Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 22-октябры № 498

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жободо:

- 6-пунктунда:

"г" пунктчасынын он үчүнчү абзацы "сот органдарында" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын жыйналыштарында," деген сөздөр менен толукталсын;

"д" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы онунчу-он биринчи абзацтар менен толукталсын:

"- өзүнүн компетенциясынын алкагында адам укуктары боюнча эл аралык органдардын сунуштамаларын аткаруу жана адам укуктары боюнча эл аралык органдарга мезгилдүү баяндамаларды даярдоо боюнча иш чараларды жүзөгө ашырууга көмөктөшөт;

- өзүнүн компетенциясынын алкагында адам укуктары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жоболорун аткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын улуттук мезгилдүү баяндамаларын сунуштоого катышат.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

М. Абылгазиев