Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 29-апрели № 199

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын, "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө", "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын, "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө", "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр

 

К.Боронов

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2019-жылдын 29-апрелиндеги
№ 199 токтому менен
жактырылган

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын, "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө", "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Эргешов, Н.Алимбеков, А.Кулбараков, У.Кыдыралиев, У.Самаев, У.Примов, А.Токторов жана Т.Икрамов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын, "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө", "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.

Жогоруда аталган мыйзамдардын долбоорлорунун концепциясы Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоого жана шайланууга өз конституциялык укуктарын ишке ашырууга бирдей жана тоскоолдуксуз жетүүсүн камсыздоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сапаттык курамын жакшыртуу аркылуу шайлоо жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүүнү карайт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган мыйзамдардын долбоорлорун карап чыгып, жалпысынан мыйзамдардын долбоорлорунун концепциясын, максаттарын жана милдеттерин колдоо менен, төмөнкүлөрдү белгилеп кетүүнү зарыл деп эсептейт.

1. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору боюнча (мындан ары - Мыйзамдын долбоору).

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу маселе боюнча.

1) "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Мыйзамынын 1-беренесинин жыйырманчы абзацындагы "укук коргоо органдары" түшүнүгүнөн "баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча органдар" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз, анткени Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 63 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат жоюлган.

Ушундай эле сын пикир "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн жыйырма төртүнчү абзацы боюнча.

2) Мыйзамдын долбоорунун бүткүл тексти боюнча шайлоо мыйзамдарынын ченемдеринин тигил же бул бузуулар үчүн жоопкерчиликтин түрлөрү каралган. Бирок мыйзамдарда жоопкерчиликтин мындай түрлөрү каралган эмес. Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун негизде-маалым катында шайлоо мыйзамдарын бузуу үчүн жоопкерчиликти белгилөө боюнча кайсы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү пландалып жатканын көрсөтүүнү сунуштайбыз ("Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталган редакциясынын 15-беренесинин 3-бөлүгүнүн бешинчи абзацы, 15-берененин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацы, (Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 10-пунктунда баяндалган), "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталган редакциясынын 21-1-беренесинин 6-бөлүгү (Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 17-пунктунда баяндалган), "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталган редакциясынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн бешинчи абзацы, мыйзамдын сунушталган редакциясындагы (Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 21-пунктунда баяндалган), "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталган редакциясынын 28-беренесинин 7 жана 8-бөлүктөрү, (Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 22-пунктунда баяндалган), "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталган редакциясынын 62-беренесинин 2-бөлүгүнүн жетинчи абзацы (Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 45-пункту).

3) Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 5-пунктунун "в" пунктчасы боюнча "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык мамлекеттик жарандык кызматчы - мамлекеттик органда административдик кызмат ордун ээлеген, кызмат орду боюнча берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча кесипкөй кызматтык ишти республикалык бюджеттин каражаттарынан акчалай сыйакы алуу менен туруктуу негизде жүзөгө ашырган жана аларды аткаруу үчүн жоопкерчилик тарткан Кыргыз Республикасынын жараны; муниципалдык кызматчы - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында административдик кызмат ордун ээлеген, кызмат орду боюнча берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча кесипкөй кызматтык ишти жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан акчалай сыйакы алуу менен туруктуу негизде жүзөгө ашырган жана аларды аткаруу үчүн жоопкерчилик тарткан Кыргыз Республикасынын жараны экендигин белгилейбиз. Ошентип, саясий мамлекеттик кызматтарды, саясий муниципалдык кызматтарды ээлеген адамдар "мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар" деген түшүнүккө туура келбейт. Аталган эскертүү Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 6-пунктунун "б" пунктчасына, 1-беренесинин 12-пунктуна, 1-беренесинин 14-пунктунун "б" пунктчасына, 1-беренесинин 15-пунктуна, ошондой эле "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 1-беренесинин 5-пунктунун "в" пунктчасына, 1-беренесинин 14-пунктунун экинчи абзацына, 15-пунктунун экинчи абзацына, 16-пунктунун "а" пунктчасынын төртүнчү абзацына тийиштүү.

4) Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 9-пунктунун "в" пунктчасынын экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөрдү "жүргөн өлкөсүндө аккредитацияланган, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз. Аталган сунуш өкүлчүлүктөр Кыргыз Республикасынын ар кандай мамлекеттик органдары тарабынан ачылышы мүмкүн экендигине байланыштуу киргизилүүдө, мисалы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы тарабынан.

5) Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 9-пункту менен каралган "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине түзөтүүлөр боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:

а) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыздоо, ошондой эле добуш берүү үчүн шарттарды түзүү максатында "б" пунктчасын төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи-сегизинчи абзацтар менен толуктоону сунуштайбыз:

"Шайлоочулардын санына тиешелүү ушул берененин 4-бөлүгүндөгү биринчи абзацтын жобосу Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары шайлоо участкаларын түзүүдө колдонулбашы мүмкүн.

Эгерде бир аймакта Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн шайлоочулардын саны ушул берененин 4-бөлүгүндөгү биринчи абзац менен белгиленген шайлоочулардын санынан ашса, тышкы иштер маселелерин тейлеген органдын сунушу боюнча жана жүргөн өлкөдөгү компетенттүү органдар менен макулдашуу боюнча бир жайда эки же андан көп шайлоо участоктору түзүлүшү мүмкүн.";

б) "г" пунктчасын алып салуу сунушталууда.

6) Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 10-пункту менен каралган "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине түзөтүүлөр боюнча төмөнкүлөрдү белгилейбиз:

а) шайлоочулардын алдын ала тизмеси калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлгөн калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринен автоматтык түрдө алуу жолу менен түзүлгөндүгүнө байланыштуу "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталган редакциясындагы 14-беренесинин сегизинчи абзацындагы, "Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан" деген сөздөрдү алып салуу керек;

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталган редакциясынын 12-беренесиндеги 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы боюнча да ушундай эскертүү берилет ("Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 1-беренесинин 8-пунктунун "а" пунктчасы);

б) жашаган же жүргөн жеринин шайлоо дареги боюнча добуш берүү жөнүндө арызды берген учурда шайлоочуларга кошумча шарттарды түзүү үчүн Мыйзамдын сунушталган редакциясынын жогоруда аталган беренесиндеги төртүнчү абзацы "Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген тартипте арыз берүү жолу менен жашаган же болгон жериндеги шайлоо дареги боюнча добуш берүүнү каалагандыгы жөнүндө арыз берүүгө укуктуу" деген сөздөрдөн кийин ", мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан же аутентификациядан өтөт" деген сөздөр менен толукталсын.

Ушуга окшош эле "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталган редакциясындагы 15-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацын жогоруда аталган сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз (Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 10-пунктунда баяндалган).

Ошондой эле жогоруда айтылганды эске алуу менен "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталган редакциясынын 13-беренесиндеги 2-бөлүгүнүн биринчи жана үчүнчү абзацы ("Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 1-беренесинин 7-пункту) "идентификациядан" деген сөздөн кийин "жана аутентификациядан" деген сөздөр менен толукталсын;

в) "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесиндеги 5-пунктунун экинчи абзацынын сунушталган редакциясы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына каршы келет, анткени Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын саны жөнүндө маалымат мамлекеттик сырларга кирет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 267/9 токтому менен бекитилген Мамлекеттик сырларды түзүүчү эң башкы маалыматтардын тизмегине киргизилген.

7) Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 10-пунктунда баяндалган "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы менен шайлоочунун биометрикалык каттоосу жок болгон учурда биометрикалык каттоодон ал шайлоо участкасында өтүүгө укуктуу деген ченемди киргизүү сунушталууда.

