Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 25-декабры № 626

"Гендик-модификацияланган организмдерди камтуучу продукцияны Кыргыз Республикасында өстүрүүнү, өндүрүүнү, ташып киргизүүнү жана сатууну чектөө жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө", "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө

 

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Ж.Байпакпаев тарабынан демилгеленген "Гендик-модификацияланган организмдерди камтуучу продукцияны Кыргыз Республикасында өстүрүүнү, өндүрүүнү, ташып киргизүүнү жана сатууну чектөө жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө", "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

 

Премьер-министри

 

М. Абылгазиев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2018-жылдын 25-декабрындагы
№ 626 токтому менен
жактырылган

"Гендик-модификацияланган организмдерди камтуучу продукцияны Кыргыз Республикасында өстүрүүнү, өндүрүүнү, ташып киргизүүнү жана сатууну чектөө жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө", "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Ж.Байбакпаев тарабынан демилгеленген "Гендик-модификацияланган организмдерди камтуучу продукцияны Кыргыз Республикасында өстүрүүнү, өндүрүүнү, ташып киргизүүнү жана сатууну чектөө жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө", "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.

1. "Гендик-модификацияланган организмдерди камтуучу продукцияны Кыргыз Республикасында өстүрүүнү, өндүрүүнү, ташып киргизүүнү жана сатууну чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча (мындан ары - Мыйзамдын долбоору).

1) Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин биринчи абзацына ылайык ушул Мыйзам жаратылышты пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо жаатында гендик-модификацияланган организмдерди камтуучу продукцияны Кыргыз Республикасында өстүрүү, өндүрүү, ташып киргизүү жана сатуу боюнча ишти жүргүзүүдө келип чыгуучу мамилелерди жөнгө сала тургандыгын белгилөө сунушталууда.

Ошону менен бирге, жалпысынан жаратылышты пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо жаатындагы мамилелерди жөнгө салуу маселелери "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча жалпы техникалык регламент", "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынаарын белгилөө зарыл.

2) Ошондой эле тоют кошумчаларын жана ветеринардык дары-дармек каражаттарын пайдалануу боюнча көзөмөлсүз гендик-инженердик иш жүргүзүү өлкөнүн ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздугуна таасир тийгизиши мүмкүн болгондуктан, Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин биринчи абзацын "экологиялык коопсуздук" деген сөздөрдөн кийин ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук" деген сөздөр менен толуктоо сунушталат.

3) Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин экинчи абзацында продукциядагы ГМОнун болушун контролдоого багытталган биологиялык лабораторияларга карата Мыйзам колдонулбай тургандыгы белгиленген.

Ошону менен бирге, Мыйзамдын долбоорунун 6-беренесинде саламаттык сактоо, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ГМО линиясын мамлекеттик каттоо жана азыктык, биологиялык жана фитосанитардык коопсуздукту контролдоо боюнча жооптуу катары аныкталган. Ушуга байланыштуу, көрсөтүлгөн контролду жүргүзүүдө продукцияда ГМО компоненттеринин болушун контролдоого багытталган биологиялык лабораториялар ишке киргизилиши зарыл.

Андан сырткары "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык продукциянын айкын түрүнө карата мамлекеттик контролдоо (көзөмөл) атайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин экинчи абзацын кайрадан карап чыгууну сунуштайбыз.

4) 2017-жылдын 12-августунан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында тамак-аш коопсуздугу жаатында "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" Бажы бирлигинин Техникалык регламенти ББ ТР 021/2011 (мындан ары - ББ ТР 021) ишке кирген.

2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги (мындан ары - ЕАЭБ) жөнүндө келишимге ылайык ЕАЭБдин аймагында Бажы бирлигинин техникалык регламенттери түз күчкө ээ жана алымчасыз колдонулушу зарыл.

Алсак, ББ ТР 021 7-беренесинин 9-пунктуна ылайык, эгерде өндүрүүчү тамак-аш продукциясын өндүрүүдө ГМО колдонбогон болсо, ал эми тамак-аш продукциясында ГМО 0,9 пайыз же андан кем болгон учурда ГМО капыстык же техникалык жактан жок кылынбаган аралашма катары эсептелет жана мындай тамак-аш продукциясы ГМО камтыган продукцияга кирбейт.

Ошондой эле ББ ТР 021 8-беренесинин 1-пункту менен балдарды тамактандыруу үчүн тамак-аш продукциясын, кош бойлуу жана бала эмизген аялдарга арналган тамак-аш продукциясын өндүрүүдө (даярдоодо) ГМО камтыган азык-түлүк (тамак-аш) чийки-заттарын колдонууга жол берилбей тургандыгы белгиленген.

Сунушталган Мыйзамдын долбоорунда көрсөтүлгөн ченемдердин жоктугу аны ББ ТР 021 ылайык ГМО камтыган продукцияга кирбеген тамак-ашка таандык болбогон азыктарга карата колдонулушуна жана балдарды тамактандыруу, кош бойлуу жана бала эмизген аялдарга арналган ГМО камтыган тамак-аш продукциясынын өндүрүлүшүнө алып келиши мүмкүн.

Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин экинчи абзацына ылайык айлана-чөйрөгө чыгарууга арналган ГМО, ошондой эле мындай организмдерди колдонуу менен алынган же мындай организмдерди камтуучу продукция Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте мамлекеттик каттоого тийиш.

Мында ББ ТР 021 28-беренеси менен жаңы түрдөгү продукцияны (анын ичинде ГМОдон же аны пайдалануу менен алынган продукция) каттоо тартиби белгиленгендигин билдиребиз.

Андан сырткары Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесинин экинчи абзацында ГМО колдонуу менен алынган жана милдеттүү сертификациялоого же шайкештигин декларациялоого тийиш продукцияга карата Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте шайкештик сертификаты берилери же шайкештик декларациясы кабыл алынары белгиленген.

Бирок ББ ТР 021 21-беренесинин 1-пунктунда тамак-аш продукциясынын шайкештигин баалоо (тактоо) жаңы түрдөгү тамак-аш продукциясын (анын ичинде ГМОдон же аны пайдалануу менен алынган продукция) мамлекеттик каттоо формасында жүргүзүлөрү белгиленген.

Жалпысынан, продукцияга карата ЕАЭБдин техникалык регламенти күчүнө кирген учурда мындай продукция тиешелүү техникалык регламент менен бекитилген зарыл болгон шайкештикти баалоо жол-жоболорунан өткөн шартта ЕАЭБдин аймагына жүгүртүүгө чыгарыларын белгилейбиз.

Мүчө мамлекеттер өзүнүн аймагында ЕАЭБдин техникалык регламенттерине шайкеш келген продукцияны, мындай продукцияга карата техникалык регламентте коюлган талаптарга кошумча талаптарды койбостон жана кошумча шайкештикти баалоо жол-жоболорун жүргүзбөстөн жүгүртүүнү камсыз кылат.

Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу Мыйзамдын долбоорун ББ ТР 021 ылайык келтирүү зарыл.

5) Мыйзамдын долбоорунун 6-беренеси менен Кыргыз Республикасында ГМО жана анын негизиндеги продуктуларды өстүрүүгө, өндүрүүгө, ташып киргизүүгө жана сатууга чектөөлөрдү коюу жаатында ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо сунушталат.

Ошону менен бирге, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесине ылайык ыйгарым укуктарга негизденүү менен Өкмөт мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча функцияларды министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда бөлүштүрөт.

Ушуга байланыштуу, негизинен Мыйзамдын долбоорунун 6-беренесинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ГМО жана анын негизиндеги продуктуларды өстүрүүгө, өндүрүүгө, ташып киргизүүгө жана сатууга чектөөлөрдү коюу жаатында ыйгарым укуктарын аныктоону сунуштайбыз.

6) Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесинин биринчи абзацына ылайык айлана-чөйрөгө чыгарууга арналган ГМО, ошондой эле мындай организмдерди колдонуу менен алынган же мындай организмдерди камтуучу продукция айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы милдеттүү талаптарга, санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы башка милдеттүү талаптарга шайкеш келиши керек.

