Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 3-июну № 262

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Дж.Байбакпаев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М. Абылгазиев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2019-жылдын 3-июнундагы
№ 262 токтому менен
жактырылган

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Дж.Байбакпаев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.

Мыйзамдын долбоорунун бюджеттердин долбоорлорун жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторду түзүү, кароо жана бекитүү процесстерин тартипке келтирүүдөн турган концепциясын жалпысынан колдоо менен, төмөнкү сунуштарды эске алууну сунуштайбыз.

1. Мыйзамдын долбоорунун 1 -беренесинин экинчи жана сегизинчи абзацтары менен Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин (мындан ары - Бюджеттик кодекс) 29-беренесинин 2-бөлүгүндө республикалык бюджет жөнүндө мыйзамды бекиткенге чейин курулуш жана реконструкциялоо объекттеринин тизмегин бекитүү мөөнөтүн өзгөртүү сунушталууда (колдонуудагы редакцияга ылайык - республикалык бюджет жөнүндө мыйзамды бекиткенден кийин). Мында, Бюджеттик кодекстин кезектеги бюджеттик жылга бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоорунун көрсөткүчтөрүнүн болжолдору саналган 90-беренесин "капиталдык салымдар" беренеси боюнча каржылануучу курулуш объекттеринин тизмеги менен толуктоо сунушталууда.

Муну менен бирге Бюджеттик кодекстин 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында 1-январдан тартып 31-декабрды кошуп алгандагы убакыттын арасы бюджеттик жыл болуп саналат. Мында, "капиталдык салымдар" беренеси боюнча республикалык бюджеттен каражаттарды бөлүү тиешелүү жылдын аягына чейин ишке ашырылат. Жыл сайын курулуштардын тизмеги түзүлгөндөн кийин мамлекеттик заказчылар тарабынан тиешелүү жылга объекттерди бүткөрүү боюнча иш планы бекитилет. Объективдүү себептер боюнча, финансы каражаттарынын жетишсиздигинен улам бүткөрүлбөгөн объекттердин курулушу кийинки жылга өтөт.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө мыйзамы бекитилгенге чейин мамлекеттик курулуштардын тизмегин бекитүү боюнча сунушталган ченем бүткөрүлбөгөн объекттерди кийинки жылга артыкчылыктуу курулуштардын тизмегине киргизүүгө мүмкүндүк бербейт.

Мындан тышкары практика көрсөткөндөй табигый мүнөздөгү кырсыктар көбүнчө жай-күз мезгилинде болот. Бул Мыйзамдын долбоорунда көрсөтүлгөн ченемдерди кабыл алууда табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу маселелерин ыкчам тартипте чечүү мүмкүн эмес.

Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долборунун 1-беренесинин экинчи жана сегизинчи абзацтарын алып салууну сунуштайбыз.

2. Мыйзамдын долбоору менен Бюджеттик кодекстин 71, 76 жана 77-беренелерин республикалык бюджет жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары - Социалдык фонд) бюджети жөнүндө, ага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен катар, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын (мындан ары - Эсептөө палатасы) кароосуна да киргизиле тургандыгы жөнүндө ченем менен толуктоо сунушталууда.

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 10-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) республикалык бюджетти иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине (мындан ары - Жогорку Кеңеш) берет жана анын аткарылышын камсыздайт.

Мында, Бюджеттик кодекстин 72-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык Эсептөө палатасы бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында республикалык бюджет жана Социалдык фонддун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттери жөнүндө мыйзамдардын долбоорлоруна, аларга карата өзгөртүүлөргө жана ал бюджеттердин аткарылышы жөнүндө отчетторго карата корутундуларды алар Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбей берет.

Ушуга байланыштуу республикалык бюджет жөнүндө, Социалдык фонддун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттери жөнүндө, аларга карата өзгөртүүлөр жөнүндө мыйзамдардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен жактырылганга чейин Эсептөө палатасына берүү эртелик кылат.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин долбоорун, ага карата өзгөртүүлөр жөнүндө долбоорду Өкмөттүн кароосуна берүү тууралуу ченем боюнча бул ченем Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 410 токтому жактырылган "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда каралганын белгилейбиз (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети тарабынан 2019-жылдын 4-мартында биринчи окууда жактырылган).

3. Мындан тышкары Мыйзамдын долбоору менен Бюджеттик кодекстин 115-беренесинде экинчи жолу республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоорун киргизүү мөөнөтүн 1-ноябрдан 20-сентябрга өзгөртүү сунушталууда.

Бирок бул ченемди ишке ашыруу проблемалуу болуп саналат, анткени учурдагы жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча бюджеттин аткарылышына (эмгек акы төлөө фонду, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана чыгымдардын башка артыкчылыктуу беренелери, ошондой эле мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору боюнча үнөмдөөнү аныктоо максатында) талдоо жүргүзүлөт. Буга ылайык 20-сентябрга карата так маалыматтарды эске алуу менен учурдагы жылга бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоорун түзүү мүмкүн эмес.

Мындан тышкары Бюджеттик кодекстин 91-беренесине ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонгон мезгилге республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоорун кезектеги бюджеттик жылдан мурдагы жылдын 15-сентябрынан кечиктирбестен Өкмөткө берет.

Ушуга байланыштуу бул ченемди кабыл алуу кезектеги бюджеттик жылга бюджеттин долбоорун даярдоо менен байланышкан бюджеттик процесстин алкагында убакыттык жана адамдык ресурстар алагды болгондуктан кийинки жылга бюджеттин долбоорун өз учурунда киргизбөө тобокелдигине алып келиши мүмкүн.

4. Ошондой эле Бюджеттик кодекстин 115-беренесиндеги тиешелүү түзөтүүлөр киргизилгенге чейин республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен бекитилген бюджеттик параметрлерди өзгөртүү зарыл болгондо Жогорку Кеңештин бюджеттик мыйзамдардын маселелери анын карамагына кирген тармактык комитети менен макулдашуу боюнча аткарылышы мүмкүн экендиги жөнүндө ченемди алып салуу сунушталууда.

Бюджеттик ресурстарды натыйжалуу башкаруу жана финансы каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу максатында, ошондой эле дипломатиялык кызмат органдарынын алардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин жашоо-тиричилигин камсыздоо боюнча мүмкүн болгон күтүлбөгөн чыгымдарына байланышкан өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, Бюджеттик кодекстин 115-беренесинин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацын алып салуу алгылыксыз.

Жыл сайын "капиталдык салымдар" беренеси боюнча каражаттар чектелүү көлөмдө каралаарын кошумча маалымдайбыз, бул социалдык объекттердин курулушунун толук каржыланбай калуусуна алып келет.

Бирок бюджеттик жылдын ичинде кошумча финансы ресурстары түшкөндө, жогорку социалдык мааниде болгон биринчи кезектеги милдеттерди чечүү үчүн Өкмөт тарабынан бекитилген тизмекке тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет, бул социалдык багыттагы бюджеттик процесстин кадимки практикасы болуп саналат.

5. Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө жылдык отчетту берүү мөөнөтүн: Өкмөткө 1-майдан 1-мартка; Жогорку Кеңешке 15-майдан 15-мартка; ал эми Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда кабыл алууну 1-октябрдан 30-июнга (Бюджеттик кодекстин 116-беренеси, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 103-беренеси) өзгөртүү боюнча төмөнкүлөрдү белгилейбиз.

Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө жылдык отчет мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отчетторунун негизинде кийинки финансылык жылдын 1-февралынан 20-мартына чейинки мөөнөттө отчетторду берүү графигине ылайык түзүлөт жана Өкмөткө берилет.

Мындан тышкары Бюджеттик кодекстин 117-беренесине ылайык жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндө отчеттор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан түзүлөт жана тиешелүү жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилет. Жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндө бекитилген жылдык отчеттор ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-мартынан кечиктирилбеген мөөнөттө берилет.

Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу, ошондой эле бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторду (түшүндүрмө кат менен) кабыл алуу жана түзүү процесси түйшүктүү экендигин жана белгилүү бир убакытты жана эмгекти талап кылаарын эске алуу менен республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө жылдык отчетту Өкмөткө жана Жогорку Кеңешке берүүнүн колдонуудагы мөөнөттөрүн тиешелүү түрдө "1-май" жана "15-май" деп калтырууну зарыл деп эсептейбиз.

6. Бюджеттик кодекстин 118-беренесинде Өкмөт Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышы боюнча отчет жөнүндө мыйзамдын долбоорун отчеттук мезгилден кийинки жылдын 15-мартынан кечиктирбестен Жогорку Кеңешке гана эмес, Эсептөө палатасына да бере тургандыгы жөнүндө ченем киргизилүүдө.

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр Өкмөт тарабынан аныкталган тартипте жана мөөнөттө отчеттук маалыматтарды жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча эсептик ведомосту социалдык камсыздандыруу органдарына берүүгө милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-майындагы № 278 токтому менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускамага ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр ай сайын милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсептик ведомостторду түзүшөт жана аларды Социалдык фонддун региондук органдарына отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейин беришет. Ошентип, декабрь үчүн милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчетторду берүү мөөнөтү кийинки жылдын 20-январында аяктайт.

Ошондой эле "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык бюджеттик уюмдардан башка субъекттер отчеттук жыл аяктаганда 60 күндүн ичинде жылдык финансылык отчетту берүүгө милдеттүү.

Буга байланыштуу Социалдык фонддун региондук органдары 20-январдан тартып 1-февралга чейинки мезгилде жылдык отчетту түзүшөт. 1-февралдан 1-мартка чейинки мезгилде бардык 53 региондук орган Социалдык фонддун борбордук аппаратына жылдык отчетту беришет.

1-марттан 1-апрелге чейинки мезгилде жылдык жыйынды отчет жана Социалдык фонддун тийиштүү жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу мыйзамдын долбоору түзүлөт, ал Социалдык фонддун башкармасынын кароосуна киргизилет жана Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңештин жыйынында жактыруу жол-жобосунан өтөт.

Андан ары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизилгенге чейин алардын иш чөйрөсүнө тиешелүү маселелер боюнча кызыкдар мамлекеттик органдар, Өкмөттүн тогуздан кем эмес мүчөсү менен милдеттүү макулдашылууга тийиш.

Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык мыйзамдардын долбоорлору Өкмөткө киргизилгенге чейин ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун мөөнөтү бир айдан кем эмес болот.

Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу, ошондой эле жылдык отчетту сапаттуу түзүү жана "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тийиштүү жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун даярдоо максатында Мыйзамдын долбоорунда төмөнкүлөрдү эске алууну сунуштайбыз:

- 1-берененин он алтынчы, он сегизинчи жана он тогузунчу абзацтарын алып салууну;

- 1-берененин он жетинчи абзацын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону:

"Өкмөт отчеттук мезгилге Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышы жөнүндө отчет тууралуу мыйзамдын долбоорун карайт жана Жогорку Кеңешке жана Эсептөө палатасына отчеттук мезгилден кийинки жылдын 15-майынан кечиктирбей берет.";

- 2-беренени алып салууну.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул корутундуда баяндалган сунуштарды эске алуу менен бул Мыйзамдын долбоорун кабыл алууну мүмкүн деп эсептейт.