Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\e7d53afc-390f-4292-94d5-e3d2caf67882\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 31-июлу № 386

"Сатып алуу актысы" баштапкы эсепке алуу документинин типтүү бир түргө келтирилген формасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 156-беренесин жана "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) "Сатып алуу актысы" баштапкы эсепке алуу документинин типтүү бир түргө келтирилген формасы, 1-тиркемеге ылайык;

2) "Сатып алуу актысы" баштапкы эсепке алуу документинин формасын толтуруунун тартиби, 2-тиркемеге ылайык;

3) "Сатып алуу актысы" баштапкы эсепке алуу документи боюнча сатып алынган товарлар жөнүндө маалыматтын формасы, 3-тиркемеге ылайык;

4) "Сатып алуу актысы" баштапкы эсепке алуу документи боюнча сатып алынган товарлар жөнүндө маалыматты толтуруунун жана берүүнүн тартиби, 4-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы № 186 "№ ОП-5 "Сатып алуу актысы" баштапкы эсепке алуу документинин типтүү бир түргө келтирилген формасын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М. Абылгазиев

 

 

 

1-тиркеме

Форма

 

 

"САТЫП АЛУУ АКТЫСЫ"
баштапкы эсепке алуу документи

Графикалык көчүрмөсүн караңыз.

 

 

 

2-тиркеме

"Сатып алуу актысы" баштапкы эсепке алуу документинин формасын толтуруунун
ТАРТИБИ

1. Ушул Тартип "Сатып алуу актысы" баштапкы эсепке алуу документинин формасын толтуруунун жол-жобосун белгилейт.

2. Сатып алуу актысы товар сатып алууда сатып алуучу тарабынан эки нускада түзүлүп, бирдей маалыматты камтыйт. Биринчи нускасы сатып алуучуда, экинчиси сатуучуда сакталат.

3. Жогорку сол жак бурчунда сатып алуу актысынын катар номери көрсөтүлөт.

4. Жогорку оң жак бурчунда сатып алуу актысын тариздөө датасы көрсөтүлөт, ал товарды сатып алуу датасына шайкеш келүүсү керек.

5. 101-уячада сатуучунун аты-жөнү же толук аталышы көрсөтүлөт.

6. 102-уячада сатуучунун идентификациялык салык номери (мындан ары - ИСН) көрсөтүлөт.

7. 103-уячада сатуучунун паспортунун сериясы жана номери көрсөтүлөт.

8. 104-уячада сатуучунун иш жүзүндө жашаган дареги көрсөтүлөт.

9. 105-уячада патенттин же жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн сериясы жана номери көрсөтүлөт.

10. 106-уячада сатып алуучунун аты-жөнү жана толук аталышы көрсөтүлөт.

11. 107-уячада сатып алуучунун ИСНи көрсөтүлөт.

12. 108-уячада салык төлөөчү иш жүзүндө турган калктуу конуштун (облус, шаар, район, айыл ж.б.) аталышы көрсөтүлөт.

13. 109-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө турган дареги көрсөтүлөт (көчөнүн/кичирайондун аталышы/үйдүн, кеңсенин, батирдин номери)

14. 110-уячада сатып алуучунун салыктык каттоодо турган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.

15. 1-графада Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасынын 10 белгиден турган товардык позициясынын коду (ТЭИ ТН коду) көрсөтүлөт.

16. 2-графада товардын аталышы көрсөтүлөт.

17. 3-графада Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасына ылайык товардын чен бирдиги көрсөтүлөт.

18.4-графада товардын саны (көлөмү) көрсөтүлөт.

19. 5-графада товардын бирдигинин баасы көрсөтүлөт.

20. 6-графада товардын жалпы суммасы (4-гр х 5-гр) көрсөтүлөт .

21. "Бардыгы" деген сапта 4 жана 6-графалардын жыйынтык көрсөткүчтөрү берилет.

22. Сатып алуу актысынын төмөнкү бөлүгүндө төмөнкүлөрдүн толук аты-жөнү көрсөтүлөт, ошондой эле колдору коюлат:

- товардын сатылгандыгын жана ал үчүн акы алгандыгын ырастаган сатуучунун;

- товарды сатып алгандыгын жана аларга акы төлөнгөндүгүн ырастаган сатып алуучунун.

23. Сатып алуу актысы товар сатып алган уюмдун/жеке ишкердин жетекчиси тарабынан бекитилет, ал үчүн сатып алуу актысынын жогорку оң жак бурчундагы "Бекитемин" деген сапка жетекчинин/жеке ишкердин аты-жөнү жазылат, колу коюлат, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык төлөөчүгө мөөр пайдалануу боюнча талап коюлса, мөөр басылат.

24. Сатып алуучунун жана сатуучунун ИСНин көрсөтпөй туруп түзүлгөн сатып алуу актысы, ошондой эле аталган реквизиттердин баары толтурулбаса, сатып алуу актысы жараксыз деп эсептелет.

25. Электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактураны колдонгон сатып алуучу сатып алуу актысында камтылган маалыматтарды товар сатылып алынган салыктык мезгилде ыйгарым укуктуу салык органынын салыктык башкаруу маалыматтык системасындагы өзүнүн виртуалдык кампасына киргизет.

26. Сатып алуучу электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактураны колдонгон субъектти кошпогондо, салык органына салыктык каттоодо турган жери боюнча белгиленген формага ылайык "Сатып алуу актысы" баштапкы эсепке алуу документи боюнча сатып алынган товарлар жөнүндө маалыматты отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен жиберет.

 

 

 

3-тиркеме

Форма

 

 

"САТЫП АЛУУ АКТЫСЫ"
баштапкы эсепке алуу документи боюнча сатып алынган товарлар жөнүндө маалымат

Графикалык көчүрмөсүн караңыз.

 

 

 

4-тиркеме

"Сатып алуу актысы" баштапкы эсепке алуу документи боюнча сатып алынган товарлар жөнүндө маалыматтын формасын толтуруунун жана берүүнүн
ТАРТИБИ

1-глава. Жалпы жоболор

1. Ушул Тартип "Сатып алуу актысы" баштапкы эсепке алуу документи боюнча сатып алынган товарлар жөнүндө маалыматтын (мындан ары - Маалымат) формасын толтуруунун жана берүүнүн тартибин белгилейт.

2. Салык төлөөчү электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактураны колдонуучу субъектти кошпогондо, Маалыматты отчеттук квартал үчүн түзөт жана отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбей салыктык же эсептик каттоо боюнча салык органына тапшырат.

3. 001-уячада:

- эгерде Маалымат отчеттук мезгил үчүн биринчи жолу берилип жатса - "X" белгиси түрүндөгү белги "алгачкы" деген уячада көрсөтүлөт;

- эгерде мурда ушул отчеттук мезгил үчүн Маалымат берилсе, бирок кийин кандайдыр так эместиктер же каталар табылып, алар берилген Маалыматта оңдолсо, "X" белгиси түрүндөгү белги "такталган" деген уячага коюлат.

2-глава. Маалыматтын формасын толтуруунун тартиби

4. Маалыматтын I бөлүмүндө төмөнкүдөй маалымат чагылдырылат:

1) 102-уячада салык төлөөчүнүн ИСНи көрсөтүлөт;

2) 103-уячада салык төлөөчүнүн аты-жөнү же толук аталышы көрсөтүлөт;

3) 104-уячада салык төлөөчүнүн салыктык жана/же эсептик каттоого турган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт;

4) 107-уячада салык төлөөчүгө каттоо учурунда ыйгарылган ОКПО коду көрсөтүлөт;

5) 112-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө турган жериндеги почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт;

6) 113-уячада салык төлөөчү иш жүзүндө турган калктуу конуштун аталышы көрсөтүлөт (облус, шаар, район, айыл ж.б.);

7) 114-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө турган дареги көрсөтүлөт (көчөнүн аты, үйдүн, кеңсенин, батирдин номери);

8) 115-уячада салык төлөөчүнүн телефонунун байланыш номери көрсөтүлөт;

9) 116-уячада салык төлөөчүнүн электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт;

10) 201-уячада Маалымат берилип жаткан квартал көрсөтүлөт;

11) 202-уячада Маалымат берилип жаткан жыл көрсөтүлөт;

12) 203-уячада отчеттук мезгил үчүн таризделген жана тиркемеде көрсөтүлгөн сатып алуу актыларынын жалпы саны көрсөтүлөт;

13) 204-уячада тиркемеде көрсөтүлгөн, отчеттук мезгил үчүн таризделген бардык сатып алуу актылары боюнча сатып алынган товарлардын жалпы суммасы көрсөтүлөт.

5. "Тиркемелердин барактарынын саны" уячасында Маалыматка тиркеле турган барактардын жалпы саны көрсөтүлөт.

6. Маалыматка уюмдун жетекчиси/жеке ишкер кол коюп, Маалыматка кол койгон адамдын аты-жөнү милдеттүү түрдө толук көрсөтүлөт жана салык төлөөчүгө мөөр колдонуу жөнүндө талап коюлса, салык төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

7. 901-уячада салык органдары Маалыматты кабыл алган күн көрсөтүлөт.

8. 902-уячада Маалыматты кабыл алган салык органынын кызматкеринин ИСНи көрсөтүлөт.

3-глава. Маалыматка тиркеме толтуруунун тартиби

9. Маалыматтын тиркемесинин көрсөткүчтөрү отчеттук квартал үчүн таризделген сатып алуу актысына шайкеш келүүгө тийиш.

10. 1-графада катар номери көрсөтүлөт.

11. 2-графада сатып алуу актысынын датасы көрсөтүлөт.

12. 3-графада сатып алуу актысынын номери көрсөтүлөт.

13.4-графада сатуучунун аты-жөнү же толук аталышы көрсөтүлөт.

14. 5-графада сатуучунун идентификациялык салык номери (ИСН) көрсөтүлөт.

15. 6-графада Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык ишинин 10 белгиден турган товардык номенклатурасынын товардык позициясынын коду (ТЭИ ТН коду) көрсөтүлөт.

16. 7-графада товардын аталышы көрсөтүлөт.

17. 8-графада товардын саны (көлөмү) көрсөтүлөт.

18. 9-графада товардын суммасы көрсөтүлөт.

19. 8 жана 9-графалардагы "Бардык" деген саптардын маанилери суммаланууга тийиш. Маалыматтын тиркемесиндеги бир нече барак толтурулган учурда 8 жана 9-графалардагы "Бардыгы" деген саптын маанилери акыркы бетте гана толтурулат, мында тиркеменин бардык беттериндеги саптардын маанилери суммаланат.

20. Маалыматтын тиркемесинин ар бир барагынын жогорку оң жак бурчуна барактын номери коюлат.

Маалыматтын тиркемесинин ар бир барагынын аягына салык төлөөчүнүн колу коюлат.