Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 18-январы № 35

"Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

С.Исаков

 

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

Кыргыз Республикасынын "Кооперативдер жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

1-берене.

"Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 10, 436-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 20-статьяда:

- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8. Кооперативдин кеңешинин мүчөсү бир эле учурда башкарманын мүчөсү, башкарманын төрагасы же текшерүү комиссиясынын мүчөсү болушу мүмкүн эмес. Кооперативдин уставында ушул аталган органдарга мүчө болууну чектеген кошумча негиздер көрсөтүлүшү мүмкүн.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 9-10-пункттар менен толукталсын:

"9. Кооперативдин башкармасынын кооперативдин курамынан чыга тургандыгын билдирген мүчөлөрү, кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу алардын укуктарын токтотуу жөнүндө чечимди кабыл алганга чейин кооперативдин кеңешине шайлана албайт.

10. Кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда кооперативдин кеңешинин мүчөлөрүн шайлаганда кооперативдин башкармасынын төрагасы жана башкарманын мүчөлөрү андай талапкерлер тууралуу сунуштарды берүүгө укугу жок.";

2) 21-статья төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:

"8. Кооперативдин кеңешинин компетенциясына тиешелүү маселелерди алар кооперативдин аткаруу органына чечүүгө өткөрүп бере алышпайт.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти