Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a4247512-9e5b-4441-a203-b7088d5b5d20\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2004-жылдын 21-августу № 163

Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө

(КР 2011-жылдын 22-июнундагы № 51, 2016-жылдын 8-июлундагы № 104
2017-жылдын 1-декабрындагы N 197 (2) Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Ушул Мыйзам Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын мыйзам тарабынан каралган аскер кызматы жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн (мындан ары - аскер кызматчылары жана аларга теңештирилген милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруудагы адамдар) өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу шарттарын жана тартибин жүзөгө ашырууну аныктайт.

Согуштук, өзгөчө абалдар мезгилинде жана согуш убагында мобилизациялоо аскер кызматчыларынын жана милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруудагы аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууну (мындан ары - милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу) жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

(КР 2011-жылдын 22-июнундагы № 51, 2017-жылдын 1-декабрындагы N 197 (2) Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

 

1-статья. Милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруунун объекттери

1. Милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруунун объекттери аскер кызматчыларынын жана милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруудагы аларга теңештирилген адамдардын өмүрү жана саламаттыгы болуп саналат.

2. Аскер кызматчыларынын жана милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруудагы аларга теңештирилген адамдардын өмүрү жана саламаттыгы анык аскер кызматы, ошондой эле окуу жана атайын жыйындар (мындан ары текст боюнча - аскердик жыйындар) башталган күндөн тартып, аяктаганга чейин милдеттүү мамлекеттик камсыздандырылууга жатат.

Ушул Мыйзамдын 3-статьясынын экинчи жана үчүнчү абзацтарында каралган камсыздандыруу учурлары келип чыкканда аскер кызматчылары жана ага теңештирилген адамдар, эгерде өлүм же майыптуулук аскер кызматын, аскердик жыйындарды өтөө мезгилинде орун алган мертинүүдөн (жарадар болуудан, травмадан, контузиядан) же ооруга чалдыгуунун натыйжасында келип чыкса, аскердик кызмат, аскердик жыйындар аяктагандан кийин бир жылдын ичинде камсыздандырылган деп эсептелинет.

3. Эгерде аскер кызматчыларынын жана милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруудагы аларга теңештирилген адамдардын өмүрү жана саламаттыгы ушул Мыйзамда каралган негиздерден тышкары Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык милдеттүү мамлекеттик камсыздандырылууга жатса, аталган адамдарга же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө камсыздандыруу суммалары алардын тандап алуусу боюнча бир гана негиз боюнча төлөнүп берилет.

2-статья. Милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруунун субъекттери

1. Милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча камсыздандыруучулар (мындан ары - камсыздандыруучулар) милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууну жүзөгө ашыруучу лицензияга ээ болгон жана камсыздоочулар менен милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу келишимдерин түзгөн камсыздандыруучу уюмдар боло алат.

Камсыздандыруучулар конкурстук негизде тандалып алынат.

Милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууга капиталы чет өлкөлүк инвестициялардын катышуусуз түзүлгөн, жекече камсыздандыруу жаатында эки жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар жана Кыргыз Республикасынын көзөмөл боюнча мамлекеттик башкаруу органы тарабынан алынган камсыздандыруу милдеттеринин жоопкерчилигин финансылык жактан камсыздоону кепилдикке алган финансылык ишенимдүүлүк көрсөткүчтөрүнө ээ болгон камсыздандыруу уюмдарына жол берилет.

2. Милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча камсыздоочулар (мындан ары - камсыздоочулар) ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен аларда аскердик кызмат жана аскердик жыйындар каралган мамлекеттик органдар болуп саналат.

3. Милдетүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча камсыздандырылгандар (мындан ары - камсыздандырылган адамдар) деп аскер кызматчылары жана милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууда аларга теңештирилген адамдар саналат.

4. Милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча пайда көрүүчүлөр болуп (мындан ары - пайда көрүүчүлөр) курман болгон (өлгөн) учурда камсыздандырылган адамдардан тышкары камсыздандырылган адамдын мураскорлору саналат.

3-статья. Камсыздандыруу учурлары

Милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууну жүзөгө ашыруудагы камсыздандыруу учурлары (мындан ары - камсыздандыруу учурлары) деп төмөнкүлөр таанылат:

- камсыздандырылган адам аскер кызматын, аскердик жыйындарды өтөө мезгилинде, болбосо аскердик кызматтан бошонгондон кийин, аскердик жыйындар аяктаган соң аскер кызматын, аскердик жыйындарды өтөө мезгилинде алынган мертинүүнүн (жарадар болуу, травма, контузия) же ооруга чалдыгуудан улам бир жылга жетпей курман болуусу (өлүмү);

- аскер кызматын, аскердик жыйындарды өтөө мезгилинде, болбосо аскер кызматынан бошонгондон кийин, аскердик жыйындар аяктагандан кийин аскердик кызматты, аскердик жыйындарды өтөө мезгилинде алынган мертинүүдөн (жарадар болуунун, травманын, контузиянын) же ооруга чалдыгуудан улам бир жылдын аралыгында камсыздандырылган адамга майыптуулукту белгилөө;

- аскердик кызматты, аскердик жыйындарды өтөө мезгилинде камсыздандырылган адамдын оор же жеңил мертинүүсү (жарадар болуу, травма, контузия);

- аскер кызматын жана аскер жыйындарын өтөө мезгилинде алынган мертинүүдөн (жарадар болуу, травма, контузия) же ооруга чалдыгуудан улам аскердик-врачтык комиссия тарабынан аскер кызматына жарактуулугу чектелүү деп табылган аскер кызматчысын жана аскер жыйындарына чакырылган адамдын аскер кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулуусу.

4-статья. Камсыздандыруу суммаларынын өлчөмдөрү

1. Аскер кызматчыларынын жана милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууда аларга теңештирилген адамдардын, ал эми алар курман болгон (өлгөн) учурда пайда алуучулардын камсыздандыруу суммаларынын өлчөмдөрү мындай аскер кызматчыларынын жана милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууда аларга теңештирилген адамдардын ээлеген кызмат орду жана аскердик (атайын) наамы боюнча бир айлык акынын суммасына жараша аныкталат.

Мында кыска мөөнөттүү анык аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчыларына камсыздандыруу суммаларынын өлчөмдөрү, узартылган мөөнөтү анык аскер кызматындагы аскер кызматчылары үчүн белгиленген ээлеген кызмат орду боюнча айлык акысына жана аскердик наамы боюнча айлык акысына жараша белгиленет.

Камсыздандыруу суммаларын эсептеп чыгарууда камсыздандырылуучу учурдагы күнүнө карата белгиленген айлык акчалай акынын маяналары (мындан ары - маяналар) эске алынат.

2. Камсыздандыруу суммалары камсыздандыруу учурлары келип чыкканда төмөнкүдөй өлчөмдөрдө төлөнүп берилет:

- камсыздандырылган адамдын аскердик кызматты, аскердик жыйындарды өтөө мезгилинде, болбосо аскердик кызматтан бошотулгандан кийин, аскердик жыйындар аяктагандан кийин бир жыл өткөнгө чейин аскердик кызматты, аскердик жыйындарды өтөө мезгилинде мертинүүсүнүн (жарадар болуунун, травманын, контузиянын) же дартка чалдыгуунун натыйжасында курман болгондо (өлгөндө) - камсыздандыруу учурундагы күнгө карата ээлеген кызматы жана аскердик наамы боюнча айлык акысынын 200 эселенген өлчөмүндө;

- камсыздандырылган адамдын аскердик кызматты, аскердик жыйындарды өтөө мезгилинде, болбосо аскердик кызматтан бошотулгандан кийин, аскердик жыйындар аяктагандан кийин бир жыл өткөнгө чейин аскердик кызматты, аскердик жыйындарды өтөө мезгилинде мертинүүнүн (жарадар болуунун, травманын, контузиянын) же дартка чалдыгуунун натыйжасында майыптыгы белгиленгенде:

- I топтогу майыпка - ээлеген кызматы жана аскердик наамы боюнча айлык акысынын 150 эселенген өлчөмүндө;

- II топтогу майыпка - ээлеген кызматы жана аскердик наамы боюнча айлык акысынын 100 эселенген өлчөмүндө;

- III топтогу майыпка - ээлеген кызматы жана аскердик наамы боюнча айлык акысынын 50 эселенген өлчөмүндө төлөнөт.

Эгерде аскердик кызматты, аскердик жыйындарды өтөө мезгилинде, болбосо аскердик кызматтан бошотулгандан кийин, аскердик жыйын аяктагандан кийин камсыздандырылган адамды медициналык-социалдык эксперттик комиссия (мындан ары - МСЭК) тарабынан кайрадан текшергенде биринчи пунктта көрсөтүлгөн себептердин натыйжасында анын майыптыгынын тобу жогорулатылса, камсыздандыруу суммасынын өлчөмү майыптуулуктун жаңыдан белгиленген тобуна тиешелүү болгон айлык акылардын саны менен майыптыгынын мурдагы тобуна тиешелүү болгон айлык акылардын санынын ортосундагы айырманы түзгөн суммага жогорулайт;

- камсыздандырылган адам аскердик кызматты, аскердик жыйындарды өтөө мезгилинде оор мертинүүгө (жарадар болууга, травмага, контузияга) дуушар болгондо - ээлеген кызматы жана аскердик наамы боюнча айлык акысынын 20 эселенген өлчөмүндө жана жеңил мертинүүгө дуушар болгондо (жарадар болуу, травма, контузия)- ээлеген кызматы жана аскердик наамы боюнча айлык акысынын 10 эселенген өлчөмүндө;

- кыска мөөнөттү аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчысынын, аскер жыйынына чакырылган адамдын аскердик-врачтык комиссия тарабынан мертинүүсүнүн (жарадар болуунун, травманын, контузиянын) же аскердик кызматты, жыйындарды өтөө мезгилинде дартка чалдыгышынын натыйжасында аскердик кызматта жарактуулугу чектелген деп табылып, аскердик кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда - ээлеген кызматы жана аскердик наамы боюнча айлык акысынын 10 эселенген өлчөмүндө төлөнөт.

Эгерде аскердик кызматтан бошотулгандан кийин, аскердик жыйындар аяктагандан кийин бир жыл бүткөнгө чейин камсыздандырылган адамга ушул пунктта көрсөтүлгөн себептердин кесепетинен майыптуулук белгиленсе, андан кийин камсыздандырылган адам курман болсо (өлсө), ошол эле мезгилде камсыздандыруу суммасынын, өлчөмү ушул Мыйзамда каралган курман болгондугу (өлгөндүгү) боюнча тиешелүү болгон маяналардын саны менен жана майыптуулук боюнча тиешелүү болгон маяналардын санынын ортосундагы айрыманы түзгөн суммага көбөйөт.

(КР 2016-жылдын 8-июлундагы № 104 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-статья. Милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу келишими

1. Милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу келишими (мындан ары - камсыздандыруу келишими) камсыздандыруучунун жана камсыздоочунун ортосунда үчүнчү жактын - камсыздандырылган адамдын (пайда көрүүчүнүн) пайдасына түзүлөт.

2. Камсыздандыруу келишими жазуу жүзүндө бир финансылык жылга түзүлөт.

3. Камсыздандыруу келишимине камсыздандырылган адамдар, камсыздандыруучунун жана камсыздоочунун милдеттенмелери жана жоопкерчилиги жөнүндө макулдашуу, камсыздандыруу учурларынын тизмеги жана камсыздандырылган адамга (пайда көрүүчүгө) камсыздандыруу суммаларын чегерүүнүн (төлөмдөрдүн) ыкмалары кирет.

4. Камсыздандыруучунун жана камсыздоочунун ортосундагы укуктук мамилелер камсыздандыруу келишими түзүлгөндөн кийин келип чыгат.

6-статья. Камсыздандыруучу тарабынан милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча милдеттердин аткарылышы

1. Эгерде камсыздоочу милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууну жүзөгө ашырбаса же камсыздандыруу келишимин ушул Мыйзамда аныкталган шарттарга салыштырганда камсыздандырылган адамдын (пайда көрүүчүнүн) абалын начарлаткан шарттарда түзсө, анда камсыздандыруу учуру келип чыкканда ал камсыздандырылган адамдын (пайда көрүүчүнүн) алдында талапка ылайык камсыздандырууга камсыздандыруу суммасы кандай төлөнүүгө тийиш болсо, ошол эле шарттарда жоопкерчилик тартат.

2. Аскер кызматына, аскер жыйынына алынганда же чакырылганда камсыздоочу камсыздандырылган адамдарды милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууну жүзөгө ашыруунун эрежелери, камсыздандыруу суммаларын төлөө жана кандай ыкмада төлөп берүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон документтерди жол-жоболоштуруунун тартиби менен тааныштырууга милдеттүү.

3. Камсыздандыруу суммаларын өз убагында төлөп берүү максатында аскердик бөлүктөр, мекемелер, уюмдар (мындан ары - аскердик бөлүктөр), аскер комиссариаттары, аскердик дарылоо мекемелери, камсыздандыруу мекемелери жана уюмдары, ошондой эле камсыздандырылган адамдар (пайда көрүүчүлөр) кызмат өтөгөн (жашаган) жердеги МСЭК мекемелери:

- тиешелүү камсыздоочуну камсыздандыруу учуру жөнүндө билдирүүгө;

- камсыздандырылган адамдарга камсыздандыруу суммаларын төлөп берүү жөнүндө зарыл болгон чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл документтерди суратып алууда жана жол-жоболоштурууда көмөк көрсөтүүгө милдеттүү;

- аскердик бөлүктөр, аскер комиссариаттары, аскердик дарылоо мекемелери, камсыздоочу мекемелери жана уюмдары камсыздандыруучунун суроо-талабы боюнча камсыздандыруу учурунун келип чыгышы жөнүндө маалыматтарды билдирүүгө жана ага ушул учурлардын келип чыгышынын жагдайлары тууралу зарыл маалыматтарды жөнөтүүгө милдеттүү.

4. Камсыздандырылган адамдарга (пайда көрүүчүлөргө) камсыздандыруу суммаларын төлөп берүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон документтерди берүүдөн жана жол-жоболоштуруудан негизсиз баш тартууда күнөөлүү - милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууну жүзөгө ашырууга жооптуу болгон аскердик бөлүктөрдүн командирлери (начальниктери), кызмат адамдары, ошондой эле камсыздоо мекемелеринин жана уюмдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.

7-статья. Милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууга кеткен чыгымдарды каржылоо

1. Милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат. Ушул Мыйзамда каралган милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууга чыгымдар республикалык бюджеттин корголгон статьялары болуп саналат.

2. Милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууга бөлүнгөн суммалар камсыздандыруучунун талабы боюнча бир мезгилде төлөнүп берилет.

3. Милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу келишими түзүлбөй калганда, буга камсыздоочу күнөөлүү болбогон учурда камсыздандыруу учуру келип чыкканда камсыздандыруу суммасы милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууга бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарынан ушул Мыйзамда белгиленген өлчөмдө төлөнүп берилет.

8-статья. Камсыздандыруу сыйакысы

1. Милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу сыйакысынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык аракет кылып жаткан тендердик комиссиянын чечиминин негизинде аныкталат.

2. Милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу сыйакысынын өлчөмү аскер кызматчыларынын жана милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууда аларга теңештирилген тиешелүү органдардын адамдарынын акчалай каражатынын жылдык фондунун 3 пайызынан ашпоого тийиш.

3. Камсыздоочунун милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууну жүзөгө ашырууга кеткен, камсыздандыруучу тарабынан орду толтурулууга тийиш болгон чыгашалары камсыздандыруу төгүмдөр өлчөмүнүн 6 пайызынан ашпоого тийиш.

4. Келишим боюнча өзүнө алынган милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу үчүн камсыздоочу алынган камсыздандыруу сыйакыларынан Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органынын талаптарына ылайык камсыздандыруу резервдерин түзүүгө милдеттүү.

