Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 2-майы № 205

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 18 жана 24-беренелерине, "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 6-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-майындагы № 227 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын штаттык санын оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө жободо:

- 1-пункту "жаратылышты пайдалануу" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле аңчылык, мергенчилик чарбасы жана токой чарбасы менен өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын башкаруу" деген сөздөр менен толукталсын;

- 5-пунктунда:

экинчи абзацы "табигый ресурстарды" деген сөздөрдөн кийин ", токой чарбасын башкаруу жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын" деген сөздөр менен толукталсын;

төртүнчү абзацы "жаратылышты пайдалануу" деген сөздөрдөн кийин ", токой жана мергенчилик чарбаларын, токой чарбасын жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагын башкаруу" деген сөздөр менен толукталсын;

- 6-пунктунда:

1-пунктчанын төртүнчү абзацындагы "жана токой чарба" деген сөздөр ", токой жана мергенчилик чарба, токой чарбаны жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын башкаруу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2-пунктчанын экинчи абзацы "курчап турган чөйрөнү коргоо" деген сөздөрдөн кийин ", токой жана мергенчилик чарбалары, токой чарбасын жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын башкаруу" деген сөздөр менен толукталсын;

5-пунктчанын жетинчи абзацы "жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле токой жана мергенчилик чарбалар, токой чарбасын жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын" деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 11-1-пункт менен толукталсын:

"11-1. Агенттиктин чечимдери буйрук жана тескеме түрүндө чыгарылат. Чечимдерге Агенттиктин директору кол коёт, ал жок учурда статс-катчы же директордун милдеттерин аткаруу жүктөлгөн орун басары кол коёт.";

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 14-майындагы N 39 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М.Абылгазиев

 

 

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин башкаруу
СХЕМАСЫ

Описание: 154936_kyr.png