КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КР
Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы № 419 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-октябры № 501
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80 - беренесинин 2 - бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Туризм жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары – Туризм департаментинин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
М.Д. Абылгазиев |
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети жана максаттары
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу жана экспортко багытталган тармактарынын бири катары туристтик иштин укуктук, экономикалык, социалдык, уюштуруучулук жана институттук негиздерин белгилейт.
2. Ушул Мыйзамдын максаттары туризм чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салуу, туристтик кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүү, туристтик иштин субъекттерин коргоо болуп саналат.
2-берене. Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам туризм чөйрөсүндөгү коомдук мамилелердин бардык катышуучуларына карата колдонулат.
2. Ушул Мыйзам төмөнкүлөрдү аныктайт жана жөнгө салат:
1) туристтик тармакты башкарууну уюштуруу боюнча мамлекеттик ишти;
2) юридикалык жактар жана жеке ишкерлер тарабынан туристтик ишти жүргүзүү тартибин;
3) туристтик иштин субъекттеринин мамилелерин;
4) туризм чөйрөсүндө коопсуздукту камсыздоого коюлуучу талаптарды;
5) туризм чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкты.
3-берене. Туризм чөйрөсүндөгү мыйзамдар
1. Туризм чөйрөсүндөгү мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан, туризм чөйрөсүн жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылардан турат.
2. Эгерде эл аралык келишим менен Кыргыз Республикасынын туризм чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган эрежелерден башкалары белгиленсе, анда Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин эрежелери колдонулат.
4-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) туризм – Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын ден соолукту чыңдоо, таанып-билүү, эстетикалык, кесиптик ишкердик, спорттук, диний жана башка максаттарда туруктуу жашаган жеринен тышкары убактылуу чыгуусу (саякаттоосу);
2) саякаттоо – кандайдыр бир жерлерге, өлкөлөргө баруу же жөө жүрүү (адатынча таанышуу же эс алуу үчүн);
3) туристтик тармак – адам саякатта жүргөн мезгилде пайда болгон керектөөлөрүн канааттандыруу максатында туристтик кызмат көрсөтүүлөр комплекси жана туристтик товарларды сатуу боюнча туристтик ишканалардын ишин камтыган экономиканын өзгөчө тармагы;
4) турист – убактылуу болуучу өлкөдө (жерде) акы төлөнүүчү иш жүргүзүү укугусуз, 24 сааттан катары менен 6 айга чейин же бир түндөн кем эмес мөөнөткө ден соолукту чыңдоо, таанып-билүү, эстетикалык, кесиптик ишкердик, спорттук, диний жана башка максаттарда убактылуу болуучу өлкөгө (жерге) келген жеке адам;
5) туристтик кластер – белгилүү административдик-аймактык бирдиктердин чектеринде жайгашкан, коомдук иш менен байланышкан, бири-бирин өз ара толуктап турган, айрым ишкердик субъекттердин жана бүтүндөй туризм чөйрөсүнүн атаандаштык артыкчылыктарын күчөткөн эки же андан көп тармактардын чарбакер субъекттеринин тобу;
6) туристтик дестинация – туристтик саякатка (турга, экскурсияларга) бара турган жер, ыңгайлуу шарттары жана тейлөө каражаттары бар белгилүү бир аймак, аларда туризм чөйрөсүндөгү ишкердик субъекттер туристтерге кызматтардын комплексин көрсөтүшөт;
7) тур – аныкталган мөөнөттөрдүн ичинде белгилүү бир маршрут боюнча саякаттоону камтыган туристтик кызмат көрсөтүүлөр;
8) туристтик маршрут – саякаттоонун жүрүшүндө басып өтүү жана көрүү үчүн белгиленген баруучу бардык географиялык пункттардын, объекттердин тизмеси көрсөтүлгөн туристтин жүрүүчү жолу;
9) туристтик продукт – кызмат көрсөтүүлөрдүн комплекси, анын ичинде туристтерди жайгаштыруу, ташуу, тамактандыруу боюнча тур, экскурсиялык кызмат көрсөтүүлөр, гид-котормочулардын кызмат көрсөтүүлөрү жана саякаттоонун максаттарына жараша туристтерге көрсөтүлүүчү башка кызматтар;
10) туристтик ресурстар – туристтерге көрсөтүлүүчү объектилерди камтыган, табигый, тарыхый, социалдык-маданий объектилер, ошондой эле туристтердин рухий керектөөлөрүн канааттандырууга, алардын дене-бой күчүн калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү башка объектилер;
11) туристтик рынок – туристтик продуктуну жүгүртүү, туризм чөйрөсүндөгү товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) жана акча каражаттарын илгерилетүү;
12) туристтик иш – туроператордук жана турагенттик иш, ошондой эле саякаттоо уюштуруу боюнча башка иш;
13) туризм чөйрөсүндөгү ишкердик субъекттер – пайда алууга багытталган ишти жүргүзгөн туроператорлор, турагенттер;
14) туристтик кызмат көрсөтүүлөр – туризм чөйрөсүндөгү ишкердик субъекттердин туристтердин (экскурсанттардын) саякаттоо учурундагы керектөөлөрүн камсыз кылууга жана канааттандырууга багытталган максаттуу иш-аракеттеринин жыйындысы;
15) туристтик индустрия – туристтер жайгашуучу, тамактануучу мейманканалардын жана башка жерлердин, транспорт каражаттарынын, көңүл ачуучу объекттердин жана каражаттардын, ден соолукту чыңдоо, таанып-билүү, эстетикалык, кесиптик ишкердик, спорттук, диний жана башка багыттагы объекттердин, туризм чөйрөсүндөгү ишкердик субъекттердин уюмдарынын, ошондой эле туристтерге кызматтарды көрсөткөн башка уюмдардын жыйындысы;
16) туристтик продуктуну илгерилетүү – туристтик продуктуну сатууга багытталган чаралардын комплекси (жарнама, адистештирилген көргөзмөлөргө, жарманкелерге катышуу, туристтик маалыматтык борборлорду уюштуруу, каталогдорду, буклеттерди басып чыгаруу, заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу ж.б.);
17) туроператордук иш – туроператор (юридикалык жак же жеке ишкер) тарабынан ишке ашырылуучу туристтик продуктуну калыптандыруу, илгерилетүү жана сатуу боюнча иш;
18) турагенттик иш – турагент тарабынан ишке ашырылуучу туристтик продуктуну илгерилетүү жана сатуу боюнча иш;
19) гид (экскурсовод) – туристтерге (экскурсанттарга) убактылуу болуучу өлкөдөгү (жердеги) туристтик ресурстар менен тааныштыруу боюнча экскурсиялык-маалыматтык, уюштуруучулук кызматтарды көрсөтүүчү кесиптик даярдалган жеке адам;
20) гид-котормочу – которуу жана туристтерди (экскурсанттарды) убактылуу болуучу өлкөдө (жерде) көрсөтүлүүчү объекттер менен тааныштыруу боюнча ишти жүргүзүү үчүн билүүгө зарыл болгон чет тилде эркин сүйлөгөн, кесиптик даярдалган адам;
21) экскурсант – убактылуу болуучу өлкөдө (жерде) 24 сааттан ашпаган мезгилге таанып-билүү жана эстетикалык максатта убактылуу болуучу өлкөгө (жерге) келген жеке адам;
22) турист (экскурсант) кабылган өзгөчө кырдаал – туристтин (экскурсанттын) саякаттан кайтпай калышы, ошондой эле саякаттоо учурунда белгилүү бир аймакта туристтин өлүмүнө алып келген же алып келиши мүмкүн болгон же анын ден соолугуна зыян келтирген авариянын, табигый кырсыктын же катастрофанын натыйжасында келип чыккан окуя;
23) кемпинг – туристтердин (экскурсанттардын) палаткаларда же стационардык жеңил турак жайда эс алуусу үчүн арналган, туристтерге (экскурсанттарга) сервисттик кызматтарды көрсөтүү үчүн ар түрдүү инфраструктуралык объекттерди камтыган тейлөө шарттары жана каражаттары менен жабдылган аймак;
24) мейманкана – туристтерди (экскурсанттарды) жана башка жеке адамдарды жайгаштыруучу, белгилүү бир сандагы бөлмөлөрдөн турган, адамдардын убактылуу (бир нече саатка, суткага, айга) жашоосу үчүн арналган, ошондой эле тамактануу, ден соолукту чыңдоо, эс алуу, интернет жана автотранспорттук сервис боюнча кызматтарды көрсөтүүчү жамааттык жер;
25) туристтик зона – өзгөчө укуктук режим колдонулган жана туристтерди кызыктырган туристтик ресурстар жана аларды комплекстүү тейлөөнү камсыздоочу туристтик индустрия топтолгон Кыргыз Республикасынын аймагынын бөлүгү;
26) туруктуу туризм – калктын экономикалык жана социалдык шарттарын, анын маданий бүтүндүгүн жана өзүнчөлүгүн, ошондой эле биологиялык ар түрдүүлүгүн жана жашоо тиричилик системасын жакшыртууга багытталган туризм.
5-берене. Туристтик иштин субъекттери жана объекттери
1. Туристтик иштин субъекттерине менчигинин түрүнө карабастан төмөнкүлөр кирет:
1) туризм чөйрөсүндөгү ишкердик субъекттер;
2) туризм чөйрөсүндө атайын билимдерге жана көндүмдөргө ээ болгон адис адамдар;
3) юридикалык жактардын коммерциялык эмес бирикмелери (ассоциациялар, бирликтер);
4) жарандардын коомдук бирикмелери;
5) туристтер, экскурсанттар (мындан ары - туристтер);
6) туристтердин коомдук бирикмелери;
7) коомдук фонддор;
8) ушул Мыйзамда аныкталган мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдары;
9) туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
10) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
11) кызмат көрсөтүүчүлөр (провайдерлер) (мындан ары - кызмат көрсөтүүчүлөр) – отельерлер, рестораторлор жана башкалар.
2. Туризм чөйрөсүндөгү ишкердик субъекттерге төмөнкүлөр кирет:
1) туроператорлор;
2) турагенттер;
3) туризм чөйрөсүндөгү жеке ишкерлер.
