Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\49457fb3-639d-437d-b9e5-51ac053324b4\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 29-июлу № 373

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.И.Бакиров, Б.Э.Төрөбаев, И.И.Матраимов, А.А.Алтынбеков, А.К.Назаров, А.М.Эргешов, Н.К.Алимбеков, У.З.Ормонов, З.И.Жамалдинов, Жунус у.А., Г.К.Асылбаева, А.М.Султанов, А.О.Узакбаев, Т.У.Шайназаров, А.Л.Юсуров, И.Т.Гайпкулов жана Э.Т.Токтошев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М. Абылгазиев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2019-жылдын 29-июлундагы
№ 373 токтому менен
жактырылган

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Бакиров М.И., Төрөбаев Б.Э., Матраимов И.И., Алтынбеков А.А., Назаров А.К., Эргешов А.М., Алимбеков Н.К., Ормонов У.З., Жамалдинов З.И., Жунус у.А., Асылбаева Г.К., Султанов А.М., Узакбаев А.О., Шайназаров Т.У., Юсуров А.Л., Гайпкулов И.Т. жана Токтошев Э.Т. тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.

Бул корутунду аткаруу бийлигинин системасына кирген мамлекеттик органдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - БШК) позицияларын эске алып даярдалган.

Жогоруда аталган Мыйзамдын долбоорунун концепциясында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасын жана мүчөлөрүн тандоо тартибин өзгөртүү жана шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн мамлекеттик кызматкер катары аныктоо жолу менен паритеттүүлүк жана көз карандысыздык принциптерди ишке ашыруу каралган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам долбоорун ушул корутундуда баяндалган төмөнкү сунуштарды жана пикирлерди эске алуу менен кабыл алууга мүмкүн деп эсептейт.

1. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) 1-беренесинин 1-пункту менен БШКнын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн алты жыл деп белгилөө сунушталган.

Бирок, негиздеме маалым катында БШКнын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн көбөйтүү боюнча эч кандай аргументтер жоктугун эске алып, анда мындай өзгөртүүнүн максатка ылайыктуулугун көрсөтүү зарыл деп эсептейбиз.

2. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-пунктунун "б" пунктчасы менен БШКнын аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасын, катчысын кайта чакырып алуу боюнча ыйгарым укуктарын кеңейтүү боюнча толуктоолор каралган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн аймактык участоктук шайлоо комиссиясынын төрагасын жана катчысын кайта чакырып алуу жана кайта чакырып алуунун негиздери каралган эмес.

3. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-пункту менен Мыйзамдын 8-беренесинин 4-11-бөлүктөрүн жаңы редакцияда баяндоо каралган.

Алсак, Мыйзамдын 8-беренесинин 8-бөлүгүнүн жаңы редакциясына ылайык, БШКанын төрагасын жана анын орун басарын ротациялоо ар бир эки жыл сайын ушул беренеде жана чүчүгулак тартуунун негизинде аныкталган кезектүүлүк менен белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык ротациялоо - мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын тутумунда кызматчыларды которуу же жылдыруу.

Жогоруда белгиленгендердин негизинде, ротация кантип жүргүзүлөт, бул БШКнын төрагасын жана анын орун басарын ротациялоо болобу, же болбосо БШКнын төрагасын жана анын орун басарын ар бир эки жыл сайын кайра шайлоо болобу деген суроо жаралат.

Төраганын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын аткаруу кезектүүлүгүн аныктоо менен төрагаларды жана орун басарларын эки жылдык мөөнөткө тандоонун жана ротациялоонун сунушталган тартиби БШКнын мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөткөн субъекттердин БШК мүчөлөрү менен байланышын чагылдырып турат. Ошол эле учурда, БШК көз карандысыздык принциптеринде иш алып барат, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү ыйгарым укуктарын ишке ашыруу мезгилинде саясий партиядагы өзүнүн ишин токтотууга милдеттүү жана аны сунуш кылган субъектиден эркин болушу керек. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр тескерисинче БШК мүчөлөрүнүн алардын көрсөткөн субъектилер менен байланышын бекемдейт.

БШКанын төрагасы жана анын орун басарлары өкүлчүлүк жана уюштуруучулук функцияларды жүргүзүшөт, БШКнын чечимдерин аткарууну контролдошот, шайлоо комиссияларынын иштерин финансылык жана материалдык техникалык камсыздоо маселелерин чечишет.

Ошондой эле, БШК мыйзамдын колдонуудагы редакциясында БШКнын мүчөлөрүнүн курамын түзүүдө шайлоолорду өткөрүүдө саясий плюрализмге жетишүү камсыздалат, өз кезегинде БШКнын иши айкындык жана коллегиялуулук принциптерине негизденет деп белгилейт. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн тандоонун азыркы тартиби жана ишинин кепилдиги шайлоо органдарын түзүүнүн эл аралык стандарттарына ылайык келет.

