Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР
2013-жылдын 12-декабрындагы № 219 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\e8211def-5608-4b6f-8ee0-7cd025d44d65\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2003-жылдын 11-июну № 97

 

Ош шаарынын статусу жөнүндө

(КР 2013-жылдын 15-ноябрындагы № 201 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасындагы өзгөчө тарыхый, маданий, илимий-өндүрүштүк, администрациялык жана саясий борбор катары Ош шаарынын статусунун укуктук негиздерин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негизинде анын андан аркы финансылык-экономикалык жана социалдык өнүгүшүнүн кепилдиктерин белгилейт.

 

I Глава
Жалпы жоболор

 

1-статья. Шаардын укуктук статусу

 

Ош шаары республикалык маанидеги шаар жана Кыргыз Республикасынын администрациялык, саясий, ошондой эле маданий-тарыхый борборлорунун бири болуп саналат.

Ош шаарында Президенттин түштүк резиденциясы жана Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдары жайгашкан.

Ош шаарынын статусу республиканын облустук администрациялык-аймактык бирдигинин статусуна теңештирилет жана өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары борбордук мамлекеттик органдарга отчет берип турушат.

Ош шаарынын өнүгүшүнө, финансылык, экономикалык жана социалдык жактан дем берүүнүн мамлекеттик кепилдиктери караштырылат.

 

2-статья. Шаардын статусун укуктук жактан жөнгө салуу

 

Ош шаарынын статусун укуктук жактан жөнгө салуу, анын иштөөсү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүзөгө ашырылат.

 

3-статья. Ош шаарынын аймагы

 

Ош шаарынын аймагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленүүчү чек аралар чегиндеги жерлер болуп саналат.

Шаардын чегинен тышкары шаар менен бирдиктүү социалдык, жаратылыштык жана чарбалык аймакты түзүүчү жерлер Ош шаарынын шаар айланасындагы зонасын түзөт жана анын аймактык жактан өнүгүшүнүн резерви болуп саналат.

Шаардын айланасындагы зонанын өлчөмдөрү жана чектери, ошондой эле шаардын айланасындагы зоналар киргизилген жерлерди пайдалануунун ирети жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

 

II Глава
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

 

4-статья. Шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу - жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жарандардын Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан таанылган жана кепилдик берилген иши.

Ош шаарынын тургундары бардыгы биригип шаардык жергиликтүү коомчулукту түзүшөт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырышат.

Ош шаарында өз алдынча башкаруу жарандар тарабынан шайлоолор, курултайлар, чогулуштар, жыйындар жолу менен жүзөгө ашырылат. Өз алдынча башкарууну уюштуруу үчүн Ош шаарынын аймагында аймактык кеңештер жанакварталдык комитеттер түзүлөт. Алардын түзүмү менен иш-аракетинин чектери натыйжалуу өз алдынча башкаруунун керектөөчүлөрүнө жана калыптанган аймактык коомчулуктардын таламдарына жараша Ош шаарынын мэриясынын сунушу боюнча шаардык кеңеш тарабынан белгиленет.

 

5-статья. Шаардык кеңеш

 

Шаардык кеңеш Ош шаарынын өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.

Шаардык кеңешке депутаттарды шайлоону өткөрүү тартиби жана алардын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

Шаардык кеңеш юридикалык жак болуп саналат жана мыйзамда анын компетенциясына киргизилген ар кандай маселени өз алдынча чечүүгө укуктуу.

Шаардык кеңеш:

- аймактык социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитет жана контролдойт;

- жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитет, ошондой эле бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндө маалыматты угат.

Шаардык кеңеш Ош шаарынын мэрин шайлайт.

Шаардык кеңеш депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен көпчүлүк добушу менен Ош шаарынын мэрине ишеним көрсөтпөөгө укуктуу.

Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштейт.

Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын жана анын аткаруу органдары Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде өздөрүнүн аймагында милдеттүү аткарылуучу актыларды кабыл алышат.

Шаардык кеңеш жана Ош шаарынын мэриясы мыйзамдардын сакталышы жана аткарылышы үчүн мамлекет алдында, ал эми жергиликтүү коомчулук алдында - өз ишинин натыйжалары үчүн жооптуу болушат.

Шаардык кеңештин, анын төрагасынын, туруктуу жана башка комиссияларынын, аппараттын, кеңештин сессиясынын ыйгарым укуктары, ошондой эле алардын иши Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары жана регламент менен аныкталат.

 

6-статья. Шаардык кеңештин регламенти

 

Шаардык кеңештин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусунун тартиби, аны уюштуруунун жана ишинин маселелери шаардык кеңеш тарабынан сессияда бекитилүүчү регламент менен бекемделет.

 

7-статья. Ош шаарынын мэри жана мэриясы

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу бийлигин шаарда Ош шаарынын мэри жана мэриясы (мындан ары - мэр жана мэрия) жүзөгө ашырат.

Мэр - шаарда мамлекеттик саясатты жүргүзүү жана мыйзамда белгиленген тартипте мамлекет тарабынан өзүнө өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын чегинде аткаруу бийлигинин милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу, шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутумундагы шайлануучу кызмат адамы, аткаруу-тескөөчү органдын - мэриянын жетекчиси.

Мэрия - шаардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын милдеттерин жана ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча мэрдин ишин камсыз кылуу үчүн түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкарган аткаруу-тескөөчү орган.

 

8-статья. Ош шаарынын мэринин ыйгарым укуктары

 

Шаардын мэри:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн актыларынын, ошондой эле шаардын уставынын, ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алган шаардык кеңештин чечимдеринин сакталышын жана аткарылышын уюштурат;

- шаардын жашоо-турмушун камсыз кылуу боюнча мэриянын, анын шаардык бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын ишине жетекчилик кылат, бул иштин натыйжалары үчүн жооп берет;

- бийликтин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмчөлөрүнүн ишин координациялайт, судьялардан, прокурорлордон, улуттук коопсуздук мамлекеттик органынын, ички иштер органынын, бажы органдарынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдарынын аймактык

бөлүмчөлөрүнүн жетекчилеринен башка, бийликтин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилерин дайындоого макулдук берет, жогоруда аталган кызмат адамдары өздөрүнүн милдеттерин талаптагыдай эмес аткарган учурда аларды кызматтан четтетүү жөнүндө маселе коюуга укуктуу;

- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай аткарылышын уюштуруу үчүн түздөн-түз жооптуу болот;

- мамлекеттик бийлик органдарында, Кыргыз Республикасынын өкмөттүк эмес коомдук жана башка уюмдарда жана чет өлкөлөрдө шаардын атынан чыгат;

- кызматына киришкен учурдан тартып үч айдан кечиктирбестен шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программасын иштеп чыгууну камсыз кылат жана шаардык кеңештин бекитүүсүнө сунуш кылат;

- шаардык бюджеттин долбоорун шаардык кеңештин бекитүүсүнө берет, шаардагы иштин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкары фонддун каражаттарынын пайдаланышы, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программасынын аткарылышы жөнүндө шаардык кеңешке жылына эки жолудан кем эмес отчет берет;

- өзүнүн ишинин натыйжалары жөнүндө шаардын курултайында калкка эки жылда бир жолудан кем эмес маалымат берет;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча шаардык кеңешке сунуш киргизет;

- шаардык кеңештин сессиясын чакыруу жөнүндө сунуш киргизет, анын ишине кеңеш берүүчү добуш укугу менен катышат;

- көзөмөлчүлөрдү жана камкорчуларды дайындайт, алардын өз милдететтерин аткаруусун контролдойт;

- мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү жүзөгө ашырат жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзөт;

- мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине өтүнүч билдирет;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

(КР 2013-жылдын 15-ноябрындагы № 201 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

9-статья. Ош шаарынын мэрин шайлоонун жана кызматтан бошотуунун тартиби

 

Ош шаарынын мэрин шайлоо Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан альтернативалуу негизде сунушталган талапкерлердин ичинен 4 жылдык мөөнөткө жашыруун добуш берүү жолу менен шаардык кеңештин депутаттары тарабынан жүзөгө ашырылат.

Шаардын мэрин шайлоо, эгерде ал шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышса, шайлоо жүрдү деп эсептелинет.

Шаардын мэрин шайлоо Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат.

Шаардын мэри Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда төмөнкүдөй учурларда бошотулушу мүмкүн:

- жеке арызынын негизинде;

- мыйзамдарды, Президенттин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын, өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен көпчүлүк добушу менен шаардык кеңештин сессиясынын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу боюнча;

- соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киришинин негизинде;

- ал сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган учурда;

- соттун аны өлдү, дайынсыз деп жарыялаган чечими күчүнө кирген, ошондой эле каза болгон учурда;

- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого кеткен учурда;

- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан же Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон учурда;

- туруктуу ишке жөндөмсүздүгүнүн натыйжасында өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруусу мүмкүн болбогон учурда;

- шаар кеңешинин депутаттарынын жаллы санынын үчтөн экиден кем эмесинин талабы боюнча.

Шаардык кеңеш мэрге ишеним көрсөтпөгөн учурда Кыргыз Республикасынын Президенти эки жумалык мөөнөттө аны кызматынан бошотот, болбосо негиздүү баш тартуусу жөнүндө шаардык кеңешке билдирет.

Шаардык кеңештин депутаттары шаардын мэрине кайталап ишеним көрсөтпөгөн учурда Кыргыз Республикасынын Президенти эки жумалык мөөнөттө аны ээлеген кызматынан бошотот.

Мэр мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулган учурда Кыргыз Республикасынын Президенти жаңы мэрди шайлоону өткөргөнгө чейин өзүнүн актысы менен 4 айлык мөөнөткө мэрдин милдетин аткаруучусун дайындай алат.

 

10-статья. Ош шаарынын мэриясынын компетенциясы

 

Шаардын мэриясы:

- шаардын жашоо-турмушун камсыз кылуу тутумунун иштөөсүн жана өнүгүүсүн, шаардыктарга социалдык жана маданий кызмат көрсөтүүнү уюштурат;

- шаардын бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана шаардык кеңеш бекиткенден кийин аны аткарат;

- шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн, калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана шаар кеңеши бекиткенден кийин алардын аткарылышын камсыз кылат;

- шаарды өнүктүрүү үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартат;

- тарых, архитектура жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;

- шаар жерлерин жана муниципалдык менчик объекттерин сарамжал пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат, шаардык кеңеш бекиткенден кийин аларды жүзөгө ашырат;

- социалдык-маданий, турмуш-тиричилик жана чарбалык маанидеги объекттерди тиешелүү органдар менен макулдашуу боюнча ишканаларды, ошондой эле алардын иштешине зарыл жабдуу-шаймандарды менчиктештирүүгө жана баланска алууга катышат;

- турак-жай фондун турак-жай коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана абатташтыруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

- шаарды куруунун башкы планын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык архитектура жана шаар куруу ченемдери менен эрежелеринин сакталышын контролдоону камсыз кылат;

- табият кырсыктарын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана четтетүү, алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруучулук-практикалык чараларды жүзөгө ашырат;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

 

11-статья. Ош шаардык кеңештин жана Ош шаарынын мэриясынын актылары

 

Ош шаардык кеңеш өз компетенциясынын чегинде токтомдорду кабыл алат.

Шаардык кеңештин төрагасы тескемелерди чыгарат.

Бардык ишканалар, мекемелер, кызмат адамдары жана Ош шаарынын аймагындагы жарандар шаардык кеңештин токтомдорун анын компетенциясынын чегинде аткарууга милдеттүү.

Ош шаарынын мэри өз компетенциясынын чегинде токтомдорду жана тескемелерди чыгарат.

