Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2017-жылдын 2-августундагы № 165 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\687e1b86-6f20-4155-a4eb-7272206d9df5\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2003-жылдын 30-апрели № 91

Дары-дармек каражаттары жөнүндө

(КР 2009-жылдын 28-мартындагы № 92, 2009-жылдын 17-апрелиндеги № 125,
2010-жылдын 1-февралындагы № 23, 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171
2015-жылдын 30-декабрындагы № 231 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Ушул Мыйзам дары-дармек каражаттарын жүгүртүү субъекттеринин ишинин укуктук негизин түзөт, дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү аткаруу бийлик органдарынын ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин аныктайт, Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарын жүгүртүүгө карата бирдиктүү талаптарды белгилейт.

I Глава
 Жалпы жоболор

 

1-статья. Ушул Мыйзамды жөнгө салуунун жүйөсү

Ушул Мыйзам дары-дармек каражаттарын иштеп чыгууга, чыгарууга, даярдоого, клиникага чейинки жана клиникалык изилдөөлөргө, алардын сапатын контролдоого, дары-дармек каражаттарынын натыйжалуулугуна, коопсуздугуна, аларды соодалоого жана дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү башка иш-аракеттерге байланыштуу пайда болуучу мамилелерди жөнгө салат.

Ушул Мыйзам дары-дармек каражаттарын өндүрүүгө, даярдоого, сактоого, алардын натыйжалуулугуна, сапатына жана коопсуздугуна мамлекеттик контролдун артыкчылыгын белгилейт.

2-статья. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү

Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен башкача белгиленбесе, ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө пайда болуучу мамилелерге карата колдонулат.

3-статья. Дары-дармек каражаттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

Дары-дармек каражаттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамынан, башка мыйзамдарынан жана ченемдик укуктук башка актыларынан турат.

Баңги дары-дармек каражаттарын жана психотроптук заттарды жүгүртүүнүн өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими менен ушул Мыйзамда каралгандардан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

4-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

Дарыкана мекемеси - саламаттык сактоо мекемелеринин дарыкана кампалары, дарыканалары, дарыкана пункттары, дарыкана киосктору, медицина техникасынын жана көз айнек оптикасынын дүкөндөрү.

Дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу - дары-дармек каражаттарынын адамдын ден соолугуна зыян келтирүү тобокелинин деңгээлинин мүнөздөмөсү жана анын организмине терс таасирин тийгизүүсү.

Биожетимдүүлүк - дары-дармек каражаттарынын тутумдук кан айлануусуна жетүүсүнүн (соруу деңгээлинин) жана бул процесстин өтүүсүнүн (соруунун ылдамдыгынын) салыштырмалуу саны.

Биологиялык активдүү тамак-аш кошулмалары - курамында витаминдерди, минералдык жана башка заттарды камтыган, ден соолукту сактоого жана оорулардын алдын алууга көмөктөшүүчү табигый азыктар.

Биоэквиваленттүүлүк - генерикалык жана оригиналдуу дары-дармектердин бирдей биологиялык жетимдүүлүгү.

Генерикалык дары-дармек препараты - активдүү заттын патенттик корголуусунун мөөнөтү бүткөндөн кийин колдонууга келип түшкөн, оригиналдуу дары-дармек каражатындай эле дозадагы таасир берүүчү затты жана дарылоочу форманы камтыган жана ошондой эле таасирге ээ кайра жасалган дары-дармек каражаттары.

Генерикалык аталыш - колдонулушуна карата эч ким ээлик кыла албаган, эч кандай чектөө коюлбай коомдук менчик катары пайдалануу үчүн арналган активдүү затка Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (БСУ) берген эл аралык патенттик эмес аталыш (ЭПА).

Гомеопатиялык дары-дармек каражаттары - эреже катары, атайын технология боюнча өндүрүлүүчү жана ар кандай дары түрүндө колдонуу үчүн арналган активдүү кошулмалардын микродозасын камтыган бир же көп компоненттүү препараттар.

Мамлекеттик фармакопея - фармакопеялык статьялар жыйнагы.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик фармакопеясы түзүлгөнгө чейин Кыргыз Республикасынын аймагында СССРдин Мамлекеттик фармакопеясынын IX, X, XI басылыштары, Эл аралык фармакопея, АКШнын (USP) жана Германиянын фармакопеялары (ДАВ), Европа фармакопеясы (ЕР), (Британия фармакопеясы (ВР) колдонулат.

Дары-дармек каражаттарынын мамлекеттик реестри - такталган жана медициналык практикада колдонууга уруксат берилген дары-дармек каражаттарынын тизмесин камтыган расмий документ.

Дары-дармек каражаттарын даярдоо - Кыргыз Республикасында каттоодон өткөн дары-дармек каражаттарынын негизинде врачтардын рецептери боюнча дарыкана мекемелеринде дары-дармек каражаттарын даярдоо.

Дары-дармек каражаттарын пайдалануу - дары-дармек каражатын керектөөчүгө жеткирүүгө багытталган иш-чаралардын комплекси.

Дары-дармек каражаттарынын сапаты - ченемдик документтер белгилеген талаптарга жооп берүүчү жана өзүнүн колдонушуна ылайык дары-дармек каражатына керектөөчүлөрдүн канааттандыруу жөндөмдүүлүгүн берүүчү касиеттердин жыйындысы.

Дары-дармек каражаттарын клиникалык сыноо - алардын фармакодинамикасын жана фармакокинетикасын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун, биоэквиваленттүүлүгүн жана биожетимдүүлүгүн өздөштүрүү максатында адамга (пациенттерге жана ыктыярдууларга) дары-дармек каражаттарын колдонуп изилдөө.

Дары-дармек препараттары - пайдаланууга даяр дозировкаланган дарылоо каражаттары.

Дары-дармек каражаттары - кандан жана анын компоненттеринен, ошондой эле адамдын же жаныбарлардын органдарынан, ткандарынан, өсүмдүктөрдөн, минералдардан синтез усулу же биологиялык технологияларды колдонуу менен алынган оорунун алдын алуу, диагноздоо, дарылоо, кош бойлуулукту болтурбоо үчүн колдонулуучу заттар, заттардын аралашмасы. Дары-дармек каражаттарына субстанциялар өсүмдүктөрдөн, жаныбарлардан же синтетикалык жол менен алынып, фармакологиялык активдүүлүккө ээ болгон жана дары-дармек каражаттарын өндүрүү менен даярдоого арналган кошумча материалдар да кирет; дары-дармек каражаттарына, ошондой эле биологиялык активдүү тамак-аш кошулмалары, гомеопатиялык дары-дармек каражаттары, диагностика, коррекция, реабилитация, дене функциясы жана абалдын өзгөрүшү, ооруну дарылоо жана профилактика үчүн пайдалануучу медицина буюмдары жана бейтапты дарылоодо колдонулуучу химиялык реактивдер, реагенттер, рентген контрасттуу заттар жана тест түзүмдөрү кирет.

Дары-дармек формасы - дары-дармек каражаттарына берилүүчү иш жүзүндө колдонуу үчүн ыңгайлуу форма.

Медициналык иммунобиологиялык препараттар - иммунологиялык алдын алуу менен иммунологиялык терапия, инфекциялык жана инфекциялык эмес ооруларды, аллергиялык абалдарды диагностикалоо үчүн арналган дары-дармек каражаттары. Медициналык иммунобиологиялык препараттарга вакциналар, анатоксиндер, бактериофагдар, эубиотиктер, иммуноглобулиндер, кан суулар, диагноздук препараттар, аллергендер, азыктандыруучу чөйрөлөр кирет.

Баңги дары-дармек каражаттары - 1961-жылдагы Баңги каражаттар жөнүндө бирдиктүү конвенцияга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана жаңыртылган баңги каражаттардын тизмесине киргизилген, психикалык жана дене-бой көз карандылыгына алып келүүчү дары-дармек каражаттары.

Сапаты начар дары-дармек каражаттары - ченемдик документ менен белгиленген талаптарга ылайык келбөөнүн кесепетинен пайдаланууга жараксыз болгон дары-дармек каражаттары.

Ченемдик документ - дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү иштин ар кандай түрлөрүнө тиешелүү стандарттарды, эрежелерди, ченемдерди, нускамаларды, техникалык шарттарды, технологиялык регламенттерди, мүнөздөмөлөрдү белгилөөчү документ.

Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү - дары-дармек каражаттарын иштеп чыгуу, клиникага чейинки жана клиникалык изилдөөлөр, өндүрүү, даярдоо, сактоо, таңгактоо, Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү, Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып кетүү, ары-бери ташуу, мамлекеттик каттоо, стандартташтыруу жана сапатын контролдоо, сатуу, маркировкалоо, жарнамалоо, дары-дармек каражаттарын колдонуу, жараксыз абалга келген дары-дармек каражаттарын же жарактуулугунун мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармек каражаттарын жок кылуу жана дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү башка иш-аракеттер кирген иштин жалпыланган түшүнүгү.

Негизги (турмуштук маанилүү) дары-дармек каражаттары - кайсы гана учурда болбосун жетиштүү санда жана тиешелүү дары түрүндө колдо болууга тийиш болгон, калктын ден соолугун сактоо муктаждыгын канааттандыруучу дары-дармек каражаттары.

Патенттелген дары-дармек каражаттары - өндүрүү жана сатуу Кыргыз Республикасынын патент мыйзамдары менен корголгон дары-дармек каражаттары.

Дары-дармек каражаттарынын кошумча реакциясы - физиологиялык функцияларды өзгөртүү үчүн же оорунун алдын алуу, профилактика жана диагностика үчүн дары-дармектерди дозаларда колдонууга киргизүүдө байкалуучу атайылап жасалбаган бирок зыяндуу аракеттер.

Дары-дармек ылайыктуулугун тастыктоо - дары-дармек каражаттарынын ылайыктуулугун сертификатташтыруу жана декларациялоо формасында ишке ашырылган, коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында дары-дармек каражаттарынын ылайыктуулугун тастыктоочу процедура.

