Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
1998-жылдын 31-октябры № 140

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

                    Субсидиялар жана компенсациялык
                            чаралар жөнүндө

                                  (КР
               2010-жылдын 4-мартындагы № 43 Мыйзамынын
                         редакциясына ылайык)

        I Глава. Жалпы жоболор
       II Глава. Мамлекеттик контроль
      III Глава. Териштирүүнүн башталышы
       IV Глава. Субсидияларды аныктоонун тартиби
        V Глава. Зыянды аныктоо
       VI Глава. Териштирүүнү жүргүзүү
      VII Глава. Териштирүүнүн аякташы
     VIII Глава. Корутунду жоболор

     Ушул Мыйзам субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарынын негизги түшүнүктөрүн  жана  принциптерин,
ошондой эле компенсациялоого тийиштүү субсидияларды белгилөө боюнча те-
риштирүүлөрдүн тартибин жана компенсациялык чараларды киргизүүнүн  жана
алып салуунун шарттарын аныктайт.

                                I Глава
                             Жалпы жоболор

     1-статья. Терминдер жана аныктамалар

     Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй түшүнүктөр колдонулат:

     Зыян - субсидияланган товарларды жөнөтүүнүн натыйжасында, ушул сы-
яктуу товарлардын ата мекендик өндүрүүчүлөргө  келтирилген  материалдык
залал же Кыргыз Республикасында, ушул сыяктуу товарларды чыгарууну уюш-
туруудагы жана кењейтүүдөгү олуттуу кечењдетүү.
     Зыяндын коркунучу - компенсациялык чаралар колдонулууга тийиш бол-
гон,  ушул  сыяктуу субсидияланган товарларды жөнөтүү аркылуу болочокто
ата  мекендик  товар   өндүрүүчүлөргө   зыян   алып   келүүнүн   чыныгы
мүмкүнчүлүгү.
     Убактылуу чаралар - убактылуу компенсациялык алымдар, күрөлүк мил-
деттенмелер же акча суммаларын депозитке төлөө түрүндө колдонулуучу ал-
дын ала компенсациялык чаралар.
     Таламдаш тараптар  -  териштирүүнүн  предмети болуп саналган товар
жөнөтүүчүлөр же мүчөлөрүнүн көпчүлүгу ушундай товарды жөнөтүүчүлөр  бо-
луп  саналган  соода  же  өнөр  жай ассоциациясы,  экспорттоочу өлкөнүн
өкмөтү,  Кыргыз Республикасынын өкмөтү, ушул сыяктуу же түздөн-түз ата-
андашуучу   товарды   Кыргыз   Республикасында   чыгаруучу  же  болбосо
мүчөлөрүнүн көпчүлүгү Кыргыз Республикасында ушундай  товарды  чыгарган
соода же өнөр жай ассоциациясы.
     Ушул сыяктуу товарлар - ушул сыяктуу же бир тектүү товарлар:
     окшош товарлар - бардык жагынан окшош товарлар;
     бир тектүү товарлар - бардык жагынан бирдей болуп саналбаган,  би-
рок мүнөзү жагынан ушул сыяктуулугу бар жана ушул сыяктуу компоненттер-
ден турган товарлар.
     Жөнөтүүчү - териштирүүнүн предмети болуп  саналган  субсидияланган
товардын өндүрүүчүсү, экспорттоочусу же импорттоочусу.
     Компенсациялык чаралар  -  Кыргыз Республикасынын бажылык аймагына
эркин жүгүртүү үчүн мындай товарды ташып келүү менен келтирилген зыянды
же зыяндын коркунучун четтетүү үчүн убактылуу чаралар жана компенсация-
лык   алымдар   таризинде    колдонулуучу    субсидияланган    товардын
жөнөтүүчүлөрүнө каржылык таасир тийгизүүнүн ыкмасы.
     Компенсациялык алымдар - Кыргыз Республикасынын  бажылык  аймагына
эркин  жүгүртүү  үчүн  субсидияланган  товарларды  ташып келген учурда,
эгерде мындай,  ушул сыяктуу же болбосо түздөн-түз атаандаш  товарларды
ташып  келүү ата мекендик өндүрүүчүлөргө зыян келтирсе же зыян келтирүү
иши мүмкүн болсо же болбосо Кыргыз Республикасында ушул сыяктуу  товар-
ларды чыгарууну уюштурууга жана кењейтүүгө тоскоолдук кылса Кыргыз Рес-
публикасынын бажы органдары колдоно турган алымдар.
     Объективдүү критерийлер же шарттар - башкалар менен  салыштырганда
белгилүү ишканаларга ыњгайлуу шарт түзбөгөн,  өзүнүн мањызы боюнча эко-
номикалык жана колдонуу жагынан бирдей болгон (кызматкерлеринин саны же
ишкананын өлчөму жагынан)  бейтарап  болуп  саналган  критерийлерди  же
шарттарды билдирет.  Критерийлер же шарттар Кыргыз Республикасынын мый-
замдары жана башка расмий документтер менен так аныкталууга тийиш.
     Ата мекендик  өндүрүүчүлөр  -  өз  ара көз каранды өндүрүүчүлөрдөн
башка алардын бүткүл ата мекендик өндүрүшүнүн  негизги  бөлүгүн  түзгөн
жыйынды   өндүрүшү   ушул  сыяктуу  же  субсидияланган  товарлар  менен
түздөн-түз атаандашкан товарлардын кыргыз өндүрүүчүлөрү.
     Өлкөнүн расмий  органдары - териштирүүгө тартылган өлкөнүн элчили-
ги, консулдугу, соода өкүлчүлүгү же ыйгарым укуктуу органы.
     Териштирүү -  ушул  сыяктуу  же  түздөн-түз атаандаш товарды ташып
келүү ата мекендик өндүрүүчүлөргө зыян келтирген же зыян келтирүү  кор-
кунучун туудурган субсидияланган товарды Кыргыз Республикасынын бажылык
аймагына ташып келүү жаатындагы документтерди жана башка далилдерди ка-
рап чыгуунун жол-жобосу.
     Субсидия - мамлекеттик дотациялар,  заемдор, милдеттенмелер боюнча
кепилдиктер,  акцияларды  сатып  алуу  же салыктык жењилдиктерди берүү,
ошондой эле өндүрүштүн же сооданын зыяндарын төмөндөтүүчү жењилдик баа-
лар  боюнча  товарларды берүү түрүндө белгилүү бир ишканага же өнөр жай
тармагына,  өнөр жай ишканаларынын белгилүү бир тобуна же тармагына бе-
рилиши  мүмкүн  болгон  мамлекеттин  (же коомдук уюмдун) каржылык көмөк
көрсөтүшү.
     Субсидияланган товар  -  натыйжасында  белгилүү  товар жөнөтүүчүгө
пайда келтирген, субсидия өндүрүүдө же экспорттоодо түздөн-түз же кыйыр
түрдө пайдаланылган товар.
     Өнөр жайлык изилдөө  -  жањы  буюмдарды,  процесстерди  же  кызмат
көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу үчүн пайдалуу,  же болбосо мурдагы буюмдарды,
процесстерди же кызмат көрсөтүүлөрдү бир кыйла өркүндөткөн оњ  натыйжа-
ларды алууга багытталган пландуу изилдөө иши же өтө зарыл изилдөө.
     Атаандаштыкка чейинки тажрыйба-конструктордук иш - сатуу же пайда-
лануу  үчүн арналган жањы,  модификацияланган же өркүндөтүлгөн буюмдар-
дын,  процесстердин же кызмат көрсөтүүлөрдүн планына же долбооруна өнөр
жайлык  изилдөөнүн натыйжаларын которуу,  анын ичинде коммерциялык мак-
саттарда  пайдаланылышы  мүмкүн  болбогон  алгачкы  тажрыйбалык  үлгүнү
түзүү. Мына ушул долбоорлор өнөр жайда же коммерциялык максаттарда кол-
донулбайт деген шартта,  буга ушундай эле буюмдардын,  процесстердин же
кызмат  көрсөтүүлөрдүн  концептуалдык  иштеп чыгуу жана альтернативалуу
варианттарын долбоорлоо, алгачкы жолу көрсөтүү же эксперименталдык дол-
боорлору  да  киргизилиши  мүмкүн.  Ал  түгүл  ушул сыяктуу өзгөртүүлөр
өркүндөтүү катары кетсе да колдонулуп жаткан буюмдардын, өндүрүштүк ли-
ниялардын,  технологиялык процесстердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн күндөлүк
же мезгилдүү өзгөртүүлөрү же башка кадимки тартипте жасалган башка опе-
рациялар киргизилбейт.
     Ыйгарым укуктуу органдар - таламдаш тараптардын  арызы  же  өзүнүн
демилгеси боюнча субсидияланган товарды ташып келүү жаатында териштирүү
жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик органы.

     2-статья. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү

     Ушул Мыйзам менен:
     субсидияларды тартуу аркылуу чыгарылган же  жөнөтүлгөн  товарларды
эркин жүгүртүү үчүн Кыргыз Республикасынын бажылык аймагына ташып келүү
аркылуу ата мекендик өндүрүүчүлөргө,  зыян келтирүүгө же зыян  келтирүү
коркунучуна байланыштуу келип чыккан мамилелер;
     бир тараптан  экспорттогон  же өндүргөн өлкөнүн субсидияланган то-
варды жөнөтүү жана расмий органдарынын ортосунда же,  экинчи  тараптан,
ата  мекендик  өндүрүүчүнүн ушул сыяктуу же болбосо түздөн-түз атаандаш
товарды чыгаруучулар менен ыйгарым укуктуу органдын ортосунда келип чы-
гуучу мамилелер жөнгө салынат.

     3-статья. Ушул Мыйзамды колдонуунун максаттары жана принциптери

     1. Ушул Мыйзамдын максаты субсидияларды тартуу менен өндүрүлгөн же
экспорттолгон  ушул   сыяктуу   же   түздөн-түз   атаандаш   товарларды
жөнөтүүчүлөрдүн кара ниет атаандаштыгынан Кыргыз Республикасынын эконо-
микалык таламдарын,  ошондой эле ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн та-
ламдарын коргоо болуп саналат.
     2. Компенсациялык чараларды колдонуу жөнүндө чечим Кыргыз  Респуб-
ликасынын  Өкмөтү тарабынан ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча суб-
сидияланган товарларды жөнөтүүчүлөрдөн ата мекендик  өндүрүүчүлөр  үчүн
коркунучтун  кесепеттеринин  бар  экендигин же зыяндын коркунучу болгон
шарттарда гана кабыл алынат.
     3. Компенсациялык чаралар териштирүү жол-жобосу ушул Мыйзамга ыла-
йык жүргүзүлгөн учурда колдонулушу мүмкүн.

     4-статья. Субсидиялар жана компенсациялык чаралар тууралу Кыргыз
               Республикасынын мыйзамдары

     1. Субсидиялар  жана компенсациялык чаралар жөнүндө Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдары  Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет
жана ушул  Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук
актыларынан турат.
     2. Кыргыз  Республикасы  катышуучу болуп саналган, мыйзамда белги-
ленген тартипте  күчүнө кирген эл аралык макулдашууда же келишимде ушул
Мыйзамда камтылгандан  башкача  эрежелер белгиленсе, эл аралык макулда-
шуунун же келишимдин эрежелери колдонулат.
      2010-жылдын 4-мартындагы № 43 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

                               II Глава
                         Мамлекеттик контроль

     5-статья. Мамлекеттик контролдун органдары

     1. Субсидияланган товарды жөнөтүүчүлөрдүн соода практикасына  мам-
лекеттик контролдоого жалпы жетекчиликти Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүзөгө ашырат.
     2. Субсидияланган товарды ташып келүүнүн фактылары боюнча контрол-
доо жана териштирүүнү жүргүзүү боюнча түздөн-түз иш белгиленген тартип-
те Өкмөт тарабынан аныкталуучу же Кыргыз Республикасынын Президенти та-
рабынан түзүлүүчү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

     6-статья. Ыйгарым укуктуу орган

     1. Ыйгарым укуктуу орган ага ушул Мыйзам берген ыйгарым укуктардын
чектеринде  жана  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү жобонун неги-
зинде аракеттенет.
     2. (2010-жылдын 4-мартындагы № 43 Мыйзамына ылайык күчүн жогот-
ту)
     3. Компенсациялык алымдарды киргизүү зарыл болгон  учурда  ыйгарым
укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө токтомдордун долбоорлорун
киргизет.
     4. Өзүнүн  милдеттерин жүзөгө ашырууда ыйгарым укуктуу орган башка
өлкөлөрдүн расмий органдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташат.
     (КР 2010-жылдын 4-мартындагы № 43 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

                               III Глава
                        Териштирүүнүн башталышы

     7-статья. Арыз берүү

     1. Субсидияланган  товарды ташып келүү аркылуу келтирилген зыяндын
фактылары  боюнча  териштирүүнү  жүргүзүү  тууралу  арыз  ата  мекендик
өндүрүүчүлөр  тарабынан  же  алардын атынан ыйгарым укуктуу органга кат
жүзүндө берилет.
     2. Арыз төмөндөгүдөй:
     - арыз берүүчүнүн аты жана арыз берүүчү тарабынан ушул сыяктуу то-
варды чыгаруунун наркы жана көлөмү тууралу маалыматтар;
     - субсидияланган товардын толук баяндалышы,  аны чыгарган же  экс-
порттогон   өлкөлөрдүн   же   өлкөнүн   аты,   ошол  товардын  белгилүү
жөнөтүүчүлөрүнүн тизмеси;
     - субсидиялардын болушун, өлчөмүн жана мүнөзүн ырастоочу далилдер;
     - субсидияланган товарды жөнөтүүнүн көлөмүнүн  динамикасы,  Кыргыз
Республикасынын  ички рыногунда ушул сыяктуу товардын баасына анын таа-
сири жана ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн зыяндын кесепеттери жөнүндө;
     - жогоруда  көрсөтүлгөн  өндүрүүчүлөрдүн үлүшүнө туура келген ушул
сыяктуу товардын наркы жана өндүрүшүнүн көлөмү жөнүндө белгилүү  маалы-
маттарды камтууга тийиш.
     3. Арыз териштирүү башталганга  чейин  жана  анын  жүрүшүндө  арыз
берүүчү тарабынан кайра алынышы мүмкүн. Арыз териштирүү башталганга че-
йин кайра алынган учурда,  ал берилбеген болуп эсептелет. Эгер арыз те-
риштирүүнүн  жүрүшүндө кайра алынса,  ыйгарым укуктуу орган териштирүү-
нү улантууга же чара колдонбостон аны токтотууга укуктуу.
     4. Тапшырылган  товар субсидияланган жана зыян келтире тургандыгын
далилдөө үчүн жетиштүү маалыматтар болгон учурда, ыйгарым укуктуу орган
кат  жүзүндөгү арызсыз эле өзүнүн демилгеси боюнча териштирүүнүн башта-
лышы жөнүндө чечим кабыл ала алат.

     8-статья. Арызга коюлган талаптар

     1. Арыз ушул арыз боюнча өзүнүн  пикирин  билдирген  ата  мекендик
өндүрүүчүлөрдүн бир бөлүгү чыгарган бардык чыгарылышынын жалпы товардын
50  проценттен   ашуунун   жыйынды   өндүрүшү   түзгөн   ата   мекендик
өндүрүүчүлөрдүн атынан берилүүгө тийиш. Арызды колдогон өндүрүүчүлөрдүн
үлүшүнө  Кыргыз  Республикасындагы  товарлардын   чыгарылышынын   жалпы
көлөмүнүн кеминде 25 проценти туура келүүгө тийиш.
     2. Коюлган талаптарга жооп бербеген арыз каралууга жатпайт.

     9-статья. Арызды кароонун тартиби

     1. Арыз берилгенден кийин 45 күндүн ичинде ыйгарым  укуктуу  орган
арызда  көрсөтүлгөн  маалыматтардын тууралыгын жана жетиштүүлүгүн карап
чыгууга жана териштирүүнү жүргүзүү тууралу же териштирүүнү  жүргүзүүдөн
баш тартуу тууралу чечим кабыл алууга тийиш.
     2. Эгерде ыйгарым укуктуу орган берилген маалымат  толук  эмес  же
жетиштүү эмес деп эсептесе, ал арыз алган күндөн тартып 45 күндүн ичин-
де бул жөнүндө арыз берүүчүгө кабарлоого  тийиш.  Арыз  берүүчү  өзүнүн
арызын өзгөрткөн же толуктаган учурда, арызды кароонун мөөнөтү толукто-
олорду жана өзгөртүүлөрдү алган күндөн башталат.

     10-статья. Териштирүү жол-жобосунун башталышында баш тартуу
                үчүн негиздер

     1. Ыйгарым укуктуу орган төмөндөгүдөй учурларда:
     - субсидияланган товарды жөнөтүүлөрдүн жетиштүү далилдери жок бол-
со же анын жөнөтүүлөрдүн зыянынын кесепеттери болбосо;
     - айрым өлкөдөн жөнөтүүлөрдүн жекече үлүшү 1 проценттен азды түзсө
же мындай өлкөлөргө жыйындысы Кыргыз Республикасында ички керектөөнүн 3
проценттен ашпаганына туура келсе;
     - субсидиянын өлчөмү товардын наркынын 1  проценттен  азын  түзсө,
териштирүүнү жүргүзүүдөн баш тартуу тууралу чечим кабыл алат.
     2. Териштирүүнү  жүргүзүүдөн  баш тартуу тууралу чечим кабыл алын-
гандан кийин ыйгарым укуктуу орган баш  тартуунун  себептерин  көрсөтүү
менен бул тууралу арыз берүүчүнү кабарландырууга тийиш.

     11-статья. Териштирүүнүн башталышы тууралу чечим

     Ыйгарым укуктуу  орган болжолдуу субсидияланган товарды жөнөтүүлөр
жөнүндө бардык алынган далилдерди изилдегенден кийин териштирүүнүн баш-
талышы  жөнүндө  чечим кабыл алып,  мында субсидиялардын бар экендигин,
тандалып алынгандыгын,  компенсациялык чараларды колдонуунун зарылчылы-
гын жана негиздүүлүгүн аныктайт.

     12-статья. Териштирүүнүн башталышы жөнүндө кабарлоо

     1. Териштирүүнүн башталышы жөнүндө чечим  кабыл  алынгандан  кийин
ыйгарым укуктуу орган:
     - териштирүү процессинин башталышы жөнүндө белгилүү  таламдаш  та-
раптарга кабарлайт;
     - кабарлоону расмий басма сөзгө жарыялайт.
     2. Кабарлоо төмөндөгүдөй маалыматтарды:
     - териштирүүнүн башталышы тууралу кабарды;
     - териштирүүнүн  предмети  болуп  саналган  товардын  экспорттоочу
өлкөлөрдүн же өлкөнүн атын;
     - териштирүүнүн башталган күнүн;
     - алынган  маалыматтын  жана  кошумча  маалыматтын суроо-талабынын
кыскача баяндамасын;
     - далилдерди жана башка маалыматтарды берүүнүн мөөнөттөрүн;
     - өтүнүчтөрдү берүүнүн мөөнөттөрүн;
     - угууларды жүргүзүүнүн мөөнөттөрүн камтууга тийиш.

     13-статья. Арыз менен тааныштыруу

     1. Ыйгарым  укуктуу  орган  териштирүү башталгандан кийин белгилүү
экспорттоочуларга жана экспорттоочу өлкөнүн өкмөтүнө жана таламдаш  та-
раптарга  алардын  өтүнүчү  боюнча  арыздын  толук текстин берүүтө мил-
деттүү, мында маалыматтын жашыруундуулугу ачыкка чыгарылбайт.
     2. Эгерде териштирүүгө алынган тараптардын саны өтө көп болсо, ый-
гарым укуктуу орган арыздын тексттин экспорттоочу өлкөнүн же өлкөлөрдүн
расмий органдарына же болбосо тийиштүү соода ассоциациясына бере алат.

                               IV Глава
                   Субсидияларды аныктоонун тартиби

     14-статья. Субсидияланган товар

     Кандайдыр бир өлкөдөн  Кыргыз  Республикасына  тапшырылган  товар,
эгерде ал ушул Мыйзамдын 16 жана 17-статьяларынын жоболорунун негизинде
эсептелген компенсациялоого тийиштүү субсидиялар жөнөтүүчүгө пайда алып
келсе, субсидияланган товар катары каралууга тийиш.

     15-статья. Субсидияларды берүү

     1. Субсидия тапшырылган товар чыккан өлкөнүн өкмөтү же товар  тап-
шырылган  ортодогу өлкөнүн өкмөтү тарабынан берилиши мүмкүн (мындан ары
- экспорттоочу өлкө же экспорттун өлкөсү).
     2. Эгерде  товарлар  чыгарылган  өлкөдөн эмес экспорттогон өлкөдөн
жөнөтүлсө,  ушул Мыйзамдын жоболору толук колдонулат жана  экспорттогон
өлкө товар чыккан өлкө катары каралат.

     16-статья. Субсидиялардын мањызын аныктоо

     1. Ушул  Мыйзамга  ылайык  каржылык көмөк көрсөтүүнүн төмөндөгүдөй
түрлөрү:
     а) өкмөттүн жөнөтүүчүгө каржылык каражаттарды (кепилдиктер,  заем-
дор,  акцияларды сатып алууну) түздөн-түз өткөрүп бериши каржылык кара-
жаттарды же милдеттенмелерди  (заемдор  боюнча  кепилдик)  кыйыр  түрдө
өткөрүп бериши;
     б) эгерде ички керектөө  үчүн  арналган  ушул  сыяктуу  товарларга
көрсөтүлгөн   жењилдиктер   жайылтылбаса,   алымдарды  жана  салыктарды
төлөөдөн  бошотуу  же  өлчөмүн  төмөндөтүү,  ошондой   эле   товарларды
өндүрүүдө же жөнөтүүдө аларды төлөө мөөнөтүн узартуу субсидиялар катары
таанылууга тийиш.
     Мындай алымдарды же салыктарды төлөөдөн эсептелген суммалардан аш-
паган өлчөмдө бошотуу эл аралык  укуктук  чечимдерине  ылайык  берилген
шартта субсидия катары эсептелбейт;
     в) өкмөт товарды же кызмат көрсөтүүлөрдү берсе (жалпы) инфраструк-
тураны  өнүктүрүүгө  каржылык  же башка каражаттарды берүүдөн башка) же
жөнөтүүчүлөр үчүн товарларды сатып алууну жүзөгө ашырса;
     г) өкмөт  каржылоо  механизмине  төлөөлөрдү жүзөгө ашырса же "а" -
"в" пункттарында  көрсөтүлгөн,  анын  үстүнө  өкмөт  адатта  пайдаланып
келгөн   практикалардан  иш  жүзүндө  айырмаланбаган  шарттарда  адатта
өкмөткө жүктөлүүгө тийиш болгон милдеттердин  бир  же  бир  нече  түрүн
жүзөгө  ашырууга  карата  жекече структурага ыйгарым укук берсе же анын
ишин багыттаса, субсидиялар катары таанылууга тийиш.
     2. Эгерде субсидиянын жардамы менен пайда алынса, субсидия бар деп
эсептелет.

     17-статья. Этибарга алынбай турган чакан субсидияны аныктоо

     1. Эгерде төмөндөгүдөй шарттар сакталса,  териштирүүнүн  жүрүшүндө
компенсациялоого  таандык  болгон субсидиялардын суммасы жөнөтүлгөн то-
вардын наркынын 1 проценттен кемин түзгөн учурда ыйгарым укуктуу  орган
тарабынан этибарга алынбай турган чакан субсидия деп таанылышы мумкүн.
     а) өнүгүп келаткан өлкөлөрдөн жөнөтүүлөрдө этибарга алынбай турган
чектүү  чакан сумма тапшырылган товардын наркынын 2 процентинен ашпоого
тийиш;
     б) БСУга  мүчө  болгон  өнүгүп келаткан өлкөлөр үчүн,  ошондой эле
ушул Мыйзамдын 18-статьясынын 4-пунктунун "а"  пунктчасында  аныкталган
экспорттук  субсидияларды  толугу  менен  четтеткен,  БСУга мүчө болгон
өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн  этибарга  алынбай  турган  субсидиянын
чектүү  чакан  суммасы  жөнөтүлгөн товардын наркынын 3 процентин түзөт.
Экспорттук субсидиялар четтетилген учурда бул жобо  БСУнун  субсидиялар
жана  компенсациялык чаралар боюнча Комитетине экспорттук субсидияларды
четтеткендик тууралу кабар жиберилген күндөн тартып экспорттук субсиди-
ялар ошол өнүккөн өлкөгө берилбеген бүткүл мезгилге колдонулат.
     2. Эгерде компенсациялоого  тийиш  болгон  субсидиялардын  ыйгарым
укуктуу   орган   белгилеген   суммасы  териштирүүгө  тартылган  жекече
жөнөтүүчүлөр үчүн ушул статьяга ылайык этибарга алымбай  турган  болсо,
териштирүү токтотулууга тийиш. Бул жөнөтүүчүлөргө карата ушул Мыйзамдын
жоболоруна ылайык ошол жөнөтүүчүлөрдүн өлкөсү же өлкөлөрү үчүн жүргүзүп
жаткан ар кандай андан кийинки кайра карап чыгуунун жүрүшүндө кайталан-
ган териштирүү жүргүзүлүшү мүмкүн.

     18-статья. Субсидиялардын компенсацияланышы жана тандалып алынышы

     1. Компенсациялык чаралар эгерде субсидиялар тандалып берилген бо-
луп саналган учурда гана субсидияланган товарларга  карата  колдонулушу
мүмкүн.
     2. Субсидия төмөндөгудөй белгилери болгондо ишканага  же  тармакка
тандалып берилген катары таанылышы мүмкүн:
     а) эгерде субсидияны  берген  орган  же  ал  орган  ылайык  аракет
жүргүзүп жаткан мыйзам субсидияга карата ишкананын жолун чектесе;
     б) эгерде субсидия берген орган же ага ылайык аракеттенген ал  ор-
ган  мыйзам  субсидияга  болгон  укукту же анын суммасын аныктай турган
объективдүү критерийди же шартты белгилесе.  Эгерде субсидия алуу укугу
автоматтык  түрдө болуп саналса,  бул критерийлер менен шарттарды катуу
сактаганда субсидия тандап алынган катары таанылышы мүмкүн эмес.
     в) эгерде  сырткы  белгиси  боюнча  субсидия тандалып берилген деп
эсептелбегендигине карабастан,  ушул пункттун "а" жана "б" пунктчасында
баяндалган принциптерден келип чыгып, субсидия чынында эле тандалып бе-
рилген деп болжолдоого негиз болоо,  кошумча түрдө төмөндөгүдөй фактор-
лор жаралып чыгышы мүмкүн:
     - белгилүү ишканалардын чектелүү саны менен  субсидиялоонун  прог-
раммасын пайдалануу,  белгилүү ишканалардын артыкчылык менен пайдаланы-
шы, белгилүү ишканаларга субсидиялардын пропорционалдуу эмес зор сумма-
ларын берүү, ошондой эле субсидияларды берүү тууралу чечимди кабыл алу-
унун тартиби (көп берилгендиги тууралу  маалымат  каралат,  ага  ылайык
субсидияга арыздар четке кагылат же кабыл алынат жана ушундай чечимдер-
дин себептери көрсөтүлөт).
     3. Субсидия алган органдын юрисдикциясынын астында айкын географи-
ялык региондун чектеринде жайгашкан ишканалардын чектүү санына берилген
субсидия тандалып берилген болуп саналат. Бул өкмөттүк органдар тарабы-
нан ыйгарым укуктуу бардык дењгээлдерде жалпы  кабыл  алынган  салыктык
ставкаларды белгилөө же өзгөртүү, ушул Мыйзамга карата алганда тандалып
берилген субсидия деп эселтелбейт.
     4. Эгерде төмөндөгүдөй талаптарга жооп берсе:
     а) бирден бир же башка бир канча  шарттардын  ичинен  бири  катары
экспорттун натыйжаларына көз каранды болсо;
     б) бирден бир же башка бир канча шарттардын  бири  катары  көбүнчө
ата  мекендик  өндүрүштүн  товарларын импорттолгон товарларга караганда
артыкчылык менен пайдаланууга көз каранды болсо,  субсидиялар  тандалып
берилген деп эсептелет.
     Берилген субсидиялар чынында эле же күтүлүп  жаткан  экспортко  же
экспорттон түшкөн кирешелерге байланыштуу экендигин фактылар далилдесе,
субсидиялар экспорттун натыйжаларынын фактыларына байланыштуу деп эсеп-
телет. Субсидия экспортту жүзөгө ашыруучу ишканаларга берилип жатканды-
гынын фактысынын өзү,  ушул жобонун маанисинде алганда  экспорттук  бир
себеп боюнча гана субсидия катары каралышы мүмкүн эмес.

     19-статья. Компенсацияланбаган субсидиялар

     1. Темөндөгү субсидиялар:
     а) ушул Мыйзамдын 18-статьясынын 2 жана 3-пункттарына ылайык  тан-
далып берилген деп эсептелбеген субсидиялар;
     б) ушул Мыйзамдын 18-статьясынын 2 жана 3-пункттарына ылайык  тан-
далып берилген деп эсептелген, бирок ушул статьянын 2, 3, 4-пункттарын-
да каралган шарттарды канааттандыруучу субсидиялар компетенциялык чара-
ларга жатпайт.
     2. Ишканалар менен келишимдер боюнча  ишканалар  же  жогорку  окуу
жайлары же болбосо илим изилдөө окуу жайлары жүргүзгөн илим изилдөө жу-
муштарына субсидиялар,  эгерде алар өнөр жайлык изилдөөгө кеткен чыгым-
дардын  75  проценттен ашпаганын түзсө же атаандаштыкка чейинки тажрый-
ба-конструктордук иштерге жеткен чыгымдардын 50  процентин  түзсө  жана
мындай субсидиялар темөндөгүлөр менен чектелсе:
     а) кызматкерлерге кеткен чыгымдар (түздөн-түз  илим  изилдөө  ишин
жүргүзгөн илимий изилдөө кызматкерлерин, техниктерге жана башка көмөкчү
кызматкерлерге);
     б) түздөн-түз  илим-изилдөө  иши үчүн жана туруктуу пайдаланылуучу
приборлорду,  жабдууларды,  жерди жана имаратты сатып алууга кеткен чы-
гымдар (буга алар коммерциялык негизде пайдаланган учурлар кирбейт);
     в) түздөн-түз илим изилдөө жумуштары,  анын ичинде илимий-техника-
лык маалыматтарды,  патенттерди д.у.с.  сатып алуу үчүн  пайдаланылуучу
консультацияларга  жана  эквиваленттүү кызмат көрсөтүүлөргө кетүүчү чы-
гымдар;
     г) илим изилдөө жумуштарынын натыйжасында түздөн-түз кеткен кошум-
ча чыгымдар;
     д) башка эксплуатациялык чыгымдар (сырье жана материалдарга д.у.с.
чыгымдар) компенсациялык чараларга жатпайт.
     3. Экономикалык өнүгүүнүн жалпы көрүнүшүнө ылайык, тандалып берил-
ген болуп эсептелбеген,  субсидияларга муктаж болгон  ар  бир  регионго
ушул  Мыйзамдын  18-статьясынын 2 жана 3-пункттарында баяндалган крите-
рийлер колдонулбаган шартта,  товар чыккан же экспорттолгон өлкөнүн ай-
магындагы начар региондорго субсидияларга төмөндөгүдөй учурда:
     а) ар  бир  начар регион так аныкталган болсо же экономикалык жана
административдик таандуулугу аныкталтан башка региондор менен географи-
ялык жактан тутумдаш болсо, компенсациялык чараларга жатпайт;
     б) регион бул кыйынчылыктар убактылуу кырдаалдардын негизинде гана
эмес  болуп саналган бейтарап жана объективдүү критерийлердин негизинде
начар катары каралат жана мындай критерийлер мыйзамдар,  ченемдер  жана
башка расмий документтер менен так аныкталууга тийиш,  ошондой эле тек-
шерүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө тийиш;
     в) бейтарап  жана  объективдүү  критерийлер экономикалык өнүгүүнүн
дењгээлин аныктоону камтыйт,  алар жок эле дегенде үч жылдык  мезгилдин
ичинде аныкталган төмөндөгүдөй факторлордун бирине негизделет:
     - кирешенин көрсөткүчтөрүнүн  бири  (калктын  жан  башына  киреше,
үй-бүлөнүн  бир  мүчөсүнүн кирешеси же калктын жан башына алынган ИДП),
ал товар чыккан өлкөнүн  же  экспорттоочу  өлкөнүн  аймагындагы  орточо
көрсөткүчтүн 85 процентинен ашпоого тийиш;
     - иш менен камсыз кылуунун дењгээли,  ал товар чыккан  өлкөнүн  же
экспорттоочу  өлкөнүн аймагында орточо проценттин кеминде 110 процентин
түзүүгө тийиш,  эгер мындай аныктоо татаал болсо, анда ал башка фактор-
лорду камтый алат.
     4. Колдо болгон өндүрүштүк кубаттуулуктарды (курчап турган чөйрөнү
коргоо  боюнча жањы талаптар киргизилген учурда кеминде эки жылы пайда-
ланууда турган кубаттуулуктар) реконструкциялоо жана буга  ишкана  мил-
деттендирген  жана  стандарттарды  бузгандык үчүн каржылык санкцияларды
киргизген мыйзам же ченемдер талап кылган курчап турган чөйрөнү коргоо-
нун  жањы  стандарттарына которуу үчүн субсидиялар төмөндөгүдөй шартта,
эгерде субсидия:
     а) кайталанып колдонулбай турган бир жолку чара болуп саналса;
     б) реконструкциялоого кеткен чыгымдардын жалпы суммасынын 20  про-
центи менен чектелсе;
     в) ишкана толук көлөмдө жүргүзүүгө тийиш болгон субсидияланган ка-
питалдык  салымдардын эсебинен сатылып алынган жабдууларды алмаштырууга
жана пайдаланууга киргизүүгө кеткен чыгымдарды жаба албаса;
     г) булгануунун  зыяндуу кесепеттерин азайтуу же төмөндөтүү жагынан
ишкананын пландары менен түздөн-түз байланыштуу болбосо жана мындай же-
тишилүүгө тийиш болгон өндүрүштүн зыяндарын азайтууну жаба албаса;
     д) жањы жабдууларды же технологиялык процесстерди  кайра  жабдууга
кабыл  алынышы  мүмкүн  болгон бардык ишкалалар үчүн жеткиликтүү болсо,
компенсациялык чараларга таандык болбойт.
     5. Компенсацияланбаган  субсидиялардын  жол  берилгидей  өлчөмдөрү
конкреттүү долбоорду жүзөгө ашыруунун мезгилинин ичинде  кеткен  чыгым-
дардын алгылыктуу суммасына карата белгиленет.
     Өнөр жайлык изилдөөнү,  ошондой эле атаандаштыкка чейинки  тажрый-
ба-конструктордук ишти камтыган программаларда компенсацияланбаган суб-
сидиялардын жол берилген өлчөмү ушул Мыйзамдын  18-статьясынын  3-пунк-
тунда аныкталган бардык алгылыктуу чыгымдардын негизинде эсептелген бул
программалар үчүн колдонулуучу компенсацияланбаган субсидиялардын орто-
чо арифметикалык жол берилгидей өлчөмдөрүнөн ашпоого тийиш.
     6. Региондук  өнүгүүнүн  жалпы  көрүнүшү  регионду  субсидиялоонун
программасы  ички макулдашылган жана бардык жерде жүзөгө ашырыла турган
региондук өнүгүүнүн саясатынын бир бөлүгү болуп саналат  жана  регионду
өнүктүрүүгө субсидиялар региондун өнүгүшүнө чындыгында таасири болбогон
айрым географиялык чекиттердеги өнүгүүнү билдирет.
     7. Бейтарап  жана  объективдүү  критерийлер  деген  сөз  региондук
өнүгүү саясатынын чектериндеги региондук айырмачылыктарды  четтетүү  же
азайтуу үчүн зарыл болгондон көбүрөөк өлчөмдө белгилүү региондорго кол-
доо көрсөтпөгөн критерийди билдирет. Бул учурда регионду субсидиялоонун
программасы ар бир субсидияланган долбоор боюнча берилиши мүмкүн болгон
субсидиялардын максималдуу өлчөмүн камтууга тийиш.  Мындай  максималдуу
өлчөмдөр  субсидияга  муктаж  болгон региондордун өнүгүшүнүн дењгээлине
жараша дифференцияланууга тийиш жана инвестициялык чыгымдардын  же  жу-
мушчу орундарын түзүүгө кеткен чыгымдардын негизинде эсептелүүгө тийиш.
Бул максималдуу суммалардын чектеринде белгилүү ишканалардын  субсидия-
ларды  артыкчылык менен пайдаланышына жол бербөө же аларга субсидиялар-
дын өлчөмү боюнча пропорционалдуу эмес зор субсидия берүүгө жол  бербөө
үчүн жетиштүү кењири жана бирдей өлчөмдө болууга тийиш. Ушул пункт ушул
Мыйзамдын 18-статьясынын 2 жана 3-пункттарында белгиленген  критерийлер
үчүн колдонууга ылайыктуу.

     20-статья. Компенсациялануучу субсидиянын суммасы жана териштирүү
                жүргүзүүнүн мезгили

     Компенсацияланууга тийиш болгон субсидиялардын  суммасы  жөнөтүүчү
алган пайданын өлчөмүнүн негизинде эсептелет.
     Териштирүүнүн жүрүшүндө  ыйгарым  укуктуу  орган териштирүүгө тие-
шелүү ишенимдүү каржылык жана башка маалыматтары бар  болгондо,  териш-
тирүү  башталган  күндөн  кеминде  алты ай мурда жөнөтүүчүлөрдүн териш-
тирүүгө тартылган отчеттук документтерин текшерет.

     21-статья. Субсидияларды алуу үчүн пайданын өлчөмүн эсептөө

     Ыйгарым укуктуу  орган  жөнөтүүчү алган пайданын өлчөмүн эсептөөдө
төмөндөгүдөй эрежелерди колдонот:
     а) ишканалардын  уставдык  фондусунда  мамлекеттик  үлүштүн болушу
эгерде товар чыккан өлкөнүн же экспорттоочу өлкөнүн  аймагында  ишкана-
ларды  инвестициялоого  мамлекеттин  катышуучусунун адаттагы практикасы
("тобокел" капиталын камсыз кылууну кошуп алганда) мамлекеттик  үлүштүн
болушуна ылайык келсе, пайда алып келүүчү катары эсептелбейт;
     б) эгерде өкмөттүн заему боюнча алуучу ишкана төлөгөн сумма  менен
ишкана рынокто ошол эле мезгилдин ичинде алган салыштырмалуу коммерция-
лык ссуда үчүн төлөөгө тийиш болгон  суммасынын  ортосунда  айырмачылык
болбосо өкмөттүн заему пайда алып келүүчү деп эсептелинбейт. Бул учурда
пайда бул эки сумманын ортосундагы айырмачылык болуп саналат;
     в) эгерде  өкмөт кепилденген заем алуучу фирма төлөгөн сумма менен
ишкана өкмөттүк кепилдик жол болгондо салыштырмалуу коммерциялык  ссуда
үчүн төлөөгө тийиш сумманын ортосунда айырмачылык болбосо,  заемдор бо-
юнча өкмөттүн кепилдиги пайда алып келүүчү деп эсептелинбейт. Бул учур-
да  пайда алуу бул эки сумманын ортосундагы комиссиялык ар кандай айыр-
мачылыкка түзөтүү киргизген айырмачылык болуп саналат;
     г) өкмөт тарабынан товарлар же кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кы-
луу же товарларды сатып берүү,  эгерде камсыз кылуу жетиштүүдөн азыраак
акы  үчүн  жүзөгө  ашырылса  же сатып алуу жетиштүүдөн азыраак акы үчүн
жүзөгө ашырылса,  пайда алып келүүчү деп  эсептелинбейт.  Тийиштүү  акы
төлөөлөр  берүү же сатып алынган өлкөдө (сатып алуу менен сатуунун баа-
сын,  сапатын, болушун, товардуулугун жана башка шарттарын кошуп алган-
да)  ошол  товар  же  кызмат  көрсөтүү үчүн рыноктун басымдуулук кылган
шарттарына байланыштуу аныкталат.

     22-статья. Компенсациялануучу субсидияларды эсептөөнүн жалпы
                жоболору

     Компенсациялануучу субсидиялардын суммасы  төмөндөгүдөй  жоболорго
ылайык аныкталат:
     а) компенсациялануучу субсидиялардын суммасы Кыргыз Республикасына
ташылып келинген субсидиялануучу товардын бирдигине аныкталат;
     б) бул сумманы аныктоодо субсидиянын жалпы суммасынан:
     - арыз үчүн акы,  субсидия укугун сатып алуу үчүн же субсидия алуу
үчүн тартылган башка милдеттүү чыгымдар;
     - экспортко салыктар, алымдар же субсидияларды компенсациялоо үчүн
атайын арналган жөнөтүлүүчү товардан алынуучу жана башка жыйымдар чыга-
рылып салынууга тийиш;
     в) эгер субсидияларды берүү даярдалган,  өндүрүлгөн, экспорттолгон
же ташылган товардын санына көз каранды болбосо компенсациялануучу суб-
сидиянын суммасы өндүрүштүн,  субсидиялоо максатында териштирүүнүн мез-
гили ичинде ошол товарды сатуунун же экспорттоонун дењгээли боюнча суб-
сидиянын жалпы суммасын тийиштүү бөлүштүрүүнүн жолу менен аныкталат;
     г) эгерде субсидия негизги фондуларды сатып  алууга  же  болочокто
сатып алууга байланыштуу болушу мүмкүн болсо, компенсациялануучу субси-
диянын суммасы өнөр жайдын ошол тармагындагы негизги фондулардын  амор-
тизациясынын мезгили боюнча субсидияны бөлүштүрүү жолу менен эсептелет.
Териштирүүнүн мезгилине таандык болгон жана ошол мезгилге чейин сатылып
алынган  негизги  фондулар менен байланыштуу сумманы камтыган,  ушундай
жол менен эсептелген сумма ушул статьянын "в" пунктунда  көрсөтүлгөндөй
бөлүштүрүлөт;
     д) эгерде субсидия сатылып алынган негизги фондулар  менен  байла-
ныштуу болбосо,  териштирүүнүн мезгили ичинде алынган пайданын суммасы,
ушул мезгилге таандык кылынууга жана кандайдыр бир башка мезгилге таан-
дык кылууну актаган өзгөчө кырдаалдар келип чыкпаса, ушул статьянын "в"
пунктуна ылайык бөлүштүрүлүүгө тийиш.
     Таламдаш тарап чыгарып салууну талап кылса, анда ал талап негиздүү
болуп санала тургандыгын далилдөөгө тийиш.

                                V Глава
                            Зыянды аныктоо

     23-статья. Зыянды аныктоонун принциптери

     Зыянды аныктоо далилдерге негизденет  жана  жөнөтүүлөрдүн  көлөмүн
объективдүү  изилдөөнү  ички  рынокто ушул сыяктуу товарлардын баасына,
алардын таасирин жана ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн мындай  товарларды
жөнөтүүнүн кесепеттерин камтыйт.

     24-статья. Жөнөтүүлөрдүн көлөмүн жана товарлардын баасын изилдөө

     1. Жөнөтүүлөрдүн  көлөмүн  изилдөөдө  ыйгарым укуктуу орган Кыргыз
Республикасында абсолюттук  түрдө  же  өндүрүшкө  же  керектөөгө  карай
жөнөтүүлөрдүн бир кыйла көбөйгөндүгүн же көбөйбөгөндүгүн аныктайт.
     2. Жөнөтүүлөрдүн бааларга таасирин изилдөөдө ыйгарым укуктуу орган
окшош  товардын рыноктогу баасы менен салыштырганда тапшырылган товарга
баанын бир кыйла төмөндөгөндүгүн же мындай жөнөтүүлөр башкача жол менен
баалардын  бир кыйла даражада төмөндөшүнө көмөк көрсөтүшүнө же тескери-
синче болгон учурда, алардын мүмкүн болуучу жогорулашына тоскоолдук кы-
лууга анын таасирин аныктайт.

     25-статья. Арзыбаган зыяндын өлчөмүн аныктоо

     1. Эгерде жөнөтүүлөрдүн үлүшү ушул Мыйзамдын 26-статьясында белги-
ленген үлүштөн төмөн болсо, зыяндын өлчөмү арзыбаган катары каралат.
     2. Өнүккөн  өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасына жөнөтүүлөрдүн көлөмү,
эгерде ал Кыргыз Республикасына ушул сыяктуу товарды  жөнөтүүнүн  жалпы
көлөмүнүн  4  проценттен азын түзсө,  ошондой эле Кыргыз Республикасына
ушул сыяктуу товарларды жөнөтүүнүн жалпы көлөмүнүн 9 проценттен ашпага-
нын  түзсө,  өнүккөн өлкөлөрдөн жөнөтүү жекече үлүшү менен 4 проценттен
азды түзгөн шартта ал арзыбаган зыян катары каралат.

     26-статья. Кумулятивдик баалоо

     Эгерде бирден ашык өлкөдөн кандайдыр бир товарды жөнөтүү компенса-
циялык  алымга  карата  бир  эле убакта жүргүзүлүп жаткан териштирүүнүн
предмети болуп саналса, эгерде төмөндөгүлөр аныкталса:
     - ар  бир  өлкөдөн  жөнөтүүлөргө  карата белгиленген субсидияларды
компенсациялоого тийиштүү сумма, ушул Мыйзамдын 17-статьясында аныктал-
гандай  этибарга  алынбай турган чакан чоњдуктан ашып кетсе,  ал эми ар
бир өлкөдөн жөнөтүүнүн көлөму арзыбаган болуп саналбаса;
     - таасирдин  кумулятивдик баасы тапшырылган товарлардын ортосунда,
ошондой эле тапшырылган товарлар мелен ата мекендик өндүрүштун ушул сы-
яктуу  товарларынын  ортосунда  атаандаштык  менен  жүргүзүлсө,  мындай
жөнөтүүлөрдүн кумулятивдик таасири бааланууга тийиш.

     27-статья. Ата мекендик өндүрүүчүлөргө  субсидияланган товарларды
                жөнөтүүлөрдүн таасирин аныктоо

     1. Ата  мекендик  өндүрүүчүлөргө  жөнөтүүчүлөрдүн таасирин изилдөө
экономикалык факторлордун ишине тийиштүү бардык бааларды жана  ата  ме-
кендик  өндүрүүчүлөрдүн  абалына таасири тие турган көрсөткүчтөрдү кам-
тыйт, аларга төмөндөгүлөр:
     - тармак же айрым өндүрүүчүлөр субсидияланган же демпингдик товар-
ларды мурда жөнөтүүдөн келтирилген зыянды калыбына келтирүү процессинде
турса;
     - компенсациялоого тийиштүү субсидиялардын өлчөмү;
     - сатуулардын,  пайданын,  продукция чыгаруунун, рыноктогу үлүштүн
чыныгы же потенциалдык жактан кыскарышы;
     - өндүрүмдүүлүк, инвестициялар боюнча кирешелер, өндүрүштүк кубат-
туулуктарды пайдалануу;
     - Кыргыз Республикасында баага таасирин тийгизүүчү факторлор;
     - накталай акчанын кыймылына,  товардык корлорго иш  менен  камсыз
болууга,  эмгек  акыга,  өсүштүн темптерине чыныгы же потенциалдык терс
таасири,  капиталды же инвестицияларды тартуунун мүмкүнчүлүктөрү;  айыл
чарбасына тиешелүү өкмөт колдогон программага туура келген зарыл чыгым-
дарды көбөйтүүнүн фактысынын болушу кирет.
     Бул тизме  акыркы  тизме болуп эсептелбейт.  Бир да,  ал түгүл бир
канча мындай фактор да шексиз түрдө чечүүчү мааниге ээ боло албайт.
     2. Ыйгарым  укуктуу орган эгерде колдо болгон маалыматтар белгилүү
өндүрүштү өндүрүштук процесс,  өндүрүүчүлөрдүн сатуусу жана пайдасы сы-
яктуу критерийлердин негизинде бөлүп берүүгө мүмкүндүк берсе,  ушул сы-
яктуу товарларды ички  өндүрүшкө  жөнөтүүлөрдүн  таасирине  баа  берет.
Эгерде мындай бөлүп берүү мүмкүн болбосо, анда субсидияланган товарлар-
ды жөнөтүүнүн таасири бир кыйла кууш топтогу же зарыл  маалымат  камсыз
болушу мүмкүн болгон, ушул сыяктуу товарды камтыган товарлардын номенк-
латурасын өндүрүүнү изилдөө жолу менен бааланууга тийиш.

     28-статья. Зыяндын бар экендигин далилдөө

     1. Ыйгарым укуктуу орган чыныгы маалыматтардын негизинде субсидия-
ланган  товарларды  жөнөтүү  ата  мекендик өндүрүүчүлөргө зыян келтирип
жаткандыгын далилдөөгө тийиш.  Субсидияланган товарларды жөнөтүү  менен
ата  мекендик  өндүрүүчүлөргө  келтирилген  зыяндын  ортосундагы себеп-
тик-кесепеттик байланыштардын далилдери  катары  буга  таламдаш  жактар
берген ар кандай чыныгы маалыматтар кызмат кыла алат.
     2. Субсидияланган товарды жөнөтүүдөн тышкары ыйгарым  укуктуу  ор-
ган,  ошондой  эле  ошол  эле мезгилде ата мекендик өндүрүүчүлөргө зыян
келтирген башка белгилүү факторлорду изилдейт, бирок бул зыян субсидия-
ланган товарды жөнөтүүлөргө кошулуп эсептелүүгө тийиш эмес. Бул фактор-
лор,  атап айтканда,  субсидияланган товардын көлөмүн жана баасын,  ке-
ректөө  структурасындагы  суроо-талаптын кыскарышын же өзгөрүшүн,  чек-
телүү соода практикасын жана чет өлкөлүк өндүрүүчүлөр менен ата  мекен-
дик өндүрүүчүлөрдүн ортосундагы атаандаштыкты,  технологиялык жетишкен-
диктерди, ошондой эле жөнетүүлөрдүн натыйжаларын жана ата мекендик өнөр
жайдын өндүрүмдүүлүгүн камтыйт.

     29-статья. Региондук өндүрүүчүлөргө келтирилген зыян

     Эгерде өзгөчө жагдайларда ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республика-
сынын аймагын эки же бир нече атаандаш рынокко бөлсө, зыяндын бар экен-
диги,  ал түгүл эгерде республикалык өнөр жайдын көпчүлүк бөлүгүнө зыян
келтирилбесе да,  ошол рынокко субсидияланган товарлар топтолгон шартта
региондук  өндүрүүчүлөргө  карата  байкалган  зыяндын бар экендиги жана
субсидияланган товарларды жөнөтүү мындай ички рынокто бардык же дээрлик
бардык ушул сыяктуу товарларды чыгаруучуларга зыян алып келет.

     30-статья. Зыяндын коркунучу

     1. Ыйгарым  укуктуу орган ырасталган фактыларда субсидияланган то-
варларды жөнөтүүдөн ата мекендик өндүрүүчүлөргө зыян келтирүү  коркуну-
чуна өзүнүн аныктамасын чыгарат. Субсидияланган товарларды жөнөтүү зыян
алып келиши мүмкүн болгон кырдаалды түзүүчү  жагдайдын  өзгөрүшү  алдын
ала так көрүлүүгө жана шексиз түрдө болушу керек.
     2. Зыяндын коркунучу бар зкендиги жөнүндө аныктаманы чыгаруу менен
ыйгарым укуктуу орган, атап айтканда, төмөндөгүдөй факторлорду:
     а) субсидиялардын мүнөзүн жана соодага болжолдуу байланыштуу  таа-
сирин;
     б) жөнөтүүлөрдүн  көлөмүнүн  бир  кыйла  көбөйүшүнүн   мүмкүндүгүн
көрсөткөн субсидияланган товарларды жөнөтүүнүн өсүшүнүн бир кыйла темп-
терин;
     в) жөнөтүүчүдө  башка  рыноктордун кошумча жөнөтүүлөрдүн ар кандай
көлөмүн сињирип алуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу  менен  жөнөтүүлөрдүн  бир
кыйла    көбөйүшүнүн    мүмкүндүгүн   көрсөткөн   жетиштүү   экспорттук
мүмкүнчүлүктөрдүн  же  шексиз,   бир   кыйла   көбөйтүүнүн   экспорттук
мүмкүнчүлүктөрүнүн бар экендиги;
     г) ички рынокто баалардын өсүшүн басандатуучу же  басымдуу  таасир
көрсөтүп,  кыязы, кошумча жөнөтүүлөргө суроо-талаптын жогорулашына алып
келе тургандай баалар боюнча жөнөтүүлөрдү;
     д) териштирүү жүргүзүлүп жаткан товардын запастарын карап чыгат.
     Бул факторлордун бири да өзүнчө турганда чечүүчү мааниге  ээ  бол-
бойт, бирок каралып жаткан факторлордун жыйындысы субсидияланган товар-
ларды андан ары жөнөтүү шексиз болуп саналат жана компенсациялык  чара-
лар колдонулбаган учурда ата мекендик өндүрүүчүлөргө зыян келтирилет же
ата мекендик өнөр жайдын тийиштүү тармагын түзүүгө тоскоол болот  деген
корутундуга алып келүүгө тийиш.

                               VI Глава
                         Териштирүүнү жүргүзүү

     31-статья. Териштирүүнүн мөөнөттөрү

     Субсидияланган товарга карата териштирүүнүн мөөнөтү алты айга  че-
йин белгиленет.  Өзгөчө учурларда териштирүүнүн мөөнөтү алты айга узар-
тылышы мүмкүн.

     32-статья. Маалыматка суроо-талап

     1. Териштирүү башталгандан кийин ыйгарым  укуктуу  орган  таламдаш
тараптарга суроо-талап жиберет.
     Таламдаш тараптарга суроо-талапка жоопту даярдоо үчүн 30 күн бери-
лет.  Бул  мөөнөт узартылышы мүмкүн,  бирок ал 30 күндөн ашпоого тийиш.
Суроо-талап ал почта боюнча жөнөтүлгөндөн же таламдаш тараптын  өкүлүнө
берилгенден кийин бир жума өткөндө алынды деп эсептелинет.
     Териштирүүнүн жүрүшүндө ыйгарым укуктуу орган таламдаш тараптардан
жообу  бериле  турган  мөөнөттү белгилөө менен кошумча маалыматты сурап
ала алат.
     2. Ар  бнр  таламдаш тарап өзү зарыл деп эсептеген ар кандай башка
далилдерди кат жүзүндө берүүгө укуктуу.

     33-статья. Жашыруундуулук

     1. Териштирүүнүн жүрүшүндө ыйгарым укуктуу органга жашыруун катары
берилген  маалымат жетиштүү негиздер болгондо жашыруун катары каралууга
тийиш жана аны берген тараптын кат жүзүндөгү уруксаты болмоюнча эч кан-
дай ачыкка чыгарылууга тийиш эмес.
     2. Жашыруун маалыматты берген тарап бул маалымат  боюнча  жашыруун
эмес мүнөздөгү түшүнүк катын берүүгө тийиш.
     Түшунүк кат маалыматтын мањызын түшүнүү үчүн жетиштүү толук болуу-
га, же эмне үчүн жашыруун эмес толук катты берүү мүмкүн эместигинин се-
бебин түшүндүрүүгө тийиш.
     3. Эгерде  ыйгарым укуктуу орган жашыруундуулук жөнүндө өтүнүч не-
гиздүү болуп саналбай тургандыгын белгилесе же маалымат чыккан жак маа-
лыматты жарыялоону каалабаса, же болбосо аны жалпыланган же кыскача та-
ризде жарыялоого уруксат бербесе, ыйгарым укуктуу орган бул маалыматтын
так экендиги далилденгенден башка учурда, мындай маалыматты көњүлгө ал-
бай кое алат.
     4. Жашыруун  маалыматты  жарыялангандыгы  үчүн  жооптуу жак Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп тартат.

     34-статья. Жеринде текшерүү

     Маалыматтын тууралыгын текшерүү же кошумча маалыматтарды алуу мак-
сатында  териштирүүгө  тартылган  жактардын макулдугу менен жана териш-
тирүүгө тартылган өлкөнүн же өлкөлөрдүн расмий  органдарынын  каршылыгы
жок болгондо жана эл аралык укуктун ченемдери сакталганда ыйгарым укук-
туу орган бул өлкөлөрдүн аймагында териштирүүнү жүргүзө  алат.  Ыйгарым
укуктуу  органдын  өзүнүн кароосу боюнча зарыл болгон учурда териштирүү
ушул статьянын  жоболорун  сактоо  менен  үчүнчү  өлкөлөрдүн  аймагында
жүргүзүлүшү мүмкүн.

     35-статья. Колдо болгон маалыматтын жетиштүүлүгү

     Кандайдыр бир  таламдаш  тарап  ыйгарым укуктуу орган сунуш кылган
меөнөттө зарыл маалыматтарды бербесе же башкача түрдө териштирүүнү  кы-
йындатса,  ыйгарым  укуктуу орган колдо болгон маалыматтардын негизинде
чечимдерди чыгарууга укуктуу.

     36-статья. Иш жүргүзүүнүн тартиби

     1. Ыйгарым укуктуу орган ар бир териштирүү боюнча кат жүзүндө  өзү
белгилеген формада иш жүргүзөт. Иште териштирүүгө тийиштүү бардык доку-
менттер болууга тийиш.
     2. Иштин   материалдары   ишти  териштирүүнүн  же  кайра  кароонун
жүрүшүндө алардын өтүнүчү боюнча тааныштыруу үчүн  таламдаш  тараптарга
берилет.

     37-статья. Угуулар

     1. Таламдаш  тараптар  иштин  материалдары  жана  экинчи  тараптын
жүйөлөрү менен  таанышуу  максатында  иш  боюнча  алдын  ала  угууларды
жүргүзүү тууралу ыйгарым укуктуу органга өтүнүч берүүгө укуктуу.
     2. Угуулар ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын төрагалыгы ас-
тында өтөт,  ал жашыруундуулукту сактап калууну камсыз кылат. Угууларга
ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрү жана тараптардын  күбөлөрү  катышууга
тийиш, булар тууралу мурдатан кабарландырылат.
     3. Кошумча угууларды  жүргүзүү,  эгерде  кошумча  угуулар  жөнүндө
өтүнүч негиздүү болгон учурда мүмкүн.
     4. Угууларды жүргүзүүдө протокол жазылат.  Таламдаш  тараптар  ооз
эки кошумча маалымат берүүгө укуктуу. Ушул статьянын талаптарына ылайык
берилген ооз эки маалымат ал кат жүзүндө  ырасталгандан  кийин  кароого
кабыл алынат.

     38-статья. Алдын ала ырастап аныктоо

     Субсидияланган товарды  жөнөтүүдөн  зыяндын  фактысы териштирүүнүн
жүрүшүндө алынган далилдер менен ырасталган учурда, ыйгарым укуктуу ор-
ган алдын ала ырастап аныктоо чыгарат,  ал убактылуу чараларды колдонуу
же жөнөтүүчүдөн баалар боюнча милдеттенмелерди алуу  үчүн  негиз  болуп
саналат.

     39-статья. Убактылуу чараларды колдонуу жөнүндө кабарлоо

     Убактылуу чараларды   колдонууга  ниеттенгендик  жөнүндө  кабарлоо
аларды бардык таламдаш жактар колдонгонго  чейин  30  күн  мурда  жибе-
рилүүгө  тийиш.  Кабарландыруудан  кийин  10 күндүн ичинде териштирүүгө
тартылган жактар убактылуу чаралардын колдонулушунун негиздүүлүгү  жаа-
тында кат жүзүндө сын-пикирлерин берүүгө укуктуу.

     40-статья. Убактылуу чараларды колдонуу жөнүндө чечимди жарыялоо

     Убактылуу чараларды  киргизүү жөнүндө чечим расмий басма сөзгө жа-
рыяланган учурдан  тартып  убактылуу  чаралар  күчүнө  кирет.  Жарыялоо
төмөндөгүдөй маалыматтар:
     - жөнөтүүчүлөрдүн аты же товар жөнөтүлүп жаткан өлкөнүн аталышы;
     - товардын  толук баяндамасы (бажылык максаттар үчүн жетиштүү бол-
гон);
     - субсидиянын  белгиленген чоњдугу жана эсептешүү усулун колдонуу-
нун себептеринин толук түшүндүрмөсү;
     - зыянды баалоонун критерийлери;
     - убактылуу чараларды колдонуунун негизги жүйөлөрү;
     - колдонулган чаранын толук баяндамасы;
     - иш жүзүндөгү жагдайды жана укуктук аспектерди түшүнүү үчүн башка
маалыматтар камтылууга тийиш.
     Жарыялоодо жашыруун маалымат камтылышы мүмкүн эмес.

     41-статья. Убактылуу  компенсациялык чаралар жана аларды
                колдонуунун тартиби

     1. Ыйгарым укуктуу орган компенсацияга жана зыянга тийиштүү субси-
диялардын бар  экендиги  тууралу алдын ала ырастап аныктама чыгаргандан
кийин бир  жумалык мөөнөттө бардык таламдаш тараптарга жана алардын өл-
көлөрүнүн расмий  органдарына убактылуу компенсациялык чараларды колдо-
нуу жөнүндө кабарлоо жиберет. Териштирүүгө тартылган тараптар убактылуу
компенсациялык чараларды  колдонуунун негиздүүлүгү жаатында Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтү  тарабынан аныкталган мөөнөттө кат жүзүндө пикирле-
рин берүүгө укуктуу.
     2. Убактылуу компенсациялык чаралар Кыргыз Республикасынын бажылык
органдары тарабынан ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз  Рес-
публикасынын Өкмөтү кабыл алган чечимдин негизинде колдонулат.
     3. Убактылуу компенсациялык чаралардын өлчөмү субсидиялардын алдын
ала  белгиленген  жалпы  суммасынан ашпоого тийиш,  бирок эгерде мындай
өлчөм ата мекендик өндүрүүчүлөргө келтирилген зыянды четтетүү үчүн  же-
тиштүү болсо, бул суммадан аз болушу мүмкүн.
     4. Убактылуу компенсациялык чаралар убактылуу компенсациялык алым-
дар, күрөлүк милдеттенмелер же акча депозити түрүндө белгиленет.
     5. Убактылуу компенсациялык чаралар колдонулуп  жаткан  товарларды
эркин  жүгүртүүгө  чыгаруу  убактылуу чаралар колдонулгандан кийин гана
жүргүзүлөт.
     6. Териштирүүнүн  жүрүшүндө  ырасталган  субсидиялардын суммасынан
убактылуу чаралардын өлчөмү ашып кеткен учурда,  жөнөтүүчү ашып  кеткен
сумманы кайтартып алууга укуктуу. Ыйгарым укуктуу орган өтүнүчтүн неги-
зинде субсидиялардын суммасынан ашык төлөнгөн  сумманы  кайтарып  берүү
жөнүндө чечим кабыл алууга тийиш. Кайтарып берүү өтүнүч берилген күндөн
тартып 30 күндүн ичинде жүргүзүлүүгө тийиш.
 (2010-жылдын 4-мартындагы № 43 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

     42-статья. Убактылуу компенсациялык чараларды колдонуунун
                мөөнөттөрү

     1. Убактылуу  компенсациялык чаралар алдын ала ырастап аныктоо чы-
гарылгандан кийин, бирок териштирүү башталган күндөн тартып 2 айдан эр-
те эмес жана 9 айдан кеч эмес колдонулат.
     2. Убактылуу чаралардын аракетинин мезгили 4 айдан ашпоого тийиш.

     43-статья. Үчүнчү жактарга карата териштирүү

     1. Компенсациялык алым салынган жана териштирүү аяктагандан  кийин
жөнөтүү  башталган товардын жөнөтүүчүсү же жөнөтүүчүлөр менен байланыш-
туу болбогон жөнөтүүчүгө карата териштирүү андан  арыз  алынган  күндөн
тартып  30  күндүн  ичинде  башталууга  жана  12 айдан кечиктирилбестен
бүтүүгө тийиш.
     2. Териштирүүнүн  жүрүшүндө  компенсациялык  алымдар колдонулбайт,
бирок ыйгарым укуктуу орган,  ушул Мыйзамда каралган тартипте убактылуу
чараларды киргизүүгө укуктуу.

                               VII Глава
                         Териштирүүнүн аякташы

     44-статья. Териштирүүнүн аякташы

     1. Ыйгарым укуктуу орган акыркы чечимди чыгарганга чейин бир айдан
кечиктирилбестен чечим кабыл алына турган негизги фактылар менен бардык
таламдаш тараптарды тааныштырууга тийиш.
     Таламдаш тараптарга көрсөтүлгөн фактылар боюнча өздөрүнүн  сын-пи-
кирлерин бериши үчүн 15 күн берилет.
     2. Субсидияланган товарды ташып келүүдөн келтирилген зыянды  анык-
тоо  боюнча ыйгарым укуктуу орган жүргүзгөн териштирүү төмөндөгүдөй че-
чимдерди кабыл алуу:
     - чара көрбөстөн териштирүүнү токтотуу;
     - баалар боюнча милдеттенмелерди алуу;
     - компенсациялык алымдарды киргизүү менен аяктайт.

     45-статья. Чара көрбөстөн териштирүүнү токтотуунун негиздери

     1. Эгер  субсидияланган товарды жөнөтүүдөн же ал аркылуу келтирил-
ген зыяндын  жетиштүү  далилдери  жоктугу  аныкталса,  териштирүү  чара
көрбөстөн токтотулат.
     2. Эгерде субсидиялардын өлчөмү этибарга алуудан аз экендиги  бел-
гиленсе  же  субсидияланган товарды (чыныгы же потенциалдык) жөнөтүүнүн
көлөмү же зыяндын өлчөмү ушул Мыйзамдын  10-статьясына  ылайык  арзыбас
болуп саналса, териштирүү чара көрбөстөн токтотулат.

     46-статья. Баалар боюнча милдеттенмелер

     1. Териштирүү зыяндын кесепеттерин четтетүү же бааны  кайра  карап
чыгуу же болбосо зыяндын кесепеттерин четтетиши мүмкүн болгон субсидия-
ланган товарды жөнөтүүнү токтотуу  жөнүндө  жөнөтүүчүнүн  милдеттенмеси
жөнүндө  субсидия  берген өлкөнүн өкмөтүнөн ыктыярдуу милдеттенме алын-
гандан кийин убактылуу компенсациялык чараларды же акыркы  компенсация-
лык алымдарды колдонбостон токтотулушу мүмкүн.
     2. Мындай милдеттенмелер боюнча баалардын жогорулашы  субсидиялар-
дын  өлчөмүнүн  ордун  толтуруу  үчүн  зарыл  болгондон көбүрөөк болушу
мүмкүн эмес жана ар кандай учурда ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн  зыян-
дын кесепеттерин четтетүү үчүн жетиштүү болууга тийиш.

     47-статья. Баалар боюнча милдеттенмелерди алуунун шарттары

     1. Баалар боюнча милдеттенме өндүрүштү субсидиялоонун же товарлар-
ды жөнөтүүнүн бар экендиги,  ошондой эле бул товарларды  сатуу  аркылуу
ата  мекендик  өндүрүүчүлөргө  келтирилген зыяндын бар экендиги жөнүндө
алдын ала ырастап аныктама чыгарылгандан кийин гана ыйгарым укуктуу ор-
ган тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.
     2. Эгерде ыйгарым укуктуу орган жөнөтүүчүлөрдүн көп санда  болушу-
нун  натыйжасында же башка себептер боюнча аларды кабыл алуу чындыгында
жүзөгө ашырылгыс деп эсептесе,  баалар боюнча милдеттенме кабыл алынышы
мүмкүн эмес. Ыйгарым укуктуу орган бул себептер тууралу жөнөтүүчүнү жа-
на өлкөнүн расмий органдарын кабарландырууга тийиш.

     48-статья. Баалар боюнча милдеттенмелердин сакталышын контролдоо

     1. Ыйгарым   укуктуу   орган   милдеттенмелери    кабыл    алынган
жөнөтүүчүдөн  жана  жөнөтүүчү өлкөнүн расмий органдарынан кабыл алынган
милдеттенмелердин аткарылгандыгы жөнүндө маалыматтарды беришин, ошондой
эле  берилген маалыматтардын тууралыгын текшерүүнү жүргүзүүнү талап кы-
лууга укуктуу.
     2. Жөнөтүүчү  өлкөнүн өкмөтү же жөнөтүүчү кабыл алган милдеттенме-
лерин бузган учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ыйгарым укуктуу ор-
гандын сунушу боюнча убактылуу чараларды колдонууга,  эгерде териштирүү
аяктап, субсидиянын жана зыяндын бар экендиги тууралу аныктама чыгарыл-
са, компенсациялык алымдарды киргизүүгө укуктуу.

     49-статья. Баалар боюнча милдеттенмелердин колдонулушу

     1. Ыйгарым укуктуу орган жөнөтүүчү  баалар  боюнча  кабыл  алынган
милдеттенмелерин  ак  ниеттүү  аткарган  учурда териштирүүнү токтотууга
укуктуу.
     2. Ыйгарым укуктуу орган баалар  боюнча  өзүнө  милдеттенме  алган
жөнөтүүчү талап кылган учурда же өзүнүн демилгеси боюнча субсидиялардын
жана зыяндын бар экендигин аныктоо үчүн  баалар  боюнча  милдеттенмелер
кабыл алынгандан кийин териштирүүнү улантат.
     3. Баалар  боюнча  милдеттенме  субсидиялардын  же зыяндын жоктугу
аныкталса, ыйгарым укуктуу орган тарабынан алынып салынат.
     4. Баалар  боюнча милдеттенме зыян келтирген субсидияга каршы ара-
кеттенүү үчүн зарыл мезгилдин ичинде жана өлчөмдө күчүндө кала  берүүгө
тийиш.

     50-статья. Баалар боюнча кабыл алынган милдеттенмелер жөнүндө
                кабарлоо

     1. Баалар  боюнча  милдеттенмелер  кабыл  алынгандан кийин ыйгарым
укуктуу орган  жашыруундуулук  жөнүндө  ушул  Мыйзамдын  33-статьясынын
шарттарын  сактоо менен бул тууралу бардык таламдаш тараптарга кабарлоо
жиберет.
     2. Баалар боюнча милдеттенме ал кабарлоо почта менен жөнөтүлгөндөн
же ал өлкөнүн расмий органдарына тапшырылгандан кийин 7 күн өткөндө ка-
был алынды деп эсептелинет.

     51-статья. Компенсациялык алымдарды өндүрүп алуу

     1. Компенсациялык  алымдарды  киргизүү тууралу ыйгарым укуктуу ор-
гандын ырастаган корутундусунун жана Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн
чечиминин негизинде бажылык органдар, эгер субсидия же субсидиялар кай-
ра алынбаса же субсидиялар териштирүүгө  тартылган  жөнөтүүчүлөргө  эми
пайда  алып  келбегендиги  далилденбесе,  териштирүү жүргүзүлгөн бардык
тапшырылган товардан аларды өндүрүп алышат.
     Компенсациялык алым субсидиялардан пайда алып келген  жана  баалар
боюнча милдеттенмелер кабыл алынган жөнөтүүчүлөр ташып келген товарлар-
дан башка бардык булактардан келип түшкөн товарларды жөнөтүүдө  бажылык
орган тарабынан өндүрүлүп алынат.
     2. Компенсациялык  алымдарды киргизүү тууралу чечимде субсидиялан-
ган товарды жөнөтүүчү же жөнөтүүчүлөр аталууга тийиш.
     Эгерде ишке бир өлкөдөн бир канча жөнөтүүчү тартылса  жана  бардык
жөнөтүүчүлөрдү атоо мүмкүн болбосо, ошол өлкө гана көрсөтүлөт.
     Эгерде бирден  ашык  өлкөдөн бир нече жөнөтүүчү тартылса,  ыйгарым
укуктуу орган ишке тартылган бардык жөнөтүүчүлөрдү же эгерде бул  прак-
тикалык  жактан мүмкүн болсо,  тартылтан бардык жөнөтүүчү өлкөлөрдүн ар
бирин атай кете алат.
     3. Компенсациялык алымдар башка бажылык алымдарга, салыктарга жана
башка төлөөлөргө карабастан өндүрүлүп алынат.
     4. Бир да жөнөтүлүүчү товарга бир эле  убакта компенсациялык  жана
антидемпингдик алымдар салынышы мүмкүн эмес.

     52-статья. Териштирүүнүн аяктагандыгы жана компенсациялык
                алымдардын киргизилгендиги тууралу кабарлоо

     Компенсациялык алымдарды  киргизүү  тууралу Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн чечими расмий басма сөзгө жарыяланган  күндөн  тартып  күчүнө
кирет.  Жарыялоо  ушул  Мыйзамдын  40-статьясына  ылайык маалыматтарды,
ошондой эле жөнөтүүчүлөрдүн жүйөлөрүн же талаптарын  кабыл  алуунун  же
четке кагуунун маалыматтарын камтууга тийиш.

     53-статья. Компенсациялык алымдардын өлчөмүн аныктоо

     Компенсациялык алымдар  субсидияланган  товарды ташып келүүнүн на-
тыйжасында  болгон  зыяндардын  кесепеттерин  четтетүү  үчүн   жетиштүү
өлчөмдө  белгиленет.  Компенсациялык  алымдардын суммасы субсидиялардын
суммасынан ашпоого тийиш.

     54-статья. Компенсациялык алымдардын колдонулуш мөөнөтү

     Компенсациялык алымдардын колдонулуш мөөнөтү алар  киргизилген  же
акыркы  жолу кайра каралып чыккан күндөн тартып 5 жылдан ашпоого тийиш.
Компенсациялык  алымдардын  колдонулуш  мөөнөтүн  кайра  карап  чыгууну
өзүнүн  демилгеси боюнча же кандайдыр бир таламдаш тараптын анын араке-
тинин мөөнөтү аяктаганга чейин үч айдан кеч эмес берген арызынын  неги-
зинде ыйгарым укуктуу орган жүзөгө ашырат. Эгерде ыйгарым укуктуу орган
алымдарды алууну токтотуу субсидияланган товарды ташып келүүнү улантуу-
га кайра баштоого алып келе тургандыгын аныктаса, товарга зыяндын кесе-
петтерин четтеткенге чейин алым салынат.

                              VIII Глава
                           Корутунду жоболор

     55-статья. Компенсациялык чараларды колдонуунун мөөнөттөрү

     1. Компенсациялык   чаралар   териштирүү   башталган  күнгө  чейин
жүгүртүүгө  чыгарылган  субсидияланган  товарларга  карата  колдонулушу
мүмкүн эмес.
     2. Компенсациялык  чаралар  ушул   статьянын   3,   4-пункттарында
көрсөтүлгөн башка учурларда, бул чараларды жана алымдарды киргизүү туу-
ралу чечимдер күчүнө киргенден кийин эркин жүгүртүүгө чыгарылган субси-
дияланган товарларга карата гана колдонулат.
     3. Компенсациялык  алымдар эгерде ыйгарым укуктуу орган зыяндын же
зыяндын коркунучу бар экендиги тууралу алдын ала ырастап  аныктама  чы-
гарган жана бул чаралар ошол товарга колдонулган учурларда гана убакты-
луу  компенсациялык  чаралар  киргизилген  күндөн  тартып   колдонулушу
мүмкүн.
     4. Компенсациялык алым,  эгерде териштирүүнүн жүрүшүндө кыска уба-
кытта субсидияланган товарды массалык түрдө ташып келүү менен зыян кел-
тирилгендиги  аныкталса  жана  келтирилген зыяндын кесепеттеринин ордун
толтуруу үчүн убактылуу компенсациялык чараларды киргизген күнгө  чейин
компенсациялык алымдарды өндүрүүнү жүргүзүү зарыл болсо,  убактылуу ча-
ралар киргизилген күнгө чейин 90 күндөн эрте эмес эркин жүгүртүүгө  чы-
гарылган товарларга салынышы мүмкүн.

     56-статья. Эсептешүүлөрдүн тартиби

     1. Эгерде  компенсациялык  алымдын  өлчөмү  колдонуудагы убактылуу
компенсациялык чаралардын өлчөмүнөн көп  болсо,  айырмачылык  өндүрүлүп
алынбайт. Эгерде компенсациялык алым колдонуудагы убактылуу компенсаци-
ялык чаралардын өлчөмүнөн аз болсо, анда айырмачылык төлөнөт же алымдын
өлчөмү кайра эсептелип чыгат.
     2. Ыйгарым укуктуу орган зыяндын коркунучун аныктаганда  компенса-
циялык  алым  зыяндын коркунучу бар экендиги тууралу ырастаган аныктама
чыгарылган күндөн тартып колдонулушу мүмкүн жана колдонуудагы убактылуу
компенсациялык чаралар алынууга тийиш,  ал эми убактылуу компенсациялык
чараларды колдонуунун мезгилинде киргизилген ар  кандай  акча  депозити
кайтарылууга жана ар кандай акча милдеттенмеси жокко чыгарылууга тийиш.
     3. Эгерде териштирүүнүн жүрүшүндө субсидиялардын жана зыяндын жок-
тугу аныкталса,  бардык убактылуу чаралар 10 күндүн ичинде алынууга ти-
йиш,  ал эми өндүрүлүп алынган суммалар белгиленген тартипте 30  күндүн
ичинде кайтарылууга тийиш.

     57-статья. Чараларды алып салуу же өзгөртүү

     Ыйгарым укуктуу орган үч айдан кечиктирбестен өзүнүн демилгеси бо-
юнча же таламдаш тараптардын демилгеси боюнча компенсациялык  чараларды
колдонууну  улантуунун зарылчылыгын же аларды өзгөртүүнүн мүмкүнчүлүгүн
карап чыга алат.
     Колдонулуп жаткан  чаралар  өзүн актабаган болуп санала тургандыгы
белгиленген учурда, алар алынууга же алардын өлчөмү өзгөртүлүүгө тийиш.

     58-статья. Чечимдерге даттануунун тартиби

     Ушул Мыйзамга ылайык ыйгарым укуктуу орган  кабыл  алган  чечимдер
Кыргыз  Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте таламдаш жактар
тарабынан даттанылышы мүмкүн.

     59-статья. Ушул Мыйзамды күчүнө киргизүү тартиби

     Ушул Мыйзам кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.

     Кыргыз Республикасынын Президенти               А.Акаев

     1998-жылдын 7-октябрында                   Кыргыз Республикасынын
                                                Жогорку Кењешинин
                                                Мыйзам чыгаруу жыйыны
                                                тарабынан кабыл алынган