Мэрдин жарандардын укуктарына тиешелүү токтомдору жана тескемелери калкка маалымдалып турууга тийиш.

Ош шаарынын мэриясынын өз компетенциясынын чегинде кабыл алынган актылары Ош шаарынын аймагында жайгашкан бардык ишканалар, мекемелер, уюмдар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат.

Ош шаардык кеңештин же Ош шаарынын мэринин өз компетенциясынын чегинде кабыл алган актыларын аткарбоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга алып келет.

 

12-статья. Шаардын уставы

 

Ош шаарынын уставы шаардын мэринин сунушу боюнча шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынат.

Шаардын уставына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор шаардык кеңештин депутаттарынын жана шаардын мэриясынын сунушу боюнча шаардык кеңеш тарабынан каралат.

Шаардын уставы ага киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор юстиция органдарынын корутундусунан кийин шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынат.

 

III Глава
Шаар жери

 

13-статья. Шаар жерине ээлик кылуу

 

Муниципиалдык менчикте турган шаар жерине ээлик кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген алардын ыйгарым укуктарына ылайык шаардык кеңештин жана Ош шаарынын мэриясынын укугу болуп саналат.

 

14-статья. Шаар жери үчүн акы төлөө

 

Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шаар жери үчүн зона боюнча дифференцияланган акы төлөөнү белгилейт.

 

15-статья. Шаардын башкы планы

 

Ош шаарын өнүктүрүүнүн башкы планынын долбоору шаардын мэриясы тарабынан иштелип чыгып, Ош областтык Кеңеши менен макулдашылып, Ош шаардык кеңеш тарабынан жактырылат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

 

IV Глава
Ош шаарынын мамлекеттик бийликтин жогорку органдары, чет өлкөлөрдүн жана эл
аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү менен өз ара мамилелери

 

16-статья. Ош шаарынын мамлекеттик бийликтин жогорку органдары, чет өлкөлөрдүн жана эл

аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү менен өз ара мамилелеринин негиздери

 

Шаар республиканын мамлекеттик бийлигинин жогорку органдарына, ошондой эле эл аралык келишимдердин негизинде - чет өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө алар өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырыш үчүн муниципалдык менчикте турган зарыл жер участкаларын, имараттарды жана курулмаларды, турак-жай коммуналдык жана башка кызматтарды акы төлөө негизинде берет; мамлекеттик жана эл аралык иш-чараларды өткөрүү үчүн шарттарды камсыз кылат.

Шаардын аймагында жайгашкан министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана чарбакер субъекттер менен мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт.

Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын ортосундагы милдеттенмелерге байланыштуу талаш-тартыштар макулдашуу жол-жоболору же сот органдары аркылуу чечилет.

 

17-статья. Ош шаарынын Ош областы менен мамилелеринин негиздери

 

Кыргыз Республикасынын Ош областынын администрациялык борбору Ош шаарында жайгашат.

Ош шаары жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана Ош областынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, аткаруу бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө алар өз ыйгарым укуктарын ишке ашырууга зарыл жер участкаларын, имараттарды, курулмаларды, үй-жайларды, жана башка объекттерди, турак-жай коммуналдык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү акы төлөө негизинде берет.

Чыгымдардын ордун толтуруунун тартиби тиешелүү келишимдер менен белгиленет.

Шаардын Ош областына карата шаарды азык-түлүк менен жабдуу (камсыз кылуу), коомдук тартипти жана айлана-чөйрөнү коргоо, калкты жумуш менен камсыз кылуу, транспортту жана транспорт инфраструктурасын иштетүү, энергия, жылуулук, суу менен камсыз кылуу, тараптардын өз ара таламдарын канааттандырууга байланыштуу келип чыгуучу социалдык-маданий жана турмуш-тиричилик жагынан тейлөө чөйрөсүндөгү мамилелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

Шаар Ош областы жана шаарга жакын райондор менен бирге бирдиктүү шаар куруу саясатын иштеп чыгат жана жүргүзөт.