3. Туризм чөйрөсүндөгү объекттерге төмөнкүлөр кирет:
1) туристтерге көрсөтүлүүчү объекттер: табигый, курорттук-санаториялык, тарыхый, социалдык-маданий, спорттук, рекреациялык жерлер, искусство, маданият жана спорт мекемелери;
2) туристтик ишти уюштуруунун материалдык-техникалык бөлүгүн камсыз кылуучу объекттер: маалыматтык ресурстар, жер үстүндө жүрүүчү, аба, суу транспорту, ташуучулардын уюмдары, туристтер жайгашуучу жана тамактануучу жерлер, туроператорлордун, турагенттердин жана туризм чөйрөсүндөгү башка уюмдардын кеңселери.
4. Туристтер жайгашуучу жана тамактануучу жерлер төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) туристтер жайгашуучу жерлер - мейманканалар, чакан мейманканалар, отелдер, конок үйлөрү, дачалар, менчик үйлөр, боз үйлөр, палаткалар, аквателдер (жашоо үчүн пайдаланылуучу кемелер), бунгало (жеңил материалдардан жасалган курулмалар), мотелдер (жол боюндагы мейманканалар), авто үйлөр (трейлерлер), хостелдер (жатаканалар), пансионаттар, эс алуу үйлөрү, санаторийлер жана башка объекттер;
2) туристтер тамактануучу жерлер - ресторандар, ресторан вагондор, кафелер, кафетерийлер, кофеканалар, барлар, чайканалар, пиццериялар, бистро, ашканалар жана башкалар.
6-берене. Туризмдин формаларынын жана түрлөрүнүн классификациясы
1. Туризмдин классификациясы туризмдин формаларын, типтерин, түрдүк топторун жана түрлөрүн бир өңчөй белгилери боюнча системалаштыруу болуп саналат.
2. Туризмдин формалары:
1) ички туризм – Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагынын чегиндеги туризми;
2) эл аралык туризм – адамдардын туруктуу жашаган өлкөсүнүн чегинен тышкары башка өлкөдөгү туризми.
3.Туризмдин типтери:
1) чыгуучу туризм – Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары туризми;
2) кирүүчү туризм – Кыргыз Республикасында туруктуу жашабаган адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагынын чегиндеги туризми.
4. Туризмдин түрдүк топторуна төмөнкүлөр кирет:
1) рекреациялык-курорттук туризм, ал климаттын, абанын, жердин, токойдун жана суунун табигый касиеттерин пайдалануу аркылуу туристтин эс алуусу, дарыланып-ден соолугун калыбына келтирүүсү, дене-бой, психикалык жана эмоционалдык күчүн чыңдоосу максатында колдонулат.
Рекреациялык-курорттук туризмдин түрлөрү: медициналык, кумдуу жээкте-сууга түшүү, курорттук-санаториялык, жайлоо-туризми, дары чөптөр менен дарылануу, баткак менен дарылануу, кымыз менен дарылануу жана башкалар;
2) маданий-таанып-билүү туризми, ал туристти тарыхый-маданий ажайып жайлары, жаратылышы кооз жерлер, элдин үрп-адаттары жана каада-салттары менен тааныштыруу боюнча туристик ишти бириктирет.
Маданий-таанып-билүү туризминин түрлөрү: шаарлар жана айылдарга экскурсиялар, тарыхый-архитектуралык эстеликтер жана жаратылышы кооз ажайып жайларга экскурсиялар, Улуу Жибек Жолу боюнча саякаттоо, музейлер менен театрларга баруу жана башкалар;
3) окуялуу жана экстремалдык туризм, ал жаңы таасирлерге, экстремалдык сезимдерге ээ болуу, туристтин психикалык-дене-бой абалын чыңдоо жана жакшыртуу максатында жаратылышта активдүү, опурталдуу ыкмалар менен жүргөн туристтин эс алуусу менен байланышкан.
Окуялуу-экстремалдык туризмдин түрлөрү: автомотовелотуризм, кемпинг (кербенчилик), виндсёрфинг (суунун үстүндө парустуу тактай менен жылуу), тоо туризми, альпинизм, аскага чыгуу, тоо-лыжа туризми, дайвинг (акваланг менен суу астында сүзүү), дельтапланеризм, кайтвинг (универсалдуу канат менен учуу), ат туризми, мотокросстор, мергенчилик, рафтинг (тоо суусу менен агып түшүү), сёрфинг (сууда лыжаны пайдалануу), сноубординг (тоонун боорунан тактай менен сыйгаланып түшүү), спорттук туризм, трекинг (жөө саякаттоо), фотомергенчилик, фрирайдинг (тактай менен учуу), яхта туризми жана башкалар;
4) коомдук-социалдык туризм. Коомдук туризм жалпы кызыкчылыктар менен максаттарды көздөгөн адамдардын өз ара мамилелерине жана бирикмелерине негизделген, атап айтканда туугандар, тааныштар жана достор менен жолугуу, ошондой эле коомдук бирикмелер, клубдар, ишканалар тарабынан өбөлгөлөө катары уюштурулган туризм (инсентив туризми). Социалдык туризм – калктын корголбогон катмарларынын мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттерден субсидиялануучу саякаттары.
Коомдук-социалдык туризмдин түрлөрү: конок туризми, үй-бүлөлүк, үйлөнүү үлпөт той туризми, туристтерди жиберишүү, замандаштардын туризми (ностальгиялык), каучсерфинг (бекер жашоо), билим берүү туризми, ажыга баруу, диний, (интенсив-туризм) жана башкалар;
5) экологиялык-агрардык туризм. Туристтин жаратылыштын экологиялык таза жерлерине, дээрлик адам баспаган (жапайы) корук жерлерге жана мамлекет тарабынан корголуучу жана өнүктүрүлүүчү жаратылыш объекттерине баруу, ошондой эле айыл турмушу, фермердик жана жеке дыйканчылык, мал чарбачылыгы менен таанышуусу менен мүнөздөлөт.
Экологиялык-агрардык туризмдин түрлөрү – жапайы жаратылыштагы турлар, улуттук коруктарга, корукчаларга, ботаникалык бакчаларга, зоологиялык музейлерге баруу, агрардык туризм; мергенчилик жана балык уулоо турлары, фотомергенчилик, хорсбординг (араба же тактай чиркеп алып атчан сапарга чыгуу), жашыл туризм, жеке жана фермердик чарбаларга, экология боюнча илимий-изилдөөчүлүк конференцияларга жана практикалык иш-чараларга баруу жана башкалар;
6) этностук-окуялык туризм, ал даана көрүнгөн этностук, тилдик жана улуттук-маданий каада-салттарга жана элементтерге ээ окуяларга жана фольклордук иш-чараларга байланышкан туризмдин түрлөрү менен байланышкан.
Этностук-окуялык туризмдин түрлөрү: айыл туризми, коомдоштуктарга, салттуу улуттук оюндарга, улуттук майрамдарга, чыгармачылык фестивалдарга, конкурстарга, көргөзмөлөргө, спорттук оюндарга негизделген туризм, туристтердин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуусу, улуттук-этнографиялык комплекстерге баруу, боз үйлөрдө жашоо менен коштолгон турлар, этнографиялык турлар, гастрономиялык туризм жана башкалар. Айыл туризми – туризмдин ушул түрүндө туристтердин эс алуусу жана/же айыл чарба иштерине катышуусу үчүн айыл жеринде болуусу шартталган, ал комплекстүү туристтик продуктту түзүү үчүн айыл жеринин табигый, маданий-тарыхый жана башка ресурстарын жана анын өзгөчөлүктөрүн пайдаланууга багытталган;
7) экономикалык-ишкердик туризм - мамлекеттик инвестициялык жана экономикалык маселелерди илгерилетүү максатындагы, ошондой эле кесиптик жана коммерциялык кызыкчылыктагы иш сапарларды бириктирет.
Экономикалык ишкердик туризмдин түрлөрү: экономикалык туризм (эл аралык саммиттерге, форумдарга, симпозиумдарга, конференцияларга катышуу), ишкердик туризм (конгресстерге жана тренингдерге катышуу, биржаларга, көргөзмөлөргө, жарманкелерге баруу), билим алуу/берүү туризми, ишкердик келишимдерди жана макулдашууларды практикалык түзүү.
5. Туризм чөйрөсүндө илимий жана практикалык максаттарда төмөнкүдөй терминологиялык классификацияны колдонууга жол берилет:
1) туристтердин теги боюнча: ички жана эл аралык туризм;
2) уюштуруучулук формасы боюнча: уюштурулган (паушалдык – ишкердик субъекттер тарабынан уюштурулган) жана уюштурулбаган (өз демилгелүү – туристтер өз алдынча уюштурган) туризм;
3) катышуучулардын саны боюнча: жеке жана топтук туризм;
4) саякаттоо мөөнөтү боюнча: кыска мөөнөттүү туризм (транзиттик, бир күндүк түнөбөстөн, ишкердик туризм жана дем алыш күндөрдөгү сапарлар) жана узак мөөнөттүү туризм;
5) жыл мезгили боюнча: жайкы жана кышкы туризм; сезон боюнча: жыл айлана сезон жана массалык туризм сезону;
6) транспорттун түрү боюнча: автомобиль, аба, темир жол, суу транспорту жана транспорттун башка түрлөрү;
7) туристтердин курагы боюнча: балдар жана жаштар туризми, орто жана улгайган курактагы адамдар үчүн туризм;
8) жайгаштыруу ыкмасы боюнча: стационардык жана көчмө, жамааттык жана жеке.
2-глава. Туризм чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат жана туристтик ишти жөнгө салуу
7-берене. Туризм чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат
1. Туризм чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат мамлекеттин социалдык-экономикалык саясатынын артыкчылыктуу бөлүгү болуп саналат.
2. Туризм чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты төмөнкүлөр жүргүзөт:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү;
2) Кыргыз Республикасында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу жана туристтик тармактын субъекттеринин туристтик ишин координациялоочу туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
3) өздөрүнүн компетенциясынын чегинде туризм чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууга катышкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.
8-берене. Туризм чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары
Туризм чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) туризм чөйрөсүндөгү тармакты өнүктүрүүгө жана туристтик кызмат көрсөтүүлөрдү тышка сатууга карата артыкчылыктуу жана системалуу мамиле кылуу;
2) туризм чөйрөсүндөгү чакан жана орто ишкердикке колдоо көрсөтүү;
3) туристтик кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыкты өнүктүрүү, монополиялык ишти алдын алуу, чектөө жана бөгөт коюу;
4) туризм чөйрөсүндөгү жарандардын коомдук уюмдары жана ишкерлердин коммерциялык эмес бирикмелери менен диалогду жана кызматташтыкты өнүктүрүү;
5) туристтерге карата меймандос жана жылуу мамиле жасоо маселелери боюнча калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
6) туристтик ресурстардын сакталышын жана рационалдуу пайдаланылышын, жаратылыштын жана тарыхый-маданий мурас эстеликтеринин корголушун камсыз кылуу;
7) туристтердин жана туризм чөйрөсүндөгү туристтик иштин субъекттеринин коопсуздугун камсыз кылуу;
8) чет өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен туризм маселелери боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү жана ар кандай туристтик долбоорлорду жүзөгө ашыруу.
9-берене. Мамлекеттик жөнгө салуу системасынын негизги принциптери
Туризм чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу системасынын негизги принциптери болуп төмөнкүлөр таанылат:
1) мыйзамдуулук;
2) акыйкаттуулук;
3) туризмди өнүктүрүүдөгү туруктуулук;
4) туристтик иштин катышуучуларынын ак ниеттүүлүгү;
5) туризм чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу чараларын иштеп чыгууда, кабыл алууда жана көрүүдө ачык-айкындуулук;
6) мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды ажыратуу;
7) туризмди эл аралык стандарттарга ылайык өнүктүрүү.
10-берене. Туристтик ишти мамлекеттик жөнгө салуунун ыкмалары
1. Туристтик ишти мамлекеттик жөнгө салуунун негизги ыкмалары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) туристтик иштеги мамилелерди өркүндөтүүгө багытталган ченемдик укуктук актыларды оптималдаштыруу;
2) туризм менен байланышкан объекттердин инфраструктурасын жакшыртуу;
3) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү;
4) туризм чөйрөсүндөгү ишкердик субъекттер үчүн бирдей шарттарды түзүү;
5) айлана-чөйрөнүн булганышы жана тарыхый-маданий мурас эстеликтерин коргоо менен байланышкан проблемаларды чечүү үчүн мамлекеттик таасир этүү чараларын көрүү.
2. Туризм чөйрөсүндөгү ишкердик субъекттер эл аралык кызматташтыкка, кесиптик стандарттарды жана классификацияларды иштеп чыгууга катышуу аркылуу туристтик ишти жөнгө салууга көмөктөшөт.
11-берене. Туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы
1. Туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – туризм чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу жана туристтик тармакты мамлекеттик башкаруу функцияларын аткаруучу аткаруу бийлигинин органы.
2. Туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
12-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы
1. Туризмди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкүдөй компетенцияга ээ:
1) туризм чөйрөсүндөгү жалпы мамлекеттик жана жергиликтүү кызыкчылыктарды шайкеш келтирүү, ошондой эле туристтерге камкор жана жылуу мамиле жасоо боюнча жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт;
2) туризмге колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик программаларды жүзөгө ашыруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пландарын иштеп чыгуу жана аткаруу аркылуу административдик-аймактык бирдиктердин аймактарында туризмди өнүктүрүүнү камсыз кылышат, ошондой эле инвестицияларды тартууга катышат;
3) туризмди өнүктүрүү маселелери боюнча чечимдерди кабыл алышат жана туризм чөйрөсүндөгү ишкердик субъекттерге колдоо көрсөтүшөт;
4) туризм инфраструктурасынын абалы талапка ылайык болушун, сапаттуу тейлөөсүн жана өнүгүүсүн камсыз кылышат, ага муниципалдык жолдорду жана санитардык-гигиеналык объекттерди оңдоп-түзөө жана куруу, ошондой эле туристтик объекттерде муниципалдык менчикке таандык таштанды контейнерлерди, челектерди жана урналарды орнотуу кирет;
5) өз ыйгарым укуктарынын чектеринде региондордогу туризм индустриясын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүшөт, ага туризмди жергиликтүү жамааттардын негизинде өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү, туристтик дестинацияларды, туристтик кластерлерди жана туристтик маалыматтык борборлорду өнүктүрүү кирет;
6) аймактарда түзүлгөн туристтик продуктуларды ички жана эл аралык рыноктордо илгерилетүүгө көмөктөшүп, жарнаманын ар кандай түрлөрүн өнүктүрүшөт жана региондун ажайып жайлары тууралуу маалыматты жайылтышат;
7) муниципалдык менчиктеги парктардын, аттракциондордун, спорттук курулмалардын жана башка коомдук эс алуу жайларынын коопсуз иштешин камсыз кылышат;
8) мамлекеттик органдарга жаратылышты, рекреациялык-дарылоо зоналарын, жергиликтүү тарыхый-архитектуралык эстеликтерди жана башка ажайып жерлерди коргоо маселелерин чечүүдө, анын ичинде туристтер барган жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иш-чараларын жүргүзүүгө көмөктөшөт;
9) жергиликтүү музейлердин, театрлардын, клубдардын жана башка маданий-тарыхый мурас объекттеринин иштерин колдоо үчүн шарттарды түзүшөт;
10) административдик-аймактык бирдиктердин аймактарында улуттук оюндарды, майрамдарды жана ырым-жырымдарды уюштурууга катышат, региондук, региондор аралык, республикалык жана эл аралык туристтик иш-чараларга катышат;
11) туристтерге байланышкан өзгөчө кырдаалдардын, форс-мажордук жана башка экстремалдык жагдайлардын алдын алууда жана кесепеттерин жоюуда мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөтүшөт.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары административдик-аймактык бирдиктердин аймактарында туризмди өнүктүрүү боюнча программаларды жана пландарды иштеп чыгып, жүзөгө ашырышат жана мыйзамдарда белгиленген жоопкерчилик тартышат.
13-берене. Туризм чөйрөсүндөгү коммерциялык уюмдардын жана жеке ишкерлердин компетенциясы
Туризм чөйрөсүндөгү туроператорлордун, турагенттердин коммерциялык уюмдары жана жеке ишкерлер туристтик ишти уюштуруучулар болуп эсептелишет:
1) туристтик продуктуну түзүп, илгерилетип жана сатышат, ички жана эл аралык туризм чөйрөсүндөгү кызматтарды көрсөтүшөт;
2) өздөрүнүн жеке туристтик продуктуларын, ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөр тарабынан берилген турларды сатышат;
3) саякаттарды уюштурушат, туристтик кызматтарды көрсөтүүгө келишимдерди түзүшөт;
4) аба аркылуу ташуучулар (фрахтчылар) менен фрахттоо (чартер) келишимдерин түзүшөт;
5) трансферлерди – туристтерди тосуп алып, мейманкана, аэропорт сыяктуу белгилүү бир жерге чейин коштоп жана жеткирип барууну уюштурушат;
6) туристтерге жайгаштыруу, тамактандыруу, маршрут боюнча жеткирүү, көңүл ачуучу, ден-соолукту чыңдоочу иш-чараларды уюштуруу, экскурсияда коштоп жүрүү, автотранспортту ижарага берүү, туристтик визаларды берүү сыяктуу кызматтарын көрсөтүшөт;
7) туристтерге транспорт каражаттарына, спектаклдерге, көркөм жана спорттук оюндарга, көңүл ачуучу, ден соолукту чыңдоочу жана эс алуучу башка иш-чараларга билеттерди алдын ала ээлеп коюшат жана сатышат;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен туризмди өнүктүрүү маселелери, туризм чөйрөсүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды даярдоо боюнча биргелешип иштешет, мамлекеттик органдар түзгөн кеңештердин, комиссиялардын, эксперттик жана жумушчу топтордун ишине катышат;
9) туристтик дестинацияларды, туристтик кластерлерди, кемпингдерди жана туристтик маалыматтык борборлорду уюштурууга катышат;
10) Кыргыз Республикасынын туризм чөйрөсүндөгү Маалыматтык кызмат көрсөтүүлөргө жетүү маселелери боюнча туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен иштешет;
11) туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын кадыр-баркын түзүү жана көтөрүү, туристтик бренддерин жарнамалоо жана эл аралык иш-чараларга жана көргөзмөлөргө катышуу боюнча иштешет;
12) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен региондордо туристтик тармакты өнүктүрүү маселелери боюнча иштешет;
13) туристтердин мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылышат, алардын өмүрүн жана саламаттыгын коргоого катышат, туристтерге маалыматтык, уюштуруучулук, укуктук жана башка кызматтарды көрсөтүшөт;
14) юридикалык жактардын бирикмелерин - ассоциацияларды (бирликтерди) түзүшөт.
14-берене. Туризм чөйрөсүндөгү коммерциялык эмес уюмдардын компетенциясы
1. Туризм чөйрөсүндөгү коммерциялык эмес уюмдарды материалдык эмес кызыкчылыктарды көздөгөн, өз ишинин негизги максаты катары пайда көрүүгө умтулбаган юридикалык жана (же) жеке жактар ыктыярдуу негизде түзүшөт.
2. Туризм чөйрөсүндөгү коммерциялык эмес уюмдар төмөнкүдөй уюштуруу-укуктук формаларда түзүлөт:
1) туристтердин жана (же) башка жеке жактардын коомдук бирикмелери;
2) коомдук фонддор;
3) ассоциациялар (бирликтер).
3. Туристтердин жана (же) башка жеке жактардын коомдук бирикмелери – рухий жана башка материалдык эмес керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн жалпы кызыкчылыктардын негизинде бириккен туристтердин, жарандардын, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын ыктыярдуу бирикмелери.
4. Ассоциациялар (бирликтер) – ишти координациялоо, ошондой эле жалпы кызыкчылыктарды коргоо, көрсөтүү жана жалпы милдеттер менен проблемаларды чечүү максатында түзүлүүчү коммерциялык уюмдардын жана (же) жеке ишкерлердин жана (же) коммерциялык эмес уюмдардын ыктыярдуу бирикмелери.
5. Туристтик иштеги ассоциациялар (бирликтер) төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) туризмди өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатын жүзөгө ашыруу үчүн бир түрдүү ыкмаларды иштеп чыгууга;
2) туристтик тармактагы бизнес-коомдоштугунун коомдук ролу менен ишин координациялоого;
3) туристтик кызмат көрсөтүүлөр рыногун жана цивилизациялуу рынок мамилелерин өнүктүрүүгө, заманбап, жогорку деңгээлде өнүккөн, атаандаштыкка жөндөмдүү туризм индустриясын түзүүгө көмөктөшүүгө, туристтик иштеги монополизмге жана коррупциялык көрүнүштөргө каршы аракеттенүүгө;
4) туризм чөйрөсүндөгү коммерциялык эмес уюмдардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого;
5) мыйзамда белгиленген тартипте туризм чөйрөсүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
6) туристтик долбоорлорду иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, туризм боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик программалары менен пландарын жүзөгө ашырууда катышат;
7) туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен бирдикте туристтик жана сервистик кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтыруу жана сертификациялоо системасын түзүүгө катышууга;
8) тийиштүү мамлекеттик органдар менен бирдикте кесиптик стандарттарды, квалификациялардын тармактык алкактарын, гиддердин квалификациясы улуттук жана эл аралык деңгээлдерде таанылышы үчүн аларды сертификациялоо системасын иштеп чыгууга;
9) туристтик жана сервистик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын шайкештигин баалоо сертификаттарын берүүгө, мейманканаларга категорияларды ыйгарууга, тийиштүү күбөлүктөрдү берүүгө;
10) Кыргыз Республикасынын маалыматтык ресурстарына киргизүү үчүн туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматтарды берүүгө;
11) туризм чөйрөсүнүн адистерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иштерди уюштурууга, гиддерди жана башка адистерди окутуу борборлорун түзүүгө, эл аралык тажрыйбаларды үйрөнүү боюнча семинарларды, тренингдерди өткөрүүгө жана башка жактарга барууга;
12) туризм чөйрөсүндөгү ишкер субъекттерге методикалык жана консультациялык жардам көрсөтүүгө;
13) Кыргыз Республикасынын кадыр-баркын жана туристтик бренддерин илгерилетүүгө катышууга, туристтик кызмат көрсөтүүлөрдү жарнамалоо үчүн интернеттин мүмкүнчүлүктөрүн, жалпыга маалымдоо каражаттарын, радиону, телекөрсөтүүнү пайдаланууга, туристтик тейлөөлөрдүн онлайн-порталдарын түзүүгө катышат;
14) республиканын туризм индустриясына интеллектуалдык, финансылык, уюштуруучулук жана башка ресурстарды тартуу, донордук жардам көрсөтүү максатында чет өлкөлүк туристтик компаниялар жана фирмалар менен эл аралык байланыштарды түзүүгө жана колдоого;
15) республикалык туристтик иш-чараларды, жарманкелерди, көргөзмөлөрдү уюштурууга, эл аралык форумдарга жана долбоорлорго катышууга.
6. Коммерциялык эмес уюмдардын туризм чөйрөсүндөгү иши ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын туризм чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына ылайык ишке ашырылат.
3-глава. Туризмди мамлекеттик колдоо
15-берене. Адистерди даярдоо
1. Туризм чөйрөсү үчүн адистерди даярдоо билим берүүнүн сапатына жооп берген жана билим берүүгө тийиштүү лицензиялары бар билим берүү системасынын уюмдары тарабынан ишке ашырылат.
2. Туристтик тармактар үчүн адистерди даярдоо, кайра даярдоо боюнча окуу жайлары:
1) окутууда жана билим алып жаткандардын практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүдө инновациялык, илимий, жогорку технологиялык программаларды, формаларды жана методдорду иштеп чыгышат жана колдонушат;
2) кесиптик стандарттардын негизинде иштелип чыккан туризм чөйрөсүндөгү адистиктер боюнча бирдиктүү мамлекеттик билим берүү стандарттарын колдонушат;
3) окутуунун сапатын камсыз кылуу жана квалификациялардын деңгээлдери ички жана эл аралык туризмдин эмгек рыногунда таанылышы үчүн кесиптик билим берүүнү оптималдаштырышат.
3. Туристтик тармакта адистерди кайра даярдоо жана квалификацияларын жогорулатуу тартиби туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен өз ара байланышта билим берүү чөйрөсүндөгү кесиптик стандарттар менен ченемдик укуктук актыларга ылайык аныкталат.
4. Туристтик индустрия үчүн адистер менен персоналдарды даярдоо боюнча кесиптик-техникалык билим берүү системасын өнүктүрүү билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте ишке ашырылат.
5. Туризм чөйрөсүндө адистердин квалификациясын көз карандысыз баалоо жана сертификациялоо системасын өнүктүрүү, ошондой эле гиддерге сертификаттарды (күбөлүктөрдү) берүү туроператорлор, турагенттер, туризм чөйрөсүндөгү жеке ишкерлер, тиешелүү аккредитациясы бар ассоциациялар (бирликтер) жана (же) алар түзгөн аккредиттештирилген юридикалык жактар тарабынан ишке ашырылат.
6. Чет өлкөлүк мамлекеттик органдар, окуу жайлары жана бизнес-уюмдар менен туристтик тармакта тажрыйба алмашуу жана адистерди стажировкага жиберүү боюнча кызматташуу туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар, окуу жайлар жана туристтик иштин субъекттери тарабынан уюштурулат.
16-берене. Туристтик маалыматтык борборлор
1. Туристтик маалыматтык борборлор маалыматтык ресурстарды түзүү, Кыргыз Республикасы жана анын туристтик дарамети жөнүндө маалыматты жайылтуу, ички жана эл аралык туристтик рынокто туристтик продуктуларды илгерилетүү, ошондой эле туризмди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө көмөктөшүү максатында түзүлөт.
2. Туристтик маалыматтык борборлор туристтерге консультациялык, маалыматтык-укуктук жана практикалык колдоо көрсөтүшүп, аларга өз учурунда туура жана актуалдуу маалыматты берип турушат, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы туризм боюнча маалыматтык системаны түзүүгө көмөктөшөт.
3. Туристтик маалыматтык борборлор өз алдынча же туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, туроператорлор, турагенттер жана туристтик иштин башка субъекттери менен биргеликте да түзүлөт.
4. Туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлүүчү туристтик маалыматтык борборлор тартылган каражаттардан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан каржыланат.
5. Туристтик маалыматтык борборлор калктуу конуштарда, туристтик дестинацияларда, туристтик кемпинг борборлорунда жана башка туристтик иш объекттеринде, ошондой эле туристтердин агымы өткөн жерлерде түзүлөт.
6. Туристтик маалыматтык борборлор жашыл фондо ак түстүү “i” тамгасы түшүрүлгөн, так жана даана көрүнүп турган маалыматтык белги менен белгиленет.
7. Туристтик маалыматтык борборлор туризм маселелери боюнча маалыматтарды жана консультацияларды акысыз негизде беришет.
8. Туристтик маалыматтык борборлор туристтерге акы алынуучу кызматтарды көрсөтүшөт, ал кызматтардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
9. Туристтик маалыматтык борборлордун ишине туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мониторинг жүргүзөт.
10. Туристтик маалыматтык борбордун иш тартибин туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитет.
17-берене. Туристтик зоналар
1. Туристтик зоналар аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары тарабынан туризмди өнүктүрүү, ишкер субъекттерге колдоо көрсөтүү, туристтик индустрияга инвестицияларды тартуу максатында жана туризм инфраструктурасын жакшыртуу үчүн түзүлөт.
2. Туристтик зоналар төмөнкү критерийлерге жооп берген аймактарда түзүлөт:
1) сөзсүз адамдар жашаган жана алар жашаган жерлерде айыл туризми жана кол өнөрчүлүк өнүккөн;
2) экологиялык туризмди өнүктүрүүнү эске алуу менен корголуучу жаратылыш объекттери болгон;
3) туристтик ресурстар болгон (туризмдин ар кандай түрлөрүн уюштуруу, туристтердин эс алуусу жана ден соолугун чыңдоо үчүн пайдалануу мүмкүндүгү);
4) тарыхый-маданий мурас объекттери болгон.
3. Кыргыз Республикасында Кыргыз Республикасынын аймагынын кандайдыр бир бөлүгүнө өзгөчө укуктук режим берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ишке ашырылат.
4. Туристтик зоналар үчүн жерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бөлүнүп берилет.
5. Туристтик зоналарда туристтик иш жүргүзүүгө туроператорлор, турагенттер, туризм чөйрөсүндөгү ишкерлер, ошондой эле башка коммерциялык уюмдар укуктуу.
6. Туристтик зоналарды түзүү жана ишин башкаруу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
18-берене. Кемпингдер
1. Кемпингдерди аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана туризм чөйрөсүндөгү ишкер субъекттер түзө алышат.
2. Кемпингдердин аймактарында туристтик индустриянын объекттери жайгашышы мүмкүн.
3. Кемпингдер убактылуу (сезондук) жана стационардуу (жыл бою) иштеши болушу мүмкүн:
1) убактылуу (сезондук) кемпингдер – керектүү ыңгайлуулуктар менен жабдылып, туристтерге палаткаларды, автоүйлөрдү (трейлерлер) жайгаштыруу же түнөө үчүн жерлер жана (же) жашоо үчүн жеңил курулмалар, боз үйлөр, ошондой эле автомотовелотранспортту токтотуучу жерлер берилүүчү аймактар (токтоочу жерлер);
2) стационардуу (жыл бою) кемпингдер – туристтерди жайгаштырып, тамактандырып, интернет байланышы менен камсыз кылып, автомотовелотранспорт токтоочу, оңдоп-түзөөчү жана жуучу жайларды берүү, дары-дармектерди, азык-түлүктөрдү, сувенирлерди, жарнамалык продуктуларды сатуу жана башка кызматтарды көрсөтүү боюнча тейлөө кызматтарын көрсөтүүгө арналган ар кандай инфраструктуралык объекттер жайгашкан комплекстүү туристтик багыттагы аймактар.
