Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 29-ноябры № 561

Жер казынасын пайдалануу укуктарын лицензиялоо маселелери жөнүндө

 

Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү, жер казынасын пайдаланууну жөнгө салуу системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык;

- Жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо, 3-тиркемеге ылайык;

- Кендердин классификациясы жана пайдалуу казылмалардын запастары боюнча алардын көрүнүштөрү, 4-тиркемеге ылайык.

- Жер казынасын пайдалануучулардын жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээлеринин бенефициарлары жөнүндө маалыматтардын формасы, 5-тиркемеге ылайык.

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 486 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 "Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүү боюнча атайын эсеби жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 350 "Тоо-кен казып алуу тармагындагы иштин абалы жана өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө" токтомунун 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-декабрындагы № 659 "Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 436 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 "Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 238 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Атайын эсеби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 "Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-октябрындагы № 638 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 "Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-мартындагы № 127 токтому.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

М. Абылгазиев

 

4-тиркеме

Кендердин классификациясы жана пайдалуу казылмалардын запастары боюнча алардын көрүнүштөрү

Пайдалуу казылма

Өлчөө бирд.

Ири

Орточо

Майда

Көрүнүштөрү

1

2

3

4

5

6

Мунай

млн.т

>20

10-20

1,0-10

<1,0

Газ

млрд.м3

>20

10-20

1,0-10

<1,0

Таш көмүр

млн.т

>500

30-500

1,0-30

<1,0

Күрөң көмүр

млн.т

>1000

30-1000

1,0-30

<1,0

Темир

млн.т

>300

50-300

1,0-50

<1,0

Марганец

млн.т

>30

10-30

1,0-10

<1,0

Хром

млн.т

>10

1,0-10

0,01-1,0

<0,01

Ванадий

миң т

>100

10-100

1,0-10

<1,0

Титан

млн.т

>10

5,0-10

0,5-5,0

<0,5

Алюминий

млн.т

>100

25-100

1,0-25

<1,0

Жез

млн.т

>3,0

0,1-3,0

0,05-0,1

<0,05

Никель

миң т

>1000

100-1000

10-100

<10

Кобальт

миң т

>100

10-100

1,0-10

<1,0

Коргошун

млн.т

>1,0

0,1-1,0

0,01-0,1

<0,01

Цинк

млн.т

>1,0

0,1-1,0

0,01-0,1

<0,01

Калай

миң т

>50

20-50

2,0-20

<2,0

Вольфрам WO3

миң т

>100

30-100

5,0-30

<5,0

Молибден

миң т

>150

5-150

2,0-5

2,0

Бериллий, BeO

миң т

>5,0

1,0-5,0

0,1-1,0

<0,1

Висмут

миң т

>4,0

1,0-4,0

0,1-1,0

<0,1

Сымап

миң т

>10

1,0-10

0,1-1,0

<0,1

Сурьма

миң т

>100

50-100

5,0-50

<5,0

Стронций

млн.т

>1,0

0,05-1,0

0,01-0,05

<0,01

Мышьяк

миң т

>50

5,0-50

1,0-5,0

<1,0

