Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\929e532f-9e2f-4956-beea-31abfca784fb\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 18-октябры № 561

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ишинин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө жободо:

- 8-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- берилген ыйгарым укуктардын чегинде бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө жана иштерди кароого;";

- 12-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын:

"- бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган учурларда жаза салууга ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмесин аныктайт;

- бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген комиссияларды түзөт;".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 304 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдында Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментин түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти жөнүндө жободо:

- 5-пунктунда:

он тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

жыйырма биринчи абзацындагы "даректик маалыматтарды" деген сөздөр "каттоолук эсепке алуу жөнүндө маалымкаттарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

мамлекеттик тилдеги текстинин жыйырма үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы отуз сегизинчи абзац менен толукталсын:

"- Департаменттин компетенциясынын чегинде бузуулар жөнүндө протоколдорду түзөт жана иштерди карайт.";

- 11-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи-сегизинчи абзацтар менен толукталсын:

"- бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган учурларда жаза салууга ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмесин аныктайт;

- бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген комиссияларды түзөт;".

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М. Абылгазиев