Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\9c234906-ff25-49f5-a5fe-b45fda2b8abd\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2003-жылдын 18-июлу № 153

Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө

(КР 2004-жылдын 10-июлундагы № 85, 2006-жылдын 7-июлундагы № 105, 2007-жылдын 7-майындагы № 69,
2007-жылдын 1-июнундагы № 76, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2008-жылдын 23-июнундагы № 134,
2011-жылдын 13-июнундагы № 39, 2016-жылдын 27-июлундагы № 151,
2016-жылдын 30-июлундагы № 154,
2016-жылдын 5-августундагы № 165, 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217, 2017-жылдын 28-июлундагы № 149, 2019-жылдын 17-майындагы № 64, 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

I БӨЛҮМ

ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1-берене. Кыргыз Республикасында сот адилеттигинин жүзөгө ашырылышы

 

1. Сот адилеттиги Кыргыз Республикасында сот тарабынан гана жүзөгө ашырылат. Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте, Кыргыз Республикасынын жарандары сот адилеттигин жүргүзүүгө катышууга укуктуу.

2. Сот адилеттиги Кыргыз Республикасынын атынан жүзөгө ашырышат жана адамдын укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле жарандардын жана юридикалык жактардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин аткарылышын камсыз кылууга багытталган.

3. Кыргыз Республикасында мыйзам менен адистештирилген соттор түзүлүшү мүмкүн.

4. Өзгөчө сотторду түзүүгө жол берилбейт.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

2-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө мыйзамдар

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотун (мындан ары - Жогорку сот) жана жергиликтүү сотторду уюштуруу, компетенциясы жана иш тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын процесстик жана башка мыйзамдары менен аныкталат.

2. Кыргыз Республикасында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жана жергиликтүү соттордун статусун, көз карандысыздыгын жана өз алдынчалыгын төмөндөткөн мыйзамдар жана башка актылар чыгарылбоого тийиш.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

3-берене. Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор

    

1. Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жарандык, жазык, администрациялык, экономикалык жана мыйзамда каралган дагы башка иштер боюнча сот адилеттигин жүзөгө ашырган соттордун бирдиктүү тутумун түзөт.

2. Бул тутумдун биримдиги:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, процесстик жана башка мыйзамдар менен белгиленген сот адилеттигинин жалпы жана бирдей принциптери менен;

2) мыйзамдарда белгиленген сот өндүрүшү түрүндө сот адилеттигин жүзөгө ашыруу менен;

3) соттордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерин колдонушу менен;

4) судьялардын статусунун бирдиктүүлүгүн мыйзам түрүндө бекемдөө менен;

5) мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларынын Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында аткарылышы милдеттүү болуп сакталышы менен;

6) сотторду республикалык бюджеттен каржылоо менен камсыз кылынат.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

4-берене. Соттордун көз карандысыздыгы

 

1. Соттор сот бийлигин өз алдынча, кимдир бирөөнүн эркине карабастан, Кыргыз Республикасынын Конституциясына, процесстик жана башка мыйзамдарга гана баш ийүү менен жүргүзүшөт.

2. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ишке ар кандай кийлигишүүгө жол берилбейт.

3. Эч ким судьядан айкын сот иши боюнча отчет талап кылууга укуксуз.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

5-берене. Мыйзам жана сот алдында бардыгынын теңдиги

 

Кыргыз Республикасында сот адилеттиги мыйзам жана сот алдында бардыгынын теңдигинин негизинде жүзөгө ашырылат.

 

6-берене. Соттордун ишиндеги айкындык

 

1. Бардык соттордо иштерди териштирүү ачык каралат. Иштерди жабык жыйналышта угууга мыйзамда белгиленген учурларда гана жол берилет.

2. Сот өндүрүшүнүн айкындыгы жана соттордун иши жөнүндө маалыматтарга жетүү укугун ишке ашыруу мамлекет тарабынан камсыз кылынат.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн иш боюнча маалыматтарды алуу максатында ачык соттук жыйналышка катышуусу маалыматты издөөнүн жана алуунун мыйзамдуу ыкмасы болуп саналат.

4. Соттук териштирүүнүн жүрүшүн үн жазуу каражаттарынын жардамы менен жазууга, кино- жана фотосүрөт тартууга, видеожазууга, түз радио- жана телеберүүгө процесстик мыйзамда каралган тартипте жол берилет.

(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

7-берене. Соттордогу сот өндүрүшүнүн тили

 

1. Кыргыз Республикасынын сотторунда сот өндүрүшү мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт.

2. Ишке катышкан, сот өндүрүшү жүргүзүлүп жаткан тилди билбеген адамдар эне тилинде билдирүү жасоо, көрсөтмө берүү, өтүнмө билдирүү, иштин бардык материалдары менен таанышуу, сотто чыгып сүйлөө жана котормочунун кызматынан пайдалануу укугу менен камсыз кылынат.

 

8-берене. Сот адилеттигин жүргүзүүгө жарандардын катышуусу

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

9-берене. Сот актыларынын милдеттүүлүгү

 

1. Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актылары, ошондой эле соттордун мыйзамдуу тескемелери, талаптары, тапшырмалары, чакырыктары жана башка кайрылуулары, алаланбастан бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, жарандардын бирикмелери жана башка уюмдар, жеке жана юридикалык жактар үчүн милдеттүү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында сөзсүз аткарылууга жатат.

2. Сот актысын аткарбай коюу, талаптагыдай эмес аткаруу же сот актыларын аткарууга тоскоолдук кылуу, ошондой эле соттордун ишине кийлигишүү мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке кириптер кылат.

3. Башка мамлекеттердин, эл аралык соттордун жана арбитраждардын сот актылары Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда же Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык аткарылышы керек.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

10-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку соттун Конституциялык палатасына суроо-талап

 

1. (КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Эгерде кандай гана соттук инстанцияда болбосун иш каралганда, иштин чечилишине байланыштуу болгон мыйзамдын же дагы башка ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу тууралу маселе келип чыкса, анда сот, судья Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) суроо-талап жөнөтөт.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

11-берене. Жогорку Сотунун жана жергиликтүү соттордун ишинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорун колдонуу тартиби

 

1. Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор ээлеп турган имараттарда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу илинет.

2. Жогорку Сотунун жана жергиликтүү соттордун жыйналыш залдарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жайгаштырылат.

3. Жогорку Сотунун жана жергиликтүү соттордун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү болот.

 

II БӨЛҮМ

ЖОГОРКУ СОТУ

 

12-берене. Жогорку сот

 

1. Жогорку сот жарандык, жазык, экономикалык, административдик жана башка иштер боюнча жогорку сот органы болуп саналат.

Жогорку соттун курамында Конституциялык палата иштейт.

Конституциялык палатанын судьялары Жогорку соттун пленумуна кирбейт.

2. Конституциялык палатанын ыйгарым укуктары, курамы жана аны түзүүнүн, Конституциялык палатанын төрагасын, төраганын орун басарларын шайлоонун жана бошотуунун тартиби, ошондой эле конституциялык сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруунун тартиби конституциялык мыйзамда аныкталат.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

13-берене. Жогорку соттун курамы жана түзүмү

 

1. Жогорку сот Жогорку соттун төрагасынан, төраганын 3 орун басарынан жана 31 судьядан турат.

Төраганын орун басарлары соттук коллегиялардын төрагалары болуп саналат.

Жогорку соттун судьяларынын санын өзгөртүүгө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин (мындан ары - Судьялар кеңеши) сунушу боюнча гана жол берилет.

2. Жогорку сотто төмөнкүдөй түзүмдөр иштейт:

- Пленум;

- жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегия;

- жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегия;

- административдик иштер боюнча соттук коллегия.

3. Соттук коллегияларда соттук иштерди карап чыгуу үчүн 3 судьядан турган соттук курамдар түзүлөт.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39, 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

14-берене. Жогорку Сотунун ыйгарым укуктары

 

1. Жогорку Сот процесстин катышуучуларынын даттануулары боюнча жергиликтүү соттордун сот актыларын кайра кароону кассациялык тартипте жүзөгө ашырат.

2. Жогорку Соту:

1) кассациялык тартипте сот иштерин жана материалдарды кайра карайт (карайт);

11) жаңы же жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча иштерди кайра карайт;

2) сот тажрыйбасын иликтейт жана жалпылайт, сот статистикасын

жүргүзөт;

3) Конституциялык палатанын карамагына берилген ыйгарым укуктарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнө берилген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39, 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

15-берене. Жогорку Сотунун Пленуму

 

1. Жогорку Сотунун Пленуму Жогорку Сотунун төрагасынан, Жогорку Сотунун төрагасынын орун басарларынан жана судьяларынан турат.

2. Жогорку Сотунун Пленуму:

1) сот тажрыйбасын жана жалпылоо материалдарын карайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын колдонуу боюнча сот тажрыйбасынын маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү берет;

2) жергиликтүү соттордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын колдонуусу боюнча материалдарды карайт;

3) адистешүүнү эске алуу менен, соттук коллегиялардын жекече курамын шайлайт;

Караңыз:

Жашырын добуш берүүнү өткөрүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2003-жылдын 2-августундагы № 8 токтому менен бекитилген);

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегияларынын төрагаларын жана соттук коллегияларынын жеке курамын шайлоо жөнүндө КР Жогорку Сотунун пленумунун токтому

4) Жогорку Сотунун төрагасынын сунуштамасы боюнча, ошондой эле ал жөнүндө жобону бекитет Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы илимий-консультациялык кеңештин курамын шайлайт;

5) Жогорку Сотунун судьяларынын ичинен Жогорку соттун төрагасынын сунуштамасы боюнча Жогорку Сотунун Пленумунун катчысын шайлайт;

6) (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-июнундагы № 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык алып салынды)

7) Жогорку Сотунун ички ишинин маселелери боюнча Жогорку Сотунун Регламентин кабыл алат;

8) соттук коллегиянын иши жөнүндө Жогорку Сотунун соттук коллегияларынын төрагаларын угат;

9) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын билдирүүсүн угат;

10) сотторду уюштуруунун жана иштеринин башка маселелерин карайт;

11) судьяларга илимий негизделген жүк ченемдерин бекитет.

3. Жогорку Сотунун Пленуму Жогорку Сотунун төрагасы тарабынан зарылчылыкка жараша, бирок жылына кеминде 2 жолу чакырылат.

4. Жогорку сотунун Пленумунун жыйналыштары Жогорку сотунун судьяларынын курамынын кеминде үчтөн экиси бар болгон учурда укуктуу.

5. Жогорку Сотунун Пленуму өзүнүн жыйналыштарында жалпы курамдын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү менен токтом кабыл алат.

Жогорку соттун Пленумунун токтому Кыргыз Республикасынын соттору үчүн милдеттүү болуп саналат.

Сот тажрыйбасын иликтөө жана жалпылоо материалдарын кароонун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын колдонуу боюнча сот тажрыйбасынын маселелери боюнча алуучу түшүндүрмөлөрдү берүүнүн тартиби Жогорку соттун регламентинде аныкталат.

6. Жогорку Сотунун Пленумунун токтомдоруна Жогорку Сотунун төрагасы (же төрагалык кылуучу) жана Жогорку Сотунун Пленумунун катчысы кол коет.

7. Жогорку соттун Пленумунун жыйналыштарына Конституциялык палатанын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана Кыргыз Республикасынын юстиция министри катышууга укуктуу.

8. Жогорку соттун төрагасы Жогорку соттун Пленумунун жыйналышына жергиликтүү соттордун судьяларын, Жогорку соттун алдындагы Илимий-консультациялык кеңештин мүчөлөрүн жана башка адамдарды чакыра алат.

(КР 2007-жылдын 7-майындагы № 69, 2008-жылдын 23-июнундагы № 134, 2011-жылдын 13-июнундагы № 39, 2016-жылдын 30-июлундагы № 154, 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

16-берене. Жогорку Сотунун президиуму

(КР 2007-жылдын 7-майындагы № 69 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

 

17-берене. Жогорку Сотунун соттук коллегиялары

               

1. Соттук коллегиялардын жекече курамы Жогорку соттун судьяларынын ичинен, Жогорку соттун Пленуму тарабынан шайланат.

2. Жогорку соттун соттук коллегияларын соттук коллегиялардын төрагалары - Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары башкарат.

3. Зарылчылык болгон учурда Жогорку Сотунун төрагасы бир соттук коллегиянын судьяларын башка соттук коллегиянын курамындагы ишти кароого тартууга укуктуу.

4. Соттук коллегия төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

1) процесстик мыйзамдарда каралган учурларда жана тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын кассациялык тартипте кайра кароону;

2) процесстик мыйзамдарда каралган учурларда, жаңы же жаңыдан кассациялык тартипте ачылган жагдайлар боюнча өздөрү кабыл алган сот актыларын кайра кароону.

