Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 20-июну № 80

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

               Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине
               өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
                                тууралу

 2005-жылдын 27-апрелинде            Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                     Кењеши тарабынан кабыл алынган

     1-статья.Кыргыз Республикасынын  Үй-бүлө  кодексине (Кыргыз Респуб-
ликасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы,  2004-ж., № 1, 1-ст.)  төмөнкүдөй 
өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
     1. 1-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "2. Кыргыз  Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте никеге
туруу гана нике деп таанылат.".
     2. 12-статьянын  1-пунктунун үчүнчү абзацындагы "жана башка өзгөчө
жагдайларда" деген сөздөр алып салынсын.
     3. 14-статьянын 2-пунктундагы "чыккандарга" деген сөз "чыккан аял-
дарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
     4. 36-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацы алып салынсын.
     5. 43-статьядагы ", никеге туруп жаткандагы" деген сөздөр алып са-
лынсын.
     6. 51-статьянын 1-пунктундагы "дагы башка  далилдердин  негизинде"
деген сөздөр "соттун чечими менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
     7. 57-статьянын экинчи абзацы алып салынсын.
     8. 64-статьянын  1-пунктунун  биринчи  абзацы  "экөөнүн тењ" деген
сөздөрдөн кийин "же алардын биринин" деген сөздөр менен толукталсын.
     9. 67-статьянын  3-пунктундагы "он төрт" деген сан "он алты" деген
сан менен алмаштырылсын.
     10. 118-статьянын  5-пунктундагы "жарандык-процесстик мыйзамдарда"
деген сөздөр "аткаруу өндүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
рында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
     11. 132-статьяда:
     2-пункттун экинчи абзацындагы "жана маданият" деген сөздөр "берүү"
деген сөз менен алмаштырылсын;
     статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
     "5. Асырап алууну ишеним кат боюнча жазып каттоону  жол-жоболошту-
рууга жол берилбейт. .
     12. 133-статьянын 1-пунктунун сегизинчи жана онунчу абзацтарындагы
"асырап алууну" деген сөздөр "асырап алуу" деген сөздөр, "учурда" деген
сөз "учурунда" деген сөз менен алмаштырылсын жана "белгилеп жаткан" де-
ген сөздөр алып салынсын.

     2-статья.Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

     Кыргыз Республикасынын Президентинин
     милдетин аткаруучу                              К.Бакиев