Муну менен бирге эле, бул ченем өзгөчө шайлоо процессинин мезгилинде БШКнын ишинде келишпестиктерге жана ырксыздыкка алып келиши мүмкүн, өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүн эске алуу менен мындайга жол берүүгө болбойт. Жогоруда көрсөтүлгөн жагдай ошондой эле ишенбөөчүлүк көрсөтүү, кайра чакыртып алуу жана төраганын өзүнүн иши жөнүндө отчетту жактырбоо менен байланыштуу төраганын жана анын орун басарларынын ыйгарым укуктарын токтотуу жол-жоболоруна да тийиштүү (Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 6 жана 7-пункттарында баяндалган).

Ушуну менен бирге эле, БШКны уюштуруучулук-методикалык, маалыматтык-аналитикалык жана материалдык-техникалык камсыздоону чечүү жүктөлгөн иште БШКнын аппаратына жетекчилик кылууда төрага жана анын орун басарлары тарабынан жеке башчылык кылуу принцибин туура жана өзүн актайт деп эсептейбиз.

4. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, кынтыксыз жүрүм-турум талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адам андан ары мыйзамда белгиленген мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөө укугуна ээ болбойт жана судьялар жана мурдагы судьялар үчүн белгиленген жеңилдиктерди пайдалануу укугунан ажыратылат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык, БШКнын мүчөсүнүн кызмат орду атайын мамлекеттик кызмат орун болуп эсептелет.

Ошого байланыштуу Мыйзамдын 12-беренесинин 3-бөлүгүн БШКнын мүчөсүнүн кызмат ордун ээлөөдөгү чектөөлөр каралган 4) пункт менен толуктоону сунуштайбыз (ал өзгөртүүлөр Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 5-пунктунун "а" пунктчасында баяндалган):

"4) кынтыксыз жүрүм-турум талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адам;".

5. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 5-пунктунун "б" пунктчасындагы БШКнын мүчөлөрүнүн укуктук статусун өзүнүн ыйгарым укуктарын 6 жылдык мөөнөткө туруктуу негизде жүзөгө ашыруучу мамлекеттик кызматкер катары аныктоо жөнүндө жобо боюнча БШК сунушталып жаткан ушул жобо Мыйзамдын концепциясына ылайык келбейт деп эсептейт.

БШКнын пикири боюнча, БШКнын мүчөлөрүнүн ишинин коомдук негиздеги тартиби, биринчи кезекте БШКнын мүчөлөрүнүн ишинин өзгөчө режимине жана статусуна байланышкан кепилдиктерди камсыздайт (БШКнын мүчөсү тигил же бул маселе боюнча өзүнүн пикири, сунушу үчүн куугунтукка алынышы мүмкүн эмес). Сунушталган ченемдерди киргизүү менен көз карандысыздык принциби бузулушу мүмкүн.

Мындан тышкары, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши БШКнын мүчөлөрүн шайлайт: анын курамынын үчтөн бирин - Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу боюнча, үчтөн бирин - парламенттик көпчүлүктүн жана үчтөн бирин - парламенттик оппозициянын сунушу боюнча шайлайт.

"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик жарандык кызматчы - мамлекеттик органда административдик кызмат ордун ээлеген, кызмат орду боюнча берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча кесипкөй кызматтык ишти республикалык бюджеттин каражаттарынан акчалай сыйакы алуу менен туруктуу негизде жүзөгө ашырган жана аларды аткаруу үчүн жоопкерчилик тарткан, мамлекеттик кызматка кирүүдө конкурстук тандоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жараны. Ушуга байланыштуу, киргизилүүчү өзгөртүүлөр жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдарга каршы келиши мүмкүн.

Ошондой эле, мамлекеттик кызматчы катары туруктуу негизде иштөө мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылоону талап кылат, ошого байланыштуу негиздеме маалым катта каржылоонун булагы бар экенин көрсөтүү керек.

6. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 5-пунктунун "б" пунктчасынын алтынчы-он жетинчи абзацтары Мыйзамдын 15-беренесин кайталап жаткандыктан, ушул өзгөртүүлөрдүн зарылдыгы карап чыгууну сунуштайбыз.

7. Мыйзамдын 12-беренесинин 13-бөлүгүнүн жаңы редакциясын (Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 5-пунктунун "д" пунктчасында баяндалган) алып салууну сунуш кылабыз, анткени БШКнын мүчөлөрүнө эмгек акы төлөөнүн, аларды медициналык жана турмуш-тиричилик жактан тейлөөнүн шарттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн деңгээлинде белгилөө мамлекеттик кызмат орундардын жана мамлекеттик органдардын иерархиясын бузат.

Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсү - бул мамлекеттик саясий кызмат орун, анда иштөө процессинде адам саясий программаларды жана долбоорлорду турмушка ашырууга багытталган бийликтик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат, Конституцияда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген ыйгарым укуктардын алкагында коюлган саясий максаттардын жана милдеттерди ишке ашырылышы үчүн жоопкерчиликте болот, алардын иши "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.

БШКнын мүчөсүнүн иши кууш-адистештирилген багытта жана ал азыркы учурда шайлоо жана референдум өткөрүлгөн учурда эле иштейт.

БШКнын мүчөлөрү азыркы убакта ай сайын 40000 сом өлчөмдө эмгек акы алышаарын маалымат катары билдиребиз.

8. Мыйзамдын 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн 10-пунктунун экинчи абзацы боюнча (ага өзгөртүүлөр Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 6-пунктунун "б"-пунктчасында баяндалган) БШКнын аппараты БШКнын ишин усулдук-уюштуруучулук, маалыматтык-аналитикалык, материалдык-техникалык камсыздоону жүзөгө ашыраарын белгилейбиз.

Мыйзамдын 9-беренесине ылайык аппараттын кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп эсептелишет. БШКнын аппаратында бош кызмат орундарды ээлөө Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде жана "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптарга жана тартипке ылайык ишке ашырылат.

БШК "жумушка кабыл алуу жана туруктуу атайын өкүлдөрдү, тутумдук администраторлорду, аппараттын жетекчисин, БШКнын аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жетекчилерин жумуштан бошотуу БШКнын жактыруусу менен жүзөгө ашырылат" деген сунушталып жаткан жобо мамлекеттик кызматты уюштуруунун жана аткаруунун негизги принцибин бузат, ал принцип мамлекеттик кызматтын укуктук жана уюштуруучулук негиздеринин бирдиктүүлүгүндө белгиленген деп билдирген.

Ушуга байланыштуу, сунушталган өзгөртүүлөр БШКнын үстүнөн саясий контроль жүргүзүүгө алып келиши мүмкүн. Ал эми БШК чечимдерди кабыл алууда калыстыкты, нейтралдуулукту камсыздоочу көз каранды эмес (саясаттан тышкары) болушу керек.

Жеке башчылык кылуу жана коллегиялуулуктун айкалышуусу коллегиялуу органдын мамлекеттик башкаруунун маанилүү маселелерин чечүүсүндө көрүнөт. Күнүмдүк мүнөздөгү маселелер компетенттүү кызмат адамы тарабынан чечилет. Жеке жоопкерчиликтен тышкары, бул тартип техникалык, уюштуруучулук мүнөздөгү маселелерди чечүүнүн ыкчамдыгын жана өз убактуулугун камсыздайт, шайлоолорду өткөрүү шартында ушул өзгөчө маанилүү.

Мындан тышкары, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине ылайык, бирдей юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын ортосунда коллизия болгон учурда жана алардын ичинен бирөөсү дагы жогору юридикалык күчкө ээ болгон актыга карама-каршы келбесе, укуктук мамилелердин аталган чөйрөсүн жөнгө салуучу актынын жобосу колдонулат.

"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жогорулатууга, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында Кыргыз Республикасынын жарандарынын кесипкөй кызматтык ишинин улануучулугун, туруктуулугун жана көз карандысыздыгын камсыз кылууга багытталган.

Ошондуктан Мыйзамдын долбоору менен сунушталып жаткан жогоруда айтылган оңдоо мамлекеттик кызматка кирүүнүн тартибин жөнгө салуучу атайын мыйзамга каршы келет.

9. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 8-пунктуна ылайык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын үчтөн экисин өткөн шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаттарын же жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого түздөн-түз катышкан саясий партиялардын өкүлдөрүнөн жана үчтөн бирин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдүк органдарынын өкүлдөрүнөн түзүү сунушталган.

БШК кол менен саноону контролдоонун инструменти катары шайлоо процессине жаңы технологияларды (шайлоочуларды биометрикалык маалыматтар боюнча идентификациялоо тутуму жана автоматтык түрдө санаган урналарды) киргизүүнү эске алганда, практикада шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн арасында саясий партиялардын өкүлдөрүнүн аз экенин билдирүүдө. Ал арада, колдонуудагы мыйзамда шайлоо комиссиялары саясый партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдүк органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында шайланат деп белгиленген. Башкача айтканда бүгүнкү күндө саясий партиялар аймактык участоктук шайлоо комиссияларынын мүчөлүгүнө өзүлөрүнүн талапкерлерин жетиштүү түрдө активдүү сунушташпайт.