КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-январы № 20
Байланыш жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 97 "Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Көчмө радиотелефон байланыш кызмат көрсөтүү эрежесинде:
- 3-пунктунда:
төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын: "туташтыруу учуру - байланыш операторунун тармагынын коммутаторунун авто-жооп бергичинен сырткары, абоненттин же башка кимдир бирөөнүн же абоненттик терминалдын жообу;";
он бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"туташтыруу чеги - туташтыруу учурунан тартып эсептелген жана анын узактыгы 3 секунддан ашпаган же барабар болгон шартта тарифтелбеген убакыт аралыгы;";
- 59 жана 60-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"59. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер, телефондук туташтыруунун тарифтик бирдигинин өлчөмү жана акы төлөөнүн тартиби оператор тарабынан тарифтик пландарда өз алдынча белгиленет. Тарифтик планда анын колдонуу мөөнөтү жана аймагы жөнүндө маалыматтар да көрсөтүлөт.
Телефондук туташтыруунун тарифтик бирдигинин өлчөмү 10 секунддан ашпашы керек, мында байланыш оператору өз тармагынын абоненттери үчүн эл аралык туташтыруудан сырткары, телефондук туташтыруунун тарифтик бирдигинин секунд боюнча өлчөмү менен бир нече (экиден кем эмес) тарифтик пландын болуусун камсыз кылууга милдеттүү.
Эл аралык туташтырууларга телефондук туташтыруунун тарифтик бирдигинин өлчөмү байланыш операторлору тарабынан өз алдынча белгиленет. Мында телефондук туташтыруунун тарифтик бирдигинин өлчөмү бир минутадан ашык болбошу керек, ал эми туташтыруу чеги эл аралык туташтырууларга карата колдонулбайт.
60. Туташтыруунун наркы байланыштыруу чегине жетпеген узактагы сүйлөшүүдөн сырткары, туташтыруу учурунан тартып туташтыруу ажыратылганга чейинки сүйлөшүүнүн узактыгына жараша (телефондук туташтыруунун тарифтик бирдигинин саны боюнча) аныкталат.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
|
С. Исаков |