Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\4d8e4c3c-f862-4156-9143-5b88245e96a2\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 4-июлу № 341

"Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Э.Төлөнов, Т.А.Масабиров, Г.К.Асылбаева, У.Б.Примов, Т.Г.Тиллаев, Б.С.Турусбеков, И.Т.Гаипкулов, К.Ж.Рыспаев, М.И.Бакиров тарабынан демилгеленген "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М.Абылгазиев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2019-жылдын 4-июлундагы
№ 341 токтому менен
жактырылган

"Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Э.Төлөнов, Т.А.Масабиров, Г.К.Асылбаева, У.Б.Примов, Т.Г.Тиллаев, Б.С.Турусбеков, И.Т.Гаипкулов, К.Ж.Рыспаев, М.И.Бакиров тарабынан демилгеленген "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.

1. Мыйзам менен жөнгө салынуучу маселелердин чөйрөсүн аныктап алуу үчүн Мыйзамдын долбоорунда мыйзамдык жөнгө салынуучу предметти аныктоону сунуш кылабыз.

2. Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинде "кесиптик бирликтер өз иш-аракетинде көз каранды эмес жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына гана баш иет. Алар мамлекеттик бийлик органдарына, жумуш берүүчүлөргө, саясий партияларга жана башка коомдук уюмдарга отчет бербейт жана алардын контролунда турбайт. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, кесипбирликтердин укуктарын чектей турган же алардын уставдык иш-аракеттерине тоскоол боло турган ар кандай кийлигишүүгө тыюу салынат" деп белгилөө сунушталган.

Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун 6-беренесинин 3-бөлүгүндө "Кесипбирликтер өз иш-аракетинде бардык деңгээлдердеги мамлекеттик органдарга, саясий партияларга, жумуш берүүчүлөргө жана алардын бирикмелерине көз каранды эмес, алардын контролунда турбайт, аларга отчет бербейт" деп аныктоо сунушталган.

Мыйзамдын долбоорунун ушул айтылган ченемдери бири бирин кайталап жаткандыктан аларды кайра карап чыгууну сунуш кылабыз.

3. Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык "Кыргыз Республикасынын кесипбирликтер федерациясы - кесипбирлик уюмдарынын республикалык бирикмеси республикалык деңгээлде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен социалдык өнөктөштүктө кызматкерлердин, мүчөлүк уюмдардын бирден бир ыйгарым укуктуу өкүлү болуп саналат" деп аныктоо сунушталып жатат.

Ошол эле учурда Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын кесипбирликтер федерациясы - кесипбирлик уюмдарынын республикалык бирикмеси республикалык деңгээлде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен социалдык өнөктөштүктө кызматкерлердин, мүчөлүк уюмдардын бирден бир ыйгарым укуктуу өкүлү болуп саналат, - деп айтылган.

Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесинин 1-бөлүгүнөн Кыргыз Республикасынын Кесиптик бирликтер федерациясы мүчөлөрү болуучу уюмдардын бирден бир ыйгарым укуктуу өкүлү болот деген ой жаралат.

Эске ала турган нерсе, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык саясий партиялар, кесиптик бирликтер, дагы башка коомдук бирикмелер өздөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин жүзөгө ашыруу жана жарандардын өз эркин коргоо, саясий, экономикалык, социалдык, эмгектик, маданий жана башка кызыкчылыктарын канааттандыруу үчүн эркин билдирүү жана кызыкчылыктарынын жалпылыгынын негизинде түзүлүшү мүмкүн.

Ошону менен бирге эле, № 87 Биригүү эркиндиги жана профсоюздарга биригүү эркиндигин коргоо жөнүндө конвенциянын 2-беренесине ылайык, кызматкерлер жана иш берүүчүлөр алдын ала уруксат албастан эле жана эч кандай айырмачылыктарсыз, өз тандоолору боюнча уюмдарды түзүүгө, ошондой эле андай уюмдарга анын уставына баш ийүү шарты менен кирүүгө укуктуу деп айтылган.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана жогоруда аталган Конвенциянын жоболорун эске алып, Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесинин 1-бөлүгүн дагы кошумча анализдеп жана кайрадан карап чыгууну сунуш кылабыз.

4. Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесинин 2-бөлүгүндө Кесиптик бирликтер федерациясы катталган тармактык (тармактар аралык) кесиптик уюмдардын жарымынан көбүн өзүнүн курамында камтышы керек деп айтылган.

Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун ушул беренесинин 6-бөлүгүндө кеминде он миң мүчөнү бириктирген жана кеминде төрт областта структуралык бөлүктөрү, мүчөлүк уюмдары бар республикалык тармактык кесиптик бирлик бирикмеси Кесиптик бирликтер бирикмесинин мүчөсү боло алат деп айтылган.

Мында Кыргыз Республикасынын Кесиптик бирликтер федерациясынын мүчөлөрүнүн курамына карата талаптарды белгилөө кесиптик уюмдардын ишинин көз каранды эместик принцибин бузаарын айтмакчыбыз, анткени бул маселе кесиптик уюмдардын ички компетенциясына кирүүгө тийиш.

Мыйзамдын долбоорунун 6-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кесиптик бирликтер уставдарын, структураларын өз алдынча иштеп чыгып жана бекитээрин, иш-аракетинин артыкчылыктуу багыттарын аныкташаарын, кесиптик бирлик органдарын түзөөрүн, иш-аракетин уюштураарын, чогулуштарын, конференцияларын, курултайларын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иш-чараларын өткөрөөрүн эске алганда, кесиптик бирликтерге алардын иштерине байланышкан уюштуруу маселелерин (структурасын аныктоо, кесиптик бирликке мүчөлүк, жетекчи органдарды түзүү ж.б.) өз алдынча аныктап жана кесиптик бирликтердин уставдарында жөнгө салууга укук берүү туура болот деген ойдобуз.

5. Мыйзамдын долбоорунун 8-беренесинде Кыргыз Республикасынын Кесиптик бирликтер федерациясынын областтык өкүлчүлүгүнүн милдеттери жана функциялары аныкталган.

Мында, Кыргыз Республикасынын Кесиптик бирликтер федерациясынын республикалык маанидеги өкүлчүлүктөрү Бишкек жана Ош шаарларында түзүлөбү, ошону тактоону сунуш кылабыз, анткени бул шаарлар област болуп эсептелбейт.

6. Мыйзамдын долбоорунун 14-беренесинде: "Эгерде Кыргыз Республикасынын кесипбирликтер федерациясынын иш-аракети Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келсе, анын иш-аракети Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун чечими менен алты айга чейинки мөөнөткө токтотуп коюлушу же тыюу салынышы мүмкүн" деп белгилөө сунушталган.

Мында айта турган нерсе, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесине ылайык Жогорку сот жарандык, жазык, экономикалык, административдик жана башка иштер боюнча жогорку сот органы болуп саналат жана мыйзамда белгиленген тартипте сот процессине катышуучулардын кайрылуулары боюнча соттордун соттук актыларын кайра кароону жүзөгө ашырат.

Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун кесиптик уюмдардын ишин токтотуп туруу жана тыюу салуу маселеси боюнча ишти карашы үчүн ал маселе боюнча жергиликтүү соттордун чечимдери болушу, ошондой эле процесстин тараптарынын жогору турган соттук инстанцияларга апелляциялык жана көзөмөлдөөчү арыздарды берүү жөнүндө чечимдери болушу зарыл.

Андыктан кесиптик бирликтердин республикалык бирикмелеринин иштери анын ичинде жергиликтүү соттун чечими менен убактылуу токтотулуп турушу же тыюу салынышы мүмкүн. Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 100-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары жана жеке адамдар үчүн милдеттүү болот жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.

Андан тышкары, Мыйзамдын долбоорунун 14-беренесинде да "Эгерде аймактык же тармактык кесипбирликтердин, алардын бирикмелеринин же кесипбирликтин баштапкы уюмунун иш-аракети Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келсе, алардын иш-аракети тийиштүү областтын, шаардын, райондун прокурорунун сунуштамасы боюнча тийиштүү жергиликтүү соттун чечими менен алты айга чейинки мөөнөткө токтотуп коюлушу же тыюу салынышы мүмкүн" деп айтылган

Буга байланыштуу жергиликтүү соттордун чечимдери жогорку турган соттордо апелляциялык же көзөмөлдөөчү даттануулар тартибинде кайра каралышы мүмкүн экендигин айтмакчыбыз.

Ошону менен бирге эле, аталып жаткан кесиптик уюмдардын иштери Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы келгендик маселеси боюнча ишти сотто караган учурда прокуратура органдарынын тийиштүү кызмат адамдарынын сунушунун болуусу милдеттүү шарт эмес.

Мисалы, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 104-беренесине ылайык аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын мыйзамдарды так жана бирдей аткаруусун көзөмөлдөйт, изин суутпай издөөнү, тергөөнү жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөйт, жазык иштери боюнча соттун чечимдерин аткарууда, ошондой эле жарандардын жеке эркиндигин чектөөгө байланышкан мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды колдонууда мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөйт, мыйзамда белгиленген учурларда сотто жарандын же мамлекеттин кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылат, сотто мамлекеттик айыптоону ишке ашырат, тизмеси конституциялык мыйзам менен аныкталган мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына карата жазык иштерин козгоп, иштерди тиешелүү органдарга тергөөгө өткөрүп берет, ошондой эле аскер кызматчыларынын статусуна ээ болгон адамдарды жазыктык куугунтуктайт.

Мында, жогоруда аталган тизмеде Кыргыз Республикасынын кесиптик бирликтер федерациясынын ишин токтотуу жөнүндө прокуратуранын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна сунуш киргизүүсү жөнүндө ченем жок.

Ушул айтылгандарды эске алуу менен Мыйзамдын долбоорунун 14-беренесинин редакциясын кайра карап чыгууну сунуш кылабыз.

7. Мыйзамдын долбоорунун 15-беренесинде кесиптик бирликтердин уставдарына талаптар белгиленип, кесиптик уюмдун уставында болууга тийиштүү маалыматтардын тизмеси көрсөтүлгөн. Кесипбирликтердин тармактык жана аймактык бирикмелеринин курамына кирүүчү локалдык жана баштапкы кесипбирлик уюмдарынын уставдары тийиштүү бирикмелердин уставдарына каршы келбеши керек. Кыргыз Республикасынын кесипбирликтеринин федерациясынын мүчөлүк уюмдарынын уставдары Кыргыз Республикасынын кесипбирликтеринин федерациясынын уставына каршы келбөөгө тийиш.

Мында айта турган нерсе, юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо маселеси "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.

Демек, каттоочу орган баштапкы кесиптик бирлик уюмунун уставын жалпы талаптар сакталышы жагынан текшергенден тышкары алардын уставдарынын тармактык жана аймактык бирликтерге каршы эместигин, ал эми тармактык жана аймактык бирликтердин уставдарын - Кыргыз Республикасынын Кесиптик бирликтер федерациясынын Уставына ылайыктыгын текшерүүгө туура келет. Мындай жагдай мыйзамды колдонуу практикасында каттоо жол-жобосун кесиптик бирлик уюмдары үчүн да, каттоочу орган үчүн да бир топ кыйындатат.

8. Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун 17-беренесинде кесиптик уюмдун талабы боюнча эмгектик келишимди бузууга тиешелүү ченемдер сунушталган.

Кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосундагы эмгектик келишимди бузуунун негиздери жана тартиби Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 9-главасында бекитилген.

Ошондой эле мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты токтотуунун негиздери "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-главасында белгиленген.

Мында, аталып жаткан Мыйзамда жана Кодексте кызматкерди кесиптик уюмдун талабы боюнча кызматынан бошотуу үчүн негиздер айтылган эмес.

Мындан тышкары, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине ылайык, бирдей юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын ортосунда коллизия болгон учурда жана алардын ичинен бирөөсү дагы жогору юридикалык күчкө ээ болгон актыга карама-каршы келбесе, укуктук мамилелердин аталган чөйрөсүн жөнгө салуучу актынын жобосу колдонулат.

"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жогорулатууга, Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кызматтарда кесиптик иштеринин ырааттуулугун, туруктуулугун жана көз каранды эместигин камсыздоого багытталган.

Ошондуктан Мыйзамдын долбоорунун 17-беренесинин сунушталып жаткан редакциясы мамлекеттик кызматка кирүүнүн тартибин жөнгө салуучу атайын мыйзамга каршы келет.

Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун 17-беренесинин биринчи абзацында, жумуш берүүчү кесипбирлик органынын талабы боюнча мамлекеттик ишкананын кызмат адамы эмгек жөнүндө мыйзамдарды бузса же жамааттык келишим боюнча милдеттенмени аткарбаса, аны менен эмгек келишимин бузууга же аны ээлеген кызмат ордунан алууга милдеттүү, - деп айтылган.

Ушуга байланыштуу, бул ченем мамлекеттик ишканалардын кызмат адамдарына карата колдонулат деп белгиленүүдө. Ал эми негиздеме маалымкатта мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка мамлекеттик уюмдардын, мекемелердин ж.б. кызмат адамдары кайсы ченемдик актыга таянышаарын тактоо керек.

Андан тышкары, Мыйзамдын долбоорунун ушул беренесинин үчүнчү абзацына ылайык, кесипбирлик органынын эмгек келишимин бузуу же ээлеп турган кызмат ордунан четтетүү жөнүндө талабы он күндүк мөөнөттө кызмат адамы же жумуш берүүчү тарабынан, чечими акыркы болуп саналуучу жогору турган кесипбирлик органына даттанылышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесине ылайык ар кимге ушул Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган анын укуктары менен эркиндигин соттук коргоого кепилдиктер берилет.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 421-беренесине ылайык сотто жекече эмгек талаш-тартыштары эмгек келишимин токтотуунун негиздерине карабастан жумушка кайра орноштуруу, башка жумушка которуу, жумуштан бошотуунун күнүн жана себептеринин туюндурмасын өзгөртүү, жумушка аргасыз келбеген убакыт үчүн акы төлөө же аз акы төлөнгөн жумушту аткарган убактагы эмгек акынын айырмасын төлөө жөнүндө кызматкердин арызы боюнча каралат.

9. Мыйзамдын долбоорунун 20-беренесинде кесиптик бирликтердин социалдык камсыздандыруу, социалдык камсыздоо жана саламаттык сактоо жагындагы укуктарын белгилөө сунушталган.

Алсак, Мыйзамдын долбоорунун 20-беренесинин экинчи абзацында Кыргыз Республикасынын кесипбирликтер федерациясы камсыздандырылган адамдардын жана алардын багуусунда турган үй-бүлө мүчөлөрүнүн саламаттыгын чыңдоо боюнча иш-чараларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ишке ашыруу үчүн Эмгекчилердин саламаттыгын чыңдоо фондунун каражаттарынын борборлоштурулган алуучусу болуп саналат.

"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, социалдык фонддун бюджеттик тутумун Пенсиялык фонддун, Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фонддун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун бюджеттери түзөт.

Социалдык фонддун бюджетинин долбоору жыл сайын Социалдык фонд тарабынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жана Кыргыз Республикасы тарабынан аныкталуучу Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун каражаттарын бөлүштүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын катышуусу менен иштелип чыгат жана Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча башка жүргүзүү кеңеши менен макулдашылат жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна жиберилет.

Эске салуучу нерсе, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-майындагы № 58 "Эмгекчилердин ден соолугун жакшыртуу фондунун каражаттарын бөлүштүрүүчү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө" токтомуна ылайык азыркы учурда Эмгекчилердин ден соолугун жакшыртуу фондунун каражаттарын бөлүштүрүүчү ыйгарым укуктуу орган болуп Кыргызстандын профсоюздар федерациясы аныкталган.

2009-жылдын 1-июлунан баштап "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен иш берүүчүлөр, жеке ишкерлер, дыйкан, фермердик чарбалар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери 0,25 пайыз өлчөмдө белгиленген. Эмгекчилердин ден соолугун жакшыртуу фондунун каражаттары ай сайын Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Кыргызстандын профсоюздар федерациясына толук көлөмдө которулуп турат.

Ушул айтылгандарды эске алуу менен Мыйзамдын долбоорунун 20-беренесинин экинчи абзацын кайра карап чыгууну сунуш кылабыз.

10. Мыйзамдын долбоорунун 21-беренеси менен "кесипбирликтер эмгек жана калктын жумуштуулугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо үчүн эмгектин укуктук жана техникалык инспекцияларын түзөт, алар эмгектин мамлекеттик инспекциялары менен бирдей укукка ээ болот жана Кыргыз Республикасынын кесипбирликтер федерациясы тарабынан бекитилүүчү жоболорго ылайык иш жүргүзөт" деп белгиленген.

Мында эмгектин техникалык инспекцияларына кандай укуктар берилээри даана эмес.

Ушуга байланыштуу мыйзамда колдонуу практикасында так эместиктерди болтурбоо үчүн Мыйзамдын долбоорунун 21-беренесинин ушул абзацын кайра карап чыгууну сунуш кылабыз.

11. Мыйзамдын долбоорунун 24-беренесинин бешинчи абзацы менен кесипбирликтер миграция, калктын жумуштуулугу, эмгек, баа белгилөө жана социалдык камсыздоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык макулдашууларды түзүүгө катышууга укуктуу, - деп белгилөө сунушталган.

Бул жерде, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерди түзүүсүнүн, аткаруусунун, токтотуп турушунун жана денонсациялоосунун тартиби белгиленген.

Бирок бул Мыйзамда кесиптик бирликтердин калктын жумуштуулугу, эмгек, баа белгилөө жана социалдык камсыздоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык макулдашууларды түзүүгө катышуусунун тартиби каралган эмес.

12. Мыйзамдын долбоорунун 26-беренесинин ченемдери чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн, демонстрацияларды, иш таштоолорду жана башка жамааттык акцияларды кесипбирлик мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн уюштуруу жана өткөрүү маселелерин жөнгө салат.

Бул ченемдерди "Тынч чогулуштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын эске алуу менен кайра карап чыгуу зарыл. Кыргыз Республикасынын аталган Мыйзамынын 3-беренесинде чогулуш деген унификацияланган термин каралган жана ал кайсы бир маселелер боюнча пикирлерди билдирүүнү кошуп алганда, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көңүлүн, коомдук көңүлдү бурдуруу максатында коомдук жеткиликтүүлүк үчүн ачык жерлерде бир катар адамдардын атайылап жана убактылуу болушун билдирет. Бул Мыйзамда чогулуштар классификацияланбастан, ушул аталган термин менен эле билдирилген.

Ошого байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 26-беренесинин редакциясын кайра карап чыгууну сунуш кылабыз.

13. Мыйзамдын долбоорунун 27-беренесине ылайык, өндүрүштүк жумуштан бошотулбаган кесипбирлик комитеттеринин төрагаларын, кесипбирлик комитетинин мүчөлөрүн, кесипбирлик уюштургучтарын жумуш берүүчүнүн демилгеси боюнча бошотууга жогору турган кесипбирлик органынын макулдугу менен гана жол берилет.

Мында Мыйзамдын долбоорунун аталган беренеси Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине каршы келгендиктен, Мыйзамдын долбоорунун 27-беренесин Эмгек кодексинин эмгектик келишимди иш берүүчүнүн демилгеси менен кесиптик бирлик уюмунун же кызматкерлердин башка бир өкүлдүк органынын макулдугу менен бузуу маселесин жөнгө салуучу 84-беренесине ылайык келтирүүнү сунуш кылабыз.

14. Мыйзамдын долбоорунун 33-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "кесиптик бирликтик банктарды, камсыздандыруу, маданий-агартуу жана башка фонддорду түзүүгө" деген сөздөрдү да кайра карап чыгуу зарыл деп эсептейбиз, анткени банктарды, камсыздандыруучу жана башка фонддорду түзүү өзүнчө мыйзамдар менен жөнгө салынат жана кесиптик бирликтер аларды түзүүдөгү талаптарга жооп бере алышпайт.

15. Мыйзамдын долбоорунун 34-беренесинин 1-бөлүгүндөгү административдик жоопкерчилик" деген терминди кайра карап чыгууну сунуш кылабыз, анткени Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси күчүн жоготкон.

