КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-октябры № 562
2020-2030-жылдарга Жаштар саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 141 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга планын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылга иш-аракеттер планын ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-2030-жылдарга Жаштар саясатынын концепциясы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик алты айлык мөөнөттө 2020-2030-жылдарга Жаштар саясатынын концепциясын ишке ашыруунун биринчи этабы катары 2020-2025-жылдарга Жаштар саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
|
М. Абылгазиев |