Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 8-октябры № 460

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине жана "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, Кыргыз Республикасынын "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) мамлекеттик тилдеги токтомдун аталышындагы жана анын бардык текстиндеги "Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети" деген түрдүү жөндөмөдөгү сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети жөнүндө жободо:

- Жобонун мамлекеттик тилдеги аталышындагы жана анын бардык текстиндеги "Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети" деген түрдүү жөндөмөдөгү сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 10-13-пунктчалар менен толукталсын:

"10) жоруктар жөнүндө иштер боюнча алгачкы текшерүү органдарынын функцияларын компетенциясынын чегинде жүргүзүү;

11) бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү компетенциясынын чегинде жүргүзүү;

12) аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктары менен эркиндиктерин коргоо маселелери боюнча коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенишүүнү жүзөгө ашыруу;

13) өз компетенциясынын чегинде адам укуктары боюнча эл аралык органдардын сунуштамаларын аткаруу иш-чараларын жүзөгө ашырууга жана адам укуктары боюнча эл аралык органдарга мезгилдүү баяндамаларды даярдоого көмөк көрсөтүү.".

2. Ушул токтом, 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 1-пункттун 2-пунктчасынын төртүнчү жана бешинчи абзацтарын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

М. Абылгазиев