Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 102 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\0a64285f-4129-4877-ad21-1d985b7c201a\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2004-жылдын 13-августу № 127

Кыргыз Республикасынын Бажы органдарынын тартип уставы жөнүндө

(КР 2011-жылдын 23-декабрындагы № 252, 2014-жылдын 30-майындагы 83 , 2019-жылдын 29-мартындагы N 40
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

1-статья.

 

Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын Тартип уставы кабыл алынсын.

 

2-статья.

 

"Кыргыз Республикасынын органдарынын Тартип уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 503-ст.) күчүн жоготту деп табылсын.

 

3-статья.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын
           Президенти

 

А.Акаев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Бажы органдарынын
ТАРТИП УСТАВЫ

 

(КР 2011-жылдын 23-декабрындагы № 252, 2014-жылдын 30-майындагы 83 , 2019-жылдын 29-мартындагы N 40
Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

 

I Глава
Жалпы жоболор

 

1. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын Тартип уставы (мындан ары - Устав) Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын (мындан ары - бажы органдары) кызмат адамдарына таралат жана бажы органдарындагы кызматтык тартиптин (мындан ары - кызматтык тартип) маани - маңызын, аны сактоого байланыштуу бажы органдарынын башчыларынын укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле кызыктыруучу сыйлыктар берүү жана тартиптик жаза - чаралар колдонуу тартибин аныктайт.

Тартип - бул бажы органдарынын бардык кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана ушул Уставда белгиленген тартипти жана эрежелерди бекем жана так сактоосу дегендикке жатат.

2. Тартип бажы органдарынын ар бир кызмат адамын төмөндөгүлөргө милдеттендирет:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бекем сактоого жана анттын талаптарын жана башчылардын буйруктарын так аткарууга;

- Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин жарандарынын ар-намысы менен кадыр-баркын сыйлоого;

- кыраакылык көрсөтүүгө, мамлекеттик жана кызматтык сырды бекем сактоого;

- жогорку кесиптик даярдыкка ээ болууга, тапшырылган ишти жакшы билүүгө, өзүнүн кызматтык милдеттерин так жана өз учурунда аткарууга, иште демилгелүүлүк жана тырышчаактык көрсөтүүгө, өзүнүн кесипкерлигин такай жогорулатууга;

- контрабандага жана бажы эрежелерин бузууларга каршы активдүү күрөш жүргүзүүгө, мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоого;

- мамлекеттик бажы контролун уюштуруу жана жүзөгө ашыруу процессинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында чегара аскерлеринин, санитардык - карантиндик, ветеринардык, фитосанитардык контролдорудун өкүлдөрү менен өзара аракеттенүүнү колдоого;

- бажы органдарынын менчигин бажыканалардын имараттарын жана жабдуусун, кызматтык автомобиль транспортун, контролдоонун техникалык каражаттарын жана башка мүлктү сактоого;

- бажы текшерүүсүнүн учурунда алынган материалдык дөөлөттөрдүн сакталышын камсыз кылууга;

- кызматтан тышкары да өзүн татыктуу жана ар-намыстуу алып жүрүүгө;

- эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы, өндүрүштүк санитария жана өрт коопсуздугу боюнча эрежелерди жана ченемдерди так сактоого;

- бул Уставды билүүгө жана анын талаптарын так аткарууга.

(КР 2011-жылдын 23-декабрындагы № 252 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3. Бажы органынын башчысы өзүнө баш ийген адамдардын арасында кызматтык тартиптин абалы үчүн жоопкерчиликтүү болот. Баш ийген адамдарга карата жогорку талап коюу менен катар бажы органынын башчысы төмөнкүлөргө милдеттүү:

- мыйзамдардын, начальниктин буйруктарынын жана тескемелеринин, анттын жана ушул Уставдын кынтыксыз аткарылышын талап кылууга;

- баш ийүүчүлөргө кызмат, квалификацияны жогорулатуу жана эс алуу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө;

- баш ийүүчүлөрдө кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн жоопкерчилик сезимин тарбиялоого;

- баш ийүүчүлөрдүн кызматтык ишине баа берүүдө объективдүү болууга;

- баш ийүүчүлөрдүн ар-намысын жана кадыр-баркын урматтоого;

- бажы органынын кызмат адамдары менен иштешүүдө протекционизмге, аларды жеке себептер боюнча же бажы органдарынын ишиндеги кемчиликтерди сындагандыгы үчүн куугунтуктоого жол бербөөгө.

Кызматтык тартип бузууларды, кылмыштарды же окуяларды жаап - жашырууга жол берген, ага тете эле баш ийүүчүлөрдүн кызматтык тартиптин талаптарын сакташы үчүн зарыл шарттарды камсыз кылбаган башчы жоопкерчиликке тартылат.

(КР 2011-жылдын 23-декабрындагы № 252 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4. Өзүнүн кызмат абалы жана атайын наамы боюнча бажы органдарынын кызмат адамдары бири-бирине карата башчы жана баш ийүүчү, улук жана кенже болушу мүмкүн.

Башчылар тикелей жана түздөн-түз башчылар болушу мүмкүн.

Бажы органдарынын кызмат адамдары кызматы боюнча, убактылуу болсо да баш ийген башчы тикелей башчы болуп саналат.

Баш ийүүчүгө эң жакын турган тикелей башчы анын түздөн-түз башчы болуп саналат.

Бажы органдарынын кызматы боюнча бири бирине баш ийбеген кызмат адамдары улук же кенже кызматкерлер болушу мүмкүн. Улуктук атайын наамдар менен, ал эми наамдары тең болгон учурда ээлеген кызмат орду менен аныкталат.

Башчы баш ийүүчүлөргө тартипти сактоонун үлгүсүн көрсөтүүгө милдеттүү.

5. Буйрук - бажы органынын башчысынын өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынын чектеринде берилген жана баш ийүүчү кызмат адамдары аткарууга милдеттүү болгон кат жүзүндөгү же оозеки тескөөчү.

Буйрук так жана мөөнөтүндө аткарылып буйрукту берген башчыга анын аткарылышы жөнүндө баяндама берилүүгө тийиш.

Кызмат боюнча буйрукту, кызмат адамы эреже катары, өзүнүн түздөн-түз башчысынан алат. Эгерде буйрук тикелей башчыдан алынса, кызмат адамы бул жөнүндө өзүнүн түздөн-түз башчысына билдирип, аны аткарууга милдеттүү.

Буйрукту аны берген башчы же жогору турган башчы гана алып салууга укуктуу.

Кол алдындагы баш ийүүдөн баш тарткан учурда начальник тартипти калыбына келтирүү үчүн мыйзамдарда жана уставдарда белгиленген мажбурлоо чараларын көрүүгө милдеттүү.

(КР 2011-жылдын 23-декабрындагы № 252 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6. Кызмат адамы аткаруу үчүн өзү алган буйруктун укук ченемдүүлүгүнө шектенген учурда бул жөнүндө жазуу жүзүндө түздөн-түз башчысына, буйрукту берген башчыга же бажы органынын жогору турган тикелей башчысына токтоосуз билдирүүгө милдеттүү. Эгерде түздөн-түз башчы, ал эми ал жокто тикелей башчы бул буйрукту ырастаса, кызмат адамы аны, буйрукту аткаруу административдик же жазыктык жактан жазалануучу жосун болгон учурлардан тышкары аны аткарууга милдеттүү.

Кызмат адамы укукка сыйбаган буйрукту аткаргандыгы үчүн жоопкерчиликти бул буйрукту ырастаган башчы көтөрөт.

 

II Глава
Сыйлыктардын түрлөрү жана аларды колдонуу тартиби

 

7. Сыйлоо бажы органдарында кызмат адамдарын тарбиялоонун жана кызматтык тартипти чыңдоонун маанилүү каражаты болуп саналат.

Кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн кызмат адамдарына ушул Тартип уставында каралган тартипте сыйлыктын төмөнкүдөй түрлөрү колдонулат:

1) мурда берилген тартип жазасын алып салуу;

2) алкыш жарыялоо;

3) грамота, баалуу белектер (анын ичинде энчилүү), же акча менен сыйлоо;

4) "Кыргыз Республикасынын ардактуу бажы кызматкери", "Бажы кызматынын отличниги" деген төш белгилер менен сыйлоо;

5) кезектеги атайын наамды мөөнөтүнөн эрте берүү;

6) энчилүү атылбас жана атылуучу курал менен сыйлоо;

7) ээлеген кызматына ылайыктуудан бир баскычка жогору болгон кезектеги атайын наамды берүү.

