Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2004-жылдын 11-июну № 73
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2009-жылдын 20-февралындагы № 57
Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
1-статья.
"Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана чет өлкөлүк концессия-
лык ишканалар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Респуб-
ликасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1992-ж., № 3, 128-ст.)
төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Концессиялык келишимдин жалпы шарттары ушул Мыйзам, ошондой эле
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, "Кыргыз Республикасындагы
инвестициялар жөнүндө", "Мамлекеттен ажыратуунун, менчиктештирүүнүн жа-
на ишкердиктин жалпы негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дары жана Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык жана ишкердик
ишти жөнгө салуучу башка мыйзам актылары менен жөнгө салынат.".
2. 17, 18 жана 22-статьялардагы "Кыргыз Республикасындагы чет
өлкөлүк инвестициялар жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы
инвестициялар жөнүндө" деген сөздөр менен алмашылсын.
2-статья.
"Кыргыз Республикасынын шаар куруусу жана архитектурасы жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 85-ст.) төмөнкү өзгөртүү кирги-
зилсин:
2 жана 30-статьялардагы "Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк "ин-
вестициялар жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы инвестиция-
лар жөнүндө" деген сөздөр менен алмашылсын.
3-статья. (КР 2009-жылдын 20-февралындагы № 57 Мыйзамына ылайык
күчүн жоготту)
4-статья.
"Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Респуб-
ликасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы,
2002-ж., № 10, 436-ст.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
46-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "Чет өлкөлүк инвестициялар
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-статьясында" деген сөздөр
"Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 18-статьясында" деген сөздөр менен алмашылсын.
5-статъя.
(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамына ылайык
күчүн жоготту)
6-статья. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев
2004-жылдын 11-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны
тарабынан кабыл алынган