Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 3-июну № 267

"Кыргыз Республикасында өзгөчө экономикалык зоналар жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын жерди пайдалануу жана токой чарбасы чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Э.Мавлянова, Э.Дж.Байпакбаев, Р.М.Туманбаева, А.Т.Абжалиев, Т.Т.Мамытов, З.Э.Шарапов, А.Б.Баатырбеков, З.И.Жамалдинов, А.М.Нурбаев, Т.З.Зулпукаров, Н.К.Алимбеков, А.Ш.Жээнбеков, Д.А.Джумабеков демилгелеген "Кыргыз Республикасында өзгөчө экономикалык зоналар жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын жерди пайдалануу жана токой чарбасы чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М. Абылгазиев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2019-жылдын 3-июнундагы
№ 267 токтому менен
жактырылган

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Э.Мавлянова, Э.Дж.Байпакбаев, Р.М.Туманбаева, А.Т.Абжалиев, Т.Т.Мамытов, З.Э.Шарапов, А.Б.Баатырбеков, З.И.Жамалдинов, А.М.Нурбаев, Т.З.Зулпукаров, Н.К.Алимбеков, А.Ш.Жээнбеков, Д.А.Джумабеков демилгелеген "Кыргыз Республикасында өзгөчө экономикалык зоналар жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын жерди пайдалануу жана токой чарбасы чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесинин 6-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Э.Мавлянова, Э.Дж.Байпакбаев, Р.М.Туманбаева, А.Т.Абжалиев, Т.Т.Мамытов, З.Э.Шарапов, А.Б.Баатырбеков, З.И.Жамалдинов, А.М.Нурбаев, Т.З.Зулпукаров, Н.К.Алимбеков, А.Ш.Жээнбеков, Д.А.Джумабеков демилгелеген "Кыргыз Республикасында өзгөчө экономикалык зоналар жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын жерди пайдалануу жана токой чарбасы чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун карап чыгып төмөнкүдөй корутунду чыгарат.

"Кыргыз Республикасында өзгөчө экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча.

Мыйзамдын долбоору менен өзгөчө экономикалык зоналарды (мындан ары - ӨЭЗ) үч чөйрөдө түзүү сунушталууда: өнөр жай-өндүрүштүк, инновациялык-технологиялык жана туристтик-рекреациялык, ошондой эле салыктык преференцияларды берүү каралган.

ӨЭЗ Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлүүдө, бирок ӨЭЗнын аянттары чектери белгиленген эмес. Долбоор менен өнөр жай-өндүрүштүк жана инновациялык-технологиялык аймактарды түзүү шартталгандыктан, ал эми ӨЭЗ түзүүнүн максаттарынын бири иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, иштебей токтоп турган ишканаларды жандандыруу болгондугун эске алып, мыйзамдын долбоорунда өнөр жай-өндүрүштүк, ошондой эле инновациялык-технологиялык аймактардагы ӨЭЗ тийиштүү категориядагы жерлерде гана түзүлүшү мүмкүн болгон ченемди караштырууну сунуштайбыз.

Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинде атайын ӨЭЗ түзүү тартиби каралууда. Буга байланыштуу ӨЭЗ түзүү маселелерин чечүү ыйгарым укуктарына кирген орган жөнүндө ченемдер менен толуктоо зарыл деп эсептейбиз.

Мындан тышкары, мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ӨЭЗ үчүн жеңилдиктерди берүү маселесин чече тургандыгы каралган. Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мындай ыйгарым укуктары жок экендигин белгилейбиз.

Мыйзамдын долбоорунун 6-беренесинин 2-бөлүгүндө башкаруучу компания тарабынан башкаруу тандалган учурда, ачык акционердик коому түзүлө тургандыгы каралган. Негиздеме-маалымкатта ААК формасында жаңы юридикалык жакты уюштуруу тууралуу талап эмнеге негизделгендиги жөнүндө маалымат чагылдырылган эмес. Ошол эле мезгилде конкурсту өткөрүү жолу менен башкаруу тажрыйбасына ээ болгон компанияны тартууга болот.