4. Кемпингдер туристтердин өзүн-өзү тейлөөсүнө негизделген жашоосу үчүн арналган.
5. Кемпингдер жайгашкан жерине жараша, төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
1) жол боюндагы;
2) жаратылыш койнундагы;
3) шаар ичиндеги.
19-берене. Кыргыз Республикасындагы туризм жөнүндө маалыматтык система
1. Кыргыз Республикасындагы туризм жөнүндө маалыматтык система (мындан ары - Туризм жөнүндө маалыматтык система) төмөнкүдөй автоматташтырылган программалардан турат:
1) туристтик ресурстардын реестри (кадастры);
2) ишкердик субъекттердин реестри;
3) туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестри;
4) туристтик турлардын, маршруттардын жана алардын карталарынын реестри;
5) туризм чөйрөсүндөгү объекттерди классификациялоочу жана стандартташтыруучу аккредиттелген уюмдардын реестри.
2. Туризм жөнүндө маалыматтык системада жаратылыш, маданий-тарыхый, археологиялык, рекреациялык зоналар, таанып-билүүчүлүк, социалдык-тиричиликтик жана башка объекттер тууралуу классификацияланган маалыматтар, туристтик маршруттардын карталары, ошондой эле туроператорлордун, турагенттердин жана жеке ишкерлердин коммерциялык уюмдары, алардын ассоциациялары (бирликтери) жана алар көрсөтүүчү туристтик кызматтар, ошондой эле мейманканалык жана ресторандык тейлөөнүн негизги ишканалары тууралуу маалымат камтылат.
3. Туризм жөнүндө маалыматтык система электрондук форматта мамлекеттик, расмий жана зарылчылыкка жараша чет тилдерде ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген маалыматтарды колдонуучулардын кеңири чөйрөсүнө берилишин жана жайылышын камсыз кылат.
4. Туризм жөнүндө маалыматтык система мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволор аралык өз ара аракетин оптималдаштырат.
5. Туризм жөнүндө маалыматтык система туризм менен байланышкан мамлекеттик органдардын учурдагы кадастрлары, реестрлери жана маалыматтык системалары менен интеграцияланышын камсыз кылат.
6. Туризм жөнүндө маалыматтык система туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана башка мамлекеттик, жергиликтүү органдардын туроператорлор, турагенттер, туризм чөйрөсүндөгү жеке ишкерлер жана алардын ассоциациялары (бирликтери) менен иштешүүсүн камсыз кылат.
7. Кыргыз Республикасындагы туризм жөнүндө маалыматтык системаны туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган түзөт жана жүргүзөт.
8. Туризм жөнүндө маалыматтык система тууралуу жобону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
20-берене. Кыргыз Республикасындагы туризмди колдоо фонду
1. Кыргыз Республикасындагы туризмди колдоо фондун (мындан ары - Туризмди колдоо фонду) туристтик тармакты өнүктүрүүнү оптималдаштыруу, мамлекеттик программаларды жүзөгө ашыруу, туристтик рынокту өздөштүрүү, туристтик ресурстарды коргоо жана туризмди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарында пайдалануу үчүн финансылык каражаттарды консолидациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү уюштурат.
2. Туризмди колдоо фондунун каражаттарынан артыкчылыктуу тартипте төмөнкүлөр каржыланат:
1) социалдык туризм;
2) айыл туризми;
3) улуттук туристтик продукт;
4) үгүттөөчүлүк, өкүлчүлүк жана жарнамалык-маалыматтык иштер.
3. Туризмди колдоо фонду төмөнкүлөрдөн түзүлөт:
1) бюджеттен тышкаркы каражаттардан;
2) донордук каражаттардан;
3) туристтик иштин субъекттеринин ыктыярдуу төгүмдөрүнөн;
4) жеке адамдар жана демөөрчүлөр берген каражаттардан;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан.
4. Туризмди колдоо фондунун каражаттары табигый кырсык болгон райондордогу өзгөчө кырдаалдарда форс-мажордук шарттарга кабылган туристтерге жардам көрсөтүү, аларды шашылыш түрдө убактылуу жүргөн өлкөдөн туруктуу жашаган өлкөсүнө жөнөтүү үчүн колдонулушу мүмкүн.
5. Туризмди колдоо фондун туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган туризм чөйрөсүндөгү ишкердик субъекттердин өкүлдөрүнүн жана алардын ассоциацияларынын (бирликтеринин) катышуусу менен башкарат.
6. Туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Туризмди колдоо фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө финансылык отчетту жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берип турат. Отчет жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
7. Туризмди колдоо фонду жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
21-берене. Туризм чөйрөсүн каржылоо
1. Туризм чөйрөсү төмөнкү булактардан каржыланат:
1) туристтик иштин субъекттеринин жеке финансылык ресурстарынан;
2) ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын каражаттарынан;
3) облигациялык займдардан, банк жана бюджеттик кредиттерден;
4) жеке жана юридикалык жактардын кайрымдуулук салымдарынан жана каражаттарынан;
5) чет өлкөлүк инвестициялардан.
2. Туризм чөйрөсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан каржыланышы мүмкүн.
4-глава. Туристтердин жана туризм чөйрөсүндөгү ишкер субъекттердин укуктары жана милдеттери
22-берене. Туристтердин укуктары
1. Туристтер төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өлкөгө кирүү эрежелери жана убактылуу жүрүү эрежелери жөнүндө, жергиликтүү калктын каада-салттары жөнүндө, диний ырым-жырымдар, ыйык жерлер, тарых, маданият эстеликтери жана өзгөчө коргоого алынган башка туристтик объекттер, айлана-чөйрөнүн абалы жөнүндө маалыматты алууга;
2) кирүүгө мыйзамдуу түрдө чектөө коюлган объекттерден тышкары, ээн-эркин жүрүүгө, Кыргыз Республикасындагы туристтик объекттерге ээн-эркин барууга;
3) барган өлкөдөгү чет элдик мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарга, ошондой эле туризм чөйрөсүндөгү ишкер субъекттердин уюмдарына жана алардын коммерциялык эмес жана коомдук бирикемелерине кайрылууга;
4) мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле туризм чөйрөсүндөгү коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарда квалификациялуу, консультативдик жана укуктук жардам алууга;
5) туристтик маалыматтык борборлордогу туристтер жайгашкан жана тамактанган жерлерде, туристтик дестинацияларда жана туристтик кемпингдерде сапаттуу кызматтарды алууга;
6) Кыргыз Республикасынын жарандарынын меймандос жана жылуу мамилесине;
7) жеке коопсуздукка, өз укуктарынын корголушуна, ошондой эле мүлкүнүн сактыгына;
8) квалификациялуу шашылыш медициналык жардам алууга;
9) Кыргыз Республикасынын аймагында туристтик кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишимдин шарттары аткарылбаганда же талаптагыдай аткарылбаганда материалдык зыянды төлөтүп алууга.
2. Туристтер Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде белгиленген башка укуктарга ээ.
23-берене. Туристтердин милдеттери
1. Туристтер төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасына кирүү жана андан чыгуу эрежелерин, анын аймагында бажы жана чек ара контролунун эрежелерин сактоого;
2) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоого;
3) Кыргызстандын элинин каада-салттарын жана үрп-адаттарын сыйлоого;
4) Кыргыз Республикасынын аймагында туризм чөйрөсүндөгү ишкер субъекттер менен түзүлгөн туристтик кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишимдин шарттарын аткарууга;
5) Кыргыз Республикасынын жаратылышына жана тарыхый-маданий мурас эстеликтерине аяр мамиле кылууга.
2. Туристтер Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген башка милдеттерге ээ.
24-берене. Туризм чөйрөсүндөгү ишкер субъекттердин укуктары
1. Туризм чөйрөсүндөгү ишкер субъекттер төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын туристтик тармагын өнүктүрүү боюнча экономикалык иштерге катышууга;
2) туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты, мамлекеттик программаларды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пландарын ишке ашырууга катышууга;
3) туризм чөйрөсүндө ишкердикти жүргүзүүгө;
4) мамлекеттик чектөө чараларын эске алуу менен туристтик ресурстарды эркин пайдаланууга;
5) туризм үчүн жагымдуу өлкө катары Кыргыз Республикасынын имиджин колдоо боюнча жалпы республикалык жана жергиликтүү иш-чараларга катышууга;
6) туризмди жана ишкердикти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
7) белгиленген тартипте коомдук талкуулоого жана парламенттик окууларга катышууга;
8) мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк долбоорлорун демилгелөөгө;
9) мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан туристтик ишти жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматты алууга;
10) туристтик продуктуну түзүүгө жана алга жылдырууга, туристтик кызматтарды көрсөтүүгө жана ишке ашырууга, экспорттук-импорттук операцияларды жүргүзүүгө;
11) туристтик индустрия менен байланышкан маселелерди талкуулоого катышууга;
12) Кыргыз Республикасы жөнүндө, туристтерге карата колдонулуучу эрежелер, талаптар жана чектөө чаралары жөнүндө толук жана анык маалыматты алууга;
13) туризм чөйрөсү үчүн адистерди даярдоо жана кайра даярдоо маселелери боюнча окуу жайларга консультацияларды берүүгө;
14) ассоциацияларга (бирликтерге) биригүүгө;
15) ассоциацияларга (бирликтерге) өз ыктыяры менен кирүүгө;
16) Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө өз уюмдарынын өкүлчүлүктөрүнө жана филиалдарына ээ болууга;
17) туристтерден Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык туристтик кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишимдин аткарылышын талап кылууга.
2. Туризм чөйрөсүндөгү ишкер субъекттер Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген башка укуктарга ээ болушу мүмкүн.