16. Мыйзамдын долбоорунун 35-беренесинин 3-бөлүгүндө "талаптар аткарылбаганда кесипбирликтер юстиция органдарынын маалыматтарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кайрылуусу боюнча сот тартибинде жоюлат, ал эми алардын мүлкү Кыргыз Республикасынын кесипбирликтер федерациясынын менчигине өтөт" деп аныкталган.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде юридикалык жакты жоюунун башкача тартиби каралганын эске алуу керек.

Мындан тышкары, юридикалык жакты жоюу жөнүндө чечим чыгаруучу юридикалык жактын уюштуруучулары (катышуучулары) же орган жоюу комиссиясын (жоюучуну) дайындашат жана жогоруда аталган Кодекске ылайык жоюунун тартибин жана мөөнөтүн аныкташат.

Ошондой эле, "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык коммерциялык эмес уюмдун уставында аны жойгон учурда мүлкүн бөлүштүрүүнүн тартиби аныкталаары айтылган.

Ушул баяндалгандарды эске алуу менен Мыйзамдын долбоорунун 35-беренесинин 3-бөлүгүн кайра карап чыгууну сунуш кылабыз.

17. Мыйзамдын долбоорунун 36-беренесинин 1-бөлүгүндө Мыйзамдын долбоору ал расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет деп белгиленген.

Бирок, эгерде ченемдик укуктук актынын өзүндө башкача белгиленбеген болсо ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө киришет. Ишкердик жүргүзүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин гана күчүнө киришет.

Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине ылайык ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланган күндөн тартып 7 жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине (мындан ары - Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестри) киргизилет. Ал эми Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилбеген ченемдик укуктук акты юридикалык күчкө ээ болбойт.

18. Мыйзамдын долбоорунун 32-беренесинде кесиптик бирликтик мүчөлүк төгүмдөрдү белгилөө сунушталган.

Кесиптик бирликтин мүчөлүк акылары кызматкерлердин эмгек акысынан алынгандыктан кесиптик бирликтердин кызматкерлердин алдындагы отчеттуулугу жөнүндө ченем киргизүүнү сунуш кылабыз.

Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунда бул мыйзам долбоорунун ченемдеринин колдонулушун баяндоочу пунктту караштырууну сунуш кылабыз, анткени сунушталып жаткан Мыйзамдын долбоорунун жоболору мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында саясий же атайын кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата колдонулаары же колдонулбастыгы белгисиз.

19. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 78-пунктуна ылайык, мыйзамдарга бланкеттик шилтеме жасоого жалпыcынан жол берилбейт.

Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 12-беренесинин 2-бөлүгүн, 13 жана 26-беренелерин, 34-беренесинин 1-бөлүгүн кайра карап чыгууну сунуш кылабыз.

20. Ошондой эле сунушталып жаткан айрым бир конкреттүү эмес баяндамалар мыйзамды колдонуу практикасында коррупциялык көрүнүштөрдүн жаралышына шарт түзөөрүнө көңүлдү бурабыз, анткени андай жоболор жалпы жана баа берүүчү мүнөздө болгондуктан тийиштүү субъекттерге тигил же бул абалды өзү каалагандай чечмелөөгө дискрециялык укуктарды берет.

Атап айтканда, Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 2-бөлүгүндө ушул Мыйзамдын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, ички иштер органдарында, ички аскерлеринде, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн колдонулушунун өзгөчөлүктөрүн караштыруу сунушталган, анткени алар Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдары менен аныкталышат.

Мында "тийиштүү" деген сөз коррупциягендүү факторду жаратат жана субъекттерге тигил же бул абалды мыйзамда белгиленген так критерийлерге таянбастан өзү каалагандай чечмелөөгө укук берет.

Маалымат иретинде, мурда Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясы Мыйзамдын долбоору боюнча сунуштары менен пикирлерин, ошондой эле Эл аралык эмгек бюросунун комментарийлерин жибергендигин кошумча билдиребиз.

Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул Мыйзамдын долбоорун ушул корутундуда айтылган сунуштар менен пикирлерди эске алуу менен кабыл алса болот деп эсептейт.