Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Көңүл буруңуздар!
КР 2019-жылдын 18-июлундагы N 90
Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр,
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\71da4a0a-50cb-4741-bd38-f637793811e6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2004-жылдын 22-майы № 67

Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө

(КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299, 2011-жылдын 14-октябрындагы № 171, 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153
2014-жылдын 25-декабрындагы № 163, 2015-жылдын 30-декабрындагы № 230,
2017-жылдын 2-августундагы № 167 , 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 , 2019-жылдын 18-июлундагы N 90 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

Ушул Мыйзам төмөндөгү чөйрөлөрдөгү укуктук негиздерди белгилейт:

продукцияга, анын ичинде имараттарга жана курулмаларга (мындан ары - продукция) жана/же продукцияга карата талаптар менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү жана утилдештирүү процесстеринин милдеттүү талаптарын иштеп чыгуу, кабыл алуу, колдонуу жана аткаруу;

продукциянын же долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстеринин, иштерди аткаруунун, кызмат көрсөтүүнүн талаптарын ыктыярдуу негизде иштеп чыгуулар, кабыл алуулар жана аткаруулар;

шайкештикти баалоолор;

ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелерге катышуучулардын жоопкерчиликтери.

Ушул Мыйзамдын колдонулушу эмгекти коргоо жаатындагы социалдык-экономикалык, уюштуруу, санитардык-гигиеналык, дарылоо-алдын алуу, эмгекти коргоо жаатындагы реабилитациялык чараларга; адамдын жана жаныбарлардын жалпы жугуштуу ооруларын болтурбоо жана жайылып кетүүсүнүн алдын алуу боюнча чараларга; адамдын өмүрү жана ден соолугу, жаныбарлар жана өсүмдүктөр үчүн карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу зыяндуу организмдердин пайда болуусу, жайылып кетүүсү, медициналык жардам көрсөтүүсү менен байланышкан мамилелерге; ветеринардык жана фитосанитардык кызмат көрсөтүүлөргө; дары-дармек каражаттарына, медициналык буюмдарга (продукцияга, анын ичинде ветеринардык препараттарга, пестициддерге, агрохимикаттарга, тамак-аш продукцияларына карата милдеттүү талаптарды иштеп чыгуу, кабыл алуу жана аткаруу учурларын кошпогондо); жер кыртышын, атмосфералык абаны, курорттордун суу объекттерин, туристтик жана жалпы эс алуу жайларына таандык кылынган суу объекттерин коргоо боюнча чараларга; мамлекеттик билим берүү стандарттарына, бухгалтердик эсеп жөнүндө жоболорго (стандарттарга) жана аудитордук иштин эрежелерине (стандарттарына), баалуу кагаздардын эмиссиясынын стандарттарына жана баалуу кагаздар рыногунда кесиптик иштин стандарттарына, баалоо ишинин стандарттарына жайылтылбайт.

Радиожыштык спектрин пайдаланууга жана башкарууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын байланыш тармагынын иштешине жана өз ара аракеттенишине болгон талаптар Кыргыз Республикасынын байланыш жаатындагы мыйзамдар менен белгиленет жана жөнгө салынат.

Ушул Мыйзам продукцияга коюлган талаптарды иштеп чыгуу, кабыл алуу, колдонуу жана аткаруу жана/же продукцияларды долбоорлоо процесстерине (анын ичинде издөө), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, эксплуатациялоо жана утилдештирүү талаптары менен байланышкан учурларды кошпогондо, өнөр жай коопсуздугу жаатында ишти жүзөгө ашырууга коюлган талаптарды, кооптуу өндүрүш объекттеринде технологиялык процесстердин коопсуздугун, электр энергетика тутумдарынын жана электр энергетика объекттеринин ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылууга коюлган талаптарды иштеп чыгуу, кабыл алуу, колдонуу жана аткаруу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салбайт.

 (КР 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153, 2014-жылдын 25-декабрындагы № 163, 2015-жылдын 30-декабрындагы № 230, 2017-жылдын 2-августундагы № 167 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

I Бөлүм
Жалпы жоболор

 

1-статья. Негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөндөгүдөй түшүнүктөр колдонулат:

аккредиттөө - шайкештикти баалоо боюнча айкын иштерди аткарууда юридикалык жактын компетенттүүлүгүн аккредиттөө боюнча органдын расмий таануу аркылуу жол-жобосу;

продукциянын жана/же ага карата коюлган талаптар менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстеринин коопсуздугу (мындан ары - коопсуздук) - жеке жактардын өмүрүнө, ден соолугуна, курчап турган чөйрөгө, анын ичинде жаныбарларга жана өсүмдүктөргө, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүнө, мамлекеттик жана муниципалдык мүлккө зыян келтирүү менен байланышкан жол берилгис тобокелдиктин жок болушу;

продукцияны каталогдоштуруунун мамлекеттик тутуму (ПКМТ) - мамлекеттик органдарды, ишканаларды жана уюмдарды республикада чыгарылган продукциянын номенклатурасы, керектөө жана эксплуатациялоо мүнөздөмөлөрү, анын даярдоочулары жана продукция бериле турган стандартташтыруу боюнча документтер жөнүндө ар тараптуу жана так маалыматтар менен камсыз кылуу боюнча уюштуруу-техникалык маалыматтык тутум;

техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтардын мамлекеттик классификатору (мындан ары - мамлекеттик классификатор) - техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматты классификациясына (класстарына, топторуна, түрлөрүнө) шайкеш бөлүштүрүүчү жана мамлекеттик маалыматтык тутумдарда жана ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте маалыматтарды ведомстволор аралык алмашууда милдеттүү болуп саналган стандартташтыруу боюнча документ;

техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) - юридикалык жак же жеке ишкер тарабынан продукцияга жана/же продукцияларды долбоорлоо процесстерине (анын ичинде издөө), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, эксплуатациялоо жана утилдештирүү талаптары менен байланышкан техникалык регламенттердин талаптарынын аткарылышын текшерүү жана текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча чараларды көрүү;

шайкештикти декларациялоо - жүгүртүлүүгө чыгарылып жаткан продукциянын техникалык регламенттердин талаптарына шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоонун формасы;

шайкештик жөнүндө декларация - даярдоочу (чет элдик даярдоочунун расмий өкүлү, сатуучу) өзүнүн жүгүртүүгө чыгарган продукциясынын техникалык регламенттердин талаптарына шайкештигин ырастаган документ;

техникалык регламенттерге шайкештик белгиси - жүгүртүүгө чыгарылган продукцияга техникалык регламенттердин талаптарына шайкештигин белгиленген тартипте тастыктап, жүгүртүүгө чыгарылган продукцияга басылган белги;

шайкештик белгиси - ыктыярдуу сертификаттоонун же улуттук стандарттардын тутуму менен белгиленген сертификаттоо объектинин талаптарына шайкештиги жөнүндө сатып алуучуларга маалымдоо үчүн кызмат кыла турган белги;

сыноо - ошол продукциянын процесстин же кызмат көрсөтүүнүн бир нече мүнөздөмөлөрүн аныктаган учурда белгиленген жол-жобого ылайык шайкештигин билдирген техникалык операциялар;

(абзац КР 2014-жылдын 25-декабрындагы N 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

шайкештикти баалоо боюнча орган - шайкештикти баалоо боюнча иштерди жүргүзүүчү юридикалык жак;

сертификаттоо боюнча орган - сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзүүчү юридикалык жак;

шайкештикти баалоо - тийиштүү талаптардын аткарылып жаткандыгын тике же кыйыр түрдө аныктоо менен байланышкан иш. Шайкештикти баалоо мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө), аккредитациялоо, сыноо, ченөө, экспертиза жүргүзүү, каттоо, жактыруу, шайкештигин тастыктоо, курулуп бүткөн объектти кабыл алуу жана пайдаланууга берүү формаларында, ошондой эле алардын айкалыштарында жана башка формада жүргүзүлүшү мүмкүн;

шайкештикти тастыктоо - тастыктоочу жол-жоболор:

- продукциянын же долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстеринин техникалык регламенттердин талаптарына, стандарттардын жоболоруна, эрежелердин топтомуна же келишимдердин шарттарына шайкеш келүүсүн;

- жумуштарды аткаруу же кызмат көрсөтүү стандарттардын жоболоруна, эрежелердин топтомуна же келишимдердин шарттарына шайкеш келүүсүн;

каттоо - шайкештикти баалоо формасы, ал аркылуу тиешелүү тизмектеги продукциянын же долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстеринин мүнөздөмөлөрү көрсөтүлөт;

региондук стандарт - стандартташтыруу боюнча региондук уюм тарабынан кабыл алынган стандарт;

региондук классификатор (анын ичинде мамлекеттер аралык) - стандартташтыруу боюнча региондук орган тарабынан кабыл алынган стандартташтыруу боюнча документ;

тобокелдик - зыяндын оорчулугун эске алуу менен, жеке жактардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн жашоосуна жана өсүшүнө зыян келтирүү ыктымалдуулугу;

сертификаттоо - шайкештикти тастыктоо формасы, анын жүрүшүндө сертификаттоо боюнча орган продукция же долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстери, жумуштардын аткарылышы жана кызмат көрсөтүүлөр техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга, стандарттардын жоболоруна, эрежелердин топтомуна же келишимдин шарттарына шайкеш келээрин документ түрүндө ырастайт;

шайкештик сертификаты - документ, ал продукция же долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстери, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга, стандарттардын жоболоруна, эрежелердин топтомуна же келишимдин шарттарына шайкеш келээрин ырастайт;

сертификаттоо тутуму - сертификаттоо боюнча аткарылуучу иштердин, эрежелеринин, сертификаттоо тутумунун катышуучуларынын жана бүтүндөй тутумдун иштөө эрежелеринин жыйындысы;

стандартташтыруу - өндүрүш жаатында жана продукцияны жүгүртүүдө, жумуштарды аткарууда жана кызмат көрсөтүүдө ыраттуулукту, атаандаштык жөндөмдүүлүктү жогорулатууга багытталган, ыктыярдуулуктун негизинде көп жолку пайдаланууга эсептелген, эрежелерди, жалпы принциптерди, мүнөздөмөлөрдү белгилөө боюнча иштер;

стандарт - документ, ал консенсустун негизинде иштеп чыгарылат, анда продукциянын же долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстеринин, жумуштарды аткаруунун, кызмат көрсөтүүлөрдүн эрежелери, жалпы принциптери, мүнөздөмөлөрү көп жолку ыктыярдуу пайдалануу үчүн белгиленет. Ошондой эле стандартта терминологияга, символикага, таңгактоого, маркировкалоого жана/же этикеткалоого коюлуучу талаптар камтылышы мүмкүн;

эларалык стандарт - эларалык уюмдар тарабынан кабыл алынган стандарт;

уюмдардын стандарты - өндүрүштү өркүндөтүү жана чыгарылуучу продукциянын, иштерди аткаруунун жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын камсыз кылуу үчүн юридикалык жак тарабынан бекитилген стандарт;

улуттук стандарт - стандартташтыруу боюнча улуттук органдар тарабынан кабыл алынган стандарт;

техникалык шарттар - продукция даярдоочу тарабынан бекитилген, продукцияга карата техникалык талаптарды белгилөөчү документ;

техникалык регламент - Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишим (макулдашуу) менен кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген документ, мыйзам жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому, аларда продукциянын жана/же алар менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстеринин милдеттүү түрдө колдонулуучу жана аткарылуучу талаптары, ошондой эле алардын белгиленген милдеттүү талаптарга шайкеш келүүсүн баалоонун формалары жана жол-жоболору белгиленет;