Дары-дармек каражаттарын колдонуу - медициналык көрсөткүчтөргө, нускамаларга жана врачтын дайындоосуна ылайык оорулууга дары-дармек каражаттарын берүүнүн жолдору жана ыкмалары.

Дары-дармек каражаттарын өндүрүү - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген дары-дармек каражаттарын чыгарууну жана контролдоону уюштуруунун эрежелерине ылайык дары-дармек каражаттарын сериялык алуу.

Психотроптук заттар - 1971-жылдагы Психотроптук заттар жөнүндө конвенцияга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана жаңыртылуучу тизмеге киргизилген, адамдын психикалык ишмердүүлүгүнө, эмоционалдык абалына жана жүрүм-турумуна таасир көрсөтүүчү заттар.

Ылайык келүү сертификаты - сертификацияланган продукциянын белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн тастыктоо үчүн сертификациялоо тутумунун эрежелери боюнча берилген документ.

Дары-дармек каражаттарынын жарактуулугунун мөөнөтү - ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык бир мезгилдин ичинде сактоонун шарттарын бузбастан дары-дармек каражаттарын колдонууда анын коопсуздугуна, натыйжалуулугуна жана тиешелүү сапатына кепилдик берүүнү белгилеген убакыт.

Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү субъекттери - лицензиянын негизинде дары-дармек каражаттарын жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык, анын ичинде чет элдик жактар.

Жасалма дары-дармек каражаты - өзүнүн аныктыгына жана/же жасалган булагына карата атайын жана алдамчылык түрдө жалган маркаланган фармацевтик продукт. Жасалмалык фирмалык (соодалык аталышка) да, генерикалык дары-дармек препараттарына тийиштүү болушу мүмкүн. Жасалмалыкка талаптагыдай ингредиенттери бар продукт же ингредиенттери туура эмес, активдүү ингредиенттери жок, активдүү ингредиенттеринин саны жетишсиз же жасалма таңгак да кириши мүмкүн.

Фармакодинамика - дары-дармек затынын таасиринин натыйжаларынын жыйындысы, ошондой эле анын таасир этүү механизмдери.

Фармакокинетика - дары-дармек заттарынын организмге кирүүсүнүн, бөлүнүүсүнүн жана метаболизминин жолдору, ошондой эле алардын бөлүнүп чыгуусу.

Фармакопеялык статья - дары-дармек каражатынын көрсөткүчтөрү менен сапатын контролдоо усулдарынын тизмесин камтыган мамлекеттик ченемдик документ.

Фармацевтик иш-аракет - медициналык багыттагы дары-дармек каражаттарын жана буюмдарын өндүрүү, даярдоо жана сатуу.

Дары-дармек каражаттарынын натыйжалуулугу - дары-дармек каражаттарынын оорунун өтүшүнө тийгизген оң таасиринин деңгээлинин мүнөздөмөсү.

Дары-дармек каражаттарын дүң саткан ишкана - ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык дары-дармек каражаттарын дүң сатууну жүзөгө ашыруучу уюм.

(КР 2009-жылдын 28-мартындагы № 92, 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

5-статья. Мамлекеттик дары саясатынын негизги принциптери

Жарандардын саламаттыгын коргоого багытталган мамлекеттик дары саясатынын негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

- дары-дармек каражаттарынын жетимдүүлүгүн, коопсуздугун, натыйжалуулугун жана сапатын камсыз кылуу;

- дары-дармек каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу;

- фармацевтик иш-аракеттин туруктуу иштеши үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук базаны түзүү;

- дары-дармек каражаттарынын эркин рыногун камсыз кылуу;

- турмуштук маанилүү атаандаштыкка жөндөмдүү ата мекендик дары-дармек каражаттарын өндүрүүнү өнүктүрүү жана колдоо көрсөтүү;

- дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө туруктуу мамлекеттик башкаруу тутумун иштеп чыгуу жана камсыз кылуу;

- фармацевтик кадрларын даярдоо;

- дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюумунун стандарттарынын тутумуна өтүүнү камсыз кылуу.

II Глава
 Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө пайда болуучу мамилелерди мамлекеттик жөнгө салуу

6-статья. Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө пайда болуучу мамилелерди мамлекеттик жөнгө салуу

Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө пайда болуучу мамилелерди мамлекеттик жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө пайда болуучу мамилелерди мамлекеттик жөнгө салуу төмөндөгүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:

- дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоо;

- дары-дармек каражаттарын өндүрүү, даярдоо жана сатуу боюнча иш-аракетти лицензиялоо;

- дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө иштеген адистерди аттестациялоо жана сертификациялоо;

- дары-дармек каражаттарын өндүрүүнү, даярдоону, алардын сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун мамлекеттик контролдоо.

(КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

7-статья. Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- Кыргыз Республикасынын калкын сапаттуу дары-дармек каражаттары менен камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;

- Кыргыз Республикасынын калкын сапаттуу дары-дармек каражаттары менен камсыз кылуунун жана фармацевтик өнөр жайдын өнүгүшүнүн мамлекеттик программаларын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

- турмуштук маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмесин бекитет;

- Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык жактан коргоонун, Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларын дары-дармек каражаттары менен камсыз кылуунун жеңилдетилген тартибин белгилейт;

- дары-дармек каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруу үчүн мамлекеттик контролду камсыз кылат.

8-статья. Саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын ыйгарым укуктары

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы:

- дары-дармек каражаттарын жүгүртүүнүн тартибин аныктаган ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгат жана бекитет жана алардын аткарылышы үчүн мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат;

- фармацевтик ишти регламенттөөчү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат жана бекитет;

- жаңы дары-дармек каражаттарын иштеп чыгуу жана илим-изилдөө иштерин координациялоону жүзөгө ашырат, фармацевтика илиминин жетишкендиктерин медициналык иш-тажрыйбада колдонууну киргизүүгө көмөктөшөт;

- ассоциациянын адистери менен бирдикте дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө иштеген адистерди даярдоону жана кайра даярдоону, аттестациялоону жана сертификациялоону жүзөгө ашырат;

- дары-дармек каражаттарынын белгиленген номенклатура боюнча керектелүүчү көлөмүн аныктайт;

- баңги жана психотроптук дары-дармек каражаттарын колдонуунун көлөмүн аныктайт, алардын дарылоо-профилактикалык жана дарыкана мекемелеринде жүгүртүлүшүнө контролду уюштурат;

- Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген дары-дармек каражаттарынын сапаты, натыйжалуулугу, коопсуздугу үчүн мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат;

- дары-дармек каражаттарын, дарылоочу косметикалык жана гомеопатиялык дары-дармек каражаттарын, ошондой эле малдарды дарылоо үчүн колдонулуучу дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү жүзөгө ашырат;

- жашоодо өтө маанилүү деп эсептелген дары-дармек каражаттарынын тизмесин аныктайт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө сунуштайт;

- дары-дармек каражаттарын өндүрүү, даярдоо жана сатуу боюнча иш-аракетти лицензиялоону жүзөгө ашырат;

- Кыргыз Республикасынын аймагында дары-дармек каражаттарынын тууралыгын тастыктоо жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы республикалык бюджетте, гранттарда, кредиттерде каралган каражатка дары-дармек каражаттарын борборлоштуруп сатып алууну жүзөгө ашыруу укугуна ээ.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы дары-дармек каражаттарынын ченемдик документтердин талаптарына ылайык келбегендигин жана алардын адамдын ден соолугуна зыян келтире тургандыгын белгилеген учурларда дары-дармек каражаттарын даярдоону, ташып келүүнү жана сатып өткөрүүнү токтотуу жана тыюу салуу укугуна ээ.

Дары-дармек каражаттарынын зыяндуу таасири байкалган жана алардын башка дары-дармек каражаттары менен өз ара аракеттеринин өзгөчөлүктөрү тууралу дары-дармек каражаттары колдонууга ылайык келбестиги жөнүндө маалымат түшкөн учурларда Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы аталган дары-дармек каражаттарын колдонууну токтотуп коюу укугуна ээ.

(КР 2009-жылдын 28-мартындагы № 92, 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

9-статья. Дары-дармек каражаттарын өндүрүү, даярдоо жана сатуу боюнча иш-аракетти лицензиялоо

(КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамына ылайык 1-бөлүк күчүн жоготту)

Дары-дармек каражаттарын өндүрүү, даярдоо жана сатуу боюнча иш-аракетти лицензиялоо Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

Дары-дармек каражаттарын өндүрүү, даярдоо жана сатуу иш-аракетти жүргүзүү укугуна лицензия беш жылдык мөөнөткө берилет.

Дары-дармек каражаттарын жүгүртүүнүн эрежесин бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы белгилүү болгон эреже бузуулар четтетилгенге чейин чакыртып алуу жана жокко чыгаруу же лицензиянын колдонулушун токтотуу укугуна ээ.

(КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

III Глава
 Дары-дармек каражаттарынын сапатына, натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна контролдун мамлекеттик тутуму

 

10-статья. Дары-дармек каражаттарынын сапатына, натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна контролдун мамлекеттик тутуму

Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген, анын ичинде малдарды дарылоо үчүн колдонулуучу бардык дары-дармек каражаттары, мамлекет тарабынан контролго алынат.

Дары-дармек каражаттарынын сапатына, натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруунун тартиби ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, анын ичинде компетенциясына дары-дармек каражаттарынын сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун мамлекеттик контролдоону камсыздоо кирген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органынын ченемдик укуктук актылары тарабынан белгиленет.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы дары-дармек каражаттарынын сапаты, натыйжалуулугу жана коопсуздугу үчүн мамлекеттик контролдоону:

- дары-дармек каражаттарынын сапатына, натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна мамлекеттик контролду иштеп чыгуучу, изилдөөчү жана жүзөгө ашыруучу илим-изилдөө мекемелери, лабораториялар;

- саламаттык сактоо мекемелеринин алдында иштеген этикалык кеңештер;

- дары-дармек каражаттарын жүгүртүү субъекттерин зарыл маалыматтар менен камсыз кылуучу маалыматтык тутум аркылуу камсыз кылат.

