Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
1998-жылдын 31-октябры № 141
 
                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
 
                        Коргоо чаралары жөнүндө
 
                        (Кыргыз Республикасынын
              2010-жылдын 15-февралындагы № 28 Мыйзамынын
                         редакциясына ылайык)
 
     I бөлүм.   Жалпы жоболор
     II бөлүм.  Мамлекеттик контроль
     III бөлүм. Териштирүүнүн башталышы
     IV бөлүм.  Териштирүүнү жүргүзүү
     V бөлүм.   Териштирүүнүн аякташы
     VI бөлүм.  Корутунду жоболор
 
     Ушул Мыйзам коргоо чаралары жөнүндө мыйзамдын негизги түшүнүктөрүн
жана принциптерин,  олуттуу зыяндын бар экендигин аныктоо боюнча териш-
тирүүнүн  тартибин,  ошондой  эле коргоо чараларын колдонуунун тартибин
аныктайт.
 
                               I бөлүм.
                             Жалпы жоболор
 
     1-статья. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
 
     Ушул Мыйзам менен:
     ушул сыяктуу  же  түздөн-түз  атаандаш  товарларды  ата   мекендик
өндүрүүчүлөргө,  ошондой  эле  Кыргыз  Республикасынын кызыкчылыктарына
олуттуу зыян келтириши же ошондой коркунучтун келип чыгышы мүмкүн  бол-
гон кандайдыр бир товарларды белгилүү санда жана белгилүү шарттарда эр-
кин жүгүртүү үчүн Кыргыз Республикасынын бажы аймагына жөнөтүүгө байла-
ныштуу;
     чет өлкөлүк товар жөнөтүүчүлөр менен ушундай же түздөн-түз  атаан-
даш  товарлардын  ата мекендик өндүрүүчүлөрүнүн ортосунда,  ошондой эле
ыйгарым укуктуу орган менен бардык таламдаш жактардын  ортосунда  келип
чыккан мамилелер жөнгө салынат.
 
     2-статья. Ушул Мыйзамды колдонуунун максаттары жана принциптери
 
     1. Ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн таламдарын коргоо жана Кыргыз Рес-
публикасынын экономикасынын тийиштүү тармактарына келтирилүүчү  олуттуу
зыянды же олуттуу зыян коркунучун четтетүү ушул Мыйзамдын максаты болуп
саналат.
     2. Коргоо чаралары ата мекендик өндүрүүчүлөргө,  олуттуу зыян кел-
тирилген же мындай зыян келтирүү коркунучу түзүлгөн шартта гана ыйгарым
укуктуу орган тарабынан колдонулат.
     3. Коргоо чаралары териштирүүнүн жол-жобосу ушул  Мыйзамга  ылайык
так жүргүзүлгөндө гана колдонулушу мүмкүн.
     4. Коргоо чаралары жөнөтүлүүчү товарга карата ал ташылып  келинген
жерине карабастан колдонулат.
     5. Коргоо чаралары катары ушул Мыйзамда саналып көрсөтүлгөн  чара-
лар гана пайдаланылышы мүмкүн.  Коргоо чаралары катары жөнөтүүлөрдү өзү
белгилегендей чектөө боюнча аракеттер,  рынокторду жөнгө салуу  жөнүндө
макулдашуулар  же  сатып  өткөрүүнү жөнгө салуу боюнча башка аракеттер,
бааларга контроль киргизүү жана башка ушул сыяктуу чаралар пайдаланылы-
шы мүмкүн эмес.
 
     3-статья. Коргоо чаралары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
               ры
 
     1. Коргоо  чаралары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыр-
гыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан жана
Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
     2. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда
белгиленген тартипте  күчүнө  кирген  эл аралык келишимде ушул Мыйзамда
камтылгандан башкача  эрежелер белгиленсе эл аралык келишимдин жоболору
колдонулат.
     (КР 2010-жылдын 15-февралындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылай-
ык)
 
     4-статья. Терминдер жана аныктамалар
 
     Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй түшүнүктөр колдонулат:
     БСУ - Бүткүл дүйнөлүк соода уюму;
     Зыян -   өнөр   жай   тармагынын   болбосо   айрым   ата  мекендик
өндүрүүчүлөрдүн экономикалык абалынын олуттуу начарлашы.
     Убактылуу коргоо  чаралары  -  эркин жүгүртүү үчүн өнөр жайдын ата
мекендик тармактарына же ушул сыяктуу же түздөн-түз атаандаш товарларды
ата  мекендик өндүрүүчүлөргө олуттуу зыян келтириши же мындай зыян кел-
тирүү коркунучун пайда кылуучу санда жана/же шарттарда Кыргыз Республи-
касынын  бажы аймагына алынып келинүүчү товарлар үчүн атайын бажы алым-
дарын белгилөө түрүндө Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  токтомдорунун
негизинде  бажы  органдары  колдонгон  администрациялык-каржылык таасир
этүү каражаттарынын жыйындысы.
     Таламдаш тараптар  -  териштирүү  заты болуп саналган товарды экс-
порттоочу,  чет өлкөлүк өндүрүүчү,  товарды импорттоочу же  мүчөлөрүнүн
көпчүлүгү мындай товарды өндүрүүчүлөр,  экспортоочулар же импортоочулар
болуп  саналган  соода,  өнөр  жай  ассоциациясы,  экспортоочу  өлкөнүн
өкмөтү,  Кыргыз Республикасынын өкмөтү, Кыргыз Республикасында ушул сы-
яктуу же түздөн-түз атаандаш товарды өндүрүүчү же соода жана  өнөр  жай
ассоциациясы, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча ассоциациясы.
     Коргоо чаралары - эркин жүгүртүү үчүн  белгилүү  сандарда  жана/же
белгилүү шарттарда жөнөтүүгө, тапшырууга атайын бажылык алымдар же кво-
таларды белгилөө түрүндө,  өнөр жайдын ата мекендик тармактарына же ата
мекендик өндүрүүчүлөргө ушундай же түздөн-түз атаандаш товардын олуттуу
зыян келтириши же мындай коркунуч келип чыгышы мүмкүн  болгондо  Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун негизинде бажы органдары колдо-
нуучу администрациялык-каржылык таасир көрсөтүүнүн  каражаттарынын  жы-
йындысы.
     Квота - ыйгарым укуктуу орган аныктаган товарды  жөнөтүүгө  сандык
жактан чектөө,  ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун неги-
зинде бажы органдары тарабынан киргизилет.
     Комитет - БСУнун коргоо чаралары боюнча комитети.
     Ата мекендик өндүрүүчүлөр - Кыргыз Республикасынын аймагында иште-
ген,  ушул сыяктуу же түздөн-түз атаандаш товарларды Кыргыз Республика-
сындагы өндүрүүчүлөр.
     Ушул сыяктуу товарлар - бирдей же бир тектүү товарлар:
     окшош товарлар - бардык жагынан бирдей товарлар;
     бир тектүү   товарлар   -   бардык   жагынан  бирдей  эмес,  бирок
мүнөздөмөлөрү окшош жана окшош компоненттерден турган товарлар.
     Жөнөтүүчү-товарларды өндүрүүчү, экспорттоочу же импорттоочу.
     Териштирүү - эркин жүгүртүү  үчүн  белгилүү  санда  жана  белгилүү
шартта,  ушул  сыяктуу  же  түздөн-түз атаандаш товарларды ата мекендик
өндүрүүчүлөргө олуттуу зыян келтирген же мындай зыян коркунучун  түзгөн
кандайдыр  бир  товарды  Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып ки-
йирүү  жагынан  документтерди  жана  башка  далилдерди  карап  чыгуунун
жол-жобосу.
     Атайын алымдар - эркин жүгүртүү үчүн белгилүү санда  жана/же  бел-
гилүү  шарттарда  өнөр жайдын ата мекендик тармактарына же ушул сыяктуу
же түздөн-түз атаандаш товарларды ата мекендик  өндүрүүчүлөргө  олуттуу
зыян келтириши же мындай коркунуч келтириши мүмкүн болгон кандайдыр бир
товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына  жөнөтүлгөн  учурда  бажы
органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде колдоно
турган алымдар.
     Зыян коркунучу   -  өнөр  жай  тармагынын,  болбосо  ата  мекендик
өндүрүүчүлөрдүн болочокто экономикалык абалынын сөзсүз начарлашы.
     Ыйгарым укуктуу  орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн таламдаш
жактардын арызы  боюнча  болбосо  өзүнүн  демилгеси  боюнча  териштирүү
жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органы.
 
                               II бөлүм.
                         Мамлекеттик контроль
 
     5-статья. Мамлекеттик контролдоо органдары
 
     1. Жөнөтүүчүлөрдүн  соода ишине мамлекеттик контролдоого жалпы же-
текчиликти коргоо чаралары жөнүндө мыйзамдарга ылайык Кыргыз  Республи-
касынын Өкмөтү жүзөгө ашырат.
     2. Контролдоо жана териштирүүнү жүргүзүү боюнча түздөн-түз иш ара-
кетти Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу же Президенти түзүүчү ый-
гарым укуктуу орган жүзөгө ашырат.
 
     6-статья. Ыйгарым укуктуу орган
 
     1. Ыйгарым укуктуу орган ага ушул Мыйзам берген ыйгарым укуктардын
чектеринде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жобонун негизин-
де иштейт.
     2. (КР 2010-жылдын 15-февралындагы № 28 Мыйзамына ылайык күчүн жо-
готту)
     3. Атайын алымдарды же квоталарды  киргизүүнүн  зарылчылыгы  болсо
ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө токтомдордун дол-
боорлорун киргизет.
     4. Өзүнүн  милдеттерин жүзөгө ашырууда ыйгарым укуктуу орган башка
өлкөлөрдүн расмий органдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташат.
     (КР 2010-жылдын 15-февралындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылай-
ык)
 
                              III бөлүм.
                        Териштирүүнүн башталышы
 
     7-статья. Арыз берүү
 
     1. Товарларды жөнөтүү аркылуу олуттуу зыян келтирүү же олуттуу зы-
ян келтирүү коркунучунун фактылары боюнча териштирүүнү жүргүзүү жөнүндө
арыз  ушул  сыяктуу  же  түздөн-түз  атаандаш  товарлардын ата мекендик
өндүрүүчүлөрү тарабынан же алардын атынан ыйгарым укуктуу органга бери-
лет.
     2. Арыз төмөндөгүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
     - арыз берүүчүнүн атын жана арыз берүүчү чыгарган ушул сыяктуу то-
варлардын наркы жана көлөмү жөнүндө маалыматтарды;
     - товарлардын толук сүрөттөлүшүн,  ал чыгарылган же  экспорттолгон
өлкөнүн же өлкөлөрдүн атын, ошол товардын белгилүү жөнөтүүчүлөрдүн тиз-
месин;
     - ошол  товардын  жөнөтүлүшүн ырастоочу далилдерди,  ошол товардын
арыз ээсине белгилүү болгон мүнөзүн жана башка шарттарды;
     - абсолюттук жана салыштырмалуу көлөмдөрдө ошол товарды жөнөтүүнүн
темптери жана көбөйүшүнүн өлчөмдөрү,  ички рынокто ошол товардын  үлүшү
жөнүндө,    сатуунун,   өндүрүштүн,   өндүрүмдүүлүктүн   көлөмдөрүндөгү
өзгөрүштөр,  кубаттуулуктарынын  жүктөлүшү,  пайданын  жана  зыяндардын
өлчөмү, калктын иш менен камсыз болушу жөнүндө маалыматтарды;
     - бул товарды жөнөтүүнүн  Кыргыз  Республикасынын  ички  рыногунда
ушул  сыяктуу же түздөн-түз атаандаш товардын баасына таасирин жана ти-
йиштүү түрдө далилдер менен ырасталган ата мекендик  өндүрүүчүлөр  үчүн
мүмкүн болуучу кесепеттерди;
     - ушул сыяктуу же түздөн-түз атаандаш товарлардын бардык  белгилүү
ата   мекендик  өндүрүүчүлөрүнүн  тизмесин  жана  жогоруда  көрсөтүлгөн
өндүрүүчүлөрдүн үлүшүнө туура келген ушул сыяктуу же түздөн-түз  атаан-
даш товарлардын наркы жана өндүрүү көлөмү жөнүндө белгилүү маалыматтар-
ды.
     3. Териштирүү  жол-жобосу  башталганга  чейин кайра ар кандай арыз
алынышы мүмкүн жана мындай учурда арыз берилген жок деп эсептелинет.
     4. Кандайдыр  бир товарлардын жөнөтүлүшүнөн улам олуттуу зыян кел-
тирилгендиги же олуттуу зыян келтирүү  коркунучу  бар  экендигинин  же-
тиштүү  далилдери  болгон  учурда  ыйгарым  укуктуу орган кат жүзүндөгү
арызсыз эле өзүнүн демилгеси боюнча териштирүүнүн башталышы жөнүндө че-
чим кабыл ала алат.
 
     8-статья. Арызды карап чыгуу
 
     1. Арыз берилгенден кийин ыйгарым укуктуу орган арызда көрсөтүлгөн
маалыматтардын аныктыгын жана жетиштүүлүгүн карап чыгууга  жана  териш-
тирүүнү  жүргүзүү жөнүндө,  болбосо териштирүүнү жүргүзүүдөн баш тартуу
жөнүндө 30 күндүн ичинде чечим кабыл алууга тийиш.
     2. Эгер  ыйгарым  укуктуу  орган берилген маалыматты толук эмес же
жетиштүү эмес деп эсептесе,  ал бул жөнүндө арыз берүүчүгө арыз алынган
күндөн  тартып  30 күндүн ичинде кабарлоого тийиш.  Арыз берүүчү өзүнүн
арызын өзгөрткөн же толуктаган учурда арызды кароонун мөөнөтү толуктоо-
лорду жана өзгөртүүлөрдү алган күндөн тартып башталат.
     3. Териштирүүнү жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин  ый-
гарым укуктуу орган расмий басма сөздө кабар жарыялайт жана бул жөнүндө
бардык таламдаш тараптарга кабарлап, алар угууларды жүргүзүү үчүн чакы-
рылат.
     4. Ыйгарым укуктуу орган товарларды жөнөтүүнүн жетиштүү  далилдери
жок  болгондо же олуттуу зыян же анын коркунучу болбогондо териштирүүнү
жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
     5. Териштирүүнү  жүргүзүүдөн  баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алын-
гандан кийин ыйгарым укуктуу орган баш тартуунун себебин көрсөтүү менен
бул тууралу арыз берүүчүгө кабарлоого тийиш.
 
     9-статья. Териштирүү жөнүндө кабарлоо
 
     1. Ыйгарым укуктуу орган Комитетке төмөндөгүдөй маселелер боюнча:
     а) териштирүүнүн башталышы тууралу;
     б) олуттуу  зыян  келтирүү же олуттуу зыян коркунучунун фактысынын
аныкталгандыгы тууралу;
     в) убактылуу чаралардын киргизилгендиги тууралу;
     г) коргоо чаралары киргизилгендиги же узартылгандыгы  тууралу  че-
чимдин кабыл алынышы жөнүндө кабарлайт.
     2. Териштирүү жөнүндө кабар ишке тийиштүү бардык маалыматты камту-
уга тийиш,  ал жөнөтүүнүн өскөн көлөмдөрүнө байланыштуу олуттуу зыяндын
же анын коркунучунун далилдерин,  товардын так сүрөттөмөсүн,  коргоонун
сунуш кылынган чарасын,  аны киргизүү күнүн, ошондой эле анын узактыгын
жана анын өлчөмүн бара-бара төмөндөтүүнүн графигин камтууга тийиш.
     Чараны узартуу  жөнүндө  кабарлаган учурда ушул сыяктуу товарларды
чыгаруу тармагындагы экономикалык жагдайдын жакшырышынын далилдери кел-
тирилүүгө тийиш.
     3. Ушул статьяда көрсөтүлгөн учурлардан башка убакта ыйгарым укук-
туу орган коргоо чараларына тийиши бар бардык мыйзамдар, токтомдор жана
башка ченемдик администрациялык актылар жөнүндө, ошондой эле бул ченем-
дик  укуктук  актыларга киргизилген бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор
тууралу Комитетке кабарлайт.
 
     10-статья. Арыз менен тааныштыруу
 
     Ыйгарым укуктуу орган териштирүү башталгандан кийин бардык  талам-
даш  тараптарга  алардын  өтүнүчү  боюнча арыздын толук текстин берүүгө
милдеттүү, мында жашыруун маалымат ачыкка чыгарылбайт.
 
                               IV бөлүм.
                         Териштирүүнү жүргүзүү
 
     11-статья. Териштирүү мөөнөттөрү
 
     Териштирүү мөөнөтү алты айга белгиленет.  Бөтөнчө учурларда териш-
тирүүнүн мөөнөтү үч айга узартылышы мүмкүн.
 
     12-статья. Маалыматты сурап алуу
 
     1. Териштирүү башталгандан кийин ыйгарым  укуктуу  орган  таламдаш
тараптарга суроо-талаптарды жиберет.
     Таламдаш тараптарга суроо-талапка жоопту даярдоо үчүн 20 күн бери-
лет.  Бул мөөнөт узартылышы мүмкүн,  бирок 10 күндөн ашпоого тийиш. Су-
роо-талап почта боюнча жөнөтүлгөндөн же таламдаш тараптын  өкүлүнө  бе-
рилген күндөн кийин 5 күн өткөндө алынды деп эсептелинет.
     2. Териштирүүнүн жүрүшүндө ыйгарым укуктуу орган  таламдаш  тарап-
тардан  берүүнүн  мөөнөтүн  көрсөтүү менен кошумча маалыматты сурап ала
алат.
     3. Ар  бир  таламдаш тарап өзү зарыл деп эсептеген ар кандай башка
далилдерди кат жүзүндө берүүгө укуктуу.
 
     13-статья. Жашырындуулук
 
     1. Териштирүүнүн жүрүшүндө ыйгарым укуктуу органга жашыруун катары
берилген маалымат, жетиштүү негиздер болгондо, ушундай катары каралууга
тийиш жана аны берген тараптын кат жүзүндөгү уруксаты болмоюнча  кандай
түрдө болсун жарыяланууга тийиш эмес.
     2. Жашыруун маалыматты берген тарап бул маалымат  боюнча  жашыруун
эмес мүнөздөгү түшүнүк катын берүүгө тийиш.
     Түшүнүк кат маалыматтын мазмунун түшүнүү үчүн толук жетиштүү болу-
уга,  болбосо ачык маалыматты эмне үчүн толук берүүгө болбостугунун се-
бебин түшүндүрүүгө тийиш.
     3. Эгерде  ыйгарым укуктуу орган жашыруундуулук жөнүндө өтүнүч не-
гиздүү болуп саналбай тургандыгын тактаса,  же маалымат чыккан жак маа-
лыматты  жарыялагысы  келбесе,  болбосо  аны кыскача таризде жарыялоого
уруксат бербесе ыйгарым укуктуу орган мындай маалыматты  көњүлгө  албай
кое алат, буга ал маалымат так экендиги далилденген учурлар кирбейт.
     4. Жашыруун маалыматты ачыкка чыгаргандыгы үчүн жооптуу жак Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп тартат.
 
     14-статья. Иш жүргүзүүнүн тартиби
 
     1. Ыйгарым  укуктуу  орган ар бир териштирүү боюнча өзү белгилеген
таризде жазуу жүзүндө иш жүргүзөт.  Иште териштирүүгө  тийиштүү  бардык
документтер болууга тийиш.
     2. Иш материалдары териштирүүнүн жүрүшүндө таанышуу  жана  алардын
өтүнүчү боюнча ишти кайра кароо үчүн таламдаш тараптарга берилет.
     3. Ыйгарым укуктуу орган ар бир териштирүү боюнча отчет жарыялайт.
Отчетто  кабыл  алынган  чечимдерди негиздеген жүйөлөрдү көрсөтүү менен
иштин толук талдоосу берилүүгө тийиш.  Отчет териштирүү аяктагандан ки-
йин жарыяланууга тийиш.
 
     15-статья. Угуулар
 
     1. Таламдаш  тараптар  иштин  материалдары  жана  экинчи  тараптын
жүйөлөрү менен таанышуу максатында угууларды жүргүзүү  жөнүндө  ыйгарым
укуктуу органга өтүнүч берүүгө укуктуу.
     2. Угуулар ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын төрагалыгы ас-
тында өтөт, ал жашыруундуулуктун сакталышын камсыз кылат. Угууларга ый-
гарым укуктуу органдын өкүлдөрү,  тараптардын өкүлдөрү  жана  катышуусу
зарыл болуп саналган башка адамдар катышууга тийиш.
     3. Таламдаш тараптар кошумча угууларды өткөрүү жөнүндө өтүнүч  жа-
соого укуктуу.  Өтүнүч негиздүү болгон учурда ыйгарым укуктуу орган ко-
шумча угууларды өткөрө алат.
     4. Угууларды өткөрүүдө протокол жүргүзүлөт.  Таламдаш тараптар ко-
шумча маалыматты оозеки берүүгө  укуктуу.  Ушул  статьянын  талаптарына
ылайык берилген оозеки маалымат, ал кат жүзүндө ырасталгандан кийин ка-
роого кабыл алынат.
 
     16-статья. Олуттуу зыянды белгилөө
 
     Териштирүүнүн жүрүшүндө  ыйгарым  укуктуу   орган   ата   мекендик
өндүрүүчүлөргө келтирилген олуттуу зыянды белгилөө жана эсептөө үчүн эл
аралык келишимдердин ченемдерин пайдаланат. Олуттуу зыянды аныктоо объ-
ективдүү  фактылар менен ырасталган,  алынган маалыматтарга негизделет,
мында өсүп жаткан жөнөтүүлөрдүн көлөмү менен келтирилген олуттуу  зыян-
дын же анын коркунучунун келип чыгышынын ортосундагы себептүү байланыш-
тын бар экендиги далилденүүгө тийиш.
     Жөнөтүүлөрдүн өскөн  көлөмүнөн  башка  ата мекендик өндүрүүчүлөргө
олуттуу зыян кетирген башка факторлор бар болгон учурда,  бул факторлор
келтирген  олуттуу  зыян  жогоруда  айтылган товарларды жөнөтүүнүн өсүп
жаткан көлөмдөрүнө таандык кылынышы мүмкүн эмес.
 
     17-статья. Алдын ала ырастаган аныктоо
 
      Кандайдыр бир товарды жөнөтүүнүн өсүшүн улам келтирилген  олуттуу
зыяндын  же  анын  коркунучунун фактысы териштирүүнүн жүрүшүндө алынган
далилдер менен ырасталса, ыйгарым укуктуу орган алдын ала ырастоо анык-
тамасын чыгарат,  ал убактылуу коргоо чараларын колдонуу үчүн негиз бо-
луп саналат.
 
     18-статья. Убактылуу коргоо чараларын колдонуу
 
     1. Убактылуу коргоо чаралары  териштирүү  жүргүзүлгөн  товар  үчүн
атайын бажы алымын белгилөө түрүндө колдонулат.
     2. Убактылуу коргоо чаралары бажы органдары тарабынан Кыргыз  Рес-
публикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде ыйгарым укуктуу орган олут-
туу зыяндын же анын коркунучунун бар экендиги жөнүндө алдын ала ыраста-
ган аныктамасын чыгаргандан кийин колдонулат.
     3. Убактылуу коргоо чараларын колдонуу жөнүндө кабар  алар  колдо-
нулганга  чейин  20  күн  мурда бардык таламдаш тараптарга жана алардын
өлкөлөрүнүн расмий өкүлдөрүнө жиберилүүгө тийиш. Кабарлагандан кийин 10
күндүн  ичинде  териштирүүгө  алынган жактар убактылуу коргоо чараларын
колдонуунун негиздерине карата кат  жүзүндө  сын-пикирлерин  билдирүүгө
укуктуу.
     4. Убактылуу коргоо чараларынын өлчөмү болжолдонгон же белгиленген
олуттуу  зыяндын  алдын ала белгиленген жалпы суммасынан ашпоого тийиш,
бирок ата мекендик өндүрүүчүлөргө же Кыргыз Республикасынын  экономика-
сына  келтирилген  зыянды четтетүү үчүн мындан аз сумма жетиштүү болсо,
мындай суммадан азыраак болушу да мүмкүн.
 
     19-статья. Убактылуу коргоо чараларын колдонуу жөнүндө чечимди жа-
                рыялоо
 
     Убактылуу коргоо  чаралары  убактылуу  чараларды  колдонуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими расмий басма сөздө  жарыяланган
учурдан тартып күчүнө кирет. Жарыялоо төмөндөгүдөй маалыматтарды:
     - жөнөтүүчүлөрдүн же товар жөнөтүлгөн өлкөлөрдүн атын;
     - товардын толук сүрөттөлүшүн (бажылык максаттар үчүн жетиштүү);
     - олуттуу зыянды баалоонун критерийлерин;
     -убактылуу коргоо чараларын көрүүнүн негизги жүйөлөрүн;
     - колдонулган чаралардын толук баяндамасын;
     - чыныгы кырдаалды түшүнүү үчүн зарыл болгон башка маалыматты жана
укуктук аспекттерди камтууга тийиш.
     Жарыялоодо жашыруун маалыматтар болбоого тийиш.
 
     20-статья. Убактылуу коргоо чараларынын аракетинин мөөнөттөрү
 
     1. Убактылуу коргоо чараларынын аракет мөөнөтү 7 айдан ашпоого ти-
йиш.
     2. Убактылуу  коргоо чараларынын аракетинин мөөнөтү ушул Мыйзамдын
29-статьясына ылайык коргоо чараларынын аракетинин жалпы мөөнөтүнө кир-
гизилет.
 
                               V бөлүм.
                         Териштирүүнүн аякташы
 
     21-статья. Териштирүүнүн аякташы
 
     1. Ыйгарым укуктуу орган акыркы чечимди чыгарганга  чейин  кеминде
бир  ай  мурда чечим негизделе турган негизги фактылар менен бардык та-
ламдаш тараптарды тааныштырууга тийиш.
     Таламдаш тараптарга жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча өздөрүнүн
сын-пикирлерин бериши үчүн 15 күн берилет.
     2. Товарды  жөнөтүүдөн  келтирилген олуттуу зыянды же олуттуу зыян
келтирүү коркунучун аныктоо боюнча ыйгарым укуктуу орган жүргүзгөн  те-
риштирүү төмөндөгүдөй чечимдерди кабыл алуу менен аяктайт:
     - чаралар көрбөй туруп териштирүүнү токтотуу;
     - коргоо чараларын колдонуу.
 
     22-статья. Чара көрбөй туруп териштирүүнү токтотуунун негиздери
 
     Териштирүүгө алынган товарларды жөнөтүүдөн келтирилген олуттуу зы-
ян же анын коркунучу бар экендигинин жетиштүү  далилдери  жок  экендиги
аныкталган учурда териштирүү чара көрбөстөн туруп токтотулат.
 