Церий

миң т

>1000

30-1000

10-30

<10

Ниобий, Nb2O5

миң т

>100

10-100

1-10

<1,0

Тантал, Ta2O5

миң т

>30

4,0-30

1,0-4,0

<1,0

Литий, Li2O

миң т

>300

100-300

40-100

<40

Цезий, Cs2O

миң т

>3,0

1,0-3,0

0,1-1,0

<0,1

Рубидий, Rb2O

миң т

>100

10-100

1,0-10

<1,0

Гафний

миң т

>100

10-100

1,0-10

<1,0

Цирконий

миң т

>100

10-100

1,0-10

<1,0

Германий

т

>500

100-500

10-100

<10

Скандий

миң т

>10

1-10

0,1-1,0

<0,1

Таллий

т

>500

50-500

5-50

<5,0

Кадмий

миң т

>3,0

0,5-3,0

0,1-0,5

<0,1

Индий

т

>200

50-200

5-50

<5,0

Селен, теллур

т

>1000

100-1000

1-100

<1,0

Чачынды эмес алтын

т

>100

10-100

1-10

<1,0

Чачынды алтын

кг

>3000

1000-3000

50-1000

<50

Күмүш

т

>1000

500-1000

100-500

<100

Платина

т

>50

10-50

1-10

<1,0

Палладий

т

>50

10-50

1-10

<1,0

Чачынды эмес уран

миң т

>20

5-20

0,5-20

<0,5

Чачынды эмес торий

миң т

>10

1-10

0,1-1,0

<0,1

Чачынды уран, торий

миң т

>10

1-10

0,1-1,0

<0,1

Иттрий

миң т

>100

10-100

1-10

<1,0

Церий

миң т

>1000

100-1000

10-100

<10

Таллий

т

>500

50-500

5-50

<5

Кадмий

миң т

>3

0,5-3

0,1-0,5

<0,1

 

Пайдалуу казылма

Өлчөө бирд.

Ири

Орточо

Майда

Көрүнүшү

1

2

3

4

5

6

Түстүү таштар

 

 

 

 

 

Рубин

карат

 

>50000

10000-50000

<10000

Сапфир

карат

 

>50000

10000-50000

<10000

Ремантоид

 

 

 

 

 

Хромдиопсид

 

 

 

 

 

Шпинель

 

 

 

 

 

Аметист

 

 

 

 

 

Альмандин

 

 

 

 

 

Гроссуляр

 

 

 

 

 

Хризолит

 

 

 

 

 

Циркон, гиацинт

 

 

 

 

 

Асыл корунд

кг

>1000

300-1000

<10-300

<10

Содалит

 

 

 

 

 

Эгирин-диопсид

 

 

 

 

 

Көгүлтүр таш

 

 

 

 

 

Түстүү турмалин

 

 

 

 

 

Асыл берилл

 

 

 

 

 

Аквамарин

 

 

 

 

 

Бирюза

 

 

 

 

 

Цитрин

 

 

 

 

 

Тоо хрусталы

кг

>10000

3000-10000

100-3000

<100

Агат

т

 

>500

100-500

<100

Халцедон

миң т

>50

10-50

1,5-10

<1,5

Нефрит

т

 

 

1000

<1000

Жадеит

т

 

 

1000

<1000

Родингит

т

>50

10-50

0,1-10

<0,1

Родонит

миң т

>10

1-10

0,1-1

<0,1

Амазонит

миң т

>5

2,5-5

1,0-2,5

<1

Иризацияланган талаа шпаты

миң т

>5

1,0-5,0

0,1-1

<0,1

Опал

миң т

>5

1,0-5,0

0,1-1

<0,1

Кызгылт кварц

миң т

>5

1,0-5,0

0,1-1

<0,1

Гематит кровавик

 

 

 

 

 

Оникс

миң т

>2,5

1-2,5

0,1-1

<0,1

Яшма

миң м3

>20

1-20

0,1-1

<0,1

Роговик

миң м3

>20

1-20

0,1-1

<0,1

Офикальцит

миң м3

>20

1-20

0,1-1

<0,1

Серпентинит

миң м3

>20

1-20

0,1-1

<0,1

Лиственит

миң м3

>20

1-20

0,1-1

<0,1

Ангидрит

м3

>20

1-20

0,1-1

<0,0

Агальматолит

миң м3

>20

1-20

0,1-1

<0,1

Глиежи

миң м3

>20

1-20

0,1-1

<0,1

Гнейс

миң м3

>20

1-20

0,1-1

<0,1

Амазониттүү гранит

миң м3

>20

1-20

0,1-1

<0,1

Түстүү мрамор

миң м3

>20

1-20

0,1-1

<0,1

Түстүү кремний

миң м3

>20

1-20

0,1-1

<0,1

 

Пайдалуу казылмалар

Өлчөө бирд.

