Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 31-январы № 68

Ичүүчү суу менен камсыздоо жагындагы актыларды бекитүү жөнүндө

"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-1-беренесин, "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, "Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- "Чарбалык-ичүү багытындагы суу менен камсыздоо булактарын жана суу өткөргүчтөрдү санитардык коргоо зоналарына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптардын" санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери, 1-тиркемеге ылайык;

- "Борборлоштурулган чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо жана ичүү багытындагы суу өткөргүч системаларына санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери, 2-тиркемеге ылайык;

- "Калкты борборлоштурулбаган ичүүчү суу менен камсыздоо булактарына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери, 3-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Премьер-министри

С. Исаков

 

 

1-тиркеме

"Чарбалык-ичүү багытындагы суу менен камсыздоо булактарын жана суу өткөргүчтөрдү санитардык коргоо зоналарына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптардын"
САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ ЖАНА ЧЕНЕМДЕРИ

1. Жалпы жоболор

1. "Чарбалык-ичүү багытындагы суу менен камсыздоо булактарын жана суу өткөргүчтөрдү санитардык коргоо зоналарына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптардын" санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери (мындан ары - санитардык эрежелер) чарбалык-ичүү багытындагы суу менен камсыздоо булактарын жана суу өткөргүчтөрдү санитардык коргоо зоналарын (мындан ары - СКЗ) уюштурууга жана пайдаланууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарды белгилейт.

2. Санитардык эрежелер чарбалык-ичүү багытындагы долбоорлонуучу, курулуучу, реконструкциялануучу жана иштеп жаткан ичүүчү суу менен камсыздоо булактарына жана суу өткөргүчтөргө (мындан ары - объекттер) алардын карамагына жана менчигинин түрүнө карабастан колдонулат.

3. Жер үстүндөгү жана жер алдындагы булактардан чарбалык-ичүү муктаждыктарына суу берген суу менен камсыздоо булактарына жана суу өткөргүч курулмаларында СКЗ каралган.

4. СКЗда тийиштүү режимди уюштуруу чарбалык-ичүү багытындагы суу менен камсыздоо булактарынын, суу өткөргүч курулмаларынын жана алардын аймактарынын булганышынын алдын-алууга багытталган.

5. Санитардык эрежелерди сактоо СКЗ аймагында жайгашкан объекттерди эксплуатациялоочу жеке/юридикалык жактар үчүн милдеттүү болуп саналат.

6. Ушул санитардык эрежелерди бузгандыгы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарына ылайык белгиленет.

2. Терминдер жана аныктамалар

7. Ушул санитардык эрежелерде төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:

1) акватория - табигый, жасалма же шарттуу түрдө белгиленген чек аранын ичиндеги суу алкагы;

2) басымсыз суу катмары - суу катмарынын жогорку жагындагы атмосфералык басымдын деңгээлиндеги басымга ээ болгон жер алдындагы суулар;

3) суу алуучу курулма - ичүүчү суу менен камсыздоо булактарынан суу алуу үчүн гидротехникалык курулма;

4) суу алып өткүч - суу булагынан суу менен камсыздоо объектине чейин суу алып өтүүчү түтүк курулмасы;

5) суу өткөргүч - сууну керектөөчү жерлерге берүү үчүн курулмалары бар суу түтүк системасы;

6) суу өткөрүүчү канал - сууну керектөөчү жерлерге суу берген канал;

7) гидрогеологиялык шарттар - жер алдындагы суулардын жайгашкан шартын, курамын жана сапатын мүнөздөөчү белгилердин жыйыны;

8) гидрологиялык шарттар - суу массасынын физикалык касиеттерин: температурасын, туздуулугун, тыгыздыгын тунуктугун, түсүн, алардын мейкиндик менен убакытта өзгөрүлмөлүүлүгүн жана калыптануу процессин мүнөздөгөн белгилердин топтому;

9) гидрогеологиялык эсеп - суу алуучу курулмага жер алдындагы суулардын микробдук жана химиялык булганыштарынын суулуу горизонттун гидрогеологиялык параметрлерине (чыпкалоо коэффициенти, суунун кычкылтек менен каныккандыгы, горизонттук суунун кубаттуулукту, жер алдындагы суулардын агымынын табигый эңкейиши ж.б.) ылайык убакытты эсептөө жана өндүрүмдүүлүгүн чыгаруу (суу топтомунун максималдуу чоңдугу);

10) кыртыш суулары - бул жердин үстүнөн биринчи жер алдындагы суулуу катмар, ал топурактын (топурактуу кыртыш, ал сууну өткөрбөйт жана анын терең сиңип кетишине жол бербейт) сууга туруштук берген биринчи катмарынан жогору жатат;

11) дрендер (узунунан жана тикесинен) - жер алдындагы суулардын горизонтунун чегинен сууну алып чыгаруучу түзүлүштөр;

12) корголгон жер алдындагы суулар - КСЗнын бардык алкактарынын чегинде жогору жаткан суулуу катмардан жетиштүү корголбогон суу алуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган сууга туруштук берген туташ кырга ээ катмарлардын ортосундагы (басымдуу жана басымсыз) суу;

13) санитардык коргоо зонасы - чегинде ичүүчү суу менен камсыздоо булактарын, суу өткөргүч курулмаларын жана ичүүчү сууну булгануудан коргоо максатында чарбалык жана башка иштин өзгөчө режими орнотула турган аймак жана (же) акватория (мындан ары - СКЗ);

14) инфильтрациялык суу алуучу курулмалар - жер алдындагы чыпкаланган сууларды алуучу курулма;

15) ичүүчү суу менен камсыздоо булагы - жер үстүндөгү же жер алдындагы суу объекти (же анын бир бөлүгү), анын суулары коопсуздук боюнча белгиленген талаптарга жооп берет жана ичүүчү суу менен камсыздоо системасына суу алуу үчүн пайдаланылат же пайдаланышы мүмкүн;

16) жер алдындагы суулар - гидростатикалык басымда турган жер алдындагы суу катмарларынан түзүлгөн суулар;

17) басымдуу жер алдындагы суулар - суулуу катмардын жогорку жагындагы атмосфералык басымдан ашкан басымдан улам орун которуп турган жер алдындагы суулар;

18) жетиштүү корголбогон жер алдындагы суулар - басымсыз суулуу катмар таркаган аянттан азыктанган жердин үстүнөн биринчи жер алдындагы (кыртыш) суусу;

19) санитардык-коргоо тилкеси - чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун суу алып өткүчтүн узундугу боюнча аны бойлой жаткан жана андагы суунун булганышын болтурбоого арналган аймак;

20) санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер - адам үчүн анын жашоо тиричилигинин чөйрөсүнүн факторлорунун талаптарын жана (же) зыянсыздыгын камсыз кылуу үчүн ченемдик укуктук актылар белгилеген санитардык-эпидемиологиялык талаптар жана коопсуздук критерийлер;

21) скважина - жер алдындагы сууларды жер үстүнө көтөрүүгө арналган курулма;

22) кесилиш - дарыянын, көлдүн же жасалма көлмөнүн суусунун үстүңкү бети менен кургак жердин үстүңкү бетинин кесилишкен тилкеси.

3. КСЗны уюштурууга коюлуучу жалпы талаптар

8. Ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын жана булактарын булгануудан коргоо КСЗны уюштуруу менен камсыздалат.

Суу объектисин ичүүчү суу менен камсыздоо булагы катары КСЗны уюштурбастан пайдаланууга жол берилбейт.

9. КСЗ үч алкактан турат:

а) суу алуу, суу өткөргүч курулмалары жана суу өткөрүү каналдары жайгашкан аймакты камтыган жана суу алуу, суу өткөргүч курулмаларын кокусунан булгануудан жана бузулуудан коргоо үчүн жана суу булагынан 30-50 метр радиустагы катуу режим (биринчи зона);

б) микробдук булганууну чектөө алкактары (экинчи зона) климаттык райондордун жана жер алдындагы суулардын корголушуна жараша 100дөн 400 күнгө чейин суунун микробдук булгануусу суунун жабдуу булактарына жана чарбалык-ичүү багытындагы сууларга сиңген убактысын көңүлгө алып эсептөө жолу менен аныкталат;

в) химиялык булганууну чектөө алкагы (үчүнчү зона) скважинаны эксплуатациялоо 25 жыл, же 10000 сутка мөөнөттө, суунун химиялык булгануусу суунун жабдуу булактарына жана чарбалык-ичүүчү багыттагы сууларды алга жылдыруу убактысын эске алып эсептөө жолу менен аныкталат.

10. Суу алып өткүчтүн санитардык-коргоо зонасы ичүүчү суунун чарбалык-ичүү багытындагы суунун булгануусунан коргойт.

11. КСЗ долбооруна төмөнкүлөр кирет:

а) КСЗнын чек арасын жана анын курамын түзгөн алкактарды аныктоо;

б) КСЗ аймагынын санитардык абалын жакшыртуу жана булактын булганышын алдын-алуу боюнча иш-чаралардын планы;

в) КСЗнын алкактарынын аймактарын чарбалык пайдалануу эрежелери жана режими.

12. КСЗнын чек арасын аныктоодо жана зарыл болгон уюштуруу, техникалык, гигиеналык жана эпидемияга каршы иш-чаралардын комплексин иштеп чыгууда ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн долбоорлонуп же пайдаланылып жаткан суу менен камсыздоо булактарынын (жер алдындагы жана жер үстүндөгү) түрлөрү, табигый коргоо жана мүмкүн болуучу микробдук же химиялык булгануу даражасы эске алынат.