Ушуга байланыштуу белгилеп кетүүчү нерсе, азыркы мезгилде бардык паспорттук бөлүнүштөрдө жана калкты тейлөө борборлорунда паспортту алууда жарандар милдеттүү биометрикалык каттоодон өтүшөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык жакынкы мезгилде республикабыздын чет өлкөлүк мекемелеринде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жарандар, ал жакта иштеген биометрикалык маалыматтарды чогултуу пункттары менен бир иштеген биометрикалык маалыматтарды милдеттүү түрдө берүү менен Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алуу мүмкүндүгүнө ээ болушат.

Шайлоолорго жана референдумдарга даярдануу мезгилинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча биометрикалык маалыматтарды чогултуунун көчмө пункттары уюштурулат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматын каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналгандыктан, аталган ченемди аткаруу үчүн бардык шайлоо участокторунда чогултуу пункттарын ачуу зарыл болот, буга жабдууларды жана башка уюштуруу чыгымдарына олуттуу финансылык чыгымдар талап кылынат. Шайлоолорду өткөрүү мезгилинде операторлордун эмгек акысын төлөөгө гана жабдууларды жана программалык камсыздоону сатып алууга каражаттарды эске албаганда 47,5 млн. сом өлчөмүндөгү акча каражаты керек.

Аталган каражаттар республикалык бюджетте салынбагандыгын эске алуу менен, Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 10-пунктунда баяндалган "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталган редакциясындагы 15-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацын алып салууну сунуштайбыз.

Ушундай эле эскертүү "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 1-беренесинин 9-пунктунда баяндалган "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы боюнча берилет.

8) Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 10-пунктунда баяндалган "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 2-бөлүгүнүн бешинчи абзацындагы "идентификациялык картаны - 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту (ID-карта) жана картанын жеке паролун" деген сөздөрдү "мыйзамда белгиленген тартипте" деген сөздөр менен алмаштыруу сунушталууда.

Ушундай эле эскертүү Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 10-пунктунда баяндалган "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы боюнча берилет.

Ушундай эле сунуш "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 1-беренесинин 9-пунктунда баяндалган "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталган редакциясынын 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн сегизинчи абзацы боюнча берилет.

9) Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 10-пунктунда баяндалган "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 7-бөлүгүндөгү "Жарандардын биометрикалык маалыматтарын иштеп чыгууда" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз.

Ушундай эле сунуш "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 1-беренесинин 9-пунктунда баяндалган "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 6-бөлүгүнүн биринчи абзацы боюнча берилет.

10) Шайлоочулардын тизмеси Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестри менен синхрондоштурулбай, Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтардын негизинде актуалдаштырылышы гана мүмкүн экендигин эске алуу менен, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 7-бөлүгүндөгү жана 15-беренесинин 5-бөлүгүндөгү биринчи абзацында (Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 10-пункту) "синхрондоштуруу" деген сөздү "актуалдаштыруу" деген сөз менен алмаштырууну сунуштайбыз.

Ушундай эле эскертүү "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 1-беренесинин 9-пунктунда баяндалган "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 4 жана 6-бөлүктөрүнүн биринчи абзацы боюнча берилет.

Шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан да тагыраак тактоо үчүн Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 10-пунктунда баяндалган "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 5-бөлүгүн төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толуктоо сунушталууда:

"Шайлоочулардын электрондук түрдөгү акыркы тизмеси жабдуулардын комплекттерин даярдоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнүнө чейин 10 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүлүп берилет.

Шайлоочулардын акыркы тизмеси алынгандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган биометрикалык маалымат базасы менен шайлоочулардын тизмесин жүктөп, шайлоочуларды идентификациялоо боюнча сервердик жабдуулардын комплекттерин даярдоо боюнча иштерди жүргүзөт жана шайлоо участокторуна жабдуулардын комплекттерин жеткирүү үчүн шайлоо күнүнө чейин 3 календарлык күндөн кечиктирбей Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берет.".

Ошондой эле "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 1-беренесинин 9-пунктунда баяндалган "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталган редакциясынын 13-беренесинин 4-бөлүгүн жогоруда аталган редакциядагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толуктоону сунуштайбыз.

11) Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 11-пунктунда баяндалган "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 1-бөлүгү боюнча шайлоочулардын тизмесин түзүү процессин мындан да деталдуу аныктоо жана тактоо үчүн "мамлекеттик реестринин негизинде" деген сөздөрдөн кийин "Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан" деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.

12) Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 16-пунктунда баяндалган "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 10-бөлүгү боюнча Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын кодексинин күчүн жоготкондугун эске алууну сунуштайбыз, тиешелүү түрдө "администрациялык жаза" деген терминди кайра карап чыгуу зарыл.

Аталган Мыйзамдын долбоорунун бүткүл тексти, анын ичинде "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун "администрациялык жаза" деген термини боюнча да ушундай эле сын пикир айтылат.

13) Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 19-пунктунун жетинчи абзацында биргелешкен үгүт иш-чараларына катышуудан баш тартууда же келбей калууда эфирдик убакыт башка мезгилде берилбей тургандыгын тактоону сунуштайбыз.

14) Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 22-пунктунда баяндалган "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 9-бөлүгүнүн экинчи абзацында корутундусу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан чечим кабыл алуу үчүн негиз болуп эсептелген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аракетинин чөйрөсүн тактоо керек.

Ошондой эле Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 22-пунктунда баяндалган "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 9-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча функцияларды ишке ашырган аткаруу бийлигинин органынын компетенциясын тактоону сунуштайбыз, анткени азыркы мезгилде аткаруу бийлигинин бир да органы мындай ыйгарым укуктарга ээ эмес. Ошону менен бирге эле мындай органды түзүү же иштеп жаткан мамлекеттик органга кошумча функцияларды берүү мамлекеттик кызматкерлердин штаттык санынын көбөйүшүнө, тиешелүү түрдө республикалык бюджеттен кошумча каржылоого алып келерин белгилейбиз.

15) Мыйзамдын долбоорунун 24-пунктунун "а" пунктчасынын экинчи жана үчүнчү абзацтарындагы "(же)" деген сөздү алып салууну сунуштайбыз.

16) Шайлоочулардын эрки бюллетендин бетине белги коюу жолу менен билдириле тургандыгын эске алып, арткы тарабында белги коюлган бюллетендер жараксыз деп таанылбай тургандыгын белгилейбиз. Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесинин 12-бөлүгүн төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толуктоону сунуштайбыз:

"Арткы тарабында белгилерди, кол жазмаларды жана башка кол коюуларды камтыган шайлоо бюллетендери алардын мазмунуна карабастан жараксыз деп таанылбайт.".

17) "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган талаптар (Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 39-пункту) боюнча төмөнкүлөрдү белгилейбиз:

- талапкердин иштеген же окуган жеринен маалым кат берүү жөнүндө талап өзүнүн негиздүүлүгү боюнча күмөн жаратат, анткени иштеген же окуган фактысынын бар же жок экендиги президентикке талапкерлигин коюу үчүн тоскоолдук жаратпашы керек;

- соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалымат ички иштер органдары тарабынан декларация түрүндө эмес, тиешелүү маалым кат түрүндө берилет.

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 36-пунктунун "а" пунктчасынын бешинчи абзацы жана 39-пунктунун "а" пунктчасынын алтынчы абзацы боюнча да ушундай эле сунуш.

18) Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 39-пунктунда баяндалган "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 4-бөлүгүнө талапкерди Кыргыз Республикасынын президенттигине каттоодон баш тартуучу негиздерди караган толуктоолорду киргизүү сунушталууда. Ушуга байланыштуу аталган тизмеге төмөнкүдөй негизди кошуу зарыл деп эсептейбиз: "башка жарандыктын бар экендиги жана талапкердин өзү жөнүндө жалган маалыматтарды берүүсү".

19) Шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен президентикке талапкердин чыгымдарынын суммасын караштырган Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 40-пунктунун "б" пунктчасынын экинчи абзацында эсептик көрсөткүчтү 1000000 эсептик көрсөткүчкө чейин кыскартууга мүмкүндүк берүүчү өзгөртүүнү сунуштайбыз.

20) Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 33-пунктунун "в" пунктчасынын бешинчи абзацы менен "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктун жаңы редакцияда баяндоо каралат, ага ылайык ушул конституциялык Мыйзамдын 21-1-беренесинде каралган административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбестик жөнүндө талаптар саясий партиянын жетекчилиги тарабынан бузулган учурда добуш берүү күнүнө чейин 5 календардык күндөн кечиктирбей талапкерлердин тизмесин каттоо токтотулат.

Бирок "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин сунушталган редакциясында саясий партиянын жетекчилигине тиешелүү талаптар каралган эмес.

Ушуга байланыштуу укук колдонуу практикасындагы түрдүү окулуштарды жокко чыгаруу максатында Мыйзамдын долбоорунун жогоруда аталган ченемдеринин редакциясын кайра карап чыгууну сунуштайбыз.

Мыйзамдын долбоорунун 34-пункту боюнча ушундай эле сын пикир.

"Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча (мындан ары - Мыйзамдын долбоору).

"Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык референдумга бир нече маселе чыгарылышы мүмкүн. Референдумга бир нече маселелер чыгарылган учурда алар өз алдынча бир бюллетенге киргизилет. Ушуга байланыштуу бир нече маселелер боюнча референдумду өткөрүүдө бюллетендин формасын тактоо максатында аталган бөлүктө төмөнкүлөр сунушталат:

а) төртүнчү сүйлөм "же референдумдун ар бир маселеси үчүн бюллетень өз алдынча даярдалат" деген сөздөр менен толукталсын;

б) төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи сүйлөм менен толукталсын:

"Ар бир суроонун тушуна добуш берүүчүнүн эркин билдирүүсүнүн варианты "Макул" жана "Каршы" деген сөздөр менен көрсөтүлөт, анын оң жагына бош төрт бурчтуктар жайгаштырылат";

в) жетинчи сүйлөм алып салынсын.

2) "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесинин 13-бөлүгүнө ылайык, референдумга катышуучунун өз эркин билдирүүсүн аныктоо мүмкүн болбогон бюллетендер жараксыз деп эсептелет. Аталган баяндаманы тактоо зарыл экендигине байланыштуу бул бөлүгүн төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-жетинчи абзацтар менен толуктоо сунушталат:

"Бюллетень жараксыз деп эсептелинет, эгерде:

1) референдумдагы маселе боюнча бир эле учурда бир нече жооптор толтурулса;

2) референдумдун маселеси жана референдумдун альтернативдүү маселеси боюнча бир эле учурда "макул" деген жооптор толтурулса, же эгерде референдумдун маселеси (маселелери) боюнча жооптор жана бир эле учурда "Бардык варианттарга каршы" жооп толтурулса;

3) референдумдун бир нече маселелери боюнча жооптун варианттары жана бир эле мезгилде "Бардык варианттарга каршы" жооп толтурулса;

4) референдумдун катышуучусунун эркин билдирүүсүн камтыбайт (толтурулбаган бюллетендер).

Эгерде референдумдун маселелеринин бир бөлүгү ушул конституциялык мыйзамга ылайык толтурулса, ал эми башка бөлүгү жараксыз деп таанылса референдумдун бир нече маселелери боюнча бюллетень жарактуу деп эсептелет. Добуштар ушул конституциялык Мыйзамга ылайык толтурулган маселелер боюнча саналат.".

5) Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин биринчи абзацын кайра карап чыгуу керек, анткени мыйзам долбоорунун бир топ жоболорунун күчүнө кирүү мөөнөттөрүн жылдыруу ылайыксыз.

2. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча (мындан ары - Мыйзамдын долбоору).

1) Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын консультанттары жана жардамчылары жок экендигин, ал эми чечимдерди кабыл алууда алар өзүнө гана, өзүнүн билимине таянаарын, алар кабыл алган чечимдер тиешелүү аймакта жашаган бардык жарандардын аткаруусу үчүн милдеттүү болгон токтом түрүндө чыгарылаарын эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлердин мыйзамдык сабаттуулугун тестирлөө жолу менен аныктоочу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыйзамдык негиздерин билүүсү жөнүндө талапты белгилөө зарыл деп эсептейт.

Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-пунктунда баяндалган Мыйзамдын 10-беренесинин 2-бөлүгүн төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толуктоону сунуштайбыз:

"- жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлердин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негиздери боюнча мыйзамдык сабаттуулугуна тест өткөрүү.".

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында да ушундай эле ченемди белгилөөнү сунуштайбыз.

2) Шайлоо мыйзамында шайлоо комиссиясынын курамында бир саясий партиядан бир өкүлдөн көп болбошу керектиги белгиленген жана бул ченемди тактоо максатында Мыйзамдын 19-беренесинин 8-бөлүгүн төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толуктоо сунушталат:

"Талапкерлери участоктук, аймактык шайлоо комиссиясынын курамында турган саясий партиялар тийиштүү шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди кайрадан сунуштоого укугу жок. Бир саясий партиянын өкүлдөрү бир эле мезгилде бир шайлоо комиссиясынын курамында жана резервинде тура албайт".

3) Шайлоочулардын тизмеси Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде түзүлөөрүн эске алып, Мыйзамдын долбоорун 11-беренени ушул ченемдерге ылайык келтирүүчү ченем менен толуктоону сунуш кылабыз.

Ошондой эле 11-берененин 1 жана 2-бөлүктөрүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуш кылабыз:

"1. Шайлоочуларды жана референдумга катышуучуларды эсепке алуунун информациялык системасы Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринен 18 жашка толгон, биометриялык маалыматтарын тапшырган жарандар жөнүндө маалыматтарды автоматтык түрдө иргеп алуу жолу менен жана шайлоо участокторунун чектери эске алынып түзүлөт.

2. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын жана референдумга катышуучулардын тизмелерин тактоо мезгилинде шайлоочулар, референдумдардын катышуучулары жөнүндө маалыматтарды жаңылайт жана шайлоочуларды эсепке алуу системасын жүргүзөт.".

3. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө", "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча. Аталган мыйзамдын долбоору төмөнкүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыгууну талап кылат.

1) "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталган редакциясынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнүн 10-пунктчасы менен (Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-пунктунда баяндалган), жергиликтүү кеңештин депутатынын жүйөөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир сессия ичинде катары менен төрт жолудан ашык жок болушу анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн негиздердин бири болуп саналат деп каралган.

Мыйзамдын долбоорунун 2-беренеси менен "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин редакциясын баяндоодо ушундай эле өзгөртүүнү караштыруу сунушталат.

Муну менен бирге, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, жергиликтүү кеңештердин сессиялары алардын ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп эсептелет. "Жыйналыш" термини жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссияларына карата гана колдонулат (Мыйзамдын 34-беренеси). Ошентип, депутаттардын сессияларга катышуусу туруктуу эмес, мезгилдүү мүнөздө болот.

Андан тышкары, негиздеме-маалым катка ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамга шайкеш келтирилип жаткандыктан, "бир сессия ичинде катары менен" деген сөздөрдү "бир жыл ичинде" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуш кылабыз.

Ошондуктан "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталып жаткан редакциясынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнүн 10-пунктчасынын редакциясын жогоруда айтылгандарды эске алуу менен кайра карап чыгууну сунуштайбыз.

Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинде айтылып жаткан редакциядагы "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренеси боюнча да ушундай эле сунуш пикир бар.

2) Мындан тышкары, Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 4-пунктунда "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесинин 3-бөлүгүндө: соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны жасаган кылмышынын оордугуна жараша белгилүү бир убакыт өткөнгө чейин (беш жылдан он беш жылга чейин) шаардын мэри боло албайт деген ченемди белгилөө сунушталган.

Бирок Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 31-октябрындагы ("Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесинин экинчи абзацын, 48-беренесинин экинчи абзацын конституциялык эмес деп таануу жөнүндө иш боюнча), 2013-жылдын 26-ноябрындагы (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 427-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча), 2015-жылдын 25-ноябрындагы ("Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 2-абзацынын, "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 2-абзацынын ченемдик жоболорунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча) чечимдерин эске алып, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесинин 3-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштайбыз:

"3. Кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган Кыргыз Республикасынын жараны, ошондой эле оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон жарандар соттуулугу мыйзам менен белгиленген тартипте алып салынганына же алып салынбагандыгына карабастан шаарга мэр боло албайт.".

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 3-бөлүгү боюнча (Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 6-пункту), "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгү (Мыйзамдын долбоорунун 3-беренеси) жана "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгү (Мыйзамдын долбоорунун 4-беренеси) боюнча да ушундай эле сунуштар айтылган.

3) "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы бардык талапкерлерди каттагандан кийин 2 календардык күндүн ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоону уюштурат.

Ошентип, шайлоолорду өткөрүү үчүн талапкерлерди көрсөтүү эмес, талапкерлерди каттоо фактысы зарыл. Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 5-пунктунун "а" пунктчасынын үчүнчү жана бешинчи абзацтарындагы "көрсөтүлбөсө/" деген сөздү алып салууну сунуштайбыз.

Ушундай эле сын пикир Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 7-пунктунун "а" пунктчасынын үчүнчү жана бешинчи абзацтарына да тиешелүү.

Мындан тышкары, Премьер-министрдин мэрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүсүнүн милдеттүүлүгү тууралуу мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 5-пунктунун бешинчи абзацында каралган ченем "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 2-бөлүгүнө каршы келет, анда Премьер-министрдин милдети эмес, укугу каралган.

4) Укук колдонуу практикасында түрдүү түшүнүктөрдү алып салуу максатында "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Мыйзамдын долбоорунун 3-беренеси) редакциясын жана "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталып жаткан редакциясынын 22-беренесинин 1-бөлүгүн (Мыйзамдын долбоорунун 4-беренеси) "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталып жаткан редакциясынын 42-беренесинин 1-бөлүгүндө (Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 4-пункту) баяндалган талаптарга ылайык келтирүүнү сунуштайбыз.

4. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (мындан ары - Мыйзам долбоору) боюнча төмөнкүлөрдү эске алууну сунуштайбыз.

1) Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунун үчүнчү абзацында "жалпыга" деген сөз алып салынсын.

1) Шайлоолорду жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын пикири боюнча бирдиктүү күндү киргизүү шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсүн жогорулатууга, шайлоолорду уюштурууну пландаштыруу, оптималдаштыруу жана бирдейлештирүү боюнча, ошондой эле шайлоо процесстеринин катышуучуларынын уюштуруучулук жана башка ресурстарын натыйжалуу пайдалануу боюнча милдеттерди ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо көбүнчө декабрь жана май айларында өткөрүлөт, ушуга байланыштуу шайлоолордун мезгилдүүлүгүн аныктоодо оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизүү, ал эми колдонуудагы "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүн төмөнкүдөй редакцияда берүү сунушталат:

"4. Добуш берүү күндөрү болуп ушул берененин 5-бөлүгүнө ылайык жылдын апрель айынын экинчи дем алышы жана октябрдын экинчи дем алышы эсептелет. Эгерде жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү Президентти, Жогорку Кеңештин кезектеги чакырылыштагы депутаттарын шайлоону өткөрүү жылында аяктаса, анда аталган шайлоолордогу добуш берүү күнү эсептелет.

5. Эгерде жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайланган мөөнөт 1инен 31-декабрга чейинки мезгилде аяктаса, анда кийинки шайлоолор аталган мөөнөт аяктаган жылдан кийинки жылдын апрелинин экинчи дем алышында өткөрүлөт.