9-статья. Камсыздоочуну камсыздандыруу суммасын төлөөдөн бошотуунун негиздери

1. Камсыздоочу милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу суммасын төлөөдөн бошотулат, эгерде камсыздандыруу учурунда:

- камсыздандырылган адам тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте коомдук коркунучтуу деп табылган жосун жасалгандыгынын натыйжасында келип чыкса;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыздандырылган адамдын алкоголдук, баңгилик же уулуу заттардан мас болуусунун себебине байланыштуу келип чыкса;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыздандырылган адам тарабынан өзүнүн саламаттыгына атайын зыян келтирүүнүн же камсыздандырылган адамдын өз жанын кыйуусунун натыйжасы болсо.

2. Камсыздандыруу суммасын төлөп берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим камсыздоочу тарабынан кабыл алынат жана камсыздандырылган адамга (пайда көрүүчүгө) жана камсыздандыруучуга андагы камсыздандыруу суммасын төлөөдөн ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттө баш тартуунун себептеринин жүйөлөштүрүлгөн негиздери көрсөтүлүү менен жазуу жүзүндө билдирилет.

10-статья. Камсыздандыруу суммаларын төлөп берүүнүн тартиби жана шарттары

1. Камсыздандыруу суммаларын төлөп берүү камсыздандыруу учурунун келип чыккандыгын тастыктаган документтердин негизинде камсыздандыруучу тарабынан жүргүзүлөт. Камсыздандыруу суммасын төлөп берүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Камсыздандырылган адамдардын мертинүүсүнүн оордугунун даражасын аныктоо (жарадар болуу, травма, контузия) камсыздандыруучулардын тиешелүү медициналык мекемелери тарабынан жүзөгө ашырылат. Оор же жеңил мертинүүнүн (жарадар болуу, травма, контузия) тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 3-февралындагы N 55 "Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому

2. Камсыздандыруу суммаларын төлөп берүү ушул Мыйзамдын 1-статьясынын 3-пунктунда белгиленгенден башка учурларда, камсыздандыруу келишимдеринин башка түрлөрү боюнча камсыздандырылган адамдарга тиешелүү болгон суммаларга карабастан жүргүзүлөт.

3. Камсыздандырылган адамдарга камсыздандыруу суммаларын төлөп берүү (алардын аскер кызматын, аскер жыйындарын кайсыл жерде өтөгөндүгүнө карабастан), ал эми алар курман болгондо, өлгөндө пайда көрүүчүгө ал жашаган жерге карабастан камсыздандыруу суммаларын Кыргыз Республикасынын аймагындагы камсыздоочу тарабынан тиешелүү сумманы төлөп берүү камсыздандыруу келишиминде аныкталган ыкма менен улуттук валютада чегерүү жолу менен жүргүзүлөт.

4. Камсыздоочу тарабынан камсыздандыруу суммаларын төлөп берүү көрсөтүлгөн төлөө жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон документтер алынган күндөн тартып 15 күндүк мөөнөттө жүргүзүлөт.

Камсыздандыруучу тарабынан камсыздандыруу суммаларын төлөө негизсиз кечиктирилгенде камсыздоочу өз каражаттарынан камсыздандырылган адамга (пайда көрүүчүгө) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган өлчөмдө жана тартипте айып акы төлөйт.

11-статья. Камсыздоочунун жана камсыздандыруучунун өз ара эсептешүүлөрүнүн тартиби

Эгерде камсыздандыруу келишими колдонулган мөөнөттүн ичинде камсыздоочунун акчалай каражат фондунун өлчөмдөрүндө өзгөрүү болсо, ушул жагдайларга ылайык ашыкча алынган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммалары кошумча төлөнүүгө же кайтарылууга тийиш.

Камсыздандыруу келишимин түзгөн тараптардын макулдашуусу боюнча аталган суммалар камсыздандыруу келишиминин колдонулушунун кезектеги мезгилине камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмдөрүн аныктоодо эсепке алынышы мүмкүн.

12-статья. Талаш-тартыштарды кароо

Милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууга байланыштуу талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.

13-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

- ушул Мыйзамды ишке ашырууну камсыз кылган ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А. Акаев