13. Суунун микробдук жана химиялык булгануусунун жайылышы төмөнкүлөрдөн көз каранды:

- суу менен камсыздоо булагынын түрүнөн (жер алдындагы жана жер үстүндөгү);

- булгануу мүнөзүнөн (микробдук же химиялык);

- жер үстүндө (жер алдындагы булак үчүн) булгануудан табигый коргоо даражасынан;

- гидрогеологиялык же гидрологиялык шарттардан.

14. КСЗ алкагынын өлчөмүн аныктоодо микроорганизмдердин аман калуу убактысын жана химиялык булгануунун убакыт аралыгында таркашынын алыстыгын эске алуу зарыл.

15. КСЗ уюштуруу боюнча чечим калктуу конуштарды курууну майда-баратына чейин пландаштырууну же башкы планды долбоорлоо стадиясында кабыл алынат.

16. КСЗ долбоору чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо долбоорунун курамдык бөлүгү болууга тийиш жана кийинки менен бир учурда иштелип чыгат. Белгиленген санитардык коргоо зоналары жок иштеп жаткан суу өткөргүчтөрү үчүн КСЗ долбоору атайын иштелип чыгат.

17. КСЗ долбоорунун курамына төмөнкүлөр кирүүгө тийиш:

а) суу менен камсыздоо булагынын санитардык абалынын мүнөздөмөсү;

б) суунун сапатын талдоо;

в) жер үстүндөгү суу менен камсыздоо булактарында гидрологиялык дайындар (негизги параметрлер жана алардын убакыттагы динамикасы) же жер алдындагы булактарда - гидрогеологиялык дайындар;

г) жер алдындагы булактар менен жер үстүндөгү көлмөлөрдүн ортосунда гидравликалык байланыш бар болсо алардын өз ара таасирин мүнөздөгөн маалыматтар;

д) чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо булактары жайгашкан райондо, анын ичинде турак жай, өнөр жай жана айыл чарба объекттерин куруу келечектери жөнүндө маалыматтар;

е) КСЗ биринчи, экинчи жана үчүнчү алкактарынын чек арасын тийиштүү негиздемелери менен жана аткаруу мөөнөтүн жана жооптуу жеке жана юридикалык жактарды көрсөтүү менен иш-чаралардын тизмесин аныктоо;

ж) бардык алкактардын санитардык коргоо зонасына кирген аймактарды чарбалык пайдалануу эрежелери жана режими.

18. КСЗнын жана анын алкактарын түзгөн чек араларды белгилөө ичүүчү суу менен камсыздоо булактарын эксплуатациялоо (анын ичинде жар алдындагы суу алуу өндүрүмдүүлүгү) же санитардык-эпидемиологиялык шарттар өзгөргөн же өзгөрө турган учурда калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгы жагында ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча кайра каралышы мүмкүн.

КСЗнын жаңы чек араларын долбоорлоо жана бекитүү мурдагыдай эле тартипте жүргүзүлүшү керек.

19. Санитардык иш-чараларды төмөнкүлөр аткарууга тийиш:

а) КСЗнын биринчи алкагынын чегинде суу өткөргүчтөрдүн ээлери тарабынан;

б) КСЗнын экинчи жана үчүнчү алкактарынын чегинде - ичүүчү суу менен камсыздоо булактарынын сапатына терс таасир тийгизген (же тийгизе турган) объекттердин ээлери тарабынан.

20. КСЗнын аймагына мамлекеттик көзөмөл "Ичүүчү суу жөнүндө" жана "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана ушул Санитардык эрежелерге ылайык калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгы жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.

4. Жер алдындагы булактардын КСЗнын алкактарынын чек араларын аныктоо

21. Биринчи алкактын чек арасы корголгон жер алдындагы сууларды пайдаланууда суу алуучу курулманын четки скважинасынан кеминде 30 м аралыктагы жана жетиштүү корголбогон жер алдындагы сууларды пайдаланууда 50 м аралыкта белгиленет.

22. Корголгон жер алдындагы сууларга КСЗнын бардык алкактарынын чегинде жогору жаткан суулуу катмардан жетиштүү корголбогон суу алуу мүмкүндүгүн жокко чыгарган сууга туруштук берген туташ кырга ээ басымдуу жана басымсыз катмарлар аралык суулар кирет.

23. Жетиштүү корголбогон жер алдындагы сууларга төмөнкүлөр кирет:

а) кыртыш суулары, б.а. басымсыз суулуу катмар таркаган аянттан азыктанган жердин үстүнөн биринчи жер алдындагы суулар;

б) табигый шарттарда же суу алуучу курулманы эксплуатациялоонун натыйжасында гидрогеологиялык терезелер же тектин катмары аркылуу сиңип өтүүчү талаптагыдай корголбогон кыйла жогору жайгашкан суулуу катмардан, ошондой эле түздөн-түз гидравликалык байланыш жолу менен суу өткөргүчтөрдөн жана көлмөлөрдөн өтүүчү КСЗ аянтынан азыктанган басымдуу жана басымсыз катмарлар аралык суулар.

24. Жер алдындагы запастарды жасалма толтурууда суу алуу үчүн биринчи алкактын чек арасы корголгон жер алдындагы суу менен камсыздоо булактары үчүн суу алуучу курулмадан кеминде 50 м жана инфильтрациялык курулмалардан (бассейндер, каналдар ж.б.) кеминде 100 м аралыкта белгиленет.

25. Жер алдындагы инфильтрациялык суу алуучу курулманын биринчи алкагынын чек араларына, эгерде алардын ортосундагы аралык кеминде 150 м болсо, суу алуучу курулма менен жер үстүндөгү көлмөлөрдүн ортосундагы жээктеги аймак кошулат.

26. Экинчи жана үчүнчү алкактардын чек араларын аныктоодо суулуу катмардан жер алдындагы суулардын агымы суу алуучу курулманы азыктандыруу жагынан гана келе тургандыгын эске алуу керек, планда анын формасы жана өлчөмү:

- суу алуучу курулманын тибине (өзүнчө скважина, скважиналардын тобу, скважиналардын сызыктык катарлары, горизонталдык дрендер ж.б.);

- суу алуучу курулманын чоңдугу (суунун чыгымы) жана жер алдындагы суулардын деңгээлинин төмөндөшү;

- суулуу катмардын гидрологиялык өзгөчөлүктөрү, аны азыктандыруунун жана дренаждоонун шарттары менен аныкталат.

27. Ар башка гидрогеологиялык шарттар үчүн жер алдындагы суу менен жабдуунун КСЗнын экинчи жана үчүнчү алкактарынын чек араларын аныктоо гидрогеологиялык эсептердин методикасына ылайык жүргүзүлөт.

5. Жер үстүндөгү КСЗ алкактарынын чек араларын аныктоо

28. Чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо булактарынын КСЗнын биринчи алкагынын чек арасы төмөнкү чектерде конкреттүү шарттарды эске алуу менен белгиленет:

а) суу өткөргүчтөр үчүн:

- агым боюнча жогору карай - суу алуучу курулмадан кеминде 200 м;

- агым боюнча төмөн карай- суу алуучу курулмадан кеминде 100 м;

- суу алуучу курулманын жээгине жанаша - суунун жайкы-күзгү орто деңгээлиндеги суунун кесилиш сызыгынан кеминде 100 м;

- дарыянын же каналдын кеңдиги кеминде 100 м болгондо суу алуучу курулманын жээгинен карама-каршы багытта - бүткүл акватория жана суунун жайкы-күзгү орто деңгээлиндеги суунун кесилиш сызыгынан кеңдиги 50 м карама-каршы жээк, дарыянын же каналдын кеңдиги кеминде 100 м ашык болгондо кеңдиги кеминде 100м акваториянын тилкеси;

б) көлмөлөр (суу сактагыч, көл) үчүн биринчи алкактын чек арасы жергиликтүү санитардык жана гидрологиялык шарттарга ылайык, бирок суу алуучу курулманын акваториясы боюнча бардык багыттарында жана суунун жайкы-күзгү орто деңгээлиндеги суунун кесилиш сызыгынан жанаша жайгашкан суу алуучу курулманын жээги боюнча белгиленет;

в) КСЗнын биринчи алкагынын чегинде чөмүч тибинде суу алуучу курулмаларда чөмүчтүн бүткүл акваториясы камтылат.

29. Көлмөлөрдүн (суу сактагыч, көл) суу агымдарынын (дарыя, канал) КСЗнын экинчи алкагынын чек арасы жаратылыш, климаттык жана гидрологиялык шарттарга жараша аныкталат.

30. Суу агымдарында экинчи алкактын чек арасы негизги суу агымы же анын куймасы аркылуу агуу учурунда кеминде 5 сутка болушу үчүн микробдук өзүн-өзү тазалоо максатында суу алуучу курулманын агымы боюнча жогору жылдырылууга тийиш.

31. Суу агымынын КСЗнын экинчи алкагынын агымы боюнча төмөнкү чек арасы шамалдын артка карай агымына таасирин алып салууну эске алуу менен аныкталууга, бирок суу алуучу курулмадан 250 м аз болбоого тийиш.

32. Суунун жайкы-күзгү орто деңгээлиндеги суунун кесилиш сызыгынан КСЗнын экинчи алкагынын капталдагы чек аралары төмөн аралыкта жайгашууга тийиш:

а) жер түзөң рельефтүү болгондо - кеминде 500 м;

б) жер тоолуу рельефтүү болгондо - суу менен камсыздоо булагы тарапка караган биринчи капталдын чокусуна чейин, бирок эңкейиш жантаймада кеминде 750 м жана тик жантаймада кеминде 1000 м.

33. Көлмөлөрдө КСЗнын экинчи алкагынын чек арасы суу алуучу курулмадан бардык тарапты көздөй акватория боюнча айдама шамал 10%га чейин болгондо 5 км аралыкка жана айдама шамал 10%дан ашык болгондо 5 км аралыкка алыстатууга тийиш.

6. Суу өткөргүч курулмаларынын жана суу алып өткүчтөрдүн КСЗ чек араларын аныктоо

34. КСЗ суу өткөргүч үчүн биринчи алкак (катуу режим) менен берилген, суу алып өткүч үчүн - санитардык-коргоо тилкеси менен көрсөтүлгөн.

35. Суу өткөргүчтүн КСЗнын биринчи алкагынын чек арасы төмөнкүдөй аралыктарда алынат:

- запастык жана жөнгө салуучу сыйымдуулуктарынан, чыпкалардан жана контакттык жарык бергичтерден - кеминде 30 м;

- суу толтуруу мунараларынан - кеминде 10 м;

- тундурмалардан, реагенттик чарбадан, хлордун кампасынан, насостук станциялардан ж.б. - кеминде 15 м.

36. Санитардык-коргоо тилкесинин кеңдиги суу алып өткүчтүн четки сызыгынан эки жагы боюнча алынат:

а) кыртыш суулары жок болсо - суу алып өткүчтүн диаметри 1000 мм болгондо - кеминде 10 мм жана суу алып өткүчтүн диаметри 1000 мм ашык болгондо - кеминде 20 мм;

б) кыртыш суулары бар болсо - суу алып өткүчтүн диаметрине карабастан - кеминде 50 мм.

37. Суу өткөргүч курулмаларынын аймагында хлор сактоочу кампа болгон учурда кампадан баштап турак жана коомдук имараттарга чейинки санитардык-коргоочу зона Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген "Санитардык-коргоо зоналары жана ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди санитардык классификациялоо" санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана ченемдерди эске алуу менен белгиленет.

7. КСЗ аймагындагы иш-чаралар

38. КСЗнын ар бир алкагы үчүн суу алуучу курулманы эксплуатациялап баштаганга чейин бир жолку иш-чаралар же режимдүү мүнөздөгү туруктуу иш-чаралар каралат.

39. КСЗнын аймагында негизги иш-чаралардын көлөмү тийиштүү негиз бар болсо райондун аймагында КСЗны заманбап жана келечектүү чарбалык пайдаланууну эске алуу менен конкреттүү жаратылыш шарттарына жана санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга карата колдонгудай такталууга жана толукталууга тийиш.

40. Суу менен жабдуунун жер алдындагы булактарынын КСЗнын биринчи алкагынын аймагы жер үстүндөгү агымдарды андан сырткары буруп кетүү үчүн пландаштырылат, жашылдандырылат, көрктөндүрүлөт, курчалат жана күзөт менен камсыз кылынат.

41. Суу өткөргүч курулмаларын эксплуатациялоого тиешеси жок адамдардын КСЗнын биринчи алкагынын аймагына жана суу өткөргүч курулмасынын аймагына киришине жол берилбейт. Суу алуунун биринчи алкагынын аймагы бийиктиги кеминде 2,5 метрлик туюк тосмо менен тосулат. Суу алуучу курулмаларга алып баруучу жолдор таманы катуу нерселер менен төшөлөт.

42. Суу даярдоо станцияларынын, насостук станциялардын, резервуарлардын жана суу толтуруу мунараларынын аянтчалары КСЗ менен бийиктиги кеминде 2,5 метрлик туюк тосмо менен тосулат. Тикенек зым же металл тордон турган туюк тосмолордун бийиктиги 2,0 метрди жана 0,5 метрди түзөт. Администрациялык-тиричилик имаратынан тышкары тосмого курулмаларды жанаштырып жайгаштырууга жол берилбейт.

43. Сөңгөктөрү бийик дарактарды отургузууга, суу өткөргүч курулмаларын эксплуатациялоого, реконструкциялоого жана кеңейтүүгө түздөн-түз тиешеси жок бардык курулмаларга, ар кандай багыттагы түтүк өткөргүчтөрдү жайгаштырууга, турак жана чарбалык-тиричилик имараттарын жайгаштырууга, адамдардын жашашына, уу химикаттарды жана жер семирткичтерди колдонууга тыюу салынат.

44. Имараттар экинчи алкактагы аймактагы санитардык режимди эске алуу менен агынды сууларды тиричилик же өндүрүштүк канализациянын жакынкы системаларына, КСЗнын биринчи алкагынан сырткары жайгашкан тазалоо курулмаларынын жергиликтүү станцияларына буруп кеткен канализация менен жабдылууга тийиш.

45. Канализация жок болсо аларды ташып кетүүдө КСЗнын биринчи алкагынын аймагынын булганышын жокко чыгарган жерлерде жайгашкан саркындыларды жана тиричилик калдыктарын суу өткөрбөс кабыл алгычтар орнотулууга тийиш.

46. КСЗнын биринчи алкагында жайгашкан суу өткөргүч курулмалары ичүүчү суунун скважиналарынын моюн жана чыга бериши, люктар жана резервуарлардын куюштуруу түтүктөрү жана насосту толтуруу орнотмолору аркылуу булганышын болтурбоону эске алуу менен жабдылууга тийиш.

47. Суу алгычтар суу өткөргүчтөрдү долбоордук өндүрүмдүүлүктө эксплуатациялоодо суунун дебитин контролдоо үчүн аппаратура менен жабдылууга тийиш.

48. Чарба-ичүүчү суу менен жабдуунун жер алдындагы жана жер үстүндөгү булактарынын КСЗда төмөнкүдөй иш-чаралар өткөрүлөт:

1) суулуу катмарларды булгоо ыктымалдыгы жагында коркунуч туудурган бардык эски, иштебей турган, бузук же туура эмес эксплуатацияланган скважиналарды табуу, тыгындоо (консервациялоо) же калыбына келтирүү;

2) жаңы скважиналарды бургулоо;

3) объекттердин аймактарын санитардык ыңгайлаштыруу (канализация менен жабдуу, суу өтпөс чуңкурларды казуу, жер үстүндөгү агындыларды буруп кетүүнү уюштуруу) боюнча иш-чараларды жүргүзүү.

49. КСЗда төмөнкүлөргө жол берилбейт:

- иштетилген сууларды жер алдындагы катмарларга агызууга, катуу тиричилик калдыктарын жыйноого жана жер казыналарын иштетүүгө;

- көрүстөн, мал көмүлгөн жер, ассенизация талааларын, чыпкалоо талааларын, кык сактоо жайларын, силос аңдарын, мал жана канаттууларды өстүргөн чарба субъекттерин, мал союучу пункттарын, мал союучу аянттарын, жер алдындагы сууларды жана башка объекттерди микробдук жана химиялык булгануу коркунучун шарттаган өнөр жай объекттерин жайгаштырууга;

- жер семирткичтерди жана уу химикаттарды, күйүүчү-майлоочу материалдардын кампаларын, чарбалык-тиричилик жана өнөр жайынын агынды сууларын топтогучтарды, шлам сактоо жайларын жана башка объекттерди колдонууга жана сактоого;

- агынды сууларды, анын ичинде суу транспортунун агынды сууларын агызууга, ошондой эле сууга түшүүгө, кир жууганга, мал сугарууга, автотранспортторду жууганга, балыкты өндүрүштүк уулаганга жана башка суу пайдаланууда суунун сапатына таасир тийгизе турган түрлөргө.

50. Жолдордун, жөө жүргөндөрдүн чыйырларынын кесилишиндеги КСЗнын экинчи алкагынын чек аралары "Санитардык коргоо зонасы" деген атайын белгилери бар мамылар менен белгиленет.

51. КСЗнын акваториясынын чегинде кум, шагыл казып алуу жана арыктардын түбүн тереңдетүү иштерин жүргүзүүгө жол берилбейт.

52. КСЗнын жер үстүндөгү булактарынын чегинде:

1) санитардык кыркуудан тышкары токойлорду кыюуга;

2) мал короолорду жайгаштырууга жана жаюуга;

3) кеңдиги кеминде 500 м жээк тилкелеринин чегинде көлмөлөрдү жер участкаларын жана токой ресурстарын пайдаланууга;

4) өнөр жай, айыл чарба, шаардык жана жаан-чачындын агынды сууларын агызууга.

53. Суу алып өткүчтөрдүн санитардык-коргоо тилкелеринин чегинде жерди жана кыртыш сууларын булгоочу булактарды (даараткана, саркынды чуңкурун, кык сактоочу жайларды, таштанды чогултуучу жайларды ж.б.) жайгаштырууга жол берилбейт.

8. Суу алып өткүчтөрдүн санитардык-коргоо тилкелери боюнча иш-чаралар

54. Таштанды талааларынын аймагында, ассенизация талааларында, чыпкалоо талааларында, сугат талааларында, көрүстөндө, мал көмүлгөн жерлерге суу алып өткүчтөрдү жайгаштырууга, ошондой эле өнөр жай жана айыл чарба ишканаларынын аймагы боюнча магистралдык суу алып өткүчтөрдү жайгаштырууга жол берилбейт.

 

 

2-тиркеме

"Борборлоштурулган чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо жана ичүү багытындагы суу өткөргүч системаларына санитардык-эпидемиологиялык талаптар"
САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ ЖАНА ЧЕНЕМДЕРИ

1. Жалпы жоболор жана колдонуу чөйрөсү

1. "Борборлоштурулган чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо жана ичүү багытындагы суу өткөргүч системаларына санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери (мындан ары - санитардык эрежелер) борборлоштурулган чарбалык-ичүүчү суу системаларына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарды белгилейт.

2. Санитардык эрежелер баш ийүүсүнө жана менчигинин формасына карабастан, долбоорлоо, реконструкциялоо жана куруу иштери ушул санитардык эрежелер күчүнө киргенге чейин башталган объекттерден башка, чарбалык-суу менен камсыздоо багытындагы долбоорлонуп, курулуп, реконструкцияланып жана иштеп жаткан объекттерге колдонулат.

3. Ушул санитардык эрежелерди бузган чарбалык-ичүүчү суу менен борборлоштурулган жабдуу системаларын эксплуатациялаган юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамына ылайык жоопкерчилик тартышат.

2. Терминдер жана аныктамалар

4. Ушул санитардык эрежелерде төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:

1) авария - суу менен камсыздоо системасынын, ичилүүчү сууну, саркынды сууларды тазалоо боюнча курулмалардын иштешинин санкциясыз токтошу же алардын компоненттеринин бузулуп, мүлктүн бузулушуна, жок болушуна алып келүүчү же адамдардын ден соолугуна жана бакыбаттыгына коркунуч түзүүчү ыктымалдыгы;

2) суу алуу курулушу - ичүүчү суу менен камсыздоо булагынан суу алуу үчүн гидротехникалык курулуш.

3) ортодогу ажырым - түтүктүн төмөнкү бөлүгү менен суу кабылдагычтын бортунун өйдөкү кырынын ортосундагы аба катмары;

4) суу алуучу скважинанын башы - суу келүүчү суусу бар горизонттон сууну алуучу түтүктүн өйдө жагы;

5) сууну зыянсыздандыруу - суудагы микроорганизмдерди жок кылуу боюнча иштер;

6) скважинанын башы - насос орнотулган скважинанын чыга беришинин жылчыксыздыгын камсыз кылган жабдуу;

7) өндүрүштүк контролдоо - адамдын өмүрүн, ден соолугун сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо максатында юридикалык жана жеке жактар тарабынан уюштурулуучу жана ишке ашырылуучу, адамдар үчүн мүмкүн болгон коркунучу бар жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу процессинде санитардык-эпидемияга каршы (алдын алуучу) иш- чаралардын камсыздалышын контролдоо системасы;

8) скважинаны тазалоо - таза суу чыкканга чейин кир сууну кудуктан чыгаруу процесси;

9) сууну бөлүштүрүүчү тармак - ичүүчү сууну керектүү жерлерге жеткирүүчү түзүлүштөрү бар суу өткөрүүчү түтүктөр тармагы;

10) санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер - адам үчүн анын жашоо-тиричилик чөйрөсүнүн факторлорунун санитардык-эпидемиологиялык талаптарын, коопсуздук жана (же) зыянсыздык критерийлерин жана анын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыздоого карата талаптарды аныктоочу ченемдик укуктук актылар;

11) кудуктарды бүтөө - скважинаны булгануудан сактоо үчүн көзөнөктү бетон эритме менен толтуруу тартиби.

3. Борборлоштурулган чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системаларына карата жалпы талаптар

5. Борборлоштурулган чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системаларындагы ичүүчү суу "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент тууралуу" жана "Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.

6. Борборлоштурулган чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасы турак жана коомдук имараттарды, ишканаларды жана уюмдарды, ошондой эле ичилүүчү сууну талап кылган өнөр жай жана айыл чарба объекттеринин өндүрүштүк муктаждыктарын суу менен туруктуу жабдууну камсыз кылууга тийиш.

7. Борборлоштурулган чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын эксплуатациялаган юридикалык жана жеке жактар аталган системаларда ичүүчү суунун коопсуздугуна өндүрүштүк контролду жана суу даярдоодо пайдаланылган реагенттердин дозасын аныктоонун натыйжаларын эсепке алууну камсыз кылууга тийиш.

8. Хлору бар реагенттер менен сууну зыянсыздандыруу жана курулуштарды дезинфекциялоо активдүү (калдык) хлордун канча экенин аныктоочу контроль менен ишке ашырылат.

9. Сууну тармакка берүүнүн алдында хлордун калдыгын аныктоо үчүн лабораториялык-өндүрүштүк контроль ар бир саат сайын, ал эми ачык булактардан алынган суу өткөргүчтөрүндө - ар бир 30 минут сайын жүргүзүлөт.

Хлордоо үчүн хлордун керектүү дозасын аныктоодо үчүн сууну зыянсыздандыруунун натыйжасы жана активдүү хлордун калдыгы канча экени аныкталат.

10. Өндүрүштүк лабораториялары жок болсо хлордуу реагенттердеги жана ичүүчү суудагы активдүү хлордун канча экендиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген "Санитардык эрежелердин сакталышына жана санитардык-эпидемияга каршы (алдын алуучу) иш-чаралардын аткарылышына өндүрүштүк контролдоону уюштуруу жана жүргүзүү" санитардык эрежелери боюнча контролдонот;

11. Борборлоштурулган чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасындагы курулмаларды жана тармактарды дезинфекциялоо үчүн реагенттердин санын аныктоо ушул санитардык эрежелердин тиркемесине ылайык аныкталат.

12. Борборлоштурулган чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасындагы курулмаларды жана тармактарды санитардык тазалоо үчүн жоопкерчиликти суу менен камсыз кылуу системасын эксплуатациялоочу юридикалык жана жеке жактар тартат.

13. Борборлоштурулган чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасындагы курулушту аяктоодо, эксплуатацияга берүүдө, ремонттук иштерде, узак убакытка (48 саат жана андан ашык) токтоп калганда, аварияларда аларды эксплуатациялоочу юридикалык жана жеке жактар системанын курулуштарын жана тармактарын ушул санитардык эрежелердин 7-бөлүгүнө ылайык санитардык иштетүүдөн өткөрүүнү камсыздашат.

14. Суу берүүчү жабдууларды өчүрүү, ченемдик көрсөткүчтөргө ылайык келбеген сууну берүүнү токтотуу менен коштолгон, дароо жоюу мүмкүн болбогон жагдайларда калк суу менен "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык камсыздалат.

15. Суу менен камсыздоо объекттеринде өзгөчө кырдаалдар болгондо борборлоштурулган чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасын эксплуатациялоочу юридикалык жана жеке жактар "Ичүүчү суу суунун коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык дароо чара көрүшөт.

16. Борборлоштурулган чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасын эксплуатациялоочу юридикалык жана жеке жактар аварияларды жана аларды жоюу боюнча чараларды эсепке алууну, пландоо-алдын алуу иштерин, ошондой эле чарбалык-ичүүчү суу менен жабдууну эксплуатация токтотулганына байланыштуу жабдууларды өчүрүүнү, кайра иштетүүнү камсыздашат.

17. Суу менен камсыздоо объектинин аймактарын борборлоштурулган чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасын эксплуатациялоого тиешеси жок автотранспорттун токтоп турушу жана өтүшү үчүн пайдаланууга тыюу салынат.

18. Таштандылар жана калдыктар суу менен камсыздоо объектинин өндүрүштүк жайларынын аймактарында орнотулган, үч тарабынан катуу дубал менен тосулган контейнерлерге чогултулат жана сакталат. Таштандыларды жана калдыктарды адистештирилген уюм атайын бөлүнгөн жерлерге ташып кетет.

4. Суу менен камсыздоо булактарына жана суу алуучу курулмаларга карата талаптар

19. Суу менен камсыздоо булагы "Ичүүчү суу жөнүндө", "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент" тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына, ошондой эле ошол булак үчүн санитардык коргоо зонасын уюштуруу жана коопсуз суу алуу мүмкүнчүлүктөрүнө жараша тандалат.

20. Суусу "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келбеген суу менен жабдуучу булак тандалган учурда керектөөчүлөргө коопсуз ичүүчү суу берүүнү камсыз кылган сууну даярдоочу технология каралышы керек.

21. Суу чыгаруучу скважиналардын орду ошол жердеги шарттарга жараша жер үстүндөгү, жарым-жартылай жер астындагы жана жер астындагы жайларда жайгаштырылат. Оңдолбоочу техникалык бузуктардан улам эксплуатациялоо суунун сапатынын начарлашына алып келүүчү суу чыгаруучу скважиналар бүтөө жолу менен жок кылынат.

22. Суу чыгаруучу скважина үчүн жай скважина турган жерди атмосфералык жаан-чачындардан жана кыртыш сууларынан сактоого, зарыл жабдууларды жайгаштыруу, лабораториялык изилдөөлөр үчүн скважиналарда суунун сынамагын алуу мүмкүнчүлүгүн, сынамык алууда төгүлүүчү сууну чыгаргычты, скважинанын полунун тийиштүү эңкейишин камсыз кылууга тийиш.

23. Суу чыгаруучу скважиналардын жайларын жылытуу үчүн электр менен жылытуу же башка ыкма караштырылат.

24. Скважина турган орун жана түтүктөрдүн арасындагы бош аралык жер үстүндөгү суулар менен булгануудан сакталууга тийиш. Скважинага туташкан түтүктүн башында суунун сынамыгын алуу үчүн чорго болууга тийиш.

25. Скважинанын түтүктөрүнүн эксплуатациялык колонкасынын жогорку бөлүгү павильондун полунун деңгээлинен кеминде 0,5 метрге жогору жайгашууга тийиш.

Скважина узак мезгилге (10 сутка жана андан ашык) токтоп турганда суу алуучу курулмаларды эксплуатациялаган юридикалык жана жеке жактар скважинаны суу агызып тазалоону, курулмаларды санитардык тазалоону жана андан кийин сууга лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүнү камсыздашат.

26. Суу чыгаруучу курулмалардын жана насостук станциялардын жайларынын ички жасалгасы сууга туруктуу материалдардан жасалат. Жабдуулар сырдалып, убагында тазаланып, түтүктөр бириккен жерлер, ширетилген арматуралар суу өтпөс болууга тийиш. Тазалоо үчүн өзүнчө тазалоочу шаймандар болот.

27. Скважинанын жана насостук станциянын аймагы жана жайлары таза болууга тийиш.

5. Сууну даярдоо үчүн курулмаларга жана резервуарларга талаптар

28. Бөлүштүрүүчү тармактагы суунун сапаты жана коопсуздугу "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык камсыздалат.

39. Ачык булактардан алынган ичүүчү суу милдеттүү түрдө зыянсыздандырылууга тийиш.

30. Жер алдындагы сууларды, ошондой эле атайын иштетүүдөн (темирден арылтуу, жумшартуу ж.б.) кийинки сууларды зыянсыздандыруу зарылдыгы сууну лабораториялык контролдоонун жыйынтыгын, калктуу конуштагы эпидемиялык кырдаалды жана суу булагын санитардык коргоо зонасынын санитардык абалын комплекстүү баалоонун негизинде аныкталат.

31. Ичүүчү сууну зыянсыздандыруу аны хлордоо, озон кошуу, ультракызгылт нурлантуу жана ичүүчү суу менен камсыздоо системаларында пайдалануу үчүн уруксат кылынган башка ыкмалар менен жүргүзүлөт.

32. Чарбалык-ичүү муктаждыктары үчүн суу өткөргүчкө берилүүчү сууну зыянсыздандыруунун натыйжалуулугун контролдоо "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген көрсөткүчтөр боюнча, суу чыгаргычтын кыйла өзгөчөлүү чекиттеринде (насостук станцияга эң жакын, эң алыс, айрыкча жогору жердегилер, туюктар, суу алуучу колонкалар) жүргүзүлөт.

33. Хлордоодо хлордун тийиштүү дозасын аныктоо үчүн сууну зыянсыздандыруунун натыйжасы жана активдүү хлордун калдыгы канча экени аныкталат.

34. Сууну зыянсыздандыруу үчүн тандап алынган хлордун тийиштүү дозасы талаптагыдай бактерициддик натыйжаны, сууда хлордун калдыгы 0,3 мг/л кем жана 0,5 мг/л ашык болбошун камсыз кылууга тийиш.

35. Суудагы активдүү хлордун калдыгынын саны титрлөөнүн метилдик кызгылт-сары, йодометриялык, ортотолидиндик жана башка ыкмалары менен аныкталат.

36. Ири суу өткөргүчтөрүндө хлордун калдыгы канча экенин аныктоо үчүн автоматтык анализаторлор колдонулат.

37. Суу даярдоо жана ичүүчү сууну сактоо үчүн бардык сактагыч курулмалар эксплуатациялоо процессинде 7-бөлүмгө жана ушул Санитардык эрежелердин тиркемесине ылайык санитардык тазалоодон өткөрүлүүгө тийиш.

38. Ичүүчү сууну сактоочу резервуарларда суунун 48 сааттын ичинде толук алмашуусуна алып келген циркуляциясы камсыздалууга тийиш. Резервуарлардын конструкциясы аларга атмосфералык жаан-чачындар, кыртыш сууларынын, башка заттардын түшүшүн болтурбоого тийиш.

39. Ичүүчү суунун резервуарларынын куюштуруучу жана сууну чыгаруучу түтүктөрү ылдый жактагы түтүктөрдүн суу астында калышын болтурбоочу аралыкта канализация системасына кошулат.

40. Резервуарлардын кирүүчү люктары суу өткөрбөгүдөй жасалат, кулпу менен бекитилет жана пломба коюлат.

41. Резервуарлардан сууну түбүндөгү чөгүндүлөрү чаңдап кетүүчү ылдыйкы чектен ылдый алууга болбойт.

42. Суу чыгаруучу мунаралардын челектери суу өткөргүс болот жана суунун сынамыгын алуу үчүн ал чорго менен жабдылат.

6. Суу өткөргүч тармактарына жана алардагы курулмаларга талаптар

43. Суу өткөргүч тармактарын орнотуу иштери башталганга чейин курулуш аймагы кыртышты булгоочу булактардан жана кыртыш сууларынан (даараткана, саркынды куюлуучу чуңкурлар, таштанды чогулткучтар, кык сактагычтар) тазаланат.

44. Бөлүштүрүүчү суу өткөргүч тармагы айлампа түрүндө жасалат. Туюк тармактар суу түтүгүнүн диаметри 100 мм ашык эмес жана узундугу 100 метрден ашпастан курулат.

45. Суу өткөргүчтөрүн карап текшерүү үчүн кудуктары таза, кургак кармалып, суу өткөргүчтөрдүн туташуулары жана ачып-жабуучу арматуралары жылчыксыз болууга тийиш.

46. Суу түтүгү тармагынын түзүлүшү жана эксплуатациялоо режими аларда суунун токтоп туруп калуучу, басымы атмосфералык басымдан төмөн болуучу участокторун болтурбоого тийиш.

47. Суу алуучу колонкалар техникалык жактан оң абалда болуп, сырдалууга тийиш. Суу алуучу колонкалардын тегерегине секи жана суу агып кетүүчү арык жасалат.

48. Борборлоштурулган чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасын эксплуатациялоочу юридикалык жана жеке жактар ушул санитардык эрежелердин 7-бөлүгүнө жана тиркемесине ылайык сырткы жана ички суу өткөргүч тармактарын мезгил-мезгили менен санитардык тазалоону камсыздашат.

49. Ички суу өткөргүчтөрүн орнотууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген "Жумушчу орунда, турак үйлөрдүн, коомдук имараттардын жайларында жана турак жай курулушунун аймагындагы ызы-чуу" санитардык эрежелеринде жана ченемдеринде аныкталган чуунун ченемделүүчү көрсөткүчтөрүн камсыз кылуучу ызы-чуудан сактоочу иштер аткарылат.

50. Насостук жабдууларды батирлердин турак бөлмөлөрүнүн балдардын же чогуу болуучу бөлмөлөрдүн, балдардын мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү уюмдарынын сабак окуучу бөлмөлөрүнүн, саламаттык сактоо уюмдарынын жана медициналык иш жүргүзгөн башка уюмдардын палаталарынын, администрациялык имараттардын иш бөлмөлөрүнүн жанына (үстүнө, астына) жайгаштырууга болбойт.

51. Сууну көтөрүүчү насос түзүлүштөрүнүн жабдуулары өз убагында сырдалат, тазаланат, түтүктөр кошулган, арматуралар ашталган жерлер жылчыксыздалат.

52. Ички суу өткөргүчтөрүн сырткы канализацияга кошууга болбосо аларды имараттын ичине орнотууга болбойт.

7. Борборлоштурулган чарбалык-ичилүүчү суу менен камсыздоо курулмаларын жана тармактарын санитардык тазалоо тартиби

53. Борборлоштурулган чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасынын курулмаларын жана тармактарын санитардык иштетүү аларды эксплуатациялоочу, куруучу, реконструкциялоочу же авариялык-калыбына келтирүү иштерин аткаруучу юридикалык жана жеке жактар тарабынан аткарылат.

54. Суу өткөрүүчү станциялардын курулушу бүткөн курулмалары (артезиан скважиналар, суу сактоочу курулмалар) эксплуатацияга киргизээрдин алдында, ремонттук жана авариялык-калыбына келтирүү иштери аяктагандан кийин, суунун сапаты начарласа санитардык тазалоодон өткөрүлүүгө тийиш.

55. Суу өткөрүүчү станцияларда санитардык тазалоо пландуу тартипте жылына - 1 жолу, суу өткөргүч тармактарында - 3 жылда 1 жолу жүргүзүлөт.

56. Борборлоштурулган чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасынын курулмаларын жана тармактарын дезинфекциялоо үчүн зарыл болгон реагенттердин саны ушул санитардык эрежелердин тиркемесине ылайык эсептөө жолу менен аныкталат.

57. Суу өткөргүч курулмаларын жана тармактарын дезинфекциялоо үчүн хлордуу препараттарды пайдаланууда хлор акиташында активдүү хлордун саны 25 проценттен кем болбоого тийиш.

58. Сыйымдуулук курулмаларын дезинфекциялоо үчүн газ түрүндөгү хлорду колдонууга суу өткөргүчтөрдүн станцияларында хлор чарбасы болгондо гана уруксат берилет.

59. Суу өткөргүч курулмаларын санитардык тазалоо боюнча иштер аяктагандан кийин суунун сынамыгын "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген ичүүчү суунун коопсуздук көрсөткүчтөрүнө шайкеш келишине карата лабораториялык изилдөө жүргүзүлөт.

60. Изилдөөнүн канааттандырарлык натыйжалары алынганда суу өткөргүч курулмаларын санитардык тазалоо аяктады деп эсептелет.

61. Санитардык тазалоонун натыйжалары акт менен таризделет, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

- акт түзүлгөн жана санитардык тазалоо жүргүзүлгөн дата; санитардык тазалоону жүргүзгөндөр; курулманын дареги жана мүнөздөмөсү;

- аткарылган иштердин тизмеси;

- дезинфекциялоо режими;

- хлордуу жана чайкоочу суулар төгүлгөн жер;

- суунун сынамыгы алынган дата жана убактысы;

- лабораториялык изилдөөнүн натыйжалары.

62. Акт лабораториялык анализ үчүн суунун сынамыгы алынган акыркы датадан баштап он сутка бою жарактуу болот. Он сутка өткөндөн кийин суунун анализдеринин канааттандырарлык натыйжалары алынганга чейин суунун сынамыгын алуу менен кайра санитардык тазалоо жүргүзүлөт.

63. Скважинаны дезинфекциялоонун алдында металл фырча-щеткалардын жардамы менен механикалык тазалоо, кийин суудан механикалык кошулмалардын чыгышы токтогонго чейин сууну сордуруп алуу менен жүргүзүлөт.

64. Хлордуу жана чайкоочу суулар Кыргыз Республикасынын айлана чөйрөнү жана калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органы менен макулдашылып, атайын бөлүнгөн жерге төгүлөт.

65. Скважинаны дезинфекциялоо эки этап менен жүргүзүлөт: биринчи кезекте скважинанын суунун үстүңкү бөлүгү, андан кийин суу астындагы бөлүгү дезинфекцияланат.

66. Скважинанын суу үстүдөгү бөлүгүн - хлор камтылган препараттарды пайдаланууда чыга бериштен статистикалык деңгээлге чейин дезинфекциялоо булгануунун даражасына жараша 3-6 сааттын ичинде хлор акиташынын аралашмасы же активдүү хлордун 50-100 мг/дм3 концентраты бар гипохлорит менен жүргүзүлөт. Скважинага кысылган абаны үйлөтүү менен анда суунун статистикалык деңгээлинен бир нече метрге төмөн пневматикалык резина тыгын алдын-ала орнотулат. Скважинанын көңдөйү чыга бериштен тыгын орнотулган жерге чейин активдүү хлор аралашмасы менен толтурулат.

67. Скважинанын суу астындагы бөлүгүн дезинфекциялоо үчүн хлор акиташынын аралашмасы же гипохлорит пайдаланылат. Скважинада сууга аралаштырууда активдүү хлордун концентрациясы 50 мг/дм3 кем болбоого тийиш. Суунун хлор камтыган препараттар менен 3-5 сааттык катнашынан кийин суу хлордун жыты кеткенче сордурулат.

68. Жаңы насостук жабдууну орнотууда, эскини оңдоодо насостук агрегаттар механикалык тазаланууга жана дезинфекцияланууга тийиш. Дезинфекциялоо насостун корпусун 1-1,5 саатка 200-300 мг/дм3, 6 саатка 75-100 мг/дм3 активдүү хлордун концентрациясы бар хлор акиташынын түссүз аралашмасы, башка хлор камтылган реагенттер менен толтуруу аркылуу, кийин жууп тазалоо жана эксплуатацияга берүү менен жүргүзүлөт.

69. Сыйымдуулук курулмасын дезинфекциялоо боюнча иштерди баштоонун алдында сууну агызуу, зарыл болсо алдын-ала оңдоо, механикалык тазалоо жүргүзүлөт.

70. Механикалык тазалоо боюнча иштер башталганга чейин резервуардын ички беттерин тазалоо үчүн пайдаланылуучу жууп-тазалоо инвентары жана персоналдын резина өтүктөрү 1%дык хлор акиташынын аралашмасы же башка хлор камтылган препараттар менен дезинфекцияланат.

71. Хлор камтылган препараттарды пайдалануу аркылуу суу чыгаруу менен резервуарларды дезинфекциялоо үчүн узактыгы 1-1,5 сааттык катнашта резервуарлардын дубалдарынын бетине жана түбүнө хлор акиташынын аралашмасы же 1 м2 аянтка 0,3-0,5 дм3 эсебинде 200-250 мг/дм3 активдүү хлордун концентрациясы, 3-5 сааттык экспозицияда 75-100 мг/дм3 активдүү хлордун концентрациясы бар гипохлорит сүйкөлөт.

72. Хлор камтылган препараттарды пайдалануу аркылуу көлөмдүү ыкма менен резервуарларды дезинфекциялоо чакан (500 м3 чейинди кошкондо) сыйымдуулуктар жана оргутуучу бактар үчүн колдонулат. Механикалык тазалоодон кийин резервуар 5-6 сааттык экспозицияда 75-100 мг/дм3 концентрациядагы хлордуу аралашма менен толтурулат.

73. Өткөргүч түтүктөрдүн 3 км ашпаган узундуктагы жана колдонуудагы тармактардан алыс участогу санитардык тазаланууга тийиш. Кыйла узун өткөргүч түтүктөрдү жууп тазалоо узундугу 3 км ашпаган участогун ырааттуу түрдө жууп тазалоо менен жүргүзүлөт.

74. Өткөргүч түтүктөрдү санитардык тазалоо боюнча иштер башталганга чейин санитардык тазалоо үчүн жооптуу уюм тарабынан дезинфекцияланууга тийиш өткөргүч түтүктүн участогунун схемасы түзүлөт.

75. Схемада төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

- колдонуудагы өткөргүч түтүктүн тармагынан өчүрүү точкалары;

- аяктаган курулуштун салынган өткөргүч түтүгүнүн профили;

- эсептер менен аныкталуучу хлор камтылган жана башка препараттардын саны;

- хлор камтылган препараттар куюлуучу жер;

- чайкоочу жана хлордуу сууларды чыгаруучу жер;

- суунун сынамыгын алуу точкалары.

76. Өткөргүч түтүктөрдү санитардык тазалоо механикалык тазалоону (зарыл болсо), гидропневматикалык же алдын-ала жууп тазалоону, дезинфекциялоону жана кайталап жууп тазалоону камтыйт. Жуулуп тазалануучу өткөргүч түтүк боюнча суунун агымынын ылдамдыгы өткөргүч түтүк толук толтурулганда кеминде 1,5 м/сек.

77. Иштер аяктаганда өткөргүч түтүктүн өчүрүлүүчү участогун эки багытта кезеги менен жууп тазалоо жана чайкоочу, хлордуу сууну төгүү менен аны санитардык тазалоо жүргүзүлөт.

78. Өткөргүч түтүктөрдү алдын-ала жууп тазалоо суунун салмакталган заттардан толук тазаланышына чейин жүргүзүлөт. Гидропневматикалык жууп тазалоодо кошундунун кыймылынын минималдуу ылдамдыгы (басым анча көп эмес жерлерде) суунун кыймылынын 1,2 максималдуу ылдамдыгынан кем эмес, ал эми суунун чыгымдалышы кошундунун көлөмдүү чыгымында 10%дан 25%га чейин болууга тийиш.

79. Хлор камтылган препараттардын аралашмасы суу өткөргүчтүн тармагына өткөргүч түтүктү бир учурда акырындык менен чарбалык-ичүүчү суу өткөргүчтөн суу менен толтурууда анын бойлото кеткен профилине жараша бир же бир нече точкаларда атайын кесилген штуцерлер, вентилдер, тээктер, өзгөчө иретинде - өрт гидранттары аркылуу куюлат.

80. Активдүү хлордун камтылышын контролдоо үчүн ар бир 500 метр сайын лабораториялык анализге сынамык алынып турат, бул үчүн өрт гидранттары, суу колонкалары жана тармактагы башка курулмалар, ошондой эле убактылуу сынамык алуучу чорголор же суунун сынамыгын алууга мүмкүнчүлүк берген башка түзүлүштөр колдонулат.

81. Хлор камтылган препараттардын аралашмасын куюу ал берилген жерден кыйла алыс точкаларда активдүү хлордун камтылышы берилген дозадан кеминде 50% болгонго чейин улантылат.

82. Хлор камтылган препараттарды пайдаланууда суу өткөргүчтөрдүн тармактарын дезинфекциялоо үчүн 5-6 сааттык катнашта 75-100 мг/дм3 же 24 жана андан ашык сааттык катнашта 40-50 мг/дм3 активдүү хлордун концентрациясы бар аралашма колдонулат.

83. Катнаш аяктагандан кийин хлордуу суу төгүлөт жана тармак таза суу өткөргүчтүн суусу менен чайкалат. Чыгуучу жерден сууну буруп кетүү айлана чөйрөнү коргоо жагында ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылат.

84. 12 метрден ашпаган түтүктөрдүн бир бөлүгүн, тыгындоо-жөнгө салуу арматураларын, өрт гидранттарын жана суу колонкаларын алмаштыруу менен чарбалык-ичүүгө багытталган өткөргүч түтүктөрдө авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө иш жүрүп жаткан зоналарда колдонуудагы өткөргүч түтүктүн ар бир тарапка 1 метр узундуктагы ички беттери, ошондой эле орнотулууга тийиш тетиктерди ички беттери хлор акиташынын 10%дык аралашмасы же башка хлор камтылган препараттар менен аларды колдонуу боюнча нускамаларга ылайык тазаланат.

85. Жаңы суу өткөргүчтөрдүн тармактары колдонуудагыларга бириктирилгенден кийин ушул санитардык эрежелердин

76-84-пункттарына санитардык тазалоо жана жууп тазалоо жүргүзүлөт.

8. Борборлоштурулган чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системаларынын кызматкерлеринин эмгек шарттарына карата талаптар

86. Борборлоштурулган чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системаларынын, суу топтоого, даярдоого, суу өткөргүчтөрдүн тармактарын тейлөөгө түздөн-түз тиешеси бар, ошондой эле зыяндуу өндүрүштүк факторлордун таасирине дуушар болгон кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 225 "Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоо жаатындагы нормативдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кызматкерлерди ишке кирүүдө милдеттүү түрдө алдын ала жана мезгил-мезгили менен медициналык кароодон түтүктөрү жөнүндө нускамага ылайык милдеттүү түрдө медициналык кароодон өтүүгө тийиш.

87. Борборлоштурулган чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системаларынын кызматкерлери алдын-ала жана мезгил-мезгили менен медициналык кароодон жана гигиеналык окуудан өтүшөт, медициналык кароодон, гигиеналык окуудан өтүүнүн жыйынтыктары жана ишке уруксат берүү жеке медициналык китепчелеринде белгиленет.

88. Борборлоштурулган чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системаларынын кызматкерлери үчүн өндүрүштүк жана тиричилик жайлары суу өткөргүч жана канализация менен жабдылат. Борборлоштурулган канализация системасына кошулбаса, казылган суу өтпөс чуңкурлар менен септик-топтогучтар жасалат.

89. Хлордоо боюнча иштерди аткарууда коопсуздук техникасы боюнча чаралар сакталууга тийиш.

90. Суюк хлорду пайдаланууда хлор сакталган жай сыртты көздөй ачылуучу 2 эшиги (насостук станциядан жана хлор сакталган жерден) бар обочо жерде орун алат.

91. Хлор сакталган жай 1 саатта абанын 12 эсе алмашуусун камсыз кылуучу механикалык вентиляция менен жабдылат. Вентиляция үчүн сыртка соргон тешик полдон 30 см жогору эмес, ал эми вентилятордун чыгаруучу түтүгү чатырдын кырынан 2 м бийиктикте жайгашат. Вентилятордун мотору хлор сакталуучу жайга кире бериштеги тамбурдан күйгүзүлөт.

92. Хлор сакталган жайдагы жарык өлчөгүчтүн шкаласындагы бөлүктүн көрүнүшүн камсыз кылууга, жайдагы абанын температурасы кеминде +18° болууга тийиш.

93. Аммонизация үчүн түзүлүштөр (аммиагы бар баллондор, таразалар, чыгым өлчөгүчтөр) хлор сакталган жайдан обочолонгон, шыптын алдындагы абаны соруп алуу менен сырты көздөй соруучу вентиляция менен жабдылган өзүнчө жайда жайгаштырылат.

94. Хлор сакталуучу жайга кире бериштеги тамбурда атайын кийимдерди жана противогаздарды (ар бир тейлөөчү кишиге бирден) сактоо үчүн шкаф, шашылыш жардам көрсөтүү үчүн аптечка, көмүртеги бар жаздык болот.

95. Хлор сакталуучу жайда тамеки тартууга болбойт.

96. Хлор акиташын пайдаланууда жумушчу аралашмалар саатына абанын кеминде беш эсе алмашуусун камсыз кылуучу вентиляция менен жабдылган жайда даярдалат.

97. Хлор акиташынын аралашмасын даярдоодо иштер противогаздар жана атайын кийимдер (халаттар, комбинезондор, резина өтүктөр, кол каптар) менен жүргүзүлөт.

98. Иш аяктагандан кийин душка жуунуу камсыз кылынууга тийиш.

99. Суу менен камсыздоо объекттериндеги персонал атайын кийимдер, бут кийим жана жеке коргонуу каражаттары (респираторлор, коргоочу көз айнектер, резина кол каптары) менен камсыз болот.

100. Чыпкалары ачык залдарда, таза суу резервуарларында иштөөгө арналган тазалоо инвентарлары жана атайын кийимдер (халаттар, комбинезондор, резина өтүктөр, көлөчтөр) жеке буюмдардан, башка атайын (жумушчу) кийимдерден, тазалоо инвентарларынан, запастагы материалдар менен жабдуулардан өзүнчө атайын бөлүнгөн жерде (жайда) сакталат.

101. Хлору бар баллондорду ташуу, орнотуу, хлордун чыгышын жоюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-февралындагы № 43 токтому менен бекитилген Химиялык заттардын/аралашмалардын коопсуздугун классификациялоо системасы жана опурталдуулук жөнүндө маалымат берүүнүн элементтерине: маркалоого жана Коопсуздук паспортуна талаптар жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.

 

Тиркеме

 

 

 

Борборлоштурулган чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо жана ичүү багытындагы суу өткөргүч системаларына санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелерине жана ченемдерине
тиркеме

Борборлоштурулган чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системаларынын курулмаларын жана тармактарын дезинфекциялоо үчүн реагенттердин санын аныктоо

1. Хлор камтылган препараттарды пайдаланууда резервуарды (Р) дезинфекциялоо үчүн зарыл болгон газ түрүндөгү хлордун саны төмөнкү формула боюнча эсептелет:

Р = 0,001КV,

мында:

Р (кг) - хлордун саны;

К (мг/дм3) - 1 м3 сууда хлордун талап кылынган концентрациясы;

V (м3) - резервуардын көлөмү.

2. Өткөргүч түтүктөрдү (Рт) дезинфекциялоодо зарыл болгон хлордун саны төмөнкү формула боюнча аныкталат:

 

Рт = 82425 * 10-8 КД2L,

 

мында:

Рт (кг) - хлордун саны;

К (мг/дм3) - хлордун талап кылынган концентрациясы;

Д (м) - өткөргүч түтүктүн диаметри;

L (м) - өткөргүч түтүктүн узундугу.

3. Резервуарды (Q) дезинфекциялоодо зарыл болгон хлор акиташынын саны төмөнкү формула боюнча аныкталат:

 

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\TOKTOM\430e87a7-7282-4c50-84a4-41a81da9ffae\document.files\image000.gif

 

мында:

Q (кг) - хлор акиташынын саны;

а - хлор акиташында активдүү хлордун камтылуу пайызы;

К (мг/дм3) - хлордун талап кылынган концентрациясы;

V (м3) - резервуардун көлөмү.

4. Өткөргүч түтүктөрдү (Qт) дезинфекциялоодо зарыл болгон хлор акиташынын саны төмөнкү формула боюнча аныкталат:

 

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\TOKTOM\430e87a7-7282-4c50-84a4-41a81da9ffae\document.files\image001.gif

 

мында:

QT (кг) - өткөргүч түтүктү дезинфекциялоодо зарыл болгон хлор акиташынын саны;

К - өткөргүч түтүктү дезинфекциялоо үчүн сууда активдүү хлордун талап кылынган концентрациясы мг/дм3 менен;

Д - өткөргүч түтүктүн диаметри метр менен;

L - өткөргүч түтүктүн дезинфекциялануучу участогунун узундугу метр менен;

а - хлор акиташындагы активдүү хлордун пайызы.

5. Суудагы активдүү хлордун концентрациясы 100 мг/дм3 болгондо суу өткөргүчтүн тармагынын 100 погондук метрин дезинфекциялоо үчүн зарыл болгон хлор акиташынын жана хлордун санын таблица боюнча аныктоо.

Суудагы активдүү хлордун концентрациясы 100 мг/дм3 болгондо суу өткөргүчтүн тармагынын 100 погондук метрин дезинфекциялоо үчүн зарыл болгон хлор акиташынын жана хлордун саны.

Таблица

Өткөргүч түтүктүн диаметри, мм

Хлор акиташындагы активдүү хлордун пайызы

Газ түрүндөгү хлордун зарыл болгон саны, кг

20

25

30

35

40

Хлор акиташынын керектелген саны, кг

100

0,42

0,33

0,28

0,24

0,21

0,83

200

1,65

1,32

1,1

0,95

0,83

0,33

300

3,71

2,97

2,47

2,12

1,85

0,7418

400

6,6

5,28

4,4

3,77

3,3

1,3188

500

10,3

8,24

6,87

5,89

5,15

2,06

600

14,84

11,87

9,89

8,48

7,42

2,9673

700

20,2

16,156

13,46

11,54

10,1

4,039

800

26,38

21,10

17,58

15,07

13,19

5,27

900

33,4

26,72

22,26

19,08

16,7

6,68

1000

41,2

32,97

27,47

23,55

20,61

8,24

Суудагы активдүү хлордун 50 мг/дм3 концентрациясын түзүү үчүн таблицада көрсөтүлгөн хлор акиташынын (хлордун) 1/2 дозасы колдонулат.

6. Башкы курулмаларды жана өткөргүч түтүктөрдү дезинфекциялоо үчүн арналган башка реагенттерди пайдаланууда алардын санын жана колдонуу ыкмасын аныктоо коштоочу документтерге жана аларды колдонуу боюнча нускаларга ылайык ишке ашырылат.

 

Приложение 3

Шахталык кудуктарды дезинфекциялоо жана алардагы сууну зыянсыздандырууга карата
ТАЛАПТАР

1. Шахталык кудуктарды дезинфекциялоо

1. Кудуктарды дезинфекциялоо:

- эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча (калктуу конушта ичеги-карын инфекциялары чыкканда же кудуктун суусуна агынды суулар, заң, жаныбарлардын өлүктөрү ж.б. түшкөндө);

- алдын-алуу максатында (жаңы кудуктарды куруу аяктаганда же мурдагы кудуктарды тазалоо жана оңдоодон кийин) жүргүзүлөт.

2. Кудуктарды дезинфекциялоо үчүн колдонууга уруксат берилген дезинфекциялоочу препараттар колдонулушу керек. Көп учурда хлорду камтыган препараттар - хлор акиташы же кальций гипохлориттин эки үч негиздүү тузу колдонулат.

2. Кудуктарды эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча дезинфекциялоо

3. Кудуктарды эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча дезинфекциялоо төмөнкүлөрдү камтыйт:

- кудукту алдын-ала дезинфекциялоону;

- кудукту тазалоону;

- кудукту кайталап дезинфекциялоону.

3. Кудукту алдын-ала дезинфекциялоо

4. Кудукту дезинфекциялоонун алдында эсептик метод менен андагы суунун көлөмү (м3) кудуктун кесилишинин аянтын (м2) суу түркүгүнүн бийиктигине (м) көбөйтүү жолу менен аныкталат.

5. Шахтанын сөңгөгүнүн сырткы жана ички бөлүктөрү үстүңкү беттин 1 м2 0,5 л эсебинде 5%дык хлор акиташынын эритмеси же 3%дык кальций гипохлориттин эки үч негиздүү тузунун эритмеси менен гидропульттан сугарылат.

6. Кудуктун төмөнкү (суудагы) бөлүгүн дезинфекциялоо кудуктагы 1 л (м3) сууга активдүү хлордун 100-150 мг (г) эсебинде хлорду камтыган препараттарды чачуу жолу менен жүргүзүлөт.