Дары-дармек каражаттарынын сапатына, натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна мамлекеттик контроль төмөндөгүдөй жолдор аркылуу жүзөгө ашырылат:

- Кыргыз Республикасында чыгарылган жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген дары-дармек каражаттарынын сапатына, натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна экспертизалар;

- дары-дармек каражаттарын, биологиялык активдүү тамак-аш кошулмаларын, дарылоо-косметикалык жана гомеопатиялык дары-дармек каражаттарын, малдарды дарылоо үчүн колдонулуучу медициналык иммунобиологиялык препараттарды жана дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоо;

- дары-дармек каражаттарынын мамлекеттик реестрин түзүү;

- медициналык колдонуу боюнча нускаманын жана кошумча барактын тексттин бекитүү;

- фармакопеялык макалалардын тексттерин бекитүү;

- мамлекеттик фармакопеяны түзүү жана басып чыгаруу;

- врачтын рецепти боюнча берилүүчү дары-дармек каражаттарынын тизмесин түзүү;

- дары-дармек каражаттарын колдонуу, терс таасирлери жана өз ара аракеттенүүдөгү өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана жалпылоо;

- дары-дармек каражаттарынын мамлекеттик стандарттык сапатын жана мамлекеттик маалымат стандартын иштеп чыгуу жана бекитүү;

- дары-дармек каражаттарын клиникалык сыноолордон өткөрүүнүн эрежелерин иштеп чыгуу жана бекитүү;

- дары-дармек каражаттарын өндүрүүнү уюштуруу жана сапатын контролдоо эрежелерин, дары-дармек каражаттарын даярдоонун эрежелерин, дары-дармек каражаттары менен дүңүнөн соода жүргүзүүнүн эрежелерин иштеп чыгуу жана бекитүү;

- дары-дармек каражаттарын өндүрүүнүн экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун экспертизалоолор;

- лабораториялык иш-тажрыйба эрежелерин иштеп чыгуу жана бекитүү;

- дары-дармек каражаттарын өндүрүүнү, даярдоону лицензиялоодо дары-дармек каражаттарынын белгиленген мамлекеттик талаптарга ылайыктуулугу жөнүндө корутундуларды берүү;

- дары-дармек каражаттарын өндүрүүнү уюштуруунун жана сапатын контролдоонун эрежелерин дары-дармек каражаттарын өндүрүүчү ишканалардын аткаруусуна контроль жасоо;

- Кыргыз Республикасынын аймагына жасалма, сапатсыз жана мыйзамсыз түрдө ташып келинген дары-дармек каражаттарын сатып өткөрүүгө тыюу салуу;

- дары-дармек каражаттарынын жарнамаларын контролдоо;

- фармацевтик иш-аракетке көзөмөл жүргүзүү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана башка ыйгарым укуктар.

(КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-статья. Дары-дармек каражаттарынын тууралыгын тастыктоо

Дары-дармек каражаттарынын тууралыгын тастыктоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2009-жылдын 28-мартындагы № 92 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-статья. Дары-дармек каражаттарынын маркетинги жана аларды рынокко чыгаруу

Дары-дармек каражаттарын рынокко чыгаруу так, адилет жана калыс болуу менен юридикалык талаптарга, ошондой эле жогорку этикалык ченемдерге ылайык келүүгө тийиш.

Дарылоо-профилактикалык жана билим берүү мекемелеринин, илим-изилдөө институттарынын жана улуттук борборлордун, ошондой эле жеке менчик клиникалардын жетекчилери дары-дармек каражаттарынын этикага жатпаган маркетингине катышууга тийиш эмес. Дары-дармек каражаттарын жүгүртүүнүн эрежелерин жана тартибин бузгандык үчүн администрациялык жана жазык тартибиндеги жаза каралат.

13-статья. Дары-дармек каражаттарын сактоо жана жок кылуу

Дары-дармек каражаттары белгиленген тартипте бекитилген ченемдик укуктук актыларга ылайык алардын сапаты дайыма сакталуусун камсыз кыла турган шарттарда сакталат.

Дары-дармек каражаттарынын колдонуу мөөнөтүн узартууга жол берилбейт.

Дары-дармек каражаттарын сатып өткөрүүнүн жана пайдаланууга жараксыздарын кайра иштетүүнүн, жок кылуунун тартиби жана эрежеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

14-статья. Дары-дармек каражаттарынын сапатына, натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна контролду жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдардын чечимдерине даттануунун тартиби

Дары-дармек каражаттарын жүгүртүүчү субъект менен дары-дармек каражаттарынын сапатына, натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна контролду жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын ортосундагы келип чыгуучу келишпөөчүлүктөрдүн учурунда, дары-дармек каражаттарын жүгүртүүчү субъекттин эксперттеринин катышуусунда макулдашуу жол-жоболору пайдаланылат.

Дары-дармек каражаттарын жүгүртүүчү субъект макулдашуу жол-жобосунун жүрүшүндө иштелип чыккан натыйжалар менен таанышуу укугуна ээ.

Дары-дармек каражаттарын жүгүртүүчү субъекттин апелляцияларын жана даттанууларын кароо Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

IV Глава
 Дары-дармек жардамын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү жарандардын укуктары жана милдеттери. Дары-дармек каражаттарын жүгүртүүчү субъекттердин укуктары жана милдеттери

 

15-статья. Дары-дармек жардамына жарандардын укугу

Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасында жашаган

чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар төмөндөгүдөй жардамдарды алууга укуктуу:

- коопсуз, натыйжалуу жана сапаттуу дары-дармек жардамдарын алууга;

- дарыкана, дарылоо-профилактикалык жана санитардык-эпидемиологиялык уюмдардан дары-дармек каражаттарынын сапаты жана коопсуздугу жөнүндө маалымат алууга;

- көрсөтүлгөн дары-дармек жардамдарынын коопсуздугу, натыйжалуулугу жана сапаты жөнүндө корутунду алуу үчүн эксперттик органдарга жана уюмдарга кайрылууга;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте медициналык

жардамдын кепилдик алкагынын чегинде же акысыз дары-дармек алууга.

16-статья. Дары-дармек жардамдары чөйрөсүндөгү жарандардын милдеттери

Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасында жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар:

- дары-дармек каражаттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактоого;

- башка жарандардын саламаттыгы үчүн коркунуч туудурган ооруга дуушар болгондугу белгилүү болгон учурда дары-дармек каражаттарын врачтын көрсөтмөсүнө ылайык кабыл алууга милдеттүү.

17-статья. Дары-дармек каражаттарын колдонуунун кесепетинен адамдын саламаттыгына келтирилген зыяндын ордун толтуруу

Дары-дармек каражаттарын колдонуунун кесепетинен адамдын саламаттыгына келтирилген зыян төмөнкүлөрдөн өндүрүлөт:

- дары-дармек каражаттарын өндүрүү технологияларын бузган жана (же) аны колдонуу боюнча нускамаларды басып чыгарууда ката кетирген өндүрүш ишканаларынан;

- сапатсыз дары-дармек каражаттарын алып келип жана сатып өткөргөн учурда дүңүнөн алып келүүчүдөн;

- колдонууга жараксыз дары-дармек каражаттарын бергендиктин натыйжасында фармацевтик иш-аракеттин эрежелерин бузган дарыкана мекемелеринен;

- эгерде дары-дармек каражаттары туура эмес же рационалдуу эмес белгиленүү менен зыян келтирсе менчигинин түрүнө карабастан өз алдынча медициналык иш жүргүзгөн адамдардан жана дарылоо-профилактикалык мекемелерден;

- сапатсыз дары-дармек каражаттарын жарнамалоонун натыйжасында адамдын өмүрүнө зыян келтирген учурда жарнама берүүчүдөн.

Дары-дармек каражаттарын колдонуунун кесепетинен адамдын өмүрүнө келтирген зыяндын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

18-статья. Дары-дармек каражаттарын жүгүртүүчү субъекттердин укугу жана милдеттери

Кыргыз Республикасынын аймагында дары-дармек каражаттарын жүгүртүүнү жүзөгө ашырган жеке жана юридикалык жактар төмөнкүдөй укуктарга ээ:

- ушул Мыйзамда белгиленген тартипте дары-дармек каражаттарын өндүрүүгө, даярдоого, ташып келүүгө, ташып чыгарууга, сатууга же берүүгө;

- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте дары-дармек каражаттарын өндүрүү, даярдоо жана сатуу укугуна лицензия алууга;

- лицензияларды жол-жоболоштуруу тартиби, дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоо, бажы контролу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдардан зарыл маалыматтарды алууга;

- дары-дармек каражаттарынын сапатын контролдоону лицензиялоого, мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө жана бажы контролун жүзөгө ашырууга, ыйгарым укуктуу органдардын аракеттерине же аракетсиздиктерине белгиленген тартипте даттанууга;

- дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө иштеген кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга, аларга аттестациялоо жана сертификациялоо жүргүзүүгө.

Дары-дармек каражаттарын жүгүртүүнү жүзөгө ашырган жеке жана юридикалык жактар төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- өз иш-аракетин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген лицензиянын негизинде жүзөгө ашырууга;

- дары-дармек каражаттарын өндүрүү, даярдоо, сатуу, ташып келүү жана ташып чыгаруу эрежелерин, аларды жарнамалоонун шарттарын сактоо, ошондой эле дары-дармек каражаттарынын сапатына контролдукту жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдардын көрсөтмөлөрүн жана корутундуларын аткарууга;

- дары-дармек каражаттарды алардын коопсуздугун ырастаган сертификаты же тууралыгы жөнүндө декларациясы болгон учурда сатып өткөрүүгө;

- дары-дармек каражаттарын өндүрүүнү уюштурууга жана сапатына контролдук жүргүзүү эрежелерин сактоого;

- дары-дармек каражаттарын сактоонун шарттарын жана мөөнөттөрүн сактоо менен аларды дарыкана мекемелеринде чекене сатууну камсыз кылууга. Дары-дармек каражаттарын берүүнү врачтын рецеби боюнча берилүүчү дары-дармек каражаттарынын Тизмесине ылайык жүргүзүүгө;

- врачтын рецеби боюнча берилүүчү дары-дармек каражаттары жөнүндө калкка маалымдоого.

