндүрүү.

14. ВИЧке текшерүүнүн белгисиз (айкын эмес) натыйжалары алынганда тесттен кийинки психосоциалдык кеңеш берүү төмөнкүлөрдү камтыйт:

- ВИЧке медициналык текшерүүнүн (тестирлөө) натыйжалары жөнүндө бейтапка маалымат берүү;

- ВИЧке медициналык текшерүүнүн (тестирлөө) алынган натыйжаларын бейтап менен талкуулоо;

- кандай жагдайларда белгисиз натыйжа алынгандыгын түшүндүрүү;

- акыркы натыйжаны алуу үчүн, ВИЧке медициналык текшерүүдөн кайра өтүүнүн зарылдыгын бейтап менен талкуулоо;

- ВИЧке медициналык текшерүүнүн (тестирлөө) натыйжаларын күтүүдө колдоо көрсөтүүчү булактарды талкуулоо;

- ВИЧ маселелери боюнча колдоо көрсөтүүчү жана медициналык жардам берүүчү уюмдар жөнүндө маалыматтарды берүү.

15. Тестке чейинки жана тесттен кийинки психосоциалдык кеңеш берүүчү адамдар ушул Жобонун талаптарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ВИЧ/СПИД чөйрөсүндөгү мыйзамдарын сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.