Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 31-декабры № 642

Пробация органына кызматтык жайларды берүү жөнүндө

 

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-августундагы № 400 токтомунун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонд Бишкек шаары, Ч.Айтматов көчөсү 1 дареги боюнча жайгашкан Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Бишкек штамптоочу завод" мамлекеттик ишканасынын медициналык санитардык бөлүгүнүн эки кабаттуу имаратынын аянты 452 м2 болгон экинчи кабатындагы жайларын белгиленген тартипте төмөнкүлөрдүн ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин:

- 2019-жылдын 1-январынан тартып - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына;

- 2019-жылдын 1-сентябрынан тартып - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-августундагы № 400 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:

- белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жайларды белгиленген мөөнөттөрдү эске алуу менен ыкчам башкарууга кабыл алышсын;

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жайларды күтүүнү жана пайдаланууну жыл сайын республикалык бюджетте каралуучу финансы каражаттарынын чегинде ишке ашырышсын;

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жайлардын сакталышын жана максаттуу багыты боюнча пайдаланылышын камсыздашсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 11-январындагы N 1 жарыяланды

 

Премьер-министри

 

М. Абылгазиев