Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\3c4f63e1-83a2-4c96-8812-cfe807945af0\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 5-августу № 400

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине (пробация маселелери боюнча) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасында пробация органын киргизүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 642 «Пробация органына кызматтык жайларды берүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пунктунун үчүнчү абзацындагы «2020-жылдын 1-январынан» деген сөздөр «2019-жылдын 1-сентябрынан» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 «Кыргыз Республикасында пробация органын түзүү маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-пунктунда:

- «2020-жылдын 1-январына» деген сөздөр «2019-жылдын 1-сентябрына» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) 4-пунктунда:

- экинчи абзацындагы «декабрына» деген сөз «августуна» деген сөз менен алмаштырылсын;

- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«- 2019-жылдын 1-сентябрынан тартып Департаментке.»;

3) 5-пунктунда:

- экинчи абзацындагы «2020-жылдын 1-январынан» деген сөздөр «2019-жылдын 1-сентябрынан» деген сөздөр менен, «180» деген цифралар «140» деген цифралар менен алмаштырылсын;

- бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

4) 6-пункту «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын» деген сөздөрдөн кийин «жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин» деген сөздөр менен толукталсын;

5) 9-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

6) 13-пунктундагы «2020-жылдын 1-январынан» деген сөздөр «2019-жылдын 1-сентябрынан» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти жөнүндө жободо:

1) 11-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2) пробациялык көзөмөлдү, шарттуу соттолгондорду, жаза мөөнөтүн кийинкиге калтыруу менен соттолгондорду, түзөтүү мекемелеринен шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдарды, ошондой эле пробациялык докладды түзүү боюнча функциялардын аткарылышын көзөмөлдөө жана контролдоо;».

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобонун 5-пунктунун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«- коомдон обочолонтуу менен байланышпаган жазык жазаларын жана жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын аткарууну, пробациялык көзөмөлдү, шарттуу соттолгондорду көзөмөлдөөнү жана контролдоону, жаза мөөнөтүн кийинкиге калтыруу менен соттолгондорду, түзөтүү мекемелеринен мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган адамдарды, ошондой эле берилген ыйгарым укуктардын чегинде пробациялык докладды түзүү боюнча функциялардын аткарылышын камсыздоо;».

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 3-пункту төмөнкүдөй баяндалсын:

2019-жылдын 1-сентябрынан тартып төмөнкүдөй редакцияда:

«

3

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

362

 

анын ичинде:

 

 

- борбордук аппараты

93

 

- ведомстволук бөлүмдөрү

156

 

- аймактык бөлүмдөрү

113

»;

2020-жылдын 1-январынан тартып төмөнкүдөй редакцияда:

«

3

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

402

 

анын ичинде:

 

 

- борбордук аппараты

93

 

- ведомстволук бөлүмдөрү

196

 

- аймактык бөлүмдөрү

113

»;

2021-жылдын 1-январынан тартып төмөнкүдөй редакцияда:

«

3

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

442

 

анын ичинде:

 

 

- борбордук аппараты

93

 

- ведомстволук бөлүмдөрү

236

 

- аймактык бөлүмдөрү

113

»;

2022-жылдын 1-январынын тартып төмөнкүдөй редакцияда:

«

3

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

482

 

анын ичинде:

 

 

- борбордук аппараты

93

 

- ведомстволук бөлүмдөрү

276

 

- аймактык бөлүмдөрү

113

»;

2023-жылдын 1-январынын тартып төмөнкүдөй редакцияда:

«

3

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

522

 

анын ичинде:

 

 

- борбордук аппараты

93

 

- ведомстволук бөлүмдөрү

316

 

- аймактык бөлүмдөрү

113

».

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 253 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

2019-жылдын 1-сентябрынан тартып

«

3

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

239

 

анын ичинде:

 

 

- борбордук аппараты

19

 

- ведомстволук бөлүмдөрү

28

 

- аймактык бөлүмдөрү

192

».

6. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана шаардын мэриялары (макулдашуу боюнча) 2019-жылдын 1-октябрына чейин:

1) пробация органдарын пробация кызматынын милдеттерине жооп берүүчү жайлар менен камсыздасын;

2) коомдук иштер түрүндөгү жазаларды аткаруунун так объекттерин аныктасын.

7. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жазык-аткаруу инспекциясынын бошотулган кызматкерлерин жана персоналын ишке орноштуруу маселесин чечсин.

8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев