Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-августундагы № 371 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 5-октябры № 654

"Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзамдын долбоорун караганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министри

 

С.Исаков

 

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Ичүүчү суу жөнүндө ''Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 8, 394-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-статья:

а) төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

"Борборлоштурулбаган чарбачылык-ичүүчү суу менен жабдуу тутуму - өткөрмө түтүктөрү аркылуу ташылбастан, сууга болгон муктаждыктарды канааттандырууга багытталган тутум;";

б) төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:

"Ичүүчү суу менен жабдуучу адистештирилген уюм - борборлоштурулган ичүүчү-чарбачылык суу менен жабдуу тутумдарынан калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуучу уюм.";

2) 2-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2-статья. Ичүүчү суу менен жабдуу жана агындылоо тармагын ченемдик укуктук жөнгө салуу.

Калкты ичүүчү суу менен жабдуу, агындылоо жана суунун сапатын камсыз кылуу жаатындагы мамилелер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин. "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө техникалык регламент" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана ушул Мыйзамдын жоболоруна негизделет";

3) 3-статьяда:

а) статьянын аталышындагы "сапатын" деген сөз "коопсуздугун сактоо" деген сөз менен алмаштырылсын;

б) 1-бөлүктүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

- "Техникалык регламентке ылайык ар дайым ичүүчү суунун коопсуздугун сактоо";

в) 2-бөлүктүн алтынчы жана жетинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- ичүүчү суунун коопсуздугу үчүн илимий-негизделген ченемдик талаптарды иштеп чыгуу жана аткаруу;

- ичүүчү суунун коопсуздугун мамлекеттик көзөмөлдөөнүн натыйжалуу системасын түзүү;";

4) 4-статьяда:

а) статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4-статья. Кыргыз Республикасынын ичүүчү-чарбалык суу менен камсыз кылуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдары";

б) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Чарбачылык-ичүүчү суу менен камсыздоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";

5) 5-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу тармагындагы компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

- тиешелүү ведомстволук баш ийүүдөгү аймакта калкты гигиеналык талаптарга жооп берген ичүүчү суу менен зарыл болгон көлөмдө жабдуу;

- пландоочу документтердин курамында чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумун өнүктүрүү боюнча башкы схемаларды, максаттуу программаларды жана иш-чаралардын пландарын иштеп чыгуу жана бекитүү;

- суу менен жабдуу булактарынын болушу жана абалы жөнүндө маалыматтарды, калктын талап кылынган көлөмдөгү жана сапаттагы ичүүчү суу менен жабдууга болгон керектөөлөрүн канааттандыруунун мүмкүнчүлүктөрүн, чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумунун ишенимдүүлүгүн эсепке алуу жана баа берүү;

- суу менен жабдуу булактарында санитардык коргоо зоналарын уюштуруу жана аны сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-чараларды өткөрүү;

- калкты чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу жана ичүүчү суунун коопсуздугуна контролдук кылуу боюнча жумуштарды пландаштыруу, каржылоо, материалдык-техникалык жагынан камсыз кылуу;

- Кыргыз Республикасындагы суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын пайдаланууда колдонулуп жаткан эрежелердин негизинде чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун тутумдарын пайдалануунун жергиликтүү эрежелерин бекитүү;

- ичүүчү суунун чыгымдалышын эсепке алуу;

- инспекциялык текшерүүлөрдүн натыйжасы боюнча ичүүчү суу техникалык регламенттерге ылайык келбесе ичүүчү суунун коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды көрүү;

- ведомстволорго караштуу аймактарда суу коргоо иш-чараларын уюштуруу жана алардын аткарылышын контролдоо, суу менен камсыз кылуу булактарын жана суу түтүктөрдү санитардык коргоо зоналарынын режимин бузган учурларды токтотуу боюнча чараларды көрүү;

- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоочу органдар жана стандарттардын талаптарынын аткарылышын мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдар менен макулдашуу боюнча өзгөчө жагдайларда (табигый кырсык, суу менен жабдуу булактарындагы суунун булганышынын коркунучтуу деңгээлге жеткени аныкталышы ж.б.) чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумун пайдалануунун мүмкүнчүлүгү жана шарттары жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;

- ичүүчү суунун коопсуздугу, аны чыгымдоонун ченемдери жана үнөмдөөнүн ыкмалары, акы төлөөнүн тартиби жөнүндө зарыл болгон маалымат менен калкты камсыз кылуу;

- чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына таандык болгон башка маселелерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечүү;

- монополияга каршы аймактык органдар жана ичүүчү суу менен жабдуу жана агындылоо боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча кызматтарга тарифтерди бекитүү (белгилөө);";

6) 6-статьяда:

а) 1-бөлүктө:

- үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- ичүүчү суунун коопсуздугун жана анын техникалык регламенттерге ылайыктуулугун камсыз кылат;"