Ири

Орточо

Майда

Көрүнүшү

1

2

3

4

5

6

Беттелүүчү таш

 

 

 

 

 

Мрамор

млн.м3

>20

1-20

0,1-1

<0,1

Акиташ-ракушка

млн.м3

>20

1-20

0,1-1

<0,1

Доломит, акиташ

млн.м3

>20

1-20

0,1-1

<0,1

Гранитоиддер, сиениттер

млн.м3

>20

1-20

0,1-1

<0,1

Роговиктер, кварциттер

млн.м3

>20

1-20

0,1-1

<0,1

Курулүш материалдары

 

 

 

 

 

Интрузивдик жана вулканогендик тектер

млн.м3

>40

5-40

1-5

<1

Кум таш, конгломерат

млн.м3

>40

5-40

1-5

<1

Мрамор

млн.м3

>40

5-40

1-5

<1

Акиташ, доломит

млн.м3

>40

5-40

1-5

<1

Роговиктер

млн.м3

>40

5-40

1-5

<1

Кум-шагыл аралашмасы

млн.м3

30-15

10-15

2-10

<2

Курулуш куму

млн.м3

30-15

10-15

2-10

<2

Кычкыл эффузивдер

млн.м3

30-15

10-15

2-10

<2

Керамзит жана аглопорит үчүн чийки зат

млн.м3

30-15

10-15

2-10

<2

Кыш куюу үчүн чопо жана кумдуу чопо

млн.м3

>100

50-100

10-50

<10

Цементке активдүү кошулмалар

млн.т

>5

1-5

0,1-1

<0,1

Актоо үчүн акиташ

млн.т

>100

50-100

10-50

<10

Цемент үчүн акиташ

млн.т

>100

50-100

10-50

<10

Маргали

млн.т

>100

50-500

10-50

<10

Цемент үчүн чопо жана кумдуу чопо

млн.т

>100

50-100

10-50

<10

Тоо кен чийки заты

 

 

 

 

 

Петрорургиялык чийки зат (базальттар)

млн.т

>10

5-10

0,5-5

<0,5

Озокерит

миң т

>100

10-100

1-10

<1

Мусковит

миң т

>10

5-10

0,3-5

<0,3

Жогорку кремнийлүү чийки зат

млн.м3

>10

1-10

0,1-1

<0,1

Трепел

млн.т

>50

1-50

0,01-1

<0,01

Асбест

млн.т

>15

5-15

1-5

<1

Графит

млн.т

>15

10-15

1-10

<1

Корунд жана наждак

млн.м3

>10

1-10

0,1-1

<0,1

Абразивдүү таштар

млн.м3

>10

1-10

0,1-1

<0,1

Гранат камтыган тектер

млн

>10

1-10

0,1-1

<0,1

Минералдык пигменттер

миң т

>200

50-200

1-50

<1

Серпентинит

млн.т

>300

100-300

10-100

<10

Магнезит

млн.т

>100

10-100

1-10

<1

Кремнезем чийки заты

млн.т

>10

1-10

0,5-1

<0,5

Андалузит

млн.т

>100

10-100

1-10

<1

Флюс акиташы

млн.т

>100

10-100

1-10

<1

Доломиттер

млн.т

>100

10-100

1-10

<1

Формалык кум

млн.т

20

5-20

1-5

<1

Исландия шпаты

кг

>8000

2000-8000

100-2000

<100

Оптикалык риолит

кг

>1000

600-1000

100-600

<100

Пьезооптикалык кварц

кг

>100000

10000-100000

1000-10000

<1000

Барит

млн.т

>0,5

0,1-0,5

0,01-0,1

<0,01

 

Пайдалуу казылмалар

Өлчөө бирд.

