Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 27-июну № 317

"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.У.Сыдыков демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М. Абылгазиев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2019-жылдын 27-июнундагы
№ 317 токтому менен
жактырылган

"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.У.Сыдыков демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.

Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым катына ылайык "долбоордун максаты Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын өнүктүрүү, анын ичинде ата мекендик авиаташуучуларга өздөрүнүн аба кемелеринин паркын модернизациялоо мүмкүндүгүн берүү болуп саналат".

Ушуга байланыштуу демилгеленген мыйзам долбоорунда ата мекендик авиаташуучуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында бир катар салыктык артыкчылыктарды берүү каралат. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Салык кодексине сунушталган өзгөртүүлөр 176,5 млн. сом суммасында алынбай калган киреше түрүндө бюджеттин жоголушуна алып келери белгиленген.

Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-пункту менен аба ташууларын ишке ашыруучу аба кемелерине май куюу үчүн реактивдүү отун берүүлөрдү КНСтен бошотуу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 45-беренесинин 5-пунктуна ылайык бюджеттер аралык мамилелердин принциптеринин бири болуп кирешелердеги жоготуулардын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү менен байланышкан бюджеттердин кошумча чыгымдарынын ордун толтуруу болуп эсептелерин белгилейбиз.

Мында ички каттамдарга гана авиациялык отунга КНС алып салынган учурда мамлекеттик бюджеттин ар жылдык жоготуулары 60,0 млн. сомду түзөт, ушуга байланыштуу бюджеттин кирешелериндеги жоготуулардын ордун толтуруу булагын аныктоо зарылдыгын белгилейбиз.

Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-пункту менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 38-главасын 258-2-берене менен толуктоо сунушталат, ага ылайык ТЭИ ТН 88-тобунун товардык позициясында классификацияланган жана аба ташууларын ишке ашыруу үчүн КНС төлөөчү катары катталган чарбакер субъект тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу аба кемелери КНС төлөөдөн бошотулат.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 257-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдер жана актылар жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынуучу бажылык укук мамилелери аныкталган бажы жол-жоболорунун алкагында КНС төлөөдөн бошотуу каралган товарлар КНС төлөөдөн бошотула тургандыгын белгилейбиз.

Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 219-беренесинин 3-пунктуна ылайык Бирликтин бажы аймагында убактылуу кармоо жана пайдаланууга кирген товарлардын категориясына убактылуу алып кирүүнүн (уруксат берүүнүн) бажылык жол-жобосуна ылайык алып кирүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды төлөбөгөнгө жол берилет, ушундай убактылуу кармоо жана пайдалануунун шарттары, ошондой эле ушундай убактылуу кармоо жана пайдалануунун чектик мөөнөттөрү Комиссия тарабынан жана (же) мүчө мамлекеттердин үчүнчү тарап менен болгон эл аралык келишимдери аркылуу аныкталат.

Бажы бирлигинин комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 331 чечими менен бажы алымдарын жана салыктарды төлөөдөн толук шарттуу бошотулган Убактылуу алып келинүүчү товарлардын тизмеси бекитилген.

Андан сырткары Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 259-беренесине ылайык түздөн-түз өздүк өндүрүштүк максаттары үчүн КНС төлөөчү катары катталган чарбакер субъект тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу ТЭИ ТН 8802-товардык позициясында классификациялануучу негизги каражаттар (вертолеттор, самолеттор) КНС төлөөдөн бошотулганын белгилейбиз.

Бул учурда ТЭИ ТН 88-коду өзүнө учуучу аппараттарды, космос аппараттарын жана алардын бөлүктөрүн камтый тургандыгын белгилейбиз. Ушуга байланыштуу, ошондой эле Мыйзам долбооруна негиздеме-маалым катка ылайык аба кемелерин, ошондой эле учуучу аппараттардын бөлүктөрүнүн импортуна КНС төлөөдөн бошотууга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жатканын эске алып, Мыйзам долбоорунан Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 258-2-беренесинин 38-главасына толуктоону алып салууну, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 259-беренесинин 2-бөлүгүн ТЭИ ТН 8803-товардык позициясы (8801 жана 8802-товардык позициясынын учуучу аппараттар бөлүгү) менен толуктоону сунуштайбыз.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 263-беренесинин аба кемелеринин каттамдарын тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрүн жана аба ташуулары менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү КНСтен бошотууга карата сунушталган редакциясынын 1 жана 2-бөлүктөрү жеткире иштеп чыгууну талап кылат, анткени ар кандай түшүнүүлөр болушу мүмкүн. Алсак, аталган берененин 1-бөлүгүнө ылайык" аба кемелеринин каттамдарын тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр" КНСтин нөлдүк ставкасы менен берүүлөр болуп эсептелет, мында 2-бөлүккө ылайык "аба кемелеринин каттамдарын тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр" КНСтен бошотулган берүү болуп саналат.

Ушуга байланыштуу жогоруда аталган кайчы пикирлерди болтурбоо максатында 263-берененин 1 жана 2-бөлүктөрүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:

"263-берене. Аба кемелеринин каттамдарын тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр жана аба ташуулары менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөр

1. Жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү эл аралык жана/же транзиттик аба ташуусу менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү эл аралык жана/же транзиттик аба ташуусун ишке ашырган аба кемелеринин каттамдарын тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр КНСтин нөлдүк ставкасы менен берүүлөр болуп эсептелет.

2. Жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү ички аба ташуусу менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү ички аба ташуусун ишке ашырган аба кемелеринин каттамдарын тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр КНСтин нөлдүк ставкасы менен берүүлөр болуп эсептелет.".

Мыйзам долбоору менен аба ташууларын гана КНСтен бошотуу сунушталууда, бирок Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 263-беренесинин колдонулуудагы редакциясы темир жол транспорту менен ишке ашырылган ташуулардан башка эл аралык ташуулардын баардык түрлөрүнө КНСтин нөлдүк ставкасы колдонула тургандыгын болжолдойт.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасында эл аралык аба ташуулары менен катар эле автомобиль транспорту менен эл аралык ташуулар дагы ишке ашырылаарын көңүлгө алып автомобиль транспорту менен ишке ашырылуучу эл аралык ташууларга карата дагы КНСтин нөлдүк ставкасын колдонуу мүмкүндүгүн кароо зарыл.

Ушул кенемтени четтетүү максатында 263-беренени төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толуктоону сунуштайбыз:

"3. Автомобиль транспорту менен ишке ашырылуучу эл аралык ташуулар менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөр КНСтин нөлдүк ставкасы менен берүүлөр болуп эсептелет.".

Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 4-пункту менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 316-беренесин жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү аба менен ташуу кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоого кирээрин белгилөөчү 3-бөлүк менен толуктоо сунушталган.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 153-беренесинин 47-пунктуна ылайык "жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо" термини Кодекске ылайык жумуштар жасалуучу жана кызмат көрсөтүлүүчү жер Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен сырткары болгон учурда салык салынуучу субъект тарабынан аткарылган жана көрсөтүлгөн жумушту жана кызмат көрсөтүүнү билдирет. Бул учурда жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү эл аралык ташуу боюнча кызмат көрсөтүлүүчү жер, анын ичинде авиабилеттерди сатуу жана брондоо Кыргыз Республикасынын аймагы болуп эсептелет.

Ушуга байланыштуу сунушталган толуктоону кабыл алган учурда бул ченем Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 153-беренесинин сунушталган бөлүгү менен 47-пунктунун ортосунда карама-каршылыкты жаратат.

Мында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 319-беренеси менен накталай эмес формада төлөнгөн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда белгиленген сатуудан салыктын ставкасы 0 пайыз өлчөмүндө экенин белгилейбиз.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 332-беренесин 3-1-бөлүк менен сунушталган толуктоо ТЭИ ТН 88-тобунун товардык позицияларында классификациялануучу транспорт каражаттарына карата 4-топтогу мүлккө салык мүлк объектисине ээ болуунун жана/же пайдалануунун иш жүзүндөгү мезгили үчүн төлөнө тургандыгын белгилейт.

Аба кемелери үчүн кыймылдуу мүлккө салык төлөө тартибин өзгөртүү салык салуунун адилеттик принцибине карама-каршы келет, мында салык мыйзамдарынын ченемдери Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген принциптерге карама-каршы болбошу керек.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ата мекендик жарандык авиацияны өнүктүрүү үчүн опурталдар бар экендигин эске алып, ата мекендик авиаташуучулардын атаандаштыкка жөндөмүнүн жетишсиздигине байланыштуу ушул корутундуда баяндалган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталган долбоорун жалпысынан колдойт.