8. Ушул Уставдын 7-пунктунун 4, 5 жана 7-пунктчалары менен каралган сыйлоолор Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин буйруктарынын негизинде гана колдонулат.

Бажы органдарынын кызмат адамдарын энчилүү атылбас жана ок атылуучу курал менен сыйлоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

Сыйлоо чарасы катары жаза салынган учурдан тартып кеминде алты ай өткөндөн кийин мурда салынган жазаны мөөнөтүнөн мурда алып салуу колдонулушу мүмкүн. Кызмат адамынан бир убакта бир гана жаза алынышы мүмкүн. Салынган тартиптик жазаны мөөнөтүнөн мурда алып салуу менен катар бир эле убакта сыйлоо катары сыйлоонун башка түрлөрү колдонулбоого тийиш.

Кызматтык милдетин аткарууда көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн, мамлекет алдында сиңирген көрүнүктүү эмгеги, кызмат ишиндеги жогорку көрсөткүчтөрү үчүн кызмат адамдары мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого көрсөтүлүшү мүмкүн.

Сыйлыктын түрүн аныктоодо кызмат адамынын кызматтык милдеттерин аткаруудагы ийгилиги жана ак ниеттүүлүгү, кылган кызматынын узактыгы жана кынтыксыздыгы, өзгөчө маанилүү жана татаал тапшырмаларды аткарганы эске алынат.

Сыйлоо бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйруктары менен жарыяланат.

Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коллегиясынын чечими менен жарыяланган тартиптик жаза, сыйлык катары бажы иши чөйрөсүндөгү тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коллегиясынын чечими менен гана алынат жана буйрук менен жарыяланат.

Кызматына толук эмес ылайык келбестиги жөнүндө эскертүү бир жылдан эрте алынбайт.

Атайын наамын төмөндөтүү катары тартиптик жазаны алып салуу атайын наамы төмөндөтүлгөн күндөн тартып бир жылдан эрте жүзөгө ашырылбайт. Атайын наамы төмөндөтүлгөн бажы органдарынын кызмат адамдары ээлеген кызматына карабастан тартиптик жазаны алып салуу менен бир эле убакта мурдагы атайын наамына калыбына келтирилет.

Тартиптик жазаны мөөнөтүнөн мурда алып салуу үчүн түздөн-түз начальниги бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тийиштүү сунуштама берет.

Алкыш жарыялоо түрүндө сыйлоо айрым кызмат адамына карата, ошондой эле бажы органынын жалпы өздүк курамына карата колдонулушу мүмкүн.

Баалуу белек же акчалай сыйлык түрүндө сыйлоо бажы органынын кызмат адамына карата төмөнкү ийгиликтери үчүн берилиши мүмкүн:

- өз кызматтык (функциялык) милдеттерин жогорку деңгээлде аткаргандыгы үчүн;

- ишинин натыйжалары боюнча көрсөткүчтөрүн кыйла жакшырткандыгы үчүн;

- бажы ишин өркүндөтүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүүдөгү ийгиликтери үчүн;

- бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигинин тапшырмасы боюнча айрым иш-чараларды өткөргөндүгү үчүн.

Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Ардак грамотасы, грамотасы, төш белгиси же башка ведомстволук сыйлыктары менен сыйлоо түрүндө сыйлоо бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Ардак грамота, грамота, төш белги жана башка ведомстволук сыйлыктар жөнүндө тийиштүү жоболорунда каралган тартипте колдонулат.

Кызмат адамына атайын наамды мөөнөтүнөн мурда ыйгаруу же ээлеген кызматы боюнча каралган наамдан бир баскычка жогору наам ыйгаруу түрүндө сыйлоо көрсөткөн эрдиги жана жанын аябаган, ошондой эле кызматындагы мыкты аракеттери жана жогорку натыйжалары үчүн колдонулат. Мөөнөтүнөн мурда же бир баскычка жогору кезектеги атайын наамды ыйгарууга кызмат адамын мурдагы наамынын белгиленген кызмат мөөнөтүнүн жарымынан аз эмес жылдары өткөндөн кийин көрсөтүлүшү мүмкүн.

Энчилүү атылбас же ок атылуучу курал менен сыйлоо түрүндө сыйлоо кызматтык милдетин аткарууда баатырдык, эрдик көрсөткөн жана жанын аябай өзгөчө айырмаланган, оперативдүү-кызматтык иштеринде жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен, мамлекетке жана Кыргыз Республикасынын бажы органдары алдында өзгөчө эмгек сиңирген кызмат адамдары үчүн ардактуу сыйлык болуп саналат.

(КР 2011-жылдын 23-декабрындагы № 252 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

III Глава
Тартип жазалары

 

9. Кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн бажы органдарынын кызмат адамдарына төмөнкүдөй тартип жазалары колдонулушу мүмкүн:

1) эскертүү;

2) сөгүш;

3) катуу сөгүш;

4) кызматка толук ылайык келбей тургандыгы жөнүндө эскертүү;

5) кызматынан төмөндөтүү;

5-1) атайын наамын үч жылдык мөөнөткө бир баскычка төмөндөтүү;

6) бажы органдарынан бошотуу.

(КР 2011-жылдын 23-декабрындагы № 252 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

10. Тартип жазасын колдонуу жорук жасаган кызмат адамын материалдык жана административдик жоопкерчиликтен бошотпойт, ошондой эле белгиленген тартипте жылдык иштин жыйынтыктары боюнча сыйлыктан, сыйакыдан толук же жарым-жартылай ажыратуу менен айкалыштырылышы мүмкүн.

Тартип жазасын колдонуу максатка ылайыксыз болгон учурда башчы кызмат адамына тартипти бекем сактоо зарылчылыгы жөнүндө оозеки эскертүү менен чектелиши мүмкүн.

(Үчүнчү абзац КР 2011-жылдын 23-декабрындагы № 252 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

(Төртүнчү абзац КР 2011-жылдын 23-декабрындагы № 252 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Тартип жазасы күчүндө болгон мөөнөттүн ичинде ушул уставдын 7, 8-пункттарында каралган, мурда берилген тартип жазасынан тышкары сыйлоо чаралары кызмат адамдарына колдонулбайт. Буйрукта жарыяланган жаза оозеки түрдө алып салынышы мүмкүн эмес.

 

IV Глава
Тартип жазасын берүү жана аны аткаруу тартиби

 

11. Баш ийүүчү тартип бузган учурда башчы ага кызматтык милдеттер жана кызматтык парз жөнүндө эсине салууга, мындай иш-аракеттердин жол берилбестиги жөнүндө эскертүүгө жана зарыл болгон учурда күнөөсүнүн даражасына жана жасалган жоруктун оордугуна жараша күнөөлүү адамды тартип жазасына тартууга же аны тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө жогору турган жетекчиликке сунуштама жөнөтүүгө тийиш.

Тартип жазасы күнөөнүн даражасына жана жасалган жоруктун оордугуна ылайык келүүгө тийиш. Жазанын түрүн жана ченемин аныктоодо жоруктун мүнөзү, ал жасалган кырдаал, күнөөлүү адамдын мурдагы жүрүш-турушу, анын кызматка мамилеси, ал ээлеген кызматта жана жалпысынан алганда бажы органдарындагы кызматта болушунун убактысы, ошондой эле кызмат өтөө эрежелерин билишинин даражасы эске алынат.

Тартип жазасын берүүдө башчы баш ийүүчүнүн жеке кадыр-баркын урматтоого жана оройлукка жол бербөөгө тийиш.

Бир эле жорук үчүн бир нече жаза берүүгө тыюу салынат.

Бир нече адам биргелешип тартип бузган учурда тартип жазасы ар бир күнөөлүү адамга өзүнчө берилет.

Тартип жазасынын катуулугу:

- жорук бир нече жолу жасалгандыгы үчүн;

- кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда жорук жасоо үчүн;

- кезметчилик учурунда жорук жасоо үчүн;

- мас абалда жорук жасоо үчүн;

- товарлардын жана транспорттук каражаттардын Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өтүү эрежелери бузулганда күчөйт.

(КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12. Бажы органдарынын кызмат адамдары кызматтык тартипти дайыма же бир жолу одоно бузгандыгы үчүн, анын ичинде кылмыштын курамынын төмөнкүдөй белгилери болгон учурда кызматтан бошотулушу мүмкүн:

- контрабандалык кылуу, ага тете бажы төлөмдөрүнүн кем алынышына алып келген, белгиленген тартипти бузуу менен Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарлардын (буюмдардын) өтүшүнө көмөктөшүү;

- кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу, ага тете шалаакылык;

- мамлекеттик же кызматтык сырды түзгөн маалыматтарды жарыя кылуу, ага тете ушундай мүнөздөгү маалыматтарды камтыган документтерди жоготуу;

- Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды (буюмдарды) өткөрүү үчүн негиз болуп саналган документтерди, ага тете жеке номерлүү мөөрлөрдү, штамптарды, пломбираторлорду, ошондой эле бажы органдары кармап алган же сактоого кабыл алган буюмдарды жана бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуунун натыйжасында алынган акча суммаларын жоготуу (уурдап алуу);

- бажы төлөмдөрүн жана салыктарды мыйзамсыз кошумча чегерүү;

- опуза талап же кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу алынган белектерди ыйгарып алуу;

- бажы контролунан өтүүгө тийиш буюмдарды урдоо же алмаштырып коюу;

- документтерди белгиленген тартипте жол-жоболоштурулбай туруп буюмдарды жана акча суммаларын кармап алуу, алып коюу жана сактоого кабыл алуу;

- бажы контролун жүзөгө ашыруу учурунда Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин жарандарына карата мазактаган иш-аракеттер жасоо;

- жеке номерлүү мөөрдү же пломбираторду белгиленген тартипти бузуу менен башка адамдарга берүү;

- бажы кызматынын офицеринин наамына шек келтирген жорук жасоо;

- ишке мас абалында, баңгилик же токсикалык мас абалында келүү;

- эгерде ага мурда тартиптик же коомдук таасир этүү чаралары колдонулган болсо, контракт же тартип эрежелери тарабынан өзүнө жүктөлгөн милдеттерди дайыма аткарбоо;

- табелдик куралын же атайын каражаттарды жоготуу;

- ишке келбесе (жумуш күн ичинде катары менен үч сааттан ашык жүйөлүү себептерсиз кызмат өтөгөн ордунда жок болсо);

- кызмат өтөгөн жерде бажы органынын мүлкүн атайын бузса же уурдаса;

- кызматкердин жаракат алууну жана аварияны кошуп алганда, оор кесепеттерди алып келген эмгекти коргоо талантарын бузуусу;

- эгерде аларды сактоо жөнүндө шарттар контрактта каралса, кызматкерге кызмат милдеттерин аткаруу менен байланыштуу белгилүү болгон мамлекеттик, кызматтык, коммерциялык же Мыйзам менен корголуучу башка жашыруун сырларды ачыкка чыгарса.

(КР 2014-жылдын 30-майындагы N 83, 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

13. Тартиптик жаза берүү жөнүндө чечим кабыл алуудан мурда кызматтык териштирүү болууга тийиш. Ал күнөөлүү адамдарды жана жорук жасоого өбөлгө болгон себептерди жана шарттарды табуу максатында жүргүзүлөт. Кызматтык териштирүү жүргүзүүнүн натыйжасында күнөөлүү адамдан жазуу жүзүндө түшүнүк алынууга тийиш.

Түшүнүк берүүдөн баш тартуу тартиптик жазаны колдонуу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт, эки же андан көп адамдын колу коюлган акт менен жол-жоболоштурулат жана кызматтык териштирүүнүн материалдарына тиркелет.

Кызмат адамынын өзүнүн талабы боюнча териштирүү дайындоо учурларын кошпогондо, жорукка жол берген кызмат адамы кызматтык териштирүү аяктаганга чейин төмөнкү учурларда кызматтык (функциялык) милдеттерин аткаруудан четтетилет:

1) ишке алкоголдук, баңгилик же токсикалык мас абалында келүү. Мындай абал медициналык корутунду, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү же бир нече адамдын колу коюлган акт менен ырасталат жана ал кызматтык териштирүүнүн материалдарына тиркелет;

2) ушул Уставдын 12-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча;

3) анттын жана буйруктардын талаптарын аткарбаганда;

4) бажы органдарынын мүлкүнүн сакталышынын бузулушуна жана укукка жатпаган пайдаланууга алып келген негизсиз чечим кабыл алынганда;

5) эгер бул документтер же маалыматтар кызматка кабыл алууга негиз болсо, кызматка кабыл алууда кызмат адамы тарабынан жалган документтерди же атайылап жалган маалыматтарды бергенде.

Кызмат адамын кызматтык (функциялык) милдеттерин аткаруудан четтетүү тууралуу чечимди бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси кабыл алат.

Ээлеген кызмат ордунан четтетилген бажы органынын кызмат адамы кызматтык териштирүүнүн натыйжалары боюнча биротоло чечим чыгарылганга чейин мурдагы ээлеген кызматы боюнча өзүнүн кызматтык (функциялык) милдеттерин аткарууну токтотот жана бажы органынын начальнигинин тескөөсүндө болот. Кызматтан четтетүү мезгилинде бажы органынын кызмат адамына акчалай күтүү сакталат.

Жасалган жорукта жазык кылмышынын курамынын белгилери табылган учурда, кызмат ордунан четтетүү тергөө жана сот органдары тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте чыгарылган чечимдин негизинде жүргүзүлөт. Кызмат адамына карата ээлеген кызмат ордунан четтетүүнүн мөөнөтү сегиз айлык мөөнөттөн ашып кеткенде, иш боюнча биротоло чечим чыгарылганга чейин бажы органынын кызмат адамына карата "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-статьясынын 5-бөлүгүндө каралган жоболор колдонулат.

Жасалган укук бузуу үчүн мыйзамда жазык жоопкерчилиги каралган учурларда, начальник тергөө органдарына тиешелүү материалдарды өткөрүп берүүгө милдеттүү.

Тартиптик жаза жасалган жорук жөнүндө начальникке белгилүү болгон күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен берилиши керек, ал эми кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн же жазык иши козголгон учурда кызматтык териштирүү аяктаган күндөн тартып же жазык ишин козгоодон баш тарткан же токтоткон күндөн тартып, күнөөлүүнүн ооруган же анын өргүүдө же иш сапарда жүргөн убактысын санабаганда, бир айдан кечиктирбестен берилиши керек.

Эгерде жорук аныкталган күндөн тартып алты айдан ашык өтсө, ал эми ревизиянын, финансылык-чарбалык ишти текшерүүнүн же аудитордук текшерүүнүн натыйжалары боюнча жорук жасалган күндөн тартып эки жылдан кеч эмес тартиптик жаза колдонулушу мүмкүн эмес. Көрсөтүлгөн мөөнөттөргө жазык иши боюнча өндүрүш убактысы кирбейт.

Кызмат адамы тарабынан даттануу берилген учурларда тартиптик жазаны аткарууга келтирүү токтотулбайт.

Тартиптик жаза төмөнкү учурларда колдонулушу мүмкүн эмес:

- кызмат адамы ооруп жаткан убакта;

- кызмат адамы өргүүдө же иш сапарда болгон мезгилде.

Тартиптик жаза бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйруктары менен жарыяланат.

Тартиптик жаза жарыялоодо кызматтык тартипти бузуусунун жана колдонулуп жаткан тартиптик жаза түрлөрү көрсөтүлөт. Тартиптик жаза колдонулганы тууралуу буйрук кызмат адамынын колун койдуруу менен жарыяланат.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралбаган тартиптик жаза чараларын колдонууга тыюу салынат.

(КР 2011-жылдын 23-декабрындагы № 252 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

14. Тартиптик жаза берилген кызмат адамына карата кызматы боюнча көтөрүү, сыйлоо чараларын колдонуу жөнүндө маселе тартиптик жазаны алып салганга чейин каралбайт.

Эгер кызматына толук ылайык келбестиги жөнүндө эскертүү түрүндө тартиптик жаза берилгенден кийин бир жылдын ичинде бажы органынын кызмат адамы өзүнүн жүрүм-турумун кызматка карата ак ниет мамилеси менен оңдобосо, анда ал белгиленген тартипте кызматтан төмөндөтүү же бажы органдарынан кызматтан бошотуу түрүндөгү тартиптик жазага көрсөтүлөт.

Наамын бир баскычка төмөндөтүү түрүндөгү тартиптик жаза башка тартиптик жаза күнөөлүү адамга тийиштүү таасир бере албай калган же жасалган жоруктун оордугу жазанын бул түрүнө ылайык келген учурда колдонулушу мүмкүн.

Атайын наамдан бир баскычка төмөндөтүү түрүндөгү жаза берилген кызмат адамына жазаны жарыялоодо тийиштүү айырмалоо белгилерин алмаштыруу үчүн убакыт аныкталат. Кызмат адамынын инсандыгын кемсинткен погонду жулуп алуу, бастыра тигилген белгилерди кесип салуу жана башка аракеттерге тыюу салынат.

Эгерде жаза берилген күндөн тартып бир жылдын ичинде ал жаңы тартиптик жазага тартылбаса, кызмат адамына буйрук менен жарыяланган тартиптик жаза алынды деп эсептелинет. Кызматка толук эмес ылайык келбей тургандыгы жөнүндө эскертүү жана атайын наамын бир баскычка төмөндөтүү түрүндөгү тартиптик жазаны кошпогондо, мында тартиптик жаза, буйрук чыгарылбастан эле автоматтык түрдө жоюлат.

(КР 2011-жылдын 23-декабрындагы № 252 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

V Глава
Сыйлоолорду жана тартип жазаларын эсепке алуу.
Кызмат адамдарынын даттануулары жана арыздары

 

15. Түздөн-түз башчылар бажы органдарынын өздөрүнө баш ийген кызмат адамдарын сыйлоолор жана алган тартип жазалары жөнүндө команда боюнча билдирип турууга тийиш.

Сыйлоолор жана тартип жазаларын эсепке алуу бажы иши боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын бардык бөлүктөрүнө, мекемелеринде жана жайларында кадр органдары тарабынан жүргүзүлөт.

Ушул Уставда каралган бардык сыйлоолор жана тартип жазалары Кыргыз Республикасынын бажы иши боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик органынын жетекчиси белгилеген формадагы кызматтык карточкага жазылат.

16. Бажы органдарынын жана алардын ведомстволоруна караштуу мекемелердин ар бир кызмат адамы өзүнө карата башчынын мыйзамсыз иш аракеттери жана буйруктары жөнүндө, кызматы боюнча белгиленген укуктардын жана артыкчылыктардын бузулушу жөнүндө же аны тийиштүү акы менен камсыз кылбангандыгы тууралу даттануу берүүгө укуктуу.

Даттануу иш аракети даттанылып жаткан адамдын түздөн-түз башчысына берилет, эгерде даттануу берген адам өзүнүн укуктары кимдин айынан бузулганын билбесе, анда даттануу команда боюнча берилет.

Даттануу оозеки баяндалышы же жазуу жүзүндө берилиши мүмкүн.

Эгерде башчы өзүнө берилген тартиптик бийликтен аша чаппаса, тартип жазасынын катаалдыгына даттанууга тыюу салынат.

Эгерде даттанууну (арызды) алган башчы даттанууну (арызды) берген адамдын өтүнүчүн канааттандыруу үчүн жетиштүү укуктарга ээ болбосо, анда ал белгиленген тартипте беш күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен даттанууну (арызды) жогору турган башчыга жиберет, бул жөнүндө арыз ээсине билдирет.

Даттанууну (арызды) иш-аракеттери даттанылып жаткан башчылардын кароосуна кайра жөнөтүүгө тыюу салынат.

Даттануу (арыз) башка мекемеге (бөлүмгө) жөнөтүлгөндүгү жөнүндө арыз эсине сөзсүз билдирилет.

Даттанууну (арызды) бергендиги үчүн баш ийүүчүгө карата адилетсиздикке же мыйзамсыз иш-аракеттерге жол берген башчы тартип жоопкерчилигине тартылат.

Бардык сунуштар, арыздар жана даттануулар Кыргыз Республикасынын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органынын жетекчиси белгилеген формада жүргүзүлгөн сунуштар, арыздар жана даттануулар китебине жазылат жана ар бир бажы органында сакталат.

Сунуштар, арыздар жана даттануулар китеби номер коюлуп, тигилип, мөөр менен бекитилип жана бажы органынын башчысы тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

Сунуштар, арыздар жана даттануулар китебине ар бир сунуш (арыз, даттануу) боюнча чыгарылган чечим жазылат.

Даттануулар (арыздар) бир айга чейинки мөөнөттө, ал эми кошумча иликтөөнү жана текшерүүнү талап кылбагандары кечиктирилгис түрдө, бирок алар келип түшкөн күндөн тартып 15 күндөн кечиктирилбестен чечилет.

Даттанууну (арызды) чечүү үчүн кошумча материалдарды чогултууну жана башка чаралар көрүүнү талап кылган атайын текшерүүнү жүргүзүү зарыл болгон учурларда даттанууну (арызды) чечүү мөөнөттөрү өзгөчө тартипте узартылышы мүмкүн, бирок ал бир айдан ашпайт, бул жөнүндө даттануу (арыз) берген адамга билдирилет.