Ош шаары менен Ош областы өздөрүнүн кеңештеринин, мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана Ош шаарынын мэринин компетенциясына кирген маселелер боюнча биргелешкен таламдарды жүзөгө ашыруу менен биргелешкен ченемдик укуктук актыларды жана чечимдерди кабыл алат, келишимдерди түзөт жана аларды жүзөгө ашырат.

 

18-статья. Эл аралык байланыштар

 

Шаардын өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдары өз компетенциясынын чегинде эл аралык байланыштарды жүзөгө ашырууга катышышат.

 

V Глава
Шаардын финансы-экономикалык негиздери жана муниципалдык менчиги

 

19-статья. Шаардын финансы-экономикалык негиздери

 

Ош шаарынын экономикалык негизин шаардын чегиндеги эмгек жана жаратылыш ресурстары, муниципалдык менчиги, менчигинин түрүнө карабастан, анын аймагында жайгашкан бардык ишканалар, уюмдар жана мекемелер түзөт.

Ош шаарынын финансылык негизин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекемделген кирешелердин салыктык жана салыктык эмес булактары, муниципалдык менчикти пайдалануудан түшкөн кирешелер, ошондой эле кредиттик, дагы башка финансылык ресурстар түзөт.

Шаардын бюджетин түзүүнүн, бекитүүнүн жана аткаруунун тартиби, ошондой эле жергиликтүү салыктардын, жыйымдардын чени шаардык кеңеш тарабынан белгиленет.

Шаардык бюджети салыктардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка кирешелерден куралат.

Жөнгө салынуучу мамлекеттик кирешелер боюнча шаардык бюджетке "Кыргыз Республикасынын бюджет укугунун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген кирешелер кириш кылынат.

Жергиликтүү салыктар, жыйымдар жана төлөмдөр толук бойдон шаардын бюджетине түшөт. Шаардын экологиясын бузгандыгы үчүн төлөмдөр, Кыргыз Республикасынын экология мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жазапулдар кошумча түрүндө шаардын бюджетине толук көлөмдө кириш кылынат.

Шаардын мэриясы финансылык институттарды уюштурат, ошондой эле иши шаардын муктаждыктарына багытталган муниципалдык ишканаларды уюмдаштыра алат.

Республикалык бюджетти түзүүдө Ош шаарындагы илим, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо жана республикалык маанидеги экологиялык программаларды өнүктүрүүнү финансылоо, ошондой эле шаардын бюджетинен жалпы республикалык маанидеги иш-чараларды өткөрүүгө жумшалган чыгымдардын ордун жабуу каралат.

 

20-статья. Шаардын муниципалдык менчиги

 

Ош шаарынын муниципалдык менчиги - шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында, пайдалануусунда, ээлигинде турган жана киреше алуу булагы катары кызмат кылуучу, шаар калкынын социалдык-экономикалык муктаждыктарын канааттандыруучу Ош шаарынын жамаатынын менчиги.

Ош шаарынын менчик укуктарын коргоо мамлекет тарабынан кепилденет. Шаардын менчик укуктарын бузган мамлекеттик бийлик органдарынын укукка каршы аракеттеринин анын кесепетинен келтирилген зыяндардын ордун толтуруу мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

Мамлекеттик менчикти пайдалануунун жана аны тескөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет.

 

VI Глава
Ош шаарынын символдору

 

21-статья. Ош шаарынын символдору

 

Ош шаарынын шаардык кеңеш тарабынан аныкталуучу жана бекитилүүчү өзүнүн шаардык символдору болот жана аларды жайгаштырууга жана пайдаланууга өзү гана укуктуу.

 

22-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби

 

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Ош областынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары:

- бул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн;

- өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө белгиленген тартипте мыйзам актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча сунуштарын киргизсин.

 

Кыргыз Республикасынын
            Президенти

 

А.Акаев