Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык
2019-жылдын 1-январынан тартып
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\61aecefa-c98f-4cae-b96f-79667195f512\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАЗЫК-АТКАРУУ КОДЕКСИ

1999-жылдын 13-декабры № 142

(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № 41, 2002-жылдын № 8-июлундагы № 114,

2003-жылдын 11-июнундагы № 99, 2003-жылдын 11-июнундагы № 100, 2004-жылдын 27-июлундагы № 101,

2007-жылдын 4-майындагы № 68 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2010-жылдын 10-февралындагы № 27,

2012-жылдын 12-июлундагы № 105 2012-жылдын 16-июлундагы № 114, 2013-жылдын 18-мартындагы № 43,

2014-жылдын 30-майындагы № 82, 2016-жылдын 16-апрелиндеги № 44, 2016-жылдын 2-августундагы № 162,

2016-жылдын 22-ноябрындагы № 185, 2017-жылдын 14-июнундагы № 102 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

 

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 13-декабрындагы № 143 Мыйзамы менен күчүнө киргизилген)

ЖАЛПЫ БӨЛҮК

I БӨЛҮМ.
 ЖАЗЫК-АТКАРУУ МЫЙЗАМДАРЫНЫН НЕГИЗГИ ЖОБОЛОРУ

 

1-Глава. Жалпы жоболор

2-Глава. Соттолгондордун укуктук абалы

3-Глава. Жазаны аткаруучу мекемелер менен органдар жана жазык-укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чаралары.

Алардын ишине контролдук жүргүзүү

 

ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮК
II БӨЛҮМ. СОТТОЛГОНДУ КООМДОН БӨЛӨК КАРМОО МЕНЕН БАЙЛАНЫШПАГАН
ЖАЗАЛАРДЫ АТКАРУУ

 

4-Глава. Жазапул түрүндөгү жазаны аткаруу

5-Глава. Үч эсе айып түрүндөгү жазаны аткаруу

6-Глава. Коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазаны аткаруу

7-Глава. Белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруу

 

III БӨЛҮМ.
КАМАККА АЛУУ ЖАНА ЭРКИНДИГИНЕН АЖЫРАТУУ ТҮРҮНДӨГҮ ЖАЗАНЫ АТКАРУУ

 

8-Глава. Камакка алуу түрүндөгү жазаны аткаруунун тартиби жана шарттары

9-Глава. Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруунун жалпы жоболору

10-Глава. Түзөтү мекемелериндеги тартип жана аны камсыз кылуу каражаттары

11-Глава. Түзөтүү мекемелеринде жазаны өтөөнүн шарттары

12-Глава. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондордун эмгеги, кесиптик билим алышы жана кесипке даярдоо

13-Глава. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго тарбиялык таасир көрсөтүү

14-Глава. Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруу

15-Глава. Жашы жете электердин эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны аткарышынын өзгөчөлүктөрү

16-Глава. Соттолгон аскер кызматчыларын камакка алууну аткаруу

17-Глава. Дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү жазаны аткаруунун тартиби жана шарттары

 

IV БӨЛҮМ.
КОШУМЧА ЖАЗАЛАРДЫ АТКАРУУ

 

18-Глава Кошумча жазаларды аткаруу

V БӨЛҮМ.
ЖАЗА ӨТӨӨДӨН БОШОТУУ, ЖАЗА ӨТӨӨДӨН БОШОГОН АДАМДАРГА ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮ
ЖАНА АЛАРГА КОНТРОЛДУК ЖҮРГҮЗҮҮ

 

19-Глава. Жаза өтөөдөн бошотуу

20-Глава. Жаза өтөөдөн бошотулуп жаткан адамдарга жардам көрсөтүү жана аларга контролдук кылуу

 

VI БӨЛҮМ.
ӨЛҮМ ЖАЗАСЫ ТҮРҮНДӨГҮ ЖАЗАНЫ АТКАРУУ

 

21-Глава. Өлүм жазасы түрүндөгү жазаны аткаруунун тартиби жана шарттары

 

VII БӨЛҮМ.
ЖАЗАНЫ ШАРТТУУ ТҮРДӨ КОЛДОНБООГО СОТТОЛГОНДОРГО
КОНТРОЛДУК ЖҮРГҮЗҮҮ

 

22-Глава. Жазаны шарттуу түрдө колдонбоого соттолгондордун жүрүштурушуна контролдукту жүзөгө ашыруу

 

ЖАЛПЫ БӨЛҮК

I БӨЛҮМ
ЖАЗЫК-АТКАРУУ МЫЙЗАМДАРЫНЫН НЕГИЗГИ ЖОБОЛОРУ

 

1-Глава
Жалпы жоболор

 

1-статья. Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу мыйзамдары

 

Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу мыйзамдары ушул Кодекстен, жазанын аткарылышынын жана өтөлүшүнүн, ошого тете соттолгондорго жазыктык-укуктук таасир көрсөтүү чараларын колдонуунун тартиби менен шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынан жана ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле эл аралык келишимдерде камтылган ченемдерден турат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-статья. Жазык-аткаруу мыйзамдарынын максаттары, милдеттери жана мазмуну

 

(1) Кыргыз Республикасынын жазык - аткаруу мыйзамдары соттолгондорду түзөтүү, ошондой эле соттолгондор тарабынан да, ошондой эле башка адамдар тарабынан да кылмыштарды жасоонун алдын алуу максатын көздөйт.

(2) Жазык жоопкерчилигинин максаттарына ылайык Жазык - аткаруу мыйзамдарынын милдеттери жазаны аткарууну жана өтөөнү жана жазыктык укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чараларын жөнгө салуу; аларды аткаруу процессинде жазанын максаттарына жетишүүнүн каражаттарын аныктоону, соттолгондордун укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын коргоо болуп саналат.

(3) Коюлган милдеттерге ылайык Жазык - аткаруу кодекси жазаларды Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Жазык - процесстик кодексинде каралган жазыктык - укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чараларын аткаруунун жалпы жоболору менен принциптерин; жазаны аткаруунун жана өтөөнүн жана соттолгондорду түзөтүүнүн каражаттарын колдонуунун тартибин жана шарттарын; соттолгондордун укуктук статусун жана алардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын камсыз кылуунун кепилдиктеринин тутумун; жазаны аткаруучу мекемелер менен органдардын ишинин тартибин, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка уюмдардын, коомдук бирикмелер менен жарандардын соттолгондорду түзөтүүгө катышуусун; жазадан бошотуунун жана бошотулгандарды социалдык жагынан ыкташуусуна жардам көрсөтүүнүн тартибин белгилейт.

 

3-статья. Жазык-аткаруу мыйзамдары жана эл аралык укуктук актылар

 

(1) Жазык-аткаруу мыйзамдары жазаны аткарууга жана социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөргө ылайык соттолгондорго мамиле кылууга тиешелүү эл аралык, Кыргыз Республикасынын келишимдери жана эларалык укуктун жалпы таанылган принциптерин сактайт, эске алат.

(2) Эгерде Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринде жазаны аткарууда соттолгондорго мамиле кылуунун жазык-аткаруу мыйзамдарында каралгандан башкача эрежелери белгиленсе, анда эларалык келишимдин эрежелери колдонулат.

(3) Эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Жазык-аткаруу мыйзамдары жана аны колдонуу практикасы соттолгондорду кыйноолордон жана аларга адамкерчиликсиз кемсинтүүчү башка мамилелерден коргоонун кепилдиктерин бекем сактоого негизделет.

(4) Эларалык уюмдардын жазаны аткаруу жана соттолгондорго мамиле кылуу маселелери боюнча сунуштамалары (декларациялары) зарыл социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөр болгондо жазык-аткаруу мыйзамдарында ишке ашырылат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-статья. Жазаны аткаруу жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чаралары жагындагы ченемдик актылар

 

Аткаруу бийлигинин органдары жазаны аткаруу, ошондой эле жазыктык - укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чараларынын маселелери боюнча мыйзамга негизделген ченемдик актыларды кабыл алышы мүмкүн.

 

5-статья. Жазык-аткаруу мыйзамдарынын мейкиндикте жана убакытта колдонулушу

 

(1) Кыргыз Республикасынын Жазык - аткаруу мыйзамдары Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.

(2) Жазаны аткаруунун жана өтөөнүн жана жазыктык - укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чараларынын тартиби жана шарттары алар колдонулган учурда күчүндө болгон мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

 

6-статья. Жазаны жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чараларын аткаруунун негизи

 

Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү, болбосо аны өзгөрткөн аныктамасы же токтому жазаны жана жазыктык - укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чараларын аткаруунун негизи болуп эсептелет.

 

7-статья. Жазык-аткаруу мыйзамдарынын принциптери

 

Жазык-аткаруу мыйзамдары мыйзамдуулуктун, гумандуулуктун, демократиялуулуктун, соттолгондордун мыйзам алдындагы теңдигинин, жазаларды дисрференциялоонун жана жекелештирүүнүн, мажбурлоочу каражаттарды сарамжал колдонуунун жана укукка ылайык жүрүш-турушка түрткү берүүнүн, жазалоону түзөтүү чаралары менен айкалыштыруунун принциптерине негизделет.

 

8-статья. Түзөтүү жана анын негизги каражаттары

 

(1) Соттолгонду түзөтүү - бул анда укукка ылайык жүрүш-турушту, адамга, коомго, эмгекке, адамдардын чогуу жашашынын ченемдерине, эрежелерине жана салттарына кадырлоо менен мамиле кылууну калыптандыруу.

(2) Соттолгондорду түзөтүүнүн негизги каражаттары: жазаны аткаруунун жана өтөөнүн белгиленген тартиби - тартип, тарбиялоо иштери, коомдук - пайдалуу эмгек, билим алуу, кесиптик даярдык жана коомдук таасир көрсөтүү болуп эсептелет.

(3) Соттолгондорду түзөтүү каражаттары жазанын түрүн, жасалган кылмыштын мүнөзүн жана коомдук коркунучтуулук даражасын, алардын инсандыгын жана жүрүш-турушун эске алуу менен колдонулат.

 

2-Глава
Соттолгондордун укуктук абалы

 

9-статья. Соттолгондордун укуктук абалынын негиздери

 

(1) Мамлекет соттолгондордун укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын урматтайт жана коргойт, жаза өтөөнүн мыйзамда белгиленген шарттарын, социалдык акыйкаттуулуктун, укуктук жана башка жагынан коргоонун кепилдиктерин камсыз кылат.

(2) Жазаларды аткарууда соттолгондорго Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген жарандардын укуктары жана эркиндиктери жазык, жазык-аткаруу жана башка мыйзамдарда аныкталган алып салуулары жана чектөөлөрү менен кепилденет. Соттолгондор мыйзамда белгиленгенден башка учурларда, өздөрүнүн жарандык милдеттерин аткаруудан бошотулушу мүмкүн эмес.

(3) Соттолгон чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар эл аралык келишимдерде, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарга ээ болушат жана милдеттерди аткарышат, мында жазык, жазык-аткаруу жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган алып салуулар жана чектөөлөр болушу мүмкүн.

(4) Соттолгон чет өлкөлүк жарандар белгиленген эрежелерди сактоо менен жазасын андан ары өтөө үчүн Кыргыз Республикасынын ыйгарым укук берилген органдары жана соттолгон чет өлкөлүк жарандар келген өлкөлөр менен эл аралык макулдашуулардын негизинде өлкөдөн чыгарылып жиберилиши мүмкүн

(5) Соттолгондордун укуктары жана милдеттери, ошондой эле алардан алып салуулар жана чектөөлөр жазанын айкын түрүн аткаруунун тартибине жана шарттарына негизденип, ушул Кодекс тарабынан аныкталат.

(6) Кыргыз Республикасында соттолгонго жана жабырланганга карата элдешүү катары жабырлануучунун жана укук бузуучунун жолугушуулары, жеке кечирим суроосу же тараптар үчүн мүмкүн болгон башка жазуу жүзүндөгү кайрылуулары ирээтинде калыбына келтирүү сот адилеттик жолжобосу колдонулушу мүмкүн.

Калыбына келтирүү сот адилеттиги жолжобосу ар бир соттолгонго карата жазаны аткаруу мекемелеринин жана органдарынын администрациялары тарабынан жекече жүргүзүлөт. Жаза аткаруу мекемелери жана органдары калыбына келтирүү сот адилеттиги жолжоболоруна социалдык кызматкерлерди, психологдорду, ошондой эле коомдук уюмдардын өкүлдөрүн тарта алышат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

10-статья. Соттолгондордун негизги милдеттери

 

(1) Соттолгондор Кыргыз Республикасынын жаранынын мыйзамдарда

белгиленген милдеттерин аткарууга, ошондой эле коомдо кабыл алынган жүрүш - туруштун адеп - ахлактык ченемдерин сактоого тийиш.

(2) Соттолгондор жаза өтөөнүн тартибин жана шарттарын аныктаган жазык - аткаруу мыйзамынын, ошондой эле аларга ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоого милдеттүү.

(3) Соттолгондор жазаны аткаруучу мекемелер менен органдардын администрациясынын мыйзамга негизделген талаптарын аткарууга милдеттүү.

(4) Соттолгондор кызматчыларга, жазаны аткаруучу мекемеге келген башка адамдарга, ошондой эле башка соттолгондорго сылык мамиле кылууга милдеттүү.

(5) Соттолгондордун өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди, ошондой эле жазаны аткаруучу мекемелер менен органдардын администрациясынын мыйзамдуу талаптарын аткарбоосу, мыйзамда белгиленген жоопкерчилик тартууга алып келет.

(6) Соттолгондор жазаны аткаруучу мекемелер менен органдардын администрациясынын чакыруусу боюнча келүүгө жана өкүмдү аткаруу маселелери боюнча түшүнүктөрдү берүүгө милдеттүү. Келбей койгон учурда соттолгон адам мажбурлап алынып келинет жана ага карата дисцишшнардык таасир көрсөтүүнүн чаралары колдонулат.

 

11-статья. Соттолгондордун негизги укуктары

 

(1) Соттолгондор өздөрүнүн укуктары жана милдеттери жөнүндө, сот тарабынан берилген жаза өтөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө маалымат алууга укуктуу. Администрация соттолгондорго аталган маалыматты берүүгө, ошондой эле аларды жазык жазаларын өтөөнүн тартибиндеги жана шарттарындагы өзгөрүүлөр менен тааныштырууга милдеттүү.

(2) Жазасын өтөп жаткан адамдар кызматчылардын сылык мамиле жасашына укуктуу. Алар катаал же адамдыя кадыр-баркын кемсинткен мамилеге кириптер болбоого тийиш. Соттолгондорго карата мажбурлоо чаралары ушул Мыйзамдын негизинде гана колдонулушу мүмкүн.

(3) Соттолгондор өздөрүнүн макул - макул эместигине карабастан, өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келтирген медициналык жана башка тажрыйбаларга кириптер болушу мүмкүн эмес.

(4) Соттолгондор жазаны аткаруучу мекеменин же органдын администрациясына, жогору турган органдарга, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коомдук бирикмелерге, ошондой эле, эгерде укуктук коргоонун мамлекеттин ичиндеги бардык каражаттары колдонулуп бүгсө, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча мамлекеттер аралык органдарга сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кайрылууга укуктуу.

(5) Соттолгондор эне тилинде же өзү билген ар кандай тилде түшүнүк берүүгө жана кат жазышууга, ошондой эле ушул статьянын төртүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кайрылууга, зарыл учурларда тилмечтин кызматынан пайдаланууга укуктуу. Соттолгондорго жооптор алар кайрылган тилде берилет. Алар кайрылган тилде жооп берүүгө мүмкүнчүлүк жок болгондо - жооп мамлекеттик же расмий тилде берилет. Жоопту кайрылган тилге которуп берүү жазаны аткаруучу мекеме же орган тарабынан камсыз кылынат.

(6) Соттолгондор саламаттыгын сактоого, анын ичинде медициналык корутундуга жараша амбулаториялык - эмканалык же жатып дарылануу шарттарында баштапкы медициналык - санитардык жана атайын медициналык жардамды алууга укуктуу.

(7) Соттолгондор мыйзамдарга ылайык жалпы негиздерде социалдык жагынан камсыздоого укуктуу.

(8) Квалификациялуу юридикалык жардам алуу үчүн соттолгондор адвокаттардын, ошондой эле ушундай жардам көрсөтүүгө укугу бар башка адамдардын кызматынан пайдалана алышат.

(9) Соттолгон чет өлкөлүк жарандар ошондой эле өз мамлекеттеринин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, консулдук мекемелери менен, ал эми Кыргыз Республикасында дипломатиялык жана консулдук мекемелери жок өлкөлөрдүн жарандары алардын таламдарын коргоону өзүнө алган мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же аларды коргоо боюнча иш жүргүзгөн эл аралык органдар менен байланышта болууга укуктуу.

(10) Соттолгондордун укуктарын ишке ашыруунун тартиби ушул Кодекс, ошондой эле башка ченемдик укуктук актылар тарабынан белгиленет.

(11) Соттолгондордун укуктарын ишке ашыруу ички тартиптин белгиленген эрежелерин бузбоого тийиш.

 

12-статья. Соттолгондордун жеке коопсуздукка болгон укугу

 

(1) Соттолгондор жеке коопсуздук укугуна ээ.

(2) Башка соттолгондор же башка адамдар тарабынан соттолгондун жеке коопсуздугуна коркунуч түзүлгөндө, ал арыз менен эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны аткарып жаткан мекеменин ар кандай кызмат адамына өзүнүн жеке коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга укуктуу. Мындай учурда кызмат адамы кайрылган соттолгондун жеке коопсуздугун камсыз кылууга карата токтоосуз чараларды көрүүгө милдеттүү.

(3) Мекеменин зардалы соттолгондун арызы боюнча, болбосо өзүнүн демилгеси боюнча соттолгонду коопсуз жерге которуу боюнча чечим кабыл алат, соттолгонго карата кылмыш жасоо коркунучун четтетүүчү башка чараларды көрөт.

(4) Соттолгондун жеке коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлбөгөн учурда, кызмат адамы мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

13-статья. Соттолгондордун дин тутуу жана динге ишенүү эркиндигин камсыз кылуу

 

(1) Соттолгондорго дин тутуу жана динге ишенүү эркиндиги гарантияланат.

(2) Дин тутуу жана динге ишенүү эркиндигине болгон укукту ишке ашыруу ыктыярдуу болуп саналат, ал жазаны аткаруучу мекеменин ички тартибинин белгиленген эрежелерин бузбоого, ошондой эле башка адамдардын укуктарына шек келтирбөөгө тийиш.

(3) Жазасын эркиндигинен ажыратуу түрүндө өтөп жаткан адамдарга алардын өтүнүчү боюнча белгиленген тартипте катталган диний бирикмелердин дин кызматкерлери чакырылат. Жазаны аткаруучу мекемелерде соттолгондорго диний ырым-жырымдарды өткөрүүгө, диний буюмдарды жана диний адабияттарды пайдаланууга уруксат берилет. Бул максаттар үчүн мекеменин администрациясы тиешелүү имарат-жай бөлүп берет.

(4) Жеке камераларда, айыптык жана дисциплинардык изоляторлордо, ошондой эле камералык типтеги жайларда кармалып жаткан соттолгондорго жеке коопсуздугун камсыз кылуу шарты менен дин кызматкерлери киргизилет.

(5) Оорусу катуу соттолгондорго, ошондой эле өкүмдү аткаруунун алдында алардын өтүнүчү боюнча диний кызматкерлерди чакыруу менен бардык зарыл болгон диний ырым-жырымдарды жасоого мүмкүнчүлүк берилет.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

14-статья. Соттолгондордун кайрылуулары жана аларды кароонун тартиби

 

(1) Соттолгондор өздөрүнүн укуктарынын жана мыйзамдуу таламдарынын бузулушуна байланыштуу маселелер боюнча сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды жөнөтө алышат.

(2) Соттолгондордун сунуштары, арыздары жана даттануулары оозеки жана жазуу түрүндө болушу мүмкүн. Алар жазаны аткаруучу мекемелер менен органдардын администрациясы тарабынан каралат.

(3) Ушул Кодекстин 11-статьясынын төртүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн башкаруунун жогорку органдарына жана башка органдарга эркиндигинен ажыратуу, дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоо, эркиндигинен өмүр бою ажыратуу түрүндөгү жазага соттолгондордун сунуштары, арыздары жана даттануулары дареги боюнча жазаны аткаруучу мекемелер менен органдардын администрациясы тарабынан жөнөтүлөт. Жазанын башка түрүнө соттолгондор сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын өз алдынча жөнөтүшөт.

(4) Соттолгондордун жазаны аткаруучу мекемелер менен уюмдардын администрациясынын чечимдери жана аракеттери жаатындагы сунуштары, арыздары жана даттануулары бул чечимдер менен аракеттерди токтото турбайт.

(5) Соттолгондордун сунуштары, арыздары жана даттануулары багытталган органдар жана кызмат адамдары аларды мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө карап чыгууга жана кабыл алынган чечимдерди соттолгондорго жеткирүүгө тийиш.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-Глава
Жазаны аткаруучу мекемелер менен органдар жана жазык-укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чаралары.
Алардын ишине контролдук жүргүзүү

 

15-статья. Жазаны жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чараларын аткаруучу мекемелер менен органдардын түрлөрү

 

(1) Жазапул, үч эсе айып жана мүлкүн конфискациялоо түрүндөгү жаза өкүм чыгарган соттун соттук аткаруучулары тарабынан, ошондой эле мүлк турган жердеги сот же соттолгон адам иштеген жердеги сот тарабынан аткарылат.

(2) Коомдук жумуштар, түзөтүү жумуштары, эркиндигин чектөө түрүндөгү жаза соттолгон адам жашаган жердеги жазык-аткаруу инспекциялары тарабынан аткарылат.

(3) Белгилүү иш жүргүзүү же белгилүү кызматты ээлөө укугунан ажыратуу түрүндөгү жаза соттолгон адам жашаган жердеги жазык-аткаруу инспекциясы, түзөтүү мекемеси жана дисциплинардык аскер бөлүгү тарабынан аткарылат. Белгилүү иш жүргүзүү же белгилүү кызматты ээлөө укугунан ажыратуу жөнүндө өкүмдүн талаптары соттолгон адам иштеген жердин администрациясы тарабынан, ошондой эле мыйзамга ылайык иштин тиешелүү түрүн иштөөгө берилген уруксатты жокко чыгарууга ыйгарым укугу бар органдар тарабынан аткарылат.

(4) Эркиндигинен ажыратуу жана эркиндигинен өмүр бою ажыратуу түрүндөгү жазалар жазык-аткаруу тутумунун мекемелери тарабынан аткарылат.

(5) Атайын же аскердик наамдан ажыратуу түрүндөгү жаза наамды ыйгарган орган тарабынан аткарылат.

(6) Аскер кызматчыларына карата жаза аскер бөлүктөрү үчүн атайын арналган дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө аткарылат.

(7) Жазаны шарттуу түрдө колдонбоого соттолгондор жазык-аткаруу инспекциясынын контролдугу астында болот.

(8) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте, соттолгондун жүрүм-турумуна көзөмөл жүргүзүүнү ишке ашыруучу жазык-аткаруу инспекциясынын кызматкери соттолгонду ресоциализациялоо процессине коомдук бирикмелерди, кайрымдуулук уюмдарын жана жеке адамдарды тарта алат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2013-жылдын 18-мартындагы № 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

16-статья. Жаза өтөп жаткан жер жөнүндө кабарлоо

 

(1) Жазаны аткаруучу мекемелер жана органдар өкүм чыгарган сотко соттолгонду камакка алуу, эркиндигинен ажыратуу дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү, коомдук жумуштар, түзөтүү жумуштары жана эркиндигин чектөө, ошондой эле соттолгондорго кылмыш-жаза-укуктук таасир этүүнүн башка чараларын колдонуу жөнүндө жазасынын башталышы жана өтөө орду жөнүндө кабарлоого милдеттүү.

(2) Жазаны аткаруучу мекемелер жана органдар өкүм чыгарган сотко жазапул, атайын же аскердик наамынан ажыратуу, коомдук жумуштар, түзөтүү жумуштары, эркиндигин чектөө жана эркиндигинен өмүр бою ажыратуу, ошондой эле соттолгондорго кылмыш-жаза-укуктук таасир этүүнүн башка чараларын колдонуу түрүндөгү жазанын аткарылышы жөнүндө кабарлоого милдеттүү.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-статья. Соттолгондорго карата медициналык мүнөздөгү чараларды колдонуу

 

(1) Эркиндигинен ажыратууга соттолгон жана өнөкөт аракеч же баңги дартына чалдыккан, ошондой эле психикалык жагынан жапа чеккен, акыл-эси ордунда эмес адамдарга карата жазаны аткаруучу мекемелер тарабынан соттун чечими боюнча мажбурлап дарылоо колдонулат.

(2) Эгерде ушул статьянын биринчи бөлүгүндө аталган жазаларды өтөө мезгилинде соттолгон өнөкөт аракечтик же баңгилик менен ооруганы белгиленсе, жазаны аткаруучу мекеме мындай адамга карата мажбурлап дарылоону колдонуу жөнүндө сунуш менен сотко кайрылат.

(3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө аталган жазаларга соттолгон адамдарга жана токсикомания, ВИЧ-жугуштуу оорусуна чалдыккандарга, ошондой эле ачык түрдөгү кургак учук дартына чалдыккандарга же жыныстык оорудан дарылоонун толук курсунан өтпөгөндөргө карата тиешелүү жазаларды аткаруучу мекемелер тарабынан медициналык комиссиянын чечими боюнча милдеттүү түрдө дарылоо колдонулат.

(4) Эгерде ушул статьянын биринчи же үчүнчү бөлүгүндө саналып өткөн дартка чалдыккан адамдар эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазага соттолсо, дарылоо мыйзамдарга ылайык жалпы негиздерде жүргүзүлөт.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-1-статья. Эркиндигинен ажыратуу жайларын контролдоо жана көзөмөлгө алуу

 

Кылмыш жазаларын талаптагыдай аткаруу, соттолгондордун укуктарын жана эркиндиктерин сактоо максаттарында, кылмыш-жаза аткаруучу мекемелердин жана органдардын ишин контролдоонун жана көзөмөлгө алуунун төмөнкү түрлөрү жүзөгө ашырылат:

- ведомстволук контроль;

- медициналык жана санитардык-эпидемиологиялык контроль:

- мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын контролу;

- коомдук контроль;

- эларалык контроль;

- прокурордук көзөмөлгө алуу;

- парламенттик контроль;

- соттук контроль.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-2-статья. Медициналык жана санитардык-эпидемиологиялык контроль

 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эларалык укуктун ченемдерине ылайык мамлекет кылмыш жазаны аткаруучу мекемелердин жана органдардын медициналык жана санитардык-эпидемиологиялык тейленүүсүн камсыз кылат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-3-статья. Эларалык контроль

 

Эларалык контроль Кыргыз Республикасында аккредиттелген эларалык уюмдар жана алардын эларалык келишимдердин негизинде иш алып барган өкүлчүлүктөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-4-статья. Парламенттик контроль

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тиешелүү комиссиялар жана комитеттер аркылуу кылмыш-жаза аткаруучу мекемелердин жана органдардын иштерин көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

18-статья. Аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын контролдугу

 

Аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары алардын аймактарында жайгашкан жазык аткаруучу мекемелер менен органдардын ишин уюштурууга жана иштөөсүнө көмөк көрсөтүшөт, ошондой эле түзүлгөн байкоочу комиссиялар, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү, камкорчу кеңештери аркылуу алардын ишине контролдоону жүзөгө ашырат.

Көзөмөлдү жүзөгө ашыруунун тартиби жана формалары тийиштүү аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өзүнөзү башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен типтүү жоболордун эң аз талаптарын эске алуу менен жөнгө салынат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 , 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

19-статья. Соттук контроль

 

(1) Жазык-процесстик мыйзамдарда белгиленген тартипте сот шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө, жазанын бир түрүн экинчи түрү менен алмаштыруу, катуу оорусуна байланыштуу жазадан бошотуу жөнүндө, кош бойлуу аялдардын жана жаш балдары бар аялдардын жазаны өтөшүн кийинкиге калтыруу жөнүндө, түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүү жөнүндө маселени чечүүдө жазаны аткарууну контролдойт.

(2) Мыйзамдарда белгиленген учурларда жана тартипте сот жазаны аткаруучу мекемелер менен органдардын администрациясынын аракеттерине даттанууну карайт.

 

20-статья. Ведомстволук контроль

 

Жазаны аткаруу мекемелер менен органдардын ишине башкаруунун жогорку турган органдары жана кызмат адамдары тарабынан контролдук өлүм жазасына тартуу түрүндөгү жазанын аткарылышы жөнүндө кабарлоого милдеттүү.

 

21-статья. Жазаны аткаруучу мекемелер менен органдардын администрациясы тарабынан мыйзамдардын аткарылышына прокурордук көзөмөл

 

Жазаны аткаруучу мекемелер менен органдардын администрациясы тарабынан мыйзамдардын аткарылышына прокурордук көзөмөл "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана ага баш ийген прокурорлор тарабынан жүзөгө ашырылат.

 

22-статья. Коомдук, кайрымдуулук жана өкмөттүк эмес уюмдардын кылмыш-жаза жазаны аткаруучу мекемелердин жана органдардын ишине катышуусу

 

(1) Коомдук, өкмөттүк эмес, кайрымдуулук уюмдары, ошондой эле алардын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин жана органдарынын ишине төмөнкүдөй жолдор менен катыша алышат:

1) социологиялык жана башка мониторингдерди өткөрүү;

2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекемелерге жана алардын кызмат адамдарына колдонуудагы мыйзамдарга жана эларалык стандарттарга ылайык соттолгондорду кармоонун шарттарын жакшыртуу жана тартипке келтирүү боюнча сунуштарды киргизүү;

3) мыйзамда белгиленген тартипте колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга толуктоолор жана өзгөртүүлөр боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана киргизүү;

4) элдештирүү сот адилеттигинин жолжоболорун түзүү жана ишке киргизүүгө катышуу;

5) эркиндигинен ажыратылган жайларда жана камоодо турган адамдарга кайрымдуулук жана гуманитардык жардамдарды табууга, бөлүштүрүүгө жана алардын пайдаланышын байкоого алууга түздөнтүз катышуу;

6) пенитенциардык мекемелеринин камкорчу кеңештеринин байкоочу комиссияларынын жана башка аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын иштерине катышуу;

(2) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн уюмдарга соттолгон жана камакта олтурган адамдардын жеке укуктарынын сакталышын бузган аларга белгилүү болуп калган маалыматтарды, ошондой эле мыйзам тарабынан корголгон мамлекеттик, тергөө жана башка кабарларды жарыялоого тыюу салынат. Дайындуу соттолгон жана камакта отурган адамдар тууралу маалыматтарды жарыялоого алардын жазуу түрүндөгү макулдугусуз жол берилбейт. Бул талаптар бузулганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат.

(3) Эркиндигинен ажыратылган жайлардын администрациясы ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн уюмдардын жана алардын өкүлдөрүнүн келүүсүн жана коопсуздук шарттарын белгиленген тартипте камсыз кылат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

23-статья. Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруучу мекемелерге баруу

 

(1) Жазаны аткаруучу мекемелерге атайын уруксатсыз барууга:

1) Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары жана комиссияларынын мүчөлөрү, тиешелүү аймактын чектеринде мамлекеттик администрациялар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, ошондой эле ал тарабынан ыйгарым укук берилген прокурорлор жана ошол аймакта жазаны аткарууга көзөмөлдү түздөн-түз жүргүзгөн прокурорлор;

2) жазык-аткаруу мекемелеринин жогору турган башкаруу органдарынын кызматкерлери;

3) жазаны аткаруучу мекемелер менен органдар жайгашкан аймакта сот ишин жүзөгө ашыруучу соттордун судьялары укуктуу;

4) адамдын жана жарандын конституциялык укуктары менен эркиндиктеринин сакталышына контролдук жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы);

5) алардын тиешелүү мыйзамда каралган ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууларына байланыштуу Координациялык кеңештин мүчөлөрү, Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун кызматкерлери.

(2) Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана башка адамдар жазаны аткаруучу мекемелер менен органдарга ушул мекемелердин администрациясынын же жазык-аткаруу тутумунун жогору турган башкаруу органдарынын атайын уруксаты боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте барууга укуктуу.

(3) Соттолгондорду киного, сүрөттөө жана көргөзмө кино тартууга, алардан интервью алууга, анын ичинде жазма жана көргөзмө техниканы пайдалануу менен интервью алууга соттолгондордун өздөрүнүн макулдугу менен уруксат берилет.

(4) Соттолгондордун коопсуздугун жана корголушун камсыз кылуучу объектилерди киного, сүрөткө жана көргөзмө киного тартуу түзөтүү мекемесинин администрациясынын уруксаты менен жүзөгө ашырылат.

(КР 2003-жылдын 11-июнундагы № 100 Мыйзамынын, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 , 2012-жылдын 12-июлундагы № 105, 2013-жылдын 18-мартындагы № 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮК

II БӨЛҮМ
СОТГОЛГОНДУ КООМДОН БӨЛӨК КАРМОО МЕНЕН БАЙЛАНЫШПАГАН
ЖАЗАЛАРДЫ АТКАРУУ

 

4-Глава
Жазапул түрүндөгү жазаны аткаруу

 

24-статья. Жазапул түрүндөгү жазаны аткаруу

 

(1) Соттолгон жазапулдун суммасын өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып бир айлык мөөнөттөн тартып төлөөгө милдеттүү.

(2) Эгерде соттолгондун жазапулду бир эле мезгилде төлөөгө мүмкүнчүлүгү болбосо, сот соттолгондун өтүнүчү жана жазаны аткаруучу органдын корутундусу боюнча төлөөнүн мөөнөтүн алты айга чейин кийинкиге калтырышы же бөлүп төлөтүшү мүмкүн.

(3) Соттолгон жазапулду төлөбөгөн учурда аны өндүрүп алуу мажбурлап жүргүзүлөт, анын ичинде соттолгондун ушул Кодекстин 137 - статьясынын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн мүлкүнөн жарандык процесстик мыйзамдарда белгиленген тартипте өндүрүп алуу жолу менен жүргүзүлөт.

(4) Жазапулду өндүрүп алуу соттолгондун конфискациялоого болбой турган мүлктүн Тизмесинде көрсөтүлгөн мүлкүнө жайылтылышы мүмкүн эмес.

 

25-статья. Жазапулду төлөөдөн качуунун кесепеттери

 

(1) Соттолгон жазапулду жүйөлүү себептерсиз белгиленген мөөнөттө төлөбөсө жана жазапулду мажбурлап өндүрүүдөн качса, соттук аткаруучу соттолгонго мындай жүрүш-турушка жол берилбей тургандыгы жөнүндө эскертет, бул тууралу аткаруу документтерине белги коюлат.

(2) Эгерде соттолгон эскертилгенден кийин жазапулду төлөөгө мүмкүнчүлүгү болуп туруп аны өндүрүп алуудан качса, болбосо аны аткаруудан жашырынса, соттук аткаруучу сотко жазапул түрүндөгү жазаны Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 44-статьясына ылайык коомдук иштерге, же түзөтүү иштерине тартуу, же болбосо эркиндигин чектөө же эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза менен алмаштыруу жөнүндө сунуш берет.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-Глава
Үч эсе айып түрүндөгү жазаны аткаруу

 

26-статья. Үч эсе айып

 

(1) Үч эсе айыпка соттолгон жабырлануучунун пайдасына материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуруу тартибинде өндүрүлүүчү сумманын эки бөлүгүн биринчи кезекте, ал эми өндүрүлүүчү сумманын үчүнчү бөлүгүн мамлекеттин пайдасына экинчи кезекте төлөөгө милдеттүү. Үч эсе айып өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып бир айлык мөөнөттө төлөнөт.

(2) Эгерде соттолгондун үч эсе айыпты бир эле мезгилде төлөөгө мүмкүнчүлүгү болбосо сот соттолгон адамдын арызы же соттук аткаруучунун өтүнүчү боюнча төлөөнүн мөөнөтүн алты айга чейин кийинкиге калтырышы же бөлүп төлөтүшү мүмкүн.

(3) Соттолгон адам үч эсе айыпты төлөбөгөн учурда, аны өндүрүп алуу мажбурлап, анын ичинде жаза чараны соттолгондун ушул Кодекстин 137 - статьясынын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн мүлкүнө өндүрүп алуу аркылуу, жарандык процесстик мыйзамдарда белгиленген тартипте жайылтуу жолу менен жүргүзүлөт.

(4) Үч эсе айыпты өндүрүп алуу конфискациялоого болбой турган мүлктүн Тизмесинде көрсөтүлгөн мүлктөн жүргүзүлүшү мүмкүн эмес.

 

27-статья. Үч эсе айыпты төлөбөөнүн кесепеттери

 

Үч эсе айып жүйөлүү себептерсиз белгиленген мөөнөттөрдө төлөнбөгөндө жана үч эсе айыпты мажбурлап өндүрүүдөн качканда соттук аткаруучу сотко үч эсе айып түрүндөгү жазаны коомдук иштерге, же түзөтүү иштерине тартуу, же болбосо эркиндигин чектөө же эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза менен алмаштыруу жөнүндө сунуш киргизет.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-Глава
Коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазаны аткаруу

 

28-статья. Коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазаны аткаруунун тартиби

 

(1) Коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жаза соттолгон жашаган жердеги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталуучу объектилерде жазык-аткаруу инспекциясы менен макулдашуу боюнча жазык-аткаруу инспекциялары тарабынан аткарылат.

(2) Коомдук жумуштарга соттолгондор жаза өтөөгө соттун тиешелүү тескемеси инспекцияга келип түшкөн күндөн тартып он беш күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен тартылат.

(3) Жазык-аткаруу инспекциялары соттолгондорду эсепке алат; аларга жаза өтөөнүн тартибин жана шарттарын түшүндүрөт; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен коомдук жумуштардын объектилерин макулдашат; соттолгондордун жүрүш-турушуна контролдук жүргүзөт; алар тарабынан иштелген убакыттын жана суммаланган эсебин алышат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

29-статья. Коомдук жумуштар түрүндөгү жазаны аткаруунун жана өтөөнүн шарттары

 

(1) Соттолгондор: коомдук жумуштар аткарылуучу ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин ички тартибинин эрежелерин сактоого, эмгекке ак ниет мамиле кылууга; алар үчүн белгиленген объектилерде иштөөгө жана коомдук жумуштардын сот тарабынан белгиленген мөөнөтүн иштеп чыгууга; турган жеринин өзгөрүшү жөнүндө жазык - аткаруу инспекциясына кабарлоого милдеттүү.

(2) Соттолгонго негизги иштеген жери боюнча берилген кезектеги өргүүгө чыгуусу коомдук жумуштарды аткарууну токтото турбайт.

(3) Соттолгон биринчи же экинчи топтогу майып деп табылганда, ошондой эле соттолгон аял кош бойлуу болуп калганда жазык-аткаруу инспекциясы сотко аларды жазадан бошотуу жөнүндө сунуш жиберет.

 

30-статья. Коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазанын мөөнөтүн эсептөө

 

(1) Жазанын мөөнөтү соттолгон коомдук жумуштарды аткарган мезгилдин ичинде сааттар менен эсептелет.

(2) Коомдук жумуштардын убактысы дем алыш күндөрү жана соттолгон негизги ишинде же окууда болгон күндөрдө төрт сааттан; жумуш күндөрүндө жумуш же окуу аяктагандан кийин эки сааттан, ал эми соттолгондун макулдугу боюнча төрт сааттан ашпоого тийиш. Иштебеген соттолгонго коомдук жумуштардын узактыгы алардын макулдугу менен күнүнө сегиз саатка чейин жогорулашы мүмкүн. Жуманын ичинде коомдук жумуштарга тартуунун убактысы, эреже катары, он эки сааттан кем болбоого тийиш. Жүйөлүү себептер болгондо жазык-аткаруу инспекциясы соттолгон адамга жуманын ичинде иштеген сааттарды азайтууга уруксат берүүгө укуктуу.

 

31-статья. Соттолгондор коомдук жумуштарды өтөп жаткан жердеги уюмдардын администрациясынын милдеттери

 

(1) Соттолгондор коомдук жумуштарды өтөп жаткан жердеги ишканалардын, уюмдардын же мекемелердин администрациясына соттолгондор үчүн аныкталган жумуштарды алардын аткарышына контролдук кылуу, иштелген сааттардын саны же соттолгондордун жаза өтөөдөн качышы жөнүндө жазык-аткаруу инспекциясына билдирүү жүктөлөт.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

32-статья. Коомдук жумуштар түрүндөгү жазаны өтөп жаткан адамдардын жоопкерчилиги

 

Жазык-аткаруу инспекциясы соттолгонго коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жаза өтөөнүн тартибин жана шарттарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 43-статьясына ылайык жоопкерчиликке тартыла тургандыгы жөнүндө эскертет.

 

33-статья. Коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жаза өтөөдөн качуу

 

(1) Соттолгон:

1) жүйөлүү себептерсиз бир айдын ичинде коомдук жумуштарга экиден ашык жолу чыкпай койгондо;

2) бир айдын ичинде экиден ашык жолу эмгек тартибин бузганда;

3) жаза өтөөдөн качуу максатында жашырынганда, ал коомдук жумуштар түрүндөгү жаза өтөөдөн качкан деп табылат.

(2) Соттолгон адам коомдук жумуштарды аткаруудан кыянаттык менен качканда жазык-аткаруу инспекциясы сотко коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазаны Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 43-статьясына ылайык түзөтүү иштери, же болбосо эркиндигин чектөө же эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза менен алмаштыруу жөнүндө сунуш киргизет.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

7-Глава
Белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан
 ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруу

 

34-статья. Белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруунун тартиби

 

(1) Негизги жаза катарында дайындалган белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү, ошондой эле негизги жазаларга кошумча жазапул, коомдук жумуштар, үч эсе айып түрүндөгү ошондой эле жазаны шарттуу түрдө колдонбоого соттолгондо жазаны аткаруу соттолгон жашаган жердеги жазык-аткаруу инспекциясы тарабынан жүзөгө ашырылат.

(2) Эркиндигинен ажыратуу же дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү негизги жазага кошумча катары белгиленген белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруу негизги жазаны аткаруучу мекеме же орган тарабынан, ал эми негизги жазаны өтөп бүткөндөн кийин - соттолгон жашаган

жердеги жазык-аткаруу инспекциясы тарабынан жүзөгө ашырылат.

(3) Жазык-аткаруу инспекциясы соттолгондордун эсебин алат; соттолгондор тарабынан соттун өкүмүндө каралган белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүүгө тыюу салуунун сакталышына контролдук кылат; соттолгон иштеп жаткан жердеги уюмдун администрациясынын өкүмдүн көрсөтмөлөрүн аткарышын, ошондой эле соттолгонго тыюу салынган иштин тиешелүү түрүн иштөөгө, уруксатты жокко чыгарууга ыйгарым укугу бар органдардын өкүмдүн көрсөтмөлөрүн аткарылышын текшерет, тарбиялоо ишин жүргүзүүнү уюштурат.

(4) Белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү кошумча жазага соттолгон адам негизги жазасын өтөп жаткан мекеменин администрациясы соттолгонду ага тыюу салынган жумуштарды аткарууга тарта албайт.

(5) Соттолгон адам аскердик кызматка же альтернативдүү (аскерден тышкары) кызматка чакырылганда же өткөндө жазык-аткаруу инспекциясы аскер комиссариатына же ал кызмат өтөгөн жерге аткаруу үчүн өкүмдүн көчүрмөсүн жиберет.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

35-статья. Ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин өкүмдү аткаруу боюнча милдеттери

 

(1) Белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу жөнүндө өкүмдүн жол-жоболору соттолгон эмгектик мамилелерде болгон ишкананын, уюмдун же мекеменин администрациясы үчүн милдеттүү болуп саналат.

(2) Соттолгон иштеген же кызмат өтөгөн ишкананын, мекеменин же уюмдун администрациясы:

1) соттун өкүмүнүн көчүрмөсү жана жазык-аткаруу инспекциясынын билдирүүсү алынгандан кийин үч күндөн кечиктирбестен соттолгон адамды ал иштөө укугунан ажыратылган кызматынан же эмгектик ишинин түрүнөн бошотууга; соттолгондун эмгек китепчесине кандай негизде, кандай мөөнөткө жана кайсы кызматты ээлөө укугунан же кайсы ишти жүргүзүү укугунан ажырагандыгы жөнүндө жазууга; жазык-аткаруу инспекциясына өкүмдүн талаптарынын аткарылышы жөнүндө кабар жөнөтүүгө;

2) жазык-аткаруу инспекциясынын талабы боюнча жазаны аткарууга байланыштуу документтерди берүүгө;

3) соттолгон менен эмгек келишими өзгөргөн же токтотулган учурларда үч күндүк мөөнөттүн ичинде бул тууралу жазык-аткаруу инспекциясына билдирүүгө милдеттүү.

 

36-статья. Иштин белгилүү түрүн иштөөгө берилген уруксатты жокко чыгарууга ыйгарым укугу бар органдардын милдеттери

 

(1) Иштин белгилүү түрүн иштөө укугунан ажыратуу жөнүндө өкүмдүн талаптары иштин тиешелүү түрүн жүргүзүүгө берилген уруксатты жокко чыгаруута ыйгарым укугу бар органдар үчүн милдеттүү болуп саналат.

(2) Ыйгарым укугу бар органдар соттун өкүмүнүн көчүрмөсү жана жазык - аткаруу инспекциясынын билдирүүсү алынган күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен соттолгонго тыюу салынган иштин түрүн жүргүзүүгө берилген уруксатты жокко чыгарууга, ошол адамга иштин көрсөтүлгөн түрүн иштөөгө укук берген тиешелүү документти алып коюуга жана бул тууралу инспекцияга билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү.

 

37-статья. Белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруунун мөөнөттөрүн эсептөө

 

(1) Эгерде бул учурда кошумча жазанын мөөнөтү кийинкиге калтырылбаса, негизги жаза катарында же эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазага карата кошумча катарында дайындалган белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны, ошондой эле жазаны шарттуу түрдө колдонбоого соттолгондо жазаны аткаруунун мөөнөтү өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып эсептелет. Жазаны аткаруунун мөөнөтүнө соттолгон өзүнө тыюу салынган кызматтарды ээлеген же болбосо ал үчүн тыюу салынган иштин түрлөрүн жүргүзгөн мезгилдин ичиндеги убакыт кошуп эсептелбейт.

(2) Белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жаза эркиндигинен ажыратууга же дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого кошумча жаза катарында дайындалганда ал жазанын мөөнөтү тиешелүү түрдө соттолгон адам эркиндигинен ажыратуу жайларынан же дисциплинардык аскер бөлүгүнөн бошотулган учурдан тартып эсептелет.

(3) Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларда белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу жөнүндөгү өкүмдүн талаптары соттолгон эркиндигинен ажыратуу же дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү жазасын өтөп жаткан мезгилге да жайылтылат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

38-статья. Белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазага соттолгон адамдын милдеттери

 

Белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазага соттолгон адамдар өкүмдүн көрсөтмөлөрүн аткарууга, жазык - аткаруу инспекциясынын талабы боюнча көрсөтүлгөн жазанын өтөлүшүнө байланыштуу документтерди берүүгө, иштеген жери, анын өзгөрүшү же жумуштан бошотулушу жөнүндө инспекцияга билдирүүгө милдеттүү.

 

39-статья. Белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу жөнүндө өкүмдү аткарбагандык үчүн жоопкерчилик

 

Менчигинин түрүнө карабастан соттун белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу жөнүндө өкүмүн аткарбоодо күнөөлүү болгон уюмдардын администрациясынын өкүлдөрү, ошондой эле өкүмдүн көрсөтмөлөрүн бузган соттолгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат.

7-1-Глава

Жазаны түзөтүү жумуштары түрүндө аткаруу

 

(Глава КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

39-1-статья. Жазаны түзөтүү жумуштары түрүндө аткаруунун тартиби

 

(1) Түзөтүү жумуштары соттолгондун иштеген орду боюнча, же болбосо жазык-аткаруу инспекциясынын макулдугу менен аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдары тарабынан соттолгондун жашаган орду боюнча аныкталган жерлерде өтөлөт.

(2) Түзөтүү жумуштарына соттолгон жазык - аткаруу инспекциясына соттун өкүмүнүн көчүрмөсү менен (аныктамасы, токтому) тиешелүү тескемеси түшкөн күндөн тартып отуз күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен жазаны өтөөгө тартылат.

(3) Жазык-аткаруу инспекциялары соттолгондорду эсепке алат; жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын түшүндүрөт; соттолгондор тарабынан жазаны өтөөнүн шарттарынын сакталышын жана соттолгондор иштеп жаткан уюмдун администрациясы тарабынан сот өкүмүнүн талаптарынын аткарылышын контролдойт; соттолгондор менен тарбиялоо иштерин жүргүзөт; соттолгондордун жүрүм-турумун контролдойт, зарыл болгондо аларды ишке орноштуруу үчүн калкты жумуш менен камсыз кылуу органдарына жөнөтөт; ички иштер органдарынын жардамы менен алардын жашаган орду боюнча соттолгондордун жүрүм-турумдарын контролдойт; түзөтүү жумуштарына соттолгондордун жазаны өтөө орундарын алмаштыруу маселелери боюнча аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарына кайрылат; чакыруу боюнча же жүйөөлүү себептерсиз келбей жаткан соттолгондорду каттоого алып келүү жөнүндө чечим кабыл алат; соттолгондорду издөө боюнча алгачкы чараларды жүргүзөт, жүргөн жери белгисиз болгон соттолгондор тууралу материалдарды даярдайт жана соттолгонго издөө салуу тууралу жарыялоо жөнүндө сотко сунуштама киргизет; жаза өтөп жаткан мезгил ичинде өз каалоосу боюнча жумуштан бошотууга уруксат берет.

(4) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик актыларында каралган тартипте жазык-аткаруу инспекциясынын кызматкери түзөтүү жумуштарына соттолгонду ресоциалдаштыруу процессине жана аларды контролго алууга коомдук уюмдарды, кайрымдуулук уюмдарын жана жеке адамдарды тарта алат.

 

39-2-статья. Түзөтүү жумуштары түрүндө жаза өтөөнүн шарттары

 

(1) Түзөтүү жумуштарына соттолгондор белгиленген тартипти жана жазаны өтөөнүн шарттарын сактоого, эмгекке акниет мамиле кылууга, жазык-аткаруу инспекциясы тарабынан аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жана анын чакыруусу боюнча каттоодон өтүү үчүн айына эки жолудан кем эмес келип турууга милдеттүү.

(2) Түзөтүү жумуштарына соттолгондордун айлык акысынан, соттун өкүмүндө белгиленген өлчөмдө, бештен жыйырма пайызга чейин кармап калуу жүргүзүлөт.

(3) Жазык-аткаруу инспекциясынын жазуу түрүндөгү уруксатысыз соттолгондун жазаны өтөө мөөнөтүнүн ичинде иш ордунан өз каалоосу боюнча бошотууга тыюу салынат. Уруксат бошотуунун жүйөөсүнүн негиздүүлүгү текшерилгенден кийин берилиши мүмкүн. Бошотууга уруксат берүүдөн баш тартуу жүйөлөнгөн болуш керек. Баш тартуу тууралу чечимге мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанууга болот.

(4) Эгерде соттолгон расмий түрдө жумушсуз болуп саналса, ал сунушталган акы төлөнүүчү жумуштан баш тартууга укуксуз.

(5) Соттолгон беш күндүк мөөнөт ичинде иштеген жана жашаган орду өзгөрүлгөнү тууралу жазык-аткаруу инспекциясына билдирүүгө милдеттүү.

(6) Жазаны аткаруу учурунда жыл сайын берилүүчү ишөргүү, ошондой эле он жана андан ашык күнгө берилүүчү кошумча ишөргүүлөр соттолгон иштеп жаткан уюмдун администрациясы тарабынан жазык-аткаруу инспекциясынын макулдугу боюнча берилет. Эмгек мыйзамдарында каралган ишөргүүлөрдүн башка түрлөрү соттолгондорго жалпы негиздерде берилет.

 

39-3-статья. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазанын мөөнөтүн эсептөө

 

(1) Түзөтүү жумуштарынын мөөнөтү соттолгон иштеген учурларда анын айлык акысынан кармоолор жүргүзүлгөн жылдар жана айлар менен эсептелет. Соттолгон иштеген күндөрдүн саны сот тарабынан белгиленген жазанын мөөнөтүнүн ар бир айына туура келген жумушчу күндөрдүн санынан кем болбошу керек. Эгерде соттолгон көрсөтүлгөн күндөрдү иштеп бербесе жана ушул Кодексте белгиленген иштеп берилбеген күндөрдү жазанын мөөнөтүнө кошуп эсептөөнүн негиздери жок болсо, түзөтүү жумуштарын өтөө соттолгон тарабынан тийиштүү жумушчу күндөрүн толук иштеп бергенге чейин улантылат.

(2) Соттолгон жумушка чыккан күн түзөтүү жумуштарын өтөө мөөнөтүнүн башталышы болуп саналат.

(3) Соттолгон жүйөөлүү себептер менен иштебеген учурлар да өтөө мөөнөтүнө кошулуп саналат.

(4) Соттолгондун оорусу катары менен алты айдан ашып кетсе Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 71-статьясына ылайык жазык-аткаруу инспекциясы сотко аны жазаны өгөөдөн бошотуу тууралу сунуштама киргизет.

(5) Соттолгон жазаны өтөө мезгилинде кош бойлуу болуп калган учурда жазык-аткаруу инспекциясы сотко анын жазаны өтөө мөөнөтүн кийинкиге калтыруу, же болбосо кош бойлуулугуна жана төрөтүнө байланыштуу эс алуу берилген күндөн тартып анын жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө сунуштама киргизет.

(6) Эгерде соттолгон эмгекке жарамсыз жана өндүрүштөн ажыратылуу менен окуу жайында окуп жаткан катары таанылса, ошондой эле сот түзөтүү жумуштарын айып салуу менен алмаштыра алат.

(7) Жумушчу убактысын кошуп эсептөө колдонулган уюмдарда иштеп жаткан соттолгондун жазаны өтөө мөөнөтү саналган мезгил ичиндеги белгиленген жумушчу сааттарынан ашпаган жумуш убактысынын узактыгына жараша эсептелет.

(8) Жазаны өтөө мөөнөтүнө төмөнкүлөр кошулуп эсептелбейт: ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө каралгандан башка учурлардагы соттолгон иштебеген мезгил; алкоголдук, баңгизаттык же токсикалык мас болууга же ошолорго байланыштуу аракеттердин натыйжасында ооруп калган мезгил; администрациялык жаза убактысын камакка алуу түрүндө, ошондой эле жазаны өтөп жаткан мезгилде башка кылмыш-жаза иши боюнча бөгөт коюу чарасы тартибинде камакка алынган мезгил.

 

39-4-статья. Түзөтүү жумуштарына соттолгондордун жазаны өтөө орду боюнча уюмдардын администрациясынын милдеттери

 

(1) Түзөтүү жумуштарына соттолгондордун жазаны өтөгөн орду боюнча уюмдардын администрациясына төмөнкүлөр жүктөлөт: соттолгондун айлык акыларынан кармоолорду өз убагында жана туура жүргүзүү жана кармалган суммаларды белгиленген тартипте чегерүүлөр; соттолгондун өндүрүштөгү жүрүм-турумун контролдоо жана жазык-аткаруу инспекциясына аларды тарбиялоо иштерин жүргүзүүгө көмөктөшүү; жазаны өтөөнүн ушул Кодексте каралган шарттарын сактоо; анын талабы боюнча соттолгондорго карата көрүлгөн кызыктыруу жана жазалоо чаралары жөнүндө, анын жазаны өтөөдөн баш тартуулары тууралу жазык-аткаруу инспекциясына кабарлоо, ошондой эле соттолгонду башка кызмат ордуна которуштуруу же аны жумуштан бошотуу жөнүндө алдынала кабарландыруу.

(2) Саналган милдеттерди аткарбоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке кириптер кылат.

 

39-5-статья. Түзөтүү жумуштарына соттолгондордун айлык акыларынан кармоолорду жүргүзүүнүн тартиби

 

(1) Жазык-аткаруу инспекциялары түзөтүү жумуштарына соттолгондун айлык акыларынан кармоолордун тууралыгына жана өз убагында жүргүзүлүүсүнө жана кармалган суммаларды мамлекеттин кирешесине чегерүүгө контроль жүргүзүүнү ишке ашырат. Жазык-аткаруу инспекциялары мындай контролду жүзөгө ашырууга финансы жана салык органдарын тартууга укуктуу.

(2) Жазык-аткаруу инспекциясы, соттолгондун өзү же ал иштеген уюмдун администрациясы анын материалдык абалы начарлап кеткен учурда анын айлык акысынан кармоолордун көлөмүн азайтуу жөнүндө сотко өтүнүч билдирүүгө укуктуу. Кармоолордун көлөмүн азайтуу жөнүндө чечим соттолгондун бардык кирешелерин эсепке алуу менен чыгарылат.

(3) Кармоо соттолгондун негизги иштеген жери боюнча ар бир иштелген ай үчүн, ага карата аткаруу документтери боюнча дооматтардын бар экенине карабастан айлык акыны төлөө учурунда жүргүзүлөт.

(4) Соттолгондун айлык акысынан кармоолорду жүргүзүүдө анын акчалай жана натуралдык бөлүгү эсепке алынат. Кармалган акчалай суммалар ай сайын мамлекеттин кирешесине чегерилет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте кармалган айлык акыдан жазык-аткаруу инспекциясына 50% акча каражаттарын алууга укук берилет. Алынган акча каражаттары жазык-аткаруу инспекциясын өнүктүрүүгө жумшалат.

(5) Кармоолор соттолуучу тарабынан социалдык камсыздандыруу жана социалдык камсыздоо тартибинде алынган жөлөкпулдардан, бир ирет төлөнүүчү төлөмдөрдөн жүргүзүлбөйт.

(6) Түзөтүү жумуштарына соттолгондун убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулу соттун өкүмү менен дайындалган кармоолорду алып салгандан кийинки айлык акыдан эсептелет.

(7) Соттун иш боюнча өкүмү бузулган же өзгөргөн учурда, соттолгондун айлык акысынан ашыкча кармалып алынган суммалар ага толугу менен кайтарылып берилет.

 

39-6-статья. Жазаны түзөтүү жумуштары түрүндө өтөп жаткан адамдарга карата колдонулуучу сыйлоо чаралары

 

Өздөрүнүн оңолгонун далилдешкен соттолгондор ушул Кодексте каралган тартипте шарттуу - мөөнөтүнөн мурда бошотууга көрсөтүлүшү мүмкүн.

 

39-7-статья. Түзөтүү жумуштары түрүндө жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын бузгандык үчүн жана жазаны өтөөдөн кыянат баш тарткандыгы үчүн жоопкерчилик

 

(1) Төмөнкүлөр түзөтүү жумуштары түрүндө жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын бузгандык болуп эсептелет:

1) жазуу түрүндөгү эскертүүдөн кийин жүйөөлүү себепсиз жазык-аткаруу инспекциясына келбей коюу;

2) жазуу түрүндөгү эскертүүдөн кийин ушул Кодексте белгиленген милдеттерди бузуу;

3) келбей коюу же ишке мас абалында келүү же баңги заттык, болбосо токсикалык мас абалында келүү.

(2) Түзөтүү жумуштары түрүндө жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын бузгандык үчүн соттолгонго карата жазуу жүзүндө түзөтүү жумуштарын жазанын башка түрү менен алмаштыруу, ошондой эле соттолгонду айына төрт жолуга чейин катталуу үчүн жазык-аткаруу инспекциясына келип турууга милдеттендирген жазалоо колдонулушу мүмкүн.

(3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн кандай гана болбосун жазуу түрүндөгү эскертүү жарыялангандан кийин, түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын кайталап бузууга жол берген, ошондой эле жашаган жеринен жашырынып кеткен, жүргөн жери белгисиз адам түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны өтөөдөн кыянат баш тартуучу катары таанылат.

(4) Түзөтүү жумуштары түрүндө жазаны өтөөдөн кыянат баш тарткан соттолгондорго карата жазык-аткаруу инспекциясы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 46-2-статьясынын бешинчи бөлүгүнө ылайык түзөтүү жумуштарын жазалоонун башка түрүнө алмаштыруу жөнүндө сотко сунуштама киргизет.

 

7-2-Глава
Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны аткаруу

 

(Глава КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

39-8-статья. Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны өтөөчү жай

 

(1) Эркиндигин чектөөгө соттолгондор жазаны жашаган жери боюнча алардын үстүнөн жазык-аткаруу инспекцияларынын көзөмөлү жүзөгө ашырылуучу шарттарда өтөшөт.

(2) Эркиндигинен ажыратылуунун өтөлө элек бөлүгү эркиндигин чектөө түрүндөгү жаза менен алмаштырылган соттолгондор жазаны акыркы же болбосо соттолгон тандап алган жашаган жери боюнча аларга жазык-аткаруу инспекцияларынын көзөмөлү жүзөгө ашырылуучу шарттарда өтөшөт.

(3) Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары эркиндигин чектөөгө соттолгондордун турмуш-тиричилик жактан жана ишке жайгаштырылышына жазык-аткаруу инспекцияларына көмөктөшүүгө милдеттүү.

 

39-9-статья. Эркиндигин чектөөгө соттолгондорду жазаны өтөөчү жерлерге жөнөтүү

 

(1) Эркиндигин чектөөгө соттолгондор жазаны өтөөчү жерлерге жазык-аткаруу инспекцияларына каттоого туруу үчүн өз алдынча өз эсебинен барышат. Мындай учурларда өкүмдөрдө (аныктамаларда, токтомдордо) баруу үчүн зарыл болгон убакытты эсепке алуу менен соттолгондун канча убакытта жазаны өтөөчү жайга келиши керек болгон мөөнөт көрсөтүлөт.

(2) Соттолгон жазаны өтөөчү жайга белгиленген мөөнөттөн кийин он күндүн ичинде келбей койгондо ички иштер органдары ага издөө салат.

(3) Соттолгон кармалгандан кийин эркиндигин чектөөнү эркиндигинен ажыратуу менен алмаштыруу жөнүндө маселени чечүү үчүн ал кармалган жер боюнча сотко берилет.

(4) Эркиндигинен ажыратууга соттолгондун инсандыгын, жашаган жерин, жазаны өтөөчү жайга жетүүчү каражаттын барыжогун эсепке алуу менен, соттун аныктамасы боюнча соттолгон жазаны өтөөчү жайга жазык-аткаруу инспекциясында каттоого туруу үчүн кайтаруу алдында жөнөтүлүшү мүмкүн.

(5) Эркиндигинен ажыратуунун өтөлө элек бөлүгү эркиндигин чектөө түрүндөгү жаза менен алмаштырылган соттолгондор жазаны өтөөчү жайга каттоого туруу үчүн жазык-аткаруу инспекциясына сөзсүз түрдө кайтаруу алдында барат.

 

39-10-статья. Эркиндигин чектөө түрүндө жазанын мөөнөтүн эсептөө

 

(1) Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазанын мөөнөтү жазык-аткаруу инспекциясы өкүмдү аткарууга кабыл алынган учурдан тартып эсептелет.

(2) Эркиндигин чектөө мөөнөтүнө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 61-статьясына ылайык алдынала камалган мезгил жана түзөтүү мекемесинен, тергөө изоляторунан кайтаруу алдында эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны өтөөчү жерге чейинки мезгилде камакта турган бир күн эркиндигин чектөөнүн үч күнү катары, эркиндигин чектөөгө соттолгондун жазаны өтөөчү жерге өзалдынча жеткен убактысы, жазык-аткаруу инспекциясынын уруксаты менен администрациялык-аймактык бирдиктин (республикалык маанидеги шаарлардын, райондордун) чегинен тышкары жүргөн учурлар эсептелет.

(3) Жазанын мөөнөтүнө соттолгондун бир күндөн ашык жумушта же жашаган жеринде өз бетинче болбой калган убактысы, жазык-аткаруу инспекциясынын уруксаты жок администрациялык-аймактык бирдиктин чегинен тышкары кетип калган убактысы, ошондой эле өзалдынча жазаны өтөөчү жайга белгиленген мөөнөттөн ашыкча келген күнү эсептелбейт.

 

39-11-статья. Эркиндигин чектөө түрүндө жазаны өтөөнүн тартиби

 

(1) Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны өтөп жаткан адам көзөмөл алдында турат жана төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылары менен бекитилген жазык-аткаруу инспекцияларынын режимдик талаптарын аткарууга;

2) жазык-аткаруу инспекцияларынын уруксаты жок иштеген, окуган жана жашаган ордун алмаштырбоого;

3) окуудан жана жумуштан бош убактарында жашаган орундарында болууга;

4) жазык-аткаруу инспекциясы тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө тарбия иштерин жүргүзүүгө катышуу жана каттоодон өтүү үчүн жазык-аткаруу инспекциясына келип турууга;

5) окуудан жана жумуштан бош убактарында административдик - аймактык бирдиктин (республикалык маанидеги шаарлардын, райондордун) чектеринде жазык-аткаруу инспекциясынын уруксаты менен күндүз жүрүүгө;

6) жыйырма төрт сааттын ичинде жазык-аткаруу инспекциясына иш же окуу графиктеринин өзгөрүүлөрү тууралу билдирип турууга;

7) белгиленген үлгүдөгү инсандыгын ырастоочу документти өзү менен алып жүрүүгө.

(2) Эркиндиги чектелген түрдөгү жазаны өтөп жаткан соттолгондорго негизги жашаган жери боюнча жашап турган шартта жазаны өтөп жаткан жердеги областтын чектеринде жайгашкан жогорку жана орто атайын окуу жайларында билим алууга уруксат берилет.

(3) Эркиндиги чектелген түрдөгү жазаны өтөп жаткан соттолгондорго Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталган тартипте администрациялык-аймактык бирдиктин (республикалык маанидеги шаарлардын, райондордун) чектеринен сыйлык тартибинде эмгек өргүүсүн өткөрүү үчүн кыска мөөнөткө, ошондой эле жакын тууганынын өлүмүнө же анын өмүрүнө коркунуч келтирген катуу оорусуна байланыштуу, эки жакка барып келүүгө кетүүчү убакытты эсепке албаганда, беш суткадан ашык эмес мөөнөткө барып келүүгө уруксат берилиши мүмкүн.

(4) Соттолгондун өзгөчө жеке жагдайларга байланыштуу кыска мөөнөткө барып-келүү жөнүндө арызы бир суткадан ашык эмес мөөнөттө каралуусу тийиш.

(5) Соттолгондун белгиленген мөөнөттө кайтып келүүсүн татаалданткан күтүүсүз жагдайлар пайда болгон учурда, соттолгондун жүргөн жери боюнча ички иштер органынын начальнигинин жүйөөлөнгөн токтому менен соттолгондун жазаны өтөп жаткан жерге кайтып келүүсүнүн мөөнөтү, кабыл алынган чечим боюнча жаза өтөп жаткан жердеги жазык-аткаруу инспекциясына милдеттүү түрдө тез кабарландыруу менен беш суткага чейин узартылышы мүмкүн.

(6) Соттолгон жаза өтөп жаткан жерге белгиленген мөөнөттө кайтып келүүдөн баш тартканда, ал жүргөн жери боюнча ички иштер органы тарабынан, аны кайтаруу алдында жазасын өтөп жаткан жерге жөнөтүү үчүн кармалууга, же болбосо эркиндигин чектөөнү эркиндигинен ажыратуу менен алмаштыруу жөнүндө маселени чечүү үчүн материалдарды анын кармалган жериндеги сотко берүү керек.

 

39-12-статья. Эркиндигин чектөө түрүндө жазаны өтөп жаткан адамдардын эмгек шарттары

 

(1) Эркиндигин чектөөгө соттолгондор ушул Кодексте белгиленген жазаны аткаруунун тартибин камсыз кылган шарттарда менчиктин ар түрдүү формасындагы уюмдарга эмгекке тартылат.

(2) Эркиндигин чектөөгө соттолгондордун эмгеги, жумушка алуунун, жумуштан бошотуунун, башка жумушка которуунун эрежелеринен башкасы, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары менен теске салынат.

(3) Соттолгонду башка жумушка, анын ичинде башка жерге которуу жазаны өтөп жаткан жери боюнча жазык - аткаруу инспекциясынын макулдугу жана мүмкүнчүлүгүнө жараша соттолгондун пикирин эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

 

39-13-статья. Жазаны эркиндигин чектөө түрүндө өтөп жаткан адамдар менен тарбия иштерин жүргүзүү

 

(1) Жазык-аткаруу инспекциясы тарабынан жазаны эркиндигин чектөө түрүндө өтөп жаткан адамдар менен алардын оңолуусуна, эмгекке акниет мамиле кылуусуна, мыйзамдардын жана коомдо кабыл алынган жүрүм-турумдун башка эрежелеринин талаптарын сактоосуна, билим жана маданий деңгээлдерин жогорулатууга багытталган тарбия иштери жүргүзүлөт.

(2) Соттолгондор менен тарбия иштери алардын инсандыгынын, жеке өзгөчөлүктөрүнүн, соттолгондордун мүнөзүн жана алардын кылмыш жасаган жагдайларын эсепке алуу менен жүргүзүлөт.

(3) Соттолгондордун жүргүзүлүп жаткан тарбиялоо мүнөзүндөгү чараларга жигердүү катышуулары кызыктырылат жана оңолуу деңгээлдерин аныктоодо эске алынат.

(4) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик актыларында каралган тартипте жазык-аткаруу инспекциясынын кызматкери соттолгондор менен тарбия иштерин жүргүзүүгө жана аларды көзөмөлгө алууга коомдук бирикмелерди, кайрымдуулук уюмдарын жана жеке адамдарды тарта алат.

 

39-14-статья. Жазаны эркиндигин чектөө түрүндө өтөп жаткан адамдарга карата колдонулуучу сыйлоо чаралары

 

(1) Жазаны өтөөнүн белгиленген тартибин акниет аткаргандыгы үчүн жазык-аткаруу инспекциясы тарабынан соттолгондорго карата төмөнкүдөй сыйлоо чаралары колдонулушу мүмкүн:

1) алкыш жарыялоо;

2) мурда берилген жазаны мөөнөтүнөн мурда алып салуу;

3) дем алыш жана майрам күндөрүн жашаган жердин чегинен тышкары өткөрүүгө уруксат берүү;

4) ишөргүүнү жашаган жердин, администрациялык-аймактык бирдиктин чегинен чыгуу менен өткөрүүгө уруксат берүү.

(2) Жазаны эркиндигин чектөө түрүндө өтөө мезгилинде жазык - аткаруу инспекциясынын сунушу боюнча сот соттолгонго мурда белгиленген милдеттерди толук же жарым-жартылай алып кое алат.

(3) Соттолгондор ушул Кодексте белгиленген тартипте шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотууга көрсөтүлүшү мүмкүн.

         

39-15-статья. Жазаны эркиндигин чектөө түрүндө өтөп жаткан адамдарга карата колдонулуучу жазалоо чаралары

 

(1) Жазаны өтөөнүн белгиленген тартибин бузгандарга карата жазык-аткаруу инспекциясы тарабынан төмөнкүдөй жазалоо чаралары колдонулушу мүмкүн:

1) сөгүш берүү;

2) дем алыш жана майрам күндөрүндө бир айга чейинки мөөнөткө жашаган жердин чегинен тышкары чыгууга тыюу салуу;

3) эркиндигин чектөөнү эркиндигинен ажыратууга алмаштыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө эскертүү.

(2) Эмгек тартибин, коомдук тартипти жана соттолгондор үчүн белгиленген жашоо эрежелерин бузуу, жазаны өтөп жаткан жерине кайтып келбөө же өз убагында келбей коюу, ага жазуу түрүндө жаза берилген жумуш ордун же жашаган жерин таштап кетүү, ошондой эле ар бир кийинки тартип бузуу мурдагы тартип бузуу үчүн жаза берилгенден кийин кайталанган шартта сот тарабынан ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруудан баш тарткандыгы үчүн жазаланууга кириптер болуу жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын бузгандык болуп саналат.

(3) Жазык-аткаруу инспекциясынын сунуштамасы боюнча сот соттолгонго кошумча милдеттерди жүктөй алат.

(4) Жазаны өтөөдөн кыянат баш тарткан адамдарга карата жазык-аткаруу инспекциясы эркиндигин чектөөнү эркиндигин ажыратуу менен алмашуу маселелерин чечүү үчүн сотко материал киргизе алат.

(5) Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны аткаруудан кыянат баш тартуу катары төмөнкүлөр эсептелет: ишөргүүдөн же дем алыш жана майрам күндөрү эс алуудан жүйөөлүү себептерсиз кечигип келүү, ошондой эле иштеген ордун же жашаган жерин жыйырма төрт сааттан ашык убакытка таштап кетүү, бир канча ирет спирт ичимдиктерин ичүү жана медициналык эмес баңги заттарды колдонуу, жазык-аткаруу инспекциясынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткаруудан баш тартуу.

 

39-16-статья. Эркиндигин чектөө түрүндө соттолгондорго карата сыйлоо жана жазалоо чараларын колдонуунун тартиби

 

(1) Эркиндигин чектөө түрүндө соттолгондорго карата сыйлоо жана жазалоо чараларын колдонуу жөнүндө чечим жазуу түрүндө чыгарылат.

(2) Жазалоо чараларын колдонууда тартип бузуунун жагдайлары, соттолгондун ага чейинки жүрүм-туруму жана инсандыгы эске алынат. Жазалоо тартип бузуунун мүнөзүнө жана оордугуна ылайык келүүсү тийиш. Жазалоо тартип бузуу ашкереленген күндөн тартып он суткадан кечиктирилбестен, эгерде тартип бузууга байланыштуу текшерүү жүргүзүлсө - ал бүткөн күндөн, бирок тартип бузуу жасалгандан отуз суткадан кечиктирилбестен берилет Жазалоо, эреже катары токтоосуз, ал эми өзгөчө учурларда ал берилген күндөн тартып отуз суткадан кечиктирилбестен аткарылат.

(3) Жазык-аткаруу инспекциясынын соттолгондорду көзөмөлгө алууну ишке ашырып жүргөн кызматкери ушул Кодексте каралган сыйлоо жана жазалоо чараларын колдонуу укугунан пайдаланат.

 

39-17-статья. Соттолгондорду көзөмөлгө алуу жана эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны өтөөнүн тартибин бузууларды алдыналуу чаралары

 

(1) Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны өтөп жаткандарды көзөмөлгө алуу ички иштер органдарынын көмөктөшүүсү менен, эркиндигин чектөөгө соттолгондордун эсебин жүргүзүүчү, соттолуучунун жашаган жери боюнча жазык-аткаруу инспекциялары тарабынан жүзөгө ашырылат; жазаны өтөөнүн тартиби менен шарттарын түшүндүрөт жана жазаны өтөөнүн белгиленген тартибин бузууларды алдыналуу боюнча чараларды көрөт; соттолгондордун эмгектик жана турмуш-тиричиликтик шарттарын уюштурат; соттолгондор менен тарбия иштерин жүргүзөт; мыйзам тарабынан белгиленген сыйлоо жана жазалоо чараларын колдонот; алардын жашаган жана иштеген жерлери боюнча, ошондой эле жумуштан бош убактыларында соттолгондорду көзөмөлдөөнү жана байкоону камсыз кылат. Көзөмөлгө алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

(2) Соттолгонго эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны эркиндигинен ажыратуу менен алмаштыруу маселесин чечүүдө ал прокурордун санкциясы менен ички иштер органдары тарабынан жазаны өтөөдөн баш тартууга бөгөт коюу жана материалдарды сотко берүү максаттарында он беш суткага кармалышы мүмкүн.

(3) Жазаны өтөөдөн кыянат баш тарткан соттолуучу прокурордун санкциясы менен баш тартуунун себептерин аныктоо үчүн ички иштер органдары тарабынан он беш суткага чейин кармалышы мүмкүн. Зарыл болгондо ички иштер органы кармалганды эркиндигинен ажыратууга соттолгондор үчүн белгиленген тартипте жазаны өтөөчү жерине жөнөтөт, жазаны өтөөдөн кыянат баш тарткандыгы жөнүндө маалыматтар болгондо, соттолгондун кармалган жери боюнча соттолгонго эркиндигин чектөөнүн өтөлбөгөн мөөнөтүн эркиндигинен ажыратууга алмаштыруу жөнүндө маселени чечүү үчүн материалдарды сотко берет.

 

III БӨЛҮМ
ЭРКИНДИГИНЕН АЖЫРАТУУ ТҮРҮНДӨГҮ ЖАЗАНЫ АТКАРУУ

 

(Бөлүм КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

8-Глава
Камакка алуу түрүндөгү жазаны аткаруунун тартиби жана шарттары

 

(Глава КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

9-Глава
Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруунун жалпы жоболору

 

45-статья. Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза аткарылуучу жер

 

(1) Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар жазасын Кыргыз Республикасынын аймагындагы түзөтүү мекемелеринде, эреже катары, бир эле түзөтүү абагында, түрмөдө же тарбиялык абакта өтөйт.

(2) Соттолгондор жазаны андан ары өтөө үчүн бир абактан ошондой эле түрдөгү башка абакка же бир түрмөдөн башка түрмөгө которууга ал ооруп калган учурда, болбосо анын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн, түзөтүү мекемесин кайра уюштурганда же жойгондо, ошондой эле соттолгондун ошол түзөтүү мекемесинде андан ары болушуна бөгөт болуучу башка жагдайларда жол берилет. Соттолгондорду которуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталат.

(3) Өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыштары үчүн соттолгондор, жазасын түрмөдө өтөөгө соттолгондор, өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондор, ошондой эле өмүр бою эркиндигинен ажыратылгандыгын ырайым кылуу тартибинде эркиндигинен ажыратууга алмаштырылган адамдар, соттолгон аялдар, жашы жете электер, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жазасын тиешелүү түзөтүү мекемелери турган жер боюнча өтөөгө жиберилет.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

45-1-статья. Эркиндигинен өмүр бою ажыратуу жазасын өтөөнүн орду

 

(1) Эркиндигинен өмүр бою ажыратууга соттолгон адам жазаны Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө режимдеги түзөтүү абагында өтөйт;

(2) Эркиндигинен өмүр бою ажыратуу түрүндөгү жазасы ырайым кылуу тартибинде эркиндигинен ажыратууга алмаштырылган соттолгондор жазаны өтөө үчүн тиешелүү түзөтүү мекемесине жашаган жери боюнча жөнөтүлөт;

(3) Эркиндигинен өмүр бою ажыратууга соттолгон адамдардын жазаны өтөө шарттары ушул Кодекс менен аныкталат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

46-статья. Түзөтүү мекемелеринин түрлөрү

 

(1) Жатак абактар, түзөтүү абактары, тарбия абактары, түрмөлөр, түзөтүү мекемелери болуп саналат.

(2) Түзөтүү мекемелери мамлекеттик же менчик болушу мүмкүн. Менчик түзөтүү мекемесин уюштуруу атайын мыйзам тарабынан жөнгө салынат.

(3) Тергөө изоляторлору чарбалык жагынан тейлөө боюнча жумуштарга калтырылган соттолгондорго карата түзөтүү мекемелеринин милдетин аткарат.

(4) Түзөтүү абактары эркиндигинен ажыратууга соттолгон, эрезеге жеткендердин жазасын өтөө үчүн арналган. Алар жалпы, күчөтүлгөн, катуу, өзгөчө тартиптеги абактарга бөлүнөт.

Бир түзөтүү абагында ар түрдүү режимдеги бири-биринен бөлүнгөн участоктор түзүлүшү мүмкүн. Мындай түзөтүү абактарынын тизмеги жазык-аткаруу тутумунун борбордук органынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөт тарабынан бекитилет.

(5) Жатак-абактарда жазасын байкабастыктан жасаган кылмышы үчүн жети жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондор (эркектер менен аялдар), ошондой эле ушул Кодекстин 50-статьясында белгиленген тартипте жалпы, күчөтүлгөн, катуу жана өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарынан которулуп келген соттолгондор өтөшөт.

(6) Жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында эркектер, анча оор эмес кылмыштарды, оор эмес кылмыштарды атайын жасагандыгы үчүн соттолгондор, байкабастыктан жасалган кылмыштар үчүн жети жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратылгандар жана айып, үч эселенген айып, коомдук иштерге тартуу, түзөтүү жумуштары же эркиндиги чектелген жазалары эркиндигинен ажыратууга алмаштырылган адамдар, ошондой эле ушул Кодекстин 50 жана 111-статьяларында белгиленген тартипте жатак-абактардан жана тарбиялоо абактарынан которулгандар жазаларын өтөшөт.

(7) Күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында жазасын оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратууга биринчи жолу соттолгон эркектер, ошондой эле ушул Кодекстин 111-статьясында белгиленген тартипте тарбиялоо абактарынан которулган соттолгондор өтөшөт.

(8) Катуу тартиптеги түзөтүү абактарында жазасын, эгерде бул адам мурда эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазасын өтөсө, ошондой эле коркунучтуу өнөкөт кылмыш жасаса, өтө коркунучтуу өнөкөт кылмыштарды жасаган эркектер өтөшөт.

(9) Өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарында жазасын өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыш жасаган эркектер, эркиндигинен өмүр бою ажыратууга соттолгондор, ошондой эле эркиндигинен өмүр бою ажыратуу ырайым берүү тартибинде эркиндигинен ажыратууга алмаштырылган адамдар өтөшөт.

(10) Түрмөлөрдө жазасынын мөөнөтүн, өзгөчө коркунучтуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн, өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыштар жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгондор, ошондой эле түзөтүү абактарынан которулган жазасын өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузгандар жаза мөөнөтүн өтөшөт, бирок ал беш жылдан ашпайт.

(11) Аялдар үчүн жалпы тартиптеги абактарда жазасын чоң коркунуч келтирбеген кылмыштарды, анча оор эмес кылмыштарды, оор кылмыштарды, байкабастыктан жасалган кылмыштары үчүн жети жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга биринчи жолу соттолгон аялдар, эгерде бул аял мурда коркунучтуу өнөкөт кылмыш жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазасын өтөсө, коркунучтуу өнөкөт кыл-

мыштарды, коомдук жумуштарга, түзөтүү жумуштарына тартуу же эркиндигин чектөө эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылгандар, ошондой эле ушул Кодекстин 50 жана 111-статьяларында белгиленген тартипте жатак-абактардан жана тарбиялоо абактарынан которулган соттолгондор өтөшөт.

(12) Аялдар үчүн катуу тартиптеги абактарда жазасын өзгөчө оор кылмыштары үчүн, ошондой эле коркунучтуу өнөкөт кылмыш үчүн соттолгон адамдар өтөшөт.

(13) Жашы жете элек эркек балдар үчүн жалпы тартиптеги тарбия абактарында эркиндигинен ажыратуу биринчи жолу соттолгон жашы жете элек эркек балдар өтөшөт.

(14) Жашы жете элек эркек балдар үчүн күчөтүлгөн тартиптеги тарбия абактарында жазасын мурда эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөгөн жашы жете элек эркек балдар өтөшөт.

(15) Жашы жете элек кыздар үчүн жалпы тартиптеги тарбия абактарында жазасын жашы жете элек бардык кыздар өтөшөт.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 , 2010-жылдын 10-февралындагы № 27 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

47-статья. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду жазасын өтөө үчүн жөнөтүү

 

(1) Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар жазасын өтөө үчүн тергөө изоляторунун администрациясы өкүмдүн мыйзамдуу күчүнө киргендиги тууралу кабар алган күндөн тартып, он күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт. Ушул мөөнөттүн ичинде соттолгон жакын туугандары менен кыска мөөнөткө жолугушууга укуктуу болот. Соттолгондорду түзөтүү мекемелерине жөнөтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталат.

(2) Тергөө изоляторунун администрациясы соттолгондун тандап алуусу боюнча үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирине же туугандарына өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген адам жазасын өтөө үчүн кайда жөнөтүлүп жаткандыгы жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.

(3) Эркиндигинен ажыратууга соттолгондордун ар бирине жекече иш ачылат.

 

48-статья. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду бир жерден экинчи жерге жөнөтүү

 

(1) Соттолгондор жазасын өтөй турган жерге жана жазасын өтөөчү бир жерден экинчи жерге кайтаруу алдында жөнөтүлөт.

(2) Соттолгондорду кайтаруу алдында жөнөтүү өзүнчө бөлөк кармоонун эрежелерин сактоо менен жүзөгө ашырылат: аялдар эркектерден бөлөк, жашы жете электер эрезеге жеткендерден бөлөк; эркиндигинен өмүр бою ажыратууга соттолгондор башка категориялардан эркиндигинен өмүр бою ажыратууга соттолгондор ырайым берүү тартибинде эркиндигинен ажыратууга алмаштырылгандардан бөлөк; соттолгондор-бир жазык иши боюнча тергөөдө жүргөндөр бири-биринен бөлөк жөнөтүлөт. Кургак учуктун ачык түрү менен ооругандар, жин оорусу менен ооругандар, ВИЧ-жугуштуу оорусуна чалдыккандар бири-биринен бөлөк жана ден соолугу таза соттолгондордон өзүнчө, зарыл учурда врачтын корутундусу боюнча медициналык кызматкердин коштоосу менен жөнөтүлөт.

(3) Соттолгондорду бир жерден экинчи.жерге жөнөтүүдө аларга зарыл болгон материалдык, турмуш-тиричилик жана санитардык-гигиеналык шарттар камсыз кылынат.

(4) Соттолгондорду бир жерден экинчи жерге жөнөтүүдө алар маалына жараша кийим жана бут кийим менен, ошондой эле соттолгондор үчүн белгиленген ченемдер боюнча жол жүрүүнүн бүткүл мезгилинде тамак-аш менен камсыз кылынат.

(5) Соттолгондорду бир жерден экинчи жерге жөнөтүү мамлекеттин эсебинен жүзөгө ашырылат.

(6) Соттолгондорду бир жерден экинчи жерге жөнөтүүнүн тартиби ушул Кодекске ылайык Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

49-статья. Соттолгондорду тергөө изоляторунда же түрмөдө калтыруу

(1) Өзгөчө учурларда эркиндигинен ажыратууга биринчи жолу соттолгон, жазасын жалпы же күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарына өтөө белгиленген адамдар, алардын макулдугу боюнча чарбалык тейлөө жумуштарын жасоо үчүн тергөө изоляторунда же түрмөдө калтырылышы мүмкүн.

(2) Соттолгондорду чарбалык тейлөө жумуштарын аткаруу боюнча калтыруу соттолгондун жазуу түрүндөгү макулдугу болгондо, тергөө изоляторунун же түрмөнүн зардалынын чечими менен жүргүзүлөт.

(3) Тергөө изоляторунда же түрмөдө чарбалык тейлөө жумуштары үчүн калтырылган соттолгондор эшиги бекитилбеген имарат-жайларда башка адамдардан бөлөк, ушул Кодексте жалпы же күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактары үчүн каралган шарттарда кармалат жана күнүнө эки саатка созулган сейилдөөдөн пайдаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

50-статья. Соттолгондордун түзөтүү мекемелеринин түрүн өзгөртүү

(1) Жүрүш-турушуна жана эмгекке кылган мамилесине карата соттолгондор түзөтүү мекемесинен бир түрүнөн экинчи түрүнө которулушу мүмкүн.

(2) Жакшы мүнөздөлгөн соттолгондор жазасын андан ары өтөө үчүн төмөнкүлөргө которулушу мүмкүн:

1) соттолгон адам соттун өкүмүндө белгиленген түрмөдө кармоонун кеминде жарымын өтөгөндөн кийин түрмөдөн-түзөтүү абагына;

2) жалпы, күчөтүлгөн жана катуу тартиптеги түзөтүү абактарынан жатак-абактарга жаза мөөнөтүнүн кеминде төрттөн бирин өтөгөндөн кийин анча оор эмес кылмыштар, жеңилирээк деп эсептелген кылмыштар үчүн соттолгондор; жаза мөөнөтүнүн кеминде үчтөн бирин өтөгөндөн кийин оор кылмыштары үчүн соттолгондор; өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгондор же мурда эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазадан мөөнөтүнөн мурда бошотулгандар жана жазасынын өтөлө элек бөлүгү мезгилинде жаңы кылмыш жасагандар жаза мөөнөтүнүн кеминде үчтөн экисин өтөгөндөн кийин; өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгондор - жаза мөөнөтүнүн кеминде төрттөн үчүн өтөгөндөн кийин; эркиндигинен өмүр бою ажыратуу ырайым кылуу тартибинде эркиндигинен ажыратууга алмаштырылгандар - жаза мөөнөтүнүн кеминде бештен төрт бөлүгүн өтөгөндөн кийин;

3) он сегиз жашка чейинки куракта өзгөчө оор кылмыштары үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар жазанын мөөнөтүн андан ары өтөө үчүн жазанын мөөнөтүнүн кеминде жарымын өтөгөндөн кийин-жатак абактарына;

4) сот тарабынан белгиленген жазанын мөөнөтүнүн кеминде үчтөн экисин өтөгөндөн кийин өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарынан катуу тартиптеги түзөтүү абактарына;

5) эркиндигинен өмүр бою ажыратууга күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагына соттолгон адамдар - жазанын жыйырма жылдан кем эмес мөөнөтүн өтөгөндөн кийин; жатак абагына - жаза мөөнөтүнүн жыйырма беш жылдан кем эмесин өтөгөндөн кийин.

(3) Төмөндөгүлөр жатак-абакка которулбайт:

1) милдеттүү түрдө дарылануу курсунан өтпөгөн адамдар, ошондой эле жабык типтеги медициналык мекемелерде атайын дарылоо талап кылынган адамдар;

2) соттолгон I, II топтогу майыптар жана соттолгон пенсиялык курактагы адамдар.

3) Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелери менен белгиленген форма боюнча жатак-абакка которууга жазуу түрүндө макулдук берилбеген соттолгондор;

4) туруктуу жашаган жери жок соттолгондор, чет мамлекеттердин жарандары, ошондой эле жарандыгы жок соттолгондор.

5) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 226 - 2266, 227, 229, 232, 294, 2951, 296, 299 - 2993, 375 жана 376-статьяларында каралган кылмыштар үчүн жазасын өтөп жаткан соттолгондор.

6) жаш балдарга жана жашы жетпегендерге карата кылмыштарды жасагандыгы үчүн жазасын өтөп жаткан соттолгондор.

7) эркиндигинен ажыратуу жайларында соттолгон уюшкан криминалдык топтордун мүчөлөрү, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу коомдоштуктун (кылмыштуу уюмдун), куралданган топтун (банданын) курамында кылмыш жасаганы үчүн соттолгондор;

8) эркиндигинен ажыратуу жайларынан же камактан качканы үчүн мурда соттолгондор.

(4) Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузган соттолгондор - жатак абагынан мурда сот тарабынан аныкталган түрдөгү түзөтүү абагына которулушу, ал эми соттун өкүмү боюнча жатак-абакка жөнөтүлгөн адамдар жалпы тартиптеги түзөтүү абагына которулушу; жалпы, күчөтүлгөн жана катуу тартиптеги түзөтүү абактарынан жазасынын калган мөөнөтүн абакта өтөө менен үч жылдан ашпаган мөөнөткө которулушу мүмкүн.

(5) Жатак-абактан түзөтүү абагына ушул статьянын төртүнчү бөлүгүндө каралган тартипте которулган соттолгондор түзөтүү абагына которуу жөнүндө токтом чыгарылган күндөн тартын алты ай өткөндөн кийин кайрадан жатак-абагына которулушу мүмкүн.

(6) Түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүү сот тарабынан жүргүзүлөт.

(КР 2002-жылдын № 8-июлундагы № 114, 2003-жылдын 11-июнундагы № 99, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2010-жылдын 10-февралындагы № 27, 2016-жылдын 2-августундагы № 162, 2016-жылдын 22-ноябрындагы № 185, 2017-жылдын 14-июнундагы № 102 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

51-статья. Соттолгондорду түзөтүү мекемелерине кабыл алуу

 

(1) Соттолгондорду түзөтүү мекемелерине кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги бекиткен тартипте администрация тарабынан жүргүзүлөт.

(2) Түзөтүү мекемелерине келген соттолгондор он суткага чейинки мөөнөткө карантиндик бөлүмгө жайгаштырылат.

(3) Түзөтүү мекемесинин администрациясы соттолгондун каалоосу боюнча үй-бүлө мүчөлөрүнүн же туугандарынын бирине жазасын өтөө үчүн келген жер жөнүндө токтоосуз түрдө кабарлайт.

 

52-статья. Соттолгондорду түзөтүү мекемелеринде бөлөк-бөлөк кармоо

 

(1) Түзөтүү мекемелеринде аялдар менен эркектерди; жашы жете электер менен эрезеге жеткендерди бөлөк-бөлөк кармоо белгиленет.

(2) Эркиндигинен ажыратууга биринчи жолу соттолгон эркектер менен аялдар эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны мурда өтөп жаткандардан бөлөк кармалат. Эркиндигинен ажыратууга биринчи жолу соттолгон аялдар бул жазаны мурда өтөп жаткандар менен бир түзөтүү мекемесинде кармалышы мүмкүн эмес. Өтө коркунучтуу өнөкөт кылмыш үчүн соттолгондор эркиндигинен өмүр бою ажыратууга соттолгондор, ошондой эле эркиндигинен өмүр бою ажыратуу ырайым берүү тартибинде эркиндигинен ажыратуу менен алмашылгандар башка соттолгондордон бөлөк кармалат.

(21) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 226 - 226-4, 227, 229, 232, 294, 296, 299 - 299-3, 375 жана 376-статьяларында каралган террористтик мүнөздөгү жана экстремисттик багыттагы кылмыштарды жасагандагы үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар соттолгондордун башка категорияларынан бөлөк кармалышат жана жазаларын камераларда катуу шарттарда өтөшөт.

(3) Соттордун жана укук коргоо органдарынын соттолгон мурдагы кызматкерлери өзүнчө түзөтүү мекемелеринде, болбосо башка соттолгондордон өзүнчө кармалат. Бул мекемелерге башка соттолгондор да жөнөтүлүшү мүмкүн.

(4) Ушул статьяда белгиленген соттолгондорду бөлөк кармоонун талаптары дарылоо түзөтүү мекемелерине, ошондой эле алдында балдардын үйү бар түзөтүү абактарына жайылтылбайт. Аталган мекемелерге жөнөтүлгөн адамдар сот тарабынан дайындалган абактын ошол түрү үчүн мыйзамда белгиленген шарттарда кармалат.

(5) Ар кандай жугуштуу ооруларга чалдыккан соттолгондор бири-биринен бөлөк жана оорубаган соттолгондордон өзүнчө кармалат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2016-жылдын 16-апрелиндеги № 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

53-статья. Соттолгонду түзөтүү мекемесинен тергөө изоляторуна же түрмөгө которуу

 

Соттолгонду түзөтүү мекемесинен тергөө изоляторуна же түрмөгө:

1) иштин сотто каралышына байланыштуу-соттун аныктамасы боюнча, иш каралган мезгилге;

2) башка адам тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндө иш боюнча тергөө аракеттерин жүргүзүүгө байланыштуу - областын прокурорунун, Кыргыз Республикасынын Аскер прокурорунун, Бишкек шаарынын прокурорунун санкциясы менен эки айга чейинки мөөнөткө, ал эми Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун же анын орун басарларынын санкциясы менен - төрт айга чейинки мөөнөткө которууга жол берилет.

 

10-Глава
Түзөтү мекемелериндеги тартип жана аны камсыз кылуу каражаттары

 

54-статья. Түзөтүү мекемелериндеги тартип жана анын негизги талаптары

 

(1) Түзөтүү мекемелериндеги тартип - бул мыйзамда жана тиешелүү ченемдик укуктук актыларда соттолгондорду коргоону жана бөлөк кармоону камсыз кылуучу жазаны аткаруунун жана өтөөнүн тартиби; аларга такай көзөмөл жүргүзүү; аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу; алардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын ишке ашыруу; соттолгондор менен иштеген кызматкерлердин коопсуздугу; соттолгондордун белгилүү категорияларын өзүнчө кармоо; сот тарабынан дайындалган түзөтүү мекемесинин түрүнө жараша кармоонун ар кандай шарттары: жаза өтөөнүн шарттарын өзгөртүү.

(2) Түзөтүү мекемелериндеги тартип жазанын максаттарына жетишүүнү камсыз кылуучу шарттарды түзөт.

(3) Түзөтүү мекемелеринде Кыргыз Республикасынын Юстиция ми-

нистрлиги тарабынан бекитилүүчү жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашылган түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин Эрежелери колдонулат.

(4) Соттолгондор түзөтүү мекемелеринде бир үлгүдөгү кийимди кийишет. Кийимдин формасы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин

түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин Эрежелери тарабынан аныкталат.

(5) Жазаны аткаруунун жана өтөөнүн тиешелүү тартибин камсыз кылуу максатында соттолгондорго акчаларды, баалуу кагаздарды жана башка буюмдарды, ошондой эле түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин Эрежелеринде көрсөтүлгөн башка нерселерди сактоого жана пайдаланууга тыюу салынат.

(6) Соттолгондор, ошондой эле алар жашаган турак-жайлар тинтүүгө алынышы, ал эми соттолгондордун буюмдары жекече каралып чыгышы мүмкүн. Жекече тинтүү соттолгондор менен бир жыныстагы адамдар тарабынан жүргүзүлөт. Соттолгондор ичинде жүргөн турак-жайларды тинтүүгө кийинкиге калтырууга болбой турган учурларда жол берилет.

(7) Түзөтүү мекемесинин администрациясы түзөтүү мекемесинин аймагында жана ага чектеш жаткан, аларга карата тартиптик талаптар белгиленген аймактарда адамдарды, алардын буюмдарын, транспорт каражаттарын карап чыгууну жүргүзүүгө, ошондой эле тизмеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин Эрежелеринде бекитилген тыюу салынган буюмдар менен документтерди алып коюуга укуктуу.

 

55-статья. Көзөмөл жана контролдоо жүргүзүүнүн техникалык каражаттары

 

(1) Түзөтүү мекемелеринин администрациясы качуулардын жана башка кылмыштардын, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузуулардын алдын алуу, соттолгондордун жүрүш-турушу жөнүндө зарыл маалымат алуу үчүн угуп -көрүү, электрондук жана башка техникалык каражаттарды пайдаланууга укуктуу.

(2) Түзөтүү мекемелеринин администрациясы бир эле мезгилде коргоо милдетин аткарган, аны бузуу соттолгондун өмүрүнө жана саламаттыгына өзүнөн өзү коркунуч түзө турган көзөмөл жана контролдоо жүргүзүүнүн техникалык каражаттардын колдонулушу жөнүндө соттолгондорго кол койдуруп алуу менен билдирүүгө милдеттүү.

(3) Көзөмөлдөөнүн жана контролдоонун техникалык каражаттарынын тизмеси жана алардын пайдаланылышынын тартиби ченемдик укуктук актылар тарабынан аныкталат.

 

56-статья. Түзөтүү мекемелериндеги изин суутпай издөө иши

 

(1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзөтүү мекемелеринде изин суутпай издөө иши жүзөгө ашырылат, анын милдеттери: соттолгондордун, түзөтүү мекемелеринде иштеген кызматкерлердин жана башка адамдардын кооопсуздугун камсыз кылуу; түзөтүү мекемелерине даярдалып жана жасалып жаткан кылмыштар менен жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузуулардын алдын алуу жана бетин ачуу; түзөтүү мекемелеринен качып кеткен адамдарды, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөөдөн качкандарды белгиленген тартипте издөө; кылмыштарды табууга жана ачууга көмөктөшүү болуп саналат.

(2) Изин суутпай издөө иши түзөтүү мекемелеринин изин суутпай издөө аппараттары, ошондой эле өз компетенциясынын чектеринде мамлекеттин башка ыйгарым укуктуу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

 

57-статья. Түзөтүү мекемелериндеги өзгөчө шарттардын тартиби

 

(1) Табигый кырсык, түзөтүү мекемеси жайгашкан райондо өзгөчө же аскердик абалды киргизүү, массалык тартипсиздиктер, ошондой эле соттолгондор тобу менен баш ийбеген учурларда түзөтүү мекемесинде өзгөчө шарттар тартиби киргизилиши мүмкүн.

(2) Өзгөчө шарттардын тартиби колдонулган мезгилде түзөтүү мекемесинде соттолгондордун ушул Кодекстин 9, 11, 12-статьяларында каралган айрым укуктарын жүзөгө ашыруу токтотулушу, кайтаруунун жана көзөмөлдүн күчөтүлгөн варианты, объектиге киргизүүнүн өзгөчө тартиби киргизилиши, күн тартиби өзгөртүлүшү, өндүрүштүк, коммуналдык, турмуш-тиричилик, маданий-агартуу, медициналык-санитардык жана башка кызматтардын иши чектелиши мүмкүн.

(3) Өзгөчө шарттардын тартиби Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын жетекчисинин жана Ички иштер министринин Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору менен макулдашылган чечими боюнча отуз суткага киргизилет. Өзгөчө учурларда өзгөчө шарттар тартибинин колдонуш мезгили ушул статьяда көрсөтүлгөн кызмат адамдары тарабынан ушул статьянын биринчи бөлүгүндө аныкталган негиздерде отуз суткага чейин кошумча узартылышы мүмкүн. Түзөтүү мекемелериндеги топтошкон баш ийбөөчүлүктөрдү, массалык башаламандыктарды болтурбоо боюнча ички иштер органдары менен биргеликте пландаштырылган ишчараларды уюштуруунун жана жүргүзүүнүн борборлошкон жетекчилиги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрине жүктөлөт.

(4) Соттолгондордун, иштеген кызматкерлердин жана башка адамдардын өмүрүнө жана саламаттыгына тикелей коркунуч пайда болгондо түзөтүү мекемесинин зардалы ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган чараларды, ушундай чечимди кабыл алууга толук укугу бар кызмат адамына токтоосуз түрдө кабарлоо менен өз алдынча киргизе алат. Мындай учурда кызмат адамы кабар алынган учурдан тартып үч сутканын ичинде өзгөчө шарттардын тартибин киргизүү же жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 , 2013-жылдын 18-мартындагы № 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

58-статья. Коопсуздук чаралары жана аларды колдонуунун негиздери

 

(1) Эгерде соттолгондор түзөтүү мекемелеринде иштеген кызматкерлерге каршылык көрсөтсө, алардын мыйзамдуу талаптарына кыянаттык менен баш ийбесе, массалык тартипсиздиктерге, адамдарды барымтага кармоого катышса, жарандарга кол салса же башка коомдук коркунучтуу аракеттерди жасаса, ошондой эле түзөтүү мекемелеринен качканда же качып бараткандарды кармоодо көрсөтүлгөн укукка жат аракеттерге бөгөт коюу, ошого тете бул адамдар тарабынан башкаларга же өздөрүнө карата зыян келтирүүнү болтурбай коюу максатында кара күч, атайын каражаттар жана курал колдонулат.

(2) Коопсуздук чараларын колдоонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталат.

 

11-Глава
Түзөтүү мекемелеринде жазаны өтөөнүн шарттары

 

59-статья. Соттолгондордун жазаны өтөшүнүн шарттары

 

(1) Бир түзөтүү абагынын чектеринде соттолгондор жаза өтөөнүн түзөтүү абагынын ушул түрү үчүн каралган тартибинин кадимки, катуу жана женилдетилген шарттарында болушу мүмкүн.

(2) Соттолгондорду ушул Кодекстин 93, 95, 97, 99 - статьяларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча бир шарттан экинчи шартка которуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан аныкталуучу Түзөтүү мекемесинин комиссиясынын чечими боюнча жүргүзүлөт.

(3) Соттолгон адам жаза өтөөнүн түзөтүү абагындагы катуу шартына которууга менен макул болбогон учурда, ал мыйзамда белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.

 

60-статья. Соттолгондордун тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алышы

 

(1) Соттолгондор өздөрүнүн жеке эсептериндеги акчаларга тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып ала алат.

(2) Жаза өтөө мезгилинде иштеп тапкандарынан тышкары чыгымдоого уруксат берилген акчанын суммасы ушул Кодекстин 41, 94, 96, 98, 100, 100-2, 101, 103, 104-статьяларында белгиленет.

(3) Акчанын уруксат берилген суммасы өтүп жаткан айда чыгымдалбай калса, соттолгондор чыгымдалбай калган сумманы кийинки айларда тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алууга пайдалана алат.

(4) Түзөтүү мекемелеринин администрациясы иш ченемдерин ашык аткарган же оор жумуштарда белгиленген тапшырмаларды аткарган, ошондой эле эмгектин зыяндуу шарттарында иштеген соттолгондордун чыгымдоого уруксат берилген акчаларынын суммасынын өлчөмүн жогорулатууга укуктуу.

(5) Соттолгондорго сатууга тыюу салынган тамак-аш азыктарынын, күндөлүк керектелүүчү буюмдардын тизмеси жана саны Ички тартиптин эрежелери тарабынан белгиленет.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

61-статья. Соттолгондордун туугандары, адвокаттар жана башка адамдар менен жолугушуусу

 

(1) Соттолгондорго түзөтүү мекемесинин аймагында: узактыгы төрт саатка чейинки кыска мөөнөттүү, узактыгы үч суткага чейинки узак мөөнөттүү жолугушуулар берилет.

(2) Туугандары же башка адамдар менен кыска мөөнөттүү жолугушуулар түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлүнүн катышуусу менен берилет. Жубайы же жакын туугандары (ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асыранды балдар, уялаш ага-ини жана эже-сиңди, чоң ата, чоң эне, неберелер) бирге жашоо укугу менен, ошондой эле алардын чөйрөсү түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин Эрежелери менен аныкталуучу башка адамдар менен жолугушууларга уруксат берилет.

(3) Соттолгондорго өздөрүнүн өтүнүчү боюнча узак мөөнөттүү жолугушууну-кыска мөөнөттүү жолугушууга, кыска мөөнөттүү же узак мөөнөттүү жолугушууну-телефон менен сүйлөшүүгө, ал эми тарбия абактарында узак мөөнөттүү жолугушууну мекемеден тышкары жерде жашап, абактын чегинен кыска мөөнөткө чыгуу менен алмаштырууга уруксат берилет. Алмаштыруунун тартиби түзөтүү мекемелеринин Ички тартибинин эрежелери тарабынан белгиленет.

(4) Соттолгондорго юридикалык жардам алуу үчүн алардын арызы боюнча тапшыруу ордери бар адвокаттар менен жолугушуу берилет. Соттолгондун жана адвокаттын каалоосу боюнча жолугушуу жекеме-жеке жана убактысын чектебестен берилет.

(КР 2013-жылдын 18-мартындагы № 43 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

62-статья. Соттолгондордун аманат жөнөтүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү жана бандеролдорду алышы

 

(1) Түзөтүү мекемелеринде эркиндигинен ажыратууну өтөп жаткан соттолгондорго ушул Кодекстин 94, 96, 98, 100, 101, 103, 104 -статьяларында аныкталган санда аманат жөнөтүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү жана бандеролдорду алуута уруксат берилет. Бир аманат жөнөтүүнүн же бандеролдун эң жогорку салмагы почта эрежелери тарабынан аныкталат. Бир берип жиберүүнүн салмагы аманат жөнөтүүнүн белгиленген салмагынан ашпоого тийиш.

(2) Оорулуу, I жана II топтогу майып соттолгондор, эмчектеги баласы бар энелер, кош бойлуу аялдар жана балдар үйлөрүндө баласы бар аялдар медициналык корутундуда аныкталган санда жана ассортиментте кошумча аманат жөнөтүүлөрдү жана берип жиберүүлөрдү ала алышат.

(3) Соттолгондор тарабынан медициналык корутундуга ылайык алынуучу дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар ушул статьянын биринчи бөлүгүндө аныкталуучу аманат жөнөтүүлөрдүн, берип жиберүүлөрдүн жана бандеролдордун санына киргизилбейт. Алар түзөтүү мекемесинин медициналык бөлүгүнө аталган соттолгондорду дарылоо үчүн жөнөтүлөт.

(4) Соттолгондордун аманат жөнөтүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү, бандеролдорду алышынын жана аларды карап чыгуунун тартиби түзөтүү мекемелеринин Ички тартибинин эрежелери тарабынан аныкталат.

(5) Соттолгондор аманат жөнөтүүлөрдү жана бандеролдорду администрациянын уруксаты менен жөнөтө алышат.

(6) Аманат жөнөтүүлөр, берип жиберүүлөр жана бандеролдор каралып чыгат.

 

63-статья. Соттолгондордун кат алышуусу, акчалай которууларды жибериши жана алышы

(1) Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө каралгандан башка учурларда, соттолгондорго өзүнүн эсебинен каттарды жана телеграммаларды, алардын санына чек койбостон алууга жана жөнөтүүгө уруксат берилет.

(2) Соттолгондор тарабынаы жөнөтүлүүчү жана алынуучу кат - кабарлар цензурадан өтөт.

(3) Эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган соттолгондордун тууганчылыгы жок соттолгондор менен кат алышуусуна түзөтүү мекемесинин администрациясынын уруксаты менен жол берилет.

(4) Түзөтүү мекемелеринин ишине контролдукту жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу органдарга даректелген сунуштар, арыздар жана даттануулар цензурадан өткөрүлбөйт жана бир суткалык мөөнөттөн кечиктирилбестен (дем алыш жана майрам күндөрдү албаганда) тийиштүүлүгүнө жараша жөнөтүлөт.

(5) Соттолгондор акчалай которууларды алууга укуктуу, алар анын жеке эсебине чегерилет, ошондой эле жакын туугандарына, ал эми администрациянын уруксаты менен башка адамдарга акчалай которууларды жөнөтүүгө укуктуу.

(6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте түзүлүүчү Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык түрдө кыргын салуучу куралдарды таратууга катыштыгы бар адамдардын тизмегиндеги соттолгондор өзүнүн жактык эсебине которуу менен кандай гана болбосун акча каражатын алууга жана жакын туугандарына, ошондой эле башка жактарга акча которууларды жөнөтүүгө укуксуз.

(КР 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

64-статья. Соттолгондордун телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү

 

(1) Соттолгондорго ушул Кодекстин 94, 96, 98, 100, 100-2, 101,

103, 104-статьяларында аныкталган сандагы ар бири узактыгы он беш мүнөткө чейинки телефон аркылуу сүйлөшүүлөргө укук берилет. Телефон аркылуу сүйлөшүүлөргө соттолгондордун же алардын жакын туугандарынын жеке каражаттарынан акы төлөнөт. Техникалык мүмкүнчүлүктөр жок болгондо телефон аркылуу сүйлөшүү кыска мөөнөттүү жолугушуу менен алмаштырылышы мүмкүн. (2) Соттолгондордун өтүнүчү боюнча аларга түзөтүү мекемесине келгенден кийин, ошондой эле өзгөчө жеке жагдайларда кошумча түрдө телефон аркылуу сүйлөшүүгө уруксат берилиши мүмкүн.

(3) Айыптык, дисциплинардык изоляторлордо, камералык типтердеги имарат-жайларда жана жалгыз камераларда жаткан соттолгондорго телефон аркылуу сүйлөшүүгө өзгөчө жеке жагдайлар болгондо гана уруксат берилиши мүмкүн.

(4) Түзөтүү мекемелеринде кармалып жаткан соттолгондордун бири-бири менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүнө тыюу салынат.

(5) Соттолгондордун телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү түзөтүү мекемесинде иштеген кызматкерлер тарабынан контролдонот.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

65-статья. Соттолгондордун сейилдөөсү

 

(1) Эгерде алар ачык абада иштебесе, жазасын камераларда өтөп жаткан соттолгондор узактыгы ушул Кодекстин 100, 100-2, 101-статьяларында белгиленген мөөнөткө сейилге чыгууга укуктуу.

(2) Соттолгондордун сейилдөөсү камералар боюнча, күндүз мекеменин аймагынын атайын жабдылган бөлүгүндө жүргүзүлөт. Соттолгондор белгиленген эрежелерди бузган учурда сейилдөө мөөнөтүнөн мурда токтолушу мүмкүн.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

66-статья. Соттолгондордун адабияттарды жана жазуу куралдарын сатып алышы жана сакташы

 

(1) Соттолгондорго бандеролдор, аманат жөнөтүүлөр жана берип жиберүүлөр аркылуу жазуу куралдарын алууга, соода тармагы аркылуу адабияттарды сатып алууга, ошондой эле өзүлөрүнүн жеке эсептериндеги каражаттарынын эсебинен газеталарга жана журналдарга жазылууга чектелбеген түрдө уруксат берилет.

(2) Соттолгондорго согушту, улуттар аралык жана диний касташууну тутандырууну, зомбулукту же катаалдыкты колдогон, ошондой эле порнографиялык мунөздөгү басылмаларды алууга, сатып алууга, жазылууга, сактоого жана жайылтууга тыюу салынат.

(3), соода тармагы аркылуу сатып алынган адабият, соттолгон адам алууга укуктуу болгон аманат жөнөтүүлөр менен бондеролдордун санына киргизилбейт.

 

67-статья. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондордун кинофильмдерди жана телеберүүлөрдү көрүшү, радиоберүүлөрдү угушу

 

(1) Эркиндигинен ажыратуута соттолгондорго кинофильмдер жумасына бир жолудан кем эмес көрсөтүлөт.

(2) Соттолгондорго түнкү эс алуу үчүн күн тартибинде бөлүнгөн убакыттан сырткары, жумуштан бош сааттарда телеберүүлөрдү көрүүгө уруксат берилет.

(3) Соттолгондор жана соттолгондордун тобу өз каражаттарынын эсебинен соода тармагы аркылуу телекабылдагычтарды жана радиокабылдагычтарды сатып алышы, болбосо аларды туутандарынан жана башка адамдардан ала алышат.

(4) Соттолгондорго күн тартибинде түнкүсүн эс алуу үчүн бөлүнгөндөн башка мезгилде, радиоберүүлөрдү жумуштан бош сааттарда угууга уруксат берилет. Турак-жай бөлмөлөрү, тарбиялоо ишинин бөлмөлөрү, эс алуу бөлмөлөрү, жумуш иштей турган имарат-жайлар, айыптык изоляторлордун камералары, камералык типтеги имарат-жайлар түзөтүү мекемесинин каражаттарынын эсебинен радиоточкалар менен жабдылат.

 

68-статья. Соттолгондордун кайтаруусуз же коштоосуз жүрүшүнүн шарттары жана тартиби

(1) Өзгөчө учурларда түзөтүү абактарында оң мүнөздөлгөн соттолгондорго жазасынын кеминде төрттөн бирин өтөгөндөн кийин, эгерде бул аткарылган иштин мүнөзүнө жараша зарыл болсо, абактын чегинен тышкары жерде кайтаруусуз жүрүүгө уруксат берилиши мүмкүн.

(2) Өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыш жасаган соттолгондорго; эркиндигинен өмүр бою ажыратууга соттолгондор, ошондой эле эркиндигинен өмүр бою ажыратуу ырайым кылуу тартибинде белгилүү мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга алмаштырылган адамдарга, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 226 - 2266, 227, 229, 232, 294, 2951, 296, 299 - 2993, 375 жана 376-статьялары менен каралган кылмыштар үчүн жазасын өтөп жаткандар соттолгондорго; өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгондорго; жазасын өтөө мезгилинде атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондорго; аракечтиктен, токсикоманиядан, баңгиликтен, ачык түрдөгү кургак учуктан же жыныстык дарттан дарылануунун толук курсун өтпөгөн соттолгондорго; ВИЧ-жугуштуу оорусуна чалдыккандарга; кем акыл деп табылгандарга; аталган түзөтүү мекемесинде алты айдан аз болгон соттолгондорго; алынбаган же тындырылбаган жазалары бар соттолгондорго, ошондой эле качып кетиши мүмкүн болгон соттолгондорго кайтарылган аймактын чегинен тышкары жерде кайтаруусуз же коштоосуз жүрүүгө жол берилбейт.

(3) Кайтарылган аймактын чегинен тышкары жерде кайтаруусуз же коштоосуз жүрүү укугу соттолгонго түзөтүү мекемесинин зардалынын жүйөлөштүрүлгөн токтому менен берилет.

(4) Кайтаруусуз же коштоосуз жүрүү укугунан пайдаланган соттолгондор өзүнчө турак-жайларда жайгаштырылууга тийиш. Аларга кайтарылуучу аймактын чегинен тышкары жердеги, бирок түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча белгиленген чектердеги жатаканада жашоого уруксат берилиши мүмкүн.

(5) Кайтарылуучу аймактын чегинен тышкары жерде кайтаруусуз же коштоосуз жүрүүгө уруксат берилген соттолгондордун жүрүш-турушу түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелери менен жөнгө салынат.

(6) Соттолгондор жүрүш-туруш эрежелерин бузган учурда, болбосо жумуштардын мүнөзү өзгөргөндө кайтаруусуз же коштоосуз жүрүү түзөтүү мекемесинин зардалынын токтому менен жокко чыгарылат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

69-статья. Соттолгондордун түзөтүү мекемелеринин чегинен тышкары чыгышы

 

(1) Түзөтүү жана тарбия абактарында кармалып турган соттолгондорго, ошондой эле белгиленген тартипте тергөө изоляторлорунда жана түрмөлөрдө чарбалык тейлөө жумуштары үчүн белгиленген тартипте калтырылгандарга өзгөчө жеке жагдайларга байланыштуу: жакын тууганы өлгөндө же катуу ооруп, өмүрүнө коркунуч келсе; табигый кырсык соттолгонго же анын үй-бүлөсүнө олуттуу материалдык зыян келтиргенде барып-келүү үчүн жолго зарыл болгон убакытты эсептебегенде жети суткадан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жайларынын чегинен тышкары жерлерге кыска мөөнөткө барууга уруксат берилиши мүмкүн.

(2) Түзөтүү абактарынын балдар үйүндө баласы бар соттолгон аялдарга баласын туугандарына, болбосо балдар үйүнө жайгаштыруу үчүн кыска мөөнөткө барып-келүүгө кеткен убакытты эсепке албаганда, жети суткадан кем эмес мөөнөткө, ал эми жашы жете элек майып балдары бар аялдарга түзөтүү абагынан тышкары жерге жылына бир жолу алар менен ошол эле мөөнөткө жолугушуу үчүн кыска мөөнөткө чыгууга уруксат берилиши мүмкүн.

(3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча чыгуулар өтө коркунучтуу өнөкөт кылмыш жасаган соттолгондорго; өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго, ошондой эле өмүр бою эркиндигинен ажыратуу ырайым кылуу тартибинде белгилүү мөөнөткө эркиндигинен ажыратылган адамдарга; Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 226 - 2266, 227, 229, 232, 294, 2951, 296, 299 - 2993, 375 жана 376-статьяларында каралган кылмыштар үчүн жазасын өтөп жаткан соттолгондорго; ВИЧ-жугуштуу оорусуна чалдыккандарга, ошондой эле аракечтиктен, токсикоманиядан, баңгиликтен, ачык түрдөгү кургак учуктан, жыныстык оорудан дарыланууну аяктабагандарга, тегерегиндегилер үчүн коркунуч келтирген башка оорулардан жапа чеккендерге, ошондой эле санитардык мыйзамдар менен жөнгө салынуучу эпидемияга каршы иш-чаралар жүргүзүлгөн учурларда берилбейт.

(4) Кем акыл деп табылган, ошондой эле жашы жете элек соттолгондорго чыгуу тууганынын коштоосунда берилет.

(5) Соттолгондун өзгөчө жеке жагдайларга байланыштуу кыска мөөнөттүү чыгуу жөнүндө арызы суткалык мөөнөттөн кечиктирилбестен каралууга тийиш.

(6) Чыгууга уруксат түзөтүү мекемесинин зардалы тарабынан соттолгондун инсандыгын жана жүрүш-турушун эске алуу менен берилет.

(7) Соттолгондун түзөтүү мекемесинен тышкары болгон убактысы жаза өтөөнүн мөөнөтүнө кошулуп эсептелет.

(8) Соттолгондун эркиндигинен ажыратуу жайынын чегинен тышкары чыгышына кеткен чыгымдар соттолгондун өздүк эсебиндеги каражаттардын эсебинен, болбосо башка адамдар тарабынан төлөнөт. Соттолгон адам түзөтүү мекемесинин чегинен тышкары кыска мөөнөттүү чыгууда болгон мезгилде ага иштеп тапкан акысы чегерилбейт.

(9) Соттолгон адамдын белгиленген мөөнөттө кайра келишин кыйындаткан, алдын ала билүүгө болбой турган жагдайлар келип чыккан учурда, соттолгон адам жүргөн жердеги ички иштер органынын зардалынын жүйөлөштүрүлгөн токтому боюнча анын түзөтүү мекемесине кайра келишинин мөөнөтү беш суткага чейин узартылышы мүмкүн, мында абактын администрациясына кабыл алынган чечим жөнүндө милдеттүү түрдө шашылыш билдирилет.

(10) Соттолгондорго эркиндигинен ажыратуу жайларынын чегинен тышкары кыска мөөнөткө чыгууга уруксат берүүнүн тартиби түзөтүү мекемелеринин Ички тартибинин эрежелери менен аныкталат.

(11) Соттолгон адам түзөтүү мекемесине белгиленген мөөнөттө кайра келүүдөн качканда, ал ошол жердеги ички иштер органы тарабынан аны жазасын өтөөчү жерге кайтаруу астында жөнөтүү жөнүндө же жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маселени чечүү үчүн кармалууга тийиш.

(12) Соттолгондордун башка мамлекеттин аймагына барышына тиешелүү мамлекеттер менен макулдашууларда каралган тартипте уруксат берилет.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

70-статья. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду милдеттүү түрдө мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу

 

(1) Эркиндигинен ажыратууга соттолгон, иштеген адамдар милдеттүү түрдө мамлекеттик социалдык камсыздандырылууга тийиш, ал эми соттолгон аялдар жалпы негиздерде кош бойлуулугуна жана төрөгөндүгүнө байланыштуу жөлөкпул менен да камсыз кылынат.

(2) Эркиндигинен ажыратуута соттолгондор карыганда, майып болгондо, баккан адамынан айрылганда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда, анын ичинде жазасын өтөп жаткан мезгилде эмгекке жарактуулугу жоголгон учурларда, мамлекеттик пенсия менен жалпы негизде камсыздалууга укуктуу.

(3) Соттолгондорго пенсия төлөө түзөтүү мекемеси турган жердеги Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдары тарабынан соттолгондордун жеке эсебине пенсияларды которуу жолу менен жүзөгө ашырылат.

(4) Эркиндигинен ажыратууыу өтөөнүн мезгилинде эмгекке жарактуулугун жоготкон соттолгондор Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган учурларда жана тартипте зыяндын ордун толтуртуута укуктуу.

(5) Соттолгондордун пенсиясынан кармап калуулар жүргүзүлөт. Пенсиялардан кармап калуулардын негиздери, түрлөрү жана тартиби, ошондой эле бардык кармап калууларга карабастан соттолгондун жеке эсебине которулуучу пенсиялардын эң аз пайызы ушул Кодекстин 80-статьясы тарабынан белгиленет.

(6) Түзөтүү мекемелеринде эркинен ажыратууну өтөп жаткан соттолгондорго карата түзөтүү мекемелеринде болуунун мөөнөтү аяктаганга чейин ыктыярдуу медициналык камсыздандыруунун колдонулушу токтотула турат.

 

71-статья. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду материалдык-тиричилик жагынан камсыз кылуу

 

(1) Түзөтүү абактарында соттолгон бир адамга эсептегенде турак жай аянтынын ченеми эки чарчы метрден, түрмөлөрдө - эки жарым чарчы метрден, аялдарды кармоо үчүн арналган абактарда - үч чарчы метрден, тарбия абактарында - үч жарым чарчы метрден, эркиндигинен ажыратуу жайларынын дарылоо - алдын алуу мекемелеринде - беш чарчы метрден, дарылоочу түзөтүү мекемелеринде - үч чарчы метрден кем болбоого тийиш.

(2) Соттолгондорго өзүнчө жата турган орун жана төшөнчү берилет. Алар жынысын жана климаттык шарттарды эске алуу менен тамак-аш, кийим кече, ич кийим жана бут кийим менен маалына жараша камсыздалат.

(3) Соттолгондорду тамак-аш жана материалдык-тиричилик жактан камсыздоонун эң төмөнкү ченемдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Соттолгондорду эмгекке тартуучу ишканалардын каражаттарынын эсебинен аларга белгиленген ченемдерден тышкары кошумча тамак-аш уюштурулушу мүмкүн. Соттолгондорду буюмдар менен камсыздоонун ченемдери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан бекитилет. Өздөрүнө көз каранды болбогон себептер боюнча иштебеген соттолгондор, пенсия албаган соттолгондор тамак-аш жана күндөлүк керектелүүчү нерселер менен мамлекеттин эсебинен камсыз кылынат.

(4) Айлык акы алуучу соттолгондор жана пенсия алуучу соттолгондор, атайын тамак-аштын жана атайын кийимдин наркын албаганда, тамак-аштын, кийимдин жана коммуналдык-тиричилик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын ордун толтурат. Жумуштан качкан соттолгондордон көрсөтүлгөн чыгымдар алардын жеке эсебинде болгон каражаттардан кармалып алынат. Тамак-аштын, кийимдин жана коммуналдык-тиричилик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын ордун толтуруу ошол айда жасалган иш жүзүндөгү чыгымдардын чектеринде ай сайын жүргүзүлөт.

(5) Оорусу боюнча жумуштан бошотулган соттолгондорго, соттолгон кош бойлуу аялдарга жана эмчектеги баласы бар соттолгон энелерге жумуштан бошотуу мезгилине тамак-аш акысыз берилет. Тарбиялык абактарда кармалып турган соттолгондорго, ошондой эле соттолгон I же II топтогу майыптарга тамак-аш жана кийим акысыз берилет.

(6) Соттолгон кош бойлуу аялдарга, эмчектеги баласы бар энелерге, жашы жете электерге, ошондой эле оорулуулар менен I жана II топтогу майыптарга турак жай - тиричилик шарттарын жакшыртуу каралат жана тамак -аштын жогорулатылган ченеми белгиленет.

(7) Тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алууга чыгымдоого уруксат берилген акчалардын белгиленген суммасынан тышкары, соттолгондор жеке эсептеринде болгон каражаттардан түзөтүү мекемелеринде пайдалануута уруксат берилген бут кийимди жана кийимди, анын ичинде спорттук кийимди кошумча сатып алышы, түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин Эрежелеринде аныкталган кошумча дарылоо - алдын алуу жана башка алардын каалоосу боюнча кошумча көрсөтүлүүчү кызматтарга акы төлөшү мүмкүн.

 

72-статья. Кош бойлуу аялдарды, эмчектеги баласы бар энелерди жана балдары бар аялдарды материалдык-тиричилик жагынан камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү

 

(1) Түзөтүү мекемелеринде соттолгон аялдар үчүн зарыл болгон учурда балдар үйлөрү уюштурулат. Балдар үйлөрүндө балдардын жакшы жашашы жана өсүшү үчүн зарыл шарттар түзүлүп берилет. Соттолгон аялдар балдар үйлөрүнө өздөрүнүн үч жашка чейинки курактагы балдарын жайгаштырышы, алар менен жумуштан бош убагында чектөөсүз түрдө чогуу болушу мүмкүн. Аларга балдары менен чогуу жашоого уруксат берилиши мүмкүн.

(2) Соттолгон аялдардын балдары энесинин макулдугу менен туугандарына же көзөмөлдүк жана камкордук органдарынын чечими боюнча башка адамдарга берилиши, болбосо алар үч жаш куракка чыкканда тиешелүү балдар мекемелерине жөнөтүлүшү мүмкүн.

(3) Эгерде түзөтүү мекемесинин балдар үйүндө багылган бала үч жашка чыкса, ал эми энесинин бошошуна чейин бир жылдан аз убакыт калса жана ал аял баланын балдар үйүндө болушун узартуу жөнүндө өтүнүч берсе, түзөтүү мекемесинин администрациясы бул баланын балдар үйүндө болушунун убактысын энесинин жаза өтөө мөөнөтү аяктаганга чейин узартууга милдеттүү.

(4) Эмчектеги баласы бар сотолгон энелер жана кош бойлуу аялдар кошумча азык-түлүк, аманат жөнөтүүлөрүн жана берип жиберүүлөрдү чектелбеген санда жана ассортиментте алышы мүмкүн. Кош бойлуу аялдар, аялдар төрөгөн кезде жана төрөттөн кийинки мезгилдерде адистештирилген жардам алууга укуктуу.

(5) Соттолгон аялдардын балдары жашашы үчүн уюштурулган балдар үйлөрү мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат.

 

73-статья. Соттолгондорду медициналык-санитардык жагынан камсыз кылуу

 

(1) Эркиндигинен ажыратуу менен соттолгондорго дарылоо-алдын алуу жана санитардык-алдын алуучулук жардам көрсөтүү саламаттык сактоо жөнүндө мыйзамдарга, ошондой эле жаза өтөөнүн тартиби менен шарттарына ылайык уюштурулат жана жүргүзүлөт.

(2) Соттолгондорду медициналык жагынан тейлөө үчүн дарылоо-алдын алуу мекемелери (ооруканалар, атайын ооруканалар: психиатриялык жана кургак учук ооруканалары; медициналык бөлүктөр), ал эми кургак учуктун активдүү түрү менен ооругандарды, өнөкөт аракечтерди жана баңгилерди, ВИЧ-жугуштуу оорусуна чалдыккандарды кармоо үчүн дарылоочу түзөтүү мекемелери уюштурулат.

(3) Түзөтүү мекемелеринин администрациясы соттолгондордун саламаттыгын коргоону камсыз кылуучу белгиленген санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы талаптардын аткарылышы үчүн жоопкерчиликте болот.

(4) Соттолгон тамак ичүүдөн баш тартуу жөнүндө билдиргенде жана анын өмүрүнө коркунуч келип чыкканда медициналык көрсөткүчтөр боюнча мажбурлап тамактандырууга жол берилет.

(5) Соттолгондорго медициналык жардам көрсөтүүнүн, санитардык көзөмөлдү уюштуруунун жана жүргүзүүнүн, саламаттык сактоо органдарынын дарылоо-алдын алуу жана санитардык-алдын алуу мекемелерин пайдалануунун жана бул максаттар үчүн медициналык кызматкерлерди тартуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленет.

(КР 2013-жылдын 18-мартындагы № 43 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

74-статья. Соттолгондордун материалдык жоопкерчилиги

 

(1) Эркиндигинен ажыратылган адамдар жазасын өтөө мезгилинде мамлекетке келтирген материалдык зыяны үчүн:

1) эмгектик милдеттерин аткарууда эмгек жөнүндө мыйзамдарда каралган өлчөмдөрдө;

2) башка аракеттери менен жарандык мыйзамдарда каралган өлчөмдөрдө материалдык жоопкерчилик тартат.

(2) Соттолгондор ошондой эле түзөтүү мекемесине келтирилген зыяндын ордун жана соттолгондун качышына бөгөт коюута, өзүнүн денесине атайылап зыян келтирген соттолгонду дарылоого байланыштуу кошумча чыгымдардын ордун да толтурууга тийиш.

(3) Соттолгондор тарабынан келтирилген материалдык зыян түзөтүү мекемесинин зардалынын токтому боюнча өндүрүлөт.

(4) Түзөтүү мекемесинин зардалынын токтомуна соттолгон жогору турган зардалга даттанууга укуктуу. Даттанууну берүү материалдык зыянды өндүрүп алуу жөнүндө токтомдун аткарылышын токтото турбайт.

(5) Ага негиздер болгондо жогору турган зардал материалдык зыянды өндүрүп алуу жөнүндө токтомду жокко чыгарышы жана кошумча текшерүүнү дайындашы, өндүрүлүп алууга тийиш болгон суммалардын өлчөмүн өзгөртүшү, болбосо негизсиз катары материалдык зыянды өндүрүп алуу жөнүндө токтомду жокко чыгарышы мүмкүн. Жогору турган зардалдын чечими акыркы болуп саналат.

(6) Келтирилген материалдык зыян үчүн туура эмес кармалган суммалар анын өздүк эсебине которуу менен соттолгонго кайтарылып берилүүгө тийиш.

 

12-Глава
Эркиндигинен ажыратууга соттолгондордун эмгеги, кесиптик билим
алышы жана кесипке даярдоо

 

75-статья. Соттолгондорду эмгекке тартуу

 

(1) Ар бир соттолгон түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан аныкталган жерлерде жана жумуштарда эмгектенүүгө милдеттүү. Түзөтүү мекемелеринин администрациясы соттолгондорду алардын жынысын, курагын, эмгекке жарактуулугун жана мүмкүнчүлүгүнө жараша адистигин эске алуу менен коомдук пайдалуу эмгекке тартууга милдеттүү. Соттолгондор, эреже катары, ушул мекемелердин өндүрүшүндө, ал эми айрым учурларда - тиешелүү кайтарууну жана бөлөк кармоону камсыз кылуунун шарттарында мамлекеттик же менчиктин башка түрүндөгү ишканаларда эмгекке тартылат. Соттолгондор жеке өз алдынча эмгектенүүгө укуктуу.

(2) Пенсиялык куракка жеткен соттолгон эркектер жана аялдар, ошондой эле I жана II топтогу майыптар эмгекке өздөрүнүн каалоосу боюнча тартылат. Жашы жете элек соттолгондор эмгекке Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарына ылайык тартылат.

(3) Жазасын ушул Кодекстин 101 - статьясынын тогузунчу бөлүгүнө ылайык түрмөлөрдө өтөп жаткан соттолгондордун эмгеги түрмөнүн аймагында гана уюштурулат.

(4) Соттолгондорду пайдаланууга тыюу салынган жумуштардын жана кызматтардын тизмеси Түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелери тарабынан белгиленет.

(5) Соттолгондорду ишке тартуу менен жүргүзүлгөн өндүрүштүк иш түзөтүү мекемелеринин негизги милдеттерин; - соттолгондорду түзөтүүнү аткарууга тоскоолдук кылбоого тийиш.

(6) Соттолгондорго эмгектик чыр - чатактарды чечүү максатында жумушту токтотууга тыюу салынат. Жумуштан баш тартуу же жумушту токтотуу жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуу болуп эсептелет жана жаза - чараларын колдонууга жана материалдык жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн.

 

76-статья. Соттолгондордун эмгегинин шарттары

 

(1) Соттолгондордун жумуш убактысынын узактыгы, эмгекти коргоонун, техникалык коопсуздуктун жана өндүрүштүк санитариянын эрежелери Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарына ылайык белгиленет. Жумуштун (кезметтин) башталган жана бүткөн убактысы соттолгондор иштеген ишкананын администрациясы менен макулдашуу боюнча түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан белгиленүүчү кезметчиликтин графиктери менен аныкталат.

(2) Тарбия абактарынан башкаларда, соттолгондор тарабынан аткарылган жумуштардын мүнөзүн эске алуу менен жумуш мезгилинин суммаланган эсебин жүргүзүүгө жол берилет. Эсептик мезгилдеги жумуш мезгилинин орточо узактыгы мыйзамда белгиленген күндөлүк жумуштун узактыгынан ашпоого тийиш.

(3) Соттолгондорду акы төлөнүүчү эмгекке тартуунун убактысы ал үчүн мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча мүчөлүк акылар төлөнгөн шартга пенсия дайындоо үчүн алардын камсыздандыруу стажына эсептелет. Иштелген убакыттын эсебин алуу жазаны аткаруучу мекеменин администрациясына жүктөлөт жана календарлык жылдын жыйынтыктары боюнча жүргүзүлөт. Соттолгон убакыттын тиешелүү мезгилинде белгиленген тиешелүү тапшырмаларды аткаруудан такай качканда, түзөтүү мекемесинин администрациясынын чечими боюнча ушул убакыт анын жаллы эмгек стажынан чыгарылат. Түзөтүү мекемесинин администрациясынын чечими соттолгон тарабынан сотко даттанылышы мүмкүн.

 

77-статья. Соттолгондорго эмгек акы төлөө

 

(1) Соттолгондор Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарына ылайык эмгеги үчүн акы алууга укуктуу.

(2) Бир айга аныкталган жумуш убактысынын ченемин толугу менен иштеген жана алар үчүн белгиленген ченемди аткарган соттолгондордун айлык эмгек акысы эмгек акынын белгиленген эң аз өлчөмүнөн төмөн болбоого тийиш.

(3) Толук эмес жумуш күнүндө же толук эмес жумуш жумасында соттолгондун эмгегине акы төлөө соттолгон иштеген мезгилге жараша же иштеп чыкканына ылайык жүргүзүлөт.

 

78-статья. Соттолгондорду эмгек акы төлөбөгөн жумуштарга тартуу

 

(1) Соттолгондор түзөтүү мекемелерин жана аларга жанаша жаткан аймактарды көрктөндүрүү, ошондой эле маданий, турмуш - тиричилик шарттарын жакшыртуу боюнча жумуштарга гана эмгегине акы төлөбөстөн тартылышы мүмкүн.

(2) Бул жумуштарга соттолгондор, эреже катары, кезектүүлүк тартибинде жана жумуш иштебеген мезгилде тартылат жана алардын узактыгы жумасына эки сааттан ашпоого тийиш, ал эми соттолгондордун каалоосу боюнча жумуштардын узактыгы жогорулатылышы мүмкүн.

 

79-статья. Соттолгондордун эмгек акысынан жана башка кирешелеринен кармап калуулар

 

(1) Ушул Кодекстин 71-статьясынын төртүнчү бөлүгүнө ылайык соттолгондордун иштеп тапканынан, башка кирешелеринен кармап калуулар аларды

кармоого кеткен чыгымдардын ордун толтуруу үчүн жүргүзүлөт.

(2) Соттолгондордун аларды кармоого кеткен чыгымдардын ордун толтурушу алименттерди, киреше салыгын, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр жана башка милдеттүү чегерүүлөр кармалгандан кийин жүргүзүлөт. Аткаруу барактары же башка аткаруу документтери боюнча кармоо Кыргыз Республикасынын Граждандык процессуалдык кодексинде каралган тартипте калган суммадан жүргүзүлөт.

(3) Түзөтүү мекемелеринде соттолгондордун жеке эсебине бардык кармоолорго карабастан, анын айлык акысынын, пенсиясынын же башка кирешесинин 50 пайызынан кем эмеси, ал эми пенсиялык куракка жеткен эркектер менен аялдардын I жана II топтогу майыптардын, жашы жете электердин, кош бойлуу аялдардын, балдар үйлөрүндө баласы бар аялдардын аларга эсептелген эмгек акысынын же башка кирешесинин кеминде 75 пайызынан кем эмеси чегерилет.

(4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте түзүлүүчү Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык түрдө кыргын салуучу куралдарды таратууга катыштыгы бар адамдардын тизмесиндеги адамдарга соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден тартып жазасын өтөөдөн бошотулганга чейин пенсия чегерүүгө жана төлөөгө, анын ичинде ишеним кат боюнча пенсия төлөөгө тыюу салынат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

80-статья. Соттолгондордун кесиптик билим алышы жана аларды кесипке даярдоо

 

(1) Түзөтүү мекемелеринде кесиби (адистиги) жок соттолгондорго, ал ушул мекемеде жана андан бошогондон кийин иштей турган милдеттүү баштапкы кесиптик билим алышы же аларды кесипке даярдоо уюштурулат.

(2) I жана II топтогу майыптар, пенсиялык куракка жеткен эркектер жана аялдар өздөрүнүн каалоосу боюнча тиешелүү кесиптик даярдыктан өтүшү мүмкүн.

(3) Соттолгондордун баштапкы кесиптик билим жана кесипке даярдык алууга карата мамилеси алардын түзөлүшүнүн даражасын аныктоодо эске алынат.

(4) Баштапкы кесиптик билим берүү жана кесиптик даярдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2013-жылдын 18-мартындагы № 43 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

13-Глава
Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго тарбиялык таасир көрсөтүү

 

81-статья. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондор менен тарбиялык иш жүргүзүү

 

(1) Эркиндигинен ажыратууга соттолгондор менен тарбиялык иш жүргүзүү аларды түзөтүүгө; соттолгондордо коомдук пайдалуу иш менен иштөөгө умтулууну, эмгекке ак ниет мамиле кылууну; мыйзамдардын талаптарын жана коомдо кабыл алынган жүрүш-туруштун башка эрежелерин сактоону; билим жана маданий деңгээлин жогорулатууну калыптандыруута жана чыңдоого багытталат.

(2) Соттолгондордун өткөрүлүп жаткан тарбиялык иш-чараларына катышуусу алардын түзөлүш даражасын аныктоодо, ошондой эле аларга карата сыйлоо жана жаза-чараларын колдонууда эске алынат.

(3) Түзөтүү мекемесинин күн тартибинде тарбиялык иш-чаралары каралышы мүмкүн, аларга соттолгондор милдеттүү түрдө катышат.

(4) Соттолгондор менен тарбиялык иш алардын инсандык жекече өзгөчөлүктөрүн, жасаган кылмышынын мүнөзүн жана жагдайларын эске алуу менен жүргүзүлөт.

 

82-статья. Соттолгондор менен тарбиялык иштерди жүргүзүүнүн негизги түрлөрү жана усулдары

 

(1) Түзөтүү мекемелеринде соттолгондорду алардын түзөлүшүнө көмөк көрсөтүүчү адеп-ахлактык, укуктук, эмгектик, дене тарбиялык жана башка тарбиялоо жүзөгө ашырылат.

(2) Соттолгондор менен тарбиялык иш түзөтүү мекемесинин түрүн, жазанын мөөнөтүн, кармоонун шарттарын эске алуу менен психологиялык - педагогикалык усулдардын негизинде дифференцияланган түрдө уюштурулат.

(3) Соттолгондор менен тарбиялык иштерди уюштуруу үчүн түзөтүү мекемелеринде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген ченемдерге ылайык материалдык - техникалык база түзүлөт.

(4) Соттолгондор менен тарбиялык иштерди жүргүзүүдө мезгилдүү басма сөз, радио, телекөрсөтүү, кинофильмдерди көрүү пайдаланылып, китепкана иши уюштурулат.

(5) Айьштык жана дисципплинардык изоляторлордо, камералык типтеги имарат - жайларда кинофильмдер менен телекөрсөтүүлөрдү көрсөтүүгө уруксат берилбейт.

 

83-статья. Соттолгондордун өз демилгелүү уюмдары

 

(1) Түзөтүү мекемелеринде соттолгондордун өз демилгелүү уюмдары түзүлүп, алар түзөтүү мекемелеринин администрациясынын контролдугу астында иштейт.

(2) Соттолгондордун өз демилгелүү уюмдардын ишине катышуусу кубатталат жана түзөтүү даражасын аныктоодо эске алынат.

(3) Соттолгондорго өзүн-өзү тарбиялоодо, руханий, кесиптик жана жеке өнүгүүдө жардам көрсөтүү; пайдалуу демилгени өнүктүрүү жана соттолгондордун түзөлүшүнө оң таасир көрсөтүү; алардын эмгегин, турмуш тиричилигин жана эс алышын уюштуруу маселелерин чечүү; администрацияга дисциплинаны жана тартипти кармап турууга көмөк көрсөтүү; соттолгондордун арасында мыкты өз ара мамилелерди калыптандыруу; соттолгондорго жана алардын туугандарына социалдык жардам көрсөтүү өз демилгелүү уюмдардын негизги милдеттери болуп саналат. Өз демилгелүү уюмдардын алдында жазаны аткаруунун максаттарына, тартибине жана шарттарына карама - каршы келбеген башка милдеттер да турушу мүмкүн.

(4) Соттолгондордун өз демилгелүү уюмдарынын мүчөлөрү кошумча жеңилдиктерден пайдаланбайт. Өз демилгелүү уюмдар жана алардын мүчөлөрү түзөтүү мекемесинин администрациясынын ыйгарым укуктарына ээ боло албайт.

(5) Соттолгондордун өз демилгелүү органдарын түзүүнүн жана ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан аныкталат.

(6) Түзөтүү мекемелеринде өздөрүн жакшы алып жүргөн соттолгондордун ичинен мекемелер менен отряддардын жамааттарынын кеңеши түзүлөт. Эгерде алардын иши ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн милдеттерди чечүүгө багытталса, түзөтүү мекемелеринде соттолгондордун башка да өз демилгелүү органдары түзүлүшү мүмкүн.

(7) Түрмөлөрдө жана камералык типтеги имарат-жайларда кармалып турган соттолгондордун арасында өз демилгелүү уюмдар түзүлбөйт.

 

84-статья. Соттолгондордун жалпы билим алышын уюштуруу

 

(1) Түзөтүү мекемелеринде отуз жаш куракка толо элек соттолгондорго милдеттүү түрдө негизги жалпы билим берүү уюштурулат. Жалпы орто билим алуу максатында окуусун улантууну каалаган соттолгондорго түзөтүү мекемесинин администрациясы жана тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан зарыл шарттар түзүлөт.

(2) Отуз жаш курактан өткөн жана I жана II топтогу майып болгон соттолгондор негизги жалпы жана жалпы орто билимди өздөрүнүн каалоосу боюнча алышат.

(3) Окугандар экзамендерди тапшыруу үчүн эмгек жөнүндө мыйзамдарга ылайык жумуштан бошотулат.

(4) Соттолгондордун билим алууга умтулуусу абактын администрациясы тарабынан кубатталат жана жазанын өтөлө элек бөлүгүн кыйла жеңил жаза менен алмаштыруу жана жаза өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө маселелерди чечүүдө эске алынат.

(5) Эркиндигинен өмүр бою ажыратуу жазасын өтөп жаткан соттолгондор жалпы билим берүүгө тартылбайт. Аларга жазаны өтөөнүн тартибине жана шарттарына карама-каршы келбегендей өз алдынча билим алууга шарттар түзүлөт.

(6) Жалпы билим берүүчү мекемелердин педагогикалык жамааттары тарбиялоо ишинде түзөтүү мекемесинин администрациясына жардам көрсөтөт.

(7) Соттолгондордун негизги жалпы жана жалпы орто билим алышын уюштуруу, жазык-аткаруу тутумунда билим берүү мекемелерин түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу (мектептерди жана окуу-консультациялык пункттарды) тиешелүү министрликтер тарабынан белгиленүүчү тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

85-статья. Соттолгондорго карата колдонулуучу сыйлоо чаралары

 

(1) Жакшы жүрүш-турушу, эмгекке, окууга ак ниет мамиле кылышы, өз демилгелүү органдардын ишине жана тарбиялык иш-чараларына активдүү катышкандыгы үчүн соттолгондорго карата төмөндөгүдөй сыйлоо чаралары:

1) алкыш жарыялоо;

2) грамота жана ардак грамота менен сыйлоо;

3) белек берүү;

4) сыйлык берүү;

5) кошумча аманат жөнөтүүнүн же берип жиберүүнү алууга уруксат берүү;

6) телефон аркылуу кошумча сүйлөшүүгө уруксат берүү;

7) кошумча түрдө кыска мөөнөттүү же узак мөөнөттүү жолугушуу берүү;

8) тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алууга эң аз айлык эмгек акысынын төрттөн бирине чейинки суммадагы акчаларды кошумча чыгымдоого уруксат берүү;

9) мурда берилген жаза-чараны мөөнөтүнөн мурда алып салуу колдонулушу мүмкүн.

(2) Жазасын жалпы, күчөтүлгөн, катуу жана өзгөчө тартиптеги абактарда өтөп жаткан соттолгондор жазасынын мөөнөтүнүн 1/2 өтөлгөндөн кийин кармоонун жеңилдетилген шарттарына которулушу мүмкүн. Мында эң аз айлык акынын 10 пайызына чейинки суммадагы акчаларды кошумча чыгымдоого, жылына бир узак же бир кыска мөөнөттүү жолугушууга уруксат берилет.

(3) Жазасын жатак-абактарда өтөп жаткан соттолгондорго карата дем алыш жана майрам күндөрүн, бирок административдик-аймактык бирдиктин (республикалык маанидеги шаарлар, райондор) чектеринде жатак-абактын чегинен тышкары жерде өткөрүүгө уруксат берүү түрүндөгү сыйлоо чарасы колдонулушу мүмкүн.

(4) Жакшы мүнөздөлгөн соттолгондорго карата ушул Кодекстин 51-статьясынын экинчи бөлүгүндө каралган чаралар да колдонулушу мүмкүн.

(5) Өзүнүн оңолгонун далилдешкен соттолгондорго, ошондой эле жабырлануучу менен элдешкен жана келтирилген зыяндардын ордун толтургандарга карата соттолгонду шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу, жазанын өтөлө элек бөлүгүн жазанын бир кыйла жеңил түрүнө алмаштыруу жөнүндө өтүнүч козголот.

(6) Соттолгондорго карата ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч козголушу мүмкүн.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2017-жылдын 14-июнундагы № 102 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

86-статья. Соттолгондорго карата сыйлоо чараларын колдонуунун тартиби

 

(1) Алкыш түрүндөгү сыйлоо чарасы оозеки же жазуу жүзүндө, ал эми калган сыйлоо чаралары жазуу жүзүндө гана колдонулат.

(2) Соттолгондорго сыйлоо тартибинде жыл ичинде кошумча түрдө төрткө чейинки жөнөтүүлөрдү же берип жиберүүлөрдү алуута жана төрткө чейинки кыска мөөнөттүү же экиге чейинки узак мөөнөттүү жолугушууларды берүүгө уруксат берилиши мүмкүн.

(3) Мурда берилген жаза-чараны мөөнөтүнөн мурда алып салуу түрүндөгү сыйлоого:

1) ушул Кодекстин 87 - статьясынын биринчи бөлүгүнүн биринчи жана экинчи пункттарында көрсөтүлгөн жаза - чаралары берилген күндөн тартып үч айдан кийин;

2) ушул Кодекстин 87-статьясынын биринчи бөлүгүнүн үчүнчү,төртүнчү жана бешинчи пункттарында көрсөтүлгөн жаза-чараларды өтөгөн күндөн тартып алты айдан кийин жол берилет.

 

87-статья. Соттолгондорго карата колдонулуучу жаза-чаралары

 

(1) Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн соттолгондорго карата төмөндөгүдөй жаза-чаралары:

1) сөгүш;

2) эки эң аз айлык акынын өлчөмүндөгү дисциплинардык жазапул;

3) түзөтүү абактарында же түрмөлөрдө кармалып жаткан соттолгондорду айыптык изоляторго он беш суткага чейин отургузуу;

4) жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузган, жалпы, күчөтүлгөн жана катуу тартиптеги түзөтүү абактарында кармалып жаткан соттолгон эркектерди камералык типтеги имарат жайга, ал эми өзгөчө тартиптеги абактарда алты айга чейинки мөөнөткө жеке камераларга которуу;

5) жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузган соттолгон аялдарды үч айга чейинки мөөнөткө камералык типтеги имарат жайга которуу колдонулушу мүмкүн.

(2) Жазасын жатак-абактарда өтөп жаткан соттолгондорго карата жатаканадан тышкары жашоо укугун жокко чыгаруу жана жумуштан бош мезгилинде жатак-абактын чегинен тышкары чыгууга бир айга чейинки мөөнөткө тыюу салуу түрүндөгү жаза-чарасы колдонулушу мүмкүн.

(3) Жазасын жатак-абактарда өтөп жаткан соттолгондорго карата ушул статьянын төртүнчү жана бешинчи пункттарында каралган жаза-чаралары колдонулбайт.

(4) Тартипти кыянаттык менен бузган соттолгондорго карата ушул Кодекстин 50 - статьясынын төртүнчү бөлүгүндө каралган чаралар да колдонулушу мүмкүн.

 

88-статья. Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуулар

 

(1) Төмөндөгүлөр: баңги заттарды пайдалануу; майда хулиганчылык; түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлдөрүн коркутуу, мазактоо же аларга баш ийбөө; бачабаздык, лесбянчылык; иш таштоолорду же башка тобу менен баш ийбөөлөрдү уюштуруу, ошого тете аларга активдүү катышуу жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуулар болуп эсептелет.

(2) Эгерде соттолгон ушул эки укук бузуу үчүн дисциплинардык же айыптык изоляторго отургузуу түрүндөгү жаза-чарасына тартылса, жыл ичинде жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кайталап бузуу да, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуу катары таанылышы мүмкүн.

(3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн укук бузууларды жасаган соттолгон адам ушул Кодекстин 87 - статьясынын биринчи бөлүгүнүн үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи пункттарында каралган жаза-чаралар ага дайындалган шартта жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучу деп таанылат.

(4) Соттолгон түзөтүү мекемесинин зардалынын жүйөлүү токтому боюнча кыянаттык менен тартип бузуучу катары таанылъш, ага ошол эле учурда жаза берилет.

 

89-статья. Соттолгондорго карата жаза-чараларын колдонуунун тартиби

 

(1) Жаза-чараларын колдонууда укук бузуунун жагдайлары, соттолгондун инсандыгы жана мурдагы жүрүш-турушу эске алынат. Берилген жаза жоруктун оордугуна жана мүнөзүнө ылайык келүүгө тийиш. Жаза-чарасы жорук билинген күндөн тартып он суткадан кечиктирилбестен, ал эми текшерүү жүргүзүлсө, ал бүткөн күндөн кийин, бирок жорук жасалган күндөн тартып үч айдан кечиктирилбестен берилет. Жаза-чарасы, эреже катары, токтоосуз түрдө аткарылат жана өзгөчө учурларда гана ал берилген күндөн тартып бир айдан кечиктирилбестен аткарылат. Бир укук бузуу үчүн бир нече жаза -чара берүүгө тыюу салынат.

(2) Сөгүш түрүндөгү жаза оозеки же жазуу жүзүндө, калган жазалар жазуу жүзүндө гана берилет. Жазуу жүзүндөгү жаза түзөтүү мекемесинин зардалынын же аны алмаштырган адамдын жүйөлүү токтому менен берилет.

(3) Дисциплинардык жазапул түрүндөгү жаза-чарасы ушул Кодекстин 88-статьясынын биринчи бөлүгүндө саналып өткөн жаза өтөөнү белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн гана берилет. Токтом соттолгондун колун койдуруп алуу менен жарыяланат. Жазапулдун өндүрүлгөн суммасы түзөтүү мекемеси тарабынан соттолгондорду кармоонун шартын жакшыртууга пайдаланылат.

(4) Айыптык изоляторго отургузуу, соттолгонду камералык типтеги имарат жайга жана жеке камерага которуу жаза-чарасынын мөөнөтүн көрсөтүү менен жүргүзүлөт.

(5) Камералык типтеги имарат жайга которулган соттолгондорго карата камералык типтеги имарат жайга которуудан башка жаза чараларынын бардыгы колдонулушу мүмкүн.

(6) Абактагы балдар үйүндө эмчектеги баласы бар аялдар жана жумуштан кош бойлуулугуна жана төрөгөндүгүнө байланыштуу бошотулган аялдар айыптык изоляторго жана камералык типтеги имарат жайга которулбайт.

(7) Эгерде соттолгон адам дисциплинардык жаза-чарасын өтөгөн күндөн тартып жыл ичинде жаңы жаза-чарасына тартылбаса, анын жаза-чарасы жок деп эсептелет.

(8) Соттолгонду айып изоляторунан, камералык типтеги орунжайдан, бир кишилик камерадан мөөнөтүнөн мурда бошотууга ушул жазаны берген адам тарабынан сыйлоо чарасы тартибинде, ошондой эле медициналык көрсөткүчтөр боюнча уруксат берилет.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

90-статья. Соттолгондорду айыптык изолятордо, камералык типтеги имарат жайларда жана жеке камераларда кармоонун шарттары

 

(1) Айыптык изоляторго отургузулган соттолгондорго жолугушууга, телефон аркылуу сүйлөшүүлөргө, кинофилъмдерди жана телеберүүлөрдү, тамак-аш азыктарын сатып алууга, аманат жөнөтүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү жана бандеролдорду алууга тыюу салынат.

(2) Жаза-чарасын берүү тартибинде камералык типтеги имарат жайларга же жеке камераларга которулган соттолгондор:

1) түзөтүү мекемесинде иштеп тапкан акчасынын мыйзамда белгиленген эң аз айлык акынын 50%ынан ашпаган суммасын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алуута чыгымдоого;

2) бир аманат жөнөтүү же берип жиберүү жана бир бандероль алууга;

3) күн сайын бир жарым саат узактыктагы сейилге чыгууга;

4) мекеменин администрациясынын уруксаты менен бир кыска мөөнөттүү жолугушуу алууга укуктуу.

(3) Камералык типтеги имарат-жайга же жеке камерага которулган соттолгондор башка соттолгондордон өзүнчө иштейт.

(4) Соттолгондор айыптык изоляторлордон, камералык типтеги имарат - жайлардан жана жеке камералардан, денесинин бир мүчөсүнө зыян келтирүүгө жана анткорлонуп оорумуш эткенине байланышпаган себептер боюнча, дарылоо мекемелерине которулган учурда, алардын дарылоо мекемелеринде болгон мөөнөтүнө жаза өтөөнүн мөөнөтү кошулуп эсептелет.

(5) Соттолгондорду айыптык изоляторлордо, камералык типтеги имарат жайларда жана жеке камераларда материалдык - тиричилик жагынан камсыз кылуу соттолгондорду түрмөдө кармоо үчүн белгиленген ченемдер боюнча жүзөгө ашырылат.

 

91-статья. Сыйлоо жана жаза-чараларын колдонуучу кызмат адамдары

 

(1) Ушул Кодекстин 85 жана 87 - статьяларында саналып өткөн сыйлоо жана жаза-чараларын толук колдонуу укугунан түзөтүү мекемелеринин зардалдары же аларды алмаштырган адамдар пайдаланат.

(2) Отряддардын зардалдары төмөндөгү сыйлоо чараларын колдонууга:

1) алкыш жарыялоого (оозеки);

2) тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алууга кошумча акча чыгымдоого уруксат берүүгө;

3) отряддын зардалы тарабынан мурда берилген жазаны мөөнөтүнөн мурда алып салууга укуктуу.

(3) Отряддардын зардалдары сөгүш (оозеки) берүүгө укуктуу.

 

14-Глава
Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруу

 

92-статья. Жатак-абактар

 

(1) Жатак-абактар - байкабастыктан жасаган кылмышы үчүн жети жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга биринчи жолу соттолгондор үчүн жатак-абактарга жана ушул абактарга оң мүнөздөмөсү үчүн ушул Кодекстин 50-статьясында каралган тартипте жалпы, күчөтүлгөн жана катуу тартиптеги түзөтүү абактарынан которулган соттолгондор үчүн жатак-абактарга бөлүнөт.

(2) Жатак-абактардагы соттолгондор жазасын бирдей эле шарттарда өтөшөт.

(3) Бир жатак-абакта соттолгон эркектер жана аялдар кармалышы мүмкүн. Кылмышты чогуу жасаган адамдар, эреже катары, жазасын өзүнчө бөлөк-бөлөк өтөшөт.

(4) Жатак-абактарда соттолгондор:

1) кайтаруусуз, бирок көзөмөл алдында кармалышат; тургандан тартып жатканга чейин жатак-абактын аймагынын чектеринде эркин жүрүү укугунан пайдаланышат; эгерде бул алар аткарган жумуштардын мүнөзү боюнча же окуусуна байланыштуу зарыл болсо, абактын администрациясынын уруксаты менен абактын аймагынан тышкары жерде, бирок администрациялык-аймактык түзүлүштүн чектеринде көзөмөлсүз жүрө алышат; жарандар пайдаланып жүргөн кийимдерди кийе алышат; акча жана баалуу буюмдарды алып жүрө алышат; бандеролдорду, аманат жөнөтүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү алышы жана чектөөсүз түрдө жолугушуу алышы мүмкүн;

2) эреже катары, алар үчүн атайын арналган жатаканаларда жашашат. Тартипти бузбаган жана үй-бүлөсү бар соттолгондорго жатак-абактын зардалынын токтому боюнча өз үй-бүлөсү менен жатак-абактын аймагында же андан тышкары жерде, бирок жатак-абактын чек араларынын чектеринде ижарага алынган же өзүнүн жеке менчик үйүндө жашоого уруксат берилиши мүмкүн. Соттолгондор жашаган турак-жайга жатак-абактын администрациясынын өкүлү кайсы мезгилде болсун бара алат;

3) белгиленген үлгүдөгү документке ээ болушат. Соттолгондордун паспорту жана жеке документтери алардын жекече ишинде сакталат.

(5) Соттолгондорго түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелеринде тизмеси белгиленген нерселерди, буюмдарды жана заттарды жатаканага алып келүүгө, пайдаланууга жана сактоого тыюу салынат.

(6) Жазаны аткаруучу органдын сунушунун негизинде соттун чечими боюнча соттолгондун жатак-абактын аймагынан бир суткадан ашык өзү билип жок болгон убактысы жазанын мөөнөтүнө кошулуп эсептелбейт.

(7) Соттолгонго дем алыш жана майрам күндөрү сыртка чыгууга уруксат берилиши мүмкүн.

(8) Соттолгондордун эмгеги, жумушка кабыл алуунун, бошотуунун жана которуунун эрежелеринен башка учурларда, эмгек жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынат. Соттолгондорду башка жумушка, анын ичинде башка жерге которуу алар иштеген ишкананын администрациясы тарабынан жатак-абактын администрациясы менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

(9) Соттолгондорго администрациялык-аймактык түзүлүштүн чектеринде жайгашкан жогорку жана атайын орто окуу жайларында сырттан окууга уруксат берилет.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

93-статья. Жалпы тартиптеги түзөтүү абактары

 

(1) Жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында чоң коркунуч келтирбеген кылмыштарды, анча оор эмес кылмыштарды атайылап жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратууга биринчи жолу соттолгон эркектер, ошондой эле байкабастыктан жасаган кылмышы үчүн жети жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондор жана чоң коркунуч келтирбеген кылмыштарды, анча оор эмес кылмыштарды, оор кылмыштарды атайылап жасагандыгы үчүн биринчи жолу соттолгон, ошондой эле байкабастыктан жасаган кылмыштары үчүн жети жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон аялдар, эгерде адам мурда эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөсө, өнөкөт кылмыштар үчүн жана коркунучтуу өнөкөт кылмыш үчүн соттолгондор жазасын өтөшөт.

(2) Жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында коомдук жумуштарга, түзөтүү жумуштарына же эркиндигин чектөө, эркиндигинен ажыратуу менен алмашылган адамдар, ошондой эле ушул Кодекстин 50 жана 111-статьяларында каралган тартипте жатак-абактардан жана тарбиялоо абактарынан которулган соттолгондор жазасын өтөөсү мүмкүн.

(3) Жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында адаттагы шарттарда ушул түзөтүү мекемесине келген соттолгондор, ошондой эле жаза өтөөнүн катуу жана жеңилдетилген шарттарынан которулуп келген соттолгондор жазасын өтөйт.

(4) Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн жаза-чаралары жок болгондо жана эмгекке карата ак ниет мамиле жасаганда жазасынын кеминде алты айлык мөөнөтүн адаттагы шарттарда өтөгөндөн кийин соттолгондор жеңилдетилген шарттарга которулат.

(5) Жазасын адаттагы шарттарда өтөп жаткан, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучулар катары таанылган соттолгондор катуу шарттарга которулат.

(6) Жазасын жеңилдетилген шарттарда өтөп жаткан, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучулар катары таанылган соттолгондор адаттагы же катуу шарттарга которулат.

(7) Жаза өтөөнүн катуу шарттарынан адаттагы шарттарга которуу жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн жаза-чаралары жок болгондо алты айдан кийин жүргүзүлөт.

(8) Катуу шарттардан адаттагы же адаттагы шарттардан жеңилдетилген шарттарга экинчи жолу которуу ушул статьянын төртүнчү жана жетинчи бөлүктөрүндө аныкталуучу тартипте жүзөгө ашырылат.

(9) Жалпы тартиптеги башка түзөтүү абагынан которулган соттолгондор аларга которулганга чейин эле аныкталган шарттарда жазасын өтөшөт.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

94-статья. Жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында жаза өтөөнүн шарттары

 

(1) Жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында жазасын адаттагы шарттарда өтөп жаткан соттолгондор кадимки турак жайларда жашайт. Аларга:

1) жеке эсептеринде болгон акчанын мыйзамда белгиленген эң аз айлык акынын эки өлчөмүнөн ашпаган суммасын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алууга чыгымдоого;

2) жыл ичинде алты кыска мөөнөттүү жана алты узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) жыл ичинде он аманат жөнөтүү же берип жиберүү жана он бандероль алууга;

4) бир жылда телефон аркылуу 10 жолу сүйлөшүүгө уруксат берилет.

(2) Жазасын жеңилдетилген шарттарда өтөп жаткан соттолгондор кадимки турак жайларда жашайт. Аларга:

1) жеке эсептеринде болгон акчанын мыйзамда белгиленген эң аз айлык акынын эки өлчөмүнөн ашпаган суммасын тамак-аш азыктарын жана

күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алууга чыгымдоого;

2) жыл ичинде алты кыска мөөнөттүү жана алты узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) жыл ичинде он эки аманат жөнөтүү же берип жиберүү жана он эки бандероль алууга;

4) бир жылда телефон аркылуу 12 жолу сүйлөшүүгө уруксат берилет.

(3) Жеңилдетилген шарттарда жазасын өтөп жаткан соттолгондор эркиндиктеги турмушка ийгиликтүү ыңгайлашуу максатында түзөтүү абагынын зардалынын токтому боюнча жазанын мөөнөтү аяктаганга чейин алты ай калганда камактан бошотулушу мүмкүн. Мындай учурда аларга түзөтүү абагынын чегинен тышкары жерлерде көзөмөл алдында жашоого жана иштөөгө уруксат берилет. Алар кайтаруусуз же коштоосуз жүрүү укугу берилген соттолгондор менен чогуу кармалышы мүмкүн.

(4) Жазасын катуу шарттарда өтөп жаткан соттолгондор бекитиле турган имарат жайларда жашайт. Аларга:

1) жеке эсептеринде болгон акчанын мыйзамда белгиленген эң аз айлык акынын бир өлчөмүнүн биринен ашпаган суммасын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүү нерселерди сатып алууга чыгымдоого;

2) жыл ичинде төрт кыска мөөнөттүү жана төрт узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) жыл ичинде сегиз аманат жөнөтүү же берип жиберүү жана сегиз бандероль алууга;

4) күн сайын бир жарым саат узактыктагы сейилге чыгуудан пайдаланууга;

5) бир жылда телефон аркылуу 8 жолу сүйлөшүүгө уруксат берилет.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

95-статья. Күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактары

 

(1) Күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратууга биринчи жолу соттолгон, ушул Кодекстин 111-статьясында каралган тартипте тарбиялоо абактарынан которулган эркектер эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазасын өтөйт.

(2) Күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында жазасын адаттагы шарттарда, ушул түзөтүү мекемесине келген соттолгондор, ошондой эле жаза өтөөнүн катуу жана жеңилдетилген шарттарынан которулуп келген соттолгондор жазасын өтөйт.

(3) Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн жаза - чарасы жок болгондо жана эмгекке ак ниет мамиле жасаганда, жазасынын мөөнөтүнүн кеминде тогуз айын адаттагы шарттарда өтөгөндөн кийин соттолгондор жеңилдик шарттарына которулат.

(4) Жазасын адаттагы шарттарда өтөп жаткан, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучулар катары таанылган соттолгондор катуу шарттарга которулат.

(5) Жазасын жеңилдетилген шарттарда өтөп жаткан, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучулар катары таанылган соттолгондор адаттагы же катуу шарттарга которулат.

(6) Өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгон адамдар да алгачкы мезгилде катуу шарттарда кармалат.

(7) Кармоонун катуу шарттарынан адаттагы шарттарга которуу жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн жаза-чарасы жок болгондо тогуз айдан кийин жүргүзүлөт.

(8) Катуу шарттардан адаттагы шарттарга же адаттагы шарттардан жеңилдетилген шарттарга экинчи жолу которуу ушул статьянын үчүнчү жана жетинчи бөлүктөрүндө аныкталган тартипте жүргүзүлөт.

(9) Күчөтүлгөн тартиптеги башка абактан которулган соттолгондор аларга которулганга чейин эле аныкталган шарттарда жазасын өтөйт.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

96-статья. Күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында жаза өтөөнүн шарттары

 

(1) Күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында жазасын адаттагы шарттарда өтөп жаткан соттолгондор кадимки турак жайларда жашайт. Аларга:

1) жеке эсептеринде болгон акчанын мыйзамда белгиленген эң аз айлык акынын өлчөмүнүн экиден ашпаган суммасын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алууга чыгымдоого;

2) жыл ичинде беш кыска мөөнөттүү жана беш узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) жыл ичинде сегиз аманат жөнөтүү же берип жиберүү жана сегиз бандероль алууга;

4) бир жылда телефон аркылуу 8 жолу сүйлөшүүгө уруксат берилет.

(2) Жазасын жеңилдетилген шарттарда өтөп жаткан соттолгондор кадимки турак жайларда жашайт. Аларга:

1) жеке эсептеринде болгон акчанын мыйзамда белгиленген эң аз айлык акынын өлчөмүнүн экиден ашпаган суммасына тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алууга чыгымдоого;

2) жыл ичинде алты кыска мөөнөттүү жана алты узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) жыл ичинде он аманат жөнөтүү же берип жиберүү жана он бандероль алууга;

4) бир жылда телефон аркылуу 10 жолу сүйлөшүүгө уруксат берилет.

(3) Жазасын катуу шарттарда өтөп жаткан соттолгондор бекитиле турган имарат жайларда жашайт. Аларга:

1) жеке эсептеринде болгон акчанын мыйзамда белгиленген эң аз айлык акынын өлчөмүнүн бирөөсүнөн ашпаган суммасына тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алууга чыгымдоого;

2) жыл ичинде төрт кыска мөөнөттүү жана эки узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) жыл ичинде алты аманат жөнөтүү же берип жиберүү жана алты бандероль алууга;

4) күн сайын бир жарым саат узактыктагы сейилге чыгуудан пайдала-

нууга;

5) бир жылда телефон аркылуу 6 жолу сүйлөшүүгө уруксат берилет.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

97-статья. Катуу тартиптеги түзөтүү абактары

 

(1) Катуу тартиптеги түзөтүү абактарында, эгерде адам мурда эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөсө, кылмыштары үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгон, ошондой эле коркунучтуу өнөкөт кылмыштары үчүн соттолгон эркектер жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн, ошондой эле өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыштары үчүн соттолгон аялдар эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазасын өтөйт.

(2) Катуу тартиптеги түзөтүү абактарында ушул Кодекстин 50 статьясынын экинчи бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык которулган эркиндигинен ажыратуута соттолгон башка адамдар жазасын өтөшү мүмкүн.

(3) Катуу тартиптеги түзөтүү абактарында адаттагы шарттарда жазасын ушул түзөтүү мекемесине келген, эркиндигинен ажыратуу жайларында атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адамдардан башка соттолгондор, ошондой эле жаза өтөөнүн катуу жана жеңилдетилген шарттарынан которулган соттолгондор жазасын өтөйт.

(4) Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузгандыгы учүн жаза-чарасы жок болгон жана эмгекке ак ниет мамиле жасаган соттолгондор жазасынын мөөнөтүнүн кеминде бир жылын адаттагы шарттарда өтөгөндөн кийин жеңилдик шарттарына которулат.

(5) Жазасын адаттагы шарттарда өтөп жаткан, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучулар катары таанылган соттолгондор катуу шарттарга которулат.

(6) Жазасын жеңилдетилген шарттарда өтөп жаткан, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучулар катары таанылган соттолгондор адаттагы же катуу шарттарга которулат.

(7) Эркиндигинен ажыратуу жайларында атайылап жасаган кылмыштары үчүн соттолгон адамдар да алгачкы мезгилде катуу шарттарда кармалат.

(8) Кармоонун катуу шарттарынан адаттагы шарттарга которуу жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн жаза-чарасы жок болгондо бир жылдан кийин жүргүзүлөт.

(9) Катуу шарттардан адаттагы шарттарга же адаттагы шарттардан жеңилдетилген шарттарга экинчи жолу которуу ушул статьянын төртүнчү жана сегизинчи бөлүктөрүндө аныкталган тартипте жүргүзүлөт.

(10) Күчөтүлгөн тартиптеги башка абактан которулган соттолгондор аларга которулганга чейин эле аныкталган шарттарда жазасын өтөйт.

 

98-статья. Катуу тартиптеги түзөтүү абактарында жаза өтөөнүн шарттары

 

(1) Катуу тартиптеги түзөтүү абактарында жазасын адаттагы шарттарда өтөп жаткан соттолгондор кадимки турак жайларда жашайт. Аларга:

1) жеке эсептеринде болгон акчанын мыйзамда белгиленген эң аз айлык акынын өлчөмүнүн бирөөсүнөн ашпаган суммасын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алууга чыгымдоого;

2) жыл ичинде төрт кыска мөөнөттүү жана төрт узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) жыл ичинде алты аманат жөнөтүү же берип жиберүү жана алты бандероль алууга;

4) бир жылда телефон аркылуу 6 жолу сүйлөшүүгө уруксат берилет.

(2) Жазасын жеңилдетилген шарттарда өтөп жаткан соттолгондор кадимки турак жайларда жашайт. Аларга:

1) жеке эсептеринде болгон акчанын мыйзамда белгиленген эң аз айлык акынын өлчөмүнүн бирөөсүнөн ашпаган суммасын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алууга чыгымдоого;

2) жыл ичинде беш кыска мөөнөттүү жана беш узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) жыл ичинде сегиз аманат жөнөтүү же берип жиберүү жана сегиз бандероль алууга;

4) бир жылда телефон аркылуу 8 жолу сүйлөшүүгө уруксат берилет.

(3) Жазасын катуу шарттарда өтөп жаткан соттолгондор бекитиле турган имарат жайларда жашайт. Аларга:

1) жеке эсептеринде болгон акчанын мыйзамда белгиленген эң аз айлык акынын өлчөмүнүн 80%ынан ашпаган суммасын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алууга чыгымдоого;

2) жыл ичинде төрт кыска мөөнөттүү жана эки узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) жыл ичинде төрт аманат жөнөтүү же берип жиберүү жана төрт бандероль алууга;

4) күн сайын бир жарым саат узактыктагы сейилге чыгуудан пайдаланууга;

5) бир жылда телефон аркылуу 4 жолу сүйлөшүүгө уруксат берилет.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

99-статья. Өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактары

 

(1) Өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарында өтө коркунучтуу өнөкөт кылмыш жасаган эркектер, өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар, ошондой эле өмүр бою эркиндигинен ажыратуу ырайым кылуу тартибинде эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылган адамдар жазасын өтөйт.

(2) Өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарында ушул түзөтүү мекемесине келген, эркиндигинен ажыратуу жайларында атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон адамдардан башка соттолгондор, ошондой эле жазаны адаттагы шарттарда өтөөнүн катуу жана жеңилдетилген шарттарынан которулган соттолгондор адаттагы шарттарда жазасын өтөйт.

(3) Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн жаза-чарасы жок болгон жана эмгекке ак ниет мамиле кылган соттолгондор жазасынын мөөнөтүнүн кеминде бир жыл үч айын адаттагы шарттарда өтөгөндөн кийин жеңилдик шарттарына которулат.

(4) Жазасын адаттагы шарттарда өтөп жаткан, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучулар катары таанылган соттолгондор катуу шарттарга которулат.

(5) Жазасын жеңилдетилген шарттарда өтөп жаткан, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучулар катары таанылган соттолгондор адаттагы же катуу шарттарга которулат.

(6) Эркиндигинен ажыратуу жайларында атайылап жасаган кылмыштары үчүн соттолгондор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгон адамдар да алгачкы мезгилде катуу шарттарда кармалат.

(7) Кармоонун катаал шарттарынан адаттагы шарттарга которуу жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн жаза-чарасы жок болгондо бир жыл үч айдан кийин жүргүзүлөт.

(8) Катуу шарттардан адаттагы шарттарга же адаттагы шарттардан жеңилдетилген шарттарга экинчи жолу которуу ушул статьянын үчүнчү жана жетинчи бөлүктөрүндө аныкталган тартипте жүргүзүлөт.

(9) Өзгөчө тартиптеги башка абактан которулган соттолгондор аларга которулганга чейин аныкталган эле шарттарда жазасын өтөйт.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 , 2010-жылдын 10-февралындагы № 27 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

100-статья. Өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарында жаза өтөөнүн шарттары

 

(1) Өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарында жазасын адаттагы шарттарда өтөп жаткан соттолгондор камералык типтеги имарат жайларда жашайт. Аларга:

1) жеке эсептеринде болгон акчанын мыйзамда белгиленген эң аз айлык акынын өлчөмүнүн бирөөсүнөн ашпаган суммасын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алууга чыгымдоого;

2) жыл ичинде үч кыска мөөнөттүү жана үч узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) жыл ичинде беш аманат жөнөтүү же берип жиберүү жана беш бандероль алууга;

4) бир жылда телефон аркылуу төрт сүйлөшүүгө уруксат берилет.

(2) Жазасын жеңилдетилген шарттарда өтөп жаткан соттолгондор кадимки турак жайларда жашайт. Аларга:

1) жеке эсептеринде болгон акчанын мыйзамда белгиленген эң аз айлык акынын өлчөмүнүн бирөөсүнөн ашпаган суммасын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алууга чыгымдоого;

2) жыл ичинде төрт кыска мөөнөттүү жана төрт узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) жыл ичинде алты аманат жөнөтүү же берип жиберүү жана алты бандероль алууга;

4) бир жылда телефон аркылуу 6 жолу сүйлөшүүгө уруксат берилет.

(3) Жазасын катуу шарттарда өтөп жаткан соттолгондор камералык типтеги имарат жайларда жашайт. Аларга:

1) жеке эсептеринде болгон акчанын мыйзамда белгиленген эң аз айлык акынын өлчөмүнүн 70%ынан ашпаган суммасын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алууга чыгымдоого;

2) жыл ичинде эки кыска мөөнөттүү жолугушуу жана бир узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) жыл ичинде үч аманат же берип жиберүү жана үч бандероль алууга;

4) күн сайын бир жарым саат узактыктагы сейилге чыгуудан пайдала-

нууга;

5) бир жылда телефон аркылуу 2 жолу сүйлөшүүгө уруксат берилет.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

100-1-статья. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасын өтөп жаткан

соттолгондор үчүн өзгөчө режимдеги түзөтүү абактары

 

Өзгөчө режимдеги түзөтүү абактарында эркиндигинен өмүр бою ажыратууга соттолгондор башка соттолгондордон бөлүнүү менен жазаларын өтөшөт.

(КР 2010-жылдын 10-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

100-2-статья. Өзгөчө режимдеги түзөтүү абактарында эркиндигинен

өмүр бою ажыратуу жазасын өтөп жатышкан соттолгондор

үчүн эркиндигинен ажыратуу мөөнөтүн өтөөнүн шарттары

 

(1) Эркиндигинен өмүр бою ажыратууга соттолгондор, эреже катары, камераларга эки адамдан көп эмес жайгаштырылат. Соттолгондордун өтүнүчү боюнча жана башка зарыл учурларда соттолгондордун жеке коопсуздугуна коркунуч туулганда түзөтүү абагынын начальнигинин токтому боюнча алар жеке камераларда кармалышы мүмкүн. Көрсөтүлгөн соттолгондордун эмгеги соттолгондорду камераларда кармоонун талаптарын эске алуу менен уюштурулат.

(2) Соттолгондор күнүгө узактыгы бир жарым сааттык сейилдөөгө укуктуу.

Соттолгон өзүн жакшы алып жүрсө жана мүмкүнчүлүк болгондо сейилдөө убактысы эки саатка чейин узартылышы мүмкүн.

(3) Өзгөчө режимдеги түзөтүү абактарына келгенден кийин бардык соттолгондор жаза өтөөнүн күчөтүлгөн шарттарында жайгаштырылат. Жаза өтөөнүн күчөтүлгөн шарттарынан жаза өтөөнүн демейки шарттарына которуу жаза өтөөнүн 10 жылдан кем эмесин жаза өтөөнүн күчөтүлгөн шарттарында өтөгөндөн кийин ушул Кодекстин 99-статьясынын жетинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча жүргүзүлөт. Эгерде соттолгонго тергөө изоляторундагы мезгилинде жаза чарасы түрүндө айып изоляторуна же жалгыз камерага отургузуу колдонулбаса, анын жаза өтөөнүн күчөтүлгөн шарттардагы мөөнөтү камакка алынган күндөн тартып эсептелет.

(4) Жаза өтөөнүн демейки шарттарында 10 жылдан кем эмес мөөнөт өтөгөндөн кийин соттолгондор ушул Кодекстин 99-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча жеңилдетилген шарттарга которулушу мүмкүн.

(5) Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянат бузуучулар катары таанылган жана жазаны жеңилдетилген шарттарда өтөп жаткан соттолгондор жаза өтөөнүн демейки же күчөтүлгөн шарттарына, ал эми демейки шарттарда жаза өтөп жаткан соттолгондор жаза өтөөнүн күчөтүлгөн шарттарына которулушат. Кайрадан жаза өтөөнүн демейки болбосо жеңилдетилген шарттарына которуу ушул статьянын үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө каралган тартипте жүргүзүлөт.

(6) Соттолгондордун демейки, жеңилдетилген жана күчөтүлгөн шарттарда жаза өтөөлөрүнүн тартиби тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектүү нерселерди сатып алууга каражаттарды" сарптоого, жолугушуулардын санына жана түрүнө, посылкалардын, жөнөтүүлөрдүн жана бандеролдордун санына тийиштүү бөлүгү ушул Кодекстин 100-статьясында аныкталат.

(КР 2010-жылдын 10-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

101-статья. Түрмөлөр

 

(1) Өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон, ошондой эле өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыш үчүн жазасынын мөөнөтүн түрмөдө, бирок беш жылдан ашпаган мөөнөттө өтөгөн соттолгон адамдар, ошондой эле ушул Кодекстин 50-статьясында каралган негиздер боюнча түзөтүү абактарынан которулган адамдар түрмөлөрдө кармалат.

(2) Ошондой эле ушул Кодекстин 49-статьясында каралган тартипте түрмөдө калтырылган адамдар да жазасын түрмөлөрдө өтөйт.

(3) Соттолгондор түрмөлөрдө жалпы камераларда кармалат жана бирдей үлгүдөгү кийим кийишет. Зарыл учурларда соттолгондор түрмөнүн зардалынын жүйөлөштүрүлгөн токтому боюнча жеке камераларда кармалат.

(4) Соттолгондорду камераларга жайгаштыруу ушул Кодекстин 52-статьясында каралган талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт. Түрмөдө чарбалык тейлөө жумуштары үчүн калтырылган соттолгондор да калган соттолгондордон бөлөк кармалат.

(5) Жазасын түрмөдө өтөп жаткан соттолгондор:

1) тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алууга мыйзамда белгиленген эң аз айлык акынын өлчөмүнүн бирөөсүнөн ашпаган суммадагы акча чыгымдоого;

2) жыл ичинде төрт кыска мөөнөттүү жана эки узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) жыл ичинде үч аманат жөнөтүү же үч берип жиберүү жана эки бандероль алууга;

4) күн сайын бир жарым сааттык узактыктагы сейилге чыгуудан пайдаланууга;

5) жылына телефон аркылуу 4 жолу сүйлөшүүгө укуктуу.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

15-Глава
Жашы жете электердин эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны
аткарышынын өзгөчөлүктөрү

 

102-статья. Тарбия абактары

 

(1) Тарбия абактарында жаза өтөөнүн адаттагы жана жеңилдетилген шарттары белгиленет.

(2) Тарбия абактарында, которулуу менен же жеңилдик берүүчү шарттарынан которулган соттолгондор жазасын адаттагы шарттарда өтөйт.

(3) жазаны адаттагы шарттарда өтөп жаткан соттолгондорду шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотууга даярдоо үчүн иш жүзүндөгү мөөнөттү өтөгөндөн кийин жеңилдетилген шарттарга которулат:

1) анча чоң эмес оордуктагы жана оор эмес кылмыштар үчүн сот тарабынан дайындалган жазанын мөөнөтүнүн төрттөн биринен кем эмесин;

2) оор кылмыш үчүн сот тарабынан дайындалган жазанын мөөнөтүнүн үчтөн биринен кем эмесин;

3) өзгөчө оор кылмыш үчүн, ошондой эле эгер ал адам мурда атайлап жасаган кылмыш үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгон болсо, жазанын мөөнөтүнүн жарымынан кем эмесин.

(4) Жазасын жеңилдик берүүчү шарттарда өтөп жаткан, кыянаттык менен тартип бузуучулар катары таанылган соттолгондор адаттагы шарттарга которулат. Жеңилдик берүүчү шарттарга экинчи жолу которуу адаттагы шарттарга кайра келгенден кийин кеминде алты айдан кийин жүргүзүлөт.

(5) Соттолгондорду жаза өтөөнүн бир шартынан экинчи шартына которуу, абактын окуу-тарбиялоо кеңешинин сунушу боюнча абактын зардалы тарабынан жүргүзүлөт.

(6) Соттолгон жаза өтөөнүн жеңилдетилген шарттарынан демейки шарттарына которууга макул болбогон учурда, ал которуу жөнүндө чечимге мыйзамда белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2010-жылдын 10-февралындагы № 27, 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

102-1-статья. Жазаны тарбия абактарында өтөөнүн тартиби

 

(1) Тарбия абактарында төмөнкүлөр өз-өзүнчө кармалат:

1) он алты жашка чейинки курактагы соттолгон жашы жетелектер - жашы улуу соттолгондордон;

2) эркиндигинен ажыратууга биринчи жолу соттолгондор - мурда эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны өтөгөндөрдөн.

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

103-статья. Жалпы тартиптеги тарбия абактары

 

(1) Жалпы тартиптеги тарбия абактарында эркиндигинен ажыратууга биринчи жолу соттолгон жашы жете элек эркек балдар, ошондой эле жашы жете элек кыздар жазасын өтөйт.

(2) Жазасын адаттагы шарттарда өтөп жаткан соттолгондор кадимки турак жайларда жашайт. Аларга:

1) жеке эсептеринде болгон акчаны тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алууга чыгымдоого;

2) жыл ичинде он эки кыска мөөнөттүү жана сегиз узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) жыл ичинде он эки аманат жөнөтүү же берип жиберүү жана он эки бандероль алууга;

4) бир жылда телефон аркылуу 10 жолу сүйлөшүүгө уруксат берилет.

(3) Жазасын жеңилдик берүүчү шарттарда өтөп жаткан соттолгондор, эреже катары, абактын чегинен тышкары жерде кайтаруусуз, бирок көзөмөл алдында жашайт. Аларга:

1) жеке эсептеринде болгон акчаны турмуш-тиричилик муктаждыктарына чыгымдоого;

2) накталай акчаларды пайдаланууга;

3) аманат жөнөтүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү жана бандеролдорду чектөөсүз алууга;

4) жыл ичинде кыска мөөнөтүү жолугушууларды чектөөсүз алууга, ошондой эле узак мөөнөттүү он эки жолугушуу алууга;

5) жарандык үлгүдөгү кийим жана бут кийим кийүүгө;

6) бир жылда телефон аркылуу 12 жолу сүйлөшүүгө уруксат берилет.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

104-статья. Күчөтүлгөн тартиптеги тарбия абактары

 

(1) Күчөтүлгөн тартиптеги тарбия абактарында мурда эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазасын өтөгөн жашы жете элек эркек балдар жазасын өтөйт.

(2) Жазасын адаттагы шарттарда өтөп жаткан соттолгондор кадимки турак жайларда жашайт. Аларга:

1) жеке эсептеринде болгон акчаны тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алууга чыгымдоого;

2) жыл ичинде сегиз кыска мөөнөттүү жана алты узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) жыл ичинде он аманат жөнөтүү же берип жиберүү жана он бандероль алууга;

4) бир жылда телефон аркылуу 8 жолу сүйлөшүүгө уруксат берилет.

(3) Жазасын жеңилдик берүүчү шарттарда өтөп жаткан соттолгондор, эреже катары, абактын чегинен тышкары жеринде кайтаруусуз, бирок көзөмөл алдында жашайт. Аларга:

1) жеке эсептеринде болгон акчанын мыйзамда белгиленген эн аз айлык акынын өлчөмүнүн 80%ынан ашпаган суммасын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алууга чыгымдоого;

2) жыл ичинде төрт кыска мөөнөттүү жана эки узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) жыл ичинде төрт аманат жөнөтүү же берип жиберүү жана төрт бандероль алууга;

4) күн сайын эки саатка чейинки узактыкта сейилге чыгуудан пайдаланууга;

5) бир жылда телефон аркылуу 4 жолу сүйлөшүүгө уруксат берилет.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

105-статья. Соттолгондорго карата колдонулуучу сыйлоо чаралары

 

Жакшы жүрүш-турушу, окууга жана эмгекке ак ниет мамилеси, өз демилгелүү уюмдардын ишине жана тарбиялоо иш-чараларына активдүү катышкандыгы үчүн соттолгондорго ушуЛ Кодекстин 86-статьясында каралгандар менен катар сыйлоонун төмөндөгүдөй чаралары:

1) абактын кызматкерлеринин коштоосу менен тарбиялоо абагынын чегинен тышкары жердеги маданий-оюн-зоок жана спорттук иш-чараларына барууга укук берүү;

2) соттолгонду дисциплинардык изолятордон мөөнөтүнөн мурда бошотуу колдонулушу мүмкүн.

 

106-статья. Соттолгондорго карата сыйлоо чараларын колдонуунун өзгөчөлүктөрү

 

(1) Сыйлоо тартибинде тарбиялоо абагынан тышкары жердеги маданий оюн-зоок жана спорттук иш-чараларга абактын кызматкерлеринин коштоосу менен барууга сыйлоо тартибинде укук берилген соттолгондорго, алардын жарандык үлгүдөгү кийимдери берилет.

(2) Түн ичинде өткөрүлүүчү маданий-оюн-зоок, спорттук жана башка иш-чараларга сыйлоо тартибинде барууга жол берилбейт.

(3) Абактын чегинен тышкары чыгуунун узактыгы абактын зардалы тарабынан белгиленет, бирок ал алты сааттан ашпоого тийиш.

 

107-статья. Соттолгондорго карата колдонулуучу жаза-чаралары

 

Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн соттолгондорго карата ушул Кодекстин 87-статьясынын биринчи,экинчи жана үчүнчү пункттарында каралгандар менен катар төмөндөгүдөй жаза-чаралары:

1) бир ай бою кинофильмдерди көрүү укугунан ажыратуу;

2) окууга алып чыгуу менен жети суткага чейинки мөөнөткө дисциплинардык изоляторго отургузуу колдонулушу мүмкүн.

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

108-статья. Соттолгондорго карата жаза-чараларын колдонуунун тартиби

 

(1) Дисциплинардык изоляторго отургузулган соттолгондорго жолугушууга, телефон аркылуу сүйлөшүүгө, тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алууга, аманат жөнөтүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү жана бандеролдорду алууга, кинофильмдер менен телеберүүлөрдү көрүүгө, стол үстүндө ойнолуучу оюндарды ойноого жана тамеки тартууга тыюу салынат.

Алар күн сайын узактыгы эки саат сейилдөөдөн пайдаланууга укуктуу.

(2) Дисциплинардык изоляторго отургузулган соттолгондорго карата дисциплинардык изоляторго отургузуудан башка бардык жаза-чаралары колдонулушу мүмкүн.

(3) Соттолгонду дисциплинардык изолятордон мөөнөтүнөн мурда бошотууга ушул жазаны берген адам тарабынан сыйлоо чарасы тартибинде, ошондой эле медициналык көрсөткүчтөр боюнча уруксат берилет.

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

109-статья. Сыйлоо жана жаза-чараларын колдонуучу кызмат адамдары

 

(1) Ушул Кодекстин 105 жана 107 -статьяларында каралган сыйлоо жана жаза-чараларын толук көлөмдө колдонуу укутунан тарбиялоо абагынын зардалы же аны алмаштырган адам пайдаланат.

(2) Отряддардын зардалдары (улук тарбиячылар) төмөндөгүдөй сыйлоо чараларын колдонууга:

1) алкыш жарыялоого;

2) телефон аркылуу кошумча сүйлөшүүгө уруксат берүүгө;

3) отряддын зардалы тарабынан мурда берилген жазаны мөөнөтүнөн мурда алып салууга укуктуу.

(3) Тарбиячылар төмөндөгүдөй сыйлоо чараларын колдонууга:

1) алкыш жарыялого;

2) улук тарбиялоочу тарабынан мурда берген жазаны мөөнөтүнөн мурда алып салууга укуктуу.

(4) Отряддардын зардалдары төмөндөгүдөй жаза-чараларын колдонууга:

1) сөгүш берүүгө;

2) бир ай боюу кинофильмдерди көрүү укугунан ажыратууга укуктуу.

 

110-статья. Эрезеге жеткен соттолгондорду тарбия абактарында калтыруу

 

(1) Он сегиз жаш куракка толгон соттолгондор эреже катары, тарбиялоо абагында калтырылат, бирок бул алар жыйырма бир жашка толгонго чейин гана колдонулат.

(2) Он сегиз жаш куракка толгон жана тарбиялоо абагында калтырылган соттолгондорго жашы жете элек соттолгондор үчүн жаза өтөөнүн шарттары, тамак-аш жана материалдык-тиричилик жагынан камсыз кылуунун ченемдери жайылтылат. Он сегиз жаш куракка толгон адамдардын эмгек шарттары эмгек жөнүндө мыйзамдарга ылайык белгиленет.

(3) Он сегиз жаш куракка толгон соттолгондорду тарбиялоо абагында калтыруу абактын зардалынын прокурор тарабынан санкция берилген токтому боюнча жүргүзүлөт.

 

111-статья. Соттолгондорду тарбия абактарынан түзөтүү абактарына которуу

 

(1) Терс мүнөздөлгөн, он сегиз жаш куракка толгон соттолгондор жазасын андан ары өтөө үчүн тарбиялоо абагынан аял кишилер, эркек кишилер жалпы тартиптеги түзөтүү абагына которулат.

(2) Он сегиз жаш куракка толгон соттолгонду түзөтүү абагына которуу тарбиялоо абагынын зардалынын жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын биргелешкен сунушу боюнча сот тарабынан жүргүзүлөт.

(3) Жыйырма бир жашка толгон бардык соттолгондор жазасын андан ары өтөө үчүн абактын зардалынын токтому боюнча тарбиялоо абагынан жалпы тартиптеги түзөтүү абагына которулат.

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

112-статья. Окуу-тарбиялоо процессин уюштуруу

 

(1) Соттолгондорду түзөтүү жана аларды өз алдынча турмушка даярдоо максатында соттолгондордо мыйзамга ылайык жүрүш-турушту, эмгекке жана окууга ак ниет мамилени калыптандырууга, баштапкы кесиптик билим алууга, кесиптик жагынан даярдоого, билим жана маданий деңгээлин жогорулатууга багытталган бирдиктүү окуу-тарбиялоо процесси уюштурулат.

(2) Жалпы билим берүүчү жана кесиптик-техникалык окутуу жалпы билим берүүчү кечки мектептин, кесиптик-техникалык окуу жайынын жана тарбиялоо абагынын ишканасынын базасында жүзөгө ашырылат.

(3) Он алты жашка чыккан соттолгон жашы жетелектер орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү билим берүү мекемелеринде сырттан окууга укуктуу.

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

113-статья. Коомдук кошундардын тарбия абактарынын ишине катышуусу

 

(1) Абактын администрациясына окуу-тарбиялоо процессин уюштурууда жана мекеменин материалдык-техникалык базасын чыңдоодо, соттолгондорду социалдык жактан коргоо, бошотулуп жаткандарды эмгекке жана турмуш-тиричилик жагынан жайгаштыруу маселелерин чечүүдө жардам көрсөтүү үчүн тарбиялоо абагынын алдында Камкорчу кеңеши түзүлөт. Камкорчу кеңешин уюштуруу жана анын иши мыйзамда аныкталат.

(2) Соттолгондорго тарбиялык таасир көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана абактын администрациясына жардам көрсөтүү максатында тарбиялоо абагындагы отряддардын алдында соттолгондордун ата-энелеринен жана башка жакын туугандарынан ата-энелер комитеттери түзүлүшү мүмкүн. Ата-энелер комитеттеринин иши тарбиялоо абагынын зардалы тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат

(3) Тарбия абактарынын ишине башка коомдук бирикмелер да катышышы мүмкүн.

(КР 2014-жылдын 30-майындагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

16-Глава
Соттолгон аскер кызматчыларын камакка алууну аткаруу

  

(Глава КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

17-Глава
Дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү жазаны
аткаруунун тартиби жана шарттары

 

119-статья. Дисциплинардык аскер бөлүктөрү

 

(1) Дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү жаза айрым дисциплинардык батальондор же айрым дисцишшнардык роталар тарабынан аткарылат. Дисциплинардык аскер бөлүктөрүнүн уюштуруу структурасы жана алардын саны Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан аныкталат.

(2) Соттолгондорду дисциплинардык аскер бөлүктөрүнө жөнөтүү жана кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

(3) Дисциплинардык аскер бөлүктөрүндө кармалып турган соттолгондорго карата ушул Кодекстин жоболоруна ылайык түзөтүүнүн негизги каражаттары, ошондой эле аскердик үйрөтүү колдонулат.

 

120-статья. Дисциплинардык аскер бөлүгүндөгү тартип

 

(1) Дисциплинардык аскер бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан аныкталган, дисциплинардык бөлүктүн чектеринде соттолгондорду кайтарууну, аларга көзөмөл жүргүзүүнү, аларга жүктөлгөн милдеттердин жана аскердик үйрөтүүнүн аткарылышын, алардын укуктарынын жана мыйзамдуу таламдарынын ишке ашырылышын,соттолгондордун жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылууму жазаны аткаруу жана өтөө тартиби белгиленет.

(2) Соттолгон аскер кызматчылары дисциплинардык аскер бөлүгүндө белгиленген тартиптин талаптарын сактоого милдеттүү.

(3) Дисциплинардык аскер бөлүгүндө жазасын өтөө мезгилинде өздөрүнүн аскердик наамына жана мурдагы кызматынын мүнөзүнө карабастан, бардык соттолгондор солдаттардын абалында болот жана ошол бөлүк үчүн белгиленген кийимдердин бирдей формасын кийишет жана айырмалоо белгилерин тагынып жүрүшөт.

 

121-статья. Соттолгондордун жолугушуусу

 

(1) Соттолгон аскер кызматчылары кыска жана узак мөөнөттүү жолугушуута укуктуу болот.

(2) Туугандары жана башка адамдар менен кыска мөөнөттүү жолугушуулар айына эки жолу төрт саатка чейинки узактыкта атайын жабдылган бөлмөдө дисциплинардык аскер бөлүгүнүн өкүлүнүн байкоосу астында, дисциплинардык аскер бөлүгүнүн командири тарабынан белгиленген күндөрдө жана сааттарда жумуштан жана сабактардан бош мезгилде берилет.

(3) Узак мөөнөттүү жолугушуулар жубайы жана жакын туугандары менен, ал эми өзгөчө учурларда бөлүктүн командиринин уруксаты боюнча башка адамдар менен жыл ичинде төрт жолу үч суткага чейинки узактыкта дисциплинардык аскер бөлүгүндөгү атайын жабдылган имарат жайында, болбосо бөлүктүн командиринин кароосу боюнча анын чегинен тышкаркы жерде бирге жашоого укук берүү менен берилет.

(4) Узак мөөнөттүү жолугушуу убагында соттолгондор жумуштардан жана көнүгүүлөрдөн бошотулат.

(5) Соттолгондордун өтүнүчү боюнча кыска мөөнөттүү же узак мөөнөттүү жолугушуу телефон аркылуу сүйлөшүү менен алмаштырылышы мүмкүн.

(6) Юридикалык жардам алуу үчүн соттолгондорго адвокаттар же юридикалык жардам көрсөтүүгө укугу бар башка адамдар менен жолугушуу берилиши мүмкүн. Соттолгондордун жана адвокаттын каалоосу боюнча жолугушуу жекеме -жеке жана убактысын чектебестен берилиши мүмкүн.

 

122-статья. Соттолгондордун аманат жөнөтүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү жана бандеролдорду алышы

 

(1) Соттолгондор айына бир жолу бир аманат жөнөтүү жана жолугушууда берип жиберүүлөрдү, ал эми бандеролдорду чектебеген санда алууга укуктуу.

(2) Аманат жөнөтүүлөр, берип жиберүүлөр жана бандеролдор ачылат жана алардын ичиндегалер дисцишшнардык аскер бөлүгүнүн өкүлүнүн контролдугу астында алар даректелген соттолгондор тарабынан алынат.

(3) Аманат жөнөтүүдөн, берип жиберүүдөн, бандеролдон табылган соттолгон адамдын ээ болуусуна тыюу салынган нерселер же заттар алынып коюлат, соттолгондун жеке буюмдарынын тизмесине киргизилет жана жазасынын мөөнөтүн өтөп бүткөнгө чейин анын башка жеке буюмдары менен чогуу сакталат. Мында жарандык карым - катнаштан чыгарылган нерселер жана буюмдар конфискацияланат жана соттолгонго кайтарылып берилбейт.

(4) Соттолгондордун атына келип түшкөн акчалар, алардын жеке эсебине чегерилет.

 

123-статья. Соттолгондордун кат алышуусу

 

(1) Соттолгондорго каттарды жана телеграммаларды чектелбеген санда алууга жана жөнөтүүтө уруксат берилет.

(2) Келип түшкөн каттарды тапшыруу дисциплинардык аскер бөлүгүнүн өкүлү тарабынан жүргүзүлөт, анын контролдугу астында соттолгондор аларды ачууга тийиш. Мында тыюу салынган нерселер табылса, алар алынып коюлат.

(3) Соттолгон аскер кызматчыларынын каттарынын жана телеграммаларынын мазмуну текшерилбейт.

 

124-статья. Соттолгондордун дисциплинардык аскер бөлүгүнүн чегинен тышкары жерлерге кыска мөөнөткө барышы

 

(1) Өзгөчө жагдайларга - жакын тууганынын өлүмүнө же өмүрүнө коркунуч келтирген катуу оорусуна, соттолгонго же анын үй-бүлөсүнө олуттуу материалдык зыян келтирген табигый кырсыкка байланыштуу ага дисциплинардык аскер бөлүгүнүн чегинен тышкары жерге кыска мөөнөткө, жети суткага чейинки узактыкта барууга уруксат берилиши мүмкүн, мында барып келүүгө кеткен убакыт эсептелбейт. Соттолгондун дисциплинардык аскер бөлүгүнүн чегинен тышкары жерде болгон убактысы жаза өтөө мөөнөтүнө эсептелет.

(2) Соттолгон аскер кызматчыларына өргүү берилбейт.

 

125-статья. Соттолгондордун эмгеги

 

(1) Соттолгондор дисциплинардык аскер бөлүгүнүн өндүрүштүк ишканаларында (объекттерде), болбосо Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан аныкталган башка объекттерде эмгекке тартылат,

(2) Соттолгондорду аскер ишканаларында жумуш менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк болбогондо, алар тартиптин талаптарын сактоо менен башка мамлекеттик ишканалар менен уюмдарда эмгекке тартылышы мүмкүн.

(3) Соттолгондордун эмгеги эмгек жөнүндө мыйзамдарда белгиленген эмгекти коргоо, техникалык коопсуздук жана өндүрүштүк санитария эрежелерин сактоо менен уюштурулат.

(4) Соттолгондор тарабынан аткарылган жумаштарга колдонуудагы мыйзамдарга ылайык ошол ишканада (уюмда) белгиленген ченемдер жана баалоолор жайылтылат.

(5) Ишканалар (уюмдар) тарабынан соттолгондордун эмгеги үчүн эсептелген суммалардын элүү пайызы дисциплинардык аскер бөлүгүн жакшыртуу, өзүнүн өндүрүштүк базасын түзүү жана өнүктүрүү, материалдык сыйлоо жана соттолгондордун социалдык-тиричилик муктаждыктарын чечүү үчүн дисциплинардык аскер бөлүгүнө которулат, ал эми калган бөлүгү соттолгондун жеке эсебине түшөт.

 

126-статья. Соттолгондорду аскердик үйрөтүү-окутуу

 

Соттолгондорду аскердик үйрөтүү-окутуу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги иштеп чыккан атайын программа боюнча уюштурулат жана өткөрүлөт. Көнүгүүлөрдү өткөрүү үчүн зарыл болгон окуу-материалдык база түзүлөт.

 

127-статья. Тарбиялоо иши

 

(1) Соттолгондор менен тарбиялоо ишин дисциплинардык аскер бөлүгүнүн командачылыгы уюштурат жана өткөрөт.

(2) Соттолгондор келген аскердик бөлүктөрдүн командирлери дисциплинардык аскер бөлүгүнүн командири менен такай байланышып турууга, мурда өзүнө баш ийгендердин жүрүш-турушуна кызыгууга жана алардын түзүлүшүнө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

(3) Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коомдук уюмдар дисциплинардык аскер бөлүгүнүн командачылыгына соттолгондор менен тарбиялоо ишин жүргүзүүгө жардам көрсөтөт.

 

128-статья. Соттолгондордун коомчулук кеңештери

 

(1) Дисциплинардык аскер бөлүгүнүн командачылыгынын соттолгондорду түзөтүү боюнча жумушуна көмөк көрсөтүү максатында роталарда өзүнүн үлгүлүү жүрүш-турушу, эмгекке жана аскердик кызматка ак ниет мамилеси менен өзүн көрсөткөн адамдардын ичинен соттолгондордун кеңештери түзүлөт.

(2) Соттолгондордун кеңештери соттолгондордун чогулушунда шайланат жана дисциплинардык аскер бөлүгүнүн командири тарабынан бекитилет, ал бул кеңештин ишине контролдукту жүзөгө ашырат.

(3) Соттолгондордун кеңеши тарбиялоо иш-чараларын жана соттолгондордун эс алуусун уюштурууда бөлүктүн командирине жардам көрсөтөт, жазадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга көрсөтүлүп жаткан талапкерлерди талкуулоого катышат.

 

129-статья. Соттолгондорго карата колдонулуучу сыйлоо чаралары

 

(1) Соттолгондорго карата төмөндөгүдөй сыйлоо чаралары:

1) алкыш жарыялоо;

2) баалуу белек же акча менен сыйлоо;

3) туугандары менен бир кошумча кыска мөөнөттүү же узак мөөнөттүү жолугушууга, болбосо телефон аркылуу сүйлөшүүгө уруксат берүү;

4) мурда берилген дисциплинардык жаза-чарасын алуу колдонулат.

(2) Үлгүлүү жүрүш-турушу, эмгекке жана аскер кызматына карата ак ниет мамилеси жагынан мүнөздөлгөн соттолгондор мыйзамда белгиленген тартипте дисциплинардык аскер бөлүгүнүн командири тарабынан жазадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга көрсөтүлүшү мүмкүн.

 

130-статья. Соттолгондорго берилүүчү жаза-чаралары

 

(1) Соттолгондорго төмөндөгүдөй жаза-чаралары:

1) сөгүш;

2) катуу сөгүш;

3) он беш суткага чейинки мөөнөткө гауптвахтада кармоо менен камакка алуу берилет.

(2) Дисциплинардык тартипте камакка алынган соттолгондор жазасын дисциплинардык аскер бөлүгүнүн гауптвахтасындагы жеке камераларда өтөйт.

 

131-статья. Сыйлоо жана дисциплинардык жаза-чараларын колдонуунун тартиби

 

Командирлердин сыйлоо жана жаза-чараларын колдонуу боюнча укуктары, аларды колдонуунун тартиби, ошондой эле аларды эсепке алуу аскер уставдарынын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан аныкталат.

 

132-статья. Соттолгондорду материалдык, турмуш-тиричилик жана медициналык жактан камсыз кылуу

 

(1) Соттолгондор үчүн аскер уставдарынын талаптарына ылайык зарыл болгон турак жай-тиричилик шарттары түзүлөт.

(2) Соттолгондор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген ченемдер боюнча азык-түлүк жана буюм мүлктөрү менен камсыз кылынат.

(3) Соттолгондорду медициналык жагынан камсыз кылуу аскер уставдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

(4) Жатып дарыланууга муктаж болгон соттолгондор кайтаруу астында госпиталда дарылоого жөнөтүлөт жана атайын жабдылган палаталарда кармалат. Соттолгондорду госпиталдын чектеринде кайтаруу госпиталь жайгашкан жердеги гарнизондун зардалынын күчтөрү жана каражаттары менен жүзөгө ашырылат.

(5) Соттолгондордун акчалай каражаттары алардын жеке эсептерине кызматтык маянасынын эсеби боюнча же кызматка чакырылган биринчи жылдагы аскер кызматчылары үчүн тарифтик разрядка которуу боюнча ай сайын чегерилет. Тамеки менен камсыз кылууну компенсациялаган акча соттолгондордун жеке эсебине чегерилет.

(6) Соттолгондор ээ болууга, накталай эмес эсептешүү боюнча сатып алууга же аманат жөнөтүүлөрдө, бандеролдордо жана берип жиберүүлөрдө алууга уруксат берилген күндөлүк керектелүүчү буюмдардын жана тамак аш азыктарынын тизмеси Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан аныкталат.

 

133-статья. Аскер кызматына жараксыз деп табылган адамдарды жазасын өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотуу

 

Дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазасын өтөп жаткан жана аскердик-врачтык комиссия тарабынан ден соолугунун абалы боюнча эсептен чыгарылуу менен аскердик кызматка жараксыз деп табылган же тынчтык мезгилинде жараксыз деп табылган адам соттун чечими боюна жазадан мөөнөтүнөн мурда бошотулууга, болбосо жазасынын өтөлө элек бөлүгү кыйла жеңил жаза менен алмаштырылууга тийиш.

 

134-статья. Соттолгон аскер кызматчыларынын дисциплинардык аскер бөлүгүндө болгон убактысын чыныгы аскер кызматынын мөөнөтүнө эсептөө

 

(1) Соттолгондун дисциплинардык аскер бөлүгүндө болгон убактысы аскер кызматынын мөөнөтүнө эсептелбейт.

(2) Аскердик адистикке ээ болгон, аскердик уставдардын талаптарын жакшы билген жана так аткарган жана кызматты кынтыксыз өтөгөн адамдарга, ошондой эле дисциплинардык аскер бөлүгүнөн өзүнүн курбулары запаска бошонуп кеткен адамдарга, эгерде алар жазасын өтөө менен аскердик дисциплинаны жакшы сактаса, эмгекке жана аскер кызматына ак ниет мамиле жасаса-дисциплинардык аскер бөлүгүндө болгон убактысы аскер кызматынын мөөнөтүнө эсептелиши мүмкүн.

(3) Дисциплинардык аскер бөлүгүндө болгон убакытты аскер кызматынын чакыруу боюнча же контракт боюнча мөөнөтүнө эсептөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан аныкталат.

 

IV БӨЛҮМ
КОШУМЧА ЖАЗАЛАРДЫ АТКАРУУ

 

18-Глава
Кошумча жазаларды аткаруу

 

135-статья. Атайын же аскердик наамынан ажыратуу жөнүндө өкүмдү аткаруу

 

(1) Соттолгонду атайын же аскердик наамынан ажыратуу жөнүндө өкүм чыгарган сот анын көчүрмөсүн наамды ыйгарган органга же кызмат адамына жиберет.

(2) Кызмат адамы белгиленген тартипте тиешелүү документтерге соттолгондун наамынан ажыратылышы жөнүндө жазат, ошондой эле аны наамга байланыштуу укуктарынан жана жеңилдиктеринен ажыратууга карата чара көрөт.

(3) Запастагы аскер кызматчысына карата өкүмдүн көчүрмөсү ал катталган жердеги аскер комиссариатына жөнөтүлөт.

(4) Кызмат адамы өкүмдүн көчүрмөсүн алган күндөн тартып бир айдын ичинде өкүм чыгарган сотко көрүлгөн чаралар жөнүндө билдирет.

 

136-статья. Мүлкүн конфискациялоо жөнүпдө өкүмдү аткаруунун тартиби

 

(1) Мүлкүн конфискациялоо жөнүндө өкүм чыгарган сот, ал мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин аткаруу барагын, мүлктүн тизмесинин көчүрмөсүн жана өкүмдүн көчүрмөсүн аткаруу үчүн сот аткаруучусуна жөнөтөт, бул тууралу тиешелүү каржылоо органына кабарлайт. Иште соттолгондун мүлкүнүн тизмеси жок болгон учурда, мүлктү тизмелөө жүргүзүлбөгөндүгү тууралу маалымдама жөнөтүлөт.

(2) Мүлкүн конфискациялоо түрүндөгү жазаны аткаруу мүлк турган жердеги соттук аткаруучу тарабынан жүргүзүлөт.

 

137-статья. Конфискацияланууга тийиш болгон мүлк

 

(1) Соттолгондун мүлкү, анын ичинде жалпы же биргелешкен менчиктеги, коммерциялык уюмдардын уставдык капиталындагы анын үлүшү, акчалары, баалуу кагаздары, анын ичинде анын эсептериндеги, салымдарындагы, сактоолорундагы, каржылоо-кредит мекемелери менен банктардын ишенимдүү башкаруусундагы башка баалуулуктары, ошондой эле соттолгон адам тарабынан ишенимдүү башкарууга берилген мүлк конфискацияланууга тийиш. Соттолгондун коммерциялык уюмдардын уставдык капиталында болгон мүлкүн конфискациялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталат.

(2) Соттун өкүмү боюнча конфискацияланууга жатпай турган мүлктүн Тизмесинде саналып өткөн мүлк конфискацияланууга тийиш эмес.

(3) Соттун өкүмү боюнча конфискацияланууга тийиш болбогон мүлктүн кимге таандык экендиги жөнүндө талаштар жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде чечилет.

(КР 2013-жылдын 18-мартындагы № 43 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

138-статья. Мүлкүн конфискациялоо жөнүндө өкүмдү аткаруу боюнча соттук аткаруучунун аракеттери

 

(1) Соттук аткаруучу аткаруу барагын алгандан кийин токтоосуз түрдө тизмеде көрсөтүлгөн мүлктүн бар экендигин текшерет, конфискацияланууга тийиш болгон башка мүлктү аныктайт жана аны тизмеге киргизет. Эгерде мүлктүн тизмеси түзүлбөсө, ал соттолгондун конфискацияланууга тийиш болгон мүлкүн аныктоого карата чараларды көрөт жана ал табылганда колдонуудагы мыйзамдарга ылайык ушул мүлктүн тизмесин түзөт.

(2) Тизмеде ар бир нерсенин толук жана так аталышы, анын айырмалуу белгилери, анын ичинде түсү, өлчөмү, эскиргендигинин даражасы жана жекече мүнөздөмөлөрү көрсөтүлөт. Тизмеге түшүрүлгөн нерселер сактоого берилет, ал эми зарыл учурда ага пломба коюлат жана мөөр басылат, бул тууралу тизмеге белги коюлат. Мүлктүн тизмесине аманаттарында же сактоосунда болгон акчалай каражаттары жана башка баалуулуктары жөнүндө маалыматтар киргизилип, тиешелүү кредиттик уюмдардын маалымдамалары тиркелет.

(3) Соттук аткаруучу тизмеге алынган мүлктүн сакталышына карата зарыл чараларды көрүү максатында мүлктү уюмдарга жана жарандарга сактоого бериши мүмкүн

(4) Соттук аткаруучу тарабынан түзүлгөн мүлк тизмеси сот тарабынан бекитилет..

(5) Соттолгондун жалпы жана биргелешкен менчиктеги үлүшү жазаны аткаруучу органдын сунушу боюнча жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде сот тарабынан аныкталат.

 

139-статья. Конфискацияланууга тийиш болгон мүлккө карата үчүнчү жактардын милдеттери

 

(1) Өздөрүндө конфискацияланууга тийиш болгон мүлк бар болгон ишканалар, уюмдар, мекемелер жана жарандар бул тууралу сотко же тиешелүү каржылоо органына билдирүүгө милдеттүү.

(2) Ушул Кодекстин 138 - статьясына ылайык мүлк сактоого берилген уюмдар жана жарандар анын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.

(3) Аталган мүлктү жашыргандыгы, бузгандыгы же энчилеп алгандыгы үчүн күнөөлүүлөр мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат.

 

140-статья. Конфискацияланган мүлктү каржылоо органдарына өткөрүп берүү

 

(1) Соттолгондун конфискацияланган мүлкүн каржылоо органдарына өткөрүп берүү ага карата коюлган бардык талаптар ылайыктуу түрдө канааттандырылгандан кийин жүргүзүлөт. Конфискацияланган мүлктүн эсебинен канааттандырылууга тийиш болгон дооматтар жагында мамлекет активдин чектеринде жооп берет.

(2) Конфискацияланган мүлктү каржылоо органдарына өткөрүп берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленет.

(КР 2013-жылдын 18-мартындагы № 43 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

141-статья. Өкүм аткарылгандан кийин табылган мүлктү конфискациялоо

 

Бүткүл мүлкүн конфискациялоо жагындагы өкүм аткарылгандан кийин, бирок айыптоо өкүмүн аткаруунун мыйзамда белгиленген эскирүү мөөнөтү аяктаганга чейин соттолгондун конфискацияланбаган, ал тарабынан өкүм чыгарылганга чейин же андан кийин, бирок конфискациялануута тийиш болгон каражаттарга сатылып алынган конфискацияланбаган мүлкү табылганда, эгерде аны мыйзам боюнча конфискациялоого мүмкүн болсо, өкүм чыгарган сот же өкүм аткарылып жаткан жердеги сот соттук аткаруучунун сунушу боюнча табылган мүлктү конфискациялоо жөнүндө аныктама чыгарат.

 

V БӨЛҮМ
ЖАЗА ӨТӨӨДӨН БОШОТУУ, ЖАЗА ӨТӨӨДӨН БОШОГОН АДАМДАРГА
ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮ ЖАНА АЛАРГА КОНТРОЛДУК ЖҮРГҮЗҮҮ

 

19-Глава
Жаза өтөөдөн бошотуу

 

142-статья. Жаза өтөөдөн бошотуунун негиздери

 

Соттолгондор төмөндөгү негиздер боюнча:

1) соттун өкүмү боюнча белгиленген жазанын мөөнөтүн өтөгөндөн кийин;

2) иш жүргүзүү токтотулгандыгына байланыштуу өкүмдүн бузулушунун натыйжасында;

3) жазадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуудан улам;

4) жазасынын өтөлө элек бөлүгүн жазанын кыйла жеңил түрү менен алмаштыруунун натыйжасында;

5) өкүмдүн өзгөрүшүнүн натыйжасында жазанын өтөлгөн чекке чейин төмөндөшүнөн улам;

6) мунапыс берүү актысынын күчүнөн улам;

7) ырайым кылууга байланыштуу;

8) соттолгондун өнөкөт жин ооруга же жазасын андан ары өтөөгө тоскоолдук кылган башка оор дартка чалдыгышынын натыйжасында жазадан бошотуу жөнүндө соттун аныктамасынын күчүнөн улам;

9) мыйзамда белгиленген башка негиздер боюнча жаза өтөөдөн бошотулат.

 

143-статья. Жаза өтөөнүн токтотулушу жана бошотуунун тартиби

 

(1) Белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу, коомдук жумуштар, түзөтүү жумуштары, эркиндигин чектөө, эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү, ошондой эле дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү жаза өтөө мыйзамга ылайык жазанын мөөнөтүнө киргизилиши мүмкүн болгон башка өзгөрүүлөрдү эске алуу менен жазанын мөөнөтүнүн акыркы күнүндө токтотулат.

(2) Эркиндигинен ажыратууга соттолгондор жазанын мөөнөтүнүн акыркы күнүнүн биринчи жарымында бошотулат. Эгерде жазанын мөөнөтү дем алыш же майрам күнү аяктаса, соттолгон адам жазасын өтөөдөн дем алыштын же майрамдын алдындагы күндө бошотулат. Мөөнөт айлар менен эсептелгенде ал акыркы айдын тиешелүү күнү, ал эми ошол айда тиешелүү күн жок болсо, ушул айдын акыркы күнү аяктайт.

(3) Бошотуу учурунда соттолгон адамга ага таандык болгон буюмдары жана баалуулуктары, жеке эсебинде сакталып турган акчалары жана жеке документтери, ошондой эле белгиленген үлгүдөгү маалымдама берилет, анда бошотуунун негиздери жана анын эмгектик иши жөнүндө документтер көрсөтүлөт. Бошотулган адамга эркиндигинен ажыратуу жайларынан алынган билим жана өндүрүштүк квалификациясы жөнүндө тиешелүү документтер берилет.

(4) Соттолгондун жекече ишинде сакталып турган, эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазадан бошотулуп жаткан адамдын паспорту, эмгек китепчеси, пенсиялык күбөлүгү жана башка жеке документтери бошотулганда анын колуна берилет.

(5) Жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотуу тиешелүү документтер келип түшкөн күнү, ал эми документтер жумуш күнү аяктагандан кийин алынса, кийинки күнү эртең менен жүргүзүлөт.

(6) Жазык ишинин токтотулушуна байланыштуу өкүмдүн бузулушунун натыйжасында жазасын өтөөдөн бошотулган адамга жазаны аткаруучу мекеменин же органдын зардалы тарабынан анын мүлктүк, эмгектик, турак-жайлык жана башка жоготулган укуктарын калыбына келтирүүгө болгон укугу түшүндүрүлөт. Бошотуу жөнүндө документте мамлекеттин атынан соттолгондон расмий түрдө кечирим суралат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

144-статья. Соттолгон аскер кызматчыларын жаза өтөөдөн бошотуу

 

(1) Дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү жазаны өтөп жаткан аскер кызматчылары жазасын андан ары өтөөдөн аскер кызматына жараксыз кылган ооруга чалдыккан учурда бошотулат. Жазанын өтөлө элек бөлүгү аларга жазанын кыйла жеңил бөлүгү менен алмаштырылышы мүмкүн.

(2) Аскер кызматын өтөө мезгилинде жазасын өтөп жаткан соттолгон аскер кызматчылары, кызматтан бошотуу үчүн мыйзамдарда каралган башка негиздер пайда болгон учурда, белгиленген тартипте жазасынын өтөлө элек бөлүгү кыйла жеңил жаза менен алмаштырылып же андай кылбастан сот тарабынан жазадан мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулушу мүмкүн.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

145-статья. Жазасын өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга карата сунуш берүүнүн тартиби

 

(1) Шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу же жазасынын өтөлө элек бөлүгүн кыйла жеңил жаза менен алмаштыруу колдонулушу мүмкүн болгон соттолгонго карата жазанын аткарылышын жүргүзгөн мекеме же орган Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде белгиленген тартипте соттолгонду жаза өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө, болбосо анын өтөлө элек бөлүгүн кыйла жеңил жаза менен алмаштыруу тууралу сотко сунуш киргизиши мүмкүн.

(2) Шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга, жазасынын өтөлө элек бөлүгүн кыйла жеңил жаза менен алмаштырууга жана ырайым кылууга карата сунушта соттолгондун инсандыгын мүнөздөгөн маалыматтар, ошондой эле анын жүрүш-турушу, жаза өтөө мезгилиндеги анын эмгекке жана окууга болгон мамилеси камтылууга тийиш.

(3) Мунапыс берүүнү колдонуунун тартиби мунапыс берүү жөнүндө актыны чыгарган орган тарабынан аныкталат.

(4) Ырайым кылууга сунуш берилген соттолгонго карата жазаны аткаруучу орган тарабынан тиешелүү өтүнүч Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте киргизилет.

(5) Психикасынын бузулушуна байланыштуу жаза өтөөдөн бошотуу жөнүндө сунуш жазаны аткарууну жүргүзгөн мекеменин же органдын зардалы тарабынан сотко киргизилет. Сунуш менен бир эле мезгилде медициналык комиссиянын корутундусу жана соттолгондун жекече иши жөнөтүлөт.

(6) Башка катуу оорусуна байланыштуу жазасын өтөөдөн бошотуу жөнүндө сунуш жазаны аткарууну жүргүзгөн мекеменин же органдын зардалы тарабынан сотко киргизилет. Сотко сунуш берүү менен бир эле мезгилде медициналык же врачтык - эмгектик эксперттик комиссиянын корутундусу жана соттолгондун жекече иши жөнөтүлөт. Сунушта жазасын өтөө мезгилинде соттолгондун жүрүш-турушун мүнөздөгөн маалыматтар камтылууга тийиш.

(7) Коомдук жумуштарга соттолгон адамдар I жана II топтогу майып деп табылган учурда, жазаны аткаруучу мекеме же орган аны жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө сунуш киргизет.

(8) Коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазага соттолгон аял кош бойлуу болгон учурда, жазаны аткарууну жүргүзгөн мекеменин же органдын зардалы кош бойлуулугу жана төрөт боюнча жумуштардан бошотулган учурдан тартып, аны жазасын өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө сотко сунуш киргизет.

(9) Соттолгон адам жазанын мөөнөтүнүн мыйзамда белгиленген бөлүгүн өтөгөндөн кийин жазаны аткарган мекеменин же органдын администрациясы бир айлык мөөнөттүн ичинде жазадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу же кыйла жеңил жаза менен алмаштыруу жөнүндө сунуш берүү же андан баш тартуу тууралу маселени карап чыгууга жана жүйөлөштүрүлгөн токтомду сотко киргизүүгө милдеттүү.

(10) Сот шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуудан, кыйла жеңил жаза менен алмаштыруудан баш тарткан учурда ушул негиздердин кайсынысы боюнча болсун экинчи жолу сунуш берүү, баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин жасалышы мүмкүн.

(11) Эгерде алар эркиндигинен ажыратуу жайларына мыйзамдарда каралган учурларда жөнөтүлсө, жазадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдар кайрадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга сунуш кылынбайт.

Жазаны жазанын кыйла жеңил түрүнө алмаштырууну алып салуу жөнүндө токтом чыккан күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин адамдар кайрадан жазаны жазанын кыйла жеңил түрүнө алмаштырууга сунуш кылынышы мүмкүн.

(12) (Бөлүк КР 2010-жылдын 10-февралындагы № 27 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(13) (Бөлүк КР 2010-жылдын 10-февралындагы № 27 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Эскертүү: Соттолгондун күнөөсүн мойнуна албаганы шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу үчүн тоскоолдук болуп эсептелбейт.

(КР 2002-жылдын № 8-июлундагы № 114 , 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 , 2010-жылдын 10-февралындагы № 27, 2017-жылдын 14-июнундагы № 102 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

145-1-статья. Эркиндигинен өмүр бою ажыратуу жазасын өтөп жатышкан соттолгондорду шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотууга көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү

 

(1) Эркиндигинен өмүр бою ажыратуу мөөнөтүн андан ары өтөөдөн шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу соттолуучу алдыңкы үч жылдын ичинде жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянат бузбаганда гана колдонулат.

(2) Эркиндигинен өмүр бою ажыратуу мөөнөтүн өтөп жаткан мезгилде жаны оор же өзгөчө оор кылмыш жасаган соттолгондор шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотууга көрсөтүлбөйт.

(3) Сот соттолгонду шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуудан баш тарткан учурда кайрадан көрсөтүү киргизүүгө соттун баш тартуу тууралу чечимди кабыл алган күнүнөн кийин үч жылдан кем эмес убакыт өткөндө гана көрсөтүшү мүмкүн.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

145-2-статья. Жазаны өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда

бошотулган соттолгондун чектөөлөрү жана милдеттери

 

Соттолгон жазаны өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулганда анын жүрүм-турумун контролдоону жүзөгө ашыруу үчүн үч күндүк мөөнөттө өзү көрсөткөн жашаган жери боюнча жазык-аткаруу инспекциясына келүүгө милдеттүү.

Соттолгондун чектөөлөрү жана милдеттери сот тарабынан жазаны өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим чыгарууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.

(КР 2013-жылдын 18-мартындагы № 43 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

146-статья. Кош бойлуу аялдарга жана жаш балдары бар аялдарга карата жазаны аткарууну кийинкиге калтыруу

 

(1) Түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жатышкан кош бойлуу аялдарга жана жаш балдары бар аялдарга тийиштүүлүгүнө жараша сот тарабынан жазаны өтөөнүн мөөнөтүн бир жылга чейин же бала он төрт жашка чыкканга чейин кийинкиге калтырылышы мүмкүн.

(2) Жазаны аткаруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу тууралу өтүнмөнү түзөтүү мекемесинин администрациясы Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде белгиленген тартипте бир жумалык мөөнөттө сотко жөнөтөт. Чечимге түзөтүү мекемесинин администрациясынын мүнөздөмөсү, туугандарынын аялды жана баланы кабыл алууга, аларга турак-жай берүүгө жана жашоо үчүн зарыл шарттарды түзүүгө макулдугу жөнүндө маалымдама, кош бойлуулук жөнүндө болбосо баласы бар экени жөнүндө медициналык корутунду, ошондой эле өздүк ишкагазы тиркелет.

(3) Сот жазаны аткарууну кийинкиге калтырууга уруксат берүүдөн

баш тарткан учурда Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде белгиленген тартипте соттун чечимине даттанууга болот.

(4) Түзөтүү абагынын администрациясы аялга карата жазаны аткарууну кийинкиге калтыруу жөнүндө соттун аныктамасын алгандан кийин аны бошотот. Соттолгон аялдан келген күнүнөн тартып жашаган жериндеги жазык-аткаруу инспекциясына үч күндүк мөөнөттө баруусу жөнүндө колкат алынат.

(5) Соттолгон аял жашаган жерине мамлекеттин эсебинен барат.

(6) Бошотулган күнү ал аял жашаган жердеги жазык-аткаруу инспекциясына жазаны аткаруунун кийинкиге калтырылгандыгы жөнүндө соттун аныктамасынын көчүрмөсү, анын бошотулган күнүн көрсөтүү менен жөнөтүлөт.

(7) Жазык-аткаруу инспекциясы соттолгон аялды эсепке алат жана кийин анын жүрүш-турушуна контролдукту жүзөгө ашырат.

(8) Соттолгон аял келгенден кийин жазык-аткаруу инспекциясы үч сутканын ичинде соттолгон аял бошогон жердеги түзөтүү мекемесине ырастоо жиберүүгө милдеттүү.

(Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 27-июлундагы № 101, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

147-статья. Соттолгон аялдын жазаны аткарууну кийинкиге калтыруунун шарттарын сактабашынын, болбосо баланын

он төрт жашка толушунун натыйжалары

 

(1) Соттолгон аял бошотулгандан кийин эки жумалык мөөнөттүн ичинде келбеген учурда, жазык-аткаруу инспекциясы алгачкы издөө иш-чараларын жүзөгө ашырат, ал эми алар ийгиликсиз болгондо сотко ага издөө жарыялоо тууралу сунуштама киргизет.

(2) Жазаны аткарууну кийинкиге калтыруу колдонулган, коомдук тартипти же эмгек тартибин бузууга жол берген соттолгон аялга, эгерде ага карата кийинкиге калтыруу мезгилинде администрациялык жаза-чара же тартиптик таасир көрсөтүү чаралары колдонулса, болбосо ал баланы тарбиялоодон же аны багуудан качса, жазык-аткаруу инспекциясы эки жолу эскертүү жарыялайт.

(3) Эгерде соттолгон аял баласынан баш тартса, аны балдар үйүнө өткөрүп берсе, болбосо жашырынып калса же эскертүү берилгенден кийин баланы тарбиялоодон, аны багуудан качса, коомдук тартипти же эмгек тартибин бузууга кайрадан жол берсе, ал жашаган жердеги жазык-аткаруу инспекциясы сотко жазаны аткарууну кийинкиге калтырууну бузуу жана аны өкүмдө белгиленген жаза өтөө үчүн жөнөтүү жөнүндө сунуш киргизет. Сунушка аткарууну кийинкиге калтыруу жөнүндө соттун аныктамасынын көчүрмөсү тиркелет.

(4) Бала он төрт жашка толгондо, болбосо ал өлүп калган учурда, соттолгон аял жашаган жердеги жазык-аткаруу инспекциясы анын жүрүш-турушун, баланы тарбиялоого карата мамилесин, жасаган кылмышынын мүнөзүн, жазанын өтөлгөн жана өтөлө элек мөөнөтүн эске алуу менен сотко соттолгон аялды жазадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө, болбосо жазаны кыйла жеңил жаза менен алмаштыруу тууралу, болбосо аны эркиндигинен ажыратуу жайларына жөнөтүү жөнүндө сунуш жөнөтөт.

(Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 27-июлундагы № 1012007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

148-статья. Жазасын өтөп бүткөн адамдардын укуктук абалы

 

Жазасын өтөп бүткөн адамдар Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн белгиленген милдеттерди аткарат жана укуктардан пайдаланат, аларга соттуулугу бар адамдар үчүн каралган чектөөлөр колдонулат. Мындай чектөөлөр мыйзам тарабынан гана каралышы мүмкүн.

 

20-Глава
Жаза өтөөдөн бошотулуп жаткан адамдарга жардам көрсөтүү жана аларга контролдук кылуу

 

149-статья. Жазаны аткаруучу мекемелердин бошотулуп жаткан соттолгондорду эмгектик жана турмуш-тиричилик жактан жайгаштырууга көмөк көрсөтүү боюнча милдеттери

 

(1) Эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазанын мөөнөтү аяктаганга чейин кеминде алты ай мурда жазаны аткаруучу мекеме соттолгон адам тандап алган жердеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана иш менен камсыз кылуу кызматына анын алдыда бошой тургандыгы, турак-жайынын бар же жок экендиги, эмгекке жарактуулугу жана болгон адистиктери жөнүндө кабарлайт.

(2) Бошотууга даярдоо максатында соттолгон адам менен тарбиялоо иштери жүргүзүлөт, анын укуктары жана милдеттери түшүндүрүлөт.

(3) Соттолгон I жана II топтогу майыптар, ошондой эле пенсиялык жаш курагына жеткен соттолгон эркектер жана аялдар алардын өтүнүчү боюнча жана жазаны аткаруучу мекеменин сунушу боюнча социалдык жагынан коргоо органдары тарабынан майыптар жана кары-картаңдар үйлөрүнө жөнөтүлөт.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

150-статья. Жаза өтөөдөн бошотулуп жаткан адамдарга жардам көрсөтүү

 

(1) Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазасын өтөөдөн бошотулуп жаткан адамдар жашаган жерине акысыз баруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү тартипте жол жүргөн мезгилинде тамак-аш азыктары же акча менен камсыз кылынат.

(2) Маалына жараша кийим-кечеги, бут кийими жана аларды сатып алууга каражаттары жок эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулуп жаткан адамдар кийим жана бут кийим менен бюджеттин эсебинен камсыз кылынат. Аларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө акчалай бир жолку жөлөкпул берилиши мүмкүн.

(3) Жазадан бошотулуп жаткан адамды тамак-аш, кийим-кечек, бут кийим менен камсыздоо, аларга бир жолку акчалай жөлөкпул берүү, ошондой эле жол киресин төлөп берүү жазаны аткаруучу мекеме тарабынан жүргүзүлөт.

(4) Ден соолугунун абалы боюнча башка бирөөнүн багуусуна муктаж болгон адамдарды, кош бойлуу аялдарды жана жаш баласы бар аялдарды, ошондой эле жашы жете элек балдарды эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөөдөн бошотууда жазаны аткаруучу мекеменин же органдын администрациясы алардын туугандарына, болбосо башка адамдарга алдын ала кабарлайт.

(5) Ушул статьянын 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулуп жаткан адамдар, ошондой эле он алты жаш куракка чейинки жашы жете электер жашаган жерине туугандарынын же аны алып кетүү үчүн келген башка адамдардын, болбосо түзөтүү мекемесинин кызматкерлеринин коштоосу менен жөнөтүлөт.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

151-статья. Жазадан бошотулуп жаткандардын эмгектик жана

турмуш-тиричилик жагынан жайгаштырууга жана социалдык

жардамдын башка түрлөрүнө болгон укуктары

 

Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазадан бошотулуп жаткан адамдар эмгектик жана турмуш-тиричилик жагынан жайгаштырууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык социалдык жагынан камсыз кылуунун башка түрлөрүн алууга укуктуу.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

152-статья. Жаза өтөөдөн бошотулган адамдарга контролдук жүргүзүү

 

Жаза өтөөдөн бошотулган адамдарга контролдук Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.

 

VI БӨЛҮМ
ӨЛҮМ ЖАЗАСЫ ТҮРҮНДӨГҮ ЖАЗАНЫ АТКАРУУ

 

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

VII БӨЛҮМ
ЖАЗАНЫ ШАРТТУУ ТҮРДӨ КОЛДОНБООГО СОТТОЛГОНДОРГО
КОНТРОЛДУК ЖҮРГҮЗҮҮ

22-Глава
Жазаны шарттуу түрдө колдонбоого соттолгондордун
жүрүш-турушуна контролдукту жүзөгө ашыруу

 

 

156-статья. Жазаны шарттуу түрдө колдонбоого соттолгондордун жүрүш-турушуна контролдукту жүзөгө ашыруучу органдар

 

(1) Жазаны шарттуу түрдө колдонбоого соттолгондордун жүрүш-турушуна сыноо мөөнөтүнүн ичинде контролдук жүргүзүү соттолгондор жашаган жердеги жазык-аткаруу инспекциялары тарабынан, ал эми аскер кызматчыларына карата аскер бөлүктөрү менен мекемелеринин командачылыгы тарабынан жүзөгө ашырылат.

(2) Мыйзамдарда жана ченемдик укуктук актыларда каралган тартипте контролдукту жүзөгө ашырууга ички иштер органдарынын кызматкерлери тартылат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

157-статья. Жазаны шарттуу түрдө колдонбоого соттолгондордун жүрүш-турушуна контролдукту жүзөгө ашыруунун тартиби

 

(1) Жазык-аткаруу инспекциялары сыноо мөөнөтүнүн ичинде жазаны шарттуу колдонбоо менен соттолгондорду жеке эсепке алууну жүзөгө ашырат, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин катышуусу менен соттолгондор тарабынан коомдук тартиптин сакталышын жана аларга сот тарабынан жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын контролдойт. Соттолгон каттоого туруу үчүн соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө жазык-аткаруу инспекциясына келүүгө милдеттүү. Соттолгонду каттоого коюуда жазык-аткаруу инспекциясы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган жүрүм-турум эрежелери жана милдеттери белгиленет.

(2) Соттолгон адамга кошумча жаза катары белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу дайындалганда жазык-аткаруу инспекциясы ушул Кодекстин 34-39-статьяларында каралган иш-чараларды толук көлөмдө жүзөгө ашырат.

(3) Соттолгон адам чыныгы аскер кызматына чакырылган учурда аскер комиссариатына өкүмдүн көчүрмөсү, ал эми зарыл болгон учурларда соттолгондун кызмат өтөгөн жериндеги жүрүш-турушуна контролдукту жүзөгө ашыруу үчүн талап кылынган башка документтер да жөнөтүлөт. Аскердик бөлүктүн командачылыгы аталган адамдын эсепке алынышы жөнүндө, ал эми кызмат өтөө аяктагандан кийин анын кеткендиги жөнүндө он күндүк мөөнөттө жазык-аткаруу инспекциясына билдирүүгө милдеттүү.

(4) Жазаны шарттуу түрдө колдонбоого соттолгондор өзүнүн жүрүш-турушу жөнүндө жазык-аткаруу инспекциялары алдында отчет берүүгө, сот тарабынан жүктөлгөн милдеттерин аткарууга, чакыруу боюнча инспекцияга келүүгө милдеттүү. Инспекцияга жүйөлүү себептерсиз келбей койгондо соттолгон адам күч менен алынып келиниши мүмкүн.

(5) Соттолгон адам контролдуктан качкан учурда жазык-аткаруу инспекциясы анын турган жерин жана качуунун себептерин аныктоо боюнча алгачкы иш-чараларды көрөт.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2013-жылдын 18-мартындагы № 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

158-статья. Сыноо мөөнөтүн эсептөө

 

(1) Сыноо мөөнөтү соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып эсептелет.

(2) Сыноо мөөнөтү аяктагандан кийин соттолгондун жүрүш-турушуна контролдук токтотулат жана ал жазык-аткаруу инспекциясынын эсебинен чыгарылат.

 

159-статья. Жазаны шарттуу түрдө колдонбоого соттолгондордун

жоопкерчилиги

 

(1) Соттолгон адам сот тарабынан ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруудан качканда, болбосо ал үчүн администрациялык жаза-чарасы берилген коомдук тартипти бузганда, жазык-аткаруу инспекциясы жазаны шарттуу түрдө колдонбоону бузуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө ага жазуу жүзүндө эскертет.

(2) Соттолгон адамдар ушул Кодекстин 157-статьясынын төртүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн талаптарды аткарбаганда, ошондой эле соттолгонго кандайдыр бир милдеттерди жүктөөнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө башка жагдайлар болгондо, жазык-аткаруу инспекциясынын зардалы бул тууралу токтом чыгара алат. Соттолгон адам ага кандайдыр бир милдеттердин жүктөлүшүнө макул болбогондо, ал токтомго карата баш ийүү тартибинде, болбосо сотко даттанууга укуктуу.

(3) Жетиштүү негиздер болгондо сотко сыноо мөөнөтүн узартуу жөнүндө сунуш жөнөтүлөт.

(4) Соттолгон адам сыноо мөөнөтүнүн ичинде өзүнө жүктөлгөн милдеттерди такай аткарбаганда, ошондой эле соттолгон адам жашырынган учурда, сотко жазаны шарттуу түрдө колдонбоону жокко чыгаруу жөнүндө сунуш жөнөтүлөт.

(5) Соттолгонго тыюу салынган аракеттерди жасоо же ага жүктөлгөн аракеттерди жыл ичинде экиден көп жолу аткарбоо, болбосо милдеттерди узак убакыт аткарбоо (отуз кундөн ашык аткарбоо) милдеттерди такай аткарбоо деп эсептелет.

(6) Отуз күндөн ашык мезгилдин ичинде турган жери белгилүү болбогон соттолгон адам контролдон жашырынган катары таанылат.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А. Акаев

 

тиркеме

 

Соттун өкүмү боюнча конфискацияланууга жатпай турган
мүлктүн тизмеси

 

Соттолгон жана анын багуусунда болгон адамдар үчүн зарыл, ага жеке менчик укугунда таандык болгон же анын жалпы менчиктеги үлүшү болуп эсептелген, кылмыш жасоо жолу менен алынбаган төмөндөгү мүлктүн түрлөрү жана нерселер конфискацияланууга жатпайт:

1. Эгерде соттолгон адам жана анын үй-бүлөсү ал жерде туруктуу жашаса, анын турак-жайы, квартирасы же анын айрым бөлүктөрү.

2. Конфискацияланууга жатпай турган үй жана чарбалык курулуштары жайгашкан жер участоктору, ошондой эле жеке көмөкчү чарбаны жүргүзүү үчүн зарыл болгон жер участоктору.

3. Негизги иши айыл чарбасы болуп эсептелген адамдардын чарбалык курулуштары жана анын үй-бүлөсүнүн керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн зарыл болгон сандагы малы, ошондой эле мал үчүн тоют.

4. Айыл чарба өсүмдүктөрүн кезектеги себүү үчүн зарыл болгон үрөн.

5. Үй оокаттары:

а) керектөөдөгү кийим-кечек, бут кийим, ич кийим, жууркан - төшөк, ашкана жана чыгдан буюмдары. Аң терилүү жана башка баалуу кийимдер, ашкана сервиздери, баалуу металлдардан жасалган, ошондой эле көркөмдүк жагынан баалуу нерселер конфискацияланылышы мүмкүн;

б) соттолгон адам жана анын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн өтө керектүү болгон эмерек;

в) балдарга таандык болгон бардык нерселер.

6. Эгерде айыл чарбасы соттолгон адамдын негизги иши болсо, соттолгон адам жана анын үй-бүлөсү үчүн жаңы түшүмгө чейин зарыл болгон сандагы тамак-аш азыктары, ал эми калган учурларда тамак-аш азыктары жана мамлекет тарабынан белгиленген өлчөмдөгү жалпы суммадагы акча.

7. Тамак-аш даярдоо жана үй-бүлөнүн турак-жайын жылытуу үчүн арналган отун.

8. Соттолгон адам соттун өкүмү менен иштин тиешелүү түрүн жасоо укугунан ажыратылгандан же шаймандар ал тарабынан кылмыш жасоо үчүн пайдаланылгандан башка учурларда, соттолгон адамдын кесиптик ишин улантуу үчүн зарыл болгон шаймандар (анын ичинде окуу куралдары жана китептер).

9. Майыптардын түшүп жүрүүсү үчүн арналган атайын транспорт каражаттары.

10. Соттолгон адам сыйланган эл аралык,- мамлекеттик жана башка байгелер.