25-берене. Туризм чөйрөсүндөгү ишкер субъекттердин милдеттери
1. Туризм чөйрөсүндөгү ишкер субъекттер төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын аткарууга;
2) өз убагында жана толук маалыматты, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ажайып жайлары, туристтик программалар, турлар, маршруттар жана туристтик кызматтарды көрсөтүү шарттары тууралуу жарнама материалдарын берүүгө;
3) сапаттуу туристтик кызматтарды көрсөтүүгө;
4) туристтер (экскурсанттар) үчүн барган жеринде жеке гигиенасын, тазалыкты жана тартипти сактоого ыңгайлуу шарттарды түзүүгө;
5) туристтик кызматтарды көрсөтүү жөнүндө туристтер менен түзүлгөн келишимдин шарттарын аткарууга, келишимдин шарттары талаптагыдай аткарылбаганда же аткарылбаганда келтирилген зыянды төлөп берүүгө;
6) туристтердин (экскурсанттардын) өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун, алардын мүлкүнүн сактыгын камсыздоого катышууга жана туристтер (экскурсанттар) тууралуу жеке маалыматты ачыкка чыгарбоого;
7) суу объекттериндеги адамдардын өмүрүн коргоо эрежелерине ылайык жеке менчик пляжда эс алуучу туристтердин (экскурсанттардын) жана башка жеке жактардын кырсыкка кабылышын алдын алуу максатында куткаруучу постторду камсыз кылууга;
8) туристтик кызматтарды көрсөтүүдө персонал тарабынан жеке коопсуздук эрежелеринин сакталышын камсыздоого;
9) туристтердин (экскурсанттардын) Кыргыз Республикасынын жаратылыш объекттерине жана тарыхый-маданий мурас объекттерине аяр мамилесин камсыздоого;
10) адистер үчүн кесиптик стандарттарды белгилөөгө, туристтик кызматтарды көрсөтүүгө сертификатталган гиддер менен квалификациялуу адистерди тартууга;
11) ассоциацияларда (бирликтерде) өз алдынча башкарууну жана өз алдынча жөнгө салууну өнүктүрүүгө.
2. Туризм чөйрөсүндөгү ишкер субъекттер Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка милдеттерге ээ болушу мүмкүн.
26-берене. Туризм чөйрөсүндөгү субъекттердин укуктарынын кепилдиктери
1. Мамлекет туристтик иштин субъекттерине туристтик тармакта натыйжалуу коомдук мамилелерди орнотуу үчүн укуктук мейкиндикти түзүүгө кепилдик берет.
2. Мамлекет туризм чөйрөсүндөгү ишкер субъекттерге төмөнкүлөргө кепилдик берет:
1) туристтик кызматтарды экспорт катары таанууга – Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүчү туризмди уюштуруу кызматтарын көрсөтүү;
2) туристтик кызматтарды импорт катары таанууга – Кыргыз Республикасынын аймагынан башка өлкөгө чыгуучу туризмди уюштуруу кызматтарын көрсөтүү.
3. Мамлекет Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда туризм чөйрөсүндөгү ишкер субъекттердин жана туристтердин мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо чараларын көрүүгө кепилдик берет.
4. Туризм чөйрөсүндөгү ишкер субъекттер туристтик кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишимде каралган милдеттенмелерди аткаруу максатында, кепилдик катары финансылык (банк) кепилдигин колдонууга укуктуу.
5. Ишкер субъекттер туристтерге болушунча ыңгайлуу режимди, туристтик ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга жана айлана-чөйрөнү коргоого кепилдик беришет.
5-глава. Туристтик ишти уюштуруу
27-берене. Туристтик ишти уюштуруунун жалпы шарттары
1. Туристтик тармактын субъекттери үчүн туристтик ишти уюштуруунун жалпы шарттары төмөнкүлөр болуп эсептелет:
1) туризмге болгон кызыгууну арттыруу, туризм чөйрөсүндө инновациялык инструменттерди жана технологияларды колдонуу жаатындагы мамлекеттик-жеке менчиктин дараметин күчөтүү, туристтик ишти уюштуруу жана жүргүзүү үчүн белгиленген эрежелердин жана талаптардын өзгөрүлбөстүгү аркылуу туризм чөйрөсүндө ишкердикти жүргүзүү үчүн стабилдүү шарттарды түзүү;
2) ушул Мыйзамды жана туризмге байланышкан укук тармактарын жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө, өз убагында жана так аткаруу;
3) туристтик зоналарды, туристтик дестинацияларды жана туристтик кемпингдерди уюштуруу үчүн санаториялык-курорттук жана башка рекреациялык объекттерди бөлүү;
4) туристтик кызматтарды көрсөтүү рыногунда монополисттик иштерге жана коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө;
5) туристтик объекттерде же аларга жакын жашаган жергиликтүү калктын кызыкчылыктары менен туристтердин жана туризм чөйрөсүндөгү ишкер субъекттердин мыйзамдуу кызыкчылыктарынын ортосунда адилеттүү жана өлчөнгөн тең салмактуулукту камсыз кылуу;
6) туристтик багыттагы кызматтар менен товарларды эркин которуштуруу жана туризм чөйрөсүндөгү экспорттук-импорттук кызматтарды өнүктүрүү.
2. Туризм чөйрөсүндөгү ишкер субъекттер үчүн талаптар төмөнкүлөр болуп эсептелет:
1) ички туризмди кесипкөй деңгээлде уюштуруу жана талаптагыдай өткөрүү;
2) эл аралык рынокто турларды сатуу жана чет өлкөлүк туроператорлор түзгөн туристтик продуктуларды Кыргыз Республикасынын аймагында сатуу;
3) туроператорлордун, турагенттердин жана туризм чөйрөсүндөгү жеке ишкерлердин компанияларын Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында, салык органдарында жана Социалдык фондунун органдарында милдеттүү түрдө каттоо;
4) гид ишинде кесиптик стандартка жооп берген сертификаты же квалификациясын ырастаган башка документти болгон учурда гана иштей алуу;
5) аккредитация боюнча чет өлкөлүк органдар, Кыргыз Республикасынын аккредитация боюнча ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын аккредитация боюнча юридикалык жактары тарабынан гиддерге берилген сертификаттарды жана квалификациясы жөнүндө башка документтерди таануу;
6) туристтер жайгашуучу жана тамактануучу жерлерди классификациялоо;
7) туроператор менен же турагенттер аркылуу башка өлкөгө чыгуучу туризмде туроператорлор тарабынан туристтик продуктуну алга жылдыруу жана сатуу;
8) туроператор менен жазуу жүзүндө түзүлгөн акысыз кызмат көрсөтүү келишиминин негизинде турагент тарабынан туристтик продуктуну сатуу;
9) туроператор, турагент жана туризм чөйрөсүндөгү жеке ишкер тарабынан туристтик кызматтарды көрсөтүү жөнүндө жазуу жүзүндө түзүлгөн келишимдин негизинде башка өлкөгө чыгуучу туризмди уюштуруу боюнча туристтик кызматтарды көрсөтүү жана сатуу;
10) туристтик кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишимдеги шарттарды аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жарандык-укуктук жоопкерчилик тартуу.
28-берене. Туристтик иш
1. Туристтик ишти жана туристтик кызматтарды туристтерге кызмат көрсөтүүчү коммерциялык уюмдар жана жеке жактар түздөн-түз, кошумча же коштоочу түрдө көрсөтүшөт:
1) түздөн-түз тейлөө кызматтарын – туроператорлор, турагенттер, туризм чөйрөсүндөгү жеке ишкерлер жана алардын адистери, мейманканалар менен туристтер жайгашуучу жана тамактануучу башка жерлер көрсөтүшөт;
2) кошумча тейлөө кызматтарын – ресторандар, кафелер жана башка тамактануу жайлары, маданият жана искусство мекемелери, ташуучулар, тренерлер, котормочулар жана башкалар көрсөтүшөт;
3) коштооочу тейлөө кызматтарын – элдик кол өнөрчүлүктүн, чыгармачылыктын, соода-сатыктын өкүлдөрү жана башкалар көрсөтүшөт.
4) Туроператорлордун иши:
5) туроператорлор – туризмдин негизги уюштуруучулары болгон коммерциялык уюмдар туристтик продуктуну түзүп, алга жылдырышат жана турагенттер менен туристтерге сатышат;
6) туроператорлор туристтик продуктуну туристтерди тейлөөгө катышы бар юридикалык жана жеке жактардын кызматтарынан түзүшөт;
7) туроператорлор белгилүү турга кирген кызмат көрсөтүү укугун кызмат көрсөтүүчүлөр менен түзүлгөн келишимдин негизинде алышат;
8) туроператорлор туристтерге саякаттоо программасына саякаттын маршрутун, убактысын, күнүн жана мөөнөттөрүн, туристтердин жайгашуучу жана тамактануучу жерлери, транспорт жөнүндө, гиддердин кызматын көрсөтүүчү адистер тууралуу маалыматтарды жана башка зарыл болгон маалыматты көрсөтүү менен белгилүү турларды иштеп чыгышат жана сатышат;
9) туроператорлор туристтик продуктуну туристтердин мыйзамдуу кызыкчылыктарына жана туристтик рыноктун коньюнктурасына негизденип өз каалоосу боюнча түзүшөт;
10) туроператорлор жарнамаларды жайылтуу, адистештирилген көргөзмөлөргө, жарманкелерге катышуу, интернет-порталдарды түзүү, каталогдорду, буклеттерди басып чыгаруу аркылуу жана башка ыкмалар менен туристтик кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талаптарды түзүүгө багытталган туристтик продуктуну алга жылдыруу боюнча чаралар комплексин жүзөгө ашырышат;
11) туроператорлор туроператор өзү же туроператордун жана өзүнүн атынан турагент түзгөн туристтик кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишимдеги милдеттенмелерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн туристтердин жана турагенттердин алдында жоопкерчилик тартат.
3. Турагенттердин иши:
1) турагенттер – туроператорлор түзгөн турларды алга жылдыруу жана аларды туристтерге сатуу боюнча ортомчулук кызматтарды көрсөткөн туризмдин уюштуруучулары болгон коммерциялык уюмдар;
2) турагенттер туроператорлордон белгилүү турларды сатып алат жана туристтердин суроо-талабына жана кызыкчылыктарына жараша аларды сатышат;
3) турагенттер туристтик продуктуну сатуу жөнүндө туроператорлор менен акы төлөнүүчү келишим түзүшөт;
4) турагенттер туристтерге айрым туристтик кызматтарды көрсөтө алышат;
5) турагенттер туристтик кызматтарды көрсөтүү жана туристтик продуктуну сатуу жөнүндө түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелердин аткарылбагандыгы же талаптагыдай аткарылбагандыгы үчүн туристтердин жана туроператорлордун алдында жоопкерчилик тартышат.
4. Туризм чөйрөсүндөгү жеке ишкерлер туристтерге туристтик кызматтарды көрсөтүү, туристтик продуктуну түзүү жана сатуу, ошондой эле туристтерге кошумча кызматтарды көрсөтүү боюнча туристтик ишти аткара алышат.
29-берене. Туристтик кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишим
1. Башка өлкөгө чыгуучу туризмди уюштуруу чөйрөсүндөгү ишкер субъекттер туристтер менен жазуу жүзүндө түзүлгөн туристтик кызматтарды көрсөтүү жана аларга туристтик жолдомо (ваучер) берүү жөнүндө акы төлөнүүчү келишимдин негизинде туристтик продуктуну сатышат.
2. Туристтик кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишим бүтүмдүн предметин жана тараптардын укуктары менен милдеттерин аныктайт, анда көрсөтүлүүчү кызматтын наркы жана көлөмү, шарттары жана сапаты, эсептешүү тартиби, колдонуу мөөнөтү, келишимдин шарттарын аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн тараптардын жоопкерчилиги каралып, өзгөчө шарттар чагылдырылат. Келишимде тараптардын реквизиттери көрсөтүлүшү керек.
3. Туристтик кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишимде келишимдин ажырагыс бөлүгү болгон тиркемелер бар. Тиркемелерде турдун программасы, анын маршруту көрсөтүлүп, зарылчылыкка жараша маршруттун картасы тиркелет.
4. Туристтик кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишимге киргизилбеген милдеттенмелер Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен жөнгө салынат.
5. Туристтик жолдомо - туристтин статусун аныктоочу, туристтин турдун курамына кирген тейлөө кызматтарына болгон укуктарына кепилдик берүүчү жана көрсөтүлүүчү кызматтар үчүн акы төлөнгөндүгүн ырастоочу документ.
6. Туристтик жолдомо туризм чөйрөсүндөгү ишкер субъект менен туристтин ортосунда туристтик кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишимдин түзүлгөндүгүн ырастайт жана көрсөтүлүүчү кызматтар тууралуу негизги маалыматты камтыйт.
7. Туристтик жолдомону туроператор, турагент же туризм чөйрөсүндөгү жеке ишкер туристтин жеке өзүнө же туристтердин тобунун жетекчисине (турлидерине) берет.
8. Туристтик жолдомону аны сатып жаткан туроператор, турагент же туризм чөйрөсүндөгү жеке ишкер толтурат.
9. Туризм чөйрөсүндөгү ишкер субъекттер туристтерге туристтик жолдомолордун көчүрмөлөрүн беришет.
30-берене. Туризм чөйрөсүндөгү кызматтарды көрсөтүүчүлөрдүн иши
1. Туризм чөйрөсүндөгү кызматтарды көрсөтүүчүлөрдүн иши төмөнкүдөй кызматтарды көрсөтүүнү камтыйт:
1) негизги тейлөө кызматтары – кызмат көрсөтүүчүлөр менен туроператорлордун ортосунда түзүлгөн келишим боюнча көрсөтүлүүчү жана турдун баасына кошулуучу кызматтар. Негизги кызматтарга туристтер эс алып жүргөн жердеги көңүл ачуулардын комплекси, транспорт кызматтары жана трансфер, туристтерди жайгаштыруу жана тамактандыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле зарылчылыкка жараша виза жана камсыздандыруу кызматтары кирет;
2) кошумча кызмат көрсөтүүлөр – турга кирбеген, келишимде аныкталган жана турист өзүнчө акы төлөй турган кызмат көрсөтүүлөр: театрларга, музейлерге, ресторандарга баруу, дүкөндөрдү кыдыруу, сувенирлерди, улуттук буюмдарды сатып алуу ж.б.
3) коштоочу кызмат көрсөтүүлөр – туристтер эс алып жана жашап жаткан жерлерде акысыз көрсөтүлүүчү кызматтар: маалымдоо, проспекттерди жана брошюраларды таратуу.
2. Туристтерге көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеси Кыргыз Республикасынын туризм жөнүндө маалыматтык системасына киргизилет.
31-берене. Туризм чөйрөсүндөгү объекттерди классификациялоо жана стандартташтыруу
1. Туризм чөйрөсүндөгү объекттерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү классификациялайт жана стандартташтырат.
2. Туризм чөйрөсүндөгү объекттерди классификациялоо жана стандартташтыруу мейманканаларды жана туристтер жайгашуучу башка жерлерди, тоолуу жерлерде лыжа тебүү трассаларын, пляждарды камтыйт, ал аккредиттелген уюмдар тарабынан туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген тартипте ишке ашырылат. Классификациялоочу жана стандартташтыруучу уюмдарды аккредиттөөнү аткаруу бийлик органдары жүргүзүшөт.
Мейманканаларды жана туристтер жайгашуучу башка жерлерди, тоолуу жерлерде лыжа тебүү трассаларын, пляждарды камтыган туризм чөйрөсүндөгү объекттерди классификациялоочу жана стандартташтыруучу уюмдарды аккредиттөө үч жылга берилет жана уюмга Кыргыз Республикасынын бардык аймагында мейманканаларды жана туристтер жайгашуучу башка жерлерди, тоолуу жерлерде лыжа тебүү трассаларын, пляждарды камтуучу туризм чөйрөсүндөгү объекттерди аймагында мындай классификациялоо жана стандартташтыруу пландалган мамлекеттик органдын жергиликтүү органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кабарлоо шартында классификациялоого жана стандартташтырууга мүмкүндүк берет.
Мамлекеттик органдын жергиликтүү органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алар аккредиттеген уюмдар жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде аларды аккредиттөө аракетин токтотуу жөнүндө маалыматтарды туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мейманканаларды жана туристтер жайгашуучу башка жерлерди, тоолуу жерлерде лыжа тебүү трассаларын, пляждарды камтуучу туризм чөйрөсүндөгү объекттерди классификациялоочу жана стандартташтыруучу аккредиттелген уюмдардын реестрине киргизүү үчүн жиберишет. Туризм чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы мейманканаларды жана туристтер жайгашуучу башка жерлерди, тоолуу жерлерде лыжа тебүү трассаларын, пляждарды камтуучу туристтик индустриянын объекттерин классификациялоочу жана стандартташтыруучу аккредиттелген уюмдардын реестрин түзөт жана реестрде камтылган маалыматтарды Кыргыз Республикасынын туризм жөнүндө маалыматтык системасындагы өзүнүн расмий сайтына жайгаштырат.
6-глава. Айлана-чөйрөнү, жаратылыш жана тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо
32-берене. Жалпы жоболор
1. Айлана-чөйрө жана тарыхый-маданий мурастардын жаратылыш объекттери Кыргыз Республикасынын улуттук кенчи болуп саналат жана туристтик ишти жүргүзүүдө корголууга жана сакталууга тийиш.
2. Туристтер бара турган өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына – туристтик, корголуучу, курорттук, жашыл жана рекреациялык зоналар, ошондой эле мамлекеттик коруктар, биосферикалык аймактар, мамлекеттик жаратылыш корукчалары, улуттук жаратылыш сейил бактары, жаратылыш эстеликтери, ботаникалык бакчалар, дендрологиялык жана зоологиялык парктар кирет.
3. Туристтерге көрсөтүлө турган өзгөчө корголуучу тарыхый-маданий мурас эстеликтеринин объекттерине – имараттар, курулмалар, эстеликтер, мемориалдык жерлер, тарыхый некрополдор, үңкүрлөр, археологиялык токтоочу жайлар, шаарлар, тепелер (дөбөлөр), төрткүлдөр (чептер), байыркы кыштактардын жана фортификациялык курулмалардын калдыктары, коргондор, аска бетиндеги сүрөттөр жана аска эпиграфикасы кирет.
33-берене. Туризм чөйрөсүндөгү туристтик иш субъекттеринин айлана-чөйрөнү коргоо боюнча компетенциясы
1. Туроператорлор, турагенттер жана туризм чөйрөсүндөгү жеке ишкерлер туристтердин жаратылышты пайдалануу талаптары менен эрежелерин сактоо боюнча милдеттенмелери менен жоопкерчилиги жөнүндө туристтерге маалымат бериши керек.
2. Туристтик кызматтарды көрсөтүп, туристтер менен түздөн-түз иштешкен адамдар туристтерге жаратылыш объекттеринде жүргөндө жана тарыхый-маданий мурас объекттерин көрүүдө жүрүм-турум эрежелери менен тааныштырууга жана аларды сактабагандыктын кесепеттери жөнүндө эскертүүгө милдеттүү. Туристтик иштин субъекттери бузулган эрежелер тууралуу тийиштүү мамлекеттик органдарга кабар беришет.
3. Юридикалык жана жеке жактар, туристтер жайгашкан жана тамактанган жерлердин менчик ээлери, пайдалануучулары жана кожоюндары өз объекттерин долбоорлоодо, курууда жана пайдаланууда жаратылыш ресурстарын туура жана этият пайдаланууга тийиш.
4. Туристтер (экскурсанттар) тарыхый-маданий мурас объекттерин көрүү учурунда да жаратылыш ресурстарын пайдаланууга коюлган талаптар менен чектөөлөрдү сактап, жаратылыштын компоненттеринин жок болушуна жана бузулушуна жол бербей, Кыргыз Республикасынын археология, тарых жана маданият эстеликтерин талкалап-кыйратуучу жосундарды жасабоого милдеттүү.