Мыйзамдын долбоорунун 6-беренесинин 6-бөлүгүндө жана бүткүл тексти боюнча башкаруучу компаниянын ыйгарым укуктары жана функциялары каралууда, бирок ӨЭЗны башкаруу башкаруучу компаниядан тышкары башка ыкмалар менен ишке ашырууга болот. Ошол эле учурда, 6-бөлүгүнүн 2-пункту менен ыйгарым укуктарга ылайык юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди каттоо каралган, буга такыр жол берилбей тургандыгын белгилейбиз. Анткени бул мамлекеттин функциясы болуп саналат.

Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесинин 3-бөлүгүндө каралгандай, мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жер участоктору убактылуу акысыз пайдаланууга берилет, ал эми жеке менчикте турган жер участоктору акы төлөнүүчү негизде берилет. Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 2-беренесине ылайык жарандык мыйзамдар өзү жөнгө салган мамилелерге катышкандардын теңдигин, эркинин автономиялуулугун жана мүлктүк өз алдынчалыгын таанууга, менчиктин кол тийгистигине, келишимдин эркиндигине, жеке иштерге кимдир-бирөөнүн зомбулук менен кийлигишүүсүнө жол бербөөгө, граждандык укуктарды тоскоолдуксуз жүзөгө ашыруунун зарылдыгына, бузулган укуктарды калыбына келтирүүнү, аларды сот тарабынан коргоону камсыз кылууга негизделе тургандыгын белгилөө зарыл. Буга байланыштуу, мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жер участоктору акы төлөнүүчү негизде берилиши керек деп эсептейбиз. Мындан тышкары, Мыйзамдын долбооруна ылайык, ӨЭЗ резидентикке ӨЭЗ жетекчисине төлөм жүргүзүлөт. Демек, ӨЭЗ жетекчиси мамлекет же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы берген жер участогунун эсебинен пайда алат, ал эми мамлекет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы аны акысыз негизде берүүгө милдеттүү.

Мыйзамдын долбоорунун 8-беренеси менен ӨЭЗ керектүү инфратүзүм менен камсыздоо каралган. Буга байланыштуу, ӨЭЗ статусун алгандан кийин курулган инфратүзүм объекттерине менчик укугу жөнүндө маселени чечүү зарылдыгы пайда болууда. Мыйзамдын долбоорунун 6-беренесинин 6-пунктунда каралгандай, башкаруучу компания мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган ӨЭЗ жайгашкан объекттерди башкаруу укугуна ээ болот. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык менчик ээси гана өзүнө таандык мүлккө карата мыйзамдарга каршы келбеген ар кандай аракеттерди жасоого укуктуу экендигин белгилөө зарыл. Ага байланыштуу, ушул пунктту мыйзамдын долбоорунан алып салууну зарыл деп эсептейбиз.

Ушуну менен бирге белгилеп кетчү нерсе, 8-берененин редакциясы башкаруучу компаниянын функцияларынын тизмеги түрүндө эмес, ӨЭЗ коюлуучу талаптар катары берилиши керек же берененин аталышын "ӨЭЗнын жетекчисинин ыйгарым укуктары" деген редакцияда берүүнү сунуштайбыз.

Мыйзамдын долбоорунун 11-беренеси менен ар түрдүү төлөмдөр каралууда, буга байланыштуу аталган берененин 1-бөлүгүн салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамдарга шайкеш келтирүүнү сунуштайбыз.

Атайын салык режимдерин колдонууну аныктаган мыйзамдын долбоорунун 16-беренесинин 3-пункту Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык келбейт. Ошондой эле, "индустриялык парктар", "логистикалык, илимий-техникалык парктар" сыяктуу терминдер Мыйзамдын долбоорунун глоссарийинде чагылдырылган эмес, ал эми алардын иши Кыргыз Республикасынын башка тармактык мыйзамдык актылары менен жөнгө салынбайт. Бул терминдер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алар боюнча бөлөк жобо бекитүүсү жөнүндө шилтеме ченемдер эле каралган.

Буга байланыштуу ушул мыйзамдын долбоорун толуктап иштеп чыгуу зарыл экендигин белгилейбиз.

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын жерди пайдалануу жана токой чарбасы чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча.

Кыргыз Республикасын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү максатка ылайыксыз деп эсептейбиз, анткени анда өзгөчө экономикалык зоналарды атайын салык режимдерге киргизүүсүз эле салыктык жеңилдиктер жетишээрлик түрдө каралган.