техникалык жөнгө салуу - техникалык жөнгө салуунун объекттерине коюлуучу милдеттүү түрдөгү жана ыктыярдуу талаптарды белгилөө, колдонуу жана аткаруу жаатындагы мамилелерди укуктук жөнгө салуу жана шайкештикти баалоо жаатындагы мамилелерди укуктук жөнгө салуу;

техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган - техникалык жөнгө салуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы;

арыз ээси - жеке же юридикалык жак, алар шайкештикти тастыктоо үчүн шайкештик жөнүндө тиешелүү декларацияны кабыл алышы же шайкештик сертификатын алуу үчүн кайрылышы;

эрежелердин топтому - конструкцияларды же буюмдарды долбоорлоонун, даярдоонун, монтаждоонун, техникалык тейлөөнүн же жабдууну ишке киргизүүнүн техникалык эрежелерин же жол-жоболорун сунуш кылган документ. Эрежелердин жыйнагы министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор же аткаруу бийлигинин башка органдары кабыл алуучу стандарт, стандарттын бир бөлүгү, же өз алдынча документ болушу мүмкүн;

продукцияны жүгүртүү - кийин сатуу үчүн продукцияны чыгаруу же Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү;

техникалык жөнгө салуу объекттери - продукция, анын ичинде имараттар жана курулмалар жана/же продукцияга карата коюлган талаптар менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү, жумуштарды аткаруу жана кызмат көрсөтүү процесстери;

жактыруу - продукцияны жүгүртүүгө чыгаруу үчүн же белгиленген багытта же белгиленген шарттарда пайдалануу үчүн техникалык регламентте белгиленген тартипте берилген уруксат;

шайкештик презумпциясы - эл аралык, региондук, улуттук стандарттарды жана/же эрежелердин топтомун колдонууда техникалык регламенттердин олуттуу (жалпы) талаптарын сактагандык катары каралган жобо;

коопсуздуктун маанилүү (жалпы) талаптары - техникалык жөнгө салуунун объекттерине коюлган милдеттүү түрдөгү талаптар, алар тиешелүү өлчөө бирдиктериндеги конкреттүү (сандык) маанилерди белгилөөсүз берилиши;

ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык талаптар - зыяндуу организмдердин, оорулардын, илдеттерди таратуучулардын же оору жуктуруучу организмдердин кирип кетишине, орун алышына же таркап кетишине байланыштуу, анын ичинде алардын жаныбарлардан жана/же өсүмдүктөрдөн жуккан же алар аркылуу таркап кеткен учурда, продукциялар, жүктөр, материалдар, транспорт каражаттары, кошулмалардын болушу менен булгоочу заттар, токсиндер, зыянкечтер, отоо чөптөр, оору жуктуруучу организмдер, анын ичинде тамак-аш азыктары же тоюттар аркылуу жуккан же жайылтылган учурга байланыштуу келип чыккан тобокелдиктерден коргоо максатында белгиленүүчү, аткарууга милдеттүү болгон талаптар жана жол-жоболор, ошондой эле зыяндуу организмдердин таралышы менен байланышкан башка залалдарды болтурбоо максатында белгиленүүчү, аткаруу үчүн милдеттүү талаптар жана жол-жоболор;

продукцияны идентификациялоо - продукциянын мүнөздөмөлөрүнүн анын олуттуу белгилерине окшоштугун белгилөө;

ыйгарым укук берүү - шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча белгилүү бир ишти аткаруу укугу менен шайкештикти баалоо боюнча органды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бөлүп берүү;

ыйгарым укуктуу органдар - шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча белгилүү бир жаатта конкреттүү иштерди жүргүзүүгө ыйгарым укуктары өкүлдөнгөн, үчүнчү жак тарабынан таанылган, юридикалык жак статусуна ээ уюмдар же уюмдун бир бөлүгү (бөлүм же бөлүмчө);

алдын ала улуттук стандарт - Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органы тарабынан бекитилген жана колдонуу мөөнөтү чектелген стандартташтыруу жаатындагы документ;

чет мамлекеттердин эрежелеринин топтому - чет мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан кабыл алынган эрежелердин топтому;

эрежелердин региондук топтому - региондук уюмдар тарабынан кабыл алынган эрежелердин топтому;

ресурстук үнөмдөө - объекттердин жашоо циклинин бардык баскычтарын коштогон жана материалдык чыгымдардын салыштырмалуу туруктуулугунда пайдалуу натыйжалардын көлөмүнүн өсүшүн камсыз кылуучу ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга жана үнөмдүү чыгымдоого багытталган иштер (уюштуруучулук, экономикалык, техникалык, илимий, практикалык, маалыматтык), усулдар, процесстер, уюштуруу-техникалык чаралардын жана иш-чаралардын комплекси. Ал энергия үнөмдөө жана материал үнөмдөө деп бөлүнөт;

энергетикалык натыйжалуулук - бул техниканын жана технологиянын өнүгүүсүнүн учурдагы деңгээлинде жана айлана-чөйрөгө карата талаптарды сактоодо продукцияга, технологиялык процесске, юридикалык жакка, жеке ишкерге карата колдонууда ушундай натыйжаны алуу максатында өндүрүлгөн энергетикалык ресурстарды сарптоолорго карата энергетикалык ресурстарды пайдалануудан алынган пайдалуу натыйжанын мамилесин чагылдыруучу мүнөздөмөлөр;

каталогдук барак - продукциянын номенклатурасы, керектөө жана эксплуатациялоо мүнөздөмөлөрү жөнүндө так маалыматтарды камтыган документ;

мамлекеттер аралык стандарт (МАСТ) - Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча мамлекеттер аралык кеңеши тарабынан кабыл алынган региондук стандарт;

башка мамлекеттердин улуттук классификаторлору - башка мамлекеттердин стандартташтыруу боюнча улуттук органдары тарабынан кабыл алынган стандартташтыруу боюнча документтер.

 (КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299, 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153, 2014-жылдын 25-декабрындагы № 163 , 2019-жылдын 18-июлундагы N 90 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

2-статья. Техникалык жөнгө салуунун принциптери

Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуу төмөндөгү принциптерге ылайык жүзөгө ашырылат:

продукцияга же долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерине, жумуштарды аткарууга же кызмат көрсөтүүгө коюлуучу талаптарды белгилөө эрежелеринин бирдиктүүлүгү;

техникалык жөнгө салуунун улуттук экономиканын таламдарына жана илимий-техникалык жактан өнүгүү деңгээлине, ошондой эле эларалык ченемдерге жана эрежелерге шайкештиги;

аккредиттөө боюнча органдардын, сертификаттоо боюнча органдардын, контролдоо органдарынын, мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) органдарынын даярдоочулардан, сатуучулардан, аткаруучулардан жана сатып алуучулардан көз карандысыздыгы;

тутумдун бирдейлиги жана аккредиттөө эрежелеринин бирдейлиги;

ченеп-өлчөө тутумунун бирдейлиги;

шайкештикти баалоону өткөргөндө сыноонун жана ченеп-өлчөө усулдарынын жана эрежелеринин бирдейлиги;

бүтүмдөрдүн түрүнө жана өзгөчөлүктөрүнө карабастан техникалык регламенттердин талаптарын колдонуунун бирдейлиги;

персоналдар тарабынан изилденген чөйрөлөрдө атайын даярдалган шайкештикти милдеттүү баалоо боюнча иштерди өткөрүү;

аккредиттөө жаатын кошпогондо, шайкештикти баалоо жаатында атаандаштыкты чектөөгө жол берилбестиги;

техникалык регламенттердин жана сертификаттоо боюнча органдын талаптарын сактоону текшерүү боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аткаруу бийлигинин иш-милдеттерин бир уюмга кошо аткарууга жол берилбестиги;

аккредиттөө жана сертификаттоо боюнча иш-милдеттерди бир уюмга кошо аткарууга жол берилбестиги;

техникалык регламенттердин талаптарын сактоого мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) бюджеттен сырткары каржылоого жол берилбестиги.

 (КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299, 2014-жылдын 25-декабрындагы № 163 , 2019-жылдын 18-июлундагы N 90 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

3-статья. Техникалык жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

 

1. Техникалык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдар ушул Мыйзамдан, ага ылайык кабыл алынуучу дагы башка мыйзамдардан, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунан турат.

2. Ушул Мыйзамдын колдонуу чөйрөсүнө тиешелүү болгон Кыргыз Республикасынын аймактарында колдонулуп жаткан мыйзамдардын жана дагы башка ченемдик укуктук актылардын жоболору, ага ылайык кабыл алынган техникалык регламентке жана ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.

3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, дагы башка аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары сунуш берүү мүнөзүндөгү гана техникалык жөнгө салуу жаатындагы актыларды чыгарууга укуктуу.

4. Эгерде мыйзамда белгиленген тартип менен күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышкан эларалык келишимде ушул Мыйзамда жана ага ылайык кабыл алынган техникалык регламентте камтылган башка эрежелер белгиленсе, анда эларалык келишимдин эрежелери колдонулат.

Караңыз:

КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы № 679 “Коргонуу продукцияларын (жумуштарын, кызматтарын) жана маалыматтары мамлекеттик жашыруун сырды түзө турган продукцияларды (жумуштарды, кызматтарды) стандартташтыруу боюнча документтерди иштеп чыгуу, кабыл алуу жана колдонуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому

5. Стандартташтыруу, шайкештикти баалоо боюнча, ошондой эле коргонуу жагындагы продукцияга жана алар тууралу мамлекеттик жашыруун сырды түзгөн маалыматтарга мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) боюнча документтерди иштеп чыгуу, кабыл алуу жана колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР  2014-жылдын 25-декабрындагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

4-статья. Техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы

 

Техникалык жөнгө салуу жаатындагы бирдиктүү саясатты ишке ашыруу максатында техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

- иштерди координациялоо жана техникалык жөнгө салуу тутумунун катышуучуларынын ишин методологиялык камсыздоо;

- аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илимий мекемелердин, жарандардын жана алардын бирикмелеринин сунуштарынын негизинде техникалык регламенттердин долбоорлорун иштеп чыгуу программаларын түзүү боюнча иштерди координациялоо жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө берүү;

- техникалык регламенттердин долбоорлорун иштеп чыгуу жана аларды кабыл алуу, кайрадан кароо боюнча иштерди координациялоо жана уюштуруу;

- эксперттик комиссияларда техникалык регламенттердин долбоорлорун талдоо жүргүзүү боюнча иштерди уюштурууну камсыз кылуу;

- техникалык жөнгө салуу боюнча интеграцияланган маалыматтык тутумун жана веб-сайттын иштөөсүн камсыз кылуу;

- техникалык жөнгө салуу жаатындагы эл аралык кызматташтыкты жүргүзүү.

Техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган техникалык регламенттердин талаптарынын аткарылышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) кылуу боюнча функцияларды жүргүзүүгө укуксуз.

Техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган Дүйнөлүк соода уюмунун соодадагы техникалык бөгөттөр боюнча макулдашуусуна ылайык Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылат.

(КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299, 2014-жылдын 25-декабрындагы № 163 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

Караңыз:

КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-августундагы № 565 “Техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссияларды түзүүнүн тартиби жана алардын ишмердиги жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому

КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июнундагы № 267 Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органын аныктоо жөнүндө” токтому

 

II Бөлүм
Техникалык регламенттер

 

5-статья. Техникалык регламенттерди кабыл алуунун максаттары

 

1. Техникалык регламенттер төмөнкүдөй максаттарда кабыл алынат:

жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, жеке же юридикалык жактардын мүлкүн, мамлекеттик же муниципалдык мүлктү коргоо;

айлана-чөйрөнү коргоо;

жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн жашоосун жана ден соолугун коргоо;

керектөөчүлөрдү адаштырууга алып келүүчү иш-аракеттерди эскертүү;

энергетикалык натыйжалуулукту жана ресурстук үнөмдөөнү камсыз кылуу.

2. Техникалык регламенттерди дагы башка максаттар үчүн кабыл алууга жол берилбейт.

(КР 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

6-статья. Техникалык регламенттер

 

Техникалык регламенттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары түрүндө кабыл алынат же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилет.

Көп тармактык колдонуусу бар жана/же продукциянын ар кандай түрлөрүнө талаптарды камтыган техникалык регламент мыйзам формасында кабыл алынат.

(КР 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

7-статья. Техникалык регламенттерди колдонуу

 

1. Техникалык регламенттерде ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 1-пунктунда аталган максаттарга жетишүү үчүн зарыл болгон минималдуу талаптар зыян келтирүү тобокелдигинин даражасы эске алынып, белгиленет.

2. Техникалык регламенттер төмөнкүлөрдү да алдынала караштыра алат:

продукцияга жана/же алар менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерине коюлуучу илимий негизделген, өзгөчө талаптар, алар жеке жактардын айрым категорияларын (эрезеге жете элек балдарды, кош бойлуу аялдарды, бала эмизген энелерди жана майыптарды) коргоону камсыз кылуу;

эгерде өзгөчө талаптар жок болуп, климаттык жана географиялык өзгөчөлүктөрдүн айынан ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 1-пунктунда аталган максаттар аткарылбаса, продукцияга жана/же алар менен байланышкан долбоорлоонун (иликтөөнү кошкондо), өндүрүүнүн, куруунун, монтаждоонун, жөндөөнүн, сактоонун, ташуунун, сатуунун, ишке киргизүүнүн, утилдештирүүнүн айрым жерлердеги процесстерине коюлуучу илимий негизделген, өзгөчө талаптар.

3. Техникалык регламенттер тигил же бул продукцияга жана/же ага коюлган талаптар менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерине өндүрүү (ишке ашыруу) өлкөсүнө жана (же) жерине, бүтүмдөрдүн жана (же) даярдоочу, аткаруучу, сатуучу, сатып алуучу болуп эсептелген жактардын мүнөздөрүнө же өзгөчөлүктөрүнө карабай бир түрдүү жана бирдей өлчөмдө иштелип чыгат жана колдонулат, буга ушул статьянын 2-пунктунда каралгандар кирбейт.

4. Эл аралык стандарттар ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 1-пунктунда каралган максаттарды ишке ашыруу үчүн техникалык регламенттерди иштеп чыгууда негиз катары толугу менен же алардын бир бөлүгү колдонулууга тийиш, буга аталган максаттарды аткарууда же техникалык жана/же технологиялык проблемалардын климаттык, географиялык факторлорунун айынан мындай эл аралык стандарттар же алардын тиешелүү бөлүктөрү натыйжасыз же жараксыз каражат болуп калган учурлар кирбейт.

Техникалык регламентти иштеп чыгуу зарылдыгы жаралып, бирок тиешелүү эл аралык стандарттар жок болсо, анда иштеп чыгуучу региондук же улуттук стандарттарды техникалык регламенттерди иштеп чыгуу үчүн толугу менен, же алардын бөлүктөрүн негиз катары колдоно алат.

5. Сыноолордун жана ченеп-өлчөөнүн эрежелери менен усулдары техникалык регламентте белгиленген тартипте колдонулат.

6. Техникалык регламентти иштеп чыгуунун максатка ылайыктуулугу, ошондой эле формасын тандоо жана шайкештикти баалоо схемасы ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн максатка жетпей калуу тобокелдигинин даражасын эске алуу менен аныкталат. Техникалык регламентти кабыл алуунун максатка ылайыктуулугунун негизделиши түшүндүрмө катта жана техникалык регламенттин долбооруна финансы-экономикалык негиздемеде камтылууга тийиш.

7. Техникалык регламенттердин талаптары ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн максатты жүзөгө ашыруу үчүн эң аз талап кылынгандан да көбүрөөк даражадагы ишкердикти жүзөгө ашырууга тоскоолдуктарды түзбөшү керек.

(КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299, 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

8-статья. Техникалык регламенттердин мазмуну

 

1. Техникалык регламенттерди колдонуу максатында техникалык регламент продукциянын тизмегин жана/же техникалык жөнгө салуу объекттеринин сүрөттөлүшүн, ушул объекттерге коюлган талаптарды жана аларды идентификациялоо эрежелерин камтууга тийиш. Техникалык регламент тобокелдик даражасын эсепке алуу менен аныкталуучу шайкештикти баалоонун эрежелерин жана формаларын (анын ичинде техникалык регламентте шайкештикти ырастаган схемалар, берилген шайкештик тастыктамасынын жарактуулук мөөнөтүн узартуунун тартиби камтылышы мүмкүн), техникалык жөнгө салуунун ар бир объектке карата шайкештигин баалоонун эң кыска мөөнөттөрүн жана/же терминологияга карата талаптарды камтууга тийиш. Техникалык регламент энергетикалык натыйжалуулуктун жана ресурстук үнөмдөөнүн талаптарын камтууга тийиш.

2. Продукцияга жана/же алар менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерине, шайкештикти баалоонун формаларына жана схемаларына коюлуп, техникалык регламенттерде камтылган милдеттүү түрдөгү талаптар Кыргыз Республикасынын бардык аймагында тикелей колдонулат жана тиешелүү техникалык регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жолу менен гана өзгөртүлүшү мүмкүн.

Техникалык регламентте эл аралык практикада каралган учурларда техникалык жөнгө салуунун объекттерине маанилүү (жалпы) талаптар белгиленет.

3. Техникалык регламенттер ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн, техникалык регламенттин максатка жетиши камсыз кылынбагандан тышкары учурларда конструкцияларга жана аткарууларга талаптар камтылбоого тийиш. Ошол учурлар тажрыйбалардын жана илимий-эксперименталдык изилдөөлөрдүн негизинде белгиленүүгө тийиш.

4. Продукцияга жана/же алар менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерине коюлуп, техникалык регламентке киргизилбеген талаптар милдеттүү мүнөзгө ээ эмес.

5. Техникалык регламент жол берилген тобокелдин даражасын аныктоого мүмкүн болбогон, бул продукциянын узак пайдалануудан жыйылган жана башка факторлорго байланыштуу болуп жеке жактын өмүрүнө же ден соолугуна зыян келтирген продукцияларга талаптарды камтый албайт. Мындай учурларда техникалык регламент мүмкүн болгон зыяндар тууралу жана өзү көз каранды болгон факторлор жөнүндө керектөөчүлөргө маалымдоо талабын камтышы мүмкүн.

6. Техникалык регламенттер бөлөк өлкөдө жана (же) жерде жасалган, анын ичинде биологиялык коопсуздукту камсыз кылуучу (даярдоочулар пайдаланган коопсуздукту камсыз кылуу жолуна карабастан) ташып келүүнү, пайдаланууну, сактоону, ташууну, сатып өткөрүүнү жана таштандыларды иштетүүнү чектөөгө карата керек болгон ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык эң аз чараларды белгилейт.

Продукцияга, аны иштетүү усулдарына жана өндүрүшкө, продукцияны сыноо жол-жоболоруна, инспектирлөөгө, шайкештикти тастыктоого, карантиндик эрежелерге, анын ичинде жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү ташуу менен байланышкан талаптарга, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү ташыганда өмүрүн жана ден соолугун камсыз кылуу үчүн керектүү материалдар менен камсыз кылууга, ошондой эле сынамыкка тандап алуу жол-жоболоруна, изилдөө усулдарына жана тобокелдикти баалоого жана башка техникалык регламенттердин талаптарында камтылган ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык чаралар менен каралышы мүмкүн.

Ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык чаралар илимий маалыматтардын негизинде, ошондой эле иш жүзүндө илимий жактан негизделген тобокелдиктин даражасын эске алуу менен аныкталган, ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык коргонуу максатында эларалык уюмдардын тиешелүү эларалык жана/же региондук стандарттарын, эрежелерин, ченемдерин жана документтерин эске алуу менен иштелип чыгат жана колдонулат. Тобокелдиктин даражасын баалоодо эларалык жана/же региондук стандарттар, эрежелер, ченемдер жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эларалык уюмдардын башка документтери, зыянкечтердин жана оорулардын жайылтылышы, ошондой эле жөнөтүүчүлөр тарабынан ооруларга жана зыянкечтерге, экологиялык шарттарга, экономикалык кесепеттерге каршы күрөшүүдө колдонулган чаралар, келтирилген зыянды болтурбоого жумшалган чыгымдын өлчөмү эске алынышы мүмкүн.

7. Эгерде ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык чаралар ветеринардык-санитардык максаттарга жетишүү жана фитосанитардык коргонуу үчүн керек болгондо, ал эми тиешелүү илимий негиздөө жетишсиз болсо же зарыл мөөнөттө аны алуу мүмкүн болбосо, продукциянын айрым түрлөрүнө карата техникалык регламентте каралган ветеринардык-санитардык же фитосанитардык чаралар, колдо болгон маалыматтардын негизинде, анын ичинде тиешелүү эларалык уюмдардан, чет мамлекеттердин бийликтеринен алынган маалыматтар жана башка мамлекеттер тарабынан колдонулган тиешелүү өлчөмдөгү маалыматтар же дагы башка маалыматтар колдонулушу мүмкүн. Ушул пункт менен белгиленген ветеринардык-санитардык же фитосанитардык талаптар тиешелүү техникалык регламент кабыл алынганга чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонулат.

8. Стандартташтыруу боюнча улуттук орган техникалык регламент күчүнө киргенге чейин кабыл алынган техникалык регламенттин талаптарын сактоону ыктыярдуу негизде камсыз кылуу же техникалык регламенттерди колдонуу жана аткаруу, шайкештикти баалоону жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон изилдөөлөрдүн (сыноолордун), ченөөлөрдүн эрежелерин жана усулдарын, үлгүлөрдүн (сынамдардын) тандоо эрежелерин камтыган эл аралык стандарттардын, ал эми алар болбогон же климаттык, географиялык факторлордун же болбосо техникалык жана/же технологиялык көйгөйлөрдүн таасиринде колдонуу натыйжасыз болгон учурда, региондук жана улуттук стандарттардын тизмегин жана/же эрежелердин топтомун бекитет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий басылмасына жарыялайт жана/же жалпы пайдалануудагы электрондук маалымат тутумуна жайгаштырат.

Стандарттардын жана/же эрежелердин топтомдорунун жогоруда көрсөтүлгөн тизмектерин техникалык регламентти иштеп чыгуучу стандартташтыруу боюнча улуттук орган менен макулдашуу боюнча түзөт.

Эл аралык же региондук жана улуттук стандарттарды жана/же эрежелердин топтомдорун ыктыярдуу негизде колдонуу тиешелүү техникалык регламенттердин талаптарын сактоонун жетиштүү шарты болуп саналат.

Жогоруда аталган стандарттарды жана/же эрежелердин топтомдорун колдонбоо техникалык регламенттердин талаптарын сактабагандык катары бааланышы мүмкүн эмес.

Жогоруда көрсөтүлгөн тизмекке киргизилген стандарттар жана эрежелердин топтомдору беш жылда бир жолудан кем эмес текшерилүүгө, кайра каралып чыгууга жана/же актуалдаштырылууга жатат.

(КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299, 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

9-статья. Техникалык регламенттерди иштеп чыгуунун тартиби

 

1. Кандай гана жеке же юридикалык жак болбосун техникалык регламенттин долбоорун иштеп чыгуучу (тапшырыкчы) боло алат.

2. Техникалык регламенттин долбоорун иштеп чыгуучу (тапшырыкчы) өзүнүн эсебинен техникалык регламенттин долбоорун иштеп чыккандыгы тууралу кабарламаны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий басма сөз басылмасында жана жалпы пайдалануудагы электрондук маалыматтык тутумга жарыялайт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий басма сөз басылмасы техникалык регламенттин долбоорун иштеп чыккандыгы жөнүндө иштеп чыгуучу (тапшырыкчы) тарабынан берилген кабарламаны ал келип түшкөн учурдан тартып отуз күндүн ичинде жарыялоого милдеттүү.

3. Техникалык регламенттин долбоору тууралу кабарламада иштелип чыккан техникалык регламент кандай продукцияга, жана/же аны менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстери жайылтыла тургандыгы жөнүндөгү маалымат, аны иштеп чыгуу зарылдыгынын негиздемеси, документтин түзүмү, эларалык стандарттарга, ченемдерге жана эрежелерге шайкештиги (шайкеш эместиги), ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу талаптардан, дагы башка техникалык регламенттерден айырмачылыгы тууралу маалыматтар камтылууга тийиш.

4. Техникалык регламентти иштеп чыгуучу (тапшырыкчы) таламдаш жактардын суроо-талабы боюнча аларды талкуулоо үчүн жазуу жүзүндө сын-пикирлерин даярдап алышы үчүн кабарлама жарыяланган учурдан баштап, техникалык регламенттин долбоорун алуусун камсыз кылышы керек. Техникалык регламенттин долбоорун талкуулоонун мөөнөтү бир айдан кем болбоого тийиш.

5. Иштеп чыгуучу (тапшырыкчы) таламдаш жактар, алардын арасында кандай гана юридикалык жактар, жекече ишкерлер, иштери техникалык регламентти колдонуу чөйрөсү менен түздөн-түз байланышта болгон юридикалык жактардын бирикмелери (бирликтери, ассоциациялары) болушу мүмкүн, алар менен техникалык регламенттин долбоорун талкуулашына жараша жазуу жүзүндөгү сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен аны жеткире иштөөнү камсыз кылат жана пикир келишпөөчүлүктүн тизмегин түзөт.

6. Иштеп чыгуучу тарабынан кабарлама жарыялоо таламдаш жактар менен техникалык регламенттин долбоорун техникалык регламенттин талаптарын ыктыярдуу негизде сактоону камсыз кылган стандарттардын жана/же эрежелердин топтомдорунун тизмегинин долбоорлору менен бирге талкуулоо, пикир келишпөөчүлүктүн (алар болгондо) тизмегин даярдоо жол-жоболору аткарылгандан кийин техникалык жөнгө салуунун долбоорлору экспертиза жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болгон техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссияларга берилет.

Теңдештик башталыштагы эксперттик комиссиянын курамына аткаруу бийлик органдарынын, илимий-техникалык уюмдардын, ишкерлердин бирикмелеринин жана керектөөчүлөрдүн өкүлдөрү кирет. Эксперттик комиссияны түзүүнүн тартиби жана анын иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган эксперттик комиссиянын жекече курамын бекитет жана алардын иштешин камсыз кылат. Эксперттик комиссиянын жыйналышы ачык болот.

7. Эксперттик комиссияга экспертиза жүргүзүү үчүн техникалык регламенттин долбоору, түшүндүрмө каттар жана финансы-экономикалык негиздемелер берилет, аларда иштеп чыгуунун техникалык регламентти кабыл алуунун максатка ылайыктуулугунун же эларалык стандарттарга, ченемдер менен эрежелерге шайкеш келбешинин негиздемеси, ошондой эле эларалык стандарттардан, ченемдер менен эрежелерден четтөөнүн жана пикир келишпөөчүлүктүн себептеринин (алар болгондо) тизмеги камтылат.

Эксперттик комиссиянын корутундусу милдеттүү түрдө техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштеп чыгуучуга (тапшырыкчыга) жиберилет.

(КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299, 2011-жылдын 14-октябрындагы № 171, 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

10-статья. Техникалык регламентти мыйзам формасында кабыл алуунун тартиби

 

(КР 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

11-статья. Техникалык регламенттерди кабыл алуунун тартиби

 

1. Иштеп чыгуучу (тапшырыкчы) техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссиянын корутундусунун негизинде техникалык регламенттин долбоорун макулдашууга жиберет.

Макулдашуу жол-жобосун өткөргөндөн кийин иштеп чыгуучу (тапшырыкчы) техникалык регламенттин долбоорун бардык коштомо документтери менен бирге техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга берет.

Ушул Мыйзамдын 9-статьясында белгиленген техникалык регламенттердин долбоорлорун иштеп чыгуу жол-жобосу сакталбаган учурда, техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган белгиленген жол-жобону аткаруу үчүн техникалык регламенттин долбоорун иштеп чыгуучуга (тапшырыкчыга) кайтарып берүүгө милдеттүү.

11 Техникалык регламент Кыргыз Республикасыныи мыйзамдарында белгиленген тартипте ратификацияланган Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимине ылайык кабыл алынышы мүмкүн. Мындай техникалык регламенттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте иштелип чыгат, кабыл алынат жана жокко чыгарылат.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ратификацияланган Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимине ылайык кабыл алынган техникалык регламент күчүнө киргенге чейин техникалык регламент ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык мыйзам же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен кабыл алынышы мүмкүн.

2. Техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган техникалык регламенттин долбоорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна жиберет.

Техникалык регламенттин долбоору эксперттик комиссиянын корутундусу, түшүндүрмө каты, аны кабыл алуунун зарылдыгы жөнүндө финансы-экономикалык негиздеме жана пикир келишпөөчүлүктүн тизмеги (алар болсо) менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна жиберилет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү техникалык регламенттин долбоорун белгиленген тартипте карап чыгат жана аны бекитүү тууралуу чечим чыгарат. Техникалык регламенттин долбоору мыйзам формасында кабыл алынган учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мыйзам долбоорун жактыруу тууралуу чечим кабыл алат жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберет.

3. Кабыл алынбай калган учурда, ушул Мыйзамдын 9-статьясында белгиленген талаптарга ылайык толуктап иштеп чыгуу жол-жоболорун жүргүзүү же долбоордун үстүнөн иштөөнү токтотуу үчүн техникалык регламенттин долбоору иштеп чыгуучуга (тапшырыкчыга) кайтарылат.

4. Техникалык регламент расмий жарыяланган учурдан тартып алты айдан эрте колдонууга киргизилбейт

(КР 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153, 2014-жылдын 25-декабрындагы № 163 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

12-статья. Техникалык регламенттерди өзгөртүүнүн жана жокко чыгаруунун тартиби

 

1. Техникалык регламент күчүнө кирген күндөн тартып беш жылдын ичинде техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган техникалык регламенттин, ушул Мыйзамдын 5-статьясындагы 1-пунктунда көрсөтүлгөн максаттарга, ошондой эле эл аралык, региондук стандарттарга, ченемдерге жана эрежелерге шайкеш келүү жүйөсүнө экспертиза жүргүзүүнү камсыз кылууга милдеттүү.

Караңыз:

КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-августундагы № 565 “Техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссияларды түзүүнүн тартиби жана алардын ишмердиги жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому

2. Эгерде техникалык регламентти кабыл алууну шарттаган жагдайлар жана максаттар өзгөрүлсө же жоюлса, ал өзгөртүлүүгө же жокко чыгарылууга тийиш.

Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн жагдайлар түзүлгөндө техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган техникалык регламентти өзгөртүү же жокко чыгаруу жол-жобосун баштоого милдеттүү.

3. Техникалык регламентке өзгөртүүлөр менен толуктоолорду иштеп чыгуу жөнүндө кабарлама техникалык регламентти иштеп чыгуу үчүн белгиленген тартипте жарыяланат. Техникалык регламентке өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү техникалык регламентти кайрадан иштеп чыгуу үчүн каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

13-статья. Техникалык регламенттерди иштеп чыгуунун жана кабыл алуунун өзгөчө тартиби

 

1. Эгерде жеке жактардын, жаныбарлардын жашоосуна жана өсүмдүктөрдүн өсүшүнө, айлана-чөйрөгө, продукцияга, жана/же ага коюлган талаптар менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстери коопсуздукту камсыз кылуу үчүн түздөн-түз же тикелей коркунуч келтире тургандыгы далилденгенде техникалык регламентти токтоосуз кабыл алуу зарылчылыгы туулса Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аны элдик талкуусуз эле кабыл алат.

Бул учурда техникалык регламент Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен колдонууга киргизилет, анда техникалык регламентти токтоосуз колдонууга киргизүүнүн зарылдыгынын негиздемеси камтылууга тийиш. Бул техникалык регламенттин колдонуу мөөнөтү бир жылдан ашпоого тийиш.

2. Эгерде, ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн техникалык регламент ушул Мыйзамдын жана 5-статьянын максаттарынын талаптарына жооп берсе, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул техникалык регламенти колдонууга киргизилиши менен бирге эле, ушул Мыйзамдын 9-статьясынын жоболорун сактоо менен иштелип чыккан мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилет. Ушул Мыйзамдын 9-статьясына ылайык иштелип чыккан техникалык регламент колдонууга киргизилгенден кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен колдонууга киргизилген техникалык регламент күчүн жоготот.

(КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299, 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

III Бөлүм
Стандартташтыруу

 

14-статья. Стандартташтыруунун максаттары

 

Стандартташтыруу төмөндөгүдөй максаттарда жүзөгө ашырылат:

илимий-техникалык прогресске түрткү берүүгө;

илимдин, техниканын жана технологиянын өнүгүү деңгээлине ылайык продукциянын, жумуштун жана кызмат көрсөтүүлөрдүн атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга;

табигый өзгөчө жана техногендик мүнөздөгү кырдаалдардын келип чыгышынын тобокелдик даражасын эске алуу менен объекттердин коопсуздук деңгээлин жогорулатууга;

техникалык регламенттердин талаптарын сактоого көмөк көрсөтүү;

энергетикалык натыйжалуулукту жана ресурстук үнөмдөөнү камсыз кылуу;

техникалык жана маалыматтык дал келүүгө;

ченөөлөрдүн бирдиктүүлүгүн, ченөөлөрдүн жана сыноолордун натыйжаларынын салыштырмалуулугун камсыз кылуу;

продукциялардын өз ара алмашуусуна;

жеке жактардын өмүрүнүн жана ден соолугунун, ошондой эле жаныбарлардын жашоосунун жана өсүмдүктөрдүн өсүшүнүн коопсуздугунун деңгээлин жогорулатууга, жеке жана юридикалык жактардын мүлктөрүнө, мамлекеттик жана муниципалдык мүлктөргө, айлана-чөйрөгө көмөк көрсөтүү.

(КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299, 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

15-статья. Стандартташтыруу принциптери

 

1. Кыргыз Республикасында стандартташтыруу төмөндөгүдөй принциптерге ылайык жүзөгө ашырылат:

стандарттарды колдонуунун ыктыярдуулугуна;

стандарттарды иштеп чыгууда, кабыл алууда, айкалыштырууда жана колдонууда бардык таламдаш жактардын кызыкчылыктарын толук эске алуусуна;

улуттук стандарттарды даярдоо үчүн эл аралык, региондук стандарттарды жана эрежелерди негиз катары пайдаланууга;

продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө тоскоолдуктардын түзүлүшүнө жол берилбестигине;

техникалык регламенттерге каршы келген стандарттардын колдонууга жол берилбестигине;

бирдей үлгүдөгү стандарттарды колдонуу үчүн шарттарды камсыз кылууга.

2. Стандарттар тигил же бул продукцияга же аны менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерине, жумушту аткарууга, кызмат көрсөтүүгө өндүрүү (ишке ашыруу) өлкөсүнө жана/же жерине, бүтүмдөрдүн жана/же даярдоочу, аткаруучу, сатуучу, сатып алуучу болуп эсептелген жактардын мүнөздөрүнө же өзгөчөлүктөрүнө карабай бир түрдүү жана бирдей өлчөмдө иштеп чыгарылат жана колдонулат.

(КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299, 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

16-статья. Стандартташтыруу боюнча документтер

Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу стандартташтыруу боюнча документтерге төмөнкүлөр кирет:

Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттары жана мамлекеттик классификаторлору;

стандартташтыруу жаатындагы стандартташтыруунун жана сунуштоонун эрежелери;

алдын ала улуттук стандарттар;

эл аралык стандарттар;

региондук стандарттар (анын ичинде мамлекеттер аралык) жана региондук классификаторлор (анын ичинде мамлекеттер аралык);

башка мамлекеттердин улуттук стандарттары жана улуттук классификаторлору;

эрежелердин топтому, анын ичинде эрежелердин региондук топтому жана чет мамлекеттердин эрежелеринин топтому;

уюмдардын стандарттары, анын ичинде техникалык шарттары.

Эл аралык региондук стандарттар жана башка өлкөлөрдүн улуттук стандарттары стандартташтыруу боюнча улуттук орган белгилеген усулдукка ылайык Кыргыз Республикасында стандартташтыруу боюнча улуттук документ катары кабыл алынат.

 (КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299, 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153 , 2019-жылдын 18-июлундагы N 90 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

17-статья. Стандартташтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук органы, стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттер

1. Стандартташтыруу боюнча улуттук орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Стандартташтыруу боюнча улуттук орган юридикалык жана жеке жактар, аткаруу бийлик органдары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон ченемдик актыларды басып чыгарууга ыйгарым укугу жок.

2. Стандартташтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук органы:

улуттук стандарттарды жана алдын ала улуттук стандарттарды, мамлекеттик классификаторлорду, стандартташтыруу боюнча эрежелерди жана сунуштамаларды бекитет;

улуттук стандарттарды, алдын ала улуттук стандарттарды, мамлекеттик классификаторлорду, стандартташтыруу боюнча эрежелерди жана сунуштамаларды иштеп чыгуу (өзгөртүү, актуалдаштыруу) программаларын иштеп чыгат жана бекитет;

улуттук стандарттардын, алдын ала улуттук стандарттардын, мамлекеттер аралык стандарттардын, мамлекеттик классификаторлордун долбоорлоруна экспертиза уюштурат;

стандартташтыруунун улуттук тутумунун улуттук экономиканын таламдарына жана илимий-техникалык прогресстин өнүгүшүнө шайкештигин камсыз кылат;

улуттук стандарттардын, стандартташтыруу боюнча эрежелердин жана сунуштамалардын, эл аралык жана региондук стандарттардын, башка өлкөлөрдүн улуттук стандарттарынын жана алдын ала улуттук стандарттарынын, мамлекеттик классификаторлорунун, региондук классификаторлорунун (анын ичинде мамлекеттер аралык), ошондой эле башка мамлекеттердин улуттук классификаторлорунун эсебин алууну жүзөгө ашырат жана кызыкдар адамдардын аларга жетүүсүн камсыз кылат;

стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттердин иштерин координациялайт;

улуттук стандарттарга шайкештик белгисинин сүрөттөлүшүн бекитет;

эларалык жана региондук уюмдарда стандартташтыруу боюнча иштерди жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын өкүлү болот;

эл аралык, региондук жана башка мамлекеттердин улуттук стандарттарын, эрежелердин региондук топтомдорун жана башка мамлекеттердин эрежелеринин топтомдорун, башка мамлекеттердин региондук классификаторлорун (анын ичинде мамлекеттер аралык) жана башка мамлекеттердин улуттук классификаторлорун стандартташтыруу боюнча улуттук документтери катары кабыл алуу усулун белгилейт;

Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук документтери катары эл аралык, региондук стандарттарды (анын ичинде мамлекеттер аралык) жана башка мамлекеттердин улуттук стандарттарын, региондук эрежелердин топтомдорун жана башка мамлекеттердин эрежелеринин топтомдорун, региондук классификаторлорун (анын ичинде мамлекеттер аралык) жана башка мамлекеттердин улуттук классификаторлорун кабыл алат;

улуттук стандарттарды, алдын ала улуттук стандарттарды, мамлекеттик классификаторлорду, эл аралык жана региондук эрежелердин топтомдорун, башка мамлекеттердин стандарттарын жана эрежелеринин топтомдорун, региондук классификаторлорун (анын ичинде мамлекеттер аралык) жана башка мамлекеттердин улуттук классификаторлорун басып чыгарууну жана жайылтууну уюштурат. Стандартташтыруу боюнча улуттук документтерди басып чыгаруу деп полиграфиялык ыкма же электрондук басылма түрүндө аткарылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдериндеги басылма түшүндүрүлөт.

3. Стандартташтыруу боюнча улуттук орган стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттерди түзүүнүн жана алардын иштеринин тартибин бекитет. Стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттин жыйналышы ачык болот. Стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттин тутумуна теңдештик башталышта аткаруу бийлик органдарынын, илимий-техникалык уюмдардын жана ишкерлер менен керектөөчүлөрдүн бирикмелеринин өкүлдөрү киргизилет.

4. Стандартташтыруу боюнча улуттук орган продукциялардын каталогдук барактарынын формаларын жана аларды толтуруунун, берүүнүн, экспертиза жүргүзүүнүн жана каттоонун эрежелерин белгилейт.

Кыргыз Республикасында чыгарылган продукция каталогдоштуруу тутумунда катталууга тийиш.

Продукцияларды каталогдоштуруу тутумунда каттоого төмөнкүлөр жатпайт:

продукциялардын тажрыйбалык үлгүлөрү (тажрыйбалык партиялары), продукциялардын көрсөтмө сериялары;

жалгыздап өндүрүлгөн продукция, автордук укуктардын объекттери, сувенирлер, продукциянын курамдык бөлүктөрү.

Продукциянын өндүрүүчүлөрү стандартташтыруу боюнча улуттук органга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдериндеги маалыматтар менен каталогдук барактарды кагаз түрүндө жана электрондук алып жүрүүчүдө берет.

 (КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299, 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153 , 2019-жылдын 18-июлундагы N 90 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

18-статья. Улуттук стандарттарды жана эрежелердин топтомдорун иштеп чыгуу, кабыл алуу жана колдонуу

Стандартташтыруу боюнча улуттук орган улуттук стандарттарды, алдын ала улуттук стандарттарды жана мамлекеттик классификаторлорду иштеп чыгуу, макулдашуу, эсепке алуу, бекитүү, экспертиза жүргүзүү, өзгөртүү, жокко чыгаруу жана колдонууга киргизүү тартибин белгилейт.

Техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматты классификациялоо жана коддоштуруу тутумун өнүктүрүү жана колдонуу боюнча иштерди ведомстволор аралык координациялоонун тартиби, жүргүзүлүүгө жаткан мамлекеттик классификаторлордун, статистикалык классификаторлордун, региондук классификаторлордун, мамлекеттер аралык классификаторлордун, башка мамлекеттердин улуттук классификаторлорунун тизмеги, ошондой эле классификаторлорду иштеп чыгууну, жүргүзүүнү, актуалдаштырууну жана колдонууну жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана администрациялык ведомстволорунун тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Техникалык регламенттердин кээ бир талаптарына же техникалык жөнгө салуу объекттерине ылайыктуу эл аралык, региондук жана улуттук стандарттар болбогон учурда, продукцияга же аны менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү жана утилдештирүү процесстерине карата талаптарды сактоону камсыз кылуу максатында жаңылары иштелип чыгат же мурда кабыл алынган эрежелердин топтому колдонулат, ошондой эле эрежелердин региондук топтому же чет мамлекеттердин эрежелеринин топтому колдонулушу мүмкүн. Эрежелердин топтомуна курулуштук ченемдер жана эрежелер (КЧжЭ), санитардык эрежелер жана ченемдер (СанЭжЧ), техникалык эрежелер же жол-жоболор жана башка документтер кириши мүмкүн.

Эрежелердин топтомдорун иштеп чыгуу жана бекитүү Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдары тарабынан алардын ыйгарым укуктарынын чегинде жүзөгө ашырылат. Эрежелердин топтомунун долбоору аны бекитүү күнүнө чейин эки айдан кечиктирилбестен, электрондук формада жалпы пайдалануудагы маалымат тутумунда жайгаштырылууга тийиш.

Эрежелердин топтому стандартташтыруу боюнча улуттук орган тарабынан белгиленген усулга ылайык иштелип чыгат жана бекитилет.

Эрежелердин региондук топтому жана чет мамлекеттердин эрежелеринин топтому Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук документтери катары стандартташтыруу боюнча улуттук орган тарабынан кабыл алынат.

(Бөлүк КР 2019-жылдын 18-июлундагы N 90 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Бөлүк КР 2019-жылдын 18-июлундагы N 90 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Бөлүк КР 2019-жылдын 18-июлундагы N 90 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Бөлүк КР 2019-жылдын 18-июлундагы N 90 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Бөлүк КР 2019-жылдын 18-июлундагы N 90 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 (КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299, 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153, 2017-жылдын 2-августундагы № 167 , 2019-жылдын 18-июлундагы N 90 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

19-статья. Уюмдардын стандарттары жана техникалык шарттар

Уюмдардын стандарттары уюмдар тарабынан ушул Мыйзамдын 14-статьясында көрсөтүлгөн максаттарды камсыз кылуу үчүн аларды колдонуу зарылдыгына жараша өз алдынча иштелип чыгат.

Техникалык шарттар даярдоочу жана (же) аткаруучу тарабынан иштелип чыгат жана келишимдерде (контракттарда) белгиленген шарттарга ылайык колдонулат.

Уюмдардын стандарттарын жана техникалык шарттарын иштеп чыгуу, кабыл алуу жана эсебин жүргүзүү уюм тарабынан өз алдынча жүргүзүлөт.

Уюмдардын стандарттарынын жана техникалык шарттардын долбоору бекитүүнүн алдында экспертиза жүргүзүү үчүн улуттук стандартташтыруу боюнча органга ыктыярдуу тартипте берилиши мүмкүн.

(КР 2019-жылдын 18-июлундагы N 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

IV Бөлүм
Шайкештикти тастыктоо

 

20-статья. Шайкештикти тастыктоонун максаттары

 

Шайкештикти тастыктоо төмөндөгү максаттарда жүзөгө ашырылат:

техникалык жөнгө салуунун объекттеринин техникалык регламенттерге же стандарттардын жоболоруна, эрежелердин топтомуна же келишимдин шарттарына шайкеш келүүсүн тастыктоо;

иштерди аткарууну же кызмат көрсөтүүлөрдү стандарттардын жоболоруна же келишимдин шарттарына шайкештигин ырастоо;

продукцияларды, иштер менен кызмат көрсөтүүлөрдү тандоо жагынан сатып алуучуларга көмөк көрсөтүү;

ата мекендик жана эларалык рыноктордо продукциялардын, иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;

Кыргыз Республикасында товарлардын эркин алып өтүшүн камсыз кылуу үчүн, ошондой эле эларалык экономиканын, илимий-техникалык жана эларалык сооданын кызматташтыгына катышуу үчүн шарттарды түзүү.

(КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

21-статья. Шайкештикти тастыктоо принциптери

 

1. Шайкештикти тастыктоо төмөндөгү принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:

бардык таламдаш жактар үчүн шайкештикти тастыктоо жол-жоболорун жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө маалыматтардын ачыктыгы жана алуу мүмкүнчүлүгү;

объекттерге карата техникалык регламенттердин талаптары болбогондо шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоону колдонууга жол берилбестиги;

сертификаттоо боюнча органдардын даярдоочулардан, сатуучулардан жана сатып алуучулардан көз карандысыздыгы;

тиешелүү техникалык регламентте айкын продукцияга карата шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоонун формасынын жана схемасынын толук бүткөрүлгөн тизмегин белгилөөгө;

айкын продукцияга карата шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоонун формасы менен схемасын билдирүүчү тарабынан тандап алуу мүмкүнчүлүгү;

шайкештикти тастыктоо жол-жобосун жүргүзүүнүн мөөнөтүн жана билдирүүчүнүн чыгымдарын мүмкүн болушунча азайтуусу;

шайкештикти тастыктоодо ыктыярдуу жол-жободон өтүүгө билдирүүчүлөрдү мажбурлоого жол берилбестиги;

билдирүүчүлөрдүн мүлктүк таламдарын, анын ичинде шайкештикти тастыктоо жол-жобосунун жүрүшүндө алынган маалыматтарга карата коммерциялык сырды сактоо жолу менен коргоого;

шайкештикти милдеттүү түрдө ырастоону ыктыярдуу сертификациялоо менен алмаштырууга жол берилбестиги;

сертификаттоо боюнча ишти мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруу менен бирге жүргүзүүгө жол берилбестиги;

2. Жол-жоболор тигил же бул продукцияга же аны менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерине, жумушту аткарууга, кызмат көрсөтүүгө өндүрүү (ишке ашыруу өлкөсүнө жана/же жерине бүтүмдөрдүн жана/же даярдоочу, тапшыруучу, аткаруучу, сатуучу, сатып алуучу болуп эсептелген жактардын мүнөздөрүнө же өзгөчөлүктөрүнө карабай бир түрдүү жана бирдей өлчөмдө иштеп чыгарылат жана колдонулат.

3. Шайкештикти тастыктоо эрежелери менен жол-жоболору бир беткей иштелип чыгат жана кабыл алынат жана импорттолуучу продукциялар үчүн да бирдей колдонулат.

(КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299, 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153, 2014-жылдын 25-декабрындагы № 163 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

22-статья. Шайкештикти тастыктоонун формалары

 

1. Кыргыз Республикасында шайкештикти тастыктоо ыктыярдуу же милдеттүү түрдө болушу мүмкүн.

2. Шайкештикти тастыктоо ыктыярдуу сертификаттоо формасында жүзөгө ашырылат.

3. Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү түрдөгү шайкештикти тастыктоо төмөндөгүдөй формада жүзөгө ашырылат:

шайкештик жөнүндөгү декларацияны (шайкештикти декларациялоону) кабыл алуу менен;

сертификаттоо менен.

4. (КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

23-статья. Шайкештикти ыктыярдуу тастыктоо

 

1. Шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоо билдирүүчүнүн жана сертификаттоо боюнча органдын ортосундагы келишимдин шарттарындагы билдирүүчүнүн демилгеси боюнча жүзөгө ашырылат. Шайкештикти ыктыярдуу тастыктоо стандарттарга, сертификаттарга, сертификаттоонун тутумдарына жана келишимдердин шарттарына шайкештигин белгилөө үчүн жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

2. Сертификаттоо боюнча орган:

шайкештикти ыктыярдуу тастыктоо объекттердин шайкештигин тастыктоону жүзөгө ашырат;

ыктыярдуу сертификаттоодон өткөн объекттерге шайкештик сертификатын берет;

эгерде шайкештик белгисин колдонуу ыктыярдуу сертификатоонун тиешелүү тутуму аркылуу каралса, билдирүүчүлөргө шайкештик белгисин колдонууга укук берет;

шайкештик сертификатынын колдонулушун токтото турат же токтоттурат.

3. Ыктыярдуу сертификаттоо тутуму юридикалык жак жана (же) жеке ишкерлер же бир нече юридикалык жак жана (же) жеке ишкерлер тарабынан түзүлүшү мүмкүн.

Ыктыярдуу сертификаттоонун тутумун түзгөн жак же жактар сертификатталууга тийиш болгон объекттердин тизмегин жана алардын мүнөздөмөлөрүн белгилейт, ыктыярдуу сертификаттоо, иштерди жана аларга төлөп берүү тартибин ыктыярдуу сертификаттоонун бул тутумунун катышуучуларын аныктайт. Сертификаттоо тутумунда шайкештик белгисин колдонуу каралышы мүмкүн.

4. Шайкештик тастыкталбаган объекттерди шайкештик белгиси менен маркировкалоого жол берилбейт.

 

24-статья. Шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоо

 

1. Шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоо тиешелүү техникалык регламент белгиленген учурларда гана жүргүзүлөт.

2. Шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоонун объектиси Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүлүүгө түшкөн жана техникалык регламенттин талаптарына карата түшкөн гана продукция болушу мүмкүн.

3. Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукциялар техникалык регламенттин талаптарына ылайык келишин тастыктаганда Кыргыз Республикасынын рыногуна уруксат берилет.

Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон тастыктоочу документи жок продукцияларды жарнамалоого тыюу салынат.

4. Айкын продукциялар, жол-жоболор жана шайкештикти тастыктоонун схемаларына карата шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоонун формасы, техникалык регламенттин максаттарга жетпеген тобокелдик даражасын эске алуу менен техникалык регламентте гана белгилениши мүмкүн.

5. Шайкештик жөнүндө декларация жана шайкештик сертификаты Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында бирдей күчкө ээ.

6. Иштерге акы төлөө билдирүүчү тарабынан жүзөгө ашырылат жана шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоо боюнча жүргүзүүгө кеткен иш жүзүндөгү чыгымдардан чогултулат. Мындай иштердин наркы жергиликтүү өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар үчүн бирдей болууга тийиш.

Шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоо жүргүзүүгө кеткен билдирүүчүнүн чыгымдалган каражатынын суммасы продукциянын өздүк наркына тиешелүү болот.

 

25-статья. Шайкештикти декларациялоо

1. Шайкештикти декларациялоо, эгерде ал техникалык регламентте каралган болсо, төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:

өзүнүн далилдеринин негизинде шайкештик жөнүндө декларация кабыл алуу менен;

өзүнүн далилдеринин жана үчүнчү жактын катышуусу менен алынган далилдердин негизинде шайкештик жөнүндө декларация кабыл алуу менен.

Продукцияны декларациялоо ыкмасы, схемасы жана жол-жоболору техникалык регламент менен белгиленет.

2. Шайкештикти декларациялоодо даярдоочу же сатуучу же болбосо даярдоочунун ыйгарым укуктуу адамы болуп саналган жеке ишкер катары юридикалык жак же жеке жак билдирүүчү болушу мүмкүн.

Ушул статьяга ылайык, билдирүүчү тарабынан кабыл алынган шайкештик жөнүндө декларация Шайкештик жөнүндө декларациялардын бирдиктүү реестринде катталууга жатат.

Шайкештик жөнүндө декларациялардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

Шайкештик жөнүндө декларациялардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Шайкештик жөнүндө декларациянын колдонуу мөөнөтү техникалык регламентте аныкталат.

3. Шайкештик жөнүндө декларациянын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2019-жылдын 18-июлундагы N 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

26-статья. Сертификаттоо шайкештикти милдеттүү тастыктоо формасы катары

 

1. Сертификаттоо, шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоо формасы катары сертификаттоо боюнча органга билдирүүчүнүн кайрылышына жараша жүзөгө ашырылат. Айкын продукцияларды сертификаттоо үчүн колдонулуучу сертификаттоонун схемасы тиешелүү техникалык регламент тарабынан аныкталат.

Продукциянын техникалык регламенттердин талаптарына шайкештиги сертификаттоо боюнча орган тарабынан билдирүүчүгө берген шайкештик сертификаты менен тастыкталат.

2. Шайкештик сертификатында төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:

билдирүүчүнүн аталышы жана турган жери;

шайкештикти тастыктаган объекттин аталышы;

сертификаттоодон өткөн продукцияны даярдоочунун аталышы жана турган жери;

шайкештик сертификатын берген сертификаттоо боюнча органдын аталышы жана турган жери;

дал келишине мүмкүндүк берген сертификаттоонун объекти тууралу маалыматтар;

өткөрүлгөн сыноолор тууралу маалыматтар;

тиешелүү техникалык регламентке продукциянын шайкештигин далилдөө иретиндеги сертификаттоо боюнча органга билдирүүчүнүн берген документтери катары маалыматтар;

техникалык регламенттин аталышы анын талаптарына шайкештигин сертификаттоо өткөрүлгөндүгүн;

шайкештик сертификатын колдонуу мөөнөтү.

Шайкештик сертификатынын колдонуу мөөнөтү техникалык регламент тарабынан аныкталат.

3. Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталган сертификаттын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

 

27-статья. Шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоо формасы катарында сертификаттоону уюштуруу

 

1. Сертификаттоо шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоо формасы катары сертификаттоо боюнча аккредиттелген орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Сертификаттоо боюнча орган:

сыноолорду өткөрүү үчүн сертификатталуучу продукцияларга ылгоону жүзөгө ашырат, эгерде бул сертификаттоонун тиешелүү схемасында каралган болсо;

сертификатталуучу продукцияга сыноо өткөрүү үчүн аккредиттелген сыноо лабораторияларын пайдаланат;

сертификаттоо объекттерине контроль жүргүзөт, эгерде мындай контроль тиешелүү сертификаттоо схемасында каралган болсо;

аларга берилген шайкештик сертификатынын колдонулушун токтото турат же жокко чыгарат;

сертификаттоону жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө билдирүүчүгө кабар берүүнү камсыз кылат;

берилген шайкештик сертификаттарынын реестрин алып барат.

3. Шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоонун формасы катары сертификат боюнча иштерди жүргүзгөндөгү сыноолор аккредиттелген сыноо лабораториялары тарабынан жүзөгө ашырылат.

Аккредиттөөнүн өз жаатынын чегинде сыноо лабораториялары продукцияга сыноо өткөрүшөт.

Сертификаттоо боюнча орган сертификаттоо өткөрүү тууралу табыштама менен кайрылган жак жөнүндө сыноо лабораториясына маалымат берүүгө укуксуз.

4. Сыноонун натыйжалары тиешелүү протоколдор менен жол-жоболоштурулат, анын негизинде сертификаттоо боюнча орган шайкештик жөнүндө чечим кабыл алат же жүйөлөштүрүү менен шайкештик сертификатын берүүдөн баш тартат.

5. Техникалык регламенттин талаптарына шайкештикти милдеттүү баалоону (ырастоону) шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча ыйгарым укуктуу органдар да жүзөгө ашыра алат.

Шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча ыйгарым укуктуу органдарга ыйгарым укук берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

28-статья. Техникалык регламенттерге шайкештик белгиси

 

1. Ушул Мыйзамдын 30-статьясынын 3-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, шайкештик техникалык регламенттердин талаптары менен тастыкталган продукция техникалык регламентке шайкештик белгиси менен маркировкаланат. Техникалык регламенттерге шайкештик белгисинин сүрөттөлүшү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

2. Техникалык регламенттерге шайкештик белгисин маркировкалоо билдирүүчү тарабынан өз алдынча, ушул статьянын 1-пунктуна ылайык ага ыңгайлуу болгон ыкма менен жүзөгө ашырылат.

Продукцияга карата техникалык регламенттерге шайкештик белгисин техникалык регламенттердин талаптарына шайкештиги тастыкталбаса, колдонууга жол берилбейт.

Техникалык регламенттердин талаптарына жооп бербеген продукцияга шайкештик белгисин колдонууга жол берген жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылышат.

29-статья. Кыргыз Республикасынын аймагына шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукцияны ташып келүүнүн шарттары

1. Шайкештиги милдеттүү түрдө ырасталууга тийиш болгон продукцияны товарды ээликтен ажыратуу же аны Кыргыз Республикасынын аймагында өз арналышына ылайык пайдалануу мүмкүндүгү каралган бажы жол-жоболорунун астында жайгаштыруу үчүн, бажы органдарына бажы декларациясы менен бирдикте, ушул Мыйзамдын 30-статьясына ылайык таанылган шайкештик сертификаты же шайкештик жөнүндө декларация берилет.

2. Ушул статьянын 1-пункту колдонула турган Тышкы экономикалык иштин Товардык номенклатурасынын коддорун, анын зарыл түшүндүрмөлөрүн, ошондой эле сертификация боюнча аккредиттелген органдардын жана тастыктоочу документтердин аталышын көрсөтүү менен бажы жагынан жол-жоболоштуруунун максаттары үчүн продукциянын айкын түрлөрүнүн тизмеси техникалык регламенттердин негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Зарылчылыкка жараша, бирок жылына кеминде бир жолу Кыргыз Республикасынын аймагынан өтүп баратканда ушул статьянын 1-пунктуна шайкештик көрсөтүлө турган продукциянын тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү техникалык регламенттердин негизинде түзөт жана жарыялайт.

3. Шайкештиги милдеттүү түрдө ырасталууга тийиш болгон жана ушул статьянын 1 жана 2-пункттарынын жоболоруна ылайык аныкталуучу, Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирилүүчү жана ээликтен ажыратуу мүмкүндүгү каралбаган бажы жол-жоболорунун астында жайгаштырылуучу продукция ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн шайкештик жөнүндө документтер берилбестен Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан чыгарылып берилет.

4. Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон жана ушул статьянын 2-пунктунун жоболоруна ылайык аныктала турган продукцияны Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы N 299, 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

30-статья. Шайкештикти тастыктоонун натыйжаларын таануу

 

1. Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген продукциянын шайкештигин тастыктоонун натыйжаларын таануу төмөндөгү принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:

- соодада ашкере тоскоолдуктардын түзүлүшүнө жол берилбестигин;

- жөнөкөйлөштүрүлгөн, так жана ачык-айкын жол-жоболорду түзүү жана алардын келип чыгышына билдирүүчүнүн чыгымдарын жана мөөнөттөрүн мүмкүн болушунча азайтуусун;

- кошумча талаптарды жана сыноолорду киргизүүгө, ошондой эле мамлекеттик жана ыйгарым укуктуу дагы башка органдар тарабынан аракеттерди кайталоого жол берилбестигин.

2. Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары алынган, шайкештикти тастыктоо, шайкештик белгисин тастыктоо, продукцияны сыноолордун протоколдору жөнүндөгү документтер, Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерине ылайык таанылат.

Эларалык келишимдер жок болгондо шайкештикти тастыктоонун жыйынтыктарын жана шайкештик белгисин таануу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн.

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алынган продукциянын шайкештигин милдеттүү тастыктоонун натыйжаларын таануу тартиби (КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 8 токтому менен бекитилген)

3. Кыргыз Республикасынын аймагында таанууга ээ болгон шайкештик белгилерин техникалык регламенттерге шайкеш келген белгилер менен маркировкалоо талап кылынбайт.

 

31-статья. Шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоо жаатындагы билдирүүчүнүн укугу менен милдеттери

 

1. Билдирүүчү төмөндөгүлөргө укуктуу:

тийиштүү техникалык регламенттин ошол продукция үчүн каралган формалар менен схемалардын ичинен шайкештикти тастыктаган форма менен схеманы тандап алууга;

билдирүүчү сертификаттоого ниеттенип аккредиттөө жаатында продукцияны камтыган сертификаттоо боюнча аккредиттелген кайсы гана орган болбосун сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн кайрылууга;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сертификаттоо боюнча органдардын жана аккредиттелген сыноо лабораторияларынын укукка жат аракеттерине даттануулары менен аккредиттөө боюнча органга кайрылууга;

техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын, атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, сертификаттоо боюнча органдардын жана сыноо лабораторияларынын аракеттерине сот тартибинде даттанууга.

2. Билдирүүчү төмөндөгүлөргө милдеттүү:

продукциянын техникалык регламенттин талаптарына шайкештигин камсыз кылууга;

шайкештикти тастыктоо жол-жоболору жүргүзүлгөндөн кийин гана шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукцияны чыгарууга;

мамлекеттик контролдун (көзөмөлдүн) атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына, ошондой эле таламдаш жактарга продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдөгү талаптарга документалдуу тастыктамасын (шайкештик жөнүндө декларацияны же шайкештик сертификатын же алардын көчүрмөсүн) берүүгө;

эгерде шайкештик сертификатынын же шайкештик жөнүндө декларациянын колдонуу мөөнөтү аяктаса, же шайкештик сертификатын, шайкештик жөнүндө декларацияны колдонуу убактылуу токтотулуп турса же токтотулса, анда продукциянын жеткирилиши токтотулуп турат же токтотулат;

продукцияны жеткирүү жана сатуу убактылуу шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоодон өтүп, техникалык регламенттердин талаптарына шайкеш келбегендиги аныкталса, продукцияны жеткирүү же сатуу убактылуу токтотулуп турат же токтотулат.

(КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299, 2014-жылдын 25-декабрындагы № 163 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

V Бөлүм
Аккредиттөө

 

32-статья. Аккредиттөөнүн максаттары

 

Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо төмөнкүдөй максаттарда жүзөгө ашырылат:

алардын компетенттүүлүгүн тастыктоо;

аларга болгон ишенимди камсыз кылуу;

алардын ишинин натыйжаларын таануу үчүн шарттарды түзүү.

(КР 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

33-статья. Аккредиттөөнүн принциптери

 

1. Аккредиттөө төмөндөгүдөй принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:

ыктыярдуулуктун;

аккредиттөө эрежелеринин ачыктыгынын жана жетимдүүлүгүнүн;

аккредиттөөнү жүзөгө ашырган органдын компетенттүүлүгүнүн жана адилеттүүлүгүнүн;

атаандаштыктын чектелишине жана шайкештикти баалоо боюнча аккредиттөө органдарынын кызматынан пайдаланууга тоскоолдуктарды түзүүгө жол бербөөнүн;

аккредиттөөнү алууга талапкер болгон бардык жактардын мыйзамдуу кызыкчылыктарынын, укуктарынын теңдигин камсыз кылуу;

аккредиттөө боюнча иштердин жүрүшүндө алынган жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгарбоонун;

аккредиттөө жана сертификаттоо боюнча иш-милдеттерди бир уюмда айкалыштырууга жол берилбестиктин.

2. Аккредиттөө эларалык ченемдерге жана эрежелерге негизделет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

 

VI Бөлүм
Техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө)

КР 2014-жылдын 25-декабрындагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

34-статья. Мамлекеттик контролдун (көзөмөлдүн) негизги принциптери

 

1. Мамлекеттик контролдун (көзөмөлдүн) негизги принциптери болуп төмөндөгүлөр саналат:

ишкердик субъекттеринин акниеттүүлүгүн, башкача айтканда ишкердик субъекттеринин милдеттүү талаптарды жана шарттарды бузгандык катары таанылбайт, эгерде башкалары белгиленбесе;

атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин каржылоо мамлекеттик бюджеттин эсебинен гана жүзөгө ашырылса;

(төртүнчү абзац КР 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

продукциянын айкын түрүнө карата мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) атайын ыйгарым укуктуу бир орган тарабынан жүзөгө ашырылса;

ишкерлердин субъекттери үчүн милдеттүү талаптар менен шарттарды белгилөөчү актылардын ачыктыгы жана жетимдүүлүгү алардын сакталышы мамлекеттик контроль (көзөмөл) жүргүзгөндө текшерилсе;

мамлекеттик контроль (көзөмөл) жүргүзүүнүн оперативдүүлүгү жана үзгүлтүксүздүгү, башкача айтканда аны жыл бою белгиленген мөөнөттө аны мүмкүн болушунча тездик менен жүзөгө ашырылса;

атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлгөн мамлекеттик контролдун (көзөмөлдүн) жүйөсүнө, анын компетенттүүлүгүнө шайкештиги;

ушул Мыйзамда жана техникалык регламентте белгиленген талаптарды бузганда атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аракетине (аракетсиздигине) даттануу мүмкүнчүлдүгү;

мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашырганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жоопкерчилиги.

(КР 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153, 2014-жылдын 25-декабрындагы № 163  Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

35-статья. Мамлекеттик контролдун (көзөмөлдүн) объекттери

1. Продукцияга жана (же) ага карата коюлуучу талаптар менен байланышкан долбоорлоо процесстери (иликтөөнү кошуп алганда) жана техникалык регламенттердин талаптары колдонулган өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу. сатуу, ишке киргизүү жана утилдештирүү техникалык регламенттерде белгиленген талаптардын сакталышына мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүргүзүү объекти болуп саналат.

2. Техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууда тиешелүү техникалык регламенттер үчүн белгиленген изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана ченөөлөрдүн эрежелери жана усулдары пайдаланылат.

3. Мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2019-жылдын 18-июлундагы N 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

36-статья. Мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруу

 

Мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) техникалык регламентке ылайык атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жүзөгө ашырат.

(КР 2014-жылдын 25-декабрындагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

37-статья. Мамлекеттик контроль (көзөмөл) боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын укуктары жана милдеттери

 

1. Ушул Мыйзамдын жоболорунун жана техникалык регламенттердин талаптарынын негизинде мамлекеттик контролдун (көзөмөлдүн) атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары төмөндөгүдөй укуктарга ээ:

даярдоочулардан (аткаруучулардан, сатуучулардан) шайкештик жөнүндө декларацияны же шайкештик сертификатын талап кылууга, эгерде мындай документтердин болушу тиешелүү техникалык регламенттерде каралган болсо;

даярдоочуну (аткаруучуну, сатуучуну) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартууга.

2. Мамлекеттик контроль (көзөмөл) даярдоочулардын (аткаруучулардын, сатуучулардын) чарбалык ишин жүргүзүүдө мамлекеттик контролдун (көзөмөлдүн) максаттарына жетишине эң төмөнкү деңгээлиндегисине караганда көбүрөөк деңгээлдеги тоскоолдуктарды түзбөшү керек.

3. Атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар төмөндөгүлөргө милдеттүү:

көзөмөл боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө техникалык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарды колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө, колдонуудагы болгон техникалык регламенттер тууралу даярдоочуларга, (аткаруучуларга, сатуучуларга) маалымат берүүгө;

коммерциялык сырды жана мыйзам менен коргоого алынган дагы башка сырларды сактоого;

мамлекеттик контроль (көзөмөл) боюнча колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген иш-чараларды өткөрүүнүн жана жол-жоболорунун тартибин сактоого;

даярдоочулардын (аткаруучулардын, сатуучулардын) чарбалык ишин жүргүзүүгө эң төмөнкү деңгээлде таасир тийгизген, техникалык регламенттердин талаптарынын бузулушунун кесепеттерин четтетүү үчүн мамлекеттик контроль (көзөмөл) боюнча иш-чаралардын натыйжалары боюнча чараларды көрүүгө.

4. Техникалык регламенттердин талаптарынын бузулганы билинген учурда, атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар төмөндөгүлөргө укуктуу:

бузуунун мүнөзүнүн негизделишин эске алуу менен, бузууларды убагында четтетүүнү талап кылууга;

жасалган жана (же) сатылып жаткан коркунучтуу продукцияга кызыгдар болгон жактарга же потенциалдык керектөөчүлөр түздөн-түз, же жалпыга маалымдоо каражаттары аркалуу кабар берүүгө;

продукцияга ээлик кылууга (сатып өткөрүүгө) жана (же) башка жактарга берип жиберүүгө тыюу салуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган аракеттерди жасоого;

соттун чечиминин негизинде продукция өндүрүп чыгаруу процессине толук же жарым-жартылай тыюу салуу (токтото туруу), сактоо, ташуу, сатып өткөрүү жана пайдалануу, ошондой эле жүгүртүүдөн алып салуу боюнча аракеттерди жасоого. Адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, курчап турган чөйрөгө, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн жашоо-тиричилигине коркунуч келтирген авариялар же эпидемиялар пайда болуучу өзгөчө учурларда же өзгөчө кырдаалдарда долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерин өндүрүүчүгө (аткаруучуга, сатуучуга) жазма буйрук жана/же пломба коюу жолу менен тыюу салуу (убактылуу токтотуу) жөнүндө чечимди кабыл алууга;

зыяндын келтирилишине жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган дагы башка чараларды көрүүгө;

Кыргыз Республикасынын аймагында сатылууга жараксыз деп табылган продукцияны (товарларды) жок кылуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299, 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153, 2014-жылдын 25-декабрындагы № 163 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

VII Бөлүм
Техникалык регламенттердин жоболоруна шайкеш келбеген учурларда колдонулуучу жол-жоболор жана жоопкерчиликтер

 

38-статья. Мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашырууда мамлекеттик контролдун (көзөмөлдүн) атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын жоопкерчилиги

 

1. Мамлекеттик контролдун (көзөмөлдүн) атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары жана алардын кызмат адамдары техникалык регламенттин жоболорун сактоо үчүн көзөмөл боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө өздөрүнүн иш-милдеттерин жана кызматтык милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбаган укукка жат аракеттерди (аракетсиздикти) жасаганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

2. Мыйзамдардын бузулушуна күнөөлүү болгон кызмат адамдарына карата көрүлгөн чаралар жөнүндө мамлекеттик контролдун (көзөмөлдүн) атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары бир айлык мөөнөттүн ичинде укугу жана мыйзамдуу кызыкчылыгы бузулган адамга билдирүүгө милдеттүү.

 

39-статья. Продукциянын жана/же ага коюлган талаптар мененбайланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстеринин техникалык регламенттердин талаптарына шайкеш келбей калышы үчүн жоопкерчилик

(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1. Долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерин жүргүзүүдө техникалык регламенттердин талаптарынын бузулушун жоюу жөнүндө мамлекеттик ыйгарым укуктуу атайын органдын жазма буйругун аткарбаган учурда даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

2. Жүгүртүүгө чыгарылган продукция техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келбей калган учурда даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

3. Даярдоочунун (сатуучунун, аткаруучунун) зыяндын ордун толтуруу жагындагы милдети келишим же ордун толтуруу негизи келип чыккандагы бир жактуу билдирүү менен чектелбөөгө тийиш. Зыяндын ордун толтуруу укугу келип чыкканга чейинки түзүлгөн макулдашуу же жоопкерчиликти чектөө жөнүндөгү арыз түккө турбайт.

(КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299, 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

40-статья. Шайкештикти баалоо боюнча органдардын жоопкерчилиги

 

Шайкештикти баалоо боюнча органдардын, алардын жетекчилери, ошондой эле ушул Мыйзамдын жана техникалык регламенттин жоболорунун бузулушуна күнөөлүү адистер жана эксперттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

 

VIII Бөлүм
Техникалык регламенттер жана стандартташтыруу боюнча документтер жөнүндө маалымат

 

41-статья. Техникалык регламенттер жана стандартташтыруу боюнча документтер жөнүндө маалымат

 

Техникалык регламенттер жана - стандартташтыруу боюнча документтер тууралу маалымат чөйрөсүндөгү негизги принциптер төмөндөгүлөр болуп саналат:

- техникалык регламенттер жана стандартташтыруу боюнча документтер тууралу маалыматтарды алуунун ачыктыгы;

- маалыматтын калыстыгы, өз убагында берилиши, ачыктыгы жана тактыгы;

- маалымат ресурстарын алууга жарандардын жана уюмдардын укугун ишке ашыруу, ошондой эле маалыматташтыруу чөйрөсүндө менчик жана автордук укукту коргоо.

 

42-статья. Техникалык регламенттердин жана стандарттардын Улуттук маалымат фонду

Техникалык регламенттер, улуттук стандарттар, алдын ала улуттук стандарттар, стандартташтыруу боюнча эрежелер жана сунуштамалар, эл аралык, региондук стандарттар, башка мамлекеттердин улуттук стандарттары, эрежелердин региондук топтомдору жана башка мамлекеттердин эрежелеринин топтомдору, мамлекеттик жана региондук классификаторлор, башка мамлекеттердин улуттук классификаторлору Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалымат фондун түзөт.

Техникалык регламенттердин жана стандарттардын Улуттук маалымат фонду мамлекеттик маалымат ресурсу болуп саналат.

Техникалык регламенттердин жана стандарттардын Улуттук маалымат фондунун иштеринин тартиби, ошондой эле бул фонддон пайдалануунун эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299, 2019-жылдын 18-июлундагы N 90 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

IX Бөлүм
Техникалык жөнгө салуу жаатындагы каржылоо

 

43-статья. Техникалык жөнгө салуу жаатындагы каржылоо

Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төмөндөгү чыгымдар каржыланат:

техникалык регламенттерди иштеп чыгуу программасын түзүү жана ишке ашыруу, анын ичинде техникалык регламенттердин долбооруна экспертиза жүргүзүү;

мамлекет тапшырыкчы болуп саналган улуттук стандарттын программасын түзүү жана ишке ашыруу, анын ичинде улуттук стандарттардын долбооруна экспертиза жүргүзүү;

техникалык регламенттердин жоболорунун сакталышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) жүргүзүү;

техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалымат фондун түзүү жана башкаруу;

акыларды төлөө жана стандартташтыруу, метрология жана аккредиттөө боюнча эларалык уюмдарга (региондук) катышуу, алардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат;

иштеп чыгууга Кыргыз Республикасы катышкан мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу программасын түзүү жана ишке ашыруу, Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышын камсыз кылуу үчүн улуттук стандарттарды мамлекеттер аралык стандарттарга кайра иштеп чыгуу.

 (КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299, 2014-жылдын 25-декабрындагы № 163 , 2019-жылдын 18-июлундагы N 90 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

X Бөлүм
Өтмө жана корутундулоочу жоболор

44-статья. Өтмө жоболор

 

1. Продукцияга жана/же алар менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстери, коюлган техникалык регламенттердин талаптары ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап колдонууга киргизилгенге чейин Кыргыз Республикасынын колдонулуп келаткан ченемдик укуктук актыларында белгиленген техникалык регламенттерди кабыл алуу үчүн ушул Мыйзамда аныкталган тиешелүү максаттардын бөлүгүндө гана милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам жарыяланган күндөн баштап, алты ай аралыгында төмөндөгү суроолор боюнча токтомдорду кабыл алат:

1) ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 1-пунктуна жана 7-статьясынын 1-пунктуна ылайык белгиленген талаптарга шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукциянын толук тизмегин аныктоо, тышкы экономикалык иштин 10 белгинин деңгээлиндеги товардык номенклатурасынын коддорун жана бул талаптарды белгилөөчү жана техникалык регламенттер кабыл алынганга чейин колдонулуп жаткан ченемдик укуктук актыларды же стандарттарды көрсөтүү, мында:

- бир же ушул эле талаптарды белгилеген эки же андан ашык ченемдик укуктук актыларды колдонууга жол берилбейт;

- шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоо шайкештикти сертификаттоо же декларациялоо формасында гана жүргүзүлөт, мында шайкештикти милдеттүү түрдө баалоонун башка формаларына жол берилбейт;

- продукциянын ар бир түрү боюнча анын коопсуздугунун көрсөткүчтөрү аныкталат;

- билдирүүчү ушул продукция үчүн гана каралган формалардын ичинен шайкештикти тастыктоо формасын тандап алууга укуктуу;

- ушул тизмеге кирген продукциянын сертификаттоо схемасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт, мында билдирүүчү ошол продукция үчүн каралган схемалардын ичинен сертификаттоо схемасын тандап алууга укуктуу;

- шайкештик жөнүндө декларация даярдоочулар (жөнөтүүчүлөр) же чет элдик даярдоочулардын расмий өкүлдөрү тарабынан кабыл алынат;

- шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоонун объектиси Кыргыз Республикасынын аймагына жүгүртүлүүгө түшкөн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтомунда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыларынын талаптарындагы продукция гана болушу мүмкүн;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизмеге кирбеген продукцияга шайкештикти тастыктоо ыктыярдуу негизде гана жол берилет;

- шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукциялардын саны жыл сайын такталат жана айкындаштырылат;

2) (КР 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3) атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан продукциянын жалаң гана жүгүртүлүп турган учурунда жана аталган ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоого карата мамлекеттик  контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруу боюнча иштерди аныктоо.

Өкмөттүн аталган токтому тийиштүү техникалык регламентти кабыл алганга чейин күчүн жоготпойт.

3. Ушул Мыйзам жарыялангандан күндөн тартып алты айдын ичинде аткаруу бийлигинин бардык мамлекеттик органдары милдеттүү талаптарды белгилөөчү жана бул талаптарды бузуу жана (же) аларды ыктыярдуу колдонуу чөйрөсүнө которуу үчүн шайкештикти баалоону киргизүүчү өздөрүнүн документтерине текшерүү жүргүзүүгө милдеттүү.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү техникалык регламенттерди иштеп чыгуунун программасын (аларды кабыл алуунун формасын көрсөтүп) бекитет, ал жыл сайын такталууга жана жарыяланууга тийиш.

Караңыз:

КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 364 “2007-2009-жылдарга техникалык регламенттерди иштеп чыгуунун программасы жөнүндө” токтому

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 714 2012-2013-жылдарга техникалык регламенттерди иштеп чыгуунун программасын бекитүү жөнүндө” токтому

5. Продукцияга жана/же алар менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерине коюлуучу талаптарды милдеттүү түрдө аткарууну жана сактоону белгилеген техникалык регламенттер, ошондой эле шайкештикти баалоонун милдеттүү түрдөгү жол-жоболору ушул Мыйзам кабыл алынган күндөн баштап сегиз жылдын ичинде кабыл алынууга тийиш.

Продукцияга жана/же алар менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерине коюлган милдеттүү түрдөгү талаптардын техникалык регламенттери аталган мезгилде кабыл алынбаса, аталган мөөнөт аяктаганда колдонуу токтотулат же ыктыярдуу мүнөзгө ээ болот.

Ушул пункттун биринчи абзацында каралган мөөнөт бүткөндөн кийин техникалык регламенттер ушул Мыйзамда аныкталган тартипте иштелип чыгат.

6. Ушул Мыйзам колдонууга киргизилгенге чейин сертификаттоо жана сыноо лабораториялары органдар тарабынан белгиленген тартипте берилген аккредиттөө тууралу документтер, ошондой эле сертификаттар көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин жарактуу болуп эсептелет.

7. Бардык ченемдик укуктук актылар ушул Мыйзамга ылайык келтирилгенге чейин ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген, ушул статьяга жана бөлүккө шайкеш келген бөлүгү колдонулат.

(КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299, 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153, 2014-жылдын 25-декабрындагы № 163 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

45-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүүнүн тартиби

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айдын ичинде күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ал расмий жарыяланган учурдан тартып алты айлык мөөнөттүн ичинде:

- ушул Мыйзамда каралган ченемдик укуктук актыларды кабыл алууну камсыз кылсын;

- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3. Ушул Мыйзам колдонууга киргизилген күндөн тартып төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

"Продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 5, 68-ст.);

"Стандартташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 5, 69-ст);

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 8-июнундагы № 76 Мыйзамы; ("Эркин -Тоо", 1998-жылдын 17-июну № 75-76);

"Продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 18-ноябрындагы № 225 Мыйзамы ("Эркин-Тоо", 2003-жылдын 21-ноябры, № 87).

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

А.Акаев