Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 

 

Тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2019-жылдын 18-октябрындагы
№ 562
токтомуна)

2020-2030-жылдарга Жаштар саясатынын
КОНЦЕПЦИЯСЫ

1. Учурдагы кырдаалды жалпы баалоо

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында (мындан ары - Улуттук стратегия) Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 2015-жылдын 25-сентябрындагы 70/1-резолюциясы менен кабыл алынган Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүүгө умтулат деп белгиленген.

Улуттук стратегияга ылайык адамдын өнүгүүсү - социалдык чөйрөдөгү, экономикадагы, социалдык коргоодогу жана пенсиялык камсыздандыруудагы, саламаттык сактоодогу, билим берүүдө жана илимдеги, жаштар саясатындагы мамлекеттик саясаттын негизи болуп саналат.

Улуттук стратегияны, Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашыруу максатында өлкөнү өнүктүрүү процессине жаштарды активдүү тартуу, мамлекеттик жаштар саясатын толук ишке ашыруу үчүн жаштарды өнүктүрүүнүн натыйжалуу системасын түзүү болжолдонууда.

Мамлекеттик жаштар саясаты биринчи кезекте жаштар үчүн өзүнүн адамдык потенциалын жогорулатуу үчүн мүмкүндүк берүүгө, мамлекеттин жана коомдун өнүгүүсүнүн негизги ресурсу катары жаштарды калыптандырууга, саясий, экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдө жаштардын демилгелерин колдоого, жаш жарандардын өзүнүн ден соолугуна, ата-бабалардын мурастарына, айлана-чөйрө менен өз ара аракеттенүүсүнө жана өзүнүн чечимдерине жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандырууга багытталат.

Жаштардын демилгелерин колдоо жана жаштардын айрым категорияларын (жаш үй-бүлөлөр, оор турмуштук жагдайга туш болгон жаштар) социалдык адаптациялоо боюнча чаралардын бүтүндөй системасы түзүлүүгө, эң эле жөндөмдүү, шыктуу, таланттуу жаштарды өнүктүрүүгө мамлекеттин, бизнестин инвестициялоонун айрым программалары, механизмдери жана моделдери даярдалууга жана ишке киргизилүүгө тийиш.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдым 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасына ылайык жаштар чөйрөсүндө баалуулук багыттарынын артыкчылыктары эске алынган жаштарды өнүктүрүүнүн толук кандуу саясатын ресурстар менен бекитүү жана камсыз кылуу, жаштардын кыйла активдүү катмарын жат пропаганданын жана деструктивдүү идеологиянын коркунучтарына, анын ичинде маалыматтык жана медиялык сабаттуулукту илгерилетүү аркылуу биргелешип каршы аракеттенүүгө тартуу зарыл.

Аталган программалык документтерди ишке ашыруу үчүн 2020-2030-жылдарга Жаштар саясатынын концепциясы (мындан ары - Концепция) иштелип чыкты, ал жаштарды өнүктүрүүдө Кыргыз Республикасынын алдында турган чакырыктарга жооп берүүгө, жаштарга карата мамлекеттик саясаттын максатын, артыкчылыктарын жана инструменттерин аныктоого арналган стратегиялык документ болуп саналат.

Концепциянын маанилүү жоболору "Кыргыз Республикасында жаштардын бакубаттуулук жана өнүгүү индекси" улуттук изилдөөлөрүнүн жыйынтыгына негизделген. Кыргыз Республикасында жаштардын бакубаттуулук жана өнүгүү индекси биздин өлкө үчүн жаштар чөйрөсүндөгү кырдаалды баалоонун новатордук инструменти болуп саналат. Жобонун негизине Кыргыз Республикасынын шарттарына ыңгайлаштырылган Жаштарды өнүктүрүүнүн глобалдуу индексин жана Жаштардын бакубаттуулук индексин аныктоонун эл аралык инструменттери кирген.

Концепция жаштар саясатынын субъекттерин өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү багыттарын, ошондой эле жаштар программаларына, долбоорлоруна, коомдук жаштар бирикмелерине жана жаштар саясатынын инфратүзүмүнө инвестициялоо параметрлерин аныктайт. Концепция секторлор аралык мүнөзгө ээ, аны ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык тыгыз өз ара аракеттенүүлөр болжолдонот.

Жаштар азыркы учурда мамлекетти өнүктүрүүнүн стратегиялык ресурсу болууда, алар эбегейсиз социалдык-экономикалык, маданий, чыгармачыл жана илимий потенциалга ээ.

Концепцияда жаштар коомду кайра өзгөртүүнүн активдүү субъекти, өлкөнү өнүктүрүүнүн жана лидерлигинин драйвери, ошондой эле социалдаштыруунун объектиси, экономикалык өсүштүн жана муундардын бакубаттуулугун камсыздоочу эң баалуу кадрдык ресурс катары каралган. Жаш жаранды өз алдынча инсан катары өнүктүрүү, анын позитивдүү көз карашын жана талап кылынган компетенцияларын калыптандыруу башкы артыкчылыктар деп таанылат. Концепциянын долбоорун иштеп чыгуу жана талкуулоо процессинде жаштар өлкөнүн бардык региондорунда активдүү катышышты.

"Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жаштардын катарына 14 жаштан 28 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары жана жарандыгы жок адамдар кирет.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык 2018-жылдын 1-январына карата өлкөнүн калкынын саны 6 млн. 256 миң 730 адамды, анын ичинде жаштар 1 млн. 610 миң 309 адамды (же калктын жалпы санынын 25,74%ын) түзөт. Пайыздык катышта эркектер 50,9%ды жана аялдар 49,36%ды түзөт. Ошол эле учурда жаштардын санынын азаюу тенденциясы байкалууда: 2017-жылдын башында жаштардын үлүшү дээрлик 27%ды түзгөн. Жыл сайын 350 миңге жакын жаштар эмгек рыногуна чыгышат, бул аларды иш менен камсыз кылуу үчүн жумуш орундарын түзүүнү талап кылат. Жергиликтүү эмгек рыногу бардык жаштарды иш менен камсыз кыла албайт, бул аларды эмгек миграциясына кетүүгө мажбур кылат.

2020-жылга карата балдардын төрөлүү үлүшү азая тургандыгы күтүлүүдө. Калктын түзүмүндө жашы жеткен жана улгайган калктын үлүшү көбөйө баштайт, бул олуттуу социалдык, экономикалык жана саясий трансформацияларга алып келет, буга башкаруу системасын, жаштардын өзүн дагы даярдоо зарыл.

Буга чейин мамлекет тарабынан жаштар саясатын өнүктүрүү боюнча бир катар стратегиялык документтер кабыл алынган.

Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 18-июнундагы № 152 Жарлыгы менен бекитилген 2010-жылга чейин Кыргызстандын жаштарын өнүктүрүү боюнча "Жаштык" улуттук программасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 14-апрелиндеги № 173 Жарлыгы менен бекитилген 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар саясатын өнүктүрүү Концепциясы жана 2006-2008-жылдарга "Кыргызстан жаштары" Улуттук программасы ишке ашырылган.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-августундагы № 471 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "2017-2020-жылдарга жаштар саясатын өнүктүрүү" программасы ишке ашырылууда, анын 2020-2030-жылдарга Жаштар саясатынын концепциясынын долбоорун иштеп чыгуудан тышкары көптөгөн иш-чаралары иш жүзүндө аткарылды.

Бирок мурунку стратегиялык документтер тармактык мүнөздө болгондугун моюнга алуу керек жана практикада мамлекеттик жана мамлекеттик эмес сектордогу ар түрдүү кызыкдар тараптардын ишин бирге уюштурууга мүмкүн болбой келген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жаштар иштери боюнча кеңештин ишинин кайра жанданышы бул көйгөйдү чечүүдөгү маанилүү кадам болуп калды. Аталган Кеңеш мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук бирикмелердин конструктивдүү жана координацияланган ишин камсыздоо максатында түзүлгөн. Ал мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жаштарды өнүктүрүү боюнча коомдук, жаштар жана эл аралык уюмдардын ортосунда өз ара мамилелерди чыңдоо жана кеңейтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууда маанилүү орунду ээлөөгө багытталган.

2. Жетишкендиктер жана көйгөйлөр

Жетишилген ийгиликтер менен катар эле жаштарды өнүктүрүүнүн эр түрдүү маселелери актуалдуулугун жогото элек. Баарынан мурда гендердик, курагы боюнча, социалдык, экономикалык, маданий жана саясий мүнөздөгү өзгөчө муктаждыктары жана көйгөйлөрү бар көптөгөн топтордон турган "жаштар" деген түшүнүктү монолиттүү деп эсептөөдөн алыс болуу керек.

Бул Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарынан, изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынан, анын ичинде эл аралык рейтингдерден, эксперттик баалоолордон ачык көрүнүп турат. Жаштар чөйрөсүнүн реалдуу абалы "Жаштардын бакубаттуулук жана өнүгүү индекси" улуттук изилдөөсүнүн жыйынтыктарында чагылдырылган, изилдөө 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин заказы боюнча "Жаштарды өнүктүрүү институту" коомдук бирикмеси менен жүргүзүлгөн. Кыргыз Республикасында жаштардын бакубаттуулук жана өнүгүү индексинин жыйынтыктоочу мааниси 0,53тү (идеалдуу мааниси - 1) түзгөн, ал Кыргыз Республикасында жаштардын бакубаттуулук жана өнүгүү индекси маанилеринин негизинде төмөнкү чөйрөлөр боюнча эсептелген: жарандык катышуу - 0,51, экономикалык мүмкүндүктөр - 0,32, билим берүү жана илим - 0,66, маданият - 0,36, ден соолук - 0,52, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар - 0,51, коопсуздук жана корголгондук - 0,71, үй-бүлө - 0,62.

Жарандык катышуу чөйрөсүндө, мисалы саясий партиялардагы жаштардын катышуусу, мамлекеттик бийликтин аткаруу жана мыйзам чыгаруу органдарындагы мамлекеттик башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жаштардын өз ара аракеттенүүлөрү сыяктуу жаштардын коомдук-саясий иштерге тартылуу деңгээлинин жетишсиздигин белгилеп кетүүгө болот.

Жаштар саясий иште өз ордун таба алышпайт, алардын укуктары менен эркиндиктери толугу менен камсыздалбай жатат деп эсептешет.

Белгилей кетүүчү нерсе, жаштар өз алдынча өнүгүү үчүн шарттары түзүүнү, жаштардын муктаждыктарын эске алууну жана мамлекеттик программаларда/пландарда чагылдырууну, ошондой эле жаштар уюмдарына дем берүүнүн/колдоонун зарылдыгын жаштар саясатынын максаты катары көрүшөт.

Жаштар саясаты чөйрөсүндө мыйзамдар базасынын бар экендигине карабастан, каржылоо маселелеринде бир катар көйгөйлөр бар.

Жаштардын экономикалык мүмкүндүктөрү мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурууну талап кылат.

Азыркы учурда миграциянын оң сальдосун түзүү үчүн жетиштүү шарттар камсыздалган жок. Көрүлгөн чараларга карабастан жаштар миграциясынын деңгээли жогору бойдон калууда. Бул миграциялык баланста биздин өлкөгө караганда, чет жакта жашап өз алдынча өнүгүүнү каалагандардын саны кеп экендигин көрсөтүп турат. Индикаторлор боюнча өлкөнүн позицияларынын начардыгы: инновациялык потенциал (123-орун), рыноктун көлөмү (121-орун), компаниялардын атаандаштыкка жөндөмү (119-орун) инфратүзүмдүн абалы (113-орун) мындай абалдын себептеринен болуп саналат.

Аз акы төлөнүүчү жумуш орундары өнүгүүгө шарт түзүүчү киреше табууга мүмкүндүк бербейт, анткени жаштардын кирешелеринин бир кыйла үлүшү базалык керектөөлөрдү колдоого гана сарпталат. Бул төмөн эмгек өнүмдүүлүгүнүн жалпы абалы, жаштардын тажрыйбасынын жана көндүмдөрүнүн жоктугу, ошондой эле эмгек рыногунун учурдагы керектөөлөрүнө квалификациясынын шайкеш келбегендиги менен шартталган. Ошону менен катар бардык курактагы топтордо эркектердин жумуш менен камсыз болуу деңгээли аялдардыкына караганда жогору.

Кыргыз Республикасында азыркы учурдагы жумушсуздуктун деңгээли жалпы өлкө боюнча бардык курактагы топторго караганда жаштар арасында өтө жогору экендиги байкалууда.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык 15-29 жаштагы категорияга кирген жумушсуздардын саны кыскаруу тенденциясына ээ. 2016-жылы 15-19 жаштагы жумушсуздардын саны 22,3 миң адамды, 20-29 жаштагылардын саны 79,6 миң адамды түзгөн. 2013-жылдан тартып 15-19 жаштагы жумушсуздардын саны көбүрөөк темп менен кыскарып жаткандыгын белгилеп кетүүгө болот. 20-29 жаштагылар эң эле көп сандагы топ болуп эсептелет жана жумушсуздардын жалпы санынын 43%ын түзөт.

Жаштар арасындагы ишкердик чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн маанилүү ресурс болуп саналат. Жаш ишкерлер жаңы өзгөрүүлөрдү тез кабыл алат жана бизнесте тобокелдиктерге баруу ийкемдиги менен айырмаланат. Кыргызстандын жаштарынын көпчүлүгү өз бизнесин баштоого даяр эместигин көрсөтүшүүдө. Жаштарга бизнесин ачууга жана андан ары ийгиликтүү жүргүзүүгө тоскоол болгон себептердин кыйла олуттуусу болуп тийиштүү билимдин жетишсиздиги, жеткиликтүү эмес жана кымбат кредиттер, укуктук билимсиздик саналат.

Кыргыз Республикасы билим берүү жана илим чөйрөсүндө бир катар көрсөткүчтөр боюнча дурус натыйжаларды көрсөткөндүгүнө карабастан, жаштарды билим алуу менен камтуунун жалпы көрсөткүчү сыяктуу көйгөйлөр актуалдуу бойдон калууда, ал көрсөткүч болгону 62,2%ды түзөт, б.а. жаштардын дээрлик 37,8%ы мектепте, кесиптик лицейлерде, колледждерде окубайт.

Жаштар үй чарбасында, ишканаларда, жалданып же кызматчы болуп эмгектенишет. Мектеп жашындагы (15-17) жаштар негизинен үй-бүлөлүк ишканаларда же жалданып иштешет. 18 жаш жана андан жогорку курактагы жаштар ишканаларда, жалданып жана кызматчы болуп иштешет. Алар үй чарбасынын кирешелеринин төмөндүгүнө байланыштуу билим алуудан четтеп, билим берүү мекемелерин таштап кетүүгө мажбур болушууда.

Дагы бир көйгөй - билим берүүнүн сапаты, ал орто жана жогорку кесиптик билим берүү системасында окутуучулардын квалификациясынын жетишсиздиги, жаңылоого жана капиталдык оңдоого муктаж болгон билим берүүчү жана өндүрүштүк инфратүзүмдүн абалы, мектепте билим берүүнүн маалыматтык жетишсиздиги менен шартталган.

Маданият чөйрөсү жаштар менен иштөөдөгү кыйла көйгөйлүү тармакты билдирет. Жаштардын 16%ы гана китеп окушат же маданий жайларга (театр, музей, көргөзмө ж.б.) барышат. Мындай жагдайдын негизги себептери: жаштар адамдын социалдык-маданий жана психологиялык калыптануусундагы маданияттын мааниси жана орду жөнүндө өтө начар кабардар; жаштардын эс алуу чөйрөсүндөгү жүрүм-турумунун маданияты калыптанган эмес; маданий эс алууга дээрлик убакыт бөлбөгөн ата-энелердин жана башка маанилүү чөйрөнүн жетишсиз таасири.

Жаштардын 58,6% гана маданий иш аракеттерге тартылган, б.а. 41,4%га жакыны кинотеатрга, театрга, музейге, китепканага, көргөзмөгө, кызыкчылыгы боюнча ийримдерге барышпайт. Жаштар бош убактыларында негизинен иштеп же үй чарбачылыгы боюнча ата-энелерине жардамдаша тургандыгын эске алуу керек. Ошол эле учурда 7,5%ы убактыларын көбүнчө социалдык тармактарда жана компьютердик оюндарда өткөрүшөт. Мындан сырткары диний мекемелерге жаштардын 8%га жакыны күн сайын (же жумасына бир нече жолу), ал эми 12%га жакыны ар бир жума күнү барышат.

Маданиятка сарпталган мамлекеттик чыгымдардын курамында китеп фондун, музей экспонаттарын, театралдык реквизиттерди сатып алууга эмес, маданият кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө чыгымдары көбүрөөк.

Жаштардын маданиятынын абалы бир катар жамааттарда, оболу шаарларда болуп келген терс көрүнүштөр менен айкындалат. Улуу муун айрым жаштардын өз ресурстарын башкара билбеген жоопкерсиздигин белгилешет, ал көбүнчө мамлекетке жана ата-энеге карата жанбактылык мамиле, социалдык терс көрүнүштөр жана маргиналдашуунун күчөшү менен бекемделип турат. Калыптанып жаткан бул жагдай мындан ары эмгекке жөндөмдүүлүктүн жана экономикалык активдүүлүктүн төмөндөшүнө алып келет.

Кыргыз Республикасынын жаштарынын ден соолугу да мамлекет тарабынан, ошондой эле жаштардын өздөрү тарабынан дагы олуттуу көңүл бурууну талап кылат.

Жаштар арасындагы оорулардын түзүмү көбүнчө биздин өлкөдө түзүлгөн социалдык-экономикалык кырдаал менен байланышкан. Жаштар арасында жугуштуу оорулардын себептеринин түзүмүндө биринчи орунда кургак учук, ВИЧ/СПИД жана жыныстык жолдор менен берилүүчү инфекциялар турат. Алсак 2019-жылдын 1-июлуна карата өлкөдө ВИЧ инфекциясы менен катталган Кыргыз Республикасынын жарандарынын 29,71%ы (8 711 катталган) 15-29 курактагы жаштарга туура келет. Өлкөнүн эмгекке жарамдуу жаштарынын арасындагы өлүм көбүнчө тышкы себептердин натыйжасында болууда. Репродуктивдүү ден соолук жаштардын саламаттыгынын маанилүү компоненти болуп саналат. Өспүрүмдөрдүн кош бойлуулугунун көрсөткүчү 2018-жылга Мульти-индикатордук кластердик изилдөөнүн маалыматтарына ылайык 1000 аялга 50 өспүрүмдү түзөт. Бирок бул көрсөткүч шаарга караганда айыл жеринде 2 эсеге көп. Айыл жергесинде бул көрсөткүч 1000 аялга 64тү, ал эми шаарда 32ни түзөт. Бул өспүрүмдөр арасында жыныстык сабаттуулук боюнча маалымат берүүнүн, жаштарга саламаттык сактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана ден соолугун, анын ичинде репродуктивдүү ден соолугун жана жаштардын социалдык-экономикалык бакубаттуулугун жакшыртуу үчүн зарыл болгон маалымат берүүнүн маанилүүлүгүн көрсөтөт. Эрте жаштагы кош бойлуулуктун алдын алуу эненин ден соолугун, эненин жана ымыркайдын өлүмүн төмөндөтүүгө багытталган маанилүү иш-чара болуп эсептелет.

Жаштардын көпчүлүгү өзүнүн ден соолугуна кам көрүшпөйт. Жаштар, айрыкча региондогулар сергек жашоо тууралуу начар кабардар. Тубаса аномалия жана шишик ооруларынын өсүп жаткандыгы байкалууда. Активдүү сергек жашаган жаштардын үлүшү төмөн, ал эми дене тарбия жана спорт менен машыгуу үчүн инфратүзүм менен жаштардын 30%ы гана камсыз болгон жагдайды өзгөртүү үчүн чараларды көрүү зарыл. Дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз жана анда-санда машыккан жаштардын үлүшү 36%ды түзөт.

Ошондой эле ичүүчү таза суу менен камсыз болуу фактору да жаштардын ден соолугуна түздөн-түз таасир этет. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча ичүүчү таза суу менен туруктуу камсыз болгон калктын үлүшү 89,1%ды түздү. Ошол эле учурда калктын таза суу менен камсыз болушу 2012-жылга салыштырмалуу начарлады, ал учурда көрсөткүч 93,2%ды түзгөн. Ичүүчү таза суу менен жетишсиз камсыздоонун себептери болуп суу менен камсыздоо системасын мамлекеттик инвестициялоонун алкагындагы каржылоонун жетишсиздиги, тоолуу жана алыскы калктуу конуштарды суу менен камсыздоо инфратүзүмүнүн жогору наркы саналат.

Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсү Кыргыз Республикасында динамикалуу өнүгүүдө, бирок өлкөдө инфратүзүмдүн, маалыматтык технологиялардын, айрыкча айыл жерлериндеги жетишсиздиги азырынча сакталууда. Акыркы бир нече жылдагы өсүп жаткан трендге карабастан, жаштардын Интернет менен пайдалануу деңгээли жалпысынан анча жогору эместигин моюнга алуу керек.

2016-жылдын аягында Электр байланышынын эл аралык биримдигинин баалоосуна ылайык Кыргыз Республикасында Интернеттин бүтүндөй калк үчүн жеткиликтүүлүгү 34,5%дан ашпайт. 2012-жылы бул көрсөткүч 19,8%ды, 2013-жылы - 23%ды, 2014-жылы - 28,3%ды, 2015-жылы - 30,25% түзгөн.

Интернет тармагынын жеткиликтүүлүгүн өнүктүрүү жана камсыздоо ишин жүргүзгөн Internet Society эл аралык кесипкөй уюмдун изилдөөлөрүнө ылайык 2015-жылы кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы боюнча жеткиликтүүлүгү Кыргыз Республикасында Интернет тармагын кеңейтүүнүн эң маанилүү эки тоскоолдугунун бири болуп саналат (экинчи тоскоолдук болуп аудитория үчүн маанисинин актуалдуулугу саналат. Кыргыз Республикасында мобилдүү кеңири тилкелүү Интернет тармагына кирүүнүн наркы калктын жан башына орточо айлык кирешесинин 10%ын түзөт, бул кеңири тилкеге кирүүнү өнүктүрүү боюнча Электр байланышынын эл аралык бирлиги жана ЮНЕСКО сунуштаган 5%дык чектен ашык.

Мамлекеттик билим берүү системасы көпчүлүк окуучуларга андан ары ийгиликтүү окуу, жумушка орношуу жана коомдо аракеттенүү үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү керектүү техникалык көндүмдөрдү бере албайт. Көндүмдөр компьютерди, планшетти жана башка негизги түзүлмөлөрдү колдоно билүү; электрондук документтер, электрондук почта менен иштей билүү; маалыматтарды онлайн режиминде издөө жана иштеп чыгуу; негизги программалык камсыздоону билүү; онлайн-булактарды колдонуу менен изилдөө иштерич жүргүзүү сыяктуу аракеттерди камтыйт.

Жаштардын Интернеттин мүмкүнчүлүктөрүн - өз алдынча өнүгүү, маалыматтык агартуу жана жарандык активдүүлүк максатында коомду өнүктүрүү үчүн өзүнчө алынган "санариптик дивиденддерди" өздөштүрүү маселеси өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Интернетти жаштардын 26%ы гана билим берүү ресурстарынан пайдалануу үчүн, 26,8%ы жаңылыктар жана маалыматтык ресурстар менен таанышуу үчүн, 5,7%ы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн колдонушат.

Жаштардын коопсуздугу жана корголгондугу жалпысынан чочулоо жаратпайт. Бирок 2,4% уландар жана кыздар акыркы учурларда дене бой жактан, психологиялык же сексуалдык зомбулуктарга туш болгондугун эске алуу зарыл.

Кыргыз Республикасында Коомдук коопсуздукту эл аралык изилдөөлөргө ылайык 2015-жылы 16 жаштан 24 жашка чейинки респонденттердин 6,6% акыркы беш жыл аралыгында рэкеттен - зомбулуктан же жабырлануучу кылмышкердин талаптарын аткаруудан баш тарткан учурда зомбулук көрсөтүү коркунучунан жабыркандыгын билдиришкен.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык 2013-2016-жылдары жаштар (жашы жете электерден тартып 29 жашка чейинкилер) арасында кылмыш жасагандыгы аныкталган адамдардын саны 10%дан ашык кыскарган.

Жаштар арасында динге берилүү жана Кыргыз Республикасынын жаштарын, өзгөчө өлкөнүн түштүгүнөн зомбулук экстремисттик-террористтик топторго азгыруу тенденциясынын өсүп жаткандыгы байкалууда.

Ачык булактардан алынган маалыматтарга ылайык 2010-жылдан тартып 2016-жылдын июнь айына чейинки мезгилде Ислам мамлекетинин(1) 863 мүчөсү, анын ичинен 188 аял Кыргыз Республикасынын жараны болгон.