Алсак, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 159-1-беренесинде жеңилдетилген салык салуу үчүн өнөр жай ишинин преференциялык түрлөрү каралган. Преференциялык өнөр жайдын түрүнө кирген жана инвестициялык келишимдин негизинде иштеген ишканалардын жүргүзүлгөн ишкердүүлүктөрү сатуудан алына турган салыктан бошотулган, пайда салыгы 0 пайызда бекитилген, мүлк салыгынан жана жер салыгынан жеңилдиктер каралган.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 4-августундагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы менен айыл чарба продукциясын кайра иштеп чыгаруучу субъекттер тарабынан салык салына турган беримдердин КНС суммасы 80 пайызга азайтуу каралган.

Андан тышкары, Кыргыз Республикасын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү бөлүгүндө аталган мыйзам долбоор төмөнкүлөргө каршы келет:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 455 токтому менен бекитилген 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын концепциясына, анын максаттарына ылайык салык салуунун ар түрдүү режимдерин колдонуучу экономиканын ар түрдүү секторлорунун жана тармактарынын субъекттеринин салыктык түйшүктөрүн мүмкүн болушунча теңдөө;

- 2017-жылдын 1-декабрында Эл аралык валюта фондунун дарегине жиберилген каттагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзүнө алган жоопкерчилигине, ага ылайык айрым товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө салыктык жеңилдиктерди алып салуу, жаңы салыктык жеңилдетүүлөрдү бербөө же мөөнөтү бүтүп бараткан жеңилдетүүлөрдү кайра бербөө каралган.

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ӨЭЗ түзүү үчүн жер участокторун мамлекеттик жана муниципалдык жерлерди - акысыз, ал эми жеке менчик укугундагы жерлерди - акы төлөнүүчү негизде берүү мүмкүндүгүн белгилөөчү өзгөртүүнү киргизүү сунушталууда. Буга байланыштуу, мамлекет, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жана жер участогуна менчик укугуна ээ болгон жаран бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ экендигин белгилейбиз. Буга байланыштуу, участокту пайдаланууга берүүдөн жеке жакка пайда алуу мүмкүндүгүн берүү, ал эми мамлекетке жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына пайданы алуу мүмкүндүгүн бербөө теңдикти бузуу болуп саналат. Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү максатка ылайыксыз деп эсептейбиз. Мындан дагы, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде жерлерди акысыз жана акы төлөнүүчү негизде берүү жөнүндө ченемдер белгиленген, ошондуктан ӨЭЗ максаттары үчүн жер участокторун берүү мүмкүн экендиги жөнүндө тактоонун зарылдыгы жок.

Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Токой кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын токой фондусун токойду пайдалануунун түрлөрү боюнча, алардын ичинде рекреациялык жана туристтик максаттарга колдонууга берүү токой чарба башкармалыгынын республикалык мамлекеттик органынын, ошондой эле аймактык мамлекеттик органдардын токой чарба башкармалыгынын компетенциясынын алкагында жүргүзүлөт. Ошого байланыштуу, Кыргыз Республикасынын токой фондунун категориясында жайгашкан жер участокторунда туристтик-рекреациялык зоналарда түзүүнү алып салууну сунуш кылабыз.

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.

Мыйзамдын долбоору менен "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жаңы 7-2-берене менен толуктоо каралган, ага ылайык өзгөчө экономикалык зоналардын резиденттери жана алардын кызматкерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери орто айлык эмгек маянанын 40% өлчөмүнөн эсептелген 10% өлчөмүндө бекитилет (жумуш берүүчүлөр үчүн - 5%, кызматкерлер үчүн - 5%), бул республика боюнча орточо 594 сом, алардын ичинен: жумуш берүүчү үчүн - 297 сом, кызматкер үчүн - 297 сомду түзөт.

Азыркы убакытта, эркин экономикалык зоналардын резиденттери жана алардын кызматкерлери камсыздандыруу төгүмдөрүн төгүү "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруунун мүчөлүк акыларынын тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төлөөчүлөрдүн категорияларына ылайык аткарылат. Ошентип, жалпысынан белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтик наркы юридикалык жактар үчүн 27,25%, республика боюнча орточо 4045 сом түзөт. Өзгөчө экономикалык зоналардын резиденттери жана алардын кызматкерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифинин наркын азайткан учурда мыйзамдарга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча төлөм жүргүзгөн башка жарандарга салыштырмалуу 6,8 эсе төмөн болот.

Өзгөчө экономикалык зоналардын резиденттери үчүн атайын жеңилдетилген режимин киргизүү маселесин чечүү ушул жактардын пенсиялык камсыздоосуна зыян келтирбеши керек.

Мамлекеттик социалдык камсыздоо институту жарандардын кирешесин жоготкон учурда - карылыкта, багуучусун жоготкондо жана майыптыкка материалдык камсыздоодо жарандардын конституциялык укуктарын ишке ашырууга багытталган. Алынуучу пенсиянын көлөмү камсыздалган жактардын өздүк эсебиндеги камсыздоо төгүмдөрдүн чогулган суммасынан көз каранды.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген 2018-2022-жылдардагы мезгилде Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн "Биримдик, Ишеним, Жаратмандык" Программасынын алкагында Маалыматтарды талдоонун жана өзгөртүүлөрдүн натыйжасында чегерүүлөрдүн жалпы көлөмүнүн өсүшүнө көңүл буруунун негизинде социалдык төлөмдөрдүн жүгүн акылга сыярлык жана өзүн-өзү актаган төмөндөтүү максатын көздөгөн кадамдарды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу болжолдонуп жатат.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 2018-жылдын 10-декабрындагы чечими менен мамлекеттик социалдык камсыздоонун тарифтик саясатынын маселелерин чечүү үчүн макулдашылган жол иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Алсак, азыркы учурда чарба субъекттерине, алардын ичинде өзгөчө экономикалык зоналардын резиденттери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрдүн тарифтик нарктарынын жеңилдетүүлөрүн кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүктөрү каралууда.

Ошону менен бирге, жогоруда аталган мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди аныктоо үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин каржы булаганын ордун жабыш үчүн кошумча талдоо, эсептөөлөрдү жүргүзүү талап кылынат.

Ошондуктан, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жаңы 7-2-берене менен толуктоо максатка ылайыктуу эмес.

"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.

Ушул долбоор менен "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ӨЭЗ түзүлгөн учурда сугат жерлерин башка категорияларга которуу мүмкүндүгүн берүү боюнча өзгөртүү киргизүү каралууда.

Сугат жерлери айыл чарба багытындагы өзгөчө баалуу жерлер болуп саналат. Айыл чарба багытындагы жерлердин категориясына дагы башка баалуу жерлер кирет. Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык Кыргыз Республикасында жерлердин бир нече категориялары каралган, анын ичинде транспорт, калктуу конуштар, өнөр жай жерлери ж.б. буга байланыштуу, өнөр жай-өндүрүштүк жана инновациялык-технологиялык ӨЭЗ уюштуруу үчүн өзгөчө баалуу жерлерди өнөр жай жерлерине которбостон, өнөр жай жерлерин колдонууну туура деп эсептейбиз.

Буга байланыштуу, ушул беренени мыйзамдын долбоорунан алып салууну зарыл деп эсептейбиз.

"Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.

"Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына ылайык, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары - жалпы улуттук байлык болуп эсептелген жаратылышты коргоочу, илимий, маданий, эстетикалык жана тарыхый жактардан артыкчылыктуу мааниге ээ, чарбалык жана туристтик-рекреациялык пайдалануудан толук же айрым бөлүгү туруктуу же убактылуу алып коюлган аймактардын жана/же суунун бетинин участоктору, алар үчүн коргоонун жана пайдалануунун өзгөчө режими белгиленет.

Жогоруда аталган Мыйзамда өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын категориялары жана статустары, аларды пайдалануу режими, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын туристтик-рекреациялык иштин максаттарында пайдалануу мүмкүндүгү белгиленген.

Буга байланыштуу, "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү келтирилген сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Э.Мавлянова, Э.Дж.Байпакбаев, Р.М.Туманбаева, А.Т.Абжалиев, Т.Т.Мамытов, З.Э.Шарапов, А.Б.Баатырбеков, З.И.Жамалдинов, А.М.Нурбаев, Т.З.Зулпукаров, Н.К.Алимбеков, А.Ш.Жээнбеков, Д.А.Джумабеков демилгелеген "Кыргыз Республикасында өзгөчө экономикалык зоналар жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын жерди пайдалануу жана токой чарбасы чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун жеткире иштеп чыгуу зарылдыгы тууралуу корутундуга келет.