(КР 2009-жылдын 28-мартындагы № 92, 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

V Глава
 Дары-дармек каражаттарынын жетимдүүлүгүн камсыз кылуунун мамлекеттик тутуму

 

19-статья. Дары-дармек каражаттарынын жетимдүүлүгүн камсыз кылуу

Дары-дармек каражаттарынын жетимдүүлүгүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын калкын дары-дармек каражаттары менен камсыз кылуунун мамлекеттик программалары иштелип чыгат жана ишке ашырылат.

20-статья. Кыргыз Республикасынын калкын дары-дармек каражаттары менен камсыз кылуунун тартиби

Кыргыз Республикасынын калкын дары-дармек каражаттары менен камсыз кылууну:

- менчигинин формасына карабастан иштин мындай түрүнө лицензиясы бар дарыкана мекемелери;

- илим-изилдөө мекемелеринин жана медициналык жогорку окуу жайларынын курамына кирген, иштин мындай түрүнө лицензиясы бар клиникаларды кошуп алганда, дарылоо-профилактикалык мекемелер жүзөгө ашырат.

Дарыкана жана дарылоо-профилактикалык мекемелердин номенклатурасы жана калкка дары-дармек каражаттарын берүү тартиби Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленет.

Дарыкана мекемелеринде дары-дармек каражаттарын сатууга, даярдоого, дары-дармек каражаттарынын сапатын контролдоого фармацевтик билими бар адамдарга жол берилет.

Илим-изилдөө мекемелеринин жана медициналык жогорку окуу жайларынын курамына кирген дарылоо-профилактикалык мекемелерде, клиникаларда дары-дармек каражаттарынын пайдаланылышынын натыйжалуулугуна, коопсуздугуна жана сарамжалдуулугуна контролдукту Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленген тартипте алардын алдында түзүлүүчү дары-дармек комитеттери жүзөгө ашырат.

Дары-дармек каражаттарынын сапатын контролдоону Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жүзөгө ашырат.

21-статья. Кыргыз Республикасынын калкына дары-дармек жардамдарын каржылоо

Кыргыз Республикасынын калкына дары-дармек жардамдарын каржылоо

төмөнкү каражаттардан жүзөгө ашырылат:

- республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин;

- милдеттүү медициналык камсыздандыруунун;

- мамлекеттик дарылоо-профилактикалык мекемелердин бюджеттен тыш каражаттарынын;

- жарандардын жеке каражаттарынын;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен.

22-статья. Кыргыз Республикасынын калкына дары-дармек жардамдарын каржылоого жумшалган каражаттарды пайдалануу

Кыргыз Республикасынын калкына дары-дармек жардамдарын каржылоого жумшалган каражаттар төмөнкүдөй максаттар үчүн пайдаланылат:

- негизги (турмуштук маанилүү) дары-дармек каражаттарынын тизмесине ылайык дары-дармек каражаттарын сатып алуу;

- турмуштук маанилүү дары-дармек каражаттарынын мамлекеттик резервин түзүү;

- сапатты, натыйжалуулукту жана коопсуздукту контролдоо боюнча мамлекеттик кызматты өнүктүрүү.

(КР 2009-жылдын 28-мартындагы № 92 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

VI Глава
 Фармацевтик иш-аракетти жүргүзүү

 

23-статья. Фармацевтик иш-аракетти жүргүзүүгө карата укук

Фармацевтик иш-аракетти жүргүзүүгө фармацевтик жогорку жана орто окуу жайларында атайын билим алган, квалификациясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген талаптарга жооп берген адамдарга жол берилет.

Кыргыз Республикасында жашаган, Кыргыз Республикасынын фармацевтик жогорку жана атайын орто окуу жайларында атайын билим алган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын аймагында фармацевтик иш-аракеттерди жүргүзө алышат.

Чет мамлекеттин фармацевтик жогорку жана орто окуу жайларында атайын билим алган адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагында фармацевтик иш-аракетин жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын сертификатын алгандан кийин жол берилет.

(КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

24-статья. Фармацевтик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу

Дары-дармек каражаттары жүгүртүү чөйрөсүндө иштеген фармацевтик кызматкерлер ар бир 5 жылда квалификациясын жогорулатууга милдеттүү.

VII Глава
 Жаңы дары-дармек каражаттарын иштеп чыгуу, аларды клиникага чейинки жана клиникалык изилдөөлөр

 

25-статья. Жаңы дары-дармек каражаттарын иштеп чыгуу

Жаңы дары-дармек каражаттарын иштеп чыгуу жаңы фармакологиялык активдүү заттарды издөөнү, андан соң аларды клиникага чейинки жана клиникалык изилдөөлөрдү камтыйт.

Жаңы дары-дармек каражаттарын иштеп чыгууну каржылоо:

- республикалык бюджеттин каражаттарынан;

- дары-дармек каражаттарын иштеп чыгуучу уюмдардын каражаттарынан;

- дары-дармек каражаттарын иштеп чыгуучу уюм менен дары-дармек каражаттарын өндүрүүчү ишкананын ортосундагы келишим боюнча аткарылуучу илим-изилдөө иштерин дары-дармек каражаттарын өндүрүүчү ишкананын каражаттарынан;

- каржылоонун башка булактарынан, анын ичинде кайрымдуулук фонддорунун каражаттарынан, жеке жана юридикалык жактардын максаттуу салымдарынан жүзөгө ашырылат.

Жаңы дары-дармек каражаттарын иштеп чыгуучу уюмдун укуктары Кыргыз Республикасынын патенттик мыйзамдары жана автордук укук жана эриш-аркак укуктар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголот.

26-статья. Дары-дармек каражаттарын клиникага чейинки изилдөө

Дары-дармек каражаттарын клиникага чейинки изилдөөлөр баалоонун жана далилдөөлөрдүн илимий усулдары менен дары-дармек каражаттарынын натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна жетишүү максатында жүргүзүлөт.

Дары-дармек каражаттарын клиникага чейинки изилдөөлөр дары-дармек каражаттарын иштеп чыгуучу уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен лабораториялык иш-тажрыйбанын эрежелери боюнча жүргүзүлөт.

Дары-дармек каражаттарын клиникага чейинки изилдөөлөр дары-дармек каражаттарын изилдөөлөрдүн натыйжалары киргизилүүчү протокол жүргүзүү жана отчет түзүү менен бекитилген план боюнча жүргүзүлөт.

Дары-дармек каражаттарын жаныбарларга карата клиникага чейинки изилдөөлөр эл аралык эрежелерге ылайык жүргүзүлөт. Дары-дармек каражаттарын клиникага чейинки изилдөөлөрдү жүргүзүүдө жаныбарларды пайдалануунун укуктук жана этикалык ченемдеринин сакталышына контролдук Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

27-статья. Дары-дармек каражаттарын клиникалык изилдөөлөр

Дары-дармек каражаттарын клиникалык изилдөөлөрдүн максаты болуп баалоонун илимий усулдары менен дары-дармек каражаттарынын натыйжалуулугу жана коопсуздугу жөнүндө далилдерди, алардын кошумча натыйжалары жана башка дары-дармек каражаттары менен өз ара аракети жөнүндө маалыматтарды алуу саналат.

Дары-дармек каражаттарына клиникалык изилдөөлөр жүргүзүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан төмөнкүдөй документтердин негизинде кабыл алынат:

- дары-дармек каражатын иштеп чыгуучу уюмдун арызынын;

- дары-дармек каражатынын коопсуздугун жана натыйжалуулугун клиникага чейинки изилдөөлөрдүн натыйжалары жөнүндөгү отчеттун негизинде, ошондой эле дары-дармек каражатын колдонуу тобокелинин мүмкүн болуучу кошумча таасири болжолдонгон клиникалык натыйжадан кыйла төмөн боло тургандыгы тууралу ишенимдүү көрсөткүчтөр болсо;

- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын этикалык кеңешинин оң корутундусунун.

Клиникалык изилдөөлөр дүйнөлүк тажрыйбада кабыл алынган талаптагыдай клиникалык иш-тажрыйбанын эрежелерине ылайык Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленген тартипке ылайык клиникалык базалар катары аккредитациядан өткөн саламаттык сактоо мекемелеринде жүргүзүлөт.

Дары-дармек каражатын клиникалык изилдөөлөрдөн өткөрүүгө укуктуу болгон саламаттык сактоо мекемелеринин тизмеси Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан түзүлөт жана бекитилет.

Дары-дармек каражатын клиникалык изилдөөлөрдөн өткөрүүнүн укуктук негизин төмөнкү документтер түзөт:

- дары-дармек каражатын клиникалык изилдөөдөн өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын чечими;

- дары-дармек каражатын клиникалык изилдөөдөн өткөрүү жөнүндө саламаттык сактоо мекемеси менен дары-дармек каражатын иштеп чыгуучу уюмдун ортосундагы келишим.

Дары-дармек каражатын изилдөөдөн өткөрүү жөнүндө келишим төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:

- дары-дармек каражатын клиникалык изилдөөнүн мөөнөттөрү жана көлөмдөрү жөнүндө;

- дары-дармек каражатын клиникалык изилдөөнүн программасынын жалпы наркы жөнүндө;

- дары-дармек каражатын клиникалык изилдөөнүн натыйжаларын Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына берүү формасы жөнүндө;

- дары-дармек каражатын клиникалык изилдөөгө катышкан пациенттердин ден соолугун камсыздандыруунун шарттары жөнүндө.

Дары-дармек каражатынын клиникалык изилдөөсүн каржылоо төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:

- республикалык бюджеттин каражаттарынан;

- дары-дармек каражатына клиникалык изилдөөсүн өткөрүү жөнүндө келишимдин шарттарына ылайык дары-дармекти иштеп чыгуучу уюмдун каражаттарынан;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка булактардан.

Дары-дармек каражатына клиникалык изилдөөнү дары-дармек каражатын иштеп чыгуучу уюмдун каражатынан каржылоо дары-дармек каражатына клиникалык изилдөөдөн өткөрүү жөнүндө келишимге ылайык дары-дармек каражатына клиникалык изилдөөнү жүргүзүүчү саламаттык сактоо мекемеси түзгөн эсепке акы төлөө формасында жүзөгө ашырылат.

Дары-дармек каражатына клиникалык изилдөөнү жүргүзгөн саламаттык сактоо мекемесинин адистерине дары-дармек каражатына иштеп чыгуучу уюм, башка юридикалык, ошондой эле дары-дармек каражатына клиникалык изилдөөнү каржылоочу жеке жактар тарабынан түздөн-түз эмгек акы төлөөгө тыюу салынат.

Дары-дармек каражатына клиникалык изилдөөнү жүргүзгөн саламаттык сактоо мекемесинин жетекчиси дары-дармек каражатына клиникалык изилдөөнүн программасын бекитет жана анын жетекчисин дайындайт. Аталган изилдөөлөр программасынын жетекчиси болуп иш стажы эки жылдан кем болбогон врач дайындалышы мүмкүн. Дары-дармек каражатын клиникалык изилдөөнүн программасы дары-дармек каражатына клиникалык изилдөөнү жүргүзүүчү саламаттык сактоо мекемесинин алдындагы этикалык кеңештин катышуусу менен иштелип чыгат.

Дары-дармек каражатын клиникалык изилдөөнүн программасынын жетекчиси бул дары-дармек каражатын клиникага чейинки изилдөөлөрдүн натыйжалары менен таанышууга тийиш жана аталган дары-дармек каражатынын клиникага чейинки изилдөөлөрүнө тийиштүү ар кандай кошумча маалыматтарды алууга укуктуу.

Дары-дармек каражатын клиникалык изилдөөнүн программасынын жетекчиси бул дары-дармек каражатын клиникалык изилдөөлөргө медициналык көрсөткүчтөр боюнча тартылууга тийиш болгон пациенттерди тандап алууну жүзөгө ашырат.

Дары-дармек каражатын клиникалык изилдөөнүн натыйжалары жөнүндө отчет дары-дармек каражатын клиникалык изилдөө программасынын жетекчиси тарабынан түзүлөт.

Клиникалык изилдөөлөрдүн натыйжалары Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына гана жөнөтүлөт. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын уруксатысыз дары-дармек каражатын клиникалык изилдөөнүн жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө тапшырыкчы-фирмага (авторлорго, демөөрчүлөргө) кандай формада болсун маалымдоого тыюу салынат.

Дары-дармек каражатын клиникалык изилдөө, эгерде аларды жүргүзүүдө пациенттердин саламаттыгы үчүн коркунучтуу экендиги байкалса токтотулушу мүмкүн. Дары-дармек каражатын клиникалык изилдөөнү токтотуу жөнүндөгү чечимди аталган изилдөөлөрдүн программасынын жетекчиси кабыл алышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын уруксатысыз дары-дармек каражатына клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө тыюу салынат. Клиникалык иш-тажрыйба эрежелерин бузуу, ошондой эле дары-дармек каражатынын клиникалык изилдөөлөрүнүн натыйжаларын бурмалоо жана дары-дармек каражатына клиникалык изилдөөнү Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын уруксатысыз жүргүзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке кириптер кылат.

Дары-дармек каражатын клиникалык изилдөөлөрдөн улам пайда болгон бардык укуктук талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.

28-статья. Дары-дармек каражаттарын клиникалык изилдөөлөргө катышкан пациенттердин укуктары

Дары-дармек каражатын клиникалык изилдөөлөргө пациенттердин катышуусу ыктыярдуу болуп саналат.

Пациенттердин укуктарынын кепили болуп Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана биомедициналык этиканын критерийлери боюнча эксперттик баа берүүнү жүзөгө ашырууга жана дары-дармек каражатына клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө келип чыккан моралдык-этикалык маселелерди чечүү жагынан ыйгарым укуктуу саламаттык сактоо мекемелеринин алдындагы этика боюнча кеңештери саналат.

Этикалык кеңештер медициналык кызматкерлердин, юристтердин жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн ичинен түзүлөт. Этика кеңеши жөнүндө жобо жана анын курамы Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан Бүткүл дүйнөлүк медициналык ассоциациянын Хельсинки декларациясынын принциптерине ылайык бекитилет.

Пациент дары-дармек каражаттарына клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө катышууга жазуу жүзүндө макулдугун берет.

Пациент төмөндөгүлөргө маалымданууга тийиш:

- дары-дармек каражаттары жана аталган дары-дармек каражаттарына өткөрүлүүчү клиникалык изилдөөлөрдүн маани-маңызы жөнүндө;

- дары-дармек каражаттарынан күтүлүүчү натыйжалуулук жана пациент үчүн тобокелге салуунун деңгээли жөнүндө;

- пациенттин ден соолугунун абалына дары-дармек каражаттары күтүүсүз таасир тийгизген учурда анын жасай турган аракеттери жөнүндө;

- пациенттин ден соолугун камсыздандыруунун шарттары жөнүндө.

Пациент аталган изилдөөлөрдү ар кандай стадияларда дары-дармек каражаттарына жүргүзүлүүчү клиникалык изилдөөлөргө катышуудан баш тартууга укуктуу.

Изилдөө жүргүзүлүүчү дары-дармек каражаттары менен балдардын дартын айыктырууга гана арналган же клиникалык изилдөөлөрдүн максаты жашы жетиле элек балдарды дарылоо үчүн дары-дармек каражаттарын колдонуунун эң жакшы өлчөмү жөнүндөгү маалыматтарды алуу болуп эсептелген учурлардан тышкаркы жашы жетиле элек балдарга клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жол берилбейт. Дары-дармек каражаттары менен жашы жетилген балдарга клиникалык изилдөө жүргүзүлгөн учурда ага удаа эле клиникалык изилдөө жашы жетиле элек балдарга жүргүзүлүүгө тийиш.

Дары-дармек каражаттары менен жашы жетиле элек балдарга клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө анын ата-энесинин жазуу жүзүндөгү макулдугу зарыл.

Дары-дармек каражаттары менен клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүү төмөндөгүлөргө тыюу салынат:

- ата-энеси жок жашы жетиле элек балдарга;

- аскер кызматчыларына:

- эркинен ажыратылып жазасын өтөп жаткан жерлердеги адамдарга, ошондой эле тергөө изоляторунда камакта жаткан адамдарга;

- эгерде кош бойлуу аялдарга дары-дармек каражаттары менен клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүдөн гана зарыл маалыматтардын алынышы мүмкүн болгон жана кош бойлуу аялга жана курсактагы балага зыян келтирүү тобокелдиги толук жоюлганда, кош бойлуу аялга арналган дары-дармек каражаттары менен клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзгөн учурдан тышкаркы кош бойлуу аялдарга.

"Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдө жарандардын укуктарынын гарантиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте психикалык ооруларды дарылоого, психикалык жактан оорулуу жана эмгекке жараксыз деп табылган адамдарга тиешелүү болгон дары-дармек каражаттары менен клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жол берилет. Бул учурда дары-дармек каражаттары менен клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүү, аталган адамдардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу болгондо жүргүзүлөт.

Дары-дармек каражаттары менен клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө катышуучу пациенттин ден соолугун камсыздандыруу келишими дары-дармек каражаттарын иштеп чыгуучу уюм менен медициналык жактан камсыздандыруу уюмунун ортосунда түзүлөт.

29-статья. Дары-дармек каражаттары менен башка дары-дармек каражаттарынын өз ара таасир тийгизүү өзгөчөлүктөрү жөнүндө жана кошумча таасир тийгизүүлөр болгон учурлары тууралу дары-дармек каражаттарын жүгүртүү билдирүү милдеттери

Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү субъекттери аларды колдонуу боюнча нускамада камтылган дары-дармек каражаттары жөнүндө маалыматка ылайык келбеген дары-дармек каражаттары менен башка дары-дармек каражаттарынын өз ара таасир тийгизүү өзгөчөлүктөрү тууралу жана бардык кошумча таасир тийгизүүлөр болгон учурлары жөнүндө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын аймактык органдарына билдирүүгө милдеттүү.

Өзүнүн кесиптик ишинин түрү боюнча белгилүү болуп калган маалыматтарды билдирбеген же жашырып койгон адамдар ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган тартиптик, администрациялык же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигине тартылат.

VIII Глава
Дары-дармек каражаттарын өндүрүү жана даярдоо

 

30-статья. Дары-дармек каражаттарын өндүрүү

Дары-дармек каражаттарын өндүрүүнү дары-дармек каражаттарын жасоого лицензиясы бар дары-дармек каражаттарын өндүрүүчү ишкана жүзөгө ашырат.

Төмөндөгү дары-дармек каражаттарын өндүрүүгө тыюу салынат:

- жасалмаларды;

- клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө арналган дары-дармектерден башка Кыргыз Республикасында мамлекеттик каттоодон өтпөгөндөрдү;

- дары-дармек каражаттарын өндүрүүгө лицензиясы жокторго;

- дары-дармек каражаттарынын коопсуздугуна талаптарды белгилөөчү техникалык регламенттердин талаптарын бузганда.

Патенттелген дары-дармек каражаттарын өндүрүү жана аларды сатуу Кыргыз Республикасынын патенттик мыйзамдарына, ошондой эле "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыккан жердин аталышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.

(КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

31-статья. Дары-дармек каражаттарын өндүрүүгө мамлекеттик контроль

Кыргыз Республикасынын аймагында дары-дармек каражаттарын

өндүрүүгө мамлекеттик контролду Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы дары-дармек каражаттарынын сапаттуу болушун уюштуруунун жана контроль жүргүзүүнүн эрежесин иштеп чыгат жана бекитет.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тууралуу мыйзамдарга ылайык дары-дармек каражаттарын өндүрүүчү ишканаларды текшерет жана дары-дармек каражаттарын өндүрүүнү уюштуруу жана сапатына контролдук кылуу дары-дармек каражаттарын өндүрүүнүн жана сапатына контролдук кылуунун эрежелерине ылайык келе тургандыгы жөнүндө корутунду чыгарат.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган дары-дармек каражаттары өндүрүүнү уюштуруунун жана сапатына контроль жүргүзүүнүн эрежесинде анын тизмеси толук камтылган учурда дары-дармек каражаттарын өндүрүүгө жана мурда өндүрүлгөн дары-дармек каражаттарын сатууга тыюу салууга укуктуу.

(КР 2009-жылдын 17-апрелиндеги № 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

32-статья. Дары-дармек каражаттарын маркировкалоо жана жол-жоболоштуруу

Дары-дармек каражаттарын маркировкалоо жана жол-жоболоштуруу Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы белгилеген ченемдик документтердин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.

Кандан, кандын плазмасынан, ошондой эле органдардан, адамдын денесинен алынган бардык дары-дармек каражаттарында "Адамдын иммунодефицитинин вирусуна козгогучу жок" деген жазуу болот.

Кандан алынуучу кан сууну - кандай кандан, кандын плазмасынан, органдардан, кайсы жаныбардын денесинен алынгандыгы: вакциндер - вирустар менен бактериялардын көбөйүшү үчүн пайдаланылган азыктуулугу бар чөйрөнү көрсөтүү менен жүгүртүүгө түшөт.

Гомеопатиялык дары катары каттоодон өткөн дары-дармек каражаттарына "Гомеопатиялык" деген жазуу жазылат.

Жаныбарларды дарылоого арналган дары-дармек каражаттарына "Жаныбарлар үчүн" деген жазуу жазылат.

Өсүмдүк сырьесунан алынган дары-дармек каражаттарына "Продукция радиациалык контролдон өттү" деген жазуу жазылат.

Клиниклык изилдөөлөргө арналган дары-дармек каражаттарына "Клиникалык изилдөөлөр үчүн" деген жазуу жазылат.

Ата-мекендик өндүрүштөгү дары-дармек каражаттары Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен дары-дармек каражаттарын колдонуу боюнча нускамасы менен гана жүгүртүүгө түшүүгө тийиш. Нускама мамлекеттик жана расмий тилдеги маалыматты камтууга тийиш.

Кошумча маалыматтарды киргизүү жана дары-дармек каражаттарын маркировкалоодо жол берилүүчү кыскартууларга Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын уруксаты менен жол берилет.

33-статья. Дары-дармек каражаттарын жасоо

Дарыкана мекемелеринде дары-дармек каражаттарын жасоо врачтардын рецептеринин жана Кыргыз Республикасында каттоодон өткөрүлгөн дары-дармек каражаттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органы бекиткен дарыкананын өзүндө топтолуп жасалган номенклатурага ылайык жүзөгө ашырылат.

Дары-дармек каражаттарын жасоо Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен дары-дармек каражаттарын жасоонун эрежеси боюнча дары-дармек каражаттарын даярдоого лицензиясы бар дарыкана мекемелери тарабынан жүзөгө ашырылат.

Дарыкана мекемелеринде жасалган дары-дармек каражаттарын маркировкалоо жана жол-жоболоштуруу ушул Мыйзамдын 32-статьясында көрсөтүлгөн эрежеге дал келүүгө тийиш.

Дарыкана мекемесине дары-дармек каражаттарын даярдоого жана сатууга лицензия Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилет.

(КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

34-статья. Дары-дармек каражаттарын өндүрүүнү уюштуруунун жана сапатына контролдук кылуунун эрежелерин жана дары-дармек каражаттарын жасоонун эрежелерин сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик

Дары-дармек каражаттарын өндүрүүчү ишкана дары-дармек каражаттарын өндүрүүнү уюштуруунун жана сапатына контроль кылуунун эрежелерин сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

Дарыкана мекемеси дары-дармек каражаттарын жасоонун эрежелерин сактабагандыгы, ошондой эле жол-жоболоштурулушу, таңгакталышы жана дарыкана мекемелеринде жасалган дары-дармек каражаттарынын сапаттуу болушу үчүн жоопкерчилик тартат.

Дары-дармек каражаттарынын жасалышына жана сапаттуу болушуна жоопкер жеке жак фармацевтик иш жүргүзүүгө берилген лицензияда көрсөтүлөт жана ушул Мыйзамдын жоболорун бузгандыгы үчүн тартиптик, администрациялык жана жазык жоопкерчилигин тартат.

IX Глава
 Дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоо

 

35-статья. Дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоо

Эгерде дары-дармек каражаттары Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан каттоодон өткөрүлсө, же ташып келүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы медициналык практикага колдонууга уруксат берилген дары-дармек каражаттарынын тизмесине киргизилсе, алар Кыргыз Республикасынын аймактарында өндүрүлүшү, сатылышы жана колдонулушу мүмкүн.

Дары-дармек каражаттары катары медицинада колдонулуучу жана "Баңги каражаттар жана психотроптук заттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик контролдоого жаткан баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү "Баңги каражаттар жана психотроптук заттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы аныктаган тартипте аталган каражаттарды тиешелүү тизмеге киргизүү менен коштолот.

Мамлекеттик каттоодон төмөндөгүлөр өткөрүлүүгө тийиш:

- жаңы дары-дармек каражаттары;

- мурда каттоодон өткөрүлгөн дары-дармек каражаттарынын жаңы комбинациялары;

- мурда каттоодон өткөрүлүп, бирок башка дары-дармек формасында, жаңыча өлчөм менен же башка курамдагы кошумча заттар менен өндүрүлгөн дары-дармек каражаттары;

- кайра өндүрүлгөн дары-дармек каражаттары;

- гомеопатиялык дары-дармек каражаттары;

- биологиялык активдүү тамак-аш кошулмалары;

- медициналык иммунобиологиялык препараттар;

- дарылоо-косметикалык каражаттар;

- жаныбарларды дарылоо үчүн пайдаланылуучу дары-дармек каражаттары;

- медициналык багытындагы буюмдар жана медициналык жабдуу.

Импорттолуучу дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоодон өткөрүү аны өндүргөн өлкөдө милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өткөрүү менен жүзөгө ашырылат.

Врачтардын рецептери боюнча дарыканада жасалган дары-дармек каражаттары, ошондой эле гуманитардык жардам линиясы боюнча Кыргыз Республикасына ташылып келинүүчү дары-дармек каражаттары мамлекеттик каттоодон өткөрүлбөйт.

Дары-дармек каражаттарын клиникалык изилдөөдө же жаныбарларды дарылоого арналган дары-дармек каражаттарын сыноодон өткөрүүдө каттоодон өткөрүлбөгөн дары-дармек каражаттарын колдонууга жол берилет.

Дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү жүргүзүүгө арыз жана документтер берилген күндөн тартып алты айдан ашпаган мөөнөттө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы дары-дармек каражаттарына мамлекеттик каттоону жүргүзөт.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы каттоодон өткөрүлгөн дары-дармек каражаттарынын дозировкасынын өзгөрүү деңгээлин, кошумча заттардын курамын аныктайт, мунун өзү башка аталыштагы дары-дармек каражаттары катары аны мамлекеттик каттоодон өткөрүүнүн зарылчылыгына алып келет.

Дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн арыз берүүчү Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына документтерди жана маалыматтарды берет, анын тизмеси Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилет.

Дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн төлөнө турган акынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленет жана ал дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоодон өткөрүүдө эксперттик иштерди жүргүзүү менен байланышкан иш жүзүндө сарпталган чыгымдардан ашпоого тийиш.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоодон өткөрүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобосун колдонушу мүмкүн. Дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоодон өткөрүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобосу жөнүндөгү жобо Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан иштелип чыгат жана жарыяланат. Дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоодон өткөрүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобосу дары-дармек каражаттарынын сапатына, натыйжалуулугуна, коопсуздугуна болгон талапты төмөндөтөт дегенди билдирбейт.

Эгерде башка технология боюнча же кошумча заттардын башка курамы менен Кыргыз Республикасында мурда каттоодон өткөрүлгөн оригиналдуу дары-дармек каражатына теңдеш жаңы жасалган дары-дармек каражаты катталса, анда мамлекеттик каттоонун жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобосу колдонулушу мүмкүн.

Каттоодон өткөрүлгөн дары-дармек каражаттары дары-дармек каражаттарынын мамлекеттик реестрине жазылат.

(КР 2010-жылдын 1-февралындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

X Глава
 Кыргыз Республикасынын аймагына дары-дармек каражаттарын ташып келүү. Кыргыз Республикасынын аймагынан дары-дармек каражаттарын ташып чыгуу

 

36-статья. Кыргыз Республикасынын аймагына дары-дармек каражаттарын ташып келүүнүн тартиби

Кыргыз Республикасынын аймагына дары-дармек каражаттарын ташып келүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Жеке жана коммерциялык эмес пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына дары-дармек каражаттарын ташып келүүгө лицензиясыз же Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын ташып келүү уруксаты менен ушул Мыйзамдын 38-статьясында каралган учурларда гана жол берилет.

Кыргыз Республикасында каттоодон өткөрүлбөгөн, бирок жөнөтүүлөр жүзөгө ашырылып келинген өлкөлөрдө каттоодон өткөн жана колдонулуп жаткан дары-дармек каражаттарын ташып келүү уруксаты өзгөчө учурларда (стихиялык кырсык, инфекциялык оорунун жайылышы) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жол берилет.

Дары-дармек каражаттарына клиникага чейинки жана клиникалык изилдөө жүргүзүүгө арналган, каттоодон өткөрүлбөгөн дары-дармек каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын уруксаты боюнча жол берилет.

Кыргыз Республикасынын аймагына сапаты дары-дармек каражатын өндүргөн ишкананын сертификаты менен тастыкталган, дары-дармек каражаттарын өндүрүүчү өлкөнүн дары-дармек каражаттарынын сапаты мамлекеттик стандарттарга ылайык өндүрүлгөндүгү ырасталган ташып келинүүчү дары-дармек каражаттары ташылса болот.