     23-статья. Коргоо чаралары
 
     1. Коргоо  чараларын колдонуу жөнүндө чечим териштирүү аяктагандан
кийин ыйгарым укуктуу органдын ырастаган аныктамасынын негизинде Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.
     2. Коргоо чаралары товарларды жөнөтүүнү көлөмүн чектөө - квоталар-
ды белгилөө,  болбосо атайын алымды киргизүү аркылуу бажы тарифин жого-
рулатуу түрүндө колдонулат.
     3. Коргоо  чараларын колдонуу жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу ор-
ган тарабынан Комитетке берилүүгө тийиш.
 
     24-статья. Коргоо чараларын колдонуунун тартиби
 
     1. Коргоо чаралары чара мурда белгиленген товарларга анын  мөөнөтү
аяктагандан кийин кеминде 2 жыл өтмөйүнчө аларга карата коргоо чаралары
кайталанып колдонулушу мүмкүн эмес.
     2. Коргоо чаралары, эгерде алардын аракеттеринин алгачкы мөөнөтү 6
айды же андан аз убакытты түзсө, төмөндөгүдөй шарттар сакталганда:
     а) коргоо  чаралары  киргизилген күндөн тартып бир жылдан кем эмес
убакыт өтсө;
     б) бул  сыяктуу  коргоо  чарасы  ал киргизилген күндөн мурдагы беш
жылдын ичинде бир эле товарга эки жолудан ашуун колдонулбаса, товарлар-
га карата кайталанып колдонулушу мүмкүн.
     3. Эгерде алардын бул товарды жөнөтүүлөрдүн жалпы көлөмүндө  үлүшү
3 проценттен ашпаса, БСУга мүчө болгон өнүгүп келаткан өлкөлөргө ар би-
ринин жөнөтүүдөгү үлүшү - 3 проценттен азды түзсө,  жыйындысында териш-
тирүүгө алынган товарларды бардык жөнөтүүлөрдүн 9 проценттен ашпаганына
туура келген шартта коргоо чаралары БСУга мүчө болгон  өнүгүп  келаткан
өлкөлөрүнүн товарларына каршы колдонулушу мүмкүн эмес.
     4. Ыйгарым укуктуу орган олуттуу  зыяндын  коркунучун  аныктаганда
коргоо  чаралары  олуттуу зыян коркунучу бар экендиги жөнүндө ырастаган
аныктама чыгарылган күндөн тартып гана колдонулушу мүмкүн жана колдону-
луп   жаткан  убактылуу  коргоо  чаралары  коргоо  чараларынын  өлчөмүн
эсептөөдө эске алынууга тийиш.
 
     25-статья. Квоталар
 
     1. Квоталар таламдаш жөнөтүүчүлөр (жөнөтүүчү өлкөлөр) менен макул-
дашуунун  жана  алардын  ортосунда  жөнөтүүчүлөрдүн үлүштөрүн андан ары
бөлүштүрүүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан  белги-
лениши мүмкүн:
     а) айрым жөнөтүүчүлөр үчүн белгиленген квоталар акыркы  үч  жылдын
ичинде бул товарды жөнөтүүнүн орточо дењгээлинен аз болушу мүмкүн эмес,
буга бир кыйла олуттуу чектөөлөр олуттуу зыяндын кесепеттерин болтурбоо
же анын ордун толтуруу үчүн зарыл болгон учурлар кирбейт.
     б) квоталар ошондой эле мурдагы жөнөтүүчүлөрдүн үлүштөрүнө  жараша
белгилениши мүмкүн.
     2. Эгерде консультациялар Комитеттин көмөгү астында жүргүзүлсө жа-
на төмөндөгүдөй талаптар:
     - жөнөтүүчүлөрдүн жалпы көбөйүшүнө карата жөнөтүүчүлөрдүн  биринин
жөнөтүүсүнүн көлөмүнүн пропорциялуу эмес көбөйүшү;
     - бардык жөнөтүүчүлөр үчүн бирдей адилеттүү шарттар сакталса  кво-
талар таламдаш жөнөтүүчүлөр (жөнөтүүчү өлкөлөр) менен макулдашпай туруп
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталышы мүмкүн.
     3. Ыйгарым  укуктуу орган ата мекендик өндүрүүчүлөргө олуттуу зыян
коркунучун аныктаган учурда ушул статьянын 2-пункту колдонулбайт.
 
     26-статья. Атайын алымдар
 
     1. Ыйгарым укуктуу органдын ырастаган  аныктамасынын  жана  атайын
алымдарды  салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин не-
гизинде бажы органдары териштирүү жүргүзүлгөн жөнөтүлгөн бардык  товар-
дан аларды өндүрүп алышат.
     2. Атайын  алымдар  бажы   алымдарына,   салыктарга   жана   башка
төлөөлөргө карабастан өндүрүлүп алынат.
 
     27-статья. Териштирүүнүн  жана коргоо чараларын колдонуунун аякта-
                гандыгы жөнүндө билдирүү
 
     Коргоо чараларын колдонуу жөнүндө чечим коргоо чараларын  киргизүү
жөнүндө  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими расмий басма сөздө жа-
рыяланган  күндөн  тартып  күчүнө  кирет.  Жарыялоодо  ушул   Мыйзамдын
19-статьясына ылайык маалыматтар, ошондой эле жөнөтүүчүлөрдүн жүйөлөрүн
же талаптарын кабыл алуунун же четке кагуунун себептери камтылууга  ти-
йиш.
 
     28-статья. Коргоо чараларынын өлчөмдөрүн аныктоо
 
     1. Коргоо  чаралары  териштирүү  жүргүзүлгөн товарларды жөнөтүүнүн
олуттуу зыянын четтетүү үчүн жетиштүү өлчөмдө белгиленүүгө тийиш.
     2. Коргоо  чараларынын  дењгээли  алар  колдонулган бардык убактын
ичинде эч кандай жогорулатылышы мүмкүн эмес.
     3. Коргоо  чараларынын  дењгээли  ыйгарым укуктуу органдын өтүнүчү
боюнча төмөндөгүдөй учурларда Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтү  бекиткен
планга ылайык:
     а) коргоо чарасынын узактыгы бир жылдан ашканда - колдонуунун бар-
дык мезгили ичинде убакыттын бирдей бөлүктөрүндө;
     б) коргоо чарасынын узактыгы төрт жылдан ашса  -  анын  мөөнөтүнүн
жарымы өткөндөн кийин төмөндөтүлүшү мүмкүн.  Мында учурда ыйгарым укук-
туу  орган  коргоо  чарасын  алып  салуу,  болбосо   коргоо   чарасынын
төмөндөшүнүн темптерин ыкчамдатуу жөнүндө маселени карап чыга алат.
 
     29-статья. Коргоо чараларынын аракетинин мөөнөтү
 
     1. Коргоо  чараларынын  аракетинин  мөөнөтү  ал киргизилген күндөн
тартып 4 жылдан ашпоого тийиш.  Коргоо чараларынын аракетинин  мөөнөтүн
кайра  карап  чыгууну  ыйгарым укуктуу орган өзүнүн демилгеси боюнча же
ата мекендик өндүрүүчүлөр берген же алардын атынан берилген арыздын не-
гизинде  жүзөгө  ашырат.  Коргоо  чараларынын  аракетинин жалпы мөөнөтү
(убактылуу коргоо чараларын кошуп алганда) 10 жылдан ашпоого тийиш.
     2. Ыйгарым укуктуу орган олуттуу зыянды болтурбоо же четтетүү үчүн
коргоо чаралары зарыл экендигин  аныктаган  учурда  коргоо  чараларынын
аракет мөөнөтү эл аралык келишимдердин жоболорун сактоо менен узартылы-
шы мүмкүн.
 
                               VI бөлүм.
                           Корутунду жоболор
 
     30-статья. Милдеттенмелерди сактоо
 
     Коргоо чараларын колдонууда же алардын аракетинин мөөнөтүн узарту-
уда ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасы соода жаатында өзүнө  ал-
ган эл аралык милдеттенмелерин эске алууга жана эгерде алар болсо,  аны
менен башка өлкөлөрдүн ортосундагы тарифтик эпке келишүүлөрдүн  дењгээ-
лин сактап калуу үчүн чаралар көрүүгө тийиш.
 
     31-статья. Чараларды алып салуу же өзгөртүү
 
     1. Ыйгарым укуктуу орган ар кандай убакта өзүнүн демилгеси боюнча,
болбосо таламдаш тараптардын демилгеси боюнча коргоо чараларын колдону-
уну  узартуунун  зарылчылыгын же аларды өзгөртүүнүн мүмкүнчүлүгүн карап
чыга алат.
     2. Колдонулган  чаралар өзүн актабай тургандыгы белгиленген учурда
алар алып салынууга тийиш,  болбосо алардын өлчөмдөрү өзгөртүлүүгө  ти-
йиш.
 
     32-статья. Мыйзамдын күчүнө киришинин тартиби
 
     Ушул Мыйзам кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
 
     Кыргыз Республикасынын Президенти               А.Акаев
 
     1998-жылдын 7-октябрында  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
                               Мыйзам чыгаруу  жыйыны  тарабынан  кабыл
                               алынган