Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 16-марты № 141

«Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы жогоруда аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.

 

Премьер-министр

С.Ж.Исаков

 

 

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

«Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене

«Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 3, 279-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1 -статьяда:

- 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«бажы алымы - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын бирдиктүү эсебине которулууга жана бөлүштүрүүнүн белгиленген ченемдерине ылайык Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш болгон, товарларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө байланыштуу жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдеринде жана (же) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка учурларда бажы органдары тарабынан республикалык бюджетке алынуучу милдеттүү төлөм;»;

1-бөлүгүнүн 1-пунктунун учүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

2-статьяда:

«жана Кыргыз Республикасынын ички рыногун коргоо» деген сөздөр алып салынсын;

- бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

3) 4-статьянын 2-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы «Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин эл аралык келишимдеринин, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жоболорунун негизинде» деген сөздөр «2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимде каралган талаптарга ылайык» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

4) 6-статья күчүн жоготту деп таанылсын;

6) 7-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«7-статья. Тарифтик женилдиктер

Тарифтик женилдиктердин түрлөрү, аларды берүү тартиби жана учурлары 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу 2015-жылдын 8-майында кол коюлган протоколдун жоболоруна ылайык аныкталат.»;

6) 8-статьяда:

- 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1. Кыргыз Республикасы 2014-жыддын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимде каралган талаптарга ылайык тарифтик преференцияларды төмөнкү түрдө берет:»;

2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2. Эгер Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында өндүрүлүүчү (казып алынуучу, өстүрүлүүчү) айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнө окшош, учүнчү өлкөлөрдө чыгарылган товарлар Кыргыз Республикасына алынып келсе аларга карата тарифтик квота түрүндөгү алып келүүнү жөнгө салуу чарасы колдонулушу мүмкүн. Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына тарифтик квотанын белгиленген көлөмүнүн чегинде алынып келүүчү аталган товарларга карата Евразия экономикалык бирлигинин бирдей бажы тарифинин алып кирүүдөгү бажы алымдарынын тиешелүү коюмдары колдонулат.».

2-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин кучүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти