Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 

 

1-тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2019-жылдын 3-июнундагы
№ 275
токтомуна)

"Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси жөнүндө
ЖОБО

1-глава. Жалпы жоболор

1. "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесинин (мындан ары - Мекеме) иш тартибин аныктайт.

2. Мекеменин негизги иши кыргыз элинин руханий мурасы болгон "Манас" үчилтигинин ("Манас", "Семетей", "Сейтек" эпостору) жана Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун маданий мурасынын баалуулуктарын кеңири таратууга, сактоого, өнүктүрүүгө жана жайылтууга багытталган.

3. Мекеме өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын чечимдерине, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүргүзөт.

4. Мекеме "Улуттук" деген укуктук статуска ээ.

5. Мекеме ыкчам башкаруу укугунда түзүлгөн уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп эсептелет.

Мекеменин уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү болуп саналат.

6. Мекеменин өздүк бланктары, мөөрү, штамптары, банктарда алыш-бериш жана башка эсептери бар.

7. Мекеменин фирмалык толук аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси";

- расмий тилде: "государственное учреждение "Национальная академия "Манас" и Чингиза Айтматова";

- англис тилинде: "State Institution "Manas and Chingiz Aitmatov National Academy".

8. Мекеменин юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Раззаков көч., 8/1 жана Раззаков көч., 8/2.

2-глава. Мекеменин максаты, милдеттери жана функциялары

9. Мекеменин иш максаты ата-бабалардын маданий-рухий, адеп-ахлактык баалуулуктарды жайылтуу, "Манас" эпосун, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун көркөм, гуманисттик, философиялык-этикалык мурасын ар тараптан изилдөө болуп саналат.

10. Мекеменин негизги милдеттери:

- "Манас" үчилтигинде, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачыл мурасында камтылган рухий, адеп-ахлактык жана философиялык-этикалык баалуулуктарды кеңири жайылтуу;

- Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө "Манас" эпосу жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары менен байланышкан маданий иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;

- Манас таанууну жана Чыңгыз таанууну дүйнөлүк заманбап гуманитардык илимдин багыты катары өнүктүрүү;

- Манас таануу, Чыңгыз таануу менен байланышкан маданий өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин изилдөө;

11. Мекеменин функциялары:

- "Манас" эпосунун жана Чыңгыз Айтматовдун мурасынын маселелерине арналган эл аралык симпозиумдарды, конгресстерди, республикалык илимий-практикалык иш-чараларды уюштуруу;

- эл аралык гуманитардык программаларды ишке ашырууга багытталган сунуштарды иштеп чыгуу жана талкуулоо максатында дүйнөлүк маданий ишмерлеринин жолугушуу жана диалог өткөрүү аянты катары Ысык-Көл эл аралык форумунун ишин уюштуруу;

- кыргыз элинин тарыхый мурасы - "Манас" эпосуна жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына арналган ар түрдүү туристтик долбоорлорду, конкурстарды, кароолорду, көргөзмөлөрдү уюштуруу;

- Манас таануу жана Чыңгыз таануу багытындагы изилдөөлөрдүн натыйжалары чагылдырылган илимий жана илимий-популярдуу материалдарды чыгаруу, ошондой эле ушул багыттагы илимий жетишкендиктердин көргөзмөлөрүн уюштуруу;

- "Манас" эпосунун, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын гуманисттик идеяларын жергиликтүү, улуттук жана эл аралык деңгээлде жайылтуу боюнча чыгармачыл бирликтердин, коомдук уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын демилгелерин колдоо;

- окумуштуулардын, маданий ишмерлердин, искусство, адабият ишмерлеринин кол жазмаларын жана Мекеменин башка материалдарын архивде сактоо;

- "Манас" эпосундагы жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы идеяларды ар тараптан изилдөө ошондой эле жайылтуу;

- уникалдуу манасчылык өнөрүн улантуучулар жана "Манас" эпосун айтуучулар менен иш жүргүзүү.

3-глава. Мекеменин ишин уюштуруу

12. Мекемени Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу президент башкарат.

13. Мекемеде вице-президенттин кызмат орду каралган, президент жок болгон учурда анын милдетин аткарат.

Вице-президент Мекеменин президентинин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

14. Мекеменин президенти:

- Мекеменин ишин жетектейт жана Мекемеге жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жоопкерчилик тартат;

- Мекеменин атынан мамлекеттик бийлик органдарында, эл аралык уюмдарда, коомдордо жана бирикмелерде Мекеменин кызыкчылыктарын коргойт, келишимдерге, ишеним каттарга жана Мекеменин финансы-чарбалык документтерине кол коёт;

- кеңеш берүү максатында консультациялык-кеңеш берүүчү орган түзүүгө укуктуу;

- өз ыйгарым укуктарынын чегинде буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын көзөмөлдөйт;

- Мекеменин штаттык санын жана түзүмүн белгиленген штаттык сандын чегинде бекитет;

- Мекеменин кызматкерлеринин функциялык милдеттерин белгилейт;

- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Мекеменин кызматкерлерин жумушка кабыл алат жана жумуштан бошотот;

- Мекеменин кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын көрөт;

- Жобонун негизинде Мекеменин компетенциясына кирген башка маселелерди чечет;

- жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

15. Мекеменин кызматкерлери мамлекеттик кызматкер болуп эсептелбейт.

16. Мекеменин кызматкерлеринин иши Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.

4-глава. Эсепке алуу, пландоо, отчет берүү

17. Мекеме өз ишинин жыйынтыгы боюнча белгиленген тартипте бухгалтердик эсеп жана статистикалык отчет жүргүзөт.

18. Мекеменин ишин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү контролдойт.

19. Мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда Мекеменин карамагындагы каражаттардын эсебинен ички аудит жүргүзөт.

5-глава. Мекеменин мүлкү

20. Мекеменин мүлкү мамлекеттик менчик болуп саналат.

21. Мекеменин мүлкү негизги фонддон жана жүгүртүүдөгү каражаттардан, ошондой эле башка материалдык баалуулуктардан турат, алардын наркы Мекеменин өз алдынча балансында көрсөтүлөт.

22. Мекеменин мүлкүн төмөнкү булактар түзөт:

- республикалык бюджеттин каражаттары;

- гранттар, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу салымдары;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен тыюу салынбаган башка булактар.

6-глава. Мекемени өзгөртүп түзүү жана жоюу

23. Мекемени жоюу же өзгөртүп түзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен ишке ашырылат.

24. Кредиторлордун талаптарын канааттандыруудан кийин калган мүлк мамлекеттик менчикке өткөрүлүп берилет.

25. Мекеменин иши токтотулган учурда, анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.