Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a5e12a4a-7df7-4594-85f9-abfb286fc823\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 11-сентябры № 466

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору (макулдашуу боюнча) аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.

 

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев

 

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

1-берене

«Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2764-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 111-берене менен толукталсын:

«111-берене. Сот бийлигинин органдарында административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата коюлуучу атайын талаптар

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын аппаратында, жергиликтүү соттордун ишин камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, Сот адилеттигинин жогорку мектебинде, жергиликтүү соттордун аппараттарында административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга (мындан ары – сот системасынын кызматчысы) төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу жеке жана юридикалык жактардын кызмат көрсөтүүлөрүн жеке максаттарында пайдаланууга;

2) чет өлкөлүк компаниялардын уставдык капиталдарында жана шериктештиктерде баалуу кагаздарды, акцияларды жана үлүштөрдү сатып алууга;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталбаган банктарда банктык эсептерди ачууга;

4) 1000 эсептик көрсөткүчтөн ашкан суммада накталай формадагы бүтүмдөрдү жасоого.

2. Сот тутумунун кызматчысы 200 эсептик көрсөткүчтөн ашкан суммадагы бардык сатып алууларын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы тарабынан аныкталуучу тартипке ылайык өздүк делодо каттоого милдеттүү.

3. Сот тутумунун кызматчыларына мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жана кызыкчылыктардын кагылышы чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген башка чектөөлөр, милдеттенмелер жана тыюу салуулар жайылтылат.

4. Ушул беренеде каралган жоболорду сактабоо фактысын аныктоо сот тутумунун кызматчысын ишенимди жоготкондугуна байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотуу, ошондой эле аныкталган бузуулар боюнча укуктук баа берүү үчүн тийиштүү материалдардын көчүрмөлөрүн прокуратура органдарына жөнөтүү үчүн негиз болуп саналат.

5. Сот тутумунун кызматчысына карата кызматтык кылмыш, анын ичинде коррупция, мамлекеттик жана/же муниципалдык менчикти уурдоо менен байланышкан кылмыш жасаган деген шектенүү боюнча жазык куугунтугу башталган учурда, анда сот тутумунун кызматчысы кылмыш иши боюнча чечим чыгарылганга чейин эмгек акы төлөөнү токтотуу менен, кызматтык милдеттерин аткаруудан токтоосуз четтетилүүгө тийиш.

6. Сот тутумунун кызматчысы кызматтык кылмыш, анын ичинде коррупция, мамлекеттик жана/же муниципалдык менчикти уурдоо менен байланышкан кылмыш жасагандагы үчүн жумуштан бошотулган учурда, сот тутумунун бул кызматчысы сот тутумунда кызмат өтөгөндүгүнө байланыштуу ага мамлекет тарабынан берилген бардык жеңилдиктерден жана социалдык кепилдиктерден (пенсиялык камсыздоодон тышкары) ажыратылат.».

 

2-берене

«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 414-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 7-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:

«6. Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) тутуму жөнүндө жобо, ошондой эле бул тутумдун оператору Өкмөт тарабынан бекитилет.»;

2) 8-беренесинин 14-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«14. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында статс-катчы Кеңештин сунушу боюнча Премьер-министр тарабынан 5 жумуш күндүн ичинде дайындалат.»;

3) 19-беренесинде:

а) 2-бөлүгүнүн 2-пунктундагы «алынбаган же» деген сөздөр алып салынсын;

б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:

«3) Мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестринде турган.»;

в) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

«3. Коррупциялык жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыш жасагандыгы үчүн сотттуулугу бар же мурда болгон адам, соттуулугу жоюлганына же жоюлбагандыгына карабастан, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматта иштей албайт.»;

4) 26-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1. Кызматчынын мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен эмгектик мамилелерине тиешелүү бардык маалыматтар, материалдар жана документтер кызматчынын өздүк көктөмөсүндө камтылат. Өздүк көктөмөгө коррупцияга каршы аракеттенүү жана кызыкчылыктардын кагылышы чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган башка маалыматтар да киргизилиши мүмкүн. Өздүк көктөмө мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналды башкаруу кызматы тарабынан жүргүзүлөт.»;

5) 33-беренесинде:

а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1. Жасалган укук бузуунун мүнөзүнө жараша, кызматчы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинде белгиленген тартиптик, материалдык, ошондой эле жазык жоопкерчилигин тартат.»;

б) 2-5-бөлүктөрүндөгү ар түрдүү жөндөмөдөгү «жосундар» деген сөз тиешелүү жөндөмөдө «бузуулар» деген сөз менен алмаштырылсын;

в) 7-бөлүгүндө:

1-пунктундагы «жосунда» деген сөз «тартип бузууда» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«3) эгерде кызматчынын иш-аракеттеринде Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде же Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинде каралган кылмыштын же жосундун курамынын белгилери болсо, материалдарды укук коргоо органына берүү менен.»;

6) 34-беренесинде:

а) 2-бөлүгүндөгү «жосун» деген сөз «тартип бузуу» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

б) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«4. Тартиптик жаза жасалган тартиптик бузуунун оордугун жана мүнөзүн, ошондой эле тартиптик бузуу жасалган жагдайларды эске алуу менен салынат. Жасалган тартиптик бузуунун оордугу жана мүнөзү, ошондой эле башка жагдайлар мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында түзүлүүчү тартиптик комиссия тарабынан аныкталат, анын ишинин натыйжасы мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине же ыйгарым укуктуу кызмат адамына жазанын конкреттүү түрүн колдонуу жөнүндө сунушту киргизүү болуп саналат.

Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ведомстволук же аймактык бөлүмчөсүндө тартиптик комиссия түзүлүшү мүмкүн, анын курамы мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ведомстволук же аймактык бөлүмчөсүнүн жетекчиси тарабынан бекитилет.»;

в) 5-бөлүгүндөгү «жосун» деген сөз «тартип бузуу» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

7) 36-беренесинин 5-бөлүгүндөгү «, административдик» деген сөз алып салынсын;

8) 44-беренесинде:

а) 1-бөлүгү «1-бөлүгүнүн 6-8-пункттарында» деген сөздөрдөн кийин «жана 10-бөлүгүндө» деген сөздөр менен толукталсын;

б) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«3. Мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестри бош административдик кызмат орундарын ээлөөгө конкурстук тандоодо пайдаланылат жана кызматка алууда баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.»;

в) 5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

9) 47-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 10-бөлүк менен толукталсын:

«10. Сот тутумунда административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлеген кызматчы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптарды сактабоо фактысы аныкталганда ишенимди жоготкондугуна байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулат.»;

10) 49-беренесинин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

«5) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволук жана аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилери ушул Мыйзамда мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчилери үчүн белгиленген функцияларды (ыйгарым укуктарды), эгерде алар мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларда, ошондой эле мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволук жана аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилеринин функцияларын (ыйгарым укуктарын) жөнгө салган ченемдик укуктук актыларда каралса, аткара алышат.».

 

3-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти