Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 18-июну № 78

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

                "Көмүр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
              Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү
                           киргизүү тууралу

 2005-жылдын 27-апрелинде            Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                     Кењеши тарабынан кабыл алынган

     1-статья."Көмүр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз 
Республикасынын  Жогорку Кењешинин  Ведомосттору, 1999-ж., N5, 269-ст.)
төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
     1. 1-статьянын биринчи бөлүгү "издөө," деген сөздөн кийин ", казып
алуу" деген сөздөр менен толукталсын.
     2. 9-статьянын жетинчи абзацы алып салынсын.
     3. 10-статьянын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     " - жер казынасын пайдалануу долбоорлорунун экологиялык  эксперти-
заларын уюштуруу;".
     4. 12-статьянын 1-пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда
баяндалсын:
     "Көмүр казып алуучу уюмдарда жана ишканаларда  тоо-кен  (жардыруу)
иктерине жетекчилик кылуу укугуна документтери бар адамдар гана тоо-кен
(жардыруу) иштеринин жетекчилери болуп дайындалышы мүмкүн.".
     5. 14-статьянын  2-пунктунда  "жана бекитилүүгө" деген сөздөр алып
салынсын.
     6. 15-статьяда:
     2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "2. Жер казынасын пайдалануу укугуна жана жер казынасын пайдалануу
боюнча иш укугуна лицензиялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына  ыла-
йык берилет.";
     3-пункт алып салынсын.

     2-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

     Кыргыз Республикасынын Президентинин
     милдетин аткаруучу                              К.Бакиев