Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\2327b4b0-5588-4966-b7b7-fd369a823669\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 30-августу № 444

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-январындагы № 31 "Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып кирген товарларга (импорт) бажы алымдарынын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомунун күчүн жоготту деп таануу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 24-декабрындагы № 108 "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана 2015-жылдын 21-майындагы № 111 "2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча эл аралык келишимдерди ратификациялоо тууралуу" мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-январындагы № 31 "Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып кирген товарларга (импорт) бажы алымдарынын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М. Абылгазиев