5. Айлана-чөйрөнү жана тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары туризм чөйрөсүндөгү ишкер субъекттер менен Кыргыз Республикасынын улуттук кенчин сактоо маселелери боюнча эриш-аркак иштешет.
34-берене. Айлана-чөйрөгө жана тарыхый-маданий мурас объекттерине келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик
1. Туристтик иштин субъекттери экологиялык укук бузуулар жана тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамды бузгандыгы үчүн тартиптик, административдик, жазык жана жарандык-укуктук жоопкерчилик тартышат.
2. Тартиптик, административдик же жазык жоопкерчилигине тартуу күнөөлүүлөрдү жаратылыш объекттерине жана археологиялык, тарых жана маданият эстеликтерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу милдетинен бошотпойт.
3. Жаратылыш ресурстарын бузуу, жок кылуу, зыян келтирүү, туура эмес пайдалануу жана башка экологиялык укук эрежелерин бузуу аркылуу айлана-чөйрөгө зыян келтирген туристтик иштин субъекттери келтирилген зыяндын ордун толугу менен толтуруп берүүгө милдеттүү.
4. Тарыхый-маданий мурас объекттерине же алар кайтарылган аймактарга зыян келтирген туристтик иштин субъекттери объекттерди же кайтарылган аймактарды калыбына келтирүүгө, ал эми калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, чыгымдын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү.
5. Туристтерге жаратылыш объекттеринде, ошондой эле археология, тарых жана маданият эстеликтери кайтарылуучу аймактарда жүрүм-турум эрежелери тууралуу талапка ылайык маалымат бербегендиги үчүн туроператорлордун жана турагенттердин жетекчилери адистерди тартип жоопкерчилигине тартууга милдеттүү.
7-глава. Туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу жана камсыздандыруу
35-берене. Туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу системасы
1. Туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу системасы – мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана туризм чөйрөсүндөгү ишкер субъекттердин туристтерди коргоо жана алардын жеке коопсуздугун, мүлкүнүн сакталышын камсыз кылуу боюнча иши, ошондой эле туризмди Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде каралган кылмыш иштерин жасоо үчүн пайдаланууга жол бербөөгө багытталган чаралардын комплекси.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында туристтердин коопсуздугуна мамлекет кепилдик берет. Кыргыз Республикасынын жарандары болгон туристтерге Кыргыз Республикасы өзүнүн аймагынан тышкары жерлерде аларды коргоп, колдоо көрсөтүүгө кепилдик берет.
3. Коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар жана туризм жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өздөрүнүн расмий сайттарына, социалдык тармактарга жана республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарына тиешелүү маалыматтарды жайгаштыруу аркылуу туроператорлорду, турагенттерди жана жеке ишкерлерди туристтик маршруттар жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы туристтерге барууга тыюу салынган убактылуу опурталдуу жана жабык жерлер, ошондой эле учурда туристтердин коопсуздугуна коркунуч келтирилиши мүмкүн болгон өлкөлөр тууралуу маалымат берип турушат.
4. Өзгөчө кырдаалдар жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган туристтерди коргоо жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча программаларды иштеп чыгып, алардын аткарылышын камсыз кылат, сертификаты бар куткаруучу адистердин катышуусу менен издөө-куткаруу иштерин уюштурат.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары административдик-аймактык бирдиктин аймактарында туристтерди коргоо жана коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле туристтерге жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды аткарууга катышат.
6. Туристтер саякатка, өзгөчө туризмдин окуялуу экстремалдык түрүнө чыгаардан мурун жеке коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды көрүүсү, саякатка бара турган жер жөнүндө маалымат алуусу, өмүрүнө жана саламаттыгына келтирилиши мүмкүн болгон коркунучтардын алдын алып, жеке жабдууларды жана шаймандарды пайдалана турган болсо, алардын бузулбай, туура иштеп жаткандыгын текшерүүсү зарыл. Уюштурулган туризм шартында туристтерге маршрутту басып өтүү эрежелерин жана аларды коштоп жүргөн адистердин көрсөтмөлөрүн так аткаруу сунушталат.
7. Туроператорлор, турагенттер жана туризм чөйрөсүндөгү жеке ишкерлер туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу, жаракат алса, ооруп калганда жана башка өзгөчө кырдаалдарда медициналык жана башка жардам көрсөтүү боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыгышат. Туристтерди түздөн-түз коштоп жүргөн адистер оор абалда калган туристтерге шашылыш түрдө жардам көрсөтүшөт, ал эми туристтердин өмүрү менен саламаттыгына коркунуч келтириле турган болсо, тийиштүү мамлекеттик органдарга жана түздөн-түз жетекчилерине бул тууралуу токтоосуз кабар беришет.
8. Туроператорлор, турагенттер жана туризм чөйрөсүндөгү жеке ишкерлер төмөнкүлөрдү аткаруулары зарыл:
1) өзгөчө кырдаалдар жана туризм жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга туристтердин тобунун маршруту жана алардын саны жөнүндө маалыматты, эгерде болсо - өз алдынча саякаттап жүргөн турист жөнүндө маалыматты да алдын ала берүү;
2) туристтерге турдун өзгөчөлүктөрү жана мүмкүн болгон коркунучтар тууралуу кененирээк маалымат берүү;
3) коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар жана туризм боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, ошондой эле аймагында туристтер саякаттап жүргөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дареги, электрондук почта дареги жана телефон номерлери көрсөтүлгөн эстеткич китепчелерди иштеп чыгып, туристтерге тапшыруу;
4) жүрүштөрдүн жетекчилеринин жана туристтер менен түздөн-түз, өзгөчө туризмдин окуялуу экстремалдык түрү менен иштеген адистердин кесиптик даярдыктан өтүшүн камсыз кылып, ишке даярдыгын текшерүү;
5) эгерде гиддердин жана башка адистердин ишине туристтердин өмүрү менен саламаттыгы көз каранды болсо, алардын Кыргыз Республикасынын аймагындагы туристтер менен иштешүүсүнө жол берүү, бирок Кыргыз Республикасынын аккредиттелген юридикалык жактары тарабынан берилген же таанылган сертификаты болгондо гана;
6) туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башка чараларды аткаруу.
36-берене. Туристтик иштеги камсыздандыруу
1. Туристтик иштеги камсыздандыруу – туристтерге жана (же) туризм чөйрөсүндөгү ишкер субъекттерге, адистерге саякаттоо учурунда күтүлбөгөн кырсыктарга, кокусунан оору-сыркоолорго кабылганда, мүлкүн жоготкондо, иш процессинде же саякат учурунда келип чыгуучу форс-мажордук кырдаалдарда келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу ыкмасы болуп эсептелет.
2. Кыргыз Республикасында жарандар ички туризмде жүргөндө саламаттыгына жана өмүрүнө келтирилүүчү коркунучтар медициналык жактан ыктыярдуу негизде камсыздандырылат.
3. Кыргыз Республикасында ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу милдеттүү болуп саналат, ташуучу жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө, саламаттыгына жана мүлкүнө, ошондой эле аларды туристтик максатта ташууда келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү.
4. Кыргыз Республикасында жумуш берүүчүлөрдүн (туроператорлордун, турагенттердин) жумушчусу иш милдеттерин аткарып жаткан учурда өмүрүнө жана саламаттыгына келтирилген зыян үчүн жарандык жоопкерчилиги милдеттүү түрдө камсыздандырылат.
5. Кыргыз Республикасынын аймагына кирген туристтердин өмүрү менен саламаттыгы жарандыгы кайсы өлкөгө таандык болсо, ошол өлкөнүн мыйзамдарына камсыздандырылат.
6. Чет мамлекеттердин жарандары болгон гиддер жана башка адистер өмүрү менен саламаттыгын жарандыгы кайсы өлкөгө таандык болсо, ошол өлкөнүн мыйзамдарына камсыздандырышат.
7. Чет өлкөлүк жарандардын-гиддердин жана кирүүчү туризмдин туристтеринин камсыздандыруу полиси же камсыздандыруу тууралуу күбөлүгү жок болсо, туроператорлор, турагенттер жана туризм чөйрөсүндөгү жеке ишкерлер аларга Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу уюмдарында өз ыктыяры менен камсыздандырылышын сунуштай алышат.
8-глава. Эл аралык кызматташтык
37-берене. Туризм чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык
1. Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк туризм уюму (ЮНВТО) тарабынан иштелип чыккан принциптерге негизделген туризм чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкты колдойт жана өнүктүрөт.
2. Кыргыз Республикасынын туризм чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыгынын укуктук негизин Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.
38-берене. Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрү жана филиалдары
1. Туризмди өнүктүрүү жана туристтик продуктуну дүйнөлүк туризм рыногунда илгерилетүү максатында Кыргыз Республикасынын туризм чөйрөсүндө иштеген юридикалык жактары чет мамлекеттерде өкүлчүлүктөрүн жана филиалдарын түзүүгө укуктуу.
2. Туризм чөйрөсүндөгү юридикалык жактар чет өлкөдө филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ошол филиалдар жана өкүлчүлүктөр жайгашкан чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык түзүшөт жана ачышат, эгерде Кыргыз Республикасында ратификацияланган эл аралык келишимдерде башкача каралбаса.
9-глава. Корутунду жоболор
39-берене. Туристтик ишти мамлекеттик жана коомдук контролдоо
1. Туристтик ишти мамлекеттик контролдоону ишкер субъекттерди текшерүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жүргүзүшөт.
2. Туристтик ишти коом тарабынан туризм чөйрөсүндөгү ассоциациялар (бирликтер) контролдошот.
40-берене. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын тартиптик, административдик, жазык жана жарандык мыйзамдарында аныкталат.
41-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 6-бөлүгүн кошпогондо расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
“Туризм жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 8, 395-ст.);
“Туризм жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 2, 68-ст.);
“Туризм жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (“Эркин Тоо” гезити, 2013-жылдын 10-декабры, № 98);
“Лотереялык ишти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (“Эркин Тоо” гезити, 2017-жылдын 19-майы, № 62) 9-беренеси.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамды колдонуу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.
Кыргыз Республикасынын
Президенти