Сунушталып жаткан жалпыланган бланкеттик ченемдер пайдаланууда кээ бир так эместиктерге жана кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн, ошондой эле алардагы конкреттүү мазмундун жоктугу укук пайдалануу практикасында коррупциялык элементтерди пайда кылууга жөндөм түзүп бере тургандыгын белгилөө зарыл.

Ошондой эле ГМО камтыган продукция ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык талаптарга да шайкеш келиши зарыл болгондуктан, "санитардык-эпидемиологиялык" деген сөздөрдөн кийин "ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык" деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.

7) Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык ишкердик иш-аракетти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген методикага ылайык жөнгө салуучу таасирин талдоо жүргүзүүгө тийиштигин белгилейбиз.

Бирок сунушталган Мыйзамдын долбооруна жөнгө салуу таасирин талдоонун негизинде даярдалган негиздеме берилген эмес.

Андан сырткары долбоордун негиздеме-маалымкатында жөнгө салуу таасирин талдоо жүргүзүлгөндүгү тууралуу маалымат камтылган эмес.

8) Мыйзамдын долбоорунун 9-беренесинин 2-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ГМО линияларын мамлекеттик каттоо системасынын толук кандуу иштөөсү үчүн каржы булактарын аныктоо милдетин жүктөө сунушталган.

Ал эми негиздеме-маалымкатында долбоорду кабыл алуу ыйгарым укуктуу органдардын штаттык санын, бюджеттик чыгымдарды көбөйтүүнү талап кылбастыгы жана ГМОну мамлекеттик каттоо тийиштүү ыйгарым укуктуу органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде жүзөгө ашыруу болжолдонгондугу көрсөтүлгөн.

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, ишке ашырылуусу мамлекеттик бюджеттен каржылоону талап кылган ченемдик укуктук актылар, алардын каржы булактары аныкталмайынча кабыл алууга жатпайт.

Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 9-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктун негиздеме-маалымкатта көрсөтүлгөн маалыматка ылайык келтирүү зарыл.

9) Сунушталган Мыйзамдын долбоорун "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнунда № 5398-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамага ылайык иштеп чыгуу зарыл.

2. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө", "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча.

1) Көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоору менен Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

Мында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 22-майындагы № 124 "Жүргүзүлүп жаткан сот реформасынын алкагында кабыл алынуучу кээ бир чаралар жөнүндө" Жарлыгынын 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жаңы мыйзам актыларына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Конституциясына шайкеш келтирүү жана сот чечимдерин аткаруу өндүрүшүнүн жоболорун тактоо жана "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу максатында мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча өзгөртүүлөрдөн тышкаркы кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө 1 жылдык мөөнөткө убактылуу мораторий киргизүү маселесин кароо сунушталгандыгын белгилөө зарыл.

Маркалоого жана мамлекеттик каттоо тартибине коюлуучу милдеттүү талаптарды бузуу үчүн киргизилип жаткан жоопкерчилик техникалык регламенттердин талаптарынын бөлүгү болуп саналат. Мындан сырткары техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана коомдук саламаттык сактоо жаатында башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 150-беренесинде каралган. Жогоруда айтылгандарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынбайт.

2) "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө", "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизүүгө сунушталган тамак-аш азыктарын өндүрүүнү, ташып киргизүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо, көзөмөлдөө жана маркалоо боюнча мамлекеттик жөнгө салуу жаатындагы толуктоолор Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин жоболорун кайталайт. Ушуга байланыштуу сунушталган толуктоолорду киргизүүнү максатка ылайык эмес деп эсептейбиз.

3) Ошондой эле "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3 жана 4-беренелериндеги коомдук саламаттык сактоонун негизги милдеттери жана принциптери боюнча сунушталып жаткан толуктоолор аталган Мыйзамдагы негизги милдеттерди жана принциптерди кайталайт.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- "Гендик-модификацияланган организмдерди камтуучу продукцияны Кыргыз Республикасында өстүрүүнү, өндүрүүнү, ташып киргизүүнү жана сатууну чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун ушул корутундуда чагылдырылган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алууну мүмкүн деп эсептейт;

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө", "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууну максатка ылайык эмес деп эсептейт.