Жаштар чөйрөсүндө үй-бүлө маанилүү туруктуу социалдык институт бойдон калууда. Орто эсеп менен алганда жаштар арасындагы никенин саны ажырашуулардын санына караганда 5 эсеге көп. Жаштардын олуттуу бөлүгү (81,7%) үй-бүлө күтүүнү пландашат. Жаштардын көз карашында нике - үй-бүлө абалынын формасы менен байланышкан айрым өзгөрүүлөр болууда. Жаш (21-30 жаш) эркектердин 70,5%ы жана аялдардын 64,5% нике кыюу ырым-жырымын никелешүү деп эсептешет. Болжол менен жаштардын (18-30 жаш) 38%га жакыны жарандык абалдын актыларын каттоо органдарына катталганга чейин диний ырым-жырымга тыюу салган мыйзам демилгесин колдошпойт. Өлкөдө эрте никеге туруу көйгөйү бар. 2018-жылга Мульти-индикатордук кластердик изилдөөнүн жыйынтыктарына ылайык 15-19 жаштагы ар бир 11-өспүрүм кыз азыркы учурда никеде. 20-24 жаштагы аялдардын 13%га жакыны жарандык же расмий никеге 18 жашка чейин турушкан. "Коомдун гендерди кабыл алуусу" изилдөөсүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, ала качуу дагы эле кеңири таркалган. Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагындагы никеде турган аялдардын 22%ы ала качууну башынан өткөргөн, мында алардын үчтөн бири буга өз макулдугун берген эмес. Кыз ала качуу салты айрыкча Талас жана Ысык-Көл облусунда кеңири жайылган, аталган облустарда турмушка чыккан аялдардын 60 жана 45% ушундай жол менен келишкен. Зордоп (кыздын макулдугусуз) ала качуунун эң жогорку деңгээли Нарын облусунда белгиленген, мында ала качып келген кыздардын 68%ы өз макулдугун берген эмес.

Жаштар балдарга карата мамлекеттик колдоону сезишет, бирок балага берилүүчү жөлөкпул баланы багуу жана өстүрүү менен байланышкан чыгымдарды жаба албайт. Ошондой эле жеңилдетилген ссудалар жана зайымдар жаш ата-энелер үчүн жеткиликтүү эмес.

Келечегине карата салыштырмалуу ыңгайлуу жагдайларга карабастан көптөгөн жаштарда өз келечеги тууралуу чектелген көз караштар калыптанууда. Бул алардын өз максаттарына жетишүүдө бир катар тоскоолдуктарга дуушар болуп жаткандыгына байланыштуу. Өнүгүүнүн маанилүү субъекттери жаштарды тең укуктуу өнөктөш катары эмес, объект катары кабыл алышат. Жаштарга карата мындай мамиле коомдук аң-сезимде да, үй-бүлөдө да калыптанган. Бул кыздардын ролун басмырлоо, жаштардын чечим кабыл алууга болгон жөндөмүнө ишенбөө жана дагы ушулар сыяктуу башка көйгөйлөрдү жаратат.

Азыркы учурда адам капиталын өстүрүү Кыргыз Республикасы үчүн эң эле маанилүү милдеттерден болуп саналат. Ал калктын жашоо деңгээлин жана сапатын жогорулатууга, анын ичинде тарбиялоого, билим берүүгө, ден соолукка, илимге, ишкердик жөндөмүнө, эмгекти маалыматтык камсыздоого, жарандардын жана бизнестин коопсуздугуна жана экономикалык эркиндикке, ошондой эле маданиятка, искусствого инвестициялоонун эсебинен калыптанат.

Концепция Кыргыз Республикасында жаштар саясатынын учурдагы абалына жана аны өнүктүрүүнүн негизги тенденцияларына жүргүзүлгөн талдоого негизделген. Анда мамлекеттик жаштар саясатынын узак мөөнөттүү артыкчылыктары аныкталган, ага жетишүү жаштарды андан ары өнүктүрүү үчүн туруктуу негизди калыптандырууга мүмкүндүк берет, ошондой эле максаттуу индикаторлор аныкталган жана аны ишке ашыруу механизмдери иштелип чыккан.

Концепциянын жаңылыгы болуп аны ишке ашырууга комплекстүү координацияланган ыкма жана Кыргыз Республикасында жаштардын бакубаттуулук жана өнүгүү индексине байланган конкреттүү максаттуу көрсөткүчтөргө багыт алуу саналат.

3. Концепциянын максаты жана принциптери

Ушул Концепциянын максаты болуп жаштарды өнүктүрүүнүн натыйжалуу системасын түзүү, мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү, өлкөнүн туруктуу инновациялык өнүгүүсүн камсыздоочу жаштардын активдүү жарандык позициясын жана баалуулук багыттарын калыптандыруу, социалдык өнүгүүгө жана жаштардын өз алдынча өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү саналат.

Концепцияны иштеп чыгуу жаштар саясатынын эл аралык стандартынын сапатына шайкеш келет, ал төмөнкүдөй принциптерге негизделген:

- мыйзамдуулук - жаш жарандардын жана алардын бирикмелеринин укуктарын ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын үстөмдүгү;

- мамлекеттик жаштар саясатын калыптандырууда жана ишке ашырууда гумандуулук жана патриоттук баалуулуктардын артыкчылыгы; жаштарды ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталгандык;

- жаштардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, жаштарды курагы, гендердик, этностук жана башка негиздер боюнча басмырлоого жол бербөө, коомдун социалдык-экономикалык, саясий жана маданий турмушуна жаштардын толук катышуусу үчүн шарттардын бирдейлиги;

- өз турмуш жолун тандоодо, жеке ийгиликтерге жетишүүдө, коомдук өнүгүүнүн жана жаштардын өзүнүн кызыкчылыгында инновациялык потенциалды ишке ашырууда жаштардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү;

- жаштардын, айрыкча турмуштук оор жагдайга туш болгон ар кандай топтордун өзгөчө муктаждыктарын таануу;

- жаштарды саясатты калыптандырууга жана ишке ашырууга тартуу;

- мамлекеттик жаштар саясаты чөйрөсүндө чараларды ишке ашыруу маселелериндеги ачыктык жана айкындык;

- мамлекеттик жаштар саясатын түзүүгө жана ишке ашырууга катышуучу бардык жарандардын жана уюмдардын кызыкчылыктарын киргизүү жана координациялоо;

- илимдүүлүк - мамлекеттик жаштар саясаты чөйрөсүндө чараларды иштеп чыгуу үчүн жаштар чөйрөсүндөгү жагдайларды изилдөө, талдоо жана болжолдоо;

- системалуулук - мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруунун алкагында өз ара байланышкан иштин түрлөрүн бириктирүү.

4. Артыкчылыктар

Концепциянын максаттарына жетишүү негизги артыкчылыктуу үч багытта этап менен ишке ашырылат.

1-артыкчылыктуу багыт.

Жаштардын максаттарына жетүүгө мүмкүндүк берүүчү мыйзамдуу механизмдерди, инструменттерди, институттарды түзүү жана өркүндөтүү.

2-артыкчылыктуу багыт.

Өнүгүүдөгү жана жооптуу чечимдерди кабыл алуудагы тең укуктуу катышуучулар катары жаштардын катышуусун кеңейтүү.

3-артыкчылыктуу багыт.

Жаштардын атаандаштыкка жөндөмүн комплекстүү жана системалуу жогорулатуу.

5. Артыкчылыктардын ар бири боюнча милдеттер

1-артыкчылыктуу багытка жетишүү үчүн милдеттер:

- мыйзамдарды өркүндөтүү жана кенемтелерди табуу максатында жаштардын кызыкчылыгын камтыган ченемдик укуктук актыларды туруктуу негизде инвентаризациялоо;

- жаштар саясаты чөйрөсүндөгү жагдайды талдоого негизделген чечимдерди кабыл алууну камсыздоо;

- жаштар боюнча маалыматтарды топтоону жана талдоону жакшыртуу;

- жаштардын кызыкчылыктарын жана укуктарын камсыз кылууга багытталган мамлекеттик социалдык заказдарды туруктуу негизде ишке ашыруу;

- жаштарды Концепцияны пландоого, ишке ашырууга, мониторинг жүргүзүүгө жана анын ишке ашырылышын баалоого тартуу;

- жаштарды өнүктүрүү, ишке орноштуруу жана өз алдынча өнүктүрүү боюнча улуттук жана региондук программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- бардык деңгээлде чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү жамааттык, студенттик жана мектептеги өз алдынча башкарууну өнүктүрүү.

2-артыкчылыктуу багытка жетишүү үчүн милдеттер:

- жаштардын укуктары жана муктаждыктары, жаштарга тиешелүү чечимдерди кабыл алууга катышуунун баалуулугу тууралуу саясаттын катышуучуларынын кабардар болуусун жогорулатуу;

- жаштарга коомдук турмушка активдүү катышууга дем берүү үчүн шарттарды түзүү;

- чечимдерди кабыл алуу процессине жаштарды тартууга жана шарттарды түзүүгө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын активдүү катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү.

3-артыкчылыктуу багытка жетишүү үчүн милдеттер:

- жаштарды тарбиялоого, билим берүүгө, үйрөтүүгө, ойлоп табууларга, алардын жыйынтыкка багытталган илимий иштерине системалуу ыкманы киргизүү;

- жаштардын демилгелерин колдоо жана жаштардын айрым категорияларын социалдык адаптациялоо боюнча системаны түзүү;

- эң эле жөндөмдүү, шыктуу, таланттуу жаштарды өнүктүрүүгө мамлекеттин, бизнестин инвестициялоо программаларын, механизмдерин, моделдерин киргизүү;

- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун стратегияларына жана программаларына жаштар ишкердигин өнүктүрүү жана финансылык ресурстарга жетишүүнү кеңейтүү боюнча чаралары киргизүү;

- жаштарда улуттук баалуулуктарга жана эң мыкты дүйнөлүк жетишкендиктерге негизделген маданий баалуулуктарды калыптандырууга инвестицияларды көбөйтүү;

- заманбап ыкмаларды колдонуу менен санариптик мейкиндикте жаштар менен иштерди күчөтүү;

- жаштарда жарандуулук (волонтёрдук, жарандык катышуу, социалдык активдүүлүк) көндүмдөрүн жана жаштарга жарандык позицияны ээлөөгө, деструктивдүү жана экстремисттик топторго азгырылып кетпөөгө мүмкүндүк берүүчү республикалык, ошондой эле жергиликтүү деңгээлдеги биримдикти арттыруу.

6. Күтүлгөн натыйжалар

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 140 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн планында өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө активдүү жаштарды тартуу милдети аныкталган. Максаттуу индикатору болуп 2023-жылга Жаштарды өнүктүрүүнүн глобалдуу индексинин көрсөткүчтөрүн (50 өлкө) жакшыртуу, ал эми 2030-жылга карата өнүккөн 45 өлкөнүн катарына кирүү саналат.

Концепцияны ишке ашыруунун алкагында 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасында жаштардын бакубаттуулук жана өнүгүү деңгээлин жогорулатуу болжолдонууда, ал Жаштардын бакубаттуулук жана өнүгүү индексинин маанисинин 0,53төн 0,75ке чейин өсүшү менен ырасталууда.

Концепцияны ишке ашыруу жаштар саясаты чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга жана төмөнкүдөй натыйжаларга жетишүүгө мүмкүндүк берет:

- жаштар жооптуу чечимдерди кабыл алууда түздөн-түз катышуучу болуп саналат;

- жаштар өз кызыкчылыктарына жетүү үчүн жетиштүү билимге жана көндүмдөргө, жакшы ден соолукка ээ болот;

- жаштар финансылык туруктуулукка жетүүгө жөндөмдүү;

- жаштар өз максаттарына жетүү үчүн шарттарды түзүүнү демилгелейт жана ал шарттарды түзүүгө катышат;

- жаштар коомдун мүчөлөрүн мобилизациялоо менен өз кызыкчылыктарын илгерилетет;

- өнүктүрүү процессине активдүү катышкан жаштардын саны өсөт;

- жаштар мамлекеттин жана коомдун өнүгүүсүнүн толук укуктуу жана толук кандуу субъектиси болуп саналат.

7. Тобокелдиктерди баалоо жана тобокелдиктерди башкаруу чаралары

Концепцияны ишке ашырууда мүмкүн болуучу төмөнкүдөй тобокелдиктер белгиленүүдө:

- каралган бюджеттик каражаттардын көлөмүнүн кыскарышы, бул Концепцияны ишке ашыруунун планына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, көрсөткүчтөрдүн максаттуу маанилерин кайра кароону жана айрым иш-чараларды аткаруудан баш тартууну талап кылат;

- убакыттын өтүшү менен айрым иш-чаралардын маанилүүлүгү жоголот;

- Концепцияны ишке ашыруу мөөнөтүнүн узактыгы, натыйжада анык эмес кырдаалдын жаралышы жана пландалган максаттуу көрсөткүчтөрдөн четтөө;

- Концепциянын иш-чараларын жүзөгө ашыруу процессин уюштуруунун жана башкаруунун натыйжасыздыгы;

- бюджеттик каражаттарды пайдалануунун төмөн натыйжалуулугу;

- Концепциянын иш-чараларын аткаруунун начар мониторинги;

- Концепцияны жана аны ишке ашыруу боюнча планды аткаруучулардын жетишсиз деңгээлдеги аткаруучулук тартиби, ведомстволор аралык начар өз ара аракеттенүү.

Тобокелдиктерди башкаруунун чаралары:

- Концепцияны аткаруунун талаптагыдай мониторингин камсыздоо, анын негизинде ыкчам чара көрүү жана Концепцияга максаттык көрсөткүчтөрдү аткарууда терс факторлордун таасирин жокко чыгаруучу же азайтуучу өзгөртүүлөрдү киргизүү;

- иш-чараларды жүзөгө ашырууну, ошондой эле бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну контролдоонун таасирдүү системасын иштеп чыгуу жана жайылтуу;

- үзгүлтүксүз баалоо, анын ичинде Концепцияны ишке ашыруунун натыйжалуулугуна жана таасирдүүлүгүнө тышкы баа берүү;

- жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен Концепцияны ишке ашырууга катышуучулардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнө жетишүүгө багытталган чечимдерди кабыл алуу.

8. Концепцияны ишке ашыруу механизмдери

Концепция эки этап менен ишке ашырылат.

Ушул Концепцияны практикалык ишке ашыруу максатында Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү пландалган, анда конкреттүү чаралар, жооптуу аткаруучулар жана алардын аткаруу мөөнөтү каралган.

Мында Концепцияны ишке ашыруунун биринчи этабы катары 2021-2025-жылдар мезгилине Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү пландалууда.

Биринчи этап аяктагандан кийин аны баалоону жана ага мониторинг жүргүзүүнү эске алуу менен Концепцияны ишке ашыруунун экинчи этабы катары 2026-2030-жылдар мезгилине Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилет.

Концепцияны жана аны жүзөгө ашыруу боюнча пландарды ишке ашыруунун процессин координациялоо жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ошондой эле жаштар саясатынын маселелери боюнча ведомстволор аралык координациялоочу орган болуп саналган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жаштар иштери боюнча кеңешке жүктөлөт.

Концепциянын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн кырдаалга объективдүү баа берүүгө, шайкеш жана өз убагындагы чечимди кабыл алууга мүмкүндүк берүүчү индикаторлор системасын иштеп чыгуу пландалууда.

Сурамжылоонун жыйынтыктары, көз карандысыз баалоо, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отчёттору мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн маалымат булагы болот.

Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун жыйынтыктары ишке тартылган катышуучулар, кызыкдар топтор жана айрым жарандар үчүн жеткиликтүү.

9. Ресурстарга болгон муктаждыктарды финансылык баалоо

Финансылык чыгымдарды талап кылуучу Концепциянын иш-чараларын жүзөгө ашыруу ишке тартылган мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде камсыздалат.

Каржылоонун кошумча булактары болуп өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн (эл аралык финансылык институттар, донордук уюмдар), жарандык коом институттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын каражаттары саналат.

 

(1) Ислам мамлекети террористтик жана экстремисттик уюм деп таанылган жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2015-жылдын 13-февралындагы чечими менен Кыргыз Республикасынын аймагында анын ишине тыюу салынган.