Көңүл буруңуздар!

КР 2007-жылдын 1-июнундагы № 76 Мыйзамы менен ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 4-пунктунун 2-пунктчасына киргизген толуктоо, КР 2007-жылдын 23-октябрындагы № 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту

5. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-июнундагы № 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык алып салынды)

(КР 2004-жылдын 10-июлундагы № 85, 2007-жылдын 1-июнундагы № 76, 2008-жылдын 23-июнундагы № 134, 2011-жылдын 13-июнундагы № 39, 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

18-берене. Жогорку Сотунун актылары

 

1. Жогорку Сотунда түзүлүүчү соттук коллегиялар өз чечимдерин токтом жана аныктама түрүндө кабыл алат.

2. Жогорку Соттун кассациялык тартипте каралган иштер боюнча соттук коллегияларынын токтомдору акыркы чечим болуп саналат жана даттанууга жатпайт, алар кабыл алынганда токтоосуз мыйзамдуу күчүнө кирет жана процесстик жана башка мыйзамдарда каралган тартипте аткарылат.

(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

19-берене. Жогорку Сотунун жеке аныктамасы

 

1. Иш боюнча токтом кабыл алуу менен бир эле учурда Жогорку Соту зарыл учурларда жеке аныктама аркылуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын жетекчилеринин жана башка кызмат адамдарынын көңүлүн иш боюнча белгиленген мыйзамды бузуу фактыларына, укук бузууга түрткү болгон себептерге жана шарттарга бурат.

2. Аталган адамдар жеке аныктама боюнча өздөрү көргөн чаралар жөнүндө Жогорку Сотуна бир айдын ичинде билдирүүгө милдеттүү.

3. (КР 2016-жылдын 5-августундагы № 165 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2008-жылдын 23-июнундагы № 134, 2011-жылдын 13-июнундагы № 39, 2016-жылдын 5-августундагы № 165 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

191-берене. Жогорку соттун төрагасын, төраганын орун басарларын шайлоонун тартиби

 

1. Жогорку соттун төрагасы, төраганын орун басарлары өз курамынан, Жогорку соттун судьяларынын чогулушу тарабынан 3 жылдык мөөнөткө шайланат.

Бир эле адам Жогорку соттун төрагасы, төраганын орун басары болуп эки мөөнөткө катары менен шайлана албайт.

2. Жогорку соттун төрагасын, төраганын орун басарларын шайлоо боюнча судьялар чогулушу Жогорку соттун судьяларынын жалпы курамынын үчтөн экиден кем эмеси болгондо ыйгарым укуктуу болуп эсептелет.

Жогорку соттун судьясы добуш берүүдө калыс калууга укуксуз.

3. Судьялардын чогулушуна катышкандардын санынын көпчүлүгү добуш берген судья тиешелүү кызмат ордуна шайланган болуп эсептелет.

Добуш берүүнүн тартиби Жогорку соттун Регламентинде аныкталат.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39, 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

Көңүл буруңуздар! Бул берененин жобосу Жогорку соттун курамын 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Конституциянын талаптарына ылайык түзгөн күндөн тартып күчүнө кирет (КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамынын 2-берененин 2-абзацын караңыз)

 

19-2-берене. Жогорку соттун төрагасын, төраганын орун басарларын ээлеген кызмат орундарынан бошотуу үчүн негиздер жана алардын ыйгарым укуктарын токтотуу

 

1. Жогорку соттун төрагасы, төраганын орун басарлары өз кызмат орундарынан өз каалоолору боюнча бошотулат.

2. Жогорку соттун төрагасынын, төраганын орун басарларынын ыйгарым укуктары, алар шайланган мөөнөт аяктаган учурда, кызмат орундарынан мөөнөтүнөн мурда бошотулганда, Жогорку соттун судьясы катары ыйгарым укуктары токтотулганда токтотулат.

3. Жогорку соттун төрагасын, төраганын орун басарларын шайлоо, бошотуу же алардын ыйгарым укуктарын токтотуу судьялар чогулушунун чечими менен жол-жоболонот.

4. Жогорку соттун төрагасын, төраганын орун басарларын кызмат орундарынан бошотуу же алардын ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн ушул берененин 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер толук жетиштүү болуп саналат.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

Көңүл буруңуздар! Бул берененин жобосу Жогорку соттун курамын 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Конституциянын талаптарына ылайык түзгөн күндөн тартып күчүнө кирет (КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамынын 2-берененин 2-абзацын караңыз)

 

20-берене. Жогорку Сотунун төрагасы

 

Жогорку Сотунун төрагасы судья болуп саналат жана судьянын милдеттерин аткаруу менен катар:

1) Жогорку Сотунун ишин уюштурат, төраганын орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;

2) Жогорку Сотунун соттук коллегияларында, соттук жыйналыштарында жана Пленумунда төрагалык кылууга укуктуу;

3) соттук курамдарды түзүү жана судьялардын ортосунда иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрүү боюнча автоматташтырылган тутумдун иштешин камсыз кылат, ал эми автоматташтырылган тутум техникалык жактан оң эмес болгон учурда, өз алдынча соттук курамдарды түзөт жана иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрөт;

4) соттук тажрыйбаны жалпылоо үчүн сот иштерин суратып алууга укуктуу;

5) (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-июнундагы № 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык алып салынды)

6) (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-июнундагы № 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык алып салынды)

7) зарыл учурларда Жогорку Сотунун бир соттук коллегияларынын судьяларын башка соттук коллегиялардын курамындагы иштерди кароого тартат;

71) зарыл болгон учурда жергиликтүү сотто ушул соттогу судьянын милдеттерин аткарууну 6 айдан ашпаган мөөнөткө башка бир соттун судьясына жүктөшү мүмкүн;

8) Жогорку Сотунун уюштуруу маселелери боюнча иш планын бекитет;

9) Жогорку Сотунун аппаратына жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;

10) Жогорку соттун судьялар чогулушунун макулдугу менен Жогорку соттун аппарат жетекчисин кызмат ордуна дайындайт;

10-1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Жогорку соттун аппарат жетекчисин кызмат ордунан бошотот;

11) Жогорку Сотунда жана жергиликтүү соттордо иш кагаздарын жүргүзүү боюнча нускоону, Жогорку Сотунун аппараты жөнүндө Жобону бекитет;

