Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\404dfbf6-a975-4354-8ede-73d9a3f212d3\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 27-сентябры № 504

"Жеке менчик медициналык ишмердүүлүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Токторов А.С., Самигуллина А.Э., Мамашова А.Т., Шер-Нияз С., Баатырбеков А.Б., Сулейманов Б.И., Турусбеков Б.С., Жоробеков Т.У., Жумалиев К.М., Акаев Ж.К. тарабынан демилгеленген "Жеке менчик медициналык ишмердүүлүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М. Абылгазиев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2019-жылдын 27-сентябрындагы
№ 504 токтому менен
жактырылган

"Жеке менчик медициналык ишмердүүлүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Токторов А.С., Самигуллина А.Э., Мамашева А.Т., Шер-Нияз С., Баатырбеков А.Б., Сулейманов Б.И., Турусбеков Б.С., Жоробеков Т.У., Жумалиев К.М., Акаев Ж.К. тарабынан демилгеленген "Жеке менчик медициналык ишмердүүлүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.

1. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Мыйзам долбоорунун преамбуласы милдеттүү болуп эсептелбеген, аны кабыл алуу (чыгаруу) себептери, шарттары жана максаттары жөнүндө маалыматты камтыган, ченемдик укуктук актынын өз алдынча бөлүгү болуп калганын белгилеп коюу керек. Преамбулага ченемдик эскертүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Буга байланыштуу Мыйзам долбоорунун ченемдик укуктук актыны жөнгө салуу предмети аныктала турган преамбуласын конкреттештирип, өз алдынча берене катары баяндоону сунуштайбыз.

2. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык ченемдик укуктук актынын текстинде колдонула турган терминдер жана түшүнүктөр түшүнүктүү жана бир маанилүү болууга тийиш. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинде келтирилген айрым терминдер "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында ачылып берилген, ошондой эле так айтылбай калган.

Буга байланыштуу Мыйзам долбоорунун аталган беренесин, төмөнкүлөр боюнча кайра карап чыгууну сунуштайбыз:

- түшүнүктөрдү бир мааниде түшүндүрүүчү айтылышта баяндоо;

- башка мыйзам актыларында ачылып бериле турган жана кошумча чечмелөөнү талап кылбаган түшүнүктөрдү алып салуу.

3. Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 1-бөлүгүндө жеке менчик медициналык ишмердүүлүк саламаттык сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу милдеттерин аткарууга, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногун түзүүгө, жарандарды медициналык жана медициналык-социалдык жардам менен камсыздоого, калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатын жогорулатууга жана калктын медициналык кызматтарга болгон керектөөлөрүн толук канааттандырууга экономикалык кызыкчылык механизмдерин ишке ашырууга багытталган деп белгиленет.

Мында Мыйзам долбоорунун 5-беренесинде жеке медициналык ишмердүүлүк субъектилеринин укуктары жана милдеттери регламенттелген.

Бирок, Мыйзам долбоорунда жеке медициналык ишмердүүлүк менен түздөн-түз укуктук мамиледе боло турган жарандардын (пациенттердин, калктын) укуктары каралган жоболор жок, буга байланыштуу Мыйзам долбоорунда аларды караштырууну сунуш кылабыз.

4. Мыйзам долбоорунун 2-беренесинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мамлекет аралык келишимдерден, анын ичинде Кыргыз Республикасы тарабынан колдоого алынган келишимдерден турат деп белгилөө сунушталат.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктук жалпы таанылган принциптери жана ченемдери Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп эсептелет.

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Мыйзам долбоорунун 2-беренесин жеткире иштеп чыгуу сунушталат.

Мыйзам долбоорунун 18-беренеси боюнча да ушундай эле сын пикир берилмекчи.

5. Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 2-бөлүгүндө Жеке медициналык ишмердүүлүк субъектилеринин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат деп белгилөө сунушталат.

Ошентсе да Мыйзам долбоорунун корутундулоочу жоболорунда аталган жоболорду жүзөгө ашыруу иш-чаралары чагылдырылган эмес.

Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.

Буга байланыштуу Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым катында аталган Мыйзам долбоорун жүзөгө ашыруу үчүн кандай ченемдик укуктук актылар тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылаары тууралуу маалымат менен толуктоо зарыл.

Мыйзам долбоорунун 12-беренесинин 2-бөлүгү боюнча да ушундай эле сын пикир берилет.

6. Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда жеке медициналык ишмердүүлүк субъектилери баңгизаттык жана аларга теңештирилген, жеңилдетилген шарттарда бериле турган каражаттарга жана медикаменттерге рецепттерди кошпогондо, дары препараттарына рецепттерди, маалым каттарды, медициналык корутундуларды жана эмгекке жарамсыздык баракчаларын ыйгарым укуктуу саламаттык сактоо органы белгиленген тартипте берүүгө укуктуу деп белгилөө сунушталат.

Муну менен бирге жогоруда аталган документтерди берүү тартиби ченемдик укуктук актынын мүнөзүнө окшосо, анда буга жараша ыйгарым укуктуу саламаттык сактоо органы мындай тартипти бекитүүгө укугу жок экенин белгилейбиз.

Алсак, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык ченемдик укуктук акт ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (кызмат адамынын), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын компетенциясынын чегинде же болбосо референдум аркылуу кабыл алынган (чыгарылган), укук ченемдерин (укуктук ченемдерди) белгилөөгө, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга багытталган белгиленген формадагы расмий документ болуп эсептелет.

Мында укук ченеми адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнө жана көп ирет колдонууга эсептелген жалпыга милдеттүү жүрүм-турум эрежелери болуп эсептелет.

Ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга (чыгарууга) укуктуу субъектилердин тизмеги аталган Мыйзамдын 5-беренесинде белгиленген, ага ыйгарым укуктуу саламаттык сактоо органы кирбейт.

Мындан тышкары, эмгекке жарамсыздык баракчаларын берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-февралындагы № 152 токтому менен бекитилген Дарылоочу-алдын алуучу уюмдарда эмгекке убактылуу жарамсыздыкты экспертизалоо боюнча нускамада белгиленген.

Айтылгандарды эске алуу менен Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктчасын кайра карап, жеткире иштеп чыгуу сунушталат.

Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пункту, 8-беренеси жана 12-беренесинин 1-бөлүгү боюнча да ушундай эле сын пикирлер берилет.

7. Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктчасына ылайык жеке медициналык ишмердүүлүк субъектилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык берилген жекече уруксаты болсо, жеке медициналык уюмдун стационардык бөлүмүндө баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды медициналык максаттарда алууга, сактоого жана пайдаланууга укуктуу болушат.

Бирок "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 36-пунктуна ылайык баңгизаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгаруу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, берүү, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соода жүргүзүү жана бөлүштүрүү иштин лицензиялануучу түрлөрү болуп саналарын эске алуу зарыл.

Жалпысынан Мыйзам долбоорунун 5-беренесинде белгиленген жеке медициналык ишмердүүлүк субъектилеринин укуктары "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган жеке медициналык ишмердүүлүк субъектилеринин укуктарынан айырмаланарын белгилейбиз.

8. Мыйзам долбоорунун 6-беренеси мааниси боюнча Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9-пунктун кайталап жатат, буга байланыштуу аны кайра карап чыгууну сунуштайбыз.

9. Мыйзам долбоорунун 9-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, шашылыш формадагы медициналык жардам жеке медициналык ишмердүүлүк субъектилери тарабынан токтоосуз жана бекер көрсөтүлөт. Аны көрсөтүүдөн баш тартууга жол берилбейт.

Муну менен бирге "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында жарандарга медициналык-санитардык жардамдардын төмөнкүдөй түрлөрү көрсөтүлөрүн көңүлгө алуу керек:

- алгачкы медициналык-санитардык жардам;

- адистештирилген медициналык жардам;

- медициналык-социалдык жардам;

- медициналык калыбына келтирүү;

- медициналык экспертиза;

- паллиативдик жардам.

10. Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн 9-пунктундагы "зарыл документтер жана маалыматтар" деген айтылышты конкреттештирүүнү сунуштайбыз, анткени мындай айтылыш укук колдонуу практикасында коррупциялык опурталдарды жана айрым бир татаалдыктарды жаратышы мүмкүн.

Өз кезегинде, коррупциялык опурталдарды болтурбоо үчүн "зарыл документтер жана маалыматтар" ченемдик укуктук актылар менен белгиленүүгө тийиш экенин белгилейбиз.

11. Мыйзам долбоорунун 10-беренесинде жеке медициналык ишмердүүлүктү лицензиялоо тартибин жөнгө салуу сунушталат.

Мында "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен лицензиялардын жана уруксаттардын толук тизмеги аныкталганын белгилейбиз. Аталган Мыйзамдын 15-беренесинде лицензияланууга тийиш ишмердүүлүктүн түрлөрү, анын ичинен жеке медициналык мекемелер жана жеке ишкерлер тарабынан ишке ашырыла турган медициналык ишмердүүлүктүн түрлөрү аныкталган (жеке медициналык мекемелерде же жеке ишкерлерде жалданып иштеген же эмгек келишиминин негизинде иштеген медициналык кызматкерлердин иштеринен тышкары).

Мындан тышкары жогоруда аталган Мыйзамдын 18-беренесинде лицензия жана (же) уруксат алуу үчүн керектүү документтердин тизмеги белгиленген. Жогоруда аталган Мыйзамдын ушул беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык лицензия берүүчү ушул Мыйзамга каршы келбеген бөлүгүндө ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралбаган документтерди берүүнү арыз ээсинен талап кылуусуна тыюу салынат.

Ошондой эле лицензиянын жана (же) уруксаттын мазмуну "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинде аныкталганын белгилей кетүү керек.

Мыйзам долбоорунун каралган жоболору "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-главасын кайталап калганын жана лицензиялоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын жөнгө салуучу предмет болуп эсептелээрин белгилейбиз, буга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 10-беренесин кайрадан карап чыгууну сунуштайбыз.

Мыйзам долбоорунун 11-беренеси боюнча да ушундай эле сын пикирлер берилет.

12. "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык лицензиялык контролдоо ушул Мыйзамда жана иштин айрым түрлөрүн жөнгө салган ченемдик укуктук актыларда белгиленген лицензиялык талаптардын лицензия алуучу тарабынан сакталышын текшерүү максатында тийиштүү лицензия берүүчү тарабынан жүргүзүлөт. Лицензиялык контролдоо жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Буга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 12-беренесинин 1-бөлүгүн кайрадан карап чыгууну же алып салууну сунуш кылабыз.

13. Мыйзам долбоорунун 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда мамлекеттик кепилдиктер программасын, инфраструктуралык жана инновациялык долбоорлорду (саламаттык сактоо уюмдарын жана ишканаларын долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, артыкчылыктуу тармактарындагы илимий изилдөөлөр) ишке ашырууга катышуучу жеке медициналык ишмердүүлүк субъектилерине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык салыктык жана өзгөчө жеңилдиктер берилиши мүмкүн.

Мында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары болуп саналбаган мыйзамдарга аталган Кодексте каралган учурлардан тышкары салыктык укук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдерди киргизүүгө тыюу салынат.

Буга байланыштуу салыктык жеңилдиктерди берүү салык мыйзамы менен гана жөнгө салынаарын эске алуу менен Мыйзам долбоорунун 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктун алып салуу керек.

14. "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык менчигинин түрүнө карабастан медициналык иш менен алектенген жеке жана юридикалык жактарды аккредитациялоо саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталуучу милдеттүү тартипте медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу максатында жүзөгө ашырылат.

Аталган Мыйзамдын 14-беренесине ылайык Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген жеке медициналык уюмдар өз иштерин милдеттүү аккредитациялоонун негизинде жүргүзүшөт.

Ошондой эле "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык саламаттык сактоо уюмдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте лицензиялоодон жана аккредитациялоодон өтүшөт.

Мында, Мыйзам долбоорунда медициналык ишмердүүлүк менен иштеген субъектилерди аккредитациялоо каралбагандыгын белгилейбиз.

Буга байланыштуу Мыйзам долбоорунда жогоруда аталган мыйзамдардын талаптарына ылайык жеке жана юридикалык жактардын аккредитациядан өтүүсү каралган жобону киргизүүнү сунуштайбыз.

15. "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык элдик медицина - бул элдик салттарда бекемделген адамдардын көптөгөн муундарынын тажрыйбасына негизденген ден соолукту чыңдоонун, алдын алуунун, диагноз коюунун жана дарылоонун методдору. Элдик медицина менен иштөө укугуна медицина жана элдик медицина жаатында атайын даярдыктан өтүшкөн, табыптын дипломун, ошондой эле лицензия алышкан Кыргыз Республикасынын жарандары ээ болушат.

Мындан улам элдик медицина лицензиянын негизинде жарандар иштей турган жеке медициналык ишмердүүлүк болуп санала турганы дагы дайын болду.

Буга байланыштуу элдик медицина атайы уруксат (лицензия) алуунун негизинде жарандар ишке ашыра турган жеке медициналык ишмердүүлүк болуп санала турганын эске алуу менен, бул маселелерди тактоону сунуш кылабыз.

16. Мыйзам долбоорунун бүткүл тексти боюнча мыйзамдарга бланкеттик шилтемелер берилээрин көңүлгө алуу керек.

Өз кезегинде белгилей кетүүчү жагдай, "мыйзамдар" аттуу термин жалпыланган түшүнүктү билдирээрин жана ал кеңири чечмелөө мүмкүндүгүн берүүчү так эмес мүнөзгө ээ экендигин белгилейбиз.

Алсак, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык мыйзамдар деп коомдук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын жыйындысын, ал эми ченемдик укуктук акт деп ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын компетенциясынын ыйгарым укуктарынын чегинде же болбосо референдум аркылуу кабыл алынган (чыгарылган), укук ченемдерин белгилөөгө, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга багытталган белгиленген формадагы расмий документти түшүнөбүз.

Буга байланыштуу Мыйзам долбоорунда шилтеме жасалган ченемдик укуктук актыларга талдоо жүргүзүүнү жана алардын тармагын же жөнгө салуу чөйрөсүн көрсөтүүнү сунуш кылабыз.

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 78-пунктуна ылайык, жалпы эле мыйзамдарга бланкеттик шилтемелерди жасоого жол берилбейт.

Ошентсе да, жогоруда аталган Нускаманын 77-пунктуна ылайык мыйзам долбоорундагы бланкеттик эскертүүлөр мыйзамдардын бир тармагына, мыйзам актысынын бир түрүнө, жөнгө салуу чөйрөсүнө жана белгилүү бир эрежелерге шилтеме берилиши мүмкүн.

Айтылгандарды эске алуу менен Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктундагы, 5-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктундагы, 6-беренесиндеги, 7-беренесинин 2-бөлүгүндөгү, 8-беренесиндеги, 9-беренесинин 2-бөлүгүндөгү, 10-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктундагы, 12-беренесинин 3-бөлүгүндөгү, 13-беренесинин 2-бөлүгүндөгү, 14-беренесиндеги, 15-беренесиндеги жана 16-беренесиндеги бланкеттик шилтемелерди кайра карап чыгууну сунуштайбыз.

Ошол эле учурда "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык ченемдик укуктук актылар ичтен макулдашылган, логикалык жактан туура түзүлгөн жана ченем чыгаруу техникасына шайкеш келиши керек.

Бирок Мыйзам долбоорунун берилген жоболору жогоруда аталган Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын талаптарына жооп бербейт.

Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Мыйзам долбоорун сунушталган редакцияда кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт, буга байланыштуу аны ушул корутундуда баяндалган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен жеткире иштеп чыгуу сунушталат.