Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 31-майы № 258

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-декабрындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын 2-беренесинин талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-апрелиндеги № 228 "Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI-100) формасында:

- "Салык салынбаган кирешелер жана төлөм булактарында салык салынган кирешелер" (FORM STI-100-002) 2-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-100) толтуруу жана берүү тартибинде:

- 67-пунктундагы "стипендия," деген сөз алып салынсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 85-1-пункт менен толукталсын:

"85-1. 271-уячада Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдарынан алынган стипендиялар көрсөтүлөт.";

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI-102) формасында:

- "Жеке адамдын салык салынбаган кирешелери жана төлөм булактарында салык салынган кирешелер" (FORM STI-102-003) 3-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-102) толтуруу жана берүү тартибинде:

- 136-пунктунун экинчи абзацындагы "стипендиялар," деген сөз алып салынсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 152-1-пункт менен толукталсын:

"152-1. 368-уячада Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдарынан алынган стипендиялар көрсөтүлөт.";

5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык салынуучу кирешеси жок жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынын (жөнөкөйлөтүлгөн) (FORM STI-103) формасында:

- "Салык салынбаган кирешелер жана төлөм булактарында салык салынган кирешелер" (FORM STI-103-003) 1-тиркемеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

6) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык салынуучу кирешеси жок жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-103) толтуруу жана берүү тартибинде:

- 43-пунктундагы "стипендиялар," деген сөз жана "стипендия," деген сөз алып салынсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 58-1-пункт менен толукталсын:

"58-1. 168-уячада Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдарынан алынган стипендиялар көрсөтүлөт.".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 45 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI-155) формасында:

- "Салык салынбай турган кирешелер жана төлөм булактарында салык салынган кирешелер" (FORM STI-155-002) 2-тиркемеси ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-155) толтуруу жана берүү тартибинде:

- 85-пунктундагы "стипендия," деген сөз алып салынсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 103-1-пункт менен толукталсын:

"103-1. 271-уячада Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдарынан алынган стипендиялар көрсөтүлөт.".

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдүн арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М. Абылгазиев

 

 

 

1-тиркеме

 

"FORM STI-100-002

"САЛЫК САЛЫНБАГАН КИРЕШЕЛЕР ЖАНА ТӨЛӨМ БУЛАКТАРЫНДА САЛЫК САЛЫНГАН КИРЕШЕЛЕР"
2-ТИРКЕМЕ

Графикалык көчүрмөнү караңыз.".

 

 

 

2-тиркеме

 

"FORM STI-102-003

"ЖЕКЕ АДАМДЫН САЛЫК САЛЫНБАГАН КИРЕШЕЛЕРИ ЖАНА ТӨЛӨМ БУЛАКТАРЫНДА САЛЫК САЛЫНГАН КИРЕШЕЛЕР"
3-ТИРКЕМЕ

Графикалык көчүрмөнү караңыз.".

 

 

 

3-тиркеме

 

"FORM STI-103-001

"САЛЫК САЛЫНБАГАН КИРЕШЕЛЕР ЖАНА ТӨЛӨМ БУЛАКТАРЫНДА САЛЫК САЛЫНГАН КИРЕШЕЛЕР"
1-ТИРКЕМЕ

Графикалык көчүрмөнү караңыз.".

 

 

 

4-тиркеме

 

"FORM STI-155-002

"САЛЫК САЛЫНБАЙ ТУРГАН КИРЕШЕЛЕР ЖАНА ТӨЛӨМ БУЛАКТАРЫНДА САЛЫК САЛЫНГАН КИРЕШЕЛЕР"
2-ТИРКЕМЕ

Графикалык көчүрмөнү караңыз.".