Жарактуулук мөөнөтүнүн бүтүшүнө жарактуулугунун бардык мөөнөтүнүн үчтөн бири калган дары-дармек каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө тыюу салынат.

Кыргыз Республикасынын аймагына сапаты стандартка жооп бербеген дары-дармек каражаттарын жана жасалма дары-дармек каражаттарын ташып келүүгө тыюу салынат.

37-статья. Кыргыз Республикасынын аймагына дары-дармек каражаттарын ташып келүүгө уруксат берилген юридикалык жактар

Кыргыз Республикасынын аймагына төмөндөгүлөр дары-дармек каражаттарын ташып келе алат:

- дары-дармек каражаттарын өздөрү өндүрүү максатында дары-дармек каражаттарын өндүрүүчү ишканалар;

- дары-дармек каражаттарын дүң сатуучу ишканалар;

- дары-дармек каражаттарын ташып келүүгө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын уруксатын алган дары-дармек каражаттарын иштеп чыгуу, изилдөө жана сапатына, натыйжалуулугуна, коопсуздугуна контролдук кылуучу илим-изилдөө мекемелери, институттары, лабораториялар;

- дарылоо-профилактикалык мекемелери;

- мамлекеттик ишканалар, мекемелер менен уюмдар - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын уруксаты болгондо;

- Кыргыз Республикасынын аймагында өздөрүнүн өкүлчүлүгү болгон шартта дары-дармек каражаттарын өндүрүүчү чет өлкөлүк ишканалар жана дары-дармек каражаттарын дүң сатуучу ишканалар.

38-статья. Жеке пайдалануу жана дагы башка коммерциялык эмес максаттар үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына дары-дармек каражаттарын ташып келүү

Дары-дармек каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагына лицензиясыз же Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын уруксаты менен дары-дармек каражаттары ташып келиниши мүмкүн, эгерде алар төмөндөгүлөргө арналса:

- Кыргыз Республикасынын аймагына келүүчү жеке жактардын өздөрүнүн пайдалануусу үчүн;

- Кыргыз Республикасында аккредиттелген дипломатиялык корпустун кызматчыларына же эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө;

- Кыргыз Республикасынын аймагына келүүчү транспорт каражатынын жүргүнчүлөрүн дарылаганга;

- дары-дармек каражаттарынын көргөзмөлөрүнө жана жарманкелерине.

Зоопарктардагы тийиштүү айбанаттарды дарылоого арналган дары-дармек каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагына лицензиясыз же Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын ташып келүүгө уруксаты менен ташып келиниши мүмкүн.

Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган учурларда, Кыргыз Республикасында катталбаган дары-дармек каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө жол берилет.

Гуманитардык максаттарга арналган дары-дармек каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ташып келинет.

Кыргыз Республикасынын аймагына гуманитардык максаттарга арналган дары өндүргөн өлкөдөн же донор өлкөдөн каттоодон өтпөгөн дары-дармек каражаттарын ташып келүүгө тыюу салынат.

39-статья. Дары-дармек каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келатканда Кыргыз Республикасынын бажы органдарына көрсөтүлүүчү документтер

Дары-дармек каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келатканда Кыргыз Республикасынын бажы органдарына төмөндөгүдөй документтер менен маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш:

- ташылып келаткан дары-дармек каражаттары жөнүндө маалыматты камтыган контракттар же документтер (эсеп-фактура, спецификациясы);

- дары-дармек каражаттарын алып келаткан адам жөнүндө маалыматтар (товардык-транспорттук коштомо каты (накладная) же эсеп-фактурасы);

- дары-дармек каражаттарын өндүрүүгө, даярдоого жана сатууга берилген лицензиянын көчүрмөсү, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын уруксаты (ташылып келаткан дары-дармек каражаттарынын коопсуздук талаптарына шайкеш келишин ырастаган билдирүү-милдеттенме).

(КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

40-статья. Кыргыз Республикасынын аймагынан дары-дармек каражаттарын ташып чыгуунун тартиби

Кыргыз Республикасынын аймагынан дары-дармек каражаттарын ташып чыгуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Дары-дармек каражаттарын дары-дармек каражаттарын өндүрүүчү ишканалар жана дары-дармек каражаттары менен дүң соода кылууга лицензиясы бар ишканалар Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыга алат.

Жеке жактар өзү үчүн пайдаланууга зарыл болгон сандагы дары-дармек каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдары тарабынан аныкталган тартипте ташып чыга алышат.

41-статья. Кыргыз Республикасынын бажы органдары менен Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматташуусу

Кыргыз Республикасынын бажы органдары Кыргыз Республикасынын саламаттык жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына дары-дармек каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып келүү жана дары-дармек каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу жөнүндө дайыма маалымдайт.

XI Глава
 Дары-дармек каражаттары менен дүң соода

 

42-статья. Дары-дармек каражаттары өндүрүүчү ишканалардын дары-дармек каражаттарын сатуусу

Дары-дармек каражаттарын өндүрүүчү ишканалар дары-дармек каражаттары сатууга же аларды төмөндөгүлөрдүн карамагына өткөрүп бериши мүмкүн:

- өндүрүш максаттары үчүн башка дары-дармек каражаттарын өндүрүүчү ишканаларга;

- дары-дармек каражаттары менен дүң соода кылуучу ишканаларга дарыкана мекемелерине;

- илим-изилдөө иши үчүн илим-изилдөө мекемелерине;

- дарылоо-профилактикалык мекемелерине;

- мамлекеттик ишканаларга, мекемелер менен уюмдарга жана ошондой эле коммерциялык эмес уюмдарга - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органын уруксаты болгондо.

43-статья. Дары-дармек каражаттары дары-дармек каражаттары менен дүң соода кылуучу ишканалар тарабынан сатуусу

Дары-дармек каражаттары менен дүң соода кылуучу ишканалар дары-дармек каражаттарын сатууга же аларды төмөндөгүлөрдүн карамагына өткөрүп бериши мүмкүн:

- дары-дармек каражаттары менен дүң соода кылуучу башка ишканаларга;

- өндүрүш максаттары үчүн дары-дармек каражаттары өндүрүүчү ишканаларга;

- дарыкана мекемелерине;

- илим-изилдөө иши үчүн илим-изилдөө мекемелерине;

- дарылоо-профилактикалык мекемелерине;

- мамлекеттик ишканаларга, мекемелер менен уюмдарга жана ошондой эле коммерциялык эмес уюмдарга - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынан уруксаты болгондо;

- жеке медициналык иш жүргүзүүгө лицензиясы бар жеке жактарга.

XII Глава
 Дары-дармек каражаттары менен чекене соода кылуу

 

44-статья. Дары-дармек каражаттары менен чекене соода кылуунун тартиби

Дары-дармек каражаттары менен чекене соода кылуу дарыкана мекемелери тарабынан өзгөчө жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасында катталган дары-дармек каражаттары менен гана чекене соода кылууга уруксат берилет.

Врачтын рецепти боюнча берилүүчү дары-дармек каражаттары дарыкана аркылуу гана сатылууга тийиш. Врачтын рецебисиз берилүүчү дары-дармек каражаттары ошондой эле дарыкана киоскторунда, дарыкана пункттарында сатылышы мүмкүн.

Врачтын рецеби боюнча берилүүчү дары-дармек каражаттарынын тизмеси Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан беш жылда бир жолу кайра каралат жана бекитилет. Тизмеге киргизилген толуктоо жыл сайын жарыяланып турат.

Дарыкана мекемелери мамлекеттик, коммуналдык, жеке менчик болушу мүмкүн.

Ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан бардык дарыкана мекемелери милдеттүү түрдө аткарышы үчүн дары-дармек каражаттарын берүүнүн эрежелери менен тартиби Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталат жана бекитилет.

Дарыкана мекемелери жана фармацевтик билими бар адистери жок алыскы калктуу конуштарда дары-дармек каражаттары менен медициналык багыттагы буюмдар Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы белгилеген тартипте мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринин медициналык кызматчылары тарабынан сатылышы мүмкүн.

Айбанаттарды дарылоо үчүн арналган дары-дармек каражаттары менен чекене соода кылуу дарыканада, ветеринардык дарыканада болбосо дары-дармек каражаттарын сактоо боюнча техникалык талаптарын сактоо шарттарында, ветеринар тарабынан жүзөгө ашырылат.

Дарыкана мекемелери врачтын дайындоосун аткаруу үчүн дары-дармек каражаттарын пайдаланууга даяр түрүндө жана керектүү санда гана сатууга милдеттүү.

Дарыкана мекемелери дары-дармек каражаттары менен бирге медициналык багыттагы буюмдарды, дезинфекциялоочу каражаттарды, жеке гигиена буюмзаттарын, оптиканы, табигый жана жасалма минералдык сууларын, дарылык, балдардын жана диеталык тамак-ашын, биологиялык активдүү тамак-аш кошумчаларын, косметикалык жана парфюмериялык продукцияны алууга жана сатууга укугу бар.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган аскер кызматын өтөө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, министрликтеринин, дагы башка аткаруу бийлик органдарынын дарыкана мекемелеринин иш-аракети ушул Мыйзам жана тиешелүү министрликтер жана аткаруу бийлигинин аталган органдары тарабынан бекитилүүчү жоболору менен жөнгө салынат.

(КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

45-статья. Дарыкана мекемелериндеги жеке жактардын фармацевтик иш-аракети

Жеке жактар жогорку фармацевтик билими же орто фармацевтик билими жана адистик сертификаты болсо, фармацевтик иш-аракеттин айрым түрлөрүн жүргүзө алышат.

Фармацевтик билими бар адистери болбогон алыскы калктуу конуштарда медициналык билими бар адамдарга дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды сатууга Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы белгилеген тартипте жол берилет.

46-статья. Дарыкана мекемелеринин дары-дармек каражаттарын даярдоо жана сатуу боюнча иш-аракетин лицензиялоо

Дарыкана мекемесине дары-дармек каражаттарын даярдоого жана сатууга лицензия Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан беш жылдык мөөнөткө берилет.

