Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\901df7cd-640a-4ffc-842c-4eb9fe17f3d2\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2003-жылдын 26-февралы № 44

Улуттук коопсуздук жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 13-октябрындагы № 212, 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 222, 2017-жылдын 18-мартындагы № 46
2017-жылдын 1-декабрындагы N 197 (2) Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Ушул Мыйзам инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуунун укуктук негиздерин бекемдейт, улуттук коопсуздук тутумун жана анын милдеттерин аныктайт, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу органдарын уюштуруунун жана каржылоонун, ошондой эле алардын иш-аракетинин мыйзамдуулугуна контроль жана көзөмөл жүргүзүүнүн тартибин белгилейт.

I Бөлүм
Жалпы жоболор

 

1-статья. Улуттук коопсуздук түшүнүгү жана анын объекттери

 

Улуттук коопсуздук - инсандын, коомдун жана мамлекеттин өтө маанилүү таламдарын ички жана тышкы коркунучтардан коргоого алынышынын кепилдиги.

Турмуштук маанилүү кызыкчылыктар - керектөөлөрдүн жыйындысы, аларды канааттандыруу инсандын, коомдун жана мамлекеттин жашоосун жана прогрессивдүү өнүгүшүнүн мүмкүнчүлүктөрүн ишенимдүү камсыз кылат.

Улуттук коопсуздуктун негизги объекттерине: инсан - анын укуктары менен эркиндиги; коом - анын материалдык жана рухий байлыктары; мамлекет - анын конституциялык түзүлүшү, эгемендүүлүгү жана аймактык жактан бүтүндүгү кирет.

 

2-статья. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун субъекттери

 

Улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун негизги субъекти мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги бутактарынын органдары аркылуу бул жааттагы милдеттерди жүзөгө ашыруучу мамлекет болуп саналат.

Мамлекет колдонуудагы мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында ар бир жарандын коопсуздугун камсыз кылат. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн жарандарына коргоо жана колдоо көрсөтүүгө кепилдик берилет.

Жарандар, коомдук жана башка уюмдар менен бирикмелер улуттук коопсуздуктун субъекттери болуп саналышат, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча укуктарга жана милдеттерге ээ болушат. Мамлекет мыйзамдарга ылайык улуттук коопсуздукту камсыз кылууга көмөк көрсөтүшкөн жарандардын коомдук жана башка уюмдар менен бирикмелердин укуктук жана социалдык жактан коргоого алынышын камсыз кылат.

 

3-статья. Улуттук коопсуздукка коркунуч

 

Улуттук коопсуздукка коркунуч - инсандын, коомдун жана мамлекеттин турмуштук маанилүү кызыкчылыктарына коркунуч туудурган шарттар менен факторлордун жыйындысы.

Улуттук коопсуздук объекттерине ички жана тышкы коркунуч булактарынын чыныгы жана мүмкүн болуучу коркунуч туудурушу ички жана тышкы коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иштин мазмунун аныктайт.

 

4-статья. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу

 

Улуттук коопсуздукка улуттук коопсуздук жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүү, инсандын, коомдун жана мамлекеттин турмуштук маанилүү кызыкчылыктарына туудурган коркунучка жараша экономикалык, саясий, уюштуруучулук, согуштук жана башка мүнөздөгү чаралардын тутуму аркылуу жетишилет.

Улуттук коопсуздуктун объекттерин коргоонун зарыл болгон деңгээлин түзүү жана аны сактап калуу үчүн улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу укуктук ченемдердин тутуму иштелип чыгат, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын бул жаатындагы ишинин негизги багыттары аныкталат, улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун органдары жана алардын ишине контроль жана көзөмөл жүргүзүүнүн механизми түзүлөт же кайра өзгөртүлөт.

Инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш милдетин тикеден-тике аткаруу үчүн аткаруу бийлигинин тутумунда мыйзамга ылайык улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун мамлекеттик органдары түзүлөт.

 

5-статья. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун принциптери

 

Улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин сактоо;

- адамдын негизги укуктары менен эркиндигин урматтоо;

- инсандын, коомдун жана мамлекеттин турмуштук маанилүү кызыкчылыктарына карата улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чараларынын тутумунун биримдиги, өз ара байланышы жана шайкештиги;

- улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун саясий жана экономикалык чараларынын артыкчылыктуулугу;

- инсандын, коомдун жана мамлекеттин турмуштук маанилүү кызыкчылыктарынын теңдемин сактоо;

- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча инсандын, коомдун жана мамлекеттин өз ара жоопкерчилиги;

- коопсуздуктун эл аралык тутумдары менен интеграция;

- мамлекеттик бийлик органдарынын улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жасаган иш-аракеттери тууралу маалыматтын ачыктыгы жана жеткиликтүүлүгү, буга мындай ачыктык жана жеткиликтүүлүк мыйзамга ылайык улуттук коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыктарына залакасын тийгизиши мүмкүн болгон учурлар кирбейт.

(КР 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 222 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

6-статья. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун укуктук негизи

 

Улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, мыйзамдар жана Кыргыз Республикасынын аларга ылайык кабыл алынган улуттук коопсуздук жаатындагы мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылар, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.

(КР 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 222 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

7-статья. Улуттук коопсуздукту камсыз кылууда адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо

 

Улуттук коопсуздукту камсыз кылууда улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти коргоо, калктын ден соолугун жана адеп-ахлагын коргоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана башка мыйзамдар менен каралган учурларды албаганда, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө жол берилбейт. Киргизилүүчү чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга тең өлчөмдө болууга тийиш. Мыйзам менен башка максаттарда жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралгандан чоң даражада укуктар менен эркиндиктерди чектөө каралышы мүмкүн эмес.

Жарандар, коомдук жана башка уюмдар менен бирикмелер алардын укуктары менен эркиндиктерин чектөө боюнча улуттук коопсуздукту камсыз кылган органдардан түшүндүрмөлөрдү алууга укуктуу. Алардын талабы боюнча мындай түшүндүрмөлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген мөөнөттөрдө жазуу жүзүндө берилет.

Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иштин жүрүшүндө өздөрүнүн ыйгарым укуктарынан ашкере пайдаланган кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

(КР 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 222 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

II Бөлүм
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун тутуму

 

8-статья. Улуттук коопсуздук тутумунун негизги элементтери

 

Улуттук коопсуздук тутумун мыйзамга ылайык улуттук коопсуздукту камсыз кылууга катышкан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, мамлекеттик, коомдук жана башка уюмдар менен бирикмелер, жарандар, ошондой эле коопсуздук чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдар түзөт.

Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленбеген улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча органдарды түзүүгө жол берилбейт.

 

9-статья. Улуттук коопсуздук тутумунун негизги иши

 

Улуттук коопсуздук тутумунун негизги иши болуп төмөнкүлөр саналат:

- улуттук коопсуздуктун объекттеринин турмуштук маанилүү кызыкчылыктарына ички жана тышкы коркунучтарды табуу жана болжолдоо, алардын алдын алуу жана зыянсыздоо боюнча кечиктирилгис жана узак мөөнөттүү чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу;

- Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу;

- жарандардын укуктары менен эркиндигин камсыз кылуу;

- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу күчтөрү менен каражаттарын түзүү жана аларды даярдыкта күтүү;

- улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарды түзүү жана өркүндөтүү;

- улуттар ортосунда өз ара шайкеш мамилелерди калыптандыруу, укук тартибин, коомдун жана мамлекеттин социалдык-саясий турукташуусун калыптандыруу;

- коңшулаш, ошондой эле башка мамлекеттер менен тең укуктуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты камсыз кылуу;

- күн сайынкы демейки шарттарда жана өзгөчө жагдайларда улуттук коопсуздукту камсыз кылуу күчтөрү менен каражаттарын башкаруу;

- өзгөчө кырдаалдардын пайда болушунун натыйжасында жапа чеккен региондордо улуттук коопсуздук объекттеринин кадимкидей иштөөсүн калыбына келтирүү боюнча чаралардын тутумун жүзөгө ашыруу;

- Кыргыз Республикасынын экономикасын көтөрүү жана анын дүйнөлүк экономикага шайкеш интеграцияланышы үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;

- Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чараларга катышуу.

(КР 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 222 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

10-статья. Улуттук коопсуздук тутумунда мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара иш-аракети

 

Инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн негизинде жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын Президенти:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешин жетектейт;

- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши тарабынан иштелип чыккан (такталган) улуттук коопсуздуктун Концепциясын, Кыргыз Республикасынын Аскер доктринасын бекитет;

- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин сунушу боюнча улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү программаларын бекитет жана алардын ишке ашырылышына контролдук кылат;

- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин сунушу боюнча улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ыкчам чечимдерди кабыл алат;

- мыйзамдар аркылуу аныкталган компетенциясынын чегинде, өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасына кол салуу же түздөн-түз кол салуу коркунучу болгон учурда жалпы же жарым-жартылай мобилизациялоо, согуш абалын, согуштук абалды жарыялоо жөнүндө чечим кабыл алат жана андан ары бул маселелерди токтоосуз Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизет;

- конституциялык мыйзамда каралган негиздер болгон учурда өзгөчө абалды киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө эскертет, ал эми зарыл болгондо алдын-ала жарыялабай туруп аны айрым жерлерде киргизип, андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине токтоосуз билдирет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши:

- улуттук коопсуздук чөйрөсүндө мыйзамдарды жөнгө салууну жүзөгө ашырат;

- улуттук коопсуздук чөйрөсүндө мыйзамдардын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат;

- конституциялык мыйзамда каралган учурларда жана тартипте өзгөчө абалды киргизет; ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат;

- согуш жана тынчтык; согуштук абалды киргизүү; согуш абалын жарыялоо; ушул маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын бекитүү же жокко чыгаруу маселелерин чечет;

- тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерин аткаруу зарылдыгы болгон учурда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чегинен тышкары колдонуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечет;

- улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү бюджетти карайт жана кабыл алат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- мамлекеттик эгемендикти, аймактык бүтүндүктү, конституциялык түзүлүштү коргоо боюнча чараларды, ошондой эле коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздукту жана укук тартибин чыңдоо боюнча чараларды көрөт жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылат;

- улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү мамилелерди регламенттештирген мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын аткарылышын камсыз кылат;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун мамлекеттик органдарын жетектейт;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды кабыл алат.

 (КР 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 222, 2017-жылдын 18-мартындагы № 46, 2017-жылдын 1-декабрындагы N 197 (2) Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

11-статья. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу күчтөрү жана каражаттары

 

Кыргыз Республикасында улуттук коопсуздукту камсыз кылуу күчтөрү жана каражаттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт жана өнүгөт.

Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу күчтөрү өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, караштуулугуна улуттук коопсуздук маселелери болгон ыйгарым укуктуу органды, ички иштер, бажы иши, салык кызматы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарын, ошондой эле өздөрүнүн компетенциясынын алкагында улуттук коопсуздукту камсыз кылуу тутумуна тартылган башка мамлекеттик органдарды;

- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу кызматтарын, жарандык коргоо бөлүктөрүн жана бөлүмдөрүн, ички аскерлерди;

- өнөр жайында, энергетикада, транспортто жана айыл чарбасында иштердин коопсуз жүргүзүлүшүн камсыз кылган органдарды.

Өзүнүн ишинде атайын күчтөрдү жана каражаттарды колдонушкан караштуулугунда улуттук коопсуздук маселелери болгон ыйгарым укуктуу орган, ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, мамлекеттик бийликтин башка органдары өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гана аракеттенишет.

     (КР 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 222 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

III Бөлүм
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши

 

(КР 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 222 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

IV Бөлүм
Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ишти каржылоо

 

19-статья. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ишти каржылоо

 

Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ишти каржылоо программалардын мазмунуна жана көлөмдөрүнө, өзгөчө кырдаалардын мүнөзүнө жана алардын кесепеттерине жараша Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин, жергиликтүү бюджеттеринин каражаттарынын, ошондой эле бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.

 

V Бөлүм
Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ишке контроль жана көзөмөл

 

20-статья. Улуттук коопсуздукту камсыз кылууну контролдоо

 

Жарандар, коомдук жана башка уюмдар менен бирикмелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте улуттук коопсуздукту камсыз кылуу органдарынын иши жөнүндө маалымат алууга укуктуу.

     (КР 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 222 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

21-статья. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу органдарынын ишинин

мыйзамдуулугуна көзөмөл

 

Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу органдарынын ишинин мыйзамдуулугуна көзөмөл жүргүзүүнү прокуратура органдары жүзөгө ашырат.

     (КР 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 222 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

22-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Акаев