Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 29-апрели № 194

"Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Шыкмаматов, К.Иманалиев, Э.Токтошев, К.Самат жана И.Гаипкулов тарабынан демилгеленген "Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М.Абылгазиев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2019-жылдын 29-апрелиндеги
№ 194 токтому менен
жактырылган

"Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Н.Шыкмаматов, К.К.Иманалиев, Э.Т.Токтошев, К.Самат, И.Т.Гаипкулов тарабынан демилгеленген "Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.

Мыйзамдын долбоору менен Кыргыз Республикасынын мурунку жарандарына, Кыргыз ССРинде туулган жана мурунку СССРдин жарандыгын алган адамдарга жана башка өлкөнүн жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жарандарына менчик укугун, ошондой эле чек ара аймактарында жайгашкан жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) жана мөөнөтсүз пайдалануу укугун алууга байланышкан чектөөлөрдөн сырткары бир катар чектөөлөрдү алып салууга багытталган өзгөртүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизүү белгиленүүдө.

1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунун а) пунктчасы менен Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 5-статьясына өзгөртүү киргизүү сунушталууда, ага ылайык Кыргыз Республикасынын мурунку жарандарынан, Кыргыз ССРинде туулган жана мурунку СССРдин жарандыгын алган адамдардан жана башка өлкөнүн жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жарандарынан, ошондой эле алардын балдарынан сырткары чет өлкөлүк жакка, эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, айыл чарба жерлерин менчикке берүүгө жана өткөрүүгө жол берилбейт,

Белгилей кетсек, "Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерине жана ченемдерине, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруу жана камсыз кылуу боюнча чет өлкөлүк мамлекеттердин мыйзамдарын эске алуу менен мекендештерге мамлекеттик колдоо жана жардам көрсөтүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясаты болуп саналат.

Мында "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгы - алардын өз ара укуктарынын жана милдеттеринин жыйындысынан көрүнгөн адамдын Кыргыз Республикасы менен туруктуу укуктук байланышы, ал эми чет элдин жараны - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана чет мамлекеттин жарандыгына өзүнүн таандык экендигинин далили бар адамдар болуп саналат.

Мындан сырткары, жогоруда аталган Мыйзамдын 3, 6 жана 22-статьяларына ылайык башка жарандык - чет мамлекеттин жарандыгы деген түшүнүк каралгандыгын белгилеп кетебиз. Жогоруда аталган Мыйзамда жана мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган учурларды кошпогондо, башка өлкөнүн жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жараны катары гана каралат. Кыргыз Республикасынын жаранынын башка өлкөнүн жарандыгын алуусу Кыргыз Республикасынын жарандыгынын токтолушуна алып келбейт.

Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын жараны бойдон калуу менен төмөнкү учурларда башка чет мамлекеттин жарандыгын ала алат:

- эгерде башка мамлекеттин жарандыгын алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана чет мамлекеттин мыйзамдарына каршы келбесе;

- эгерде мамлекеттер ортосунда кош жарандык маселеси боюнча мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдер болсо.

Мындан сырткары, "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (13-14-статьялары) менен Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жалпы жана жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жөнгө салынат жана бул тартип Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароо тартиби жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.

Ошону менен бирге, иммиграциялык процесстердин укуктук, экономикалык жана социалдык негиздерин, ошондой эле кайрылмандар үчүн жаңы жерде жашоого зарыл болгон шарттарды түзүүнү аныктоочу этникалык кыргыздардын иммиграциясы жагындагы мамлекеттик саясат "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесине ылайык жер, анын кен байлыктары, аба мейкиндиги, суулары, токойлору, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү, башка жаратылыш ресурстары Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп эсептелет, бирдиктүү экологиялык системаны сактоо максатында Кыргызстан элинин жашоосу менен иш-аракетинин негизи катары пайдаланылат жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турат.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде чет өлкөлүк жакка айыл чарба жерлерин менчикке берүүгө жол берилбейт. Универсалдуу укук мурастоо тартибинде айыл чарба багытындагы жер участогуна болгон укуктун өтүшү жогоруда аталган Кодекстин 37-статьясынын 2 жана 3-пункттарында каралган натыйжаларга алып келет.

Белгилей кетүүчү нерсе, жогоруда аталган Кодекстин 37-статьясынын 2-пунктуна ылайык эгерде айыл чарба жерлеринин мурастоочусу чет өлкөлүк жак болсо, анда ал бир жылдын ичинде жер участогуна укугун Кыргыз Республикасынын жаранына ээликтен ажыратууну жүргүзүүгө милдеттүү.

Эгерде чет өлкөлүк жак тарабынан мураска өткөн жер участогуна укук аталган статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө ажыратылбаса, ал Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 283-статьясында каралган тартипте жүргүзүлөт.

Мындан сырткары, Мыйзамдын долбоору менен Кыргыз Республикасынын мурунку жарандарына, Кыргыз ССРинде туулган жана мурунку СССРдин жарандыгын алган адамдарга жана башка жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жарандарына гана эмес алардын балдарына да кыймылсыз мүлктү алуу боюнча чектөөлөрдү алып салуу сунушталууда. Бирок жогоруда белгиленген адамдардын балдары келечекте жарандыгын алган өлкөдө тыгыз интеграцияланып, жараны болуп саналган жана жашаган мамлекетинде иштешет, анын ичинде аскер кызматында, ошондой эле чет мамлекеттин укук коргоо жана коопсуздук органдарында кызмат өтөшү мүмкүн. Алар Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк алган учурда бул жагдай Кыргыз Республикасынын коопсуздугун камсыздоо боюнча маселелерди жаратышы мүмкүн.

"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-статьясына ылайык 18 жашка чыккан чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө расмий өтүнүч менен кайрылууга укуктуу. 13-статьясынын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда белгиленгендей, эгерде Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, алардын Кыргыз Республикасынын аймагында жашоо мөөнөтү төмөнкүдөй учурларда бир жылга чейин кыскартылат, эгерде:

1) алардын ата-энесинин бири Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган жана Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган болсо;

2) алар Кыргыз ССРинде төрөлсө жана мурдагы СССРдин жарандыгы болсо;

3) Кыргыз Республикасынын жарандыгы калыбына келтирилсе.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жогоруда баяндалган жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасынын мурунку жарандарына, Кыргыз ССРинде туулган жана мурунку СССРдин жарандыгы бар адамдарга, ошондой эле алардын балдарына карата менчик укугуна, ошондой эле чек ара аймактарындагы жер тилкелерине болгон мөөнөттүү (убактылуу) жана мөөнөтсүз пайдалануу укугуна байланышкан чектөөлөрдү кошпогондо бир катар чектөөлөр Кыргыз Республикасынын жарандыгын алгандан кийин гана алып салынат.

2. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинде Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 14-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пунктун күчүн жоготту деп таануу сунушталып жатат, анткени Мыйзамдын долбоорунун негиздеме маалымкатында 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин кабыл алынышынан тартып "чет өлкөлүк жарандарга турак жайларды сатып алууга макулдук берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген түшүнүк пайда болгон. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 643 токтому кабып алынганга чейин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдында Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк юридикалык жактарга жана жеке адамдарга турак жай фондунан турак үйлөрдү жана квартираларды ажыратып берүү боюнча комиссия иштеп турган.

Маалымат катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 575 токтому) чет өлкөлүк жарандарга жана юридикалык жактарга турак жай алууга жана курууга, башкача айтканда турак жай алуу жана куруу алардын Кыргызстанда инвестициялык визасынын же туруктуу жашоого уруксатынын болушуна байлангандыгына чектөө коюуга багытталган "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосунда тургандыгын маалымдайбыз.

Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесин алып салууну сунуштайбыз.

3. Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинин 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28 жана 30-беренелерине ылайык ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо жана Мамлекеттик реестрге киргизүү алардын юридикалык күчүнө киришинин милдеттүү шарты болуп саналат. Ошону менен бирге, ченемдик укуктук актыны анын расмий жарыяланган күнүндө ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү мүмкүн болбогондуктан, ченемдик укуктук актылар расмий жарыялангандан кийин гана 7 күндүн ичинде белгиленген Реестрге киргизүү үчүн Юстиция министрлигине берилет.

Ушуга байланыштуу, Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинин 1-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:

"1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.".

4. Жогоруда аталган Мыйзамдын 25-беренесинин экинчи абзацына ылайык ченемдик укуктук актынын долбооруна негиздеме маалымкатта ченемдик укуктук актыны кабыл алуунун натыйжасында жетишүү же чечүү болжолдонгон максаттар жана маселелер камтылууга тийиш. Жогоруда аталган Мыйзамдын долбоорунун негиздеме маалымкатында Мыйзамдын долбоорун кабыл алуунун максаты так жазылган эмес.

Жалпысынан, Мыйзамдын долбоорун "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын талаптарына ылайык толуктап иштеп чыгууну сунуштайбыз.

Жогоруда айтылгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул Мыйзамдын долбоорун баяндалган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен толуктап кайра иштеп чыгууну сунуштайт.