Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 18-марты № 128

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна ушул токтомдун тиркемесине ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 29-мартындагы N 23 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М.Абылгазиев

 

 

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна
ӨЗГӨРТҮҮЛӨР

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:

- "Каттоо, маалымдама, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана түп нускаларын берүү тармагында" III бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 85-глава менен толукталсын:

"

85. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту

1

Кызмат көрсөтүүнүн аталышы

Шайкештик сертификатын берүү (айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн жана көчөт материалдарынын себүү сапатын лабораториялык аныктоонун жыйынтыгынын негизинде республиканын ичинде берилет), Эл аралык кызгылт сары сертификатты (OISLS ) берүү (экспорттоло турган үрөн продукциясына берилет) - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 4-главасынын 67-пункту

2

Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы

Мал чарбачылыгын, балык өстүрүүчүлүктү (аквакультура), өсүмдүк өстүрүүчүлүктү, өсүмдүктөрдүн карантинин, жерлерди мелиорациялоону, топурактын асылдуулугун, жер, суу ресурстарын, ирригация жана мелиоративдик инфраструктураларды, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын кошкондо агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган):

- айыл чарба жана башка өсүмдүктөрдүн үрөндөрүнүн жана көчөт материалдарынын сорттуу жана айдоо сапаттарын контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруучу ведомстволук бөлүм (мындан ары - айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган)

3

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрү

Жеке жана юридикалык жактар

4

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи

"Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү токтомдору:

- 2016-жылдын 14-декабрындагы № 677 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" (2-тиркеме);

- 2002-жылдын 5-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасында дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн сертификаттоо боюнча жобону бекитүү тууралуу";

- 2004-жылдын 25-ноябрындагы № 861 "Кыргыз Республикасында кант жана тоют кызылчанын үрөндөрүнүн шайкештигине баалоо жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу";

- 2009-жылдын 12-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасында көп жылдык буурчак сымал тоют чөптөрдүн үрөндөрүнүн шайкештигине баалоо жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"

5

Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы

Үрөндөрдүн себүү сапаттарына берилүүчү документтер:

- шайкештик сертификаты - үрөндөрдүн партиясынын стандарттардын талаптарына шайкештигин күбөлөндүрүүчү документ;

- Эл аралык кызгылт сары сертификат - экспорттолчу үрөндөргө берилет

6

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары

Кызмат көрсөтүү төмөнкү жерлерде жүзөгө ашырылат:

- белгиленген санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге, ошондой эле өрткө каршы коопсуздук талаптарына жооп берген жайларда;

- бардык жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмө, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) тоскоолсуз кирүүсү үчүн (имараттар жана жайлар) пандус, кармооч менен жабдылган болсо.

Жайларда күтүүчү орундардын, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жокто - короо ичинде), жылуулук, суу түтүгү, телефон бар.

Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, аларга теңештирилген адамдар, ДМЧА) жана кош бойлуу аялдар кезексиз тейленишет. Келүүчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн кызмат көрсөтүүчү жерлерде кызмат алууга зарыл болгон документтердин тизмеси жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат.

Келүүчүлөрдү кабыл алуу жол-жобосу:

- оозеки түрүндө алдын ала жазылуу менен (телефон аркылуу же адис менен жеке өзү жолукканда);

- кезек күтүү принциби боюнча

7

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү

Суроо-талапты кабыл алуунун жол-жобосу 15 мүнөттөн ашпоосу керек.

Айыл чарба өсүмдүгүнүн түрүнө жана сыноого жараша үрөндүн себүү сапатын аныктоо боюнча кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү 7ден 35 календардык күнгө чейин.

Документин даярдоого чектелген убакыт - 3 иш күнү.

Шайкештик сертификатын жана/же Эл аралык кызгылт сары сертификат берүүгө чектелген убакыт - 15 мүнөттөн ашпоосу керек

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнө маалымат берүү

8

Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү

Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:

- агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан;

- агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынан (www.agroprod.gov.kg);

- алдын ала жазылуу менен, оозеки түрүндө (телефон аркылуу же адис менен жеке өзү жолукканда);

- маалымдоо такталарынан, брошюралардан жана буклеттерден.

Даректер, телефон номерлери, электрондук почтанын даректери жана иштин режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирдикте айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн маалымдоо такталарында жана агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында (www.agroprod.gov.kg) жайгаштырылат.

Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет

9

Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары

Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу чагылдырылышы мүмкүн:

- ЖМК (гезиттер, радио, телевидение);

- агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайты - (www.agroprod.gov.kg);

- айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн маалымат такталары, брошюралар, буклеттер;

- агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы;

- телефон аркылуу.

Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн иштөө графиги:

дүйшөмбү-жума, саат 9.00дан-18.00 чейин. Түштөнүү убактысы: саат 12.30ден-13.30

Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү

10

Келүүчүлөр менен пикир алмашуу

Келген адамдар менен баарлашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сактайт: сылык, мээримдүү, так, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең билүүгө аракеттенүү, баарлашып жаткан адамды угуп жана анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынып жаткан чечимдерди таразалап жана далилдей билүү.

Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн бардык кызматкерлери жеке жана юридикалык жактарга карата колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербеген, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, таламдардын кагылышуусуна жол бербеген кесиптик-этикалык ченемдерди сактоого тийиш.

Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыгы болгон адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн байланыш түзүү жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт

11

Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары

Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча берилиши мүмкүн

12

Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнүн иш-аракеттеринин тизмеси

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди тапшырат:

- Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн сыноонун эл аралык методикасы боюнча сынамыктарды алууга белгиленген формага ылайык өтүнмө;

- белгиленген формага ылайык үрөнгө аттестат;

- белгиленген формага ылайык үрөнгө күбөлүк;

- кызмат көрсөтүүгө акы төлөнгөндүгү тууралуу квитанция (өтүнмө жактырылгандан кийин гана акы төлөнөт);

- үрөн жана көчөт материалдарынын сынамыктарын.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү толтуруу тартибинин түшүндүрмөсү менен өтүнмөнүн бланкын айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан жана анын аймактык бөлүмдөрүнөн ала алат. Талап кылынган документтердин формалары жана үлгүлөрү айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн маалымат такталарында, ошондой эле агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында - (www.agroprod.gov.kg) жайгаштырылган.

Өтүнмө жана ага тиркелген документтер мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет.

Шайкештик сертификаты жана/же Эл аралык кызгылт сары сертификат төлөө акысы алынгандан кийин гана берилет

13

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт.

Баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен бекитилет.

Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалар прейскурантында чагылдырылат, ал мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү жайлардын такталарында жана агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында (www.agroprod.gov.kg) жайгаштырылып жана өз убагында жаңыртылып турат

14

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:

- керектөөчү үчүн актуалдуулук;

- көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык анын тактыгы жана өз убагында болушу;

- кызмат көрсөтүүнү алган адамдардын ар кандай түрдөгү басмырлануусуна жол бербөө;

- жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн өтүнмө берген адамдардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу;

- кызмат көрсөтүү шарттарына дал келүү:

ДМЧАлар үчүн имарат-жайга кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричиликтик шарттарынын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта);

- зарыл болгон документтерди толтурууда кызматкерлердин жардамы жана кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү

15

Электрондук форматта кызмат көрсөтүү

Кызмат арыздарды кабыл алуу стадиясында электрондук форматта да көрсөтүлүшү мүмкүн.

Бул үчүн арыздын жана кызмат көрсөтүүгө акы төлөнгөндүгү тууралуу квитанциянын сканерленген көчүрмөлөрүн айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук дарегине (depexpert@gmail.com) жиберүү зарыл.

Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жооптуу кызматкери арызды алгандан кийин кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын кайдан жана качан алуу тууралуу маалымат менен бирге документтер кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирмени же кызмат көрсөтүүдөн жүйөлүү баш тартууну керектөөчүгө жөнөтөт.

Кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы арыздын жана кызмат көрсөтүүгө акы төлөнгөндүгү тууралуу квитанциянын түп нускасын бергенден кийин керектөөчүнүн өз колуна же укугу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ыйгарым укуктуу адамга берилет

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби

16

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу

Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү негиздер боюнча баш тартылышы мүмкүн:

- арыз ээси тарабынан ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер толук берилбеген учурда;

- арыз ээси тарабынан туура эмес маалыматтар берилген учурда;

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы төлөнбөгөн учурда

17

Даттануу тартиби

Кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучу айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык бөлүмдөрүнүн, агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу.

Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтышы керек.

Даттануу жана дооматтарды кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.

Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык бөлүмдөрүнүн, агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу

18

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бирден кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма каралып турушу керек

";

- "Изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертиза тармагында" IV бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 38 жана 39-главалар менен толукталсын:

"

38. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту

1

Кызмат көрсөтүүнүн аталышы

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттуу айдоолоруна талаа инспекциясын жүргүзүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 5-главасынын 15-пункту

2

Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы

Мал чарбачылыгын, балык өстүрүүчүлүктү (аквакультура), өсүмдүк өстүрүүчүлүктү, өсүмдүктөрдүн карантинин, жерлерди мелиорациялоону, топурактын асылдуулугун, жер, суу ресурстарын, ирригациялык жана мелиоративдик инфраструктураларды, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын кошкондо агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө мамлекеттик саясат жүргүзүүчү аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган):

 - айыл чарба жана башка өсүмдүктөрдүн үрөндөрүнүн жана көчөт материалдарынын сорттуу жана айдоо сапаттарын контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруучу ведомстволук бөлүм

3

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрү

Жеке жана юридикалык жактар

4

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи

"Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү токтомдору:

- 2016-жылдын 14-декабрындагы № 677 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" (2-тиркеме);

- 2002-жылдын 5-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасында дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн сертификаттоо боюнча жоболорду бекитүү тууралуу";

- 2004-жылдын 25-ноябрындагы № 861 "Кыргыз Республикасында кант жана тоют кызылчанын үрөндөрүнүн шайкештигине баалоо жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу";

- 2009-жылдын 12-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасында көп жылдык буурчак сымал тоют чөптөрдүн үрөндөрүнүн шайкештигине баалоо жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"

5

Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы

Үрөндөрдүн сорттук сапаттарына берилүүчү документтер:

- талаа инспекциясынын акты - кылкандуу дан эгиндеринин, чанактуу дан эгиндеринин жана май алынуучу өсүмдүктөрдүн сорттук себүүлөрүн күбөлөндүрүүчү документ (белгиленген формада, колдонулуу мөөнөтү - 5 жыл);

- көп жылдык чөптүн (беде, эспарцет ж.б.) себүүлөрүнө талаа инспекциясынын акты - көп жылдык чөп өсүмдүктөрүнүн сорттук себүүлөрүн күбөлөндүрүүчү документ (белгиленген формада, колдонулуу мөөнөтү - 5 жыл);

- кант кызылчасынын көчөтсүз себүүлөрүнө талаа инспекциясынын акты - кант кызылчасынын айдоолорунун сорттук себүүлөрүн күбөлөндүрүүчү документ (белгиленген формада, колдонулуу мөөнөтү - 5 жыл);

- үрөндүк картөшкөгө жүргүзүлгөн талаа инспекциясынын акты - тигилген картөшкөнү сорттук айдоону күбөлөндүрүүчү документ (белгиленген формада, колдонулуу мөөнөтү - 1 жыл);

- пахта үрөнүнө талаа инспекциясынын акты - пахтаны сорттук эгүүнү күбөлөндүрүүчү документ (белгиленген формада, колдонулуу мөөнөтү - 1 жыл);

- мөмө-жемиш бактарына талаа инспекциясынын акты - мөмө-жемиш бактарынын сорттук сапатын күбөлөндүрүүчү документ (белгиленген формада, колдонуу мөөнөтү - 3 жыл)

6

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты

Кызмат көрсөтүүнү жүзөгө ашыруу:

- белгиленген санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге, ошондой эле өрткө каршы коопсуздук талаптарына жооп берген жайларда;

- бардык жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмө, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) тоскоолсуз кирүү үчүн (имараттар жана жайлар) пандус, кармооч менен жабдылган болсо.

Жайларда күтүү орундары, дааратканалар (аймактарда борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жокто - короо ичинде), жылуулук, суу түтүгү, телефон бар.

Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, аларга теңештирилген адамдар ДМЧА) жана кош бойлуу аялдар кезексиз тейленишет. Келүүчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн кызмат көрсөтүүчү жерлерде кызмат алууга зарыл болгон документтердин тизмеси жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат.

Келүүчүлөрдү кабыл алуу жол-жобосу:

- оозеки түрүндө алдын ала жазылуу менен (телефон аркылуу же адис менен жеке өзү жолукканда);

- кезек күтүү принциби боюнча

7

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү

Айыл чарба өсүмдүгүнүн түрүнө, бышып-жетилүү мөөнөтүнө жана регионго жараша айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттук себүүлөрүнө талаа инспекциясын жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү 15тен 20 календарлык күнгө чейин. Кызмат вегетациялык мезгил (июнь-сентябрь) учурунда көрсөтүлөт.

Документ даярдоого чектик убакыт - 1 иш күнү.

Талаа инспекциясынын актысын берүүгө чектелген убакыт - 15 мүнөттөн ашпоосу керек

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнө маалымат берүү

8

Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:

- агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан;

- агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынан (www.agroprod.gov.kg);

- оозеки түрүндө (телефон аркылуу же адис менен жеке өзү жолукканда);

- маалымдоо такталарынан, брошюралардан жана буклеттерден.

Даректер, телефон номерлери, электрондук почтанын даректери жана иш режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирдикте айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн такталарында жайгаштырылат.

Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет

9

Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары

Көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу чагылдырылышы мүмкүн:

- агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайты - (www.agroprod.gov.kg);

- айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн маалымат такталары, брошюралар жана буклеттер;

- агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы;

- телефон аркылуу.

Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн иштөө графиги:

дүйшөмбү-жума, саат 9.00-18.00. Түштөнүү убактысы: саат 12.30-13.30

Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү

10

Келүүчүлөр менен пикир алмашуу

Келген адамдар менен баарлашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сакташат: сылык, мээримдүү, так, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең билүүгө аракеттенүү, баарлашып жаткан адамды угуп жана анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынып жаткан чечимдерди таразалап жана далилдей билүү.

Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн бардык кызматкерлери колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербеген, жеке жана юридикалык жактарга карата көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, таламдардын кагылышуусуна жол бербеген кесиптик-этикалык ченемдерди сактоого тийиш.

Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыгы болгон адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн байланыш түзүү жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт

11

Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары

Алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча берилиши мүмкүн

12

Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнүн иш-аракеттеринин тизмеси

Административдик жол-жобону баштоонун юридикалык негизи болуп агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндүк себүүлөрүнө талаа инспекциясын өткөрүү тууралуу буйругу эсептелет.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди өзү берет же почта аркылуу тапшырат:

- үрөндүк себүүлөрдү каттоого өтүнмө;

- үрөндүк себүүлөргө талаа инспекциясын жүргүзүүгө өтүнмө;

- талаа инспекциясынын акты, эгерде өздүк түшүмдүн үрөнү себилсе;

- белгиленген формага ылайык үрөнгө берилүүчү аттестат;

- белгиленген формага ылайык үрөнгө берилүүчү күбөлүк;

- кызмат көрсөтүүгө акы төлөнгөндүгү тууралуу квитанция (өтүнмө жактырылгандан кийин гана акы төлөө жүргүзүлөт).

Талап кылынган документтердин формалары жана үлгүлөрү, айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык бөлүмдөрүнүн такталарында, ошондой эле агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында (www.agroprod.gov.kg) жайгаштырылган.

Өтүнмө жана ага тиркелген документтер мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет.

Талаа инспекциясынын актысы акы төлөгөндөн кийин берилет

13

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт.

Баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен бекитилет.

Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалар прейскурантында чагылдырылат, ал кызмат көрсөтүүчү жайлардын маалымат такталарында жана агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында (www.agroprod.gov.kg) жайгаштырылып жана өз убагында жаңыртылып турат

14

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:

- керектөөчү үчүн актуалдуулук;

- көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык анын тактыгы жана өз убагында болушу;

- кызмат көрсөтүүнү алган адамдарга карата басмырлоонун ар кандай түрүнө жол бербөө;

- жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу;

- кызмат көрсөтүү шарттарына дал келүү:

ДМЧАлар үчүн имарат-жайга кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричиликтик шарттарынын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта);

- зарыл болгон документтерди толтурууда кызматкерлердин жардамы жана кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү

15

Электрондук форматта кызмат көрсөтүү

Кызматтар өтүнмөлөрдү кабыл алуу стадиясында электрондук форматта көрсөтүлүшү да мүмкүн.

Бул үчүн арыздын жана кызмат көрсөтүүгө акы төлөнгөндүгү тууралуу квитанциянын сканерленген көчүрмөлөрүн айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук дарегине (depexpert@gmail.com) жиберүү зарыл.

Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жооптуу кызматкери арызды алгандан кийин кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын кайдан жана качан алуу тууралуу маалымат менен бирге документтер кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирмени же кызмат көрсөтүүдөн жүйөлүү баш тартууну арыз ээсине жөнөтөт.

Кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы арыздын жана кызмат көрсөтүүгө акы төлөнгөндүгү тууралуу квитанциянын түп нускасын бергенден кийин арыз ээсинин өз колуна же укугу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ыйгарым укуктуу адамга берилет

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби

16

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү негиздер боюнча баш тартылышы мүмкүн:

- арыз ээси ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди толук бербеген учурда;

- арыз ээси тарабынан туура эмес маалыматтар берилген учурда;

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы төлөнбөгөндө. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу тууралуу (негиздерин көрсөтүү менен) билдирме тийиштүү чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 күндүн ичинде арыз ээсине жиберилет

17

Даттануу тартиби

Кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык бөлүмдөрүнүн, агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу.

Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтышы керек.

Даттануу жана дооматтарды кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык бөлүмдөрүнүн, агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу

18

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бирден кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма каралып турууга тийиш

39. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту

1

Кызмат көрсөтүүнүн аталышы

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн жана көчөт материалдарынын себүү сапатын лабораториялык аныктоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 5-главасынын 16-пункту

2

Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы

Мал чарбачылыгын, балык өстүрүүчүлүктү (аквакультура), өсүмдүк өстүрүүчүлүктү, өсүмдүктөрдүн карантини, жерлерди мелиорациялоону, топурактын асылдуулугун, жер, суу ресурстарын, ирригация жана мелиоративдик инфраструктураларды, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын кошкондо агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган):

- айыл чарба жана башка өсүмдүктөрдүн үрөндөрүнүн жана көчөт материалдарынын сорттуу жана себүү сапаттарын контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруучу ведомстволук бөлүм (мындан ары - айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган)

3

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрү

Жеке жана юридикалык жактар

4

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи

"Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү токтомдору:

- 2016-жылдын 14-декабрындагы № 677 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" (2-тиркеме);

- 2002-жылдын 5-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасында дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн сертификаттоо боюнча жобону бекитүү тууралуу";

- 2004-жылдын 25-ноябрындагы № 861 "Кыргыз Республикасында кант жана тоют кызылчанын үрөндөрүнүн шайкештигине баалоо жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу";

- 2009-жылдын 12-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасында көп жылдык буурчак сымал тоют чөптөрдүн үрөндөрүнүн шайкештигине баалоо жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"

5

Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы

Үрөндөрдүн себүү сапаттарына берилүүчү документтер:

- шайкештик сертификаты - үрөндөрдүн партиясынын стандарттардын талаптарына шайкештигин күбөлөндүрүүчү документ;

- Эл аралык кызгылт сары сертификат - экспорттолчу үрөндөргө берилет

6

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары

Кызмат көрсөтүү төмөнкү жерлерде жүзөгө ашырылат:

- белгиленген санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге, ошондой эле өрткө каршы коопсуздук талаптарына жооп берген жайларда;

- бардык жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмө, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) тоскоолсуз кирүү үчүн (имараттар жана жайлар) пандус, кармооч менен жабдылган болсо.

Жайларда күтүүчү орундардын, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жокто - короо ичинде), жылуулук, суу түтүгү, телефон бар.

Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, аларга теңештирилген адамдар, ДМЧА) жана кош бойлуу аялдар кезексиз тейленишет. Келүүчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн кызмат көрсөтүүчү жерлерде кызмат алууга зарыл болгон документтердин тизмеси жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат.

Келүүчүлөрдү кабыл алуу жол-жобосу:

- оозеки түрүндө алдын ала жазылуу менен (телефон аркылуу же адис менен жеке өзү жолукканда);

- кезек күтүү принциби боюнча

7

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү

Суроо-талапты кабыл алуунун жол-жобосу 15 мүнөттөн ашпоосу керек.

Айыл чарба өсүмдүгүнүн түрүнө жана сыноого жараша үрөндүн себүү сапатын аныктоо боюнча кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү 7ден 35 календардык күнгө чейин.

Документ даярдоого чектелген убакыт - 3 иш күнү.

Шайкештик сертификатын жана/же Эл аралык кызгылт сары сертификат берүүгө чектелген убакыт - 15 мүнөттөн ашпоосу керек

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнө маалымат берүү

8

Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү

Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты алууга болот:

- агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан;

- агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынан (www.agroprod.gov.kg);

- оозеки түрүндө алдын ала жазылуу менен (телефон аркылуу же адис менен жеке өзү жолукканда);

- маалымдоо такталарынан, брошюралардан жана буклеттерден.

Даректер, телефон номерлери, электрондук почтанын даректери жана иштин режими кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирдикте айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн маалымдоо такталарында жана агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында - (www.agroprod.gov.kg) - жайгаштырылат.

Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет

9

Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары

Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу чагылдырылышы мүмкүн:

- ММК (газеталар, радио, телевидение);

- агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайты - (www.agroprod.gov.kg);

- айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн маалымат такталары, брошюралар, буклеттер;

- агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы;

- телефон аркылуу.

Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн иштөө графиги:

дүйшөмбү-жума, саат 9.00дан-18.00 чейин. Түштөнүү убактысы: саат 12.30ден-13.30

Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү

10

Келүүчүлөр менен пикир алмашуу

Келген адамдар менен баарлашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сактайт: сылык, мээримдүү, так, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең билүүгө аракеттенүү, баарлашып жаткан адамды угуп жана анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынып жаткан чечимдерди таразалап жана далилдей билүү.

Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн бардык кызматкерлери жеке жана юридикалык жактарга карата колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербеген, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, таламдардын кагылышуусуна жол бербеген кесиптик-этикалык ченемдерди сактоого тийиш.

Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыгы болгон адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн байланыш түзүү жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт

11

Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары

Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча берилиши мүмкүн

12

Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнүн иш-аракеттеринин тизмеси

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди тапшырат:

- Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн сыноонун эл аралык методикасы боюнча сынамыктарды алууга белгиленген формага ылайык өтүнмө;

- белгиленген формага ылайык үрөнгө аттестат;

- белгиленген формага ылайык үрөнгө күбөлүк;

- кызмат көрсөтүүгө акы төлөнгөндүгү тууралуу квитанция (өтүнмө жактырылгандан кийин гана акы төлөнөт);

- үрөн жана көчөт материалдарынын сынамыктарын.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү толтуруу тартибинин түшүндүрмөсү менен өтүнмөнүн бланкын айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу

 

 

мамлекеттик органдан жана анын аймактык бөлүмдөрүнөн ала алат. Талап кылынган документтердин формалары жана үлгүлөрү айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн маалымат такталарында, ошондой эле агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында - (www.agroprod.gov.kg) жайгаштырылган.

Өтүнмө жана ага тиркелген документтер мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет.

Шайкештик сертификаты жана/же Эл аралык кызгылт сары сертификат төлөө акысы алынгандан кийин гана берилет

13

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт.

Баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен бекитилет.

Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалар прейскурантында чагылдырылат, ал мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү жайлардын такталарында жана агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында (www.agroprod.gov.kg) жайгаштырылып жана өз убагында жаңыртылып турат

14

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:

- керектөөчү үчүн актуалдуулук;

- көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык анын тактыгы жана өз убагында болушу;

- кызмат көрсөтүүнү алган адамдардын ар кандай түрдөгү басмырлануусуна жол бербөө;

- жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн өтүнмө берген адамдардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу;

- кызмат көрсөтүү шарттарына дал келүү:

ДМЧАлар үчүн имарат-жайга кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричиликтик шарттарынын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта);

- зарыл болгон документтерди толтурууда кызматкерлердин жардамы жана кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү

15

Электрондук форматта кызмат көрсөтүү

Кызмат арыздарды кабыл алуу стадиясында электрондук форматта да көрсөтүлүшү мүмкүн.

Бул үчүн арыздын жана кызмат көрсөтүүгө акы төлөнгөндүгү тууралуу квитанциянын сканерленген көчүрмөлөрүн айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук дарегине (depexpert@gmail.com) жиберүү зарыл.

Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жооптуу кызматкери арызды алгандан кийин кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын кайдан жана качан алуу тууралуу маалымат менен бирге документтер кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирмени же кызмат көрсөтүүдөн жүйөлүү баш тартууну керектөөчүгө жөнөтөт.

Кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы арыздын жана кызмат көрсөтүүгө акы төлөнгөндүгү тууралуу квитанциянын түп нускасын бергенден кийин керектөөчүнүн өз колуна же укугу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ыйгарым укуктуу адамга берилет

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби

16

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу

Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү негиздер боюнча баш тартылышы мүмкүн:

- арыз ээси тарабынан ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер толук берилбеген учурда;

- арыз ээси тарабынан туура эмес маалыматтар берилген учурда;

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы төлөнбөгөн учурда

17

Даттануу тартиби

Кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда

 

 

мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучу айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык бөлүмдөрүнүн, агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу.

Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтышы керек.

Даттануу жана дооматтарды кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.

Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык бөлүмдөрүнүн, агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу

18

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бирден кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма каралып турушу керек.

".