Фармацевтик иш-аракетке лицензия алуу үчүн дарыкана мекемеси Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына төмөндөгү документтерди тапшырат:

- белгиленген үлгүдөгү арызын;

- дарыкана мекемеси жүзөгө ашырууну көздөгөн фармацевтик иш-аракеттин бардык түрүнүн тизмесин камтыган юридикалык жактын уставын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары юридикалык жана жеке жакты каттагандыгы жөнүндө күбөлүгүн;

- фармацевтик иш-аракетти жүзөгө ашыруу максатында тиешелүү имарат-жайды пайдаланууга укугун тастыктоочу документтерин;

- дарыкана мекемесинде фармацевтикалык иш-аракетти жүзөгө ашыруучу адистердин сертификаттары бар экендигин тастыктоочу документтерин;

- (КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамына ылайык жетинчи абзацы күчүн жоготту)

- (КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамына ылайык сегизинчи абзацы күчүн жоготту)

Фармацевтик иш-аракетти жүргүзүүгө берилген документтерди кароонун жана бул ишке лицензия берүүнүн мөөнөтү бир айдан ашпоого тийиш.

Фармацевтик иш-аракетке лицензия берүүдөн баш тартуунун себеби берилген документтердин ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келбегендиги жана имарат-жайдын лицензиялоонун талаптарына жооп бербөөсү болушу мүмкүн. Баш тартуунун себептери Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан дарыкана мекемесине берилген документте көрсөтүлүүгө тийиш.

Фармацевтик ишке берилген лицензиянын аракети ушул Мыйзамда каралган дары-дармек каражаттары менен чекене соода кылуунун тартиби бузулган учурда ушул статьянын биринчи бөлүгүндө белгиленгенден мурда токтотулушу же жокко чыгарылышы мүмкүн.

Эгерде дарыкана мекемеси жыл бою фармацевтик иш-аракетин баштабаса, дары-дармек каражаттарын даярдоого жана сатууга берилген лицензиянын аракети токтотулат жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына көрсөтүлгөн иштин жок экендигин актаган документтер көрсөтүлгөндөн кийин гана калыбына келтирилиши мүмкүн.

(КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

47-статья. Кыргыз Республикасында стандарттуу эмес сапаттагы дары-дармек каражаттарын жана жасалма дары-дармек каражаттарын сатууга тыюу салуу

Жараксыз абалга келген жана жарамдуулук мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармек каражаттарын сатууга тыюу салынат.

Жараксыз абалга келген дары-дармек каражаттары жана жарамдуулук мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармек каражаттары жок кылынууга тийиш.

Жараксыз абалга келген дары-дармек каражаттарын жана жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармек каражаттарын жок кылуунун тартиби адамдардын, айбанаттардын жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн коопсуздук талаптарын эске алуу менен иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилет.

Жасалма дары-дармек каражаттарын сатууга тыюу салынат.

Эгерде дары-дармек каражаттарын жеткирүүнүн шарттарында башка жагдай каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген жана гуманитардык максаттарга арналган дары-дармек каражаттарын сатууга тыюу салынат.

Орулуулардын каражатынын эсебинен алынган дары-дармек каражаттарын сатууга тыюу салынат.

Дары-дармек каражаттарын дарыкана мекемелеринен тышкары сатууга тыюу салынат.

XIII Глава
 Калкты дары-дармек каражаттары жөнүндөгү маалымат менен камсыз кылуу. Дары-дармек каражаттарынын жарнамасы

 

48-статья. Дары-дармек каражаттары жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасында катталган дары-дармек каражаттары жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген эрежелерге ылайык жүзөгө ашырылат.

Врачтын рецебисиз берилүүчү дары-дармек каражаттары жөнүндө маалымат жарык көргөн макалаларда жана массалык маалымат каражаттарынын кулактандырууларында, адистештирилген жана жалпыга арналган басылмаларда, дары-дармек каражаттарын колдонуу боюнча нускамаларда, дары-дармек каражаттарын жүгүртүүчү субъекттердин дагы башка басылмаларында камтылышы мүмкүн.

Врачтын рецеби боюнча берилүүчү дары-дармек каражаттары жөнүндө маалымат медициналык жана фармацевтик кызматкерлерге арналган адистештирилген басылмаларда гана берилет. Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү адистер үчүн дары-дармек каражаттары жөнүндө маалымат монографиялар, маалымдамалар, илимий макалалар, конгресстердеги, конференциялардагы, симпозиумдардагы, илимий кеңештердеги баяндамалар, ошондой эле врачтарга арналган дары-дармек каражаттарын колдонуу боюнча нускамалар түрүндө берилиши мүмкүн.

Тиешелүү маалыматты бурмалоосуз сактоого, өткөрүп берүүгө жана пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү дары-дармек каражаттары жөнүндө кандай гана материалдык маалыматты алып жүрүүчүлөр болбосун пайдаланууга жол берилет.

49-статья. Дары-дармек каражаттарынын жарнамасы

Дары-дармек каражаттарынын жарнамасы фармацевтик рынокту базарды сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз дары-дармек каражаттары менен камсыз кылууга көмөктөшүүгө, ошондой эле аларды натыйжалуу колдонуу өбөлгөсүн түзүүгө тийиш.

Массалык маалымат каражаттарында Кыргыз Республикасында врачтын рецебисиз берилүүчү дары-дармек каражаттарынын жарнамасына жол берилет.

Формасына карабастан дары-дармектерди клиникалык изилдөө учурунда алынган дары-дармек каражаттары жөнүндө жарнама фармакологиялык маалыматтарга ылайык келүүгө тийиш.

Жарнама дары-дармек каражаттарын чанда учуроочу, өтө натыйжалуу, абдан коопсуз, кошумча таасирлери такыр болбогон каражат катары көрсөтпөшү керек, дары-дармек каражаттарынын курамына, чыгыш тегине, жаңылыгына же патенттүүлүгүнө жараша адашууга кириптер кылбоого тийиш.

Жарнама дары-дармек каражаттарын өндүрүүчү ишканалардын кадыр-баркына, дары-дармек каражаттарынын таасир беришине карата керектөөчүлөрдүн ишенимине шек келтирбеши керек.

Дары-дармек каражаттары жөнүндө жарнама берилген учурда жарнаманын таасирин күчөтүш үчүн аларды башка дары-дармек каражаттары менен салыштырууга жол берилбейт.

Жарнама медициналык консультацияларды же хирургиялык операцияларды керек эмес дегендей ой-пикир калтырбоого тийиш.

Жарнамада өз алдынча дарылоонун контролдусуздугунан качуу үчүн дары-дармек каражаттарын жарнамалоодо врачтын же провизордун элесин пайдаланууга, белгилүү адамдардын, пациенттерди дарылаган адистердин жана алардын туугандарынын ой-пикирине шилтеме жасоого тыюу салынат.

Жарнама дары-дармек каражаттарынын таасирине кепилдик берилгендиги жөнүндө жоромолдоолорду камтыбоого тийиш.

Дары-дармек каражаттарынын жарнамасына контроль Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

Дары-дармек каражаттарынын жарнамасына тиешелүү ушул Мыйзамдын жоболору бузулган учурда Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы дары-дармек каражаттарын андан ары жарнамалоого тыюу салышы же ошол дары-дармек каражаттарынын жарнамасына болгон мамилени өзгөртүү зарылдыгы жөнүндө жарнама берүүчүгө эскертүү бериши мүмкүн.

Дары-дармек каражаттарынын жарнамасына тиешелүү ушул Мыйзамдын жоболорун бузгандык үчүн жазапул төлөөнүн өлчөмдөрү жана тартиби Кыргыз Республикасынын жарнама жөнүндө мыйзамдарына ылайык аныкталат.

XIV Глава
 Корутунду жоболор

 

50-статья. Гуманитардык жардам катары түшкөн дары-дармек каражаттарын жүгүртүү

Гуманитардык жардам иретиндеги дары-дармек каражаттары Кыргыз Республикасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте алардын ишинин уставына ылайык эл аралык, өкмөттүк эмес уюмдар, жеке жана юридикалык жактар тарабынан алынып келиниши мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын аймагына гуманитардык жардам катары түшкөн, чыгарган өлкөдө же донор өлкөдө катталбаган дары-дармек каражаттарын колдонууга тыюу салынат.

(3-бөлүк КР 2010-жылдын 1-февралындагы № 23 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Өзгөчө учурларда гуманитардык жардам өзгөчө кырдаалдарда колдонуу үчүн БУУ тарабынан сунуш кылынган өзгөчө жардам соопчулук буюмзаттардын тизмесине кирсе, алдынала макулдашуусуз эле көрсөтүлүшү мүмкүн.

Саламаттык сактоо жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы гуманитардык линия боюнча келип түшкөн дары-дармек каражаттарынын бирдиктүү республикалык реестрин жүргүзөт.

(6-бөлүк КР 2010-жылдын 1-февралындагы № 23 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Саламаттык сактоо мекемелерине гуманитардык жардам катарында түшкөн дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык эсепке алынууга жана отчет берилүүгө тийиш.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын дары-дармек каражаттары жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен гуманитардык жардам түрүндө дары-дармек каражаттары ташылып келинген бардык учурлар тууралу кабарлап турууга милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен гуманитардык дары-дармек каражаттарын ташып келип жаткан субъекттерге карата чечим кабыл алат.

(КР 2010-жылдын 1-февралындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

51-статья. Кыргыз Республикасынын дары-дармек каражаттары жөнүндө мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

Кыргыз Республикасынын дары-дармек каражаттары жөнүндө мыйзамдардын бузулушуна күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык, администрациялык, дагы башка жоопкерчиликтерди тартышат.

52-статья. Кыргыз Республикасынын дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыгы

Кыргыз Республикасы дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташууга катышат.

Мамлекет Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык ченемдерге карама-каршы келбеген дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыктын бардык түрлөрүн өнүктүрөт жана колдоого алат.

53-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 3, 127-ст.) күчүн жоготту деп табылсын.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А. Акаев