Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\31b8dca1-9a6d-4858-b993-805388a36d44\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 11-октябры № 536

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруунун айрым маселелерин жөнгө салган механизмдерди андан ары өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 18-октябрындагы N 87 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М. Абылгазиев

 

 

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине киргизилүүчү
ӨЗГӨРТҮҮЛӨР

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-августундагы № 462 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутуу маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутуунун тартиби жөнүндө жободо:

- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутууга мамлекеттик тапшырыктын алкагында саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган адамдар да окутулушу мүмкүн.";

- 14-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:

"- улуттук программаларга жана башка стратегиялык документтерге ылайык аныкталган темалар боюнча окутуу курстары - окутуу программасына ылайык;

- саясий мамлекеттик кызмат орундарын, саясий муниципалдык кызмат орундарын жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдар үчүн окутуу курстары - окутуу программасына ылайык.";

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутууга мамлекеттик тапшырык жөнүндө жободо:

- 5-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- жаңы окуу программаларын, модулдарды, анын ичинде окутуунун дистанциялык формасы үчүн электрондук окуу программаларын жана модулдарды иштеп чыгууну;";

- 14-пунктунда:

2-пунктчасындагы "кайра даярдоо боюнча курстарга" деген сөздөр "окутууга" деген сөз менен алмаштырылсын;

3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) Мамтапшырыкты толук көлөмдө ишке ашыруу мүмкүндүгү болбосо, Академия мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык Мамтапшырыкты билим берүүчү уюмдардын арасында жайгаштырат, ошондой эле тренерлерди (консультанттарды) тартуу жолу менен Мамтапшырыкты жүзөгө ашырат;";

4-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"15. Окутуу графиги жана программалары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.";

- 17 жана 18-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"17. Ушул Жобонун 14-пунктунун 3-пунктчасында каралган учурларда Академия менен конкурста жеңүүчү болгон билим берүүчү уюмдун (мындан ары - Мамтапшырыктын программаларын аткаруучу) ортосунда Мамтапшырыкты ишке ашырууга келишим түзүлөт.

18. Мамтапшырыктын программаларын аткаруучу окутуу графигин түзөт жана аны Академия менен макулдашат.

Академия окутуу графигин мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберет.";

- 19-пунктундагы "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөр "Академияга" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 20-пунктундагы "Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Академия" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 21-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"21. Окутуу аяктагандан кийин Академия ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Мамтапшырыктын чегинде окутуу жүргүзүлгөндүгү жөнүндө жыйынтыктоочу отчёт берет.";

- 22-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 674 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоону камсыз кылуу маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:

- 33-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине же ыйгарым укуктуу кызмат адамына тартип комиссиясы тарабынан жаза чарасынын конкреттүү түрүн колдонуу жөнүндө сунушту киргизүү туурасындагы ушул пункттун жоболору статс-катчыларга, ошондой эле "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 2-6, 10 жана 11-бөлүктөрүнө ылайык кызмат орундарына дайындалышкан кызматчыларга карата жайылтылбайт.".

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 "Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 11-пункту:

төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын:

"Шаардын мэриясынын аппарат жетекчисинин кызмат ордуна конкурс өткөрүүдө төрага болуп вице-мэр (анын ичинде биринчи вице-мэр) эсептелет.

Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын кызмат ордуна конкурс өткөрүүдө төрага болуп айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, ал жок учурда - жергиликтүү мамлекеттик администрациянын өкүлү эсептелет.";

сегизинчи абзацтын мамлекеттик тилдеги текстиндеги "өкүлү" деген сөз "өкүлдөрү" деген сөз менен алмаштырылсын;

- мамлекеттик тилдеги 21-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"21. Персоналды башкаруу кызматы же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам конкурс өткөрүү жөнүндө тийиштүү акт чыккандан кийин эки жумуш күндүн ичинде мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын веб-сайтына маалыматты жайгаштыруу жолу менен жана электрондук почта боюнча (зарылдыкка жараша байланыштын башка каражаттары менен) ички кадрлар резервине киргизилген адамдарга кабарлайт жана конкурс өткөрүү жөнүндө акттын түп нускасын кийин жөнөтүү менен электрондук почта же факсимилдик байланыш аркылуу бул акт жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга белгиленген мөөнөттө маалымдайт.";

- 34-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу жана онунчу абзацтар менен толукталсын:

"Эгерде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын техникалык мүмкүнчүлүктөрү болсо, анда конкурстун катышуучусу тарабынан ушул пунктта көрсөтүлгөн документтерди мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасы аркылуу электрондук форматта тапшырууга уруксат берилет.

Жасалма документтерди же атайлап жалган маалыматтарды берген адам Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамында белгиленген жоопкерчиликти тартат.";

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарда:

- 13-пунктунун 2-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- мамлекеттик органдын статс-катчысынын кызмат оруну үчүн - административдик мамлекеттик жана/же муниципалдык жогорку же башкы кызмат орундарында же болбосо атайын, саясий мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жалпысынан 5 жылдан кем эмес иш стажы. Статс-катчынын кызмат ордун ошондой эле башка иш чөйрөлөрүндө 7 жылдан кем эмес жетектөөчү иш тажрыйбасы бар адамдар, бирок мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жалпысынан 3 жылдан кем эмес иш стажы болгон шартта ээлей алышат. Статс-катчынын кызмат ордун ээлөө үчүн иш стажына саясий муниципалдык кызмат орундарындагы адамдардын акы төлөнбөөчү негизде аткарылуучу иши кирбейт;";

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө жободо:

- 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Улуттук резерв "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте дайындала турган кызмат орундарын ээлөөдө да пайдаланылышы мүмкүн.";

- 12-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи жана он экинчи абзацтар менен толукталсын:

"Конкурстун катышуучусу тарабынан ушул пунктта көрсөтүлгөн документтердин топтомун мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасы аркылуу электрондук форматта тапшырууга уруксат берилет.

Жасалма документтерди же атайылап жалган маалыматтарды берген адам Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамында белгиленген жоопкерчиликти тартат.";

4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ички кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө жободо:

- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

"- аскер кызматына чакырылгандыгына же аны алмаштыруучу альтернативдик жарандык кызматка жөнөтүлгөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулган адамдардан.";

5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жободо:

- 6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча кызматчыны "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган мамлекеттик кызматтын башка түрүнө мамлекеттик кызматтын тийиштүү түрлөрүнө кирүү жана иштөө тартибин жөнгө салуучу мыйзамдарда белгиленген квалификациялык жана башка талаптарга шайкеш келишин эсепке алуу менен ротациялоого жол берилет.".

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 707 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын статс-катчысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын статс-катчысы жөнүндө жободо:

- 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Статс-катчынын кызмат ордун жогорку билими, административдик мамлекеттик жана/же муниципалдык жогорку же башкы кызмат орундарында же болбосо атайын, саясий мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында 5 жылдан кем эмес жалпы иш стажы бар адамдар ээлей алышат.

Статс-катчынын кызмат ордун ошондой эле башка иш чөйрөлөрүндө 7 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар адамдар, бирок мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес жалпы иш стажы болгон шартта ээлей алышат.

Статс-катчынын кызмат ордун ээлөө үчүн иш стажына саясий муниципалдык кызмат орундарындагы адамдардын акы төлөнбөөчү негизде аткарылуучу иши кирбейт.".

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо тартиби жөнүндө жободо:

- 14-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"Бул материалдар ошондой эле мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасында электрондук форматта сакталышы мүмкүн.";

- 15-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Жылдык баалоонун жыйынтыгы боюнча отчетту мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасы аркылуу мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга электрондук форматта берилиши мүмкүн.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 36-1-пункт менен толукталсын:

"36-1. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын техникалык мүмкүндүгү болсо, анда кызматкерлердин ишин баалоонун жүрүшү менен байланышкан документтерди кызматкерлер мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасы аркылуу электрондук форматта тапшыра алышат.";

- 37-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:

"Айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын ишин жылдык баалоо мүмкүн болбогон учурда, эгерде бул кызмат орду бош болгондо же айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордунан убактылуу четтетилген болсо, анда айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын иши айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттеринин аткарылышы убактылуу жүктөлгөн адам, ал эми милдеттерин убактылуу аткаруучу дайындалбаса - баалана турган мезгилдин ичинде кызматтык ишин изилдөөнүн негизинде тийиштүү жергиликтүү кеңештин төрагасы баалайт.

Эгерде айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттерин аткаруучу болуп айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары же айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы дайындалса, анда айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары же айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы кызмат ордундагы анын мурдагы ишин жылдык баалоону тийиштүү жергиликтүү кеңештин төрагасы жүргүзөт.";

- 50-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:

"Эгерде мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аймактык бөлүмчөсүндө баалоо боюнча өз алдынча комиссия түзүлсө, анда 5 пайыздык квота мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ведомстволук жана аймактык бөлүмүнүн ар бири үчүн өзүнчө эсептелет.".