- төртүнчү абзацтагы "көзөмөл" деген сөз "контроль" деген сөз менен алмаштырылсын;

б) 5-бөлүктөгү, "стандарттын талаптарына" деген сөздөр '"коопсуздук көрсөткүчтөрүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

7) 7-статьяда:

а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын:

"Борборлоштурулбаган суу менен жабдуу тутумдары мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчиктин карамагында болушат.";

б) 6-бөлүктөгү "сапатынын гигиеналык талаптарга" деген сөздөр "адамдын ден соолугу үчүн коопсуздук талаптарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

в) 9-бөлүктөгү "шаймандар" деген сөз "приборлор" деген сөз менен алмаштырылсын;

г) 12-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Ичүүчү сууну өндүрүүдө колдонулуучу химиялык реагенттер жана башка продукция менен жабдуучу ишканалар - мамлекеттик заказга жана келишимдик милдеттенмелерге ылайык өз убагында бербегени, алардын техникалык регламенттерде көрсөтүлгөн ченемдерге ылайык келбегендиги үчүн жоопкерчиликке тартылышат.";

д) 13-бөлүктөгү "мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын же мамлекеттик экологиялык контролдоо органдарынын" деген сөздөр "атайын ыйгарым укуктуу органдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

8) 8-статьяда:

а) 1-бөлүктөгү "курулуш ченемдерине жана эрежелерине, мамлекеттик стандарттарга, атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар тарабынан бекитилүүчү экологиялык эрежелерге" деген сөздөр "тийиштүү тартипте бекитилген техникалык регламенттерге, эрежелерге жана ченемдерге" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

б) 2-бөлүктүн экинчи сүйлөмүндөгү ''мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн жана мамлекеттик экологиялык контролдоонун" деген сөздөр "атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

в) 5-бөлүктүн экинчи сүйлөмүндөгү "суу менен жабдуу уюмдары" деген сөздөр "ичүүчү суу менен жабдуу боюнча адистештирилген уюмдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

9) 9-статьяда:

а) статьянын аталышындагы жана 2, 3, 6-бөлүктөрүндөгү "айыл жерлеринде" деген сөздөр алып салынсын;

б) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Калкты чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу суу менен камсыздоонун борборлоштурулган тутумдары, топтуу жана өзүнчө суу түтүктөрү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка чарбалык субъекттердин менчигинде болгон жергиликтүү жана борборлоштурулбаган өзүнчө иштеген суу менен жабдуу тутумдары (курулуштары) аркылуу ишке ашырылат. Дачаларды жана багбанчылык кооперативдерин, өзүнчө турган имараттарды жана башкаларды суу менен жабдуу борборлоштурулбаган түрдө ишке ашырылышы мүмкүн.";

в) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

10) 10-статьяда:

а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Сууну тазалоонун жана зыянсыздандыруунун жекече, тиричиликтик жана топтуу техникалык каражаттары анын адамдын ден соолугуна коопсуздугун камсыз кылуу үчүн колдонулат.'';

б) 3-бөлүктөгү "сапаттуу" деген сөз "коопсуз" деген сөз менен алмаштырылсын;

в) 4-бөлүктөгү "аларда иштетилген суунун санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык келишин камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн ырастай турган милдеттүү сертификациялоодон өткөрүлүүгө тийиш" деген сөздөр "техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келүүгө тийиш" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

г) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

11) 11-статьяда:

а) 1-бөлүктөгү "мамлекеттик стандарттарда белгиленген талаптарга жана гигиеналык эрежелер менен ченемдерге" деген сөздөр "техникалык регламентке" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

б) 3-бөлүктөгү "гигиеналык сертификат жана ылайык келүү сертификаты менен ырасталууга тийиш" деген сөздөр "техникалык регламентке ылайык келүүгө тийиш" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

12) 12-статьянын 1-бөлүгүндөгү "гигиеналык талаптарга" деген сөздөр "техникалык регламенттерге" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "жана зыянсыз" деген сөздөр алып салынсын;

13) 3-бөлүмдүн аталышындагы "сапатын" деген сөз "коопсуздугун" деген сөз менен алмаштырылсын;

14) 13-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"13-статья. Ичүүчү суунун коопсуздугуна карата ченемдик талаптарды иштеп чыгуу жана колдонуу

Ичүүчү суунун коопсуздугу техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.

Суу менен жабдуу объектилерин курууда, ичүүчү сууну өндүрүү процессинде жана аны керектөөчүлөргө жеткирүүдө чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу практикасында пайдалануу үчүн калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоочу мамлекеттик орган тарабынан уруксат берилген, ошондой эле техникалык регламенттерге ылайык келген материалдар жана химиялык реагенттер колдонулууга тийиш.";

15) 14-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"14-статья. Ичүүчү суунун коопсуздугун контролдоо

Ичүүчү суунун коопсуздугуна туруктуу өндүрүштүк контроль жок болсо чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумун пайдаланууга тыюу салынат.

Ичүүчү суунун техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келишин аныктоо максатында ичүүчү суунун коопсуздугуна өндүрүштүк контроль суу менен жабдуу ишканаларынын лабораториялары тарабынан ишке ашырылат,

Өздөрүнүн лабораториялары жок ишканалар тарабынан пайдаланылып жаткан чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумундагы ичүүчү суунун коопсуздугуна контролду белгиленген тартипте аккредитацияланган базалык, райондор аралык, көчмө жана башка лабораториялар келишимдик негизде ишке ашырышат.

Ичүүчү суунун коопсуздугун жана анда жугуштуу оорулардын козгогучтары бар экендигине атайын контролду калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоочу ыйгарым укуктуу органдын мыйзамда белгиленген тартипте аккредитацияланган лабораториялары ишке ашырышат.

Ичүүчү суунун жана суу менен камсыз кылуу булактарындагы суунун коопсуздугуна контроль белгиленген тартипте аттестацияланган жана бекитилген усулдар боюнча жүргүзүлөт. Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган жана борборлоштурулбаган тутумдарындагы ичүүчү суунун коопсуздугун контролдоонун типтүү программалары жана эрежелери техникалык регламенттерде белгиленет.

Ичүүчү суунун коопсуздугун контролдоонун конкреттүү программаларын суу менен жабдуу тутумун эксплуатациялоочу ишканалар жергиликтүү шарттарды эске алуу менен иштеп чыгышат, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (караштуу аймак (шаар, облус, район) менен макулдашылат жана жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.

Тиешелүү аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын сунушу боюнча, суу менен жабдуу булактарынын булгануу деңгээли жогору болгондо же санитардык жагдайлар өзгөрүп, адамдардын саламаттыгына коркунуч келтирген башка учурларда белгилүү бир мезгилге ичүүчү суунун коопсуздугун контролдоонун убактылуу күчөтүлгөн режимин (текшерүүгө проба алуунун санын жана/же контролдонуучу көрсөткүчтөрдүн санын көбөйтүү менен) киргизет.

Ичүүчү суунун коопсуздугун контролдоочу лабораториялардын жетекчилери анализдердин натыйжаларынын тууралыгы жана алар жөнүндө жооптуу кызмат адамдарына өз убагында маалымат берүү үчүн жоопкерчиликте болушат.";

16) 15-статьяда:

а) статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"15-статья. Ичүүчү суунун коопсуздугуна мамлекеттик контроль (көзөмөл)";

б) 1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Ичүүчү суунун коопсуздугуна мамлекеттик контроль (көзөмөл) ыйгарым укуктуу органдар тарабынан төмөнкүдөй максаттарда жүргүзүлөт:";

17) 18-статья күчүн жоготту деп таанылсын;

18) 19-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Ичүүчү суу менен жабдуучулар (суу менен камсыздоочу ишканалар) ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн талабы боюнча ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө туура маалымат берүүгө тийиш. Суу "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайыктыгы жөнүндө маалымат арыз берилген учурдан баштап үч күндүн ичинде берилүүгө тийиш. Суу менен камсыз кылуучу ишканалар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары квартал сайын жалпыга маалымдоо каражаттарында төмөнкү маалыматтарды жарыялап турууга тийиш:

- ичүүчү суунун сапаты коопсуздуктун көрсөткүчүнө ылайык экендиги (ылайык эместиги) жөнүндө;

- суу объекттеринин булганганы жана ичүүчү суу менен камсыздоочу булактарда суунун сапатынын начарлаары болжолдонуп жатканы жөнүндө;

- ичүүчү сууну берүүнүн белгиленген режими өзгөргөнү жөнүндө;

- ичүүчү суунун сапатынын коопсуздуктун талаптарына ылайык эместигин жоюу мөөнөтү жана (же) ичүүчү сууну берүүнүн белгиленген режимин кайра калыбына келтирүү мөөнөтү жөнүндө.";

19) 21-статьянын 2-бөлүгү "монополияга каршы органдар" деген сөздөрдөн кийин "жана ичүүчү суу менен жабдуу жана агындылоо боюнча ыйгарым укуктуу орган менен" деген сөздөр менен толукталсын";

20) 23-статьяда:

а) 1-бөлүктөгү "гигиеналык талаптарга" деген сөздөр "техникалык регламенттерге" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

б) 2-бөлүктө:

- экинчи абзацтагы "технологиялык" деген сөз "техникалык" деген сөз менен алмаштырылсын;

21) 24-статьянын аталышындагы жана 1-бөлүгүндөгү "гигиеналык талаптарга'' деген сөздөр "техникалык регламенттерге" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти