Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\319c206e-f6f7-4d57-8367-88c5de86e479\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

20-жылдын 17-сентябры № 480

"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.И.Бакиров, А.И.Кулбараков, К.Дж.Рыспаев жана А.М.Султанов тарабынан демилгеленген "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М. Абылгазиев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
20-жылдын 17-сентябрындагы
№ 480 токтому менен
жактырылган

"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.И.Бакиров, А.И.Кулбараков, К.Дж.Рыспаев жана А.М.Султанов тарабынан демилгеленген "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.

Алсак, Мыйзамдын долбоору менен "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесин 51-1-пункт менен толуктоо сунушталууда, бул пункт кен өнөр жайына инновациялык технологияларды киргизүү боюнча иш-чараларды колдоо жана каржылоо максатында түзүлүүчү инновациялык технологиялар фондунун түшүнүгүн аныктайт, анын иши Өкмөттүн чечими менен жөнгө салынат. Мында Фонддун каражаттары кен ишканаларынын жылдык түшкөн каражатынан 1% өлчөмүндө чегерүүлөрдөн түзүлөт.

Сунуш кылынган Мыйзамдын долбоору өлкөнүн колдонуудагы мыйзамдарына шайкеш келиши жагынан кылдаттык менен изилденди, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул мыйзамдын долбоорун кабыл алуу төмөнкүдөй негиздер боюнча максатка ылайыксыз деп эсептейт.

1. Жер казынасы жөнүндө колдонуудагы мыйзамдарда "кен ишканалары" деген түшүнүк камтылган эмес. Ушуга байланыштуу каралып жаткан Мыйзамдын долбоорунун алкагында кайсы компанияларды жылдык түшкөн каражаттан 1% өлчөмүндө чегерүүлөрдү төлөөгө милдеттендирүү сунуш кылынгандыгы, ошондой эле бул чегерүүлөрдү кантип башкаруу шартталгандыгы такталган эмес.

2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 14-беренесине ылайык ыктыярдуу кайрымдуулуктардын эсебинен түзүлгөн фонддорду кошпогондо, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бюджеттик эмес фонддорду түзүүгө тыюу салынат.

Мында Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалым катынан, ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун мазмунунан аталган фонддун укуктук статусун аныктоого мүмкүн эмес, ошондой эле бул фонддун ишинин механизмдерин караган берене белгиленген эмес.

Ошону менен бирге мамлекеттик бюджеттин кирешесине төлөнүүчү жыйымдар, чегерүүлөр, төлөмдөр, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы, салыктык, бажылык төлөмдөр, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөр жана расмий трансферт болуп эсептелбеген - салыктык эмес кирешелер Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекси менен белгиленет, ал салыктык  эмес кирешелерди белгилөө, киргизүү жана алуу боюнча, ошондой эле салыктык эмес кирешелердин эсептелишин жана төлөнүшүн контролдоо процессинде пайда болгон мамилелерди жөнгө салат.

3. Азыркы учурда кен казып алуу ишканаларынан, салыктык чегерүүлөрдөн тышкары, мамлекеттик бюджетке салыктык эмес кирешелердин төмөнкүдөй түрлөрү түшүп турат:

- жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым;

- айыл аймагынын, шаардын чектерине кирбеген лицензиялык аянттан же анын бир бөлүгүнөн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйым;

- кыйыр салыктарды эсепке албаганда, жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө пайдалуу кенди сатуудан алган кирешенин 2% өлчөмүндөгү чегерүүлөрү. Азыркы учурда облустарды жана райондорду өнүктүрүүнүн 43 фонду иштеп жатат, алардын бюджеттик эсептерине 2015-жылдан тартып 2018-жылга чейин 1,5 млрд. сом которулган;

- айлана-чөйрөнү булгоо үчүн жыйым.

4. Мындан тышкары "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын инновациялык долбоорлорго экспертиза жүргүзүүнү караган 50-1-берене менен толуктоо сунушталат. Аталган берененин 2-бөлүгү менен инновациялык долбоорлорго экспертиза жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү эксперттик комиссия тарабынан ишке ашырылаары белгиленген.

Бирок бул ченем "Экологиялык экспертиза жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине карама-каршы келе тургандыгын белгилөө зарыл, анткени конкреттүү объекттин экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик экологиялык экспертизасын экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укуктуу орган түзгөн эксперттик комиссия жүргүзөт (бул учурда - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги).

5. Ошондой эле Мыйзамдын долбоорун баяндоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын талаптарына жооп бербегенине көңүлүңүздөрдү бурабыз.

6. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен методикага ылайык жөнгө салуучу таасирин талдоо жүргүзүлөт. Жөнгө салуучу таасирин талдоо ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуучу жак тарабынан жүргүзүлөт жана камсыз кылынат. Бирок жөнгө салуучу таасирин талдоонун негизинде даярдалган негиздеме долбоорго тиркелген эмес.

Андан тышкары аталган Мыйзамдын 25-беренесине ылайык ченемдик укуктук актынын долбооруна карата коомдук талкуулоону жүргүзүү керек болгон учурда, негиздеме-маалым катта анын натыйжалары жөнүндө маалымат камтылууга тийиш.

7. Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө кандайдыр-бир фонддорду түзүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн позициясы - бул, эң оболу айлана-чөйрөнү коргоо жана региондордун экологиялык коопсуздугу экенин өзгөчө белгилөө зарыл.

Алсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана "Центерра Голд Инк." компаниясынын ортосундагы айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча Стратегиялык макулдашууну ишке ашыруунун алкагында "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коому "Жаратылышты өнүктүрүү фондун" түздү.

"Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому 50 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү бир жолку төлөмдөн тышкары, жыл сайын Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 3,7 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү төлөмдү төлөп турат.

Мындан тышкары, ушул Стратегиялык макулдашуунун алкагында "Центерра Голд Инк." компаниясы, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому жаратылышты коргоочу иш-чараларды финансылоону кеңейтүүгө, ошондой эле региондорду өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды колдоого багытталган жаңы милдеттенмелерди алат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын региондорунда билим берүү, саламаттык сактоо, спорт жана эс алуу чөйрөлөрүндө социалдык өнөктөштүк долбоорлорун, ошондой эле региондорду өнүктүрүүгө багытталган башка демилгелерди каржылоо үчүн "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фонду түзүлгөн.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул мыйзамдын долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.