12) белгиленген тартипте эл аралык байланыштарды жүзөгө ашырат, мамлекеттик, коомдук, эл аралык жана башка уюмдар менен болгон мамилелерде Жогорку Сотунун жана жергиликтүү соттордун өкүлү болот;

13) Жогорку Сотунун соттук коллегияларынын ишин координациялайт;

13-1) материалдарды Жогорку соттун Пленумунун кароосуна киргизет;

13-2) Жогорку соттун алдындагы Илимий-консультативдик кеңештин курамын бекитүү үчүн Жогорку соттун Пленумуна сунуштайт;

13-3) Судьялар кеңешинин макулдугу менен, Жогорку соттун алдындагы жергиликтүү соттордун ишин камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жетекчисин кызмат ордуна дайындайт жана бошотот. Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси анын жылдык отчетун кароонун жыйынтыктары боюнча, Судьялар кеңешинин сунуштамасы боюнча кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн;

13-4) Судьялар кеңешинин макулдугу менен, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин жетекчисин кызмат ордуна дайындайт жана бошотот. Сот адилеттигинин жогорку мектебинин жетекчиси анын жылдык отчетун кароонун жыйынтыктары боюнча, Судьялар кеңешинин сунуштамасы боюнча кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн;

13-5) ишти экинчи инстанциядагы сотто кароо мүмкүнчүлүгү болбогон учурда, ишти ошол эле деңгээлдеги башка сотко берет;

136) Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьясынын аракеттерине (аракетсиздигине) карата сунуштама менен Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына кайрылат;

137) Судьялар кеңешинин макулдугу менен аткаруу документтеринин аткарылышын жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисин кызмат ордуна дайындайт жана бошотот;

14) Кыргыз Республикасынын судьяларынын жана жергиликтүү соттордун ишин уюштуруу маселелери боюнча буйруктарды чыгарат;

15) жарандарды кабыл алат, сот өндүрүшүндө турган иштер жана материалдар боюнча арыздарды жана даттанууларды кошпогондо, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын карайт;

16) мыйзамдарга жана Жогорку Сотунун Регламентине ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

(КР 2004-жылдын 10-июлундагы № 85, 2006-жылдын 7-июлундагы № 105, 2007-жылдын 7-майындагы № 69, 2008-жылдын 23-июнундагы № 134, 2011-жылдын 13-июнундагы № 39, 2017-жылдын 28-июлундагы № 149, 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

20-1-берене. Жогорку сотунун төрагасынын биринчи орунбасары (коллегиянын төрагасы)

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

21-берене. Жогорку Сотунун төрагасынын орун басары

               

Жогорку Сотунун төрагасынын орунбасары судья болуп саналат жана судьянын милдеттерин аткаруу менен катар:

1) сот жыйналыштарында төрагалык кылат;

2) соттук курамдарды түзүү жана судьялардын ортосунда иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрүү боюнча автоматташтырылган тутумдун иштешин камсыз кылат, ал эми автоматташтырылган тутум техникалык жактан оң эмес болгон учурда, Жогорку соттун төрагасынын тапшырмасы боюнча соттук курамдарды түзөт жана иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрөт;

3) Жогорку Соттун төрагасы жок учурда анын тапшырмасы боюнча Жогорку Соттун төрагасынын укуктарын жана милдеттерин аткарат, эгер мындай тапшырманы берүүгө мүмкүнчүлүк болбосо, Жогорку Соттун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүктөө жөнүндө чечимди судьялар жыйналышы чыгарат;

4) милдеттердин бөлүштүрүлгөнүнө ылайык, соттук коллегиялардын жумушун уюштурат, ошондой эле Жогорку соттун аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн ишин көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;

5) сот статистикасын жүргүзүү, сот тажрыйбасын иликтөө жана жалпылоо боюнча ишти уюштурат;

6) тиешелүү документтерди Жогорку Сотунун Пленумунда кароо үчүн алардын судьялар тарабынан даярдалышын камсыз кылат;

7) Жогорку Сотунун Пленумуна соттук коллегиялардын иши жөнүндө маалымат берет;

8) жарандарды кабыл алат, сот өндүрүшүндө турган иштер жана материалдар боюнча арыздарды жана даттанууларды кошпогондо, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын карайт;

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

(КР 2008-жылдын 23-июнундагы № 134, 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

22-берене. Жогорку Сотунун судьясы

 

Жогорку Сотунун судьясы:

1) Жогорку Сотунун сот жыйналыштарына катышат;

2) автоматташтырылган бөлүштүрүү жолу менен келип түшкөн соттук иштерди жана материалдарды баяндайт, аларды кароонун натыйжалары боюнча алар боюнча сот актыларын даярдайт;

21) автоматташтырылган тутум бузук болгон учурда Жогорку Соттун төрагасынын же анын орун басарларынын тапшырмасы боюнча сот иштерин жана материалдарды баяндайт, аларды кароонун натыйжалары боюнча алар боюнча сот актыларын даярдайт;

3) сот тажрыйбасын иликтейт жана жалпылайт, соттук статистиканы талдайт;

4) Жогорку Сотунун төрагасынын же анын орун басарынын тапшыруусу боюнча сот жыйналыштарында төрагалык кылат;

5) сот өндүрүшүндө турган иштер жана материалдар боюнча арыздарды жана даттанууларды кошпогондо, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын карайт;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

(КР 2008-жылдын 23-июнундагы № 134, 2011-жылдын 13-июнундагы № 39, 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

23-берене. Жогорку Соту тарабынан Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринен жана макулдашууларынан келип чыккан маселелердин чечилиши

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

24-берене. Жогорку соттун бюллетени

 

Жогорку соттун Пленумунун жыйналыштары жөнүндө маалыматтар, анын соттук иш тажрыйба маселелери боюнча чечмелөөлөрү менен токтомдору, соттук коллегиялардын чечимдери, соттук иш тажрыйба баяндамалары, соттук статистиканын талдоолору жана башка материалдар жарыяланган "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Бюллетени" Жогорку соттун расмий басылмасы болуп саналат.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39, 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

241-берене. Жогорку Соттун ыйгарым укуктуу органдары

 

1. Жогорку Соттун алдында жергиликтүү соттордун жана аткаруу документтеринин аткарылышын жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин уюштуруучулук, материалдык-техникалык жана башка камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу орган иштейт.

2. Мыйзамдарда каралган аткаруу документтеринин аткарылышын камсыз кылуу Жогорку Соттун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Ушул берененин 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн органдардын уюштурулушу жана иши Жогорку Соттун төрагасы тарабынан бекитилген жоболордо аныкталат.

(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

242-берене. Сот адилеттигинин жогорку мектеби

1. Сот адилеттигинин жогорку мектеби Жогорку соттун алдында иштейт жана өз ишин Конституцияга, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, ушул Мыйзамга, ошондой эле сот тутумунун ишин жөнгө салуучу мыйзамдарга, Судьялар кеңешинин макулдугу менен Жогорку соттун төрагасы тарабынан бекитилген уставга ылайык жүзөгө ашырат.

Сот адилеттигинин жогорку мектебине жогорку кесиптик билим берүү жөнүндө мыйзамдар жайылтылбайт.

2. Сот адилеттигинин жогорку мектеби судьялардын, соттордун аппараттарынын жана ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну, жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлерди тестирлөө жүргүзүүнү уюштурууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик мекеме болуп саналат.

Сот адилеттигинин жогорку мектебинде окутуу процессинин сапатын контролдоо Судьялар кеңеши тарабынан жүзөгө ашырылат.

(КР 2016-жылдын 5-августундагы № 165 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

24-3-берене. Жогорку соттун алдындагы Илимий-консультативдик кеңеш

 

Жогорку соттун алдындагы Илимий-консультативдик кеңеш - соттук иш тажрыйба маселелери боюнча илимий негизделген сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн кеңеш берүүчү орган.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

244-берене. Сот актыларынын мамлекеттик реестри

1. Соттук актылардын электрондук көчүрмөлөрүн жыйноонун, сактоонун, коргоонун, эсепке алуунун, издөөнүн жана берүүнүн автоматташтырылган тутуму сот актыларынын мамлекеттик реестри болуп саналат.

2. Ыйгарым укуктуу орган сот актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүүнү жана эсепке алууну жүзөгө ашырат.

(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

III БӨЛҮМ
ЖЕРГИЛИКТҮҮ СОТТОР

 

25-берене. Жергиликтүү соттордун тутуму

 

1. Жергиликтүү соттордун тутумун төмөнкүлөр түзөт:

1) биринчи инстанциядагы соттор (райондук соттор, шаардагы райондук соттор, шаардык соттор, административдик соттор);

2) экинчи инстанциядагы соттор (облустук соттор, Бишкек шаардык соту).

2. Жергиликтүү сотторду түзүү, кайра түзүү жана жоюу, жергиликтүү соттордун судьяларынын санын өзгөртүү мыйзам менен гана жүзөгө ашырылат. Жергиликтүү сотторду жоюуда, алардын карамагына берилген сот адилеттигин жүзөгө ашыруу маселелери башка соттордун юрисдикциясына берилет. Жоюлган соттордун судьяларынын штаттык бирдиктери башка сотторго берилет, ал эми судьялар аларга ротациялоо тартибинде которулат.

3. Жергиликтүү соттордун судьяларынын санын өзгөртүүгө Судьялар кеңешинин сунушу боюнча гана жол берилет.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39, 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217, 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

1-глава
Экинчи инстанциядагы соттор

 

(Главанын аталышы КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

26-берене. Областтык жана ага теңештирилген сотторду түзүү

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

27-берене. Экинчи инстанциядагы соттун түзүмү жана курамы

 

1. Экинчи инстанциядагы сот төрагадан, анын орунбасарларынан, судьялардан турат.

Экинчи инстанциядагы сотто төмөнкүдөй түзүмдөр иштейт:

- жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегия;

- жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегия;

- администрациялык иштер боюнча соттук коллегия.

2. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-июнундагы № 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык алып салынды)

(КР 2004-жылдын 10-июлундагы № 85, 2008-жылдын 23-июнундагы № 134, 2011-жылдын 13-июнундагы № 39, 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

28-берене. Экинчи инстанциядагы соттун ыйгарым укуктары

 

Экинчи инстанциядагы сот:

1) апелляциялык тартипте, биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кире элек сот актыларын кайра кароону жүзөгө ашырат;

11) (КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2) процесстик мыйзамдарда каралган учурларда, өзү кабыл алган соттук актыларын жаңы же жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра карайт;

3) (КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4) иш кагаздарын жүргүзөт, сот тажрыйбасын иликтейт жана жалпылайт, иштердин жүрүшүнүн жана алардын сотто каралышынын мөөнөттөрүнүн эсебин жүргүзөт, соттук материалдардын сакталышын камсыз кылат, сот статистикасын жүргүзөт;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

(КР 2004-жылдын 10-июлундагы № 85, 2007-жылдын 1-июнундагы № 76, 2011-жылдын 13-июнундагы № 39, 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

29-берене. Экинчи инстанциядагы соттун президиуму

(КР 2004-жылдын 10-июлундагы № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык алынып салынган)

 

30-берене. Экинчи инстанциядагы соттун соттук коллегиясы

 

1. Жазык, жарандык, администрациялык, экономикалык жана дагы башка иштерди кароо үчүн экинчи инстанциядагы сотто тиешелүү соттук коллегиялар түзүлөт.

2. (КР 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Соттук коллегиялардын жекече курамы, адистешүүнү эске алуу менен, экинчи инстанциядагы соттун судьяларынын чогулушунда шайланат.

4. Зарыл учурларда экинчи инстанциядагы соттун төрагасы бир соттук коллегиянын судьяларын башка соттук коллегиясындагы иштерди кароого тартууга укуктуу.

5. Экинчи инстанциядагы соттордун төрагаларынын орун басарлары кызматы боюнча соттук коллегиялардын төрагасы болуп саналышат.

6. Экинчи инстанциядагы соттун соттук коллегиясында иштер процесстик мыйзамдарга ылайык жана да тартипте үч судьянын курамында каралат.

7. Соттук коллегия төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

1) апелляциялык инстанциядагы сот катары биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кире элек сот актыларын кайра кароону;

2) (КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2004-жылдын 10-июлундагы № 85, 2011-жылдын 13-июнундагы № 39, 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217, 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

31-берене. Экинчи инстанциядагы соттун төрагасы

 

Экинчи инстанциядагы соттун төрагасы судья болуп саналат жана судьянын милдеттерин аткаруу менен катар:

1) төраганын орун басарларынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт;

2) зарыл болгондо соттук коллегиялардын соттук жыйналыштарына төрагалык кылат;

3) соттук курамдарды түзүү жана судьялардын ортосунда иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрүү боюнча автоматташтырылган тутумдун иштешин камсыз кылат, ал эми автоматташтырылган тутум техникалык жактан оң эмес болгон учурда, өз алдынча соттук курамдарды түзөт жана иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрөт;

4) соттун аппаратынын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат, ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине төмөнкү сунуштарды берет:

- соттун аппаратынын мамлекеттик кызматчысын дайындоо жана бошотуу жөнүндө;

- соттун аппаратынын мамлекеттик кызматчыларына класстык чиндерди ыйгаруу жөнүндө;

- соттун аппаратынын мамлекеттик кызматчыларына карата сыйлоо жана тартиптик жазалоо чараларын көрүү жөнүндө;"

5) судьялардын жана соттун аппаратынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча ишти уюштурат;

6) сот тажрыйбасын иликтөө жана жалпылоо боюнча ишти уюштурат;

7) жарандарды кабыл алуу жана сот өндүрүшүндө турган иштер жана материалдар боюнча арыздарды жана даттанууларды кошпогондо, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча соттун ишин уюштурат;

8) мамлекеттик жана дагы башка органдар жана уюмдар менен мамилелерде соттун өкүлү болот;

9) (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-июнундагы № 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык алып салынды)

9-1) ишти биринчи инстанциядагы сотто кароо мүмкүн болбогон учурда, ишти ошол эле деңгээлдеги башка сотко берет;

92) экинчи жана биринчи инстанциялардагы соттордун судьяларынын аракеттерине (аракетсиздигине) карата сунуштама менен Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына кайрылат;

10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

(КР 2004-жылдын 10-июлундагы № 85, 2008-жылдын 23-июнундагы № 134, 2011-жылдын 13-июнундагы № 39, 2017-жылдын 28-июлундагы № 149 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

32-берене. Экинчи инстанциядагы соттун соттук коллегиясынын төрагасы

 

1. Соттук коллегиянын төрагасы - экинчи инстанциядагы соттун төрагасынын орун басары судья болуп саналат жана судьянын милдеттерин аткаруу менен катар:

1) соттук коллегиянын сот жыйналыштарында төрагалык кылат;

2) милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык соттук коллегиянын жана соттун аппаратынын ишине жетекчилик кылат;

3) соттук курамдарды түзүү жана судьялардын ортосунда иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрүү боюнча автоматташтырылган тутумдун иштешин камсыз кылат, ал эми автоматташтырылган тутум техникалык жактан оң эмес болгон учурда, соттун төрагасынын тапшырмасы боюнча соттук курамдарды түзөт жана иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрөт;

4) жарандарды кабыл алат жана сот өндүрүшүндө турган иштер жана материалдар боюнча арыздарды жана даттанууларды кошпогондо, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын карайт;

5) соттук коллегиянын иши жөнүндө маалымат берет;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

2. Соттун төрагасы жок кезде соттун төрагасынын ыйгарым укуктарын анын тапшыруусу боюнча төраганын орун басарларынын бири жүзөгө ашырат, ал эми мындай тапшырманы берүүгө мүмкүн болбогон учурда, соттун төрагасынын ыйгарым укуктарын төраганын орун басарларынын бирине жүктөө жөнүндө чечимди соттун судьяларынын чогулушу кабыл алат.

(КР 2008-жылдын 23-июнундагы № 134, 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

321-берене. Экинчи инстанциядагы соттун судьясы

 

Экинчи инстанциядагы соттун судьясы:

1) соттук коллегиялардын соттук курамдарынын соттук жыйналыштарына катышат;

2) автоматташтырылган бөлүштүрүү жолу менен келип түшкөн сот иштерин жана материалдарды баяндайт, аларды кароонун натыйжалары боюнча алар боюнча сот актыларын даярдайт;

21) автоматташтырылган тутум бузук болгон учурда төраганын же анын орун басарларынын тапшырмасы боюнча сот иштерин жана материалдарын баяндайт, аларды кароонун натыйжалары боюнча алар боюнча сот актыларын даярдайт;

3) соттук иш тажрыйбаны изилдейт жана жалпылайт, сот статистикасын талдайт;

4) соттун төрагасынын же анын орун басарынын тапшыруусу боюнча соттук жыйналыштарда төрагалык кылат;

5) сот өндүрүшүндө турган иштерге жана материалдарга карата арыздарды жана даттанууларды кошпогондо, жарандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын карайт;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39, 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

32-2-берене. Экинчи инстанциядагы соттун төрагасын, төраганын орун басарларын шайлоонун жана бошотуунун тартиби

 

1. Экинчи инстанциядагы соттун судьялары өз курамынын ичинен төраганы, төраганын орун басарларын 3 жылдык мөөнөткө шайлайт.

Бир эле судья ошол эле сотто соттун төрагасы, төраганын орун басары болуп эки мөөнөткө катары менен шайлана албайт.

2. Экинчи инстанциядагы соттун төрагасын, төраганын орун басарларын шайлоо, бошотуу же ыйгарым укуктарын токтотуу тиешелүүлүгүнө жараша, ушул Мыйзамдын 19-1 жана 19-2-беренелеринде белгиленген эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

2-глава
Биринчи инстанциядагы соттор

(Главанын аталышы КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

33-берене. Райондук жана ага теңештирилген сотторду түзүү

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

34-берене. Биринчи инстанциядагы сот курамы

 

1. Биринчи инстанциядагы соттор соттун төрагасынан жана судьялардан турат.

2. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-июнундагы № 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык алып салынды)

(КР 2008-жылдын 23-июнундагы № 134, 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

35-берене. Биринчи инстанциядагы соттун ыйгарым укуктары

 

1. (КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Биринчи инстанциядагы сот:

1) жарандык, кылмыш-жазык, экономикалык, административдик иштерди, жоруктар жөнүндө иштерди, ошондой эле башка иштерди жана материалдарды карайт;

2) ушул сот тарабынан кабыл алынган, мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларына жаңы же жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра карайт (карайт);

3) мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын аткартат;

4) иш кагаздарын жана сот статистикасын жүргүзөт, соттук иш тажрыйбаны иликтейт жана жалпылайт, иштердин кыймылын жана алардын сотто каралыш мөөнөттөрүнүн эсебин жүргүзөт, соттук материалдардын сакталышын камсыз кылат;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

3. Биринчи инстанциядагы соттордун судьялары иштерди жеке өздөрү карашат, ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган учурларда жана тартипте сот адилеттигин аткарууга Кыргыз Республикасынын жарандары да катышууга укуктуу.