Ири

Орточо

Майда

Көрүнүшү

1

2

3

4

5

6

Агрардык химиялык чийки зат

 

 

 

 

 

Апатиттер

млн.т

>50

10-50

1-100

<1

Фосфориттер

млн.т

>50

10-50

1-100

<1

Селитра

млн.т

>10

1-10

0,04-1

<0,04

Гумин көмүрү

миң т

>1000

500-1000

100-500

<100

Глаукониттер

млн.т

>10

1-10

0,1-1

<0,1

Таза күкүрт

млн.т

>50

10-50

1-10

<1

Торф

миң м3

>2000

500-2000

50-500

<50

Тоо химия чийки заты

 

 

 

 

 

Бор чийки заты

млн.т

>10

3-10

0,5-3

<0,5

Сульфиддүү күкүрт

млн.т

>10

1-10

0,1-1

<0,1

Таш туз (тоюттук)

млн.т

>150

50-150

10-50

<10

Натрий сульфаты

млн.т

>10

1-10

0,04-1

<0,04

Тамак-аш тузу (туздардын эритиндиси)

миң л/сут

>500

50-500

5-50

<5

Бром, йод (туздардын эритиндиси)

миң л/сут

>45

18-45

3-18

<3

Бром, бор (туздардын эритиндиси)

миң л/сут

 

 

 

 

Керамикалык чийки зат

 

 

 

 

 

Фарфор ташы

млн.т

>50

5-50

1-5

<1

Кварц - полевошпат тектери

млн.т

>100

10-100

1-10

<1

Каолин

млн.т

>30

5-30

1-5

<0,1

Карапа чопосу

млн.м3

>20

5-20

1-5

<0,1

Кыш куюу үчүн чопо жана кумдуу чопо

млн.м3

>100

50-100

10-50

<10

Бентониттик чопо

млн.т

>100

50-100

10-50

<10

Кварцетуу кум

млн.т

20

5-20

1-5

<1

Кварциттер

млн.т

>10

1-10

0,5-1

<0,5

Кварцтуу кум таш

млн.т

>5

1-5

0,1-1

<0,1

Тальк

млн.т

>5

0,5-5

0,03-0,5

<0,03

Волластонит

млн.т

>30

2,5-30

1-2,5

<1

Пирофиллит

млн.т

>5

0,5-5

0,03-0,5

<0,03

Жер астындагы суулар

 

 

 

 

 

Тузсуз жер астындагы суулар

миң м3/сут

>200

30-200

<30

-

Минералдык жер астындагы суулар

миң м3/сут

>500

100-500

<100

-

Термо-минералдык жер астындагы суулар

миң м3/сут

>500

100-500

<100

-

Минералдык-термалдык жер астындагы суулар

миң м3/сут

>500

100-500

<100

-

 

 

 

5-тиркеме

 

Форма

Жер казынасын пайдалануучулардын жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээлеринин бенефициарлар жөнүндө
МААЛЫМАТЫ

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 486 токтомунун редакциясына ылайык)

1-бөлүм. Жер казынасын пайдалануучу жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээси жөнүндө маалымат:

1. Жер казынасын пайдалануучунун же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин толук аталышы (аты-жөнү.)

_____________________________________________________________________________________

2. Юридикалык дареги

_____________________________________________________________________________________

3. Биринчи мамлекеттик каттоо датасы, мамлекеттик каттоо органы жана номери

_____________________________________________________________________________________

4. ИСН (ИЖН) (Кыргыз Республикасында катталган жер казынасын пайдалануучулар/өтүнмө ээлери тарабынан толтурулат)

_____________________________________________________________________________________

5. Жетекчинин аты-жөнү, кызмат орду:

_____________________________________________________________________________________

6. Жер казынасын пайдалануучунун жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 1-пунктунда аныкталган белгилерге жооп берген бенефициарлары барбы?

£ Ооба* (белги коюу керек) __________________ М.О.

                                                         (колу)

£ Жок** (белги коюу керек) __________________ М.О.

                                                         (колу)

2-бөлүм. Жер казынасын пайдалануучунун жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин бенефициарлар жөнүндө маалыматы

Бенефициардын аты-жөнү
(же бенефициар болуп саналган мамлекеттин толук аталышы)

Катышуу/
акциялардын үлүшү
(түз жана кыйыр)
(пайыз менен)

Жогорку башкаруу органындагы добуштардын үлүшү
(түз жана кыйыр)
(пайыз менен)

Башкаруу органдарынын мүчөлөрүн дайындоо/
чакыртып алуу боюнча ыйгарым укуктар
(түз жана кыйыр)
(ооба/жок)

Паспорттук маалыматтар (туулган датасы жана жылы, жарандыгы, номери, датасы жана ким экендигин ырастоочу документти берген орган)

Байланыш дареги, телефондун байланыш номери, электрондук почта дареги)

1)

 

 

 

 

 

 

 

_________________________________ М.О.

                            (колу)

3-бөлүм. Коомдук кызмат адамынын белгилери бар бенефициарлар жөнүндө маалымат

1. Жер казынасын пайдалануучунун жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин бенефициарларынын арасында "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкү жактардын биринин белгилерине ээ коомдук кызмат адамдары барбы:

1) чет өлкөлүк коомдук кызмат адамы - чет мамлекетте маанилүү мамлекеттик же саясий функцияларды (коомдук функциялар) аткарып жаткан же аткарган адам (мамлекет же өкмөт башчылары, өкмөттөгү жана башка мамлекеттик органдардагы, соттордогу, куралдуу күчтөрдөгү, мамлекеттик ишканалардагы жогорку кызмат адамдары, ошондой эле көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери); жана/же

2) улуттук коомдук кызмат адамы - Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде каралган Кыргыз Республикасындагы саясий жана атайын мамлекеттик кызмат ордун же саясий муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же мурда ээлеген адам, ошондой эле мамлекеттик корпорациялардын жогорку жетекчилиги, көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери; жана/же

3) эл аралык уюмдун коомдук кызмат адамы - эл аралык уюмдун маанилүү функциялары ишенип берилген же мурда ишенип берилген эл аралык уюмдун жогорку кызмат адамы (эл аралык уюмдун жетекчилери, жетекчилеринин орун басарлары жана башкармалыктын мүчөлөрү же эл аралык уюмда ага тете кызмат орундарын ээлеген адамдар)?

£ Ооба (белги коюу керек) ___________________ М.О.

                                                           (колу)

£ Жок (белги коюу керек) ___________________ М.О.

                                                           (колу)

2. Коомдук кызмат адамдары болгон учурда, төмөнкү маалыматты көрсөтүңүз:

1) Бенефициардын - коомдук кызмат адамынын аты-жөнү:

___________________________________________________________________________________

2) Бенефициардын - коомдук кызмат адамынын кызмат орду:

___________________________________________________________________________________

3) Кызмат ордун ээлеген датасы: ___/___/______

4) Кызмат ордунан кеткен датасы (эгер колдонулса): ___/___/______

 

________________________ М.О.

                     (колу)

4-бөлүм. Ачык компаниялар жөнүндө маалымат

1. Жер казынасын пайдалануучу жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээси же болбосо алардын акционерлери же катышуучулары (жер казынасын пайдалануучунун жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин жогору турган түз же кыйыр акционерлерин же катышуучуларын кошкондо) Кыргыз Республикасында же чет мамлекетте иштеп жаткан жөнгө салынуучу фондулук биржада акциялары сатылуучу ачык компания (мындан ары - ачык компания) болуп саналабы?

£ Ооба (белги коюу керек) _________________ М.О.

                                                           (колу)

£ Жок (белги коюу керек) __________________ М.О.

                                                          (колу)

2. Болгон учурда төмөнкү маалыматты көрсөтүңүз:

Ачык компаниянын аталышы жана юридикалык дареги
(жер казынасын пайдалануучунун, өтүнмө ээсинин катышуу үлүшүн/акцияларын түз же кыйыр ээлик кылуучу)

Катышуу/
акциялардын үлүшү
(түз жана кыйыр)
(пайыз менен)

Жогорку башкаруу органындагы добуштардын үлүшү
(түз жана кыйыр)
(пайыз менен)

Башкаруу органдарынын мүчөлөрүн дайындоо/
чакырып алуу боюнча ыйгарым укуктар
(түз жана кыйыр)
(ооба/жок)

Фондулук биржанын аталышы жана фондулук биржанын веб-сайтына шилтеме

Коомдук компаниянын фондулук биржадагы идентификациялык коду жана фондулук биржанын веб-сайтында ачык компаниянын веб-баракчасына шилтеме

1)

 

 

 

 

 

 

 

____________________________ М.О.

                        (колу)

5-бөлүм. Жер казынасын пайдалануучунун же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин ырастоосу жана колу

Жер казынасын пайдалануучу жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээси жана төмөндө кол койгон ыйгарым укуктуу кызмат адамы ушул маалыматты берүүдө Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамдарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык анын(алардын) жеке маалыматтарын иштеп чыгууга бенефициардын(лардын) макулдугу алынганын ырастайт. Жеке маалыматтарды чогултууну, иштеп чыгууну, жазууну, системалаштырууну, топтоону, актуалдаштырууну, сактоону, жайылтууну (анын ичинен үчүнчү жактарга берүү), жеке маалыматтардын жалпыга жеткиликтүү массивдерине алардын маалыматтарын киргизүүнү (анын ичинен жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий Интернет-сайтында), жеке маалыматтарды трансчекаралык өткөрүп берүүнү кошкондо, анын жеке маалыматтарына карата кандай болбосун иш-аракеттерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган жеке маалыматтар менен кандай болбосун башка иш-аракеттерди ишке ашырууга бенефициардын(лардын) макулдугу берилген.

Жер казынасын пайдалануучу жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээси жана төмөндө кол койгон ыйгарым укуктуу кызмат адамы ушул формада көрсөтүлгөн бенефициарлар жөнүндө маалымат толук, так жана анык экендигин ырастайт. Бенефициарлар жөнүндө маалымат бербегендиги жана анык эмес маалымат бергендиги үчүн жер казынасын пайдалануучу жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээси жана төмөндө кол койгон ыйгарым укуктуу кызмат адамы "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жоопкерчилик тартышат.

 

______________________________ М.О.

                           (колу)

Аты-жөнү: __________________________

Кызмат орду: _____________________________

Дата: ___/___/______

 

Эскертүү:

1. Эгерде жер казынасын пайдалануучунун жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 1-пунктунда аныкталган белгилерге жооп берген бенефициарлары болсо, ушул форманын 1-5-бөлүмдөрү толтурулат.

2. Эгерде жер казынасын пайдалануучунун жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 1-пунктунда аныкталган белгилерге жооп берген бенефициарлары жок болсо, ушул форманын 1 жана 5-бөлүмдөрү толтурулат.

3. Эгерде жер казынасын пайдалануучу жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээси же болбосо алардын акционерлери же катышуучулары (жер казынасын пайдалануучунун жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин жогору турган түз же кыйыр акционерлерин же катышуучуларын кошкондо) Кыргыз Республикасында же чет мамлекетте иштеп жаткан жөнгө салынуучу фондулук биржада акциялары сатылуучу ачык компания болсо, ушул форманын 2-бөлүмүнүн ордуна 4-бөлүмү толтурулат.

4. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий Интернет-сайтында жарыяланууга тийиш болгон бенефициарлар жөнүндө маалыматтардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтому менен бекитилген Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо тартиби жөнүндө жобонун 2111 - 2112-пункттарында аныкталган.

5. Эгерде кандайдыр бир маалыматты ушул форманын тиешелүү бөлүмүнө толук жайгаштыруу мүмкүн болбосо, бенефициарлар жөнүндө мындай маалымат ошол эле форма боюнча өзүнчө (кошумча) баракта берилет.