7. Суу аралаштырылат, кудуктун капкагы жабылат жана андан суу алууга жол бербестен 1,5-2 саатка калтырылат.

8. Кудуктун 1 л (м3) суусунда берилген активдүү хлордун 100-150 мг (г) дозасын түзүү үчүн зарыл болгон хлор акиташынын же кальций гипохлориттин эки үч негиздүү туздун санынын эсеби төмөнкү формула боюнча эсептелет:

 

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\TOKTOM\ca0845fc-66cf-4c1c-b2cc-c36258b5b858\document.files\image000.gif

 

мында:

Р - хлор акиташынын же кальций гипохлориттин эки үч негиздүү туздун саны, г;

С - кудуктун суусунда берилген активдүү хлордун дозасы, мг/л (г/м3);

Е - кудуктагы суунун көлөмү, м3;

Н - препараттагы активдүү хлордун камтылышы, %;

100 - сандык коэффициент.

4. Кудукту тазалоо

9. Кудукту тазалоо кудукту алдын-ала дезинфекциялоодон кийин 1,5-2 сааттан соң жүргүзүлөт.

10. Кудук суудан бошотулат, бөтөн нерселерден жана топтолуп калган чөгүндүлөрдөн тазаланат. Шахтанын дубалдары ар кандай өскөн нерселерден жана булганычтардан механикалык жол менен тазаланат.

11. Кудуктан чыккан ылай жана чөгүндүлөр айлана-чөйрөнү коргоо органдары менен макулдашылган жерде утилизацияланат.

12. Шахтанын сырткы жана ички бөлүктөрү шахтанын 0,5 л/м3 эсебинде 5%дык хлор акиташынын эритмеси же 3%дык кальций гипохлориттин эки үч негиздүү туз эритмеси менен гидропульттан сугарылат.

5. Кудукту кайталап дезинфекциялоо

13. Шахтанын дубалдарын тазалоодон, оңдоодон жана дезинфекциялоодон кийин кудукка суу толтурулат, кайрадан андагы суунун көлөмүн (м3) аныктайт жана кудуктагы суунун 1 л (м3) 100-150 мг (г) активдүү хлордун эсебинде хлор акиташынын же кальций гипохлориттин эки үч негиздүү туз эритмесинин зарыл өлчөмү кошулат.

14. Дезинфекциялоочу эритме кошулгандан кийин кудуктагы суу 10 минут ичинде аралаштырылат, кудуктун капкагы жабылат жана андан суу алууга жол бербестен 6 саатка калтырылат.

15. 6 саат өткөндөн кийин бекитилген методикалар боюнча сууда калган хлордун камтылышы аныкталат. Сууда хлордун калдыгы жок болсо, дезинфекциялоочу препараттын 0,25-0,3 баштапкы өлчөмү кошулат жана 3-4 саат кармалат.

16. Хлордун калдыгынын камтылышын кайталап текшергенден жана андай текшерүүнүн оң натыйжасынан кийин хлордун жагымсыз жыты жок болгонго чейин сууну сордуруп салат.

17. Хлордун жыты кеткенден кийин суудагы хлордун калдыгынын камтылышы 0,5 мг/л ашпаганда сууну ичүү жана чарбалык-тиричилик максаттарында пайдаланууга болот.

6. Алдын-алуу максатында кудукту дезинфекциялоо

18. Алдын-алуу максатында кудукту алдын-ала дезинфекциялоо жүргүзүлбөйт.

19. Кудукту тазалоо жана оңдоо, ошондой эле жаңыдан курулган кудуктардын дубалдарын дезинфекциялоо ушул санитардык эрежелердин 1-тиркемесинин 3-пунктуна ылайык көлөмдүк метод менен кудуктун дезинфекциялоосун аяктайт.

7. Кудуктагы сууну зыянсыздандыруу

20. Кудуктардагы сууну зыянсыздандыруу кудуктун суусу аркылуу калк арасында инфекциялардын жайылышын болтурбоо максатында төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

- ичеги инфекцияларынын очокторунда убактылуу алдын-алуу иш-чарасы катары;

- борборлоштурулбаган ичүүчү суу менен камсыздоонун суусу "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген микробиологиялык көрсөткүчтөргө ылайык келбегенде.

21. Кудуктардагы сууну зыянсыздандыруу кудукту дезинфекциялоодон кийин жүргүзүлөт.

22. Кудуктардагы сууну хлорду камтыган препараттар менен зыянсыздандыруу процессинде (активдүү) хлордун калдыктарынын чоңдугу 0,5 мг/л деңгээлинде болууга тийиш.

23. Дезинфекциялоочу препараттын дозалык патрондогу (А) өлчөмүн эсептөө үчүн төмөнкүдөй параметрлер аныкталат:

A1 - кудуктагы суунун көлөмү, м3;

А2 - кудуктун дебити, м3/саат;

А3 - суу алуунун чоңдугу, м3/сут. (калкты сурамжылоо жолу менен аныктайт);

А4 - суунун хлорду сиңирип алышы.

Эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:

 

А = 0,07A1 + 0,08А2 + 0,02А3 + 0,14 А4

 

Эскертүү.

1. Суунун температурасы 17-18 ºС болгондо активдүү хлордун 52%ын камтыган кальций гипохлориттин эки үч негиздүү тузунун өлчөмүн эсептөө үчүн формула.

2. Активдүү хлордун 25%ын камтыган хлор акиташы үчүн препараттын эсептик саны 2 эсеге көбөйтөт.

3. Эгерде кальций гипохлориттин эки үч негиздүү тузунда активдүү хлордун же хлор акиташынын камтылышы башкача болсо - кайра эсептелет.

4. Суунун температурасы 4-6 ºС болгондо (кыш мезгилинде) эсептөө менен аныкталган препараттын өлчөмүн 2 эсеге көбөйтөт.

24. Дозалоочу патронго хлорду камтыган препараттын суюк боткосу толтурулат, тыгын менен жабылат жана кудуктун түбүнөн 20 см - 50 см чейинки аралыкта кудуктун суусуна чөгөрүлөт, жиптин бош учу шахтанын моюнуна байланат.

25. Кудуктарда сууну зыянсыздандыруунун натыйжалуулугун хлор калдыгынын чоңдугун (0,5 мг/л) аныктоо жолу менен жана микробиологиялык көрсөткүчтөр боюнча сууну лабораториялык изилдөөнүн натыйжаларынын негизинде аныктайт.

26. Хлор калдыгынын чоңдугу азайганда же ал жок болгондо (болжол менен 30 суткадан кийин) патрон кудуктан чыгарылат, ичиндегилерден бошотулат, жуулат жана кудуктагы сууну баштапкы зыянсыздандыруунун түзөтүлүшүн эске алуу менен кайрадан дезинфекциялоочу препараттар менен толтурулат.

8. Кудуктун дебитин аныктоо

27. Кудуктагы суунун көлөмү өлчөнөт, 3-10 мин ичинде суу сордуруп чыгарылат жана кудуктагы суунун деңгээли калыбына келген убакытын белгилейт.

Эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:

 

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\TOKTOM\ca0845fc-66cf-4c1c-b2cc-c36258b5b858\document.files\image001.gif

 

мында

Д - кудуктун дебити, л/саат;

V - сордурганга чейин кудуктагы суунун көлөмү, л;

t - суунун деңгээли калыбына келген убакыт минуталар менен плюс суу сордуруп чыгарылган убакыт;

60 - сандык коэффициент.

 

9. Кудуктагы суунун хлорду сиңирип алышын аныктоо

28. Идишке кудуктан 1 л суу алынат, активдүү хлордун (суу тунук болсо) 2 мг/л же (суу ылай болсо) 3-5мг/л эсебинде 1%дык хлор акиташынын же кальций гипохлориттин эки үч негиздүү тузунун эритмеси кошулат. Идиш ичиндегисин жакшы чайкайт, тыгындап бекитет, 30 минутага калтырат жана сууда калган хлордун чоңдугун аныктайт.

29. Суунун хлорду сиңирип алышы идишке кошулган активдүү хлордун саны менен 30 минуттук катнаштан кийин суудагы анын санынын ортосундагы айырмачылык менен эсептеп чыгарылат.

 

 

 

"Калкты борборлоштурулбаган ичүүчү суу менен камсыздоо булактарына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелерине жана ченемдерине
2-тиркеме

 

Форма

Кудуктарды (каптаждарды) жууп, тазалоонун жана дезинфекциялоонун
АКТЫ

20___-ж. "____" ____________________

 

____________________________________________________________________ калктуу конушу

(шаар, район)

___________________________________________________________________________________

___________________________________________________________________________________

______________________________________________________________ курамындагы комиссия

(кызматы, аты-жөнү)

___________________________________________________________________________________

___________________________________________________________________________________

(чарба субъектинин аталышы, өкүлүнүн кызматы, аты-жөнү

___________________________________________________________________________________

_______________________________________ кудук, каптаж, булак (керексизин сызып салгыла)

___________________________________________________________________________________

(турган орду, техникалык маалыматы - тереңдиги, көлөмү ж.б.)

 

20__-жылы "____" ____________ контакттын узактыгы _____ саатта

__________________________________________________________________________________

________________________________________ мг/дм3 (г/м3) активдүү хлордун концентрациясы

___________________________________________________________________________________

(кайсы реагент экенин көрсөткүлө)

менен тазалоого, жууганга жана дезинфекциялоого дуушар болгондугу жөнүндө

ушул актыны түзүштү.

Дезинфекциялоо аяктагандан кийин физикалык-химиялык жана бактериялык

анализдин натыйжалары ____________________ баракта тиркелет.

 

Кол тамгалар: _____________________________________________________________________

(кызматы, аты-жөнү)