(КР 2004-жылдын 10-июлундагы № 85, 2007-жылдын 1-июнундагы № 76, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2011-жылдын 13-июнундагы № 39, 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

36-берене. Биринчи инстанциядагы соттун төрагасы

 

1. Биринчи инстанциядагы соттун төрагасы судья болуп саналат жана судьянын милдеттерин аткаруу менен катар:

1) сот иштерин карайт;

2) судьялардын ортосунда иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрүү боюнча автоматташтырылган тутумдун иштешин камсыз кылат, ал эми автоматташтырылган тутум техникалык жактан оң эмес болгон учурда, иштерди жана соттук материалдарды өз алдынча бөлүштүрөт;

3) жарандарды кабыл алуу жана сот өндүрүшүндө турган иштер жана материалдар боюнча арыздарды жана даттанууларды кошпогондо, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча соттун ишин уюштурат;

4) соттун аппаратынын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат, ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине төмөнкү сунуштарды киргизет:

- соттун аппаратынын мамлекеттик кызматчыларын дайындоо жана бошотуу жөнүндө;

- соттун аппаратынын мамлекеттик кызматчыларына класстык чиндерди ыйгаруу жөнүндө;

- соттун аппаратынын мамлекеттик кызматчыларына карата сыйлоо жана тартиптик жазалоо чараларын көрүү жөнүндө;

- соттук аткаруучуларга карата сыйлоо жана тартиптик жаза чарасын колдонуу жөнүндө;

5) сот статистикасын жүргүзүүнү уюштурат;

6) (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-июнундагы № 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык алып салынды)

7) соттун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча ишти уюштурат;

8) (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-июнундагы № 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык алып салынды)

81) судьялардын аракеттерине (аракетсиздигине) карата сунуштама менен Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына кайрылат;

82) тергөө судьясынын ыйгарым укуктарын аткарууну бир жылдык мөөнөткө чейин ушул эле соттун башка судьясына жүктөйт;

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

2. Соттун төрагасы болбогондо төраганын милдеттерин аткаруу анын тапшыруусу боюнча ушул эле соттун башка судьясына жүктөлөт, ал эми андай тапшырма берүү мүмкүн болбогондо, соттун төрагасынын ыйгарым укуктарын судьялардын бирине жүктөө жөнүндө чечимди судьялардын чогулушу кабыл алат.

3. Эки судьядан турган биринчи инстанциядагы сотто төраганын милдеттерин аткаруу ал болбогон бардык учурларда берки судьяга жүктөлөт.

4. (КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. (КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-июнундагы № 134, 2011-жылдын 13-июнундагы № 39, 2017-жылдын 28-июлундагы № 149, 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

36-1-берене. Биринчи инстанциядагы соттун судьясы

 

Биринчи инстанциядагы соттун судьясы:

1) соттук иштерди жана материалдарды карайт;

2) соттун төрагасынын тапшыруусу же судьялар чогулушунун чечими боюнча, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган учурларда төраганын милдеттерин аткарат;

3) соттук иш тажрыйбаны иликтейт жана жалпылайт, сот статистикасын талдайт;

4) сот өндүрүшүндө турган иштерге жана материалдарга карата арыздарды жана даттанууларды кошпогондо, жарандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын карайт;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

36-2-берене. Биринчи инстанциядагы соттун төрагасын шайлоо тартиби

 

1. Биринчи инстанциядагы соттун судьяларынын чогулушу (мындан ары - судьялардын чогулушу) өз курамынан соттун төрагасын 3 жылдык мөөнөткө шайлайт.

Бир эле судья ошол эле соттун төрагасы болуп эки мөөнөткө катары менен шайлана албайт.

2. Биринчи инстанциядагы соттун төрагасын шайлоо, бошотуу же ыйгарым укуктарын токтотуу, тиешелүүлүгүнө жараша ушул Мыйзамдын 19-1 жана 19-2-беренелеринде белгиленген эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат.

3. Биринчи инстанциядагы соттун төрагасы ушул Мыйзамда каралган эрежелер боюнча шайланбай калган учурда, соттун төрагасынын кызмат орду судьялык жумушта көбүрөөк стажы бар судья тарабынан айкалыштырылат.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

IV БӨЛҮМ

ЖОГОРКУ СОТУНУН ЖАНА

ЖЕРГИЛИКТҮҮ СОТТОРДУН ИШИН КАМСЫЗ КЫЛУУ

 

37-берене. Жогорку сотунун жана жергиликтүү соттордун ишин финансылык жактан камсыз кылуу

1. Мамлекет Жогорку сотунун жана жергиликтүү соттордун иштеши үчүн каржылоону жана тиешелүү шарттарды камсыз кылат.

2. Жогорку соту кезектеги финансы жылына Жогорку сотун каржылоого тиешелүү бөлүгү боюнча бюджеттин долбоорун иштеп чыгат.

3. Ыйгарым укуктуу орган кезектеги финансы жылына жергиликтүү соттордун ар биринин табыштамалары боюнча бюджеттин долбоорун иштеп чыгат.

4. Жогорку сотунун жана жергиликтүү соттордун бюджеттеринин долбоорлору Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу үчүн Судьялар кеңешине жөнөтүлөт.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Судьялар кеңешинин сунушуна өзгөртүү киргизбестен республикалык бюджеттин долбооруна кошот жана пикир келишпестиктер келип чыккан учурда өзүнүн корутундусун тиркейт.

6. Жогорку сотун жана жергиликтүү сотторун каржылоонун мыйзамда каралган бюджеттик каражаттарынын өлчөмүн кезектеги финансы жылында азайтууга жол берилбейт.

7. Судьялар кеңешинин төрагасы Жогорку Кеңешинде республикалык бюджеттин долбоорун талкуулоого тикелей катышат.

8. Кыргыз Республикасынын соттору республикалык бюджетте каралган акча каражаттарын өзалдынча тескешет.

9. (КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2007-жылдын 7-майындагы № 69, 2011-жылдын 13-июнундагы № 39, 2019-жылдын 17-майындагы № 64 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

   

38-берене. Жогорку сотунун ишин уюштуруу жагынан камсыз кылуу

 

1. Жогорку сотунун жергиликтүү соттордун сот актыларын кайра кароо, ошондой эле мыйзам менен Жогорку сотунун карамагына кирген башка маселелер боюнча ишин Жогорку сотунун аппараты камсыз кылат.

2. Жогорку сотунун аппаратынын иши Жогорку сотунун төрагасы тарабынан бекитилүүчү Жогорку сотунун аппараты жөнүндөгү Жобо менен регламенттелет.

