Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 18-марты № 132

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)" өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

4. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М. Абылгазиев

 

 

 

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1095-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 5-беренесинде:

а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Жогорку Кеңештин депутаты аны Премьер-министр же биринчи вице-премьер-министр кызмат ордуна дайындаган учурлардан тышкары, бир эле убакта башка мамлекеттик же муниципалдык кызматта боло албайт.";

б) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:

"1-1. Жогорку Кеңештин депутаты ишкердик жүргүзө албайт, коммерциялык уюмдун жетектөөчү органынын же байкоочу кеңешинин курамына кире албайт.";

2) 6-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-төртүнчү абзацтар менен толукталсын:

"Премьер-министр же биринчи вице-премьер-министр кызмат ордуна дайындалган Жогорку Кеңештин депутаты Жогорку Кеңештин төрагасы же анын орун басары кызмат ордуна шайлана албайт, ошондой эле Жогорку Кеңештин комитетинин же Жогорку Кеңештин убактылуу комиссиясынын төрагасы, мүчөсү боло албайт.

Жогорку Кеңештин депутаты Премьер-министр же биринчи вице-премьер-министр кызмат ордуна депутаттык мандатын жана Жогорку Кеңештин пленардык жыйналыштарында добуш берүү укугун сактоо менен дайындалышы мүмкүн.

Жогорку Кеңештин депутатынын Премьер-министрдин же биринчи вице-премьер-министринин отставкасы, кызмат ордунан бошотулушу жана милдеттерин аткаруусун токтотушу анын депутаттык ыйгарым укуктарын толугу менен калыбына келтирет.";

3) 24-беренесинин 3-бөлүгүндөгү "макулдугу менен гана" деген сөздөр "депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

4) 29-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "консультант алууга укуктуу" деген сөздөр "ал Премьер-министр же биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалган учурлардан тышкары, консультант алууга укуктуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

5) 30-беренесинин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:

"Жогорку Кеңештин депутатынын ар бир айдагы акчалай акысын төлөө ал Премьер-министр же биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалган учурда, Өкмөттүн мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткаруу мезгилинде токтотулат.

Премьер-министрдин же биринчи вице-премьер-министрдин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган Жогорку Кеңештин депутатына акчалай акы төлөө, медициналык тейлөө жана социалдык-турмуш-тиричилик кызмат көрсөтүүлөр менен камсыздоо "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.";

6) 31-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:

"5. Премьер-министр же биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалган Жогорку Кеңештин депутатына кызматтык турак жай берүү маселеси "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы менен жөнгө салынат.";

7) 32-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Жогорку Кеңештин депутаты Премьер-министр же биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалган учурлардан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаты Кыргыз Республикасынын аймагында таксини кошпогондо, мамлекеттик жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун бардык түрлөрүн бекер пайдаланууга, ошондой эле жол жүрүү документтерин кезексиз алууга укуктуу.";

8) 33-беренесинин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Жогорку Кеңештин депутаты Премьер-министр же биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалган учурлардан тышкары, Жогорку Кеңештин депутатынын мобилдик байланышты кошпогондо, байланыш каражаттарын пайдаланууга кеткен чыгымдары Жогорку Кеңештин ишине тийиштүү жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда каралган каражаттардын эсебинен төлөнөт.";

9) 36-беренесинин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Жогорку Кеңештин депутатына Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган ден соолугун чыңдоо үчүн жөлөкпул жана кошумча акыларды төлөө менен узактыгы 30 календардык күн болгон жыл сайын акы төлөнүүчү эмгек өргүү берилет. Жогорку Кеңештин депутаты Премьер-министр же биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалган учурлардан тышкары, Жогорку Кеңештин депутатына эмгек өргүү сессия аяктаганда берилет. Премьер-министр же биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалган Жогорку Кеңештин депутатына жыл сайын акы төлөнүүчү өргүү Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык берилет.".

2-берене.

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 10, 1514-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 14-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-бөлүк менен толукталсын:

"8-1. Парламенттик көпчүлүк фракцияларынын коалициясынан чыгуу жөнүндө чечим фракция тарабынан фракциянын депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмесинин добушу менен кабыл алынат. Фракциянын чечими анын токтому менен таризделет жана чыгуу үчүн добуш берген фракциянын ар бир мүчөсүнүн колу коюлат.";

2) 20-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:

"7. Фракциялардын коалициясынын парламенттик көпчүлүк статусун жоготушу Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен Жогорку Кеңештин Төрагасынын ыйгарым укуктарын ырастоо зарылдыгына алып келет.";

3) 51-беренесинин 4-бөлүгүндөгү ", ошондой эле Өкмөтгүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн" деген сөздөр ", Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн же башка ыйгарым укуктуу адамдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

4) 69-беренесинин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Республикалык бюджет жана салыктар жөнүндө мыйзамдар Премьер-министр мындай мыйзамдарды кол койбостон кайтаруу жөнүндө кайрылган учурлардан тышкары, Президент тарабынан милдеттүү түрдө кол коюлууга тийиш.";

5) 101-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "1" деген цифра "15" деген цифралар менен алмаштырылсын;

6) 122-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүндөгү "15" деген цифралар "25" деген цифралар менен алмаштырылсын;

7) 123-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-бөлүк менен толукталсын:

"4-1. Программада Конституцияда жана мыйзамдарда каралган Өкмөттүн негизги ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча анын стратегиялары, концепциялары, пландары каралууга тийиш. Программа ошондой эле улантуучулук тартибинде Программага киргизилген жоболорго көрсөтмөлөрдү камтуусу зарыл.";

8) 130-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "бир жолудан" деген сөздөр "эки жолудан" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти