Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

     КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 157 Мыйзамына ылайык
                       КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2004-жылдын 10-июлу № 86

 

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

                        (Кыргыз Республикасынын

               2007-жылдын 11-июнундагы N 80 Мыйзамынын

                         редакциясына ылайык)

 

     2004-жылдын 20-майында              Кыргыз Республикасынын Жогорку

                                         Кењешинин Мыйзам чыгаруу

                                         жыйыны тарабынан кабыл алынган

    

                "Баатыр эне" орденинин статусу жөнүндө

 

     1-статья. "Баатыр эне" ордени менен сыйлоо

 

     "Баатыр эне" ордени менен:

     - он же андан көп балдары бар жана аларды бапестеп багып,  тарбия-

лаган энелер;

     - тогуз  же андан көп балдары бар жана аларды бапестеп багып, тар-

биялаган энелер, - 2007-жылдын 1-январынан;

     - сегиз же андан көп балдары бар жана аларды бапестеп багып,  тар-

биялаган энелер, - 2008-жылдын 1-январынан;

     - жети же андан көп балдары бар жана аларды бапестеп багып, тарби-

ялаган энелер, - 2009-жылдын 1-январынан;

     - "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген жогорку айырмалуу даража-

га татыктуу болгон балдары бар энелер сыйланышат.

     (КР 2007-жылдын 11-июнундагы № 80 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

     2-статья. "Баатыр эне" ордени менен сыйлоонун тартиби

 

     "Баатыр эне" ордени менен сыйлоодо:

     - мыйзамда белгиленген тартипте эне тарабынан асыранып алынган;

     - аскердик, кызматтык жана жарандык милдетин аткарууда курман бол-

гон же дайынсыз жок болгон, ошондой эле мындай учурда алган жарадарлык-

тан,  мертинүүгө  учуроодон же ооруга чалдыгуунун кесепетинен,  болбосо

эмгектик мертинүүгө учуроодон же кесиптик оорута чалдыгуунун  кесепети-

нен өлгөн балдары эске алынат.

     (КР 2007-жылдын 11-июнундагы № 80 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

     3-статья. "Баатыр эне" орденине көрсөтүүнүн тартиби

 

     "Баатыр эне"  ордени менен сыйлоо жөнүндөгү расмий өтүнмө айылдык,

шаарчалык,  райондук маанидеги шаардык,  областтык  маанидеги  шаардык,

Бишкек жана Ош шаардык кењештери тарабынан сунушталат.

     Айылдык, шаарча,  райондук маанидеги шаардык,  областтык маанидеги

шаардык кењештер,  областтык кењештер менен макулдашкандан кийин сыйлоо

жөнүндөгү расмий өтүнмөнү областтык мамлекеттик администрацияларга,  ал

эми  Бишкек жана Ош шаардык кењештери жергиликтүү өз алдынча башкарууга

- Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына жиберет.

     (КР 2007-жылдын 11-июнундагы № 80 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

     4-статья. "Баатыр эне" орденин тагынып жүрүү

 

     "Баатыр эне" ордени төштүн сол тарабына Кыргыз Республикасынын ме-

далдарынан мурда тагылат.

 

     5-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

 

     Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

 

     "Эркинтоо" гезитинин  2004-жылдын 16-июлундагы № 54 санында жарыя-

ланган.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти                          А.Акаев