3. Жогорку сотунун аппаратын аппараттын жетекчиси башкарат.

4. Аппараттын жетекчиси түздөн-түз Жогорку соттун төрагасынын жетекчилиги астында иштейт жана аппараттын ишинде көзөмөлдөөчү жана тескөөчү иш милдеттерди жүзөгө ашырат, Жогорку соттун төрагасынын макулдугу менен соттун аппаратынын кызматкерлерин кызмат орундарына дайындайт жана мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамда каралган негиздер боюнча аларды кызмат орундарынан бошотот, ошондой эле Жогорку соттун регламентинин сакталышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат.

5. Тейлөөчү персоналды кошпогондо Жогорку сотунун аппаратынын кызматкерлери мамлекеттик кызматта болушат.

Жогорку соттун аппаратынын тейлөөчү персоналынын ишин уюштуруу, анын ичинде жумушка кабыл алуу жана жумуштан бошотуу маселелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

6. Жогорку соттун аппаратынын чектелген саны, анын түзүмү жана штаттык саны Судьялар кеңеши менен макулдашуу боюнча, чыгымдар сметасынын чектеринде Жогорку соттун төрагасы тарабынан белгиленет.

7. (КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР КР 2007-жылдын 7-майындагы № 69, 2008-жылдын 23-июнундагы № 134, 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

39-берене. Жергиликтүү соттордун ишин уюштуруу жагынан камсыз кылуу

 

1. Жергиликтүү соттордун ишин уюштуруу материалдык-техникалык жана башка жагынан камсыз кылууну ыйгарым укуктуу орган жүзөгө ашырат.

Ыйгарым укуктуу органды уюштуруу жана анын иши Жогорку соттун төрагасы тарабынан бекитилүүчү жободо аныкталат.

2. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу, сот тажрыйбасын жалпылоо, сот статистикасын жүргүзүү жана башка иштерди аткаруу боюнча жергиликтүү соттордун ишин камсыз кылуу максатында жергиликтүү соттордо сот аппараттары иштейт. Тейлөөчү персоналды кошпогондо, жергиликтүү соттордун аппараттарынын кызматкерлери мамлекеттик кызматта болушат.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун аппаратынын мамлекеттик кызматчылары тийиштүү жергиликтүү соттун төрагасынын сунушу боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.

Жергиликтүү соттордун аппаратынын тейлөөчү персоналынын ишин уюштуруу, анын ичинде жумушка кабыл алуу жана жумуштан бошотуу маселелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

3. (КР 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Жергиликтүү соттордун аппараттарынын кызматкерлеринин чектелген саны, алардын түзүмү жана штаттык саны Судьялар кеңешинин макулдугу менен, жергиликтүү соттордун төрагаларынын сунуштамасы боюнча, чыгымдар сметасынын чектеринде ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан белгиленет.

5. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-июнундагы № 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык алып салынды)

6. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-июнундагы № 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык алып салынды)

7. Жергиликтүү соттордун аппараттарынын иши ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилүүчү жергиликтүү соттун аппараты жөнүндөгү бирдиктүү Жобо менен жөнгө салынат.

8. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-июнундагы № 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык алып салынды)

(КР 2007-жылдын 7-майындагы № 69, 2008-жылдын 23-июнундагы № 134, 2011-жылдын 13-июнундагы № 39, 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

V БӨЛҮМ

КОРУТУНДУ ЖАНА ӨТМӨ ЖОБОЛОР

 

40-берене. Күчүн жоготту деп табылган мыйзам актылары

 

Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын арбитраждык сотторунун системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 12, 576-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын арбитраждык сотторунун системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы" (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 3, 96-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жалпы юрисдикциядагы жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 8, 397-ст.) ага кийинки бардык өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен;

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 10, 632-ст.).

 

41-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши жана колдонулушу

 

1. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөндөгүлөр белгиленсин:

1) жергиликтүү сотторду кайрадан уюштуруу максатында областтардын жана Бишкек шаарынын арбитраждык сотторунун судьялары ушул Мыйзамга, "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын V бөлүмүнүн 14-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жергиликтүү соттордун түзүмүнө которулууга тийиш. Мында которулуучу судьялар "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын V бөлүмүнүн 12-пунктуна ылайык өздөрүнүн ыйгарым укуктарын дайындалган мөөнөт бүткөнгө чейин сактап калышат;

2) жарандык, жазык, администрациялык, экономикалык жана мыйзамдарда каралган башка иштер боюнча сот адилеттигин жүзөгө ашырганда Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор Кыргыз Республикасынын Жазык процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Граждандык процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Арбитраждык процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө кодексин жана "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жаңы мыйзамдар күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүн колдонушат;

3) ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин жергиликтүү сотторго келип түшкөн жана каралбаган сот иштери ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин колдонулуп келген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана алардын жоболорунда белгиленген тартипте жана мөөнөттө өндүрүштөрү аякталууга тийиш; бул учурда ал иштер боюнча кабыл алынган актылар ушул Мыйзамда белгиленген тийиштүү сот инстанцияларына даттанылат;

4) ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин келип түшкөн жана Жогорку Соту тарабынан каралбаган даттануулар жана сунуштамалар болгон сот иштери ушул Мыйзамда белгиленген тартипте каралууга тийиш, экинчи жолу даттануу менен кайрылганда Жогорку Соту тарабынан ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин колдонулган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна ылайык көзөмөл иретинде иш козгоодон баш тартылган сот иштерин кошпогондо;

5) Биринчи инстанциядагы, шаардык соттордун ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин чыгарылган, мыйзамдуу күчүнө кирбеген жана даттанылбаган сот актылары ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин областтык жана аларга теңештирилген сотторго ушул пункттун 2-пунктчасынын жобосун эске алуу менен процесстик мыйзамдарда каралган мөөнөттө даттанылат;

6) жергиликтүү соттордун ушул Мыйзам күчүнө кире электе кабыл алган жана мыйзамдуу күчүнө кирген сот актылары ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин ушул Мыйзамда каралган сот инстанцияларына ушул пункттун 2-пунктчасынын жоболорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө даттанылат.

7) ушул Мыйзамдын 30-беренесинин 6-пунктунда жана 35-берененин 3-пунктунда каралган соттук заседателдер жөнүндөгү жоболор 2005-жылдын 1-январынан тартып колдонулат.

2. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күндөн кийин күчүнө кирет.

(КР 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Акаев