Эгерде жергиликтүү кеңештердин депутаттары тандалган мөөнөт 1-январдан 31-майга чейинки мезгилде аяктаса, кийинки шайлоолор аталган мөөнөт аяктаган жылдын апрель айынын экинчи дем алышында өткөрүлөт.

Эгерде жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайланган мөөнөт 1-июндан 31-ноябрга чейинки мезгилде аяктаса, кийинки шайлоолор аталган мөөнөт аяктаган жылдын октябрь айынын экинчи дем алышында өткөрүлөт, ал эми Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөрүлгөн жылы аяктаса - аталган шайлоолордогу добуш берүү күнүндө".

1) Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-пунктунун "а" пунктчасында баяндалган сунушталып жаткан түшүнүк аппаратына ылайык, шайлоочулардын мамлекеттик порталы Борбордук шайлоо комиссиясынын интернет-сайты болуп саналат, ошондой эле терминдерди бирдей колдонуу максатында Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 8-пунктунун "в" пунктчасынын үчүнчү абзацындагы "Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында" деген сөздөр "шайлоочулардын мамлекеттик порталында" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.

2) Мыйзамдын долбоорунда "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 12-бөлүгүн (Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 10-пункту) шайлоо фонддорунун каражаттары пайдаланылышы мүмкүн болгон чыгымдардын тизмегин карай турган жаңы редакцияда берүү сунушталууда. Анткени "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 12-бөлүгүнүн 3-пунктунда кызмат көрсөтүүлөр жана жумуштар гана эмес, товарлар да (кеңсе товарларын, жабдууларды сатып алуу) көрсөтүлгөндүктөн, аталган пунктту "товарларды жеткирүү" деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.

3) Мыйзамдын долбоорунда "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 20-бөлүгүн (мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 10-пункту) атайын эсепте турган коротулбаган акча каражаттарынын калдыгы добуш берүү күнүнөн кийин талапкерге, саясий партияга кайтарылат деген ченем менен толуктоо сунушталууда. Ошондой эле ушул бөлүктө аталган каражаттар кайтарыла турган мөөнөттү аныктоону сунуштайбыз.

4) Ченемдерди мааниси жагынан бирдейлештирүү максатында:

а) Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 11-пунктунун "а" пунктчасынын биринчи абзацындагы "2" деген цифраны "1" деген цифра менен алмаштырууну сунуштайбыз;

б) Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 12-пунктунда баяндалган "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталган редакциясынын 17-беренесинин 5-бөлүгүндөгү "61" деген цифралар "60" деген цифралар менен алмаштырууну сунуштайбыз;

в) Мыйзамдын долбоорунун 33-пунктунда баяндалган "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталган редакциясынын 50-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктчасында шайлоо күрөөсү боюнча шаарларды алып салууга берилген шилтемени тактоо зарыл;

г) Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 35-пунктунун "в" пунктчасынын биринчи жана экинчи абзацтарындагы "2" деген цифра "1" деген цифра менен алмаштырылсын.

5) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесин жетекчиликке алып, Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 13-пунктунда баяндалган Мыйзамдын 17-1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктундагы "билим берүү мекемелери" деген сөздөрдү "билим берүү уюмдары" деген сөздөр менен, ал эми "орто жана жогорку билим берүү мекемелеринин окуучуларын" деген сөздөрдү "баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын окуучуларынын, студенттеринин" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.

6) Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 13-пунктунда баяндалган Мыйзамдын 17-1-беренесинин 5-бөлүгү "мамлекеттик" деген сөздөн кийин "жарандык" деген сөз менен толукталсын.

7) Пассивдүү шайлоо укугун ишке ашырууну камсыз кылуу жана шаардык кеңештин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүүнүн тартибин өркүндөтүү максатында Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 35-пунктунун "а" пунктчасын төмөнкүдөй редакцияда баяндоо сунушталууда:

"1-бөлүктүн 3-пункту "саясий партиянын жетектөөчү органы" деген сөздөрдөн кийин "талапкерлердин тизмесинде кийинки турган талапкерлердин каршылыгы болбогон